Menu

РЕДАКЦИЯНЫН ТАНДООСУ

«Манас» аэропортундагы 5 млн доллардын ызы-чуусу. Ага Өмүрбек Бабановдун кандай тиешеси бар?

“Манас” эл аралык аэропорту” ААКдан (мамлекеттин үлүшү – 79%) оффшордук компаниялар аркылуу 5 млн доллар чыгарылып кеткен. Бул тууралуу Каржы полициясы ишке тиешеси бар ысымдарды атабастан, маалымат берди. Тергөөнүн маалыматына ылайык каражатты “Жанарзат борбору” ЖАКты сатып алуу аркылуу чыгарылган,бирок ал банкроттукту көздөй багыт алып, чыныгы баасы – болгону 100 миң сомду түзүп турган.

Бул бүгүнкү күндүн иши эмес. Келишим 2014-жылы түзүлгөн, анда аэропорттун башкармалыгын Албек Ибраимов жетектеп турган.

$5 млн доллардын чыгып кетиши боюнча кылмыш иштин чоо-жайы

Тергөөнүн маалыматы боюнча 2014-жылы “Манастын” жетекчилиги кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, чылкый жеке кызыкчылыктарын ойлоп, кээ бир тараптар менен кылмыштуу келишимге барып, аэропорт менен мамлекеттин кызыкчылыгын ойлоп да койбостон, аэропорттун аймагында жайгашкан, чыгымы көп, банкрот болуп бараткан “Жанарзат борбору” ЖАКтын 100% акциясын сатып алуу боюнча пайдасыз келишим түзүшкөн.

Ошентип 2014-жылдын декабрында аэропорттун жетекчилигине директору Кипрдин жараны Е.К. болгон, «Ф.С.Л.» компаниясынан “Жанарзат борбору” ЖАКтын 100% акциясын сатып алуу сунушу түшөт. Алгачкы баасы – 7 млн. доллар имиш.

Каржы полициясы маалымдагандай, бул коммерциялык сунушту кароо милдети аэропорттун юридикалык бөлүмүнүн башчысы Мирлан Бегалиев менен экономикалык-каржы дирекциясынын директору Жаңыл Абиковага тапшырылат. Алар “Жанарзат борбору” ЖАКтын ишмердүүлүгүн изилдеп көрүп, кылмыштуу келишимге барышып, жасалма кызматтык кат түзүп, ишкана кирешелүү экенин тастыктап, эч бир карызы жок экенин келтиришет. Бирок ЖАК банкрот болоруна аз калган эле – карыздары активдерден кыйла ашып турган.

2014-жылдын 25-декабрында эле дал ошол кызматтык каттын негизинде аэропорттун директорлор кеңеши “Жанарзат борбору” ЖАКты сатып алуууга макулдугун берип, 26-декабрда чыгымы көп компаниянын 100% пакет акциясын 5 млн долларга сатып алуу чечими чыгат.

Ошол эле күнү келишимдерге кол коюлуп, эки күн өтпөй “Манас” ААКсынын эсебинен аталган акча каражаты эки оффшордук компанияга которулат. Ал учурда “Жанарзат борбору” ЖАКтын акциялары болгону 100 миң сом турган.

Ал оффшордук компаниялардан чыгарылган 5 млн долларды ала турган тарап болуп Б.А.Т. аттуу айым чыккан.

Эми ушул жерге жакшылап токтолуп көрөлү. Каржы полициясынын пресс-релизине абай салсак, “Жанарзат борборун” сатуу коммерциялык сунушу директору Кипрдин жараны Е.К. айым болгон, «Ф.С.Л.» компаниясынан түшүп жатат. Ал эми алчу тарап – Б.А.Т. аттуу айым.

“Манас” аэропортунун аймагында бир нече жыл АКШ авиабазасындагы учактарды тейлеген жанарзат комплекси бар экени белгилүү. Дал ошол 2014-жылы акыркы америкалык учак “Манас” аэропортунан учуп чыгып кеткен, ошентип жанарзат комплекси кожоюндарга мурдагыдай шумдук киреше алып келбей калат. Ал эми бул кирешелүү тармактын ээлери убагында кимдер гана болгон эмес, алгачкы президент Аскар Акаевдин уулу менен күйөө баласы да бармагын жалап калышты. Алар качып кеткенден кийин жанарзат комплекси Өмүрбек Бабановдун колуна тиет. (Эми анын эрдиктерин санап олтурбайлы). Ошентип Жанарзат борбору эч кызыкчылык туудурбай, баланс боюнча банкрот болуп – карыздары активдеринен ашып кетип, баасы – 100 миң сомдон ашпай калган.

Долларбайлар колуна тийген Б.А.Т. деген ысымдын баш тамгалары өзүнө көңүл бурдурбай койбойт. Эгерде Жанарзат борборунун ээси Өмүрбек Бабанов (БӨТ) болсо, анда Б.А.Т. – бир тууганы Бабанова Ая Токтогуловна эмеспи?

2019-жылдын 30-сентябрында тескелип жаткан иштин алкагында, тергөө органдары КР Кылмыш кодексинин 205-б. 3-. 1-п.да каралган “берилген мүлктү ири өлчөмдө коромжу кылуу” кылмышына шектелип, Мирлан Бегалиев кармалып Бишкек ШИИБинин Убактылуу кармалуучу жайына киргизилген. Азыркы учурга чейин М.Бегалиев “Манас” аэропортунун Бишкек филилалынын башчысы болуп келген. Ошондой эле Бегалиев белгилүү кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кудасы. Уулу Камчынын кызын алган.

Азыркы тапта иш тергелип жатат, анын алкагында кылмышка тиешелүү тараптардын бардыгы каралып, сурак беришет.

Маалымат үчүн

2014-жылдын декабрына карата Директорлор кеңешинин курамы:

Субанбеков Бакирдин Жамалович. Директорлор кеңешинин төрагасы. Азыр “Бир бол” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты.

Пирматов Рахатбек Төлөбаевич. Азыркы тапта “Манас эл аралык аэропортунун” директорлор кеңешинин төрагасы, ошондой эле Соцфонддун башкармалыгынын мүчөсү, Соцфонд алдындагы мамлекеттик каражат топтоо пенсиондук фондунун директору.

Нурматов Искандербек Мирзаевич. Азыркы тапта беш компаниянын ээси жана кош ээси: «ОШ-ТЕХНИКС» ЖЧКсы, «Центр Недвижимости» ЖЧКсы, «Барс Актив-Инвест» ЖЧКсы, «Ош-Технология» ЖЧКсы жана «АСКА-КЕН» ЖЧКсы.

Казанкапов Токтоалы Орозалиевич. Азыркы тапта эки компаниянын жетекчиси: «ТАМДОС» ЖЧКсы (кош ээлик) жана Кызыл-Кыя универсал курулуш» ЖЧКсы. Мамлкеттик үлүшү бар компаниялардын директорлор кеңеши курамындагы кадрлар резервине кирет.

Алыбаев Жекшенбек Өмүрбекович. Азыркы учурда «Манасавиасервис» ЖЧК инженерлик борборунун башчысы.

2014-жылдын декабрына карата башкармалыктын курамы:

Ибраимов Албек Сабирбекович — 2014-жылдын декабрына карата башкармалыктын төрагасы. Азыр коррупция иштери боюнча айыпталып жатат.

Бусурманкулов Абдималик Бурканбекович. “Манас” аэропортунда ишин улантууда, өндүрүш боюнча башкармалыктын төрагасынын орун басары – инфракструктуралык өнүгүү дирекциясынын директору.

Чукуев Эмир Майрамбекович. 2015-жылдын апрелинен 2018-жылдын декабрына чейин “Манас эл аралык аэропорту” ААКсынын башкармалыгынын төрагасы болгон.

Токобаев Даир Султанович. Азыркы тапта жеке ишкер.

Карыпбеков Илим Майрамбекович. 2015-жылдын мартынан 2019-жылдын мартына чейин КТРКнын башкы директору болгон.

“Республика” порталынан кыргызчалаган Kyrgyztoday.kg

Күндүн сүрөтү - Бири-бирин паракорлукка жана мародерлукка айыптаган Өмүрбектер Бабанов менен Текебаев бүгүн жарашкандай

Бүгүн, 6-октябрда Бишкектин “Консул” ресторанында депутат Руслан Казакбаев уулунун үйлөнүү үлпөтүн өткөрүп жатат. Ага Москвадан Өмүрбек Бабанов да атайы келип, жаңыдан үйлөнүп жатышкан жаштарга өкүл ата болуп дайындалды.

Тойго Ташкенттен келген Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов, Малайзияга Кыргызстандын элчилик кызматына камданып жаткан Азимбек Бекназаров, үй камагындагы Өмүрбек Текебаев жана башка жер жайнаган тыңчыкмалар катышууда.

Баса, 2012-жылы августта Атамбаевдин буйрутмасы менен премьер-министр Өмүрбек Бабановду “түрктөрдөн бир жылкы пара алгансын” деп айыптап, кызматынан кетирген Өмүрбек Текебаев эми Бабанов экөөсү эч нерсе болбогондой эле жубайлары менен сүрөткө түшүп жүрүшөт.

Ошондой эле Текебаев Александр Македонскийди туурап Бабановго “уят кылбай же Өмүрбек деген атыңды өзгөрт же коркоктугуңду ташта!” деп да бетин кызартканы элдин эсинде. Андай асылууларга жаны кайнаган Бабанов да атамекенчилердин мародерлугун айтып, каяша кылып келген. Андан бери канча суулар агып, Бабанов чет жерде бозгунда жүрүп, Текебаев абакта жатып, өткөн өчү менен кеткен кегин унутушуп, жарашып алышкандай. Коррупцияга каршы келишпес принцип деген кайда? Кыязы, саясатта принцип деген ооздун жели эле болот окшойт.

Алтургай тойдо Текебаев менен Бабанов айкөлдүккө барышып, бирин камаган, бирин качырган Атамбаевдин уулу Кадыр менен да сүрөткө түшүшкөнгө үлгүрүштү. Баса Кадыр Атамбаев жакында эле: “Өмүрбек Текебаев акылынан айныган көк мээ” деп баа берип жаткан. Кыскасы баары аралашып эле жатып калды.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

"Ынтымак" эс алуу багына көчөт олтургузуп жатышкан Убактылуу өкмөт мүчөлөрү эмнеге кайым айтыша кетишти...

14-сентябрда Бишкектеги жаңы ачылган “Ынтымак” эс алуу багына 2010-жылдын апрелиндеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин өздөрүн Убактылуу Өкмөт деп жарыялашкан 14 төңкөрүшчү да көчөттөрдү олтургузушкан.

Ал күнү “Ынтымак” эс алуу багында Убактылуу өкмөттүн арасында болуп өткөн ыйкы-тыйкы, кер-мур айтышууну баары эле уга элек болсо керек. Эс алуу багына келген Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Элмира Ибраимова, Исмаил Исаков, Дүйшөнкул Чотонов, Абдыганы Эркебаев жана башкалар алып келинген көчөтөрдү тигебиз деп шаңыраңдап турушканда келе калган Азимбек Бекназаров: “Биз Убактылуу өкмөт 14 кишиден турбадык беле, эмнеге 11 эле көчөт алып келгенсиңер? Эмне үчүн Иса Өмүркулов чакырылган эмес? Атамбаевдин атынан да көчөт олтургузуп коёлу, ага да бир көчөт алып келиш керек, жалпысынан дагы 3 көчөт алып келгиле” деп бакылдап кайрылат.

“Атамбаев абакта жатканы үчүн ага көчөт алдырбадык, ал эми Иса Өмүркуловду чакырууга Текебаев каршы чыкты: “мен камалганда Иса бир да колдоп койгон жок” деп көшөрдү” дешет калган Убактылуу өкмөт мүчөлөрү. Муну уккан Азимбек Бекназаров “жок, биз Убактылуу өкмөттө 14 киши болгонбуз, бул жерге 14 көчөт олтургузулушу керек” деп кашайып, Иса Өмүркуловго телефон чалып “эмнеге “Ынтымак” паркына көчөт олтургузууга келген жоксун?” деп сурайт. “Чакырышкан жок” деп бозорот Иса. “Мына, чакырып жатабыз, тез жетип кел” деп буйруйт Бекназаров. Араң эле турганбы, тез эле жете келген Исага ошол жерде тургандар Текебаев “камалганымда Иса колдогон жок” деп таарынып жатат деп түшүндүрүшөт. Анда Иса Текебаевге угузуп туруп эле “мен камалганда Текебаев мени колдогон эмес, ошон үчүн мен да Текебаев камалганда аны колдогон жокмун” деп каяша айтат.

Аңгыча дагы 3 көчөт жеткирилип, 14 көчөт болот. Ар кимиси өз көчөтүн олтургуза башташканда Азимбек Бекназаров өзүнүн көчөтүн тигип бүтүп, “Атамбаевдин көчөтүн мен олтургузам” деп анын атынан бир көчөттү алып тигип кирет.  Аны көргөн Исмаил Исаков “анда мен президент Сооронбай Жээнбековдун атынан да бир көчөт олтургузам” деп, бир көчөттү тигип салат. Ошондо Болот Шерге көчөт жетпей калып, “Ынтымак” эс алуу багында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Болот Шердин көчөтү олтургузулбай калат. Баса, ал күнү Болот Шер оорудан өзүн жаман сезип турганын билдирген дешет…

Көчөттөрдү олтургузуудан кийин шаңыраңдаган Убактылуу өкмөт мүчөлөрү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууга  жөнөшөт.

 Булак: Kyrgyztoday.kg

 

Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда Президентке эмне деген арыз-армандарын айтышты?

14-сентябрда өздөрүн 2010-жылдын апрелиндеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Убактылуу Өкмөт деп жарыялашкан 14 төңкөрүшчү КР Президенти Сооронбай Жээнбеков менен бейформал жолугушууга чакырылган.

Ал жолугушууга Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Темир Сариев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Элмира Ибраимова, Исмаил Исаков, Дүйшөнкул Чотонов, Абдыганы Эркебаевдер катышышты.

Коомчулук бул жолугушууда эмне сөз болгонун алигиче так билбейт. Анткени жолугушуунун стенограммасы же болбосо пресс-релизи эч жерде жарыяланбагандыктан ар ким ар кандай жоруп жатышат.

Жолугушуудан кийин Темир Сариев бир-эки ММКларга интервью берип, “бизди жолугушууга президенттик аппарат чакырды, ал жерде биз маанилүү мамлекеттик маселелерди талкууладык” таризинде бакылдай баштады эле КР Президентинин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева “Убактылуу өкмөт мүчөлөрү президент менен укук коргоочулар же журналисттер сыяктуу эле бейформал жолугушууга эле чакырылган. Жолугушууда эч кандай маанилүү мамлекеттик маселелер расмий талкууланбады” деп  баарынын жаагын жап кылды.

Ал эми биздин ишенимдүү булактар биз менен ал жердеги жолугушууда Убактылуу өкмөт мүчөлөрү президентке эмне деген арыз-армандарын айтышканы боюнча ток этер жерлеринен учкай бөлүштү.

Роза Отунбаева: -Урматтуу Сооронбай Шарипович, Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн мамлекеттик кызматтарга тартыңыз, биз өлкөдөгү кыйын абалды билебиз, бутуңузга бут, колуңузга кол болуп бергенге даярбыз…

Өмүрбек Текебаев: – Урматтуу Сооронбай Шарипович, бизге Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө бир конкреттүү участокту, тармакты бөлүп берсеңиз, биз ошол участокту оңдоп натыйжа көрсөтөт элек…

(Текебаев сүйлөп жатканда негедир Азимбек Бекназаров “бырс” деп күлүп жиберди)

Эмилбек Каптагаев: – Урматтуу Сооронбай Шарипович, мага мамлекеттик идеологияны иштеп чыгып, ишке ашырууну тапшырсаңыз мен тартып кетет элем…

Темир Сариев: Урматтуу Сооронбай Шарипович, мен экономика маселелери боюнча сизге чоң жардам берет элем…

Азимбек Бекназаров: – Урматтуу Сооронбай Шарипович, мен кызмат сурабайт элем, андан көрө Атамбаевдин учурунда сатылып кеткен алтын кендеринде кыргыз мамлекетинин 1%да үлүшү калбаптыр, ошол келишимдерди бузуп, ал алтын кендерине мамлекеттин 50%дан кем эмес үлүштөрүн киргизиш керек. Ал келишимдердин баарынын шарттарын кайра карап чыгышыбыз зарыл…

Жолугушуудан кийин Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө ошол жердеги ашканадан бекер тамак тартылды.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Видео - Экс-депутат Ширин Айтматова Жогорку Кеңештеги ууру, коррупцияга малынган "ун өндүрүүчүлөр мафиясы" тууралу иликтөөсүн жарыялады

Бүгүн, 23-сентябрда экс-депутат Ширин Айтматова өзү негиздеп, жетектеген Үмүт2020 элдик кыймылынын атынан Жогорку Кеңештеги “ун өндүрүүчүлөр мафиясы” тууралу иликтөөсүн жарыялады.

“Нан жана оюн-зоок. Жогорку Кеңештеги ун өндүрүүчүлөр мафиясы. Үмүт2020 элдик кыймылы Жогорку Кенештеги ууру, коррупцияга малынган элитага каршы. Бүгүнку чыгарылышта депуттардын элге каршы ишмердүүлүгү жөнүндө бир мисалын айтып беребиз. Силер бул депутаттардын парламентке кайрадан шайланып келүүсүн каалайсыңарбы?

Баарыныздарга салам! Мен Ширин Айтматова жана Үмүт2020 элдик кыймылы Жогорку Кеңештеги ууру, коррупцияга малынган элитага каршыбыз.

Бүгүн мен сиздерге депуттардын элге каршы ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берем.

Ушул буудайдын баштары кантип саясий партия лидерлерине шайлоого чыгымдалган акчанын ордун жабууга жардам бергенин жана ошону менен бирге алардын кантип 350 миллион сом тапкандарын билгиңер келеби?

Анда эмесе, мен силерге бүгүн айтып берем!

2015-жылдын 4-октябрында Жогорку Кеңештин VI чакырылышына, башкача айтканда, азыркы чакырылышынын парламентине депутаттар шайланган, ага 6 саясий партия өткөн. Алар:

1.КСДП

2.Республика – Ата-Журт

3.Кыргызстан

4.Өнүгүү прогресс

5.Бир Бол

6.Ата Мекен

Шайлоого мурда болуп көрбөгөндөй чыгымдар сарпталганы жана массалык түрдө элдин добушун да сатып алуу болгондугу көрүнгөн.

Партиялар ондогон, керек болсо, жүздөгөн миллион сомдорду шайлоо кампаниясына, элдин добушун сатып алууга, үгүт иштерине жумшашат, анткени депутаттар парламентке келгенден кийин биринчи кезекте өз бизнестеринин кызыкчылыгы үчүн мыйзамдарды кабыл алуу менен  сарптаган чыгымдарын он эсе кайтарып алышат.

Келгиле, аны иш жүзүндө кандай экенин карап көрөлү.

2015-жылдын 14-октябрында,  парламенттин VI чакырылышынын депутаттары иштеп баштаганына он күн болгондон кийин Өкмөттүн токтому менен Жогорку Кеңештин кароосуна Кыргызстанга ташылып келген буудай данын кошумча нарк салыгынан бошотуу жөнүндө мыйзам долбоору киргизилген.

Кыргызстандын бажысы аркылуу ташылып келген бардык товарларга кошумча нарк салыгы төлөнөт, бирок үч парламенттик фракция: КСДП, “Кыргызстан” жана “Өнүгүү-прогресс” буудайды импорттоого төлөнгөн кошумча нарк салыгын жокко чыгаруу керек деп чыгышкан.

Силер эмне үчүн алар майга же кумшекерге эмес, а буудай жана ун сатууга карата кошумча нарк салыгын төлөөнү жокко чыгарууну колдоп чыгышты деп сурап жатсаңар керек.

Мунун жообу жөнөкөй эле: ушул 3 фракция лидерлеринин бизнестери ташылып келген дан жана андан жасалган унга байланыштуу болуп жатпайбы.

Мына ушулар Кыргызстанга буудай данын импорттогон ишканалардын жашыруун кожоюндары болуп саналат.

Алардын эмгек жолуна көз чаптырып көрсөк.

Ошол мезгилде фракция лидери КСДП партиясынан депутат – Чыныбай Турсунбеков парламентке келерден мурда 1997-жылдан 2010-жылга чейин “Акун” ЖАК жана “Бишкекункомбинаты” ААКтын башкы директору болчу.

“Кыргызстан” фракциясынын жашыруун кожоюну – Шаршенбек Абдыкеримов –  көп профилдүү “АЮ” компаниясынын негиздөөчүсү “Самрук казына” жарым-жартылай казак мамлекеттик компаниясы менен биргеликте Кыргызстанда “Алия” соода маркасынын ун жана макарон азыктарын чыгарган “Казгрейн” ЖЧК ээси болуп саналат.

“Өнүгүү прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев парламентке келгенге чейин 2000-жылдан 2007-жылга чейин ун чыгаруучу “Марьям” ЖЧК башкы директору болчу, азыр ага жубайы ээлик кылат.

Мыйзам долбоорун кароодо депутаттар андан ары кетишти. Ошол эле дандан импорттоочу тарабынан чыгарылган унду сатууда да кошумча нарк салыгынан бошотууну демилгелеп чыгышты. Унчуларды салыктан эки эсе бошотуу! Бул деген укмуштуудай артыкчылык да!

Импорттолгон дандан тартылган унду сатууда кошумча нарк салыгынан бошотууну ошол эле “Өнүгүү прогресс” фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров да сунуштап чыккан. Ал өз кесиптик ишмердигинин көпчүлүк бөлүгүн ээси Бакыт Төрөбаев болуп эсептелген ун чыгауучу “Марьям” ЖЧКда жана “Дан-Юг” ЖЧКсында эмгектенүү менен өткөргөн. Мирлан Бакиров Райым Миллиондун жакын досу болуп эсептелет. Ал эми экинчи демилгечи – парламенттин азыркы спикери Дастан Жумабеков, ал Ш.Абдыкеримовго таандык болгон “Кыргызстан” партиясына депутат болуп келген болчу.

Келгиле, эстеп көрөлүчү, ушул депутаттар дагы жогоруда айтылган мыйзамдардан башка, эмнеси менен эсте калды.

Мирлан Бакиров кийимге болгон жогорку табити менен эсте калды.

Ал эми Дастан Жумабеков …

Эки депутат тең Матраимовдордун үй-бүлөсүн туу тутуп келишет жана экөө тең мыйзамга карата мамлекетке каршы оңдоолордун демилгечилери болуп саналат.

Парламент фракцияларынын лидерлерине жана кожоюндарына таандык болгон үч компаниянын баары ун жана ун азыктарын чыгарган рыноктун негизги бөлүгүн ээлеп келишет.

Мына ушул кожоюндар мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып мамлекетке 650 000 000 сом өлчөмүндө чыгым алып келишти.

Келгиле, үч партиянын шайлоого сарптаган чыгымдарын жана мамлекеттин бюджетине түшпөстөн, тигилердин чөнтөгүнө калган акчаны салыштырып көрөлү.

БШК расмий маалыматтарына ылайык КСДП чыгымы – 103,2 млн.сом, “Кыргызстан” партиясыныкы – 79,1 млн.сом, “Өнүгүү прогресс” партиясыныкы – 119,1 млн.сом түзгөн. Үч партия 301,4 млн.сом короткон, ал эми алар лоббирлеген иыйзамдан ишканалардын кирешеси катары бир жылда 650 000 000 сом алып, мамлекет бюджетке бир жылда салыктык чегерүүлөрдөн 650 000 000 сомду жоготуп алды. Башкача айтканда, алар шайлоого кеткен бардык расмий чыгымдарын актап алды, андан тышкары бир эле мыйзам менен бир жылда 350 млн.сом таап алышты.

Салыктан бошотуу мыйзамы эки жылдай иштеди, демек, алар мындан да көп акча табышты!

Импорттук данды кошумча нарк салыгынан бошотууда ун чыгаргандар эле эмес, башкалары да пайда көрүп калды.

Алкоголь ичимдиктерин чыгарган заводдор жыл сайын спирт жасоо үчүн жүздөгөн тонна дан алышат эмеспи. Ал эми биздеги эң ири алкомаганат ким? (экранга кайрадан Шакинин сүрөтү жана “АЮ” компаниясынын эмблемасы чыгат)

Эми мыйзамдын ун алган жөнөкөй сатып алуучулар, силерге жана бизге кандай кедергисин тийгизди, ошону карап көрөлү.

Депутаттар мыйзам чыгарып жатып, өз чөнтөгүн эмес, а элде арзан ун болсун деп ойлогондорун айтышат. Чын эле ушундайбы, келгиле карап көрөлү.

Импорттолгон дан кошумча нарк салыгынан бошотулгандан кийин ун баасы чын эле төмөндөдүбү?

2016-жылга карата унга болгон баа мурдагы жылдарга карата  Кыргызстанда төмөндөдү, бирок баа Кыргызстанда эле эмес, дан ташылып келген Казакстанда да түшүп кеткен.

Бирок баа буудайды ташып келүү жанан ун сатууну кошумча нарк салыгынан бошотуудан түшкөн жок. Баа теңгенин долларга карата курсу кескин девальвация болгондон жана Кыргызстандын ЕАЭБ уюмуна кошулгандыгына байланыштуу   төмөндөгөн. Бул жалгыз гана себеп болуп эсептелет.

2017-жылы Өкмөт бир жыл бою Дүйнөлүк валюта фондусунан бюджетти колдоо үчүн 1 800 000 000 сом өлчөмүндө грант ала албай убара болгон.

Дүйнөлүк валюта фондусу бюджетке жыйынтыгында 650 000 000 сом түшпөгөндүгү депутаттардын өз кызыкчылыгында мыйзам кабыл ала бергендигин токтотпосо, Кыргызстандын бюджетине жардам бере албай тургандыгын айткан.

2017-жылдын аягында ДВФ (Дүйнөлүк валюта фондусу) кысымы менен данды импорттоого жана ун сатууга кошмуча нарк салыгын төлөө кайтарылып берилген, бирок унга болгон баа 2017-жылы да, 2018-жылы да өзгөргөн эмес. Ун баасы кошумча нарк салыгынан бошотуу же аны кайта алып келүүгө байланыштуу болгон эмес, бул депутаттардын карандай калпы!

Ошол убактагы биринчи вице-премьер министр М.Д.Абылгазиев ошол эле 2016-жылы бюджетке депутаттардын ушул сыяктуу мыйзамдарынын кесепетинен башка тармактардан да 6 млдр сом түшпөй калганын билдирген эле.

Мына, алар ушинтип шайлоого сарптаган чыгымдарынын ордун бат эле толтуруп алат. Саткан добушуңуздар үчүн ушундай жаза аласыздар.

6 млрд сомго төмөнкү иштерди жасаса болмок болчу:

-60 мектеп курулмак, демек, Кыргызстандагы эң суук өрөөн болгон Нарында балдар темир контейнерлерде билим алмак эмес болчу;

-204 бала бакча курулмак, демек, бала бакчадагы ар бир группада 50 бала болмок эмес болчу;

-24 линиялык тездетүүчү;

-6 млрд сом – саламаттык сактоо тармагына карата бюджетке салынган каражаттан 2 млрд сомго көбүрөөк болмок;

-6 млрд сом – 461 538 мугалимдин орточо айлык акысы;

-6 млрд сом – 1 176 470 орточо пенсия

Бул партиялар жана депутаттар Жогорку Кеңештин кийинки 2020-жылдагы чакырылышына келебиз деп аракет кылат.

Силер бул депутаттардын парламентке келүүсүн каалайсыңарбы?

Силер партиялардын тизмесинде ушул депутаттардын болушун каалайсыңарбы?

Силер ушул партияларга өз добушуңарды сатып, ал эми алар силерди мындан ары да уурдап-тоношун каалайсыңарбы?” – деп билдирүү жасады экс-депутат Ширин Айтматова.

https://www.facebook.com/YMYT2020/videos/371299447094855/

Булак: «KyrgyzToday.kg»

Видео - Анджей Жот, саякатчы: "Мен дүйнөнүн 111 өлкөсүн автостоп менен кыдырып келатам, бир күнгө $2 гана коротом"

Дүйнө кыдырып, саякаттоо ар бир адамга эле жакса керек. Биздин каарманыбыз, 35 жаштагы Анджей  дагы 16 жашынан баштап автостоп менен жер кезип, дүйнө кыдырып келет. Азыр өлкөбүзгө саякаттап келген Анджей Жот кыргыз элинин меймандостугуна аябай ыраазы экендигин билдирди. Саякатчынын кызыктуу жашоосу тууралуу төмөндөн таанышыңыздар.

-Саламатсызбы Анджей мырза, алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?
-Менин атым Анджей Жот, улутум боюнча полякмын, бирок кош жарандуулугум бар, азыр Улуу Британиянын Ливерпуль шаарында жашайм. 3 айдан бери Борбор Азияда саякаттап жүрөм. Алайга барып 7134 метр бийиктиктеги Ленин чокусуна чыктым. Анан Ош жана Жалал-Абад облустары аркылуу автостоп менен Бишкекке, сиздерге келип калдым.
-Дүйнө кыдырып саякаттоого каражатты кайдан табасыз?
-Мен өзүм Исландияда кийим чыгаруучу фабрикада иштейм. Үстүмдөгү кийим ошол фабриканыкы. Батыш Европада саякаттоого жетишерлик чоң акча тапсаң болот.
-Жылына канча убакыт иштеп, канча убакыт саякаттайсыз?
-Былтыркы жылы 4,5 жума иштедим: 2 жумасын Францияда, ал эми 2,5 жумасын Англияда.
-Сиз саякаттап кетсеңиз үй-бүлөңүз кантип жашайт?
-Ата-энем жана иним бар, бирок өзүм үйлөнө элекмин. Азырынча келечек пландарымда үйлөнүү маселеси жок.
-Канча жашыңыздан баштап саякаттап баштадыңыз жана буга эмне себеп болду?
-Анда мен 5 жашта болчумун. Апам менен биринчи жолу узак жолго чыккам. Бирок менин эсимде жок. Биз Польшанын борборунда, ал эми чоң таятам  менен таянем шаардан 160 км алыстыктагы айылда жашачу. Ошол жакка чейин автостоп менен барыптырбыз. Анткени ал кезде ал жакка автобус же башка транспорттор жок эле. Кийин апам автостоп менен барса болорун айткан. Ошондон тартып мен автостоп менен дүйнөнү да кыдырып саякаттаса болот экен да деген ойго келдим.
-Өз алдынча саякаттоону качан баштадыңыз?
-16 жашымда биринчи жолу Германияга баргам. Бизде мыйзам боюнча ата-энесинин коштоосуз, жалгыздап башка өлкөгө 16 жаштан баштап гана саякаттоого уруксат берилет.
-Саякат учурунда күнүнө канча акча коротосуз жана эмнеге?
-Автостоп менен саякаттаганым үчүн транспортко эч нерсе төлөбөйм, кийим-кечек сатып албайм, болгону тамак-ашка күнүнө 2 доллар гана акча коротом. Айрым Непал, Индия сыяктуу өлкөлөрдө 1 доллар менен жашаса болот. Ресторандарга кирбейм, жылдыздуу мейманканаларга түнөбөйм, каучсерфинг ресурсу аркылуу бекер түнөтө турган жерлерге гана кирип түнөйм. Жатак таба албай калсам рюкзагымда чатырым бар, талаага орното коюп түнөп кете берем.

-Кыргызстанды саякаттап кыдырганыңызда кызыктуу учурлар болдубу, айтып берсеңиз?
-Алайга, Памир тоолоруна барганымда болду. Алайда автостоп жок болуп, жөө саякаттадым. Көп адамдар менен тааныштым. Алар аябай меймандос келишет экен. Ар бир боз үйгө конокко чакырып тамактандырып жатышты. Мага койдун башын тартышты. Мындай нерсени шаардан көрбөйсүң. Силердин Алай тоолорундагы Ленин чокусуна (7134 м) чыктым.
-Кыргызстанда сизге дагы эмнелер жакты?
-Бул жердин наны(лепешка) жакты. Бир жума Казакстанда болдум, бирок алардын наны бул жактыкына жетпейт экен. Албетте аларда да лепешка бар экен, бирок Кыргызстандын лепешкасындай даамдуу эмес. Андан тышкары Кыргызстанда самса, паалоо жакты…
-Кыргызстандын башка өлкөлөрдөн эмне айырмасы бар экен?
-Адамдар өтө меймандос келишет экен. Өзбекстанды да ушундай меймандос деп айтышат. Бирок ал жерде эки эле күн болдум. Жакшы билбей калдым. Эми жакында кайра барам.
-Дагы кайсы мамлекеттерге саякатка барайын деп жатасыз?
-Мен Кыргызстандын бардык облустарын көрдүм. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана башка жерлерди көрдүм. Эми Таласта боло турган көк бөрү оюндарын көргөнү барам. Андан соң Өзбекстанга, Түркмөнстан, Иранга кетем.
-А сизге кыргыз кыздары жактыбы, үйлөнгүңүз келген жокпу?
-Кыргыз кыздары корей кыздарына окшош экен. Негизи жакты. Бирок сүйгөнүмдү тапкан жокмун, анткени азырынча үйлөнгүм келбейт. Менден кичүү иним үйлөнүп алып, 4 балалуу болуп, эми эч жакка чыга албай, балдарын багып Польшада жатат.
-Саякат учурунда кыйын учурларга кабылган кездер болдубу?
-Ооба, кээ бир өлкөлөрдө Кыргызстан, Казакстандагыдай жардам беришпейт. Мисалы Түштүк Америкада кыйын. Ал жерде 4,5 саат ысыкта да, суукта да жөө басканга туура келет. Себеби машиналардын айдоочулары автостоп жүргүнчүлөрдү ала кетишпейт. Балким каракчы же бандиттер деп ойлошот да токтотпой өтүп кете беришет.
-Эмне үчүн автостоп менен саякаттайсыз же финансылык жактан маселе барбы?
-Эгерде күнүнө 10 доллар коротсом көп саякаттай албай калам. Эгерде күнүнө 2 доллар сарптасам 2 ай саякаттап жүрө алам.
-Сиздин хоббиңиз?
-Менин хоббим саякаттоо жана сүрөткө тартуу. Бирок видеого аз тартам. Сүрөттөрдү телефонго тартам. Мурда фотокамерам бар болчу. Бирок көтөрүп жүрүү кооптуу экен. Ар кайсы жакка барганда уурдап кетиши мүмкүн. Мисалы, Африкада же Түштүк Америкада бандиттер, каракчылар көп болот экен.
-Сиздин жогорку билимиңиз барбы?
-Ооба, бар. География-туристтик адистиги боюнча билим алгам.
-Келечектеги максаттарыңыз кандай?
-Мен Кыргызстандан Кытайга барайын дедим эле. Бирок бул жерден такыр виза ала албай жатам. Өзүм Улуу Британиянын жана Польшанын жараны катары кош жарандыгым бар болгондуктан Кытайдын Кыргызстандагы жана Казакстандагы элчиликтери визаны Улуу Британиядан алып кел деп жатышат. Мурун Кытайга барганымда визаны Монголиядагы элчилигинен алган болчумун. Эмнегедир бул жакта Кытайга виза алуу азыр оорлошуптур. Ошондуктан Таластагы Көчмөндөр оюндарын көрүп, андан ары Өзбекстанга өтөм, Иран элчилигине виза сурап кайрылдым, виза алсам Иранга барып түрө кыдырам, Түркмөнстанга өтүп саякаттап, анан Европага кайтам. Лондондон Кытай визасын алып, Кытайга келем, андан ары Лаоско өтүп, Вьетнам аркылуу Түштүк-Чыгыш Азияны кыдырам. Баса, мен англис тилин жакшы билем, ошондуктан Въетнамда же Түштүк Кытайда англис тилинен сабак берип иштеп, каражат жыйнап алып, анан дүйнөлүк саякатымды улантсам деген да оюм бар…

Анджей Жот Непалдын Гималай тоолорунда

Анджей Жот Непалдын Гималай тоолорунда, Анапурна

Анджей Жот Непалдын Гималай тоолорунда, дүйнөнүн чокусу – Эверест -8848 метр

Анджей Жот Непалдын борбору Катмандуда улуттук майрам учурунда

Анджей Жот Индияын Гималай тоолорунда, Ладак

Анджей Жот Индиянын Кашмиринде

Анджей Жот Тибетте (Кытай)

Анджей Жот Кытайда

Анджей Жот Бангладеште

Анджей Жот Бангладештин борбору Даккада 

Анджей Жот Японияын тоолорунда

Анджей Жот Японияда

Анджей Жот Сингапурда

Анджей Жот Монголияда

Анджей Жот Лаос өлкөсүндө

Анджей Жот Греланияда, Арктика

Анджей Жот Исландияда

Анджей Жот Францияда, Алпь тоолору Мон Блан чокусунда

Анджей Жот Францияда, Алпь тоолору Мон Блан чокусунда

Анджей Жот Кавказда, Элбурс чокусунда 5647 метр

Анджей Жот Кавказда, Элбурс чокусунда 5647 метр

Анджей Жот Кыргызстанда, Алайда Анджейге койдун башын тартышты

Анджей Жот Кыргызстанда, Ленин чокусунда 7134 метр

Анджей Жот Кыргызстанда, Ысык-Көлдө

Анджей Жот Казакстанда

Анджей Жот Казакстанда

Анджей Жот Мартиника тоолорунда Кариб деңизи, Атлантика оеканы

Чолпон Алмазбек кызы
Булак: Kyrgyztoday.kg

Видео - Кубан Мамбеталиев, профессор: "Азаттыктын" мурунку "Ыңгайсыз суроолор" берүүсү азыр "ыңгайлуу суроолорго" айланып калды

“Азаттык” радиосу 2002-2005-жылдары аябай жакшы, үлгүлүү иштеген. Ошондо “Азаттык” журналисттер кандай иштеш керек экенин көрсөткөн. Анда бийлик журналисттердин микрофонун, видеокамерасын тартып алышып, өздөрүн тиякка-биякка сүйрөп, ал эми Аксы окуясында ок жеп каза болгон жарандардын денесинен окту чыгарып, далилди жок кылыш үчүн бычак менен чукулап, “булар октон өлгөн жок” деп жарыялашкан. Ошондо чындыктын баарын “Азаттык” Прагадан дүйнөгө таратып жиберген. Англис тилине да которуп, Аксы тууралу чындыкты таратышкан. Анан гана ал чындык бизге да жеткен”, – деп билдирди кечээ, 9-сентябрда Ош шаарында өткөн республикалык “Ийгиликке кадам” аттуу медиафорумда форумдун спикери, публицист, филология илимдеринин доктору, элчи Кубан Мамбеталиев.
“Азыр болсо “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүн алалы, башында ушул берүүнүн идеясын мен Кубат Оторбаевге айттым эле, ал берүү ошондо башталган. “Азыр болсо ал “Ыңгайсыз суроолор” деген жок, “ыңгайлуу суроолор” болуп калды бул “Азаттык” радиосу. Эми “Азаттык” радиосу таптакыр эле жабылып калса деле эч нерсе болбойт. Бизде азыр бардык база түзүлгөн. Аларсыз деле күн көрөбүз. Алдыңкы басылма болбой калды, каяктан алдыңкы болмок эле, кызматтан куулган президент менен премьер-министрлердин пресс-секретарларын “Азаттык” Бишкек бюросуна жетекчи кылып алып жатса. Ал эми бийлик “Азаттыкта” иштеген журналисттерге “Маданиятка эмгек сиңирген ишмер” деген сыйлыктарды берип жатса. Бул эмне деген шумдук? Эмне деген ыңгайсыздык? “Биздин коомдогу эң ийгиликтүү, эң баалуу тармак – бул журналистика. “Демократия аралчасы” деген ат бизге мына ушул сөз эркиндиги үчүн берилген. Конституцияга “президент бир эле мөөнөткө шайланат” деген норма мына ушул журналисттердин күчү менен, укук коргоочулардын жана оппозициячыл саясатчылардын колдоосу менен кирип калган…”, – деди профессор Кубан Мамбеталиев.
Булак: KyrgyzToday.kg

Өмүрбек Текебаев: "Мен 30 жыл саясатта жүрүп, сиздердин турмушуңуздарда кескин радикалдуу өзгөртүү жасай алган жокмун"

“Мындан 30 жыл мурун, мен 30га чыга элек мугалим элем, биздин аталарыбыз негизинен колдоп, батасын берип мени саясатка аттандырган. Ошол 30 жылдан бери мен жеке сиздердин турмушуңуздарда кескин радикалдуу өзгөртүү жасай алган жокмун”, – деп билдирди бүгүн, 2-сентябрда Өмүрбек Текебаев өзүнүн кичи мекени, Жалал-Абад облусунун Акман айылында жердештери менен жолугушуп жатып.

“Бирок ошого карабастан чоң аталарыбыз, аталарыбыз, теңтуштарыбыз, балдарыбыз мени колдоп келе жатасыздар, төрт муун. Бул сиздердин көрөгөчтүгүңүздөр, акылмандуулугуңар, туруктуулугуңар, өжөрдүгүңөр. 30 жылдан бери бир пикирде, бир адамды колдоп келе жатасыздар. Бул өзгөчө сапат”, – деди Текебаев.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Өмүрбек Текебаев: "Мен түрмөдө олтуруп Үсөн Сыдыков, Тойгонбай Калматов акелерге суктандым, алар "мамлекеттик төңкөрүш" беренеси менен олтурушту, а мен "коррупция" менен"

Политический заключенный, чрезвычайный и полномочный посол Кыргызстана, экс-депутат ЖК и экс-губернатор Бектур Асанов о том, почему он оказался в числе пяти общественных деятелей, которые подписали открытое письмо руководству Радио «Свободная Европа» / Радио «Свобода», в Конгресс США и Агентству США по глобальным медиа о необходимости тщательной проверки деятельности руководства Кыргызской службы РСЕ/РС – Радио «Азаттык», потому что в последние годы наблюдаются признаки, что «Азаттык» отходит от фундаментальных принципов демократии, идет на сговор с властями, нарушает высокие принципы истинной демократии…

 

Курсан Асановдун 8-августта Атамбаевдин пакети менен качып кеткен шоопуру кармалды

Кечээ, 23-августта генерал Курсан Асановдун 8-августтан бери качып, таптырбай жаткан шоопуру жана жан сакчысы, милициянын сержанты Дамирбек Пайзулла уулу кармалып, Бишкек шаардык милициянын тергөө абагына камалды. Бул тууралу биздин укук коргоо органдарындагы булактарыбыз тастыкташты.

Дамирбек Пайзулла уулу 8-августта Алмаз Атамбаевдини үйүнөн чыккан кызыл чоң пакетти өзүнүн шефи Курсан Асановдун колунан алып машинасына шашып баратканы, анын артынан генерал Курсанов кеткени видеокамераларга тартылып калган.

Ошондон бери Дамирбек Пайзулла уулу милицияга таптырбай качып жүргөн. Жумушка чыкпаганынан улам кызматынан расмий бошотулган. Шефи Курсан Асановго каршы козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары дароо эле изделе баштаган болчу.

Дамирбек Пайзулла уулу Курсан Асановдун жердеши – Кара-Суу районунан болот. Милицияга эки жыл мурун Курсан Асановдун колдоосу менен кызматка алынган.

Милициянын версиясы боюнча Атамбаевдин ал пакетин милицияга карматпай алып чыгарып кетүү операциясы Курсан Асанов жана Атамбаевчилер тарабынан конспирациянын мыйзамдарын терең ойлонуу менен иштелип чыккан. Натыйжада эки окшош пакет билдирилбей пайдаланылган.

Жоголгон пакетте Атамбаевдин үйүндө сакталган баалуу документтер, анын ичинде Атамбаевдин чет элдерде сакталган миллиондорунун да банктык документтери болгон.

КР Ички иштер министринин орун басары, генерал Курсан Асанов 8-августтагы Атамбаевди кармап келүү операциясынан кийин, 13-августта “милициянын кызыкчылыгына саткынчылык кылды” жана “ишенимди жоготту” деген айыптар менен кызматынан бошотулуп, ага карата кылмыш иши козголгон.

Булак: Kyrgyztoday.kg

 

Меню