Menu

АРХИВДЕР

Жалал-Абад шаарында электрондук китепкана ачылды

Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде жаңы электрондук компьютердик китепкана  окуу залы ачылды. Бул туурасында өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди. Бүгүн, 11-февралда анын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Электрондук китепкананын кызыл тасмасын салтанатына өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Экономика жана ишкердик университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор, аймактык башкаруу академиясынын академиги Кантөрө Токтоматов, ОшМУнун профессору, тарых илимдеринин кандидаты Жумалы Адилбаев жана окуу жайынын мугалимдери менен студенттери катышты.

Жаңыдан ачылган электрондук китепканага 40 компьютер коюлуп, алардын баары ылдам интернет түйүнүнө туташтырылган.

– Заманбап электрондук китепкананын ачылышы Экономика жана ишкердик университети  үчүн ири жетишкендик. Мунун баары  студенттер үчүн жасалып жатат. Азыркы учурда бул окуу жайынан ийгиликтүү аякташкан жүздөгөн бүтүрүүчүлөр республикабыздын аймагындап гана эмес жакынкы СНГ менен алыскы чет өлкөлөрдө ийгиликтүү эмгектенип жатышат,- деди өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов.

Окуу жайында эң мыкты окуган 20 студентке окуу жайынын ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор, аймактык башкаруу академиясынын академиги Кантөрө Токтоматовдун буйругу менен окууга болгон контрактык төлөмүн 25 пайызга  арзандаткан Сертификаттар тапшырылды. Мындай саамалык өз кезегинде студенттерди алга сүрөп, мындан да мыкты билим алууга чакырат.

-Учурда биздин окуу жайыбызда  3815 студенттер 14 адистик боюнча терең билим алып жатышат. Бизде 17 мамлекеттен келишкен студенттер билим алышууда. Студенттерге татыктуу билим берүүдө 145 мугалимдер эмгектенип жатышат. Бүгүн биздин окуу жайыбызда 40 компьютер коюлган жаңы электрондук китепкана ачылды. Алдыда дагы 2 ушундай эле сандагы компьютерлер коюлган электрондук китепкана ачылат,- деди Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинин 1-чи проректору,  экономика илимдеринин доктору, профессор Абдулбает Мамасадыков

Аталаган окуу жайынын китепканасынын жалпы фондусу 90 миң даана китепти түзөт.

Электрондук китепкана2 ЖА

Жолдошбай Осмонов, журналист

Бүгүн Атамбаев мамлекеттик маалымат саясатынын концепсиясын иштеп чыгууну тапшырып жаткандар кезинде бакиевдик системанын гүлдөп өнүгүп-өсүшү үчүн анын маалымат айдыңындагы желдеттеринен болгон

Жаратылышта нечендеген түстөр бар сыяктуу, адамдардын ой сезимдеринде да түрдүү пикирлер болот. Массалык маалымат каражаттарынын негизги милдети ошол ой-пикирлерди элге жеткирүү. Ошон үчүн гезиттердин бири кимдир бирөөнүн айыбын ачса, дагы бири мактайт. Бу жарыкта телегейи тегиз адам жок.

А бизде (көпчүлүк учурда) кандайдыр бир сын көз караштагы макала жарыяланып калса, кээ бир чиновниктерибиз атасынын кеги бардан бетер колдорунан келген “жакшылыктарын” мөндүрдөй жаадырышат. Бийигирээк жерде отургандары бийлигинин күчүнө салып, соттордун “сок билеги” менен жүдөтө баштайт, өжөр фактыга таянып, “эки жерде эки төрт” экенин айтып жатсаң да. ММК туурасында мындай бир жакшы сөз бар: “Басма сөзгө таарынган саясатчы, деңиздеги толкунга таарынган капитанга барабар” деген. Андай “таарынчактар”, болгондо да бийликтин бийик мунарасында отурган, өздөрүнүн ар-намысын коргоого келгенде өгүздөй күчтөрү барлар өтө эле көп. “Эл башкаргандар ийгиликке эмне менен жетүүгө болот?” деп улуу Али-Абу-Ибн-Синадан шакирти сураптыр. Анда, орто кылымдагы перс окумуштуусу минтип жооп берген экен: “Адилетүүлүк жана чындык менен” деп.

Жакында КР президенти А.Атамбаев ушул жылдын 1-июнуна чейин “мамлекеттик маалымат саясатынын концепциясын” даярдоо милдетин өзүнүн администрациясына буюрду. Ошентип, “өлкөдөгү маалыматтык коопсуздук” деген ойго басым жасоо менен бул долбоор старт алды. Мүчөлөрү 16 кишиден турат экен. Жетекчиси президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Усенов. Болочоктогу “концепциянын” эки орун басарларынын бири — өкмөттүн маалымат саясат бөлүмүн тейлеген Назира Ахмедова, экинчиси — маданият, туризм жана маалымат министрлигинин орун басары Айнура Темирбекова, арасында транспорт жана коммуникация министринин орун басары, Улуттук банктын расмий өкүлү да жүрөт. Президенттик аппарат башчысынын акыл кошчусу Султан Жумагулов, КТРКнын генералдык директору Илим Карыпбеков, “Мир” ТВсынын филиалынын директору, “Кабар” маалымат агентствосунун директору, коргоо кеңешинин сератариатынын инспектору, кыскасы, концепцияны түзүүчүлөрдүн дээрлиги мамлекеттик структуралардын өкүлдөрүнөн түптөлүптүр. Ырас, “концепция” деп латын тилинен алынган бул сөз жакшы ниеттеги эле түшүнүктү билдирет, “түшүнүү”, “идея” деген сыяктуу. Бирок, көпчүлүк түшүнө албай жаткан нерсе — маалымат жөнүндө сөз болуп жаткандан кийин эмне үчүн көз карандысыз эркин басылмалардын бир да өкүлү жок ал жерде? Же айрым эксперттер айтып жаткандай бул “концепциянын” максаты чындап эле эркин басма сөздү кысымга алуу, муунтуу деген аракетпи? Негедир алардын “арканды алыска ыргыткан” табышмактуу максаты К.Бакиев доорундагы түзүлгөн ЦАРИИнин секретариатынан айырмасы жоктой туюлуп кетет. Аты эле башкача болбосо… Баса, анда да жыл жаңыраары менен (январдын аягы, февралдын башы, президенттик шайлоо өтөөрүнө бир жылга жетпеген убакыт калган мезгил, 2009-жыл). Максим Бакиевдин идеологдорунун сунуштары менен андагы президент өзүнө жаңы секретариат түзүп, башына О.Малеванаяны алып келген. Адегенде жупуну эле көрүнгөнү менен ириде президенттин алдындагы пресс-катчылык жоюлуп, “саканы” каалагандай өлчөш үчүн секретариаттын укуругу да узун, укугу да көп экендиги көп өтпөй билинген. Тактап айтканда, аталган секретариат бийлик бутактарынын дээрлик баардыгынан маалымат алганга укуктары каралган. Өтө жашыруун делген маалыматтарды да алган укукка ээ болчу. Кыскасы, баардык мамлекеттик башкаруу системасынан каалагандай маалыматтар менен камсыз болуп турган. Демек, ошондой эбегейсиз үлкөн маалыматка ээ болуу кимдир бирөөгө абдан зарыл болгон белем? Аны менен эле тим болбой президенттин алдындагы стратегиялык жана баалоо институтун контролдоо жана көзөмөлдөөнүн “эки тизгин, бир чылбырын” да өз колдоруна алган секретариат. Анан алар январдын аягында андагы мамлекет башчысына чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү менен жолугушуу уюштуруп, кимисинин акылы менен экенин билбейм, К.Бакиев ошол жолугушууга келгендерге: “Улут катары биз кимбиз?” деген суроону койгон. Кудая тобо, кудум таланттуу режиссер Э.Рязановдун каарманы башка шаарга, так өзүндөй типтеги үйгө, өзүнүкүндөй батирге барып калган “Ирония судьбы или с легким паром” деген тасмасындай эле, бүгүнкү болуп жаткан ушул окуялардын ошол көркөм тасмадагы эпизоддордой болуп, далма-дал келүүсүн карасаң. Биринчиден, биз кеп кылып жаткан “мамлекеттик маалымат саясатынын концепциясы” да ошол К.Бакиевдин секретариатындай президенттик шайлоого бир жылдын тегерегиндеги убакыт калганда жарык дүйнөгө келмек болду. Экинчиден, Алмазбек Атамбаев түпкүлүгүндө Курманбек Бакиевге окшобосо дагы, “улут катары биз кимбиз?” дегендей, ал дагы январдын аягында “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “улуттук маданиятты сактоо боюнча” чыгармачыл чөйрөнүн мыкты өкүлдөрүн чакырып, кеңеш курду (албетте, ал кеңеште айып жок, болгону өткөн чак менен учур чактын бир маалга дал келип жатканын айтканым). Үчүнчүдөн, бүгүнкү “жаңы концепцияны жаратабыз” деп жаткандардын айрымдары, кезинде бакиевдик системанын гүлдөп өнүгүп-өсүшү үчүн анын маалымат айдыңындагы желдеттеринен болгон. Мисалы, Илим Карыпбеков, Султан Жумагулов “сыяктуулар” андагы секретариаттын түзүүчүлөрү да, активдүү мүчөлөрүнөн да болуп саналган. Алардын “идеясы” менен азыркы бийликтегилер ал учурда ошол система менен күрөшүп жүргөн кезде жана аларга чын ниети менен жан тарткан басылмаларга аёсуз чабуул жасалып турган. Мындайлар кайсы бийлик болсо да, “эптеп учкашып алайын” деген принципте жашайбы же өздөрүн ушунчалык акылдуу сезеби, билбейм, жакында эле “Азаттык” радиосунан Илим дегени сүйлөп жатат: “ММКлар маалыматты так билбегендиктен чар жайыт болуп жатат” деп акыл айтып. Концепция демекчи, өзгөчө акыркы беш жыл аралыгында мамилебиз солгундай түшкөн АКШда, алардын “басма сөз жөнүндөгү концепсиясында” жазылып турат: “ММК эч кимге көз каранды болбош керек, өкмөткө да, конгресске да, ал тургай президентке дагы” деп.

“Капитал” деген олчойгон ойлорго бай китепти кимдер гана билбейт. Ошол эмгекти жазган Карл Маркс: “Элди көрүнгөн нерсе менен чүнчүтпөй, ириде аларга дух берүү керек” деп айтканындай, дүйнөлүк экинчи согуштан кийин А.Гитлер деген “келесоонун” айынан килейген мамлекет талкаланып, экономикасы кошо кыйрап, СССР, АКШ, Англия, Франциянын жарым коллониясында калып, такыр эле немец эли чүнчүп калганда, 1949-жылы экиге бөлүнүп калган Германиянын биринин (ФРГ) бийлик башына Конрау Аденауэр деген акылман келип, 87 жашка чейин Федералдык Германиянын канцлери болуп турган. Анын эң негизги саясаты — немец улутуна (улутташы К.Маркс айткандай) элин ар убак улуттук духкка үндөп келген. Натыйжада, ошондой кыйроодон улам басмырланып, тепселген өлкө чачырап жок болуп кетпей, 1989-жылы (арадан 40 жылдан ашык убакыт өтсө да) кайра бир бүтүн мамлекетке айланышкан. Андан көп өтпөй СССР тарап, кийин постсоветтик аймактан 10 миллионго жакын немец эли мекенине кайтып кетишкен. Бүгүнкү экономикалык кризисте да Германия кабагым-кашым дебей өнүгүп-өсүп баратат. Баардык жагынан (а биз, “жеңген эл” алардын эски машинелерин айдап жүрөбүз). Акчалуу чоңдорубуз бир жери ооруп калса, түз эле ушул өлкөнүн ооруканаларын көздөй сызышат. Айтмакчы, Германия мындай бийиктикке К.Аденауэр сыяктуу улутун чексиз сүйгөн акылдуу башчынын өз элинин духун ар дайым көтөрүү менен жетти. Аны немец эли аты-жөнүнөн эмес, “Кожоюн” деп атап алганын дүйнө жетекчилери жакшы билет.

Ушулардын баарын ойлоп отуруп, эстейт экенсиң, бакиевдер бозгун болуп кеткенден кийин бийликке келгендер: “Биз “анык демократпыз”, “ал гана эмес Конституцияга киргизип, сын пикир айткандарга даңгыр жол ачабыз” деген убадалары бүгүн “покко” да жарабай калды окшойт. Бирок, кандай болгон күндө да, учурда бизге, бейиштин төрүндөй болгон Кыргызстанга, анын өнүгүп-өсүшү үчүн (ириде титулдук улуттун басма сөзүнө токолдун баласындай мамиле кылууну токтотуп), улуттун духун көтөргөн прагматикалык саясат аба менен суудай керек болуп жатат. Азыр, ушу тапта кыргыз эли Россиянын багына жаралган В.Путиндин жүргүзүп жаткан саясатындай чыныгы улуттук лидерлик кадамдарга чаңкап тургандай. Жакында эле ошол орус президенти (3-февралда) Ново-Огареводогу резиденциясында болгон жолугушууда “улутун сүйүүнүн өзү улуттук идеянын өзөгү!” деп ташка тамга баскандай эле ачык айтты го. Бүгүнкү геосаясатта Россия менен мамилеси солгундай түшкөн Түркиянын башчысы Режеп Тайып Эрдоган да “өз улутум” дегенде ичкен ашын жерге койгон улуттук лидерлерден. Антип айтууга мисалдар толтура. Керек болсо, мындай саясат дүйнөнүн баардык жетекчилери тарабынан жүргүзүлүп жатат. Эсиңердеби, өткөн жылы Франциянын президенти Франсуа Олланд башында туруп, жүз миңдеген адамдар катышкан митинг. Ал митингдин башкы максаты — демократиялык баалуулуктарды коргоо делгени менен, негизги өзөгү ошол жүрүшкө катышкан ар бир француз эли, президенти баш болуп жүрөктөрүнүн түпкүрүндө: “Менин Франциям, жашасын Франция!” деген улуу чакырыктарга ширелип турган. А биздин “концепциячылар” улут үчүн күйгөн ушундай маалымат саясатын турмушка ашыра алабы? Улуттук идеяны алдыга кое алышабы? Эң негизгиси, ажонун “компастары” “чач ал” десе баш алгандай ардемелерди айта да, кыла да берип, акыры А.Атамбаевди “аңга түртүп” албаса болду…

Кенжебек Арыкбаев, журналист

Булак: “Азия ньюс”

КР Жогорку Соту: Министр Кудайберген Базарбаев калп айтып жатат

Маалымат булактарынын биринде Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри К. Базарбаев Россияга эки аялды 500 АКШ долларына сатып жиберген Токмоктогу психоневрологиялык үй-интернаттын директорун сот актады деген маалыматы чындыкка дал келбейт. Бул тууралу КР Жогорку Сотунун басма сөз кызматы билдирет.

Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун берген маалыматына ылайык бул жазык иши алардын өндүрүшүндө.

Токмок шаардык сотунун 2014-жылдын 22-июлундагы өкүмү менен соттолуучулар Ж.К, К.Е, К.А. күнөөлүү деп табылып, ар бирине 100 000 жана 150 000 сом айып пул жазасы белгиленип, мамлекеттин пайдасына өндүрүү боюнча өкүм чыккан. Бул өкүм Чүй облустук соту тарабынан 29.09.2014-ж. өзгөртүүсүз калтырылган. Жогорку Сот 2015-жылдын 27-январында жогорудагы эки чечимди жокко чыгарып, жазык ишин Аламүдүн райондук сотуна кайра жаңы кароого жиберген.

Аламүдүн райондук соту жазык ишти кароону 2016-жылдын 13-январына дайындаган. Бирок, соттолуучулардын жактоочусунун өтүнүчү боюнча сот отуруму 2016-жылдын 12-февралына жылдырылган.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча соттук териштирүүлөр аягына чыгып, актоо же айыптоо өкүмү жок болгондуктан, министр К. Базарбаевдин берген маалыматы эрте жана чындыкка дал келбейт.

Мындан ары коомчулукка такталган гана маалыматты билдириңиздер.

90 жаштагы укук коргоочу Жанабил Абдрахмановдун президент Алмаз Атамбаевге кайрылуусу

Атамбаевге ачык сын жана сунуш

Айланайын Алмаз мырза! Бул катыма маани берип, көңүлүңдү келтирип окуп, элдин ыйык атасы болчу!

Ар бир элдин ыраатуу жашоосу – Падышанын башкаруусунан, элдин тартиптүүлүгүнөн, элдин ынтымактуулугунан улам болот эмеспи.

Биздин Кыргызыстаныбызда мындай болбой жатканын тана албайбыз!

Өтө көп окуялардын ичинен бир эле мисал менен көйгөйүмдү айтам.

Сиз мамлекеттүүлүктү бекемдейм деп көп эле аракет жумшап жатасыз. Иш жүзүндө мамлекеттүүлүктү алсыратып, мамлекеттик укук коргоо кызматтарына олтуруп алып, карапайым элдин укугун кордоп, тепселеп жаткан Нарын облусундагы чиейленишип алып мамлекеттин бюджетине зыян келтирип жаткан уюшкан атка минерлер жөнүндө айткым келди.

Сизге бул туралуу  2015-жылдын 29-сентябрнда расмий кабар бергем анда Нарын районундагы Актан Тыныбеков атындагы орто мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Осумбекова өзүнө мыйзамсыз пенсия дайындатып алуу жолу менен мамлекетин чөнтөгүнө ири суммадагы акчаны уурдап алган фактынын бетин ачып, кайрадан мамлекетке которууга кылган аракетиме Нарын райондук прокурору Г. Молдосадыкова, Нарын райондук соту Э.Мамбеталиев Нарын облустук сотун төр агасы Эсенбаев, анын орун басары М Байышов, облустук прокурор Салиев, анын орун басары Мийзамбековдор Осумбекованын кылмыштуу жороругу дап-даана далилденип турса дагы, аны жоопко тартуудан баш тартышып, булар дагы мамлекетке залал келтирип жатышат.

Кагылайын Алмаз ханыбыз! Суранам, суранам:

  1. 2015 жылдын 29-сентябрндагы сизге жазган катымды өзүн окучу!
  2. Бул маселени өзүмдү катыштырып сиздин аппаратагы А.К.Өскөмбаев мырза тактап, карап чыксынчы?
  3. Тактоонун жыйынтыгында менде күнөө болсо мени аёосуз жоопко тарткылачы.
  4. Фактынын негизинде кылмышкерлерди коргогон Молдосадыкованы, Мамбеталиевди, Эсенбаевди, Мыйзамбековду, Байышовду, Салиевди жоопко тартып, “мамлекеттүүлүктү бекемдейм” деген сөзүңүздү кор кылбасаныз деп суранам!
  5. Бул катыма расмий жооп берип койсонуз.

Сизди урматтап, ызаттап , Нарын облусунун, Ак-Талаа районунун  ардактуу атуулу 25ке жакын ар кандай сыйлыктардын ээси, 90 жаштагы укук коргоочу  Жанабил Абдрахманов.

 Нарын шаары, С.Орозбак көчөсү, № 19-6                                                                    10.02.2016.

Атамбаевдин заманында жалаң соттолгондор аким, министр болушабы?

Буга чейинки Кочкор район акиминин мурда соттолгондугу билинип, натыйжада өкмөт башчынын буйругу менен кызматтан алынаар замат Сариевдин мындай кадамы шык бергенби, өлкөнүн булуң-бурчундагы жергиликтүү активисттер район башчыларынын артын казууга батыл киришишти. Өткөн аптада Ысык-Көл акиминин мурда соттолгондугун жергиликтүү тургундар өкмөт башчыга кулак кагыш кылып коюшубузду өтүнүшсө, бул сапар Тоң районунун акими Эсенгул уулу Уландын да мурда соттолгондугун жердештери билдиришүүдө. 30 жаштын кырынан эми өткөн Улакеңер да кыйын экен, мурда соттолгондугун фемида өкүлдөрү тарабынан убагында актатып, куйругун тазалатып, ишти “жым-жым” кылып алганга үлгүрүптүр. Ага болбой эле жердештери жаш жетекчиге асылып, буттан тартып түшүрүүгө аракет кылышууда. Булардын кармашын тыңдасаң “керкисинде да, кемигинде да бар” окшойт. Неси болсо да премьер-министр Темир Сариев Тоң акиминин буга чейинки баскан изин челдирип, коомчулукка ак-карасын териштирип бербесе болбой калды окшойт. Сыртта жазгы талаа иштери башталганы турса, булардын ич ара ыркырашканы ишке эле кедергисин тийгизет да, туурабы?

Булак: “Азия ньюс”

Өзбекстанда адам саткандар соттолду

Маселен, топтун өкүлү Фазлиддин Хусанов чет элде иштөөнү каалагандардын тизмесин түзүү менен алектенип, мигранттардын аты-жөнүн, качан жөнөтүлгөнү тууралуу маалыматтарды каттап турган. Ошондой эле эсепчи кызматын да аркалап, бардык киреше-чыгашаларды тыкыр көзөмөлдөп келгенин Sputnik интернет басылмасы кабарлады.

Ал эми негизинен Фергана өрөөнүнөн келген жарандарды Ташкендеги атайын жайда топтоо милдети шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнүн мурдагы кызматкери Кобил Толиповго таандык болгон. Аталган кылмыш тобу эки жыл аралыгында көптөгөн мигранттарды мыйзамсыз түрдө чет мамлекеттерге жиберишкен. Ортомчулук кылгандыктары үчүн ар бири чоң суммадагы акча алышкан.

Мигранттардын акыркысы былтыр майда Казакстанга жеткирилген. Ошол учурда укук коргоо органдары Толипов менен анын төрт шеригин кармап, элди мыйзамсыз сыртка чыгаруу боюнча каналга бөгөт коюшкан.

Сотто айыпталуучулар коюлган күнөөлөрдү толук моюнга алышты. Баары кылмыш жообуна тартылды.

Жалал-Абадда турак-жай сатып алууга ипотекалык насыя алуунун жол-жобосу талкууланды

Жума күнү, 12-февралда Жалал-Абадда  турак-жай сатып алуу боюнча ипотекалык насыя алуунун жол-жобосун талкуулаган кеңейтилген жыйын болуп өттү деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Жыйынга областтын аймагынан келишкен мугалимдер менен дарыгерлер, социалдык тармактын кызматкерлери, акимдер менен мэрлердин  социалдык тармакты жетектеген орун  басарлары, коомчулуктун өкүлдөрү менен массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Жыйынга турак-жайларды ипотекалык негизде сатып алуу боюнча иш алып баруучу «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнын төрагасынын орун басары Үсөнакун уулу Нуржигит, компаниянын жооптуу адиси Алмазбек Дакыбаев катышты. Жыйындын ишин өкүлдүн орун басары Бактыбек Анаркулов алып барды.

– КРнын Өкмөтүнүн Токтому менен бюджеттик мекеме-ишканаларда эмгектенген Кыргызстандын жарандарын турак-жай менен камсыздоо максатында атайын комиссия түзүлүп, анын төрайымдыгына КРнын Өкмөтүнүн вице-премьер-министри Гулмира Кудайбердиева бекитилген. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду  «Арзан турак-жай 2015-2020» программасын ырааттуулук менен турмушка ашыруу боюнча каражаттык колдоо көрсөтүү өнөктөшү катары биргеликте иш алып барууда. Турак-жай сатып алуу боюнча ипотекалык насыя берүү жана кайтаруу толугу менен кыргыз сому менен жүргүзүлөт. Бул ипотекалык программага кирүү үчүн мектепте иштеген мугалимдер менен ооруканаларда эмгектенишкен дарыгерлер менен медайымдар жергиликтүү бийлик органдарында түзүлгөн комиссиянын тизмесине кирүүлөрү шарт. Турак-жайларга ипотекалык насыя берүүнү Кыргызстандагы Айыл банк менен РСК банктары тарабынан ишке ашырылат,- деди «Мамлекеттик ипотекалык компаниянын» төрагасынын орун басары Үсөнакун уулу Нуржигит.

Турак-жайларды сатып алуу боюнча ипотекалык насыянын алгачкы төлөмү 10% болуп саналат. Насыя алуучуларга коюлган шарттардын негизгилери насыя алуучу Кыргызстандын атуулу болуусу шарт. Мындан сырткары насыя төлөп бүткөнгө чейин кардардын жашы 65тен ашпоого тийиш.

Жыйындын жүрүшүндө «Мамлекеттик ипотекалык компаниянын» өкүлдөрүнө көптөгөн суроолор берилип, аларга жетиштүү деңгээлде канааттандырарлык жооптор алынды. Учурда Жалал-Абад областы боюнча турак-жайларын жакшыртуу боюнча областтык комиссияга мугалимдер менен дарыгерлерден 4433 арыздар келип түшкөн. Учурда «Мамлекеттик ипотекалык компаниянын»  ААКнын Уставдык капиталы 300 млн. сомду түзөт.

Жолдошбай Осмонов, журналист

Транспорт министри Аргынбек Малабаевге Нарындын автожолчуларынын кайрылуусу

Кыргыз республикасынын Транспорт жана коммуникация министири А.Ж.Малабаевге

Нарын облусу боюнча №3, №8, №14, №15, 18, 20, 24- автомобиль жол өндүрүштүк линиясынын жумушчуларынын атынан

                                Кайрылуу!!

Урматуу Аргынбек Жумабекович, биздин сизге кайрылуубуздун себебин мурдадагы уккансыз, азырдагы сизге массалык маалымат каражаттары аркылуу кайрылууну чечтик. Бул маселени карап, калыс ойлонуп бир адамдын эмес толтура коллективдеги жумушчулардын кызыкчылыгы үчүн чечим чыгарууңузду талап кылабыз.

Нарын облустук №3-авто жолдор башкармачылыгынын мурунку жетекчиси К.Кадыркулов азыр соттон утуп алып кайрадан кызматка келет деген сөздү угуп коллектив абдан тынчсызданып жатабыз. Себеби ал киши иштеп жатканда бул мекемеде алгылыктуу бир дагы иш жүргүзүлбөй бир кишинин кызыкчылыгы биринчи кезекте турган. Күйүүчү-майлоочу майларды бөлүштүрүүнү башкармачылыкка каратып алып, жол тейлөө ишканаларына 200-250 км жолду тейлөөгө 1 тонна май каралса аны кемитип, 200 литрин алып калчу, майрамдарда өзүнө коробка даярдатып, жумушка жаңы келгендерден опсуз түрдө пара талап кылуучу. Бул боюнча ишкана жетекчилери гана эмес жөнөкөй жумушчулардан бери айтып келишүүдө. К. Кадыркулов пенсия курагындагы адам жана бул адам кайтып келсе коррупциялык ишмердигин улантаарынан эч шек жаратпайт. Бул маселе боюнча №3-Авто жолдор башкармачылыгынын 2016-жылдын 2-февралында жыл жыйынтыктоочу техникалык кенешинде көтөрүлүп, эгер бул киши кызматка келсе, нааразычылык көргөзүп кызматка олтургузбайбыз жана жумуш таштап нааразычылык акциясына чыгаарыбызды билдиребиз деп

№8-ЖТИнин жетекчиси Токбаев К

№20-ЖТИнин жетекчиси Жусубалиев А,

№24-ЖТИнин жетекчиси Сагынкулов,

№18-ЖТИ жетекчиси Шергазиев К,

№14-ЖТИнин жетекчиси Бердибеков К

№15-ЖТИнин жетекчиси Исаев А,

жалпы 100ашык жумушчу кайрылат.

10.02.2016ж

2015-жылы Лейлек районунун калкынын саны өстү

2016-жылдын 1-январына карата Лейлек районунун калкынын саны 133 349 адамды түзсө, анын ичинен эркектердин саны 67865, ал эми аялдардын саны 65484 түздү. Бул тууралу Лейлек райондук акимчиликтин басма сөз кызматкери Эрмек Бахавадинов билдирди.

Ошондой эле кожолуктун саны 29725 болду. Белгилеп кетүүчү нерсе 2015-жылдын 1-январына карата райондун калкынын саны 131023 адамды түзгөн болсо, өткөн жылга салыштырмалуу быйыл калктын саны 2326 адамга же 1,8% өскөн. Анын ичинен эркектер салыштырмалуу 1110 адамга көбөйсө, аялдар 1216 адамга көп болду.

Жалал-Абадда милициянын «Тартип» профилактикалык иш-чарасы өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын  8-фералынан  23-февралга  чейин  Жалал-Абад  ОИИБнын  жетекчилигинин  буйругунун  негизинде «Тартип»  аталыштагы  ыкчам  алдын алуу  профилактикалык  иш-чарасы   Жалал-Абад  облусунун  Жалал-Абад  шаарында  жана  Сузак  районунун  аймагында  өткөрүлүүдө. Бул тууралу Жалал-Абад  ОИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

Бул  иш-чарага  Жалал-Абад  ОИИБнын  борбордук  аппаратынын,  Жалал-Абад ШИИБнүн, Сузак РИИБнүн  тартип  сакчылары, Кайгуул-күзөт  кызматынын  өзүнчө  батальонунун, жол-кайгуул  кызматынын 200 дөй  милиция  кызматкерлери, Жалал-Абад  шаарынын  мэриясынын  өкүлдөрү,  коомдук  уюмдардын, массалык-маалымат каражаттарынын,    кварталдык  комитеттер  менен  элдик  кошундардын  60тай  өкүлдөрү  катышышты.

Бул  профилактикалык  иш-чара  күн  сайын  атайын  саптык  тизилүү  менен  башталып, жетекчилик  тарабынан   талаптар  жана  атайын  тапшырмалар өздүк  курамга  берилип,  максаты    кылмыштуулуктун  алдын  алуу,  кылмыштардын  беттерин  ачуу, паспорт  режиминин  сакталышы, ар  бир  кварталдагы  жашаган  атуулдарды   тактоо,  милициядагы  профилактикалык  эсепте  турушкан  жарандарды  текшерүү,  айрыкча  мурда   кылмыш  жасашкан  жарандарды, соода  түйүндөрүн, диний  уюмдарды   жана  жол-транспорттук  кырсыктардын   алдын  алуу  боюнча  иш  алып  баруу  болду.

Меню