Menu

Акыйкатчы кызматына экс-прокурор Жамиля Жаманбаева шайланды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин 17-майдагы жыйынында акыйкатчы кызматына талапкерлерди шайлоо өтүп, анда эң көп добушту Жамиля Жаманбаева алды. Аны парламенттин 48 депутаты колдоду.

Акыйкатчы кызматын шайлоого талапкер катары Жамиля Жаманбаева менен Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков ат салышып, ал 20 добуш алды.

Депутат Гуля Кожокулова “Акыйкатчы жөнүндө” мыйзамда акыйкатчы кызматына талапкер кеминде 50 депутаттын колдоосуна ээ болушу керектиги жазылганын айтып чыкты. “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров “Акыйкатчы жөнүндө” мыйзам конституциялык мыйзам экенин, эки мыйзам бири-бирине каршы келип калганда, ошол мыйзам үстөмдүк кыларын билдирди.

Парламенттин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев шайлоо процесси “Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө” мыйзамга ылайык жүргөнүн, эки мыйзам тең конституциялык мыйзам эмес экенин белгиледи. Ал мындай учурда Конституцияда каралган нормаларга ылайык чечим кабыл алынарын, ошол себептүү көпчүлүк добушту алган талапкер утуп чыгарын түшүндүрдү.

Жаманбаеванын талапкерлигин “Мекенчил” депутаттык тобу жана “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы, Бакыт Рысбековду “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы көрсөткөн.

46 жаштагы Жамиля Жаманбаева эмгек жолун 1998-жылы Бишкек шаарындагы райондук прокуратура бөлүмдөрүндө стажер, прокурордун жардамчысы, прокурордун улук жардамчысы болуудан баштаган. 2004-жылы Бишкек шаардык прокуратурасында ички иштер жана прокуратура органдарында тергөөгө көзөмөл жүргүзүүчү бөлүмдүн прокурору кызматына келген. 2018-2021-жылдары башкы прокурордун орун басары болгон.

“Ыйман Нуру” фракциясы сунуштаган Күлира Кубатова шайлоо алдында талапкерликтен баш тартканын билдирген.

Буга чейин “Альянс” фракциясы бул кызматка Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мирлан Жээнчороевди сунуштап, кийин ал өзү талапкерликтен баш тарткан. Акыйкатчы институтунун эмгек жамааты институттун эки кызматкерин талапкер кылып чыгаруу боюнча Жогорку Кеңешке, фракцияларга кайрылган. Бирок ал колдоо тапкан эмес.

Мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы Жогорку Кеңеш 3-майдагы жыйынында бир топ депутаттардын каршылыгына карабай мөөнөтүнөн мурда кызматынан алган. Бир катар эл аралык уюмдар жана укук коргоочулар парламенттин чечимин сындаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: