Menu

РЕДАКЦИЯНЫН ТАНДООСУ

Генерал Өмүрбек Суваналиев азыркы Садыр Жапаров менен Бакиевдер тууралу пикирин билдирди

-Өмүрбек Исакович, азыр Садыр Жапаровдун душмандары “Садырдын артында Бакиевдер турат, ошолор каржылап колдоп жатат, алар Садыр бийликке келгенде өлкөгө кайтып келишет, баарынан өч алат” деген сымал маалыматтарды таркатып, калктын караңгы катмары аларга ишенип жатышат, же чын эле ошондойбу, Садыр Жапаровдун артында Бакиевдер турабы?

-Эми ал 10 жылдан бери улам бир окуяга ылайыктап айтылып, кайталанып келе жаткан, Убактылуу өкмөтчүлөр чыгарган бир ушак. Бакиевдер бул өткөн чак, алар эми кыргыз саясатына эч качан кайтып келе алышпайт, алтургай өлкөгө жакынкы жылдарда жөнөкөй жаран катары кайтып келиши да өтө күмөн. Алар Кыргызстандан кеткенине 10 жылдан ашты, эми алардын Кыргызстанга же кыргыз саясатына тийгизген таасири нөлгө барабар. Бизде кызматтан кеттиңби, статусуңду жоготтуңбу, бүттү. Сени эч ким мурункудай укпайт. Алар бөтөн жерлерде бөтөн турмушка, маданиятка, экономикага ылайыкташып алышты. Үйлөрдү салып отурукташышты… Кыргызстандан 10 жыл мурун кеткен Бакиевдер эмес, ушул жерде эле калган Алмаз Атамбаевди эле кызматтан кеткенден 6 айдан кийин эч ким укпай калды. Алтургай өзүнүн СДПК партиясынын мүчөлөрү, өзү тизмесин текшерип, “добро” берип, парламентке алып келген 120 депутат угушпай, ага каршы добуш беришти. Андан экс-президент деген статусту алып салып, милициянын чеңгээлине салып беришти. Ишенген генералдары Абдил Сегизбаев менен Болот Сүйүнбаев  жаңы бийликтен коркуп, Атамбаевдин сотуна аны колдоп бир басып барып коюшкан жок.  Алыстагы Бакиевдер тургай эсепсиз бай Атамбаев ( ал өзү айткан “мен мультимиллионермин!” деп) ошончо акчасы жана башка ресурстары менен өз жеринде душмандашкандан кийин бийликтеги Сооронбай Жээнбековго 3 жыл бою эч нерсе кыла албай койду. Эгер 5-октябрда  Мекенчилдер жана башка саясый күчтөр биригип кетип, Жээнбековду кызматтан кетирбесе, Атамбаевдин колунан эч нерсе келбейт болчу. Экс-президенттер Акаев да, Бакиев да, Атамбаев менен Жээнбеков да мындан кийин да кыргыз саясатына олуттуу таасир бере алышпайт. Эми Садыр Жапаровдун доору башталды, менин оюмча саясаттын ысыгына күйүп, суугуна тоңгон, түрмөгө түшүп чыккан, түрмөдө олтурганда атасы, апасы, уулу каза болуп, үч жакын адамынан айрылып, бийлик 7 тууганын куугунтуктап камап, балдарын сабап, азабын сезген, 10 күндүн ичинде түрмөдөн чыгып, өлкөдөгү эң жогорку даражага жеткен  Садыр өлкөнү адилеттүү жол менен башкарууга аракет кылат. Мен өзүм да эки жолу камалып чыккам, абактан чыккандан кийин адамдын адилеттүүлүккө болгон көз карашы кескин өзгөрүп, “обостренное чувство справедливости” синдрому пайда болот. Садыр Жапаров президент болуп шайлангандан кийин Бакиевдер тургай жанындагы жакын досторун да укпай, өз алдынча көз карандысыз саясат жүргүзөрүнөн мен шек санабайм. Акыркы 8 жылдан бери ал түрмөдө, чет өлкөлөрдө, кайрадан түрмөдө болуп жүрүп, эч кандай саясый интригаларга, коррупциялык схемаларга,  Матраимовдун тойлоруна катышкан жок, натыйжада эч кимге карыз эмес, арты таза. Аны азыр эл колдоп турат, муну кыргыздар ооматы келди деп коёт, адамдын ооматы келгенде Бакиевдер тургай машаякты да укпайт. Ушул жерде турган Атамбаевди укпаган кыргыздар алыстагы Бакиевди угушмак беле? Мындай учурда адамды, кайдагы бирөөлөр эмес, ооматы колдойт. Мындай “Бакиев келатат!” деген “чача-пача” ушакты Убактылуу өкмөттөгүлөр калктын караңгы катмары үчүн ойлоп таап, 10 жылдан бери таратып келишет.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Өмүрбек Суваналиев, генерал: “Бакиевдин чыныгы үзөнгүлөштөрү: Атамбаев, Отунбаева, Бекназаров жана алардын достору”

-Өмүрбек Исакович, акыркы мезгилде бийликтин каршылаштары “Садыр Жапаровдун бийлиги бакиевчилерди бийликке топтоп жатат” деген ушакты кеңири таратышууда, алардын бири Роза Отунбаева да кечээ ошентип интервью бериптир, бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?

– Ооба окудум, Роза Исаковна “азыркы бийлик Бакиевчилерди топтоп жатат, мисалы Бакыт Сыдыковду “Манас” аэропортуна жетекчи кылып алып келди” таризинде интервью бериптир. Мен таң калдым, анткени Бакыт Сыдыков 2015-жылы Өмүрбек Бабановдун “Республика” партиясы менен депутат болуп келип, 2017-жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековго каршы Өмүрбек Бабановдун президенттикке талапкердигин колдоп, атасы Үсөн Сыдыков, Роза Отунбаева, генералдар Кеңешбек Дүйшөбаев, Феликс Кулов, Мырзакан Субанов, профессорлор Каныбек Осмоналиев, Жолборс Жоробеков, Нур уулу Досбол жана Канат Исаев, Талант Мамытов, мен Суваналиев жана башкалар Бабановду колдоп иштедик. Үсөн Сыдыков аксакал катары Кыргыз улуттук филармониясында расмий жыйында Өмүрбек Бабановго бата берип, өзү кошо чуркап жүрдү. Эмнегедир анда Роза Отунбаева Бакыт Сыдыковду Бакиевчи деп жериген эмес, эми болсо Садыр Жапаровго карата Бакиевчи деп байлап жатат. Андан да кызыгы Роза Отунбаева менен Үсөн Сыдыков экөөсү 2005-жылы да колтукташып жүрүп, Бакиевди бийликке алып келишкен. Бири Бакиевдин президенттик администрациясынын жетекчиси, бири Тышкы иштер министри болуп иштешкен. Дегеле Кыргызстанда Бакиев менен иштешпеген саясатчы жокко эсе. Ошол эле Азимбек Бекназаров  Бакиев тарабынан генпрокурор, Атамбаев Өнөр жай министри, Отунбаева Тышкы иштер министри, Исмаил Исаков Коргоо министри болуп дайындалышкан.  Мен ички иштер министри болуп иштегем.  Бакиевдин колунан Бекназаров  генерал наамын, Атамбаев орден алышкан. Кийин Бекназаров менен Атамбаев иштей албай коюшканынан кызматтарынан кетиришкен. Бекназаров өз кызыкчылыгы үчүн  кримтөбөл Рыспек Акматбаевди издөөдөн бошотуп жиберген. Отунбаеваны Бакиев экинчи жолу министр дайындаганда Жогорку Кеңеш бекитпей койгон. Ошондо Отунбаева жана кызматсыз калышкан Бекназаров, Атамбаев, Исаков жана башкалар оппозицияга кетишкен. Эгер ошондо аларды Бакиев кызматтан кетирбесе алар оппозицияга кетпей эле бир жакшына иштей беришмек экенин коомчулуктун көбү билет. Баса, биз генерал Феликс Кулов экөөбүз 2007-жылы Бакиевге каршы “Элдик фронт” кыймылын түзүп, мөөнөтсүз митингдерди өткөрүп жатканда Бекназаров, Отунбаева, Атамбаевдер бизди колдобой Бакиевди колдошкон. Алтургай Атамбаев кийин премьер-министрлик кызматты суранып жүрүп жетишкен. Андан иштей албай кетиргенден кийин акыркы моменттерге чейин Бишкектин мэрдик кызматын сурап жүргөнүн билебиз. Бакиевди колтукташып жүрүп бийликке алып келгендердин да анабашылары мына ушулар: Алмаз Атамбаев, Азимбек Бекназаров, Роза Отунбаева, Исмаил Исаков жана башкалар. Ал кезде Бакыт Сыдыков колго суу куюп, кызмат кылып,  чуркап жүргөн жаш бала эле. Анан эле тиги лөктөр Бакиевчи болбой, Бакыт Сыдыков Бакиевчи болуп калганы күлкүнү келтирет. Бакиевди бийликке алып келишкен жана колдоп жүрүшкөн өздөрү бирок бакиевчи деп элдин баарын айыптагандар да ушулар…

     

Булак: Kyrgyztoday.kg

Өмүрбек Суваналиев, генерал: “Абдил Сегизбаев чет элге качып, саясый башпаанек алыш үчүн гана президенттик шайлоого чыкты”

“Абдил Сегизбаев өзү деле, эл деле билет, ал көп шайлоочунун добушун ала албайт, бирок президенттик шайлоого талапкер катары жутунуп чыгып, бийликти өкүртө сындап, саясый упай топтоп жатат. Муну менен ал эл көзүнө, эл аралык чөйрөгө өзүн бир саясый күч катары, оппозициялык  бирдик катары көрсөтүүгө аракеттенүүдө”, – деп билдирди милициянын генерал-майору, экс-Ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев Kyrgyztoday.kg маалымат агенттигине.

“Сегизбаев сезип турат, 10-январдан кийин жаңы шайланган президент  мурунку эски чиновник-кылмышкерлердин баарын кылган кылмыштары үчүн мыйзам түрүндө жоопко тартарын, ошондуктан мындан ары алар үчүн Кыргызстанда тынч жашап калууга мүмкүн эместигин. Алардын бир гана жолу калды – чет өлкөгө саясый башпаанек сурап качуу. Абдил Сегизбаев мына ушул максатта президенттикке талапкердин кол тийбестик макамынан пайдаланып, бийликти сындап, оппозиционер катары таанылып, шайлоодон кийин,  Алматы аркылуу чет өлкөгө башпаанек сурап качканы турат. Азыр Абдил Сегизбаевдин бир нече кызматкерине, анын ичинде эки орун басары Болот Сүйүнбаев менен Дүйшөнбек Чоткараевге да алтын контрабандасы боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган кызматкери начальниги Дүйшөнбек Чоткараевге каршы көрсөтмө берсе, Чоткараев Болот Сүйүмбаевге каршы көрсөтмө берип жатат. Ал эми Болот Сүйүнбаев тергөөдөн качып жүрөт. Бул сыйыртмак акырындап Сегизбаевге жакындап келе жатканынан  ал өзүн президенттикке талапкер катары көрсөтө коюп, жоопкерчиликтен качуунун айла-амалын издөөдө. Айта кетүүчү нерсе, 22 кг алтын контрабандасы бул бир гана кылмыш эпизоду болуп эсептелет. Жакшылап иликтесе мындай эпизоддордун көбүнө күбө болобуз. Атамбаевдин учурунда УКМКчылар Сегизбаев, Сүйүнбаевдер Кыргызстандагы бардык контрабандага “крышевать” этишкен. Ошонун ичинде Тажикстанга контрабандалык жол менен ташылган бензин жана башка күйүүчү майлар да кирет. Азыр эми Сегизбаев интервью берип “Контрабанданын башында “Шоопур” турган” деп күнөөнүн баарын Илмияновго оодарганы жатпайбы, Илмиянов деген ким? Ал деген бир “исполнитель” да , ал эми Сегизбаев килейген УКМКнын төрагасы болгон.  Эгер “Шоопур” контрабанда кылып жатканын билсе эмнеге аны камап салбайт? Буга да жоопкерчилик бар. Сегизбаев УКМКнын төрагасы болуп турганда бир да резонанстуу кымыштын бети ачылбады. Дача СУ сыяктуу ың-жыңсыз жабылып калды. Албетте өзү армияга барбаган Сегизбаевге Атамбаев мыйзамды бузуп, генерал наамын берип жатса, булардын колунан эмне иш келет? Анын ордуна булар саясый “сыск” менен алек болуп, бийликтин оппоненттери куугунтуктоого алды. Сегизбаев азыр берип жаткан интервьюларынын баарында маалыматтарды өз кызыкчылыгына жараша бурмалап берип жатат. Өзүн оппозиционер саясатчы катары көрсөткүсү келүүдө”, – деди Суваналиев.

“Андан сырткары Сегизбаев дагы бир талапкер Садыр Жапаров президенттик шайлоодон жеңсе УКМКнын төрагасы болуп турганда жасаган кылмыштарына  мыйзам алдында жооп берерин сезип, “Садыр Жапаровдун артында криминал турат, Бакиев турат” деген сыяктуу ушактарды уюштуруп, массалык түрдө таратууда. Ал өзү башында медиакызматкер эмес беле, кантип “кара пиар” уюштурууну билет. Бул ушактардын артында Сегизбаев турары белгилүү болуп калды. Бирок өзү кримтөбөл “Коля киргиз” же Камчы Көлбаев менен Раим Матраимовдун атын ачык айткандан бүгүнгө чейин калтырап коркот. Дегеле Алмаз Атамбаевди жолдон чыгаргандар да ушулар болду. Президентке күндө кечинде докладной жазганда УКМКнын генералдары өлкөдөгү ачуу чындыкты жазбастан, Атамбаевге жага турган гана маалыматтарды жазып жүрүшүп, Атамбаев реалдуулукту жоготуп койду. Ал өлкө гүлдөп жатат, эл мени сүйүп жатат деп чын эле ишенип алган. Эми түрмөдөн жазбадыбы “мен муну билгенде башкача кылмакмын, мен генералдарга ишенип алыпмын” деп. Фарид Ниязов да түрмөдөн Садыр Жапаровго кайрылымыш болуп “атайын кызматтардын маалыматтарына ишенбеңиз” биз аларга ишенип алып ит болдук деп жатпайбы. Бул Кыргызстандагы эң чоң аппараттын жетекчисинин айтканы… Эми айта берсе кеп көп, мына ошондуктан Абдил Сегизбаев шайлоодо добуш ала албасын билип турса да өзүн талапкердикке коюп, кол тийбестик макамын алып, күпүлдөп Садыр Жапаровду сындап, аны Бакиевчи же криминал кылып көрсөтүүгө жанталашууда. Көрөсүңөр, шайлоодон кийин Сегизбаев экс-премьер-министр Сапар Исаков, экс-мэр Албек Ибраимовдой качып, чет өлкөдөн башпаанек сурайт”, – деди КР Коопсуздук кеңешинин катчысынын экс-орун басары Өмүрбек Суваналиев.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Видео - Өмүрбек Суваналиев: "Маевскийдин өкүлү Модин 2012-жылы Куловго, мага жана көп депутаттарга "Текебаев алган $1 млн өндүрүп бергиле" деп жардам сурап кайрылып жүргөнү чын"

Бүгүн, 26-ноябрда КР ИИМдин экс-министри, генерал-майор Өмүрбек Суваналиев “Азаттыктын” “Эки бир” программмасына катышып, бүгүнкү өлкөдөгү саясый ситуация боюнча көптөгөн кызыктуу суроолорго жооп берди. Анын ичинде көрөрмандардын “Текебаев Маевскийден $1 млн пара алганы чынбы?” деген суроосуна да жооп берип жатып: “Маевскийдин өкүлү Модин генерал Куловго, мага жана көптөгөн депутаттарга “Текебаев алган $1 млн өндүрүп бергиле” деп жардам сурап кайрылып жүргөнү чын. Ал учурда Текебаев бийликте, Атамбаев менен дос болуп, аны колдоп, жанында жүргөн”, деп билдирди.

 

Видео - Эдил Байсалов: "Текебаевдер кан төгүп, бийликти алып, 10 жыл Кыргызстанда эксперимент жасашып, өлкөнү жакырчылыкка, туңгуюкка алып келишти. Бакиевдер калышканда эл эки эсе бай жашамак"

Бүгүн, 26-ноябрда Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов “Азаттык” радиосунда маек куруп, өлкөдөгү бүгүнкү саясый абалга байланыштуу курч суроолорго жооп берди.

Атыр Абдрахматова: "Кодулоо менен каралоо, жалган маалымат таркатуу, адамды кемсинтүү, аброюна шек келтирүү - бул Текебаевге, анын командасына 30 жылдан бери көнүмүш адат"

“Текебаев менен “Ата Мекендин” убада кылган “бомбасы”. Рахмат!” – деп жазды бүгүн, 26-ноябрда БШКнын мурунку мүчөсү Атыр Абдрахматова атамекенчилер ал тууралу тараткан билдирүүгө комментарий берип жатып.
Кодулоо менен каралоо, жалган маалымат таркатуу, адамды кемсинтүү, аброюна шек келтирүү – тилекке каршы Текебаевге, анын командасына көнүмүш адат болгон ыкма, жеке кызыкчылык үчүн мыйзамды да, Конституцияны да бузгандарынын дагы бир далили! 30-жылдан бери мамлекетти бирде бийликчил, бирде “оппозициячыл” болгонсуп башкаргандар, мамлекетти, элди бөлүп жарып, элдик ресурстарды жеке кызыкчылыкка пайдаланып, өзүнүн ыплас иштерин жаап жашырыш үчүн ушундай “бомбалары” менен элди алыксытып, мамлекетти, элди жакырчылыкка алып келишкен. Азыр да элдин сынчыл ой жүгүртүүсүнө, өнүгүшүнө бут тоскон аракетин уланткандарынын далили. Жетишет! #жанылануу #тазалануу убактысы келди. #фейкфабрика #текебаев #атамекен“, – деп жыйынтыктаган Атыр Абдрахматова.

Видео - Садыр Жапаров: "Текебаев Маевскийден $1 млн пара алган, аны 2010-жылдагы шайлоого жумшаган, кийин дагы $15 млн алмак"

“Өмүрбек Текебаевди мен 30 жылдан бери билем. Анын ичинен 15 жылын сыртынан билчүмүн. Теледен, дебаттардан, парламентте сүйлөгөн сөздөрүнөн көрүп, Текебаев, Усубалиев, Масалиев, Мадумаровдорду сыйлайт элем. Анткени Акаевдин убагынан бери оппозиция болуп сүйлөп жүргөндө көрчүбүз. Кийин 2005-жылы мен депутат болуп келдим. Текебаевдер менен аралашып иштеп калдым. Ошондон кийин чыныгы жүзүн көрө баштадым” – деп билдирди президенттикке талапкер Садыр Жапаров жергиликтүү телеканалга берген маегинде.

“Мен буга чейин сабырдуулук кылдым. Улууну урматтадым, кичүүнү ызаттадым. Бүгүнкү күнгө чейин Текебаевди сыйлап келдим. Анан эми бузукулуктун дагы чеги болушу керек. Ошону мен элге ачык айтып коёюн деп келдим. Бузукуларды эл ээрчип кетпеши керек. Алардын айткан калп сөздөрүнө ишенип эле, көчөгө чыгып кыйкыра бербеши керек. Текебаев жөнүндө айтсам, 2010-жылы Конституцияны жеке кызыкчылыгына жазган. Муну саястий элита, бүт бардыгы билет. Анткени 2010-жылы революция болгондон кийин ал өзүнө тиешелүү топту топтоп алып, Конституциялык кеңешме деп өткөргөн. Ошол мезгилде түштүк окуясы да болуп кетти, андан кийин “Конституцияны тез арада кабыл албасак, такыр ит болобуз” деген шылтоо менен эл коркуп турганда кабыл алдырып алган. Анын максаты, ошол кезде “Ата-Мекен” “СДПК” деп фаворит болуп турган партиялар болчу. Анан ал “парламенттик шайлоодо мен утуп келем, 65 орунга ээ болом, спикер болуп 5-10 жыл каалагандай калчайм” деп ойлогон. “Кул жеймин дейт куйрукту, кудай билет буйрукту” деген кыргызда жакшы сөз бар. Кудай аны бербей койду, эң акыркы орунду алып келип калды дагы, отуруп калды. Максатына жеткен жок. Президенттин м.а. болуп турганда айтканга болбойт эле, азыр айтсам болот. Мегаком боюнча сот иши жүрүп жатпайбы. Ал Маевскийден 1 миллион долларды алган. Алганы анык, муну бардык саясий элита, депутаттар бардыгы билет. Керек болсо генерал Кулов дагы билет. Кулов калп десе, генерал Өмүрбек Суваналиев тастыктап берет. Мен дагы тастыктап берем. Мегакомду 2 топ сата турган болгон. Бири Текебаевдин тобу болчу, экинчиси башка топ болчу. Текебаевдин группасы Маевскийге сатам деп сүйлөшүп, алдын ала 1 миллион долларын алып, аны 2010-жылдагы шайлоого жумшаган. Шайлоодон өтүп келгенден кийин Мегакомду сатмак дагы, калган акчасын 10-15 млн доллар чөнтөк кызыкчылыгына алмак. Ошол мезгилде Мегакомду чырылдап жүрүп мен сактап калгам. Жогорку Кеңештин архивин көтөрсөңүздөр, ошол видеолор турат. Бүт документтерди топтоп, Мегаком мамлекетке 100% өтүш керек деп, аны жиликтеп сатпагыла деп кыйкырып чыгып, 120 депутатка документтерди таратып берип, сот аркылуу беребиз деп сотторун да даярдап коюшкан, ал сотторду да чакырып, колдоруна документтерди карматкам, эгерде кимде ким ушул ишти жасап берсеңер 20 жылдан кийин болсо дагы камаласыңар деп. Ошондон кийин соттор аны карабай койгон, Жогорку Кеңеш чечпей койгон. Анан Мегаком мамлекетке өткөн. Мына бүгүн мамлекеттин кызыкчылыгына иштеп жатат” – деди ал.

Видео - Бегалы Наргозуев: "2012-жылы Маевскийдин өкүлү Модин генералдар Кулов менен Суваналиевге келип, Текебаев пара катары алган $1 млн өндүрүп берүүнү суранышканын билем"

“2012-жылы Маевскийдин өкүлү Алексей Модин генералдар Феликс Кулов менен Өмүрбек Суваналиевге келишип, Өмүрбек Текебаев “Мегакомду” алып берем деп россиялыктардан пара катары алган $1 млн акчаны убадасын аткара албай калганынан улам кайра Текебаевден өндүрүп берүүнү суранышканын билем. Кулов менен Суваналиев Модинге “Текебаев азыр бийликте олтурат, ага күчүбүз жетпейт” деп баш тартышкан,” – деп билдирген 2019-жылы экс-депутат Бегалы Наргозуев 5-каналдын “Күн өзөк” программасында ал кездеги Текебаевдин жактоочусу Алманбет Шыкмаматов менен талашып-тартышуу учурунда.

Эсиңиздерге сала кетсек, Модин да Текебаевдин эски досу болгон, 2006-жылы Текебаевге каршы “матрёшка” операциясында мобилдик компанияда иштеген Модин ал операциянын бардык катышуучуларынын телефон сүйлөшүүлөрүнүн “распечаткаларын” Текебаевчилерге алып берип, чоң жардам берген. Ошондон кийин дос болуп калышкан Алексей Модин менен Текебаев 2010-жылы “Мегакомду” россиялыктарга тымызын сатуу операциясын иштеп чыгышкан жана Модин Москвадан Госдуманын экс-депутаты Маевскийди инвестор катары таап келип, Текебаев менен достоштурган.

5-каналдын “Күн өзөк” программасында Кыргызстандагы парламентаризмдин өнүгүүсү боюнча талкуу болуп, “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Алманбет Шыкмаматов менен экс-депутат Бегалы Наргозуев талашып-тартышты. Талкууда Кыргызстанда 2010-жылдан бери, 9 жыл ичинде Текебаев баштаган Убактылуу өкмөт убада кылган парламенттик cистема орнодубу? деген суроо бир нече жолу берилди.

Президенттик шайлоого бийлик менен соодалашыш үчүн гана чыгып жаткан саясатчыларга кызмат берүү практикасы токтотулуш керек

Алдыда, 10-январда өтө турган президенттик шайлоого карата бүгүнкү күнгө чейин 65 адам өз талапкердигин көрсөттү. Алардын ичинен биз мурунтан айтып келгендей 3-4 гана талапкердин ортосунда чыныгы күрөш жүрөт. Калгандары кыргыз айткандай “иттин уулу байгара” деле президент болгусу келет дегендей кеп. Айрым оорукчандары эле өз “мурдуна карабай бышкырганы” болбосо, көпчүлүгү өздөрүнүн шайлоодон өтпөй каларын да билишет. Анда эмнеге жанталашып президенттик кызматка жулунушууда?

Бир эле максат – бийликти коркутуп, соодалашып, бир устукан өндүрүп аламбы деген үмүт. Анткени бул президенттик шайлоолордун алдында бизде традиция болуп калды. Кайсы бир региондо, кайсы бир участокто бийликтин талапкеринин добуштарын талашып, чачыратып жиберет деп эсептеген бийлик коркконунан айрым бир талапкерлер өз талапкердигин алып салыш үчүн устукан – кызмат кармата коёт.

Алыска барбай, бүгүн да президенттикке талапкер болуп жаткан Турсунбай Бакир уулун алалы, ал 2009-жылы президенттик шайлоодо бийликтин талапкери Курманбек Бакиевге атаандаш катары президенттик кызматка өз талапкердигин койгондо өз кичи мекени Кара-Сууда бутка чалынып, добуштарды чачыратып, тоскоол болбосун деген бийлик ага Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматын сунуштары менен шайлоодон өз талапкердигин алып салып, Бакиевди алкап-жалкап, Малайзияга “зуу” койгон. Эми болсо Садыр Жапаров эмне сунуштай коёт деп жулунууда.

Ал эми Бектур Асанов ошол эле 2009-жылы президенттик шайлоодо өз талапкердигин алып чыкканда Бакиевдик бийлик ага Кыргызстандын Пакистандагы элчилик кызматын кармата салары менен шайлоодон талапкердигин алып салып, Пакистаганга чаап кеткен. Эми азыр Жапаров эмне бере коёт деп күтүүдө.

2017-жылы президенттик шайлоого катышкан Улукбек Кочкоров болгону 8 миң добуш алган, азыр да өтпөшүн билет, бирок 2017-жылдагы шайлоодон кийин бийлик ага сооротуучу сыйлык катары министрлик кызмат берген. Бийлик ооз жабуу максатында кээде шайлоодогу улуу-кичүү атаандаштарына да устукан – кызмат кармата коёт.  Ошону менен оозу жап болот. Мындай устукан күткөндөр да 65 талапкердин арасында толтура.

Бүгүн президенттик кызматка барам деп арыз берген 65 адамды бирден тартып жиликтесе, мындай жоруктары чекеден чыгат.  Баары устукан күтүүдө. Ошондуктан президенттик кызматты аркалап кетүү колунан келгени деле, келбегени деле шакылдата арыз жазып, БШКны демитип турат. Көп талапкерлердин кебетесине, акылына, билимине, деңгээлине эл күлүп жатат, дүйнө күлүп жатат. Мамлекеттүүлүкө доо кетирүүдө, Кыргызстанды “сөзгө сөлтүк, кепке кемтик” кылууда. Ошондуктан жаңы бийлик жогоркудай жаман салтты токтотуш керек. Бутка чалынып, тоскоол болот деп устукан кармата коюп, аларды жаман үйрөтпөшү зарыл. Алардын артында  куру дымактан башка эч нерсе жок. Алардын айткан кооз сөздөрүнө коомчулук да сын көз менен карап, талдоого убакыт жетти. Президенттик шайлоого бийлик менен соодалашыш үчүн гана чыгып жаткан саясатчыларга кызмат берүү практикасы токтотулуш керек.

Бул жагынан байлык десе байлыгы бар, электорат десе 600 миң электораты бар Өмүрбек Бабанов прагматик катары туура кадам жасады. Анткени 2017-жылы ал президенттик шайлоого катышканда анда каржылык жана электоралдык ресурстар жетиштүү болгон, бирок административдик ресурстары жетишсиз болуп, экинчи орунда келди.  Бирок президенттик шайлоодо 2-орун деген болбойт, бирөө утат, калгандары утулат. Парламенттик шайлоодо гана партиялар добуштун санына жараша 1-2-3-орундарды бөлүшүп мандат алышат. Эгер Бабанов бул шайлоого катышканда да баягы эле административдик ресурстун тартыштыгынан кайра эле 2-орунда келмек. Бирок 2-орундун кимге кереги бар? Ресурстарды курулай ысырап кылгандан башка пайдасы жок. Ошондуктан ал “эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө жакшы” дегендей Садыр Жапаровдун талапкердигин колдоп чыкты. Бүгүнкү адыраңдаган 65 талапкердин ичинде эң чоң мүмкүнчүлүктөрү бар Бабанов реалдуу чечимге келип, шайлоого катышуудан баш тартты.

Биз 1-ноябрда жазгандай, Кыргызстандын шартында президенттик шайлоодо жеңишке жетүү үчүн негизги 3 ресурс аба менен суудай керек. Биринчиден, талапкерде электоралдык ресурс болушу керек, экинчиден, каржылык ресурс жетиштүү болушу зарыл. Үчүнчүдөн, административдик ресурс баары бир чечүүчү ролду ойнойт. Бул 3 ресурс азырынча бир гана Садыр Жапаровдо бар.

Калган олуттуу талапкерлердин бири Канат Исаевде электоралдык жана каржылык ресурс  гана бар, ал эми административдик ресурстан ал өзү баш тартып алды. Эми колундагы ресурстарын үч-төрт эселеп көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн пайдалана алабы? “Кыргызстан” партиясынан башка да “Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстан” партияларынын жана айрым олигархтардын ресурстарын өзүнө бура алабы?  Геосаясый оюндардын субъекттеринин колдоосун таба алабы? Муну убакыт көрсөтөт.

Үчүнчү олуттуу талапкер Адахан Мадумаровдо чектелүү гана электоралдык ресурс бар. Каржылык жана административдик ресурстары чак. Геосаясый оюнчулардын колдоосун табуу максатында Москвада жасаган кадамдары алгач жакшы жемиштерди берип жаткан. Анткени Мадумаровдун күчтүү атаандаштары Канат Исаев менен Садыр Жапаров Россиядан колдоо таппай жаткан учурда Мадумаров Москвага визит жасап, интервюларды берип, маалымат жыйындарын өткөрүп, “Мадумаровду Москва колдойт экен” деп эл оозуна кайрадан алына баштаган.

Аңгыча эле Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 25 күндүн ичинде Москванын, Астананын, Ташкендин жана Анкаранын эшигин жыртып жатып, блицкриг жасап, Кыргызстандагы дүйнө өлкөлөрүнүн элчилерин эпке келтирип, Садыр Жапаровду тааныбай жатышкан дүйнө лөктөрүн ийге келтирди. Садыр Жапаровго Россиянын президенти Путин, премьер-министри Мишустин, өзбек президенти Мирзёев, казак президенти Токаев, премьери Мамин сыяктуу КМШнын дөө-шаалары телефон чалышып, ал-акыбал сурап, саясый жана экономикалык колдоо көрсөтө башташты. Бул деген алардын Садыр Жапаровду өздөрүнө тең ата катары тааный баштоо фактысы болду.

Эми Жапаровдун колунда электоралдык, каржылык, административдик ресурстардан башка да төртүнчү фактор – геосаясат да роль ойной баштады. Бул деген Садыр Жапаров бул шайлоодо атаандаштарын алда канча артка калтырып кетет деп болжолдоого шарт түзөт. Бирок, Садыр Жапаровдун командасы колунда турган административдик ресурсту иштете алабы?  Административдик ресурс  иштеши үчүн бийликтин күчтүү вертикалы болуш керек.

Аткаруу бийлигинде Көк үйдөн тартып, айыл өкмөтүнө чейин бийликтин аппараттык оюндарын мыкты билген, алчы таасын жеген, тажрыйбалуу аткаминерлер олтуруш керек. Эмне, тажрыйбасы аз, бирок премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп калган Артём Новиков админ ресурсту иштетеби же өмүрүндө мамлекеттик жооптуу кызматтарда (аткаруу бийлигинде) иштебей эле вице-премьер министр болуп жаңы эле барышкан Элвира Сурабалдиева  менен Максат Мамыткановдорбу? Тегерегине бүт тажрыйбасыз эр-азаматтарды жыйнап алды.

Жаңы дайындалып жаткан тажрыйбасыз министрлер менен агенттиктин, мекеме-ишканалардын башчыларын, губернаторлорду ал жерде иштеген эски карышкырлар угабы?

Бүгүн президенттикке талапкер болуп чыгышкандардын көбү 2-турга болжоп жатышат. Экинчи турда соодалашып алабыз, ага чейин таймаша беребиз деп көшөрүшүүдө.  Шайлоо үгүтү 15-декабрдан башталып, 8-январда бүтөт, 10-январь шайлоо күнү. Жаңы жыл алды жана жаңы жылдан кийин элдер эс алууда болуп, саясый активдүүлүк кескин төмөндөйт. Шайлоого катышуу азаят. Мындай учурда биринчи турдан эле 51% добушту алып кетүү кыйынга турат. Эгер шайлоо 2-турга өтсө анда Адахан Мадумаровдун шансы өсөт. Регионалдык фактор Мадумаров үчүн иштейт…

Садыр Жапаров шайлоого күчтүү командасы менен киришиш керек эле, бирок ал досторунун, тарапташтарынын баарын аткаруу бийлигине жогорку кызматтарга дайындап салды. Балким ушунча жыл колдоп жүргөн тарапташтарына болгон моралдык карыздарынан кутулуп жаткандыр. Ошол эле учурда аткаруу бийлигиндеги мамлекеттик кызматкерлер менен депутаттар шайлоо учурунда талапкерди коштоп-колдоп жүрө албайт. Мыйзам жол бербейт. Жанындагы командасын мамлекеттик кызматтарга таратып жиберип, утуш үчүн шайлоого кайсы тажрыйбалуу оюнчулар менен барат? Командасына кимдерди алат? Кыргызстанды кимдер менен кыдырат? Коррупция менен күрөшүү лозунгун туу катары көтөрүп чыккан талапкердин командасында буга чейин коррупцияга шектелбеген, арты таза, репутациясы бийик гана тажрыйбалуу адамдар болушу керек. Бул өңүттөн алганда Садыр Жапаровдун командасы ойлоно турган көйгөйлөр көп…

Булак: KyrgyzToday.kg

"Биримдик" партиясынын тизмесинин алдыңкы кырктыгына кирүү үчүн Төрөбай Зулпукаровго $500 миңден $1 миллионго чейин төлөгөндөр эми акчаны кайтарууну талап кылышууда

4-октярдагы парламенттитк шайлоонун жыйынтыктары БШК тарабынан жокко чыгарылгандан киин шайлоодогу кээ бир кызыктуу жагдайлар аныктала баштады.
Ушул учурда «Биримдик» партиясынын талапкерлери тарабынан алдынкы 40 орунга кирүү үчүн төлөнгөн акчаларды кайтарып берүү талабы коюлуп жатат деген маалымат келип түштү.
Айрым талапкерлер партиянын алдынкы катарына кирүү үчүн 500 минден 1 млн АКШ долларына чейин акча беришкен. Ошол акчанын бир бөлүгүн кайра шайлоого жумшоо үчүн талапкерлерге кайтарылган, бир бөлүгү болсо партияда калган. Негизинен талапкерлер менен акча тууралу сөз кылган Төрөбай Зулпукаровго дооматтар коюлуп жатыптыр. Төрөбай Закирович акчага жооп бере албай жаңы бийлик менен мамиле кылганы шашып атканы айтылууда.

Ушул мазмундагы дагы бир окшош маалыматты экс-депутат Ширин Айтматова өзүнүн Твиттер социалдык тармагындагы баракчасына да жазып чыкты.
Эгер Төрөбай Зулпукаров бул туурасында үн катам десе биздин микрофон ачык.

Булак: KyrgyzToday.kg

Меню