Menu

РЕДАКЦИЯНЫН ТАНДООСУ

Бермет Букашева, журналист: "Де-факто көлдөн чыккан журналисткалар "Азаттыкка" толуп кетиптир. Ал чындык. Мен да көлдүкмүн, ошондуктан "Азаттыктан" кеттим"

“Азаттык” радиосунун “Секреты власти” телеберүүсүнүн автору Бермет Букашева азыр “Азаттыктын” айланасында чыгып жаткан чуудан улам бул медиауюмдан кетерин жарыялады.  Анын себептерин өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасында кыргызча-орусча аралаштыра жазып түшүндүргөн:

После этого письма (Спасти Радио «Азаттык» от непотизма и коррупции — открытое письмо – ред.КТ) очень много мне пишут и рассказывают коллеги про нездоровые явления в Азаттыке. Сопоставляя это со своими наблюдениями, я тоже пришла к своим выводам. Не хочу выливать сор из избы.

21.08.2019.

ххх

Мне нужно больше свободы от интриг, цензуры, всякого рода ограничений.

ххх

Если кому-то то от этого легче станет, могу сообщить, что я, иссык-кульская, ухожу из «Азаттыка» по собственному желанию. Дарю передачу «Секреты власти». Название и концепцию я сама придумала.

20.08.2019.

ххх

Кыргызстанды көлдүк киши (легендарлуу Жусуп Абдрахмановдон тышкары) башкарган эмес. Ошондой тагдыр башка буюрбаптыр көлдүктөргө. Без злого умысла, вероятно. Атайын көлдүктөрдү жолотпойлу деген санкция болгон жок деп ишенем. Бирок ыйык көлүбүздүн, кыргыздын берметинин жери деле баатырларды төрөгөндөй болуш керек эле…

Эми Ыссык-Көлдүн кыздары журналистикада кокустан кыйын болуп чыгышыптыр. Так уж получилось. Байкаганым, көлдүн аялдары чындыкты бетке айтканды жакшы көрүшөт. Ошол кыял себепби же жөн эле кокустукпу, билбейм. Мен орусча сүйлөгөн шаардык неме не очень хорошо разбираюсь в региональных особенностях и трайбализмом не страдаю.

Кандай болбосун, де-факто көлдөн чыккан журналисткалар “Азаттыкка” толуп кетиптир. Ал чындык. Верю, что без злого умысла. Мен “Азаттыкта” штатный журналист болбосом деле (фрилансер), тоже көлдүкмүн. О том, что и другие дамы там кольские, случайно узнала, уже работая там. Удивилась, посмеялись совпадению такому. Венера Жуматаева о том, что я кольская узнала уже постфактум. Думаю, она не рада уже была, что столько нас, её невольных землячек, в Азаттыке. Но неужели она должна была увольнять кого-то только ради регионального баланса?

Разве Бурулкан Сарыгулова, Бюбюкан Досалиева, Айзада Касмалиева, Айнура Асанкожоева не достойно ведут свои передачи? Ведь они доказали многолетней работой свой профессионализм? Недавно познакомилась с Гуляим Ашакеевой. Очень хорошее впечатление на меня произвела. Самый плохой ведущий – это я, постоянно перебиваю собеседников. Пусть меня уволят за это, а не потому что я из племени Бугу. Критерием критики должно быть отсутствие профессионализма, а не родовые корни.

Я не в курсе насчет историй с увольнениями, насколько они были справедливыми или нет, но то, что авторы жалобы на Венеру сделали упор на землячество, вносит свою лепту в раскачивание межрегиональной розни. В тот момент, когда вся страна кричит: «южане наступают», им стоило подумать об этом.

Если вы помните, я в числе ярых критиков Атамбаева и осуждаю такие разговоры его сторонников как «оштуктар башкарабы бизди»… Но вы поймите, авторы жалобы, ведь все будут думать, что именно южане во власти заказали это ваше обращение к руководителю Радио Свобода. Зачем вы провоцируете межрегиональные раздоры?

19.08.2019.

Бермет Букашева, журналист

Карамат Токтобаева, журналист: "Мен Жуматаевага "кошомат" кылалбадым. Ал "Азаттыкты" жеке менчигиндей пайдаланып келет"

Көлдүкпү же башкалыкпы айтор кошоматы келишкенди жанына тегереткени чын. Менин “кошматым” туура келбедиби фрилансер болуп киргенден тартып каарып кирди. Бир кичинекей нерсе үчүн чаңырып чыга калат. Эмнеден ката кеткеними өзүм билген жокмун. Карасам менин жазган блогдорум көп окулат. Жазып баштайм. Жанталашпай жаз дейт. Ошентип аз өтпөй эле чыгарып салды. Мен өч алайын деген деле жокмун. Бирок костюмун желбегей жамынып жаныма келсе эле итатайым тутулчу. Аялдын көпкөнүн ошондо биринчи көрүп таңгалгам. Ага дейре катташып, чай ичип эле жүрчүбүз. Турган жерден кагып-силкип баштады киргенден тартып. Андан кийин жазган блогдорумдун бири дагы жарыяланбады. Мен Жуматаевага “кошомат” кылалбадым. Менин жазганымды чыгармак тургай мен тууралуу бир маалымат кетсе кыркып турат. ” Азаттыкты” жеке менчигиндей пайдаланып келет.

Карамат Токтобаева, журналист

Шайырбек Эркин, журналист: "Азаттыктагы" арамзалык

Акыркы күндөрү “Азаттыктын” тегерегинде кеп-сөз күчөшү мени да ойго салды. “Азаттыкта” баш-аягы 17 жылдай иштептирмин, кырчындай жаштыгым калды. Региондук кабарчылыктан тарта Бишкекте, кийин Прагадагы баш кеңсесине чейин ар кандай тепкичтерди басып өттүм. Анын ичинен 7-8 жылдай “Азаттык” сайтынын башкы редактору болдум, күндөп-түндөп иштеген учурлар болду. Азыркы мульти-медиалык сайт ошол учурда башталып, миллиондук деңгээлге чыгышына салым коштук.
Эми ошол мен үчүн ыйык болгон “Азаттык”, тагыраагы анын азыркы жетекчилиги коомчулуктун кайсы бир бөлүгү тарабынан непотизм менен коррупцияга айыпталып жатышы албетте өкүнүчтүү. Бул катты жазып, кол койгондор менен жеке мамилем жок, бирок тилекке каршы анда жазылгандар дээрлик туура деп эсептейм. Анда менин да атым аталып калгандыктан өз оюмду, көргөн-билгенимди айтууга туура келүүдө.

Айрым кесиптештер өзүбүздөгү трайбализимди эл аралык деңгээлге алып чыгуунун канчалык кажети бар, болсо болгондур, көлдүк журналисттер кыйын болсо эмне кылалы дегендей ойлорду жазууда. А ошол эл аралык деп эсептелген мекеме “кыргызбайчылыктарга” чулганып, ирип-чирип атса, радионун устав-эрежелери, принциптери одоно бузулуп атса да көз жумуп, унчукпай отура бериш керекпи анда? Башкасын айтпаганда “Азаттыктын” азыркы жетекчилик-редакторлук курамы (5-6 адам) жалаң бир региондон чыккан эже-сиңдилер экен. (“Азаттыкта” аялдардын кантип жалайык жууганын талкуулаган “Эже-сиңдилер” деген берүүсү бар беле, тамаша албетте:))… Мындан тышкары акыркы бошогон орундарга да көбүнчө көлдүктөр алынган. Же өзү Бишкекте туулуп өссө да түбү көлдүк, же көлгө жээндер, кур дегенде ушул аймакка күйөө бала болгондор. Бул эмне трайбализм, непотизм эмеспи, аны башкача кантип айтабыз? А көлдүк журналисттер кыйын болсо эмне кылалы дегендер баягы Бакиевдин бир кезде “инилерим акылдуу болсо эмне кылайын” деп алакан жайганын эске салат эрксизден.
Мен өзүм жердешчиликти, аймакка бөлүнүүнү жинимден жаман көрөм. Эгер кокус бул орундардын эки-үчөөндө эле бир аймак эмес, Кыргызстандын тен жарымын ээлеген Ош, Жалал-Абад, Баткенден чыккандар отурганда “оштуктар ээлеп алды” деп айтып чыкмакпыз балким. Мүмкүн кыргыздын табияты ошондойдур. Мен сыйлаган Тынчтыкбек Чоротегин агай менен аке-досум Кубат Оторбаев да бир кезде “Азаттыкты” башкарып турганда ушундай сөздөрдөн, эл эмне дейт дегенден уялган үчүнбү нарындык жердештерин жумушка алгандан айбыгып турчу окшойт азыр ойлосом. Буга бир канча кесиптештеримдин “нарындык болгон үчүн ишке албай койгон” деп айтып, жазып жатышы күбө. Азыркылар болсо “эмне дешсе ошо дешсин, билгенибизди кылабыз” дегенге өтүп алган го кыязы. Кандай болсо да жердешчилик, трайбализм кыргыз коомунда талылуу маселе экени эске алыныш керек эле бир аз болсо да…
Эми бул трайбализм маселесине анча тереңдебей, сөздү башка нукка буралы, чукуса сөз чыга берет окшойт. Мен урматтаган дагы бир инсан, ыраматылык Султан Жумагулов мамлекеттик каналга директор болуп кеткен соң Венера Жуматаева “Азаттыктын” Бишкек бюросуна мурдагы премьер-министр, өлкөдөгү эң чуулуу саясатчылардын бири Өмүрбек Бабановдун маалымат катчысы Султан Каназаровду алып келген. Бул RFE/RL эреже-принциптерине, эл аралык журналистиканын стандарттарына таптакыр каршы иш болгон. Анткени бул эреже-принциптерге ылайык, “Азаттыктын” жетекчиси эле эмес, жөнөкөй кабарчысы да саясий күчтөргө тиешеси, саясатчылар менен жакын, ысык мамилеси болбошу керек. Султан Каназаров ошол учурда Өмүрбек Бабановдун “Республика” партиясында иштеп, Бабанов менен коюн-колтук алышып жүргөн, анын көздөй адамдарынын бири болчу.

Аны “Азаттыктын” Бишкек бюросуна жетекчиликке дайындоо учурунда Прага менен Бишкек офистеринин ортосунда он-лайн байланыш жүрүп, ага RFE/RL Борбор Азия кызматынын жетекчиси Абас Жавади менен Венера Жуматаева да катышкан. Ошондо Айданбек Акмат уулу, мен жана башка кабарчылар Султан Каназаровдун саясий күчтөргө жакындыгын, а түгүл аралашып жүргөнүн айтып, анын директорлукка келиши радионун устав-эрежелерине канчалык туура келет деген суроону кабыргасынан койгонбуз. Бирок Абас Жавади да, Венера Жуматаева да бул суроого так жооп бере алган эмес. Будамайлап кеткенде мен суроого жооп болбогонун айтып, кайра кайталап бергенимде ооздоруна “бысмылда” кирбей, ортодо бир мүнөттөй пауза болуп калган. Ага кыргыз кызматынын Бишкек жана Прага офисиндеги ошондогу кызматкерлери баары күбө. Ошентип RFE/RL эреже-принциптери одоно бузулганына карабай Султан Каназаров Бишкек бюросуна жетекчиликке дайындалган. Ал жетекчи болуп турганда мурдагы шефи Өмүрбек Бабановго чаң жугузбай, керек учурда аны “Азаттык” аркылуу кыйыр да, түз да пиарлап турду. Буга 2014-жылдын 30-декабрында, кечки прайм-таймда башкы канал – КТРК аркылуу чыккан “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” программасы далил. Анда бул программанын эки тараптан эки киши чыкчу форматын одоно бузушуп, Өмүрбек Бабановду жалгыз чыгартышкан. Жана ага берилчү суроолор алдын-ала даярдалып, макулдашылган. Эң кызыгы – акырында Бабановго эркин микрофон берилип, Бабанов элди жаңы жылы менен куттуктоосуна, өз каалаган ой-пикир айтуусуна кенен убакыт берилген. Саясатчыларга эркин микрофон берип, каалагандай сүйлөтүү “Азаттыктын” тарыхында буга чейин болгон эмес эле. Бери дегенде бул “Азаттыктын” эзелтен келаткан салт-принциптерин, он миңдеген доллар төлөнүп чыгып жаткан кымбат эфирин, жок эле дегенде миңдеген угарман-көрөрманын сыйлабагандык. Демек бул программа кызылдай Бабановду пиарлоо болгонун медиаэксперт эмес, катардагы көрөрман деле айтып берет. Анын акыркы бөлүгүн мобул шилтемеден көрсөңүз болот. https://www.youtube.com/watch?v=Ap2T3gB6ATs

Султан Каназаров 2015-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында да талапкер партия лидерлеринин баарына сөз беребиз деген шылтоо менен “шефи” Өмүрбек Бабанов менен тандемдеши Камчыбек Ташиевди “Азаттыктын” сайты аркылуу түз эфирге чыгарттырып, аларга ыңгайлуу суроолорду бердирткен. Бул кыйыр реклама болгонун аны көргөндөр четтен айтып чыккан. Андан кызыгы ошол 2015-жылдагы парламенттик шайлоо алдында, эң жооптуу учурда – шайлоо өнөктүгү маалында Султан Каназаров “Азаттыктагы” ишинен отпуск алып, “Республика” партиясынын – Бабановдун шайлоо штабына отуруп алып, пиар жагын тейлеп иштеген да, шайлоодон кийин директорлук кызматына кайра келип отуруп алган. Бул дагы “Азаттыктын” принциптерине караманча каршы иш болгон. Бирок Венера Жуматаева ага макул болуу менен көз жумуп койгон. Демек бул сүйлөшүлгөн иш болгон. Буга жетиштүү далилдер жана күбөлөр бар. Ишенбесе “Азаттык” ошол учурдагы иш кагаздарын аңтарып көрсүн.
Ошентип Султан Каназаровду каалагандай калкалаган Венера Жуматаева коллективдин ичинде бул аракеттерди ачык, катуу сындап чыккан тажрыйбалуу кызматкерлерге бут тосуп, эптеп иштен кетирүү айласын издей баштаган. Алардын ишинен кынтык таба албаган Венера Жуматаева менен Султан Каназаров акыры Прага офисиндеги бир жылдык ротация ыкмасын колдонууга өтөт. Тактап айтсак, “Азаттыктын” ичинде өздөрү оппозиция деп эсептеген, 15-20 жылдан ашуун иштеген, тажрыйбалуу журналист-редакторлорду – мени менен Айданбек Акмат уулун 2015-16-жылдары бир жылдык контракт менен Прагага иштегени чакырышат. Контракт бүткөндөн кийин “орун жок, күтө тур” деген шылтоону айтышат. Де-факто бир мекеме болгону менен Бишкек бюросу “Азаттык-медиа” деген ат менен Кыргызстанда өзүнчө катталган. Андыктан Бишкек жана Прага бюролоруна өз-өзүнчө контракт түзүлөт. Ушул эле ыкма анын алдында дагы бир таланттуу журналист Аида Касымалиевага да колдонулган эле. 2017-жылы ушул эле ыкма Айданбек Акмат уулуна да колдонулат. Жылдык ревьюдагы көп көрсөткүчтөр боюнча Айданбек Акмат уулу мыкты деп табылганына карабай, аны да четтетип, ага аны президент Атамбаевдин талабы деп түшүндүрүшөт. Башкача айтканда ошол учурда Атамбаев “Азаттыкка” 20 миллион сом доо коюп, соттошкону жаткан. Бирок “Азаттыктын” жетекчиси Венера Жуматаева менен сүйлөшүүдө Атамбаев “мени сындап жүргөн Айданбекти иштен кетирсеңер арызды алабыз» деп талап койгон имиш. Эгер бул чын болсо анда “Азаттык” күчтүү журналистин коргой албай, Атамбаевдин айтканын кылган болот.
Кыскасы Венера Жуматаева баштаган топтун өздөрүнө жакпаган кызматкерлерди мындай ыкма менен кетириши бери дегенде компания – RFE/RL үчүн чыккынчылык. Себеби Прагадагы бир жылдык контракт деген өзү башында (Чоротегин агай башкарып турган учурда) Бишкектеги мыкты кызматкерлерди ротациялоо менен дагы да такшалтып, тажрыйбасын арттыруу, кайра алардын тажрыйбасын иш үчүн колдонуу максатында ачылган эле. Бул үчүн ошол кызматкердин айлыгына, Прагадагы бир жылдык квартирасына, жол жана башка чыгымдары үчүн жүз миңдеген доллар каражат сарпталат. Демек ошончо каражат сарпталган кызматкердин тажрыйбасын колдонбой, иштен акырын узатып коюу – ошончо каражат талаага кетти дегендик. Бул эч кандай логикага, эч кандай менеджментке сыйбаган иш. Албетте акча өз чөнтөгүнөн кетип атпаган соң Венера Жуматаева менен Султан Каназаров ротация маселесин ушинтип өз кызыкчылыктары үчүн, аларды сындап турган кызматкерлерден арылып, “жыргап-куунаган” бийлигин улантуу үчүн колдонгон.
Тескерисинче, ошол эле жылдары Өкмөткө жана Жогорку Кеңешке иштеп кеткен кызматкерлерин Венера Жуматаева кайра кучак жая тосуп алган. Маселен, 2015-жылы премьер-министр Темир Сариевге, парламент спикери Чыныбай Турсунбековго пресс-секретарь болуп кеткендер шефи кызматтан кетери менен “Азаттыкка” кайра келип алган. Прагадагы башкы офисте иштеп келгендерге табылбаган орун ошентип бийликте иштеп, саясий күчтөрдүн камчысын чапкандарга оңой эле табылган. Муну демек “Азаттык” өзүнүн башкы офисинде эмес, Ак үй, Көк үйдө “стажировкадан” өткөндөргө артыкчылык берет экен деп түшүнсөк болобу? Кыскасы бул жерде да RFE/RL принциптери одоно бузулган.
Дагы бир жагдай – “Азаттык” дал ушул Венера Жуматаева башкаргандан бери ири өлчөмдөгү соттук доолорго жыгыла баштаган. Маселен 2012-жылдары Бишкектеги бир мечиттин Нурлан аттуу имамын сот, тергөөгө чейин эле педофилдикке айыптап жазып чыккан. Кийин бул үчүн имам сотко берип, утуп алганын, “Азаттык” бир миллион сомду куруттай кылып шатырата санап бергенин азыр айтылуу аалым Чубак ажы айтып жүрөт. Андан кийин “Азаттык плюс” телеберүүсү сойкулук боюнча берүү тартып, анысына Ош аэропортунан чыгып келаткан кыздар тартылган кадр чапталып калат. Дал сойкулар боюнча сөз болгон жерде ошол кыздардын жүзү даана көрсөтүлгөн кадр эфирден кетет. Ал кыздар билим берүү долбоору боюнча иштеген Бишкектеги бир таасирдүү мекеменин кызматкерлери болуп чыгат. “Азаттык” “опровержение” бергенине карабай, ошол төрт кыз сотко кайрылып, сот “Азаттыкты” алардын ар бирине жүз миң сомдон (төрт жүз миң сом) төлөп берүүгө милдеттендирет. Албетте бул каражат Венера Жуматаеванын чөнтөгүнөн эмес, RFE/RL бюджетинен, демек АКШдагы салык төлөөчүлөрдүн эсебинен төлөнөт. Венера Жуматаева мындай калпыстыкка жол берген кызматкерлерин жазаламак тургай, аларды кайра Прага офисине которуп кетет.
Андан кийин да “Азаттык” парламент спикери Чыныбай Турсунбековду негизсиз каралаган макаласы үчүн сотко берилип, акыры бир канча таасирдүү адамдарды ортого салуу менен кечирим сурап кутулат. Өз жазганын төгүндөп, кечирим суроо айла жоктогу акыркы чара экенин өзүн сыйлаган ар бир медиа мекеме жакшы билет. Негизи эл аралык журналистиканын эрежелерин карманган, баарын эки тараптуу, калыс, тактап чагылдырган медиа эзели сотко кабылбаш керек, кабылса да эгер чын эле калыс чагылдырса айыпка жыгылбаш керек. Башкача айтканда сотко кайрылууга себеп болгон жагдайларга жол берилбеши шарт. Демек бул маселе да “Азаттыктагы” негизги принциптер – бейтараптуулук, калыстык, фактыларды тактоо принциптери сакталбагынан кабар берет. Эми санай берсе мындай нерселер, Атамбаев бийлигинин айтканын жасап, кээ бир материалдарды сайтынан өчүрткөн, же алар каалагандай материал жасаткан фактылар, одоно каталарга жол берилген учурлар толтура. Кези келсе аларды да айтып чыгабыз….

Шайырбек Эркин, журналист

Өмүрбек Абдрахман, экс-депутат: "Азаттык" реформага муктаж... Венера Жуматаева демократиянын терең маанисин түшүнбөгөн жетекчи экен

«Азаттык” мыкты иштейт, бирок өзүнүн Уставдык милдетин өтө начар аткарат. Уставында жазылып турат: «Азаттык» демократиялык баалуулуктарды пропаганда кылат…  “Азаттык” баардык нерседен кабардар кылат. Бирок демократиялык баалуулуктар, принциптер, стандарттар деген нерселерди пропаганда кыла албай келет. Буга эң биринчи иретте анын жетекчиси Венера Жуматаева күнөөлүү. Мен Венера менен бир топ жолу атайы жолугуп сүйлөшкөм. Бирок ал киши демократиянын терең маанисин түшүнбөгөн, журналисттердин күчүн демократиянын негизги баалуулуктарына бура албаган жетекчи экенин билдим. Ушул себептен мүмкүн Кыргызстанда демократия жөнүндө түшүнүк калыптана алган жок. Төнкөрүштөр болду, бирок мамлекет өзгөрбөдү, Конституциялар өзгөрдү, бирок алар демократиялык системага жакындабады. “Азаттык” информацияны, күнүмдүк саясый интригаларды, курч социалдык маселелерди чагылдыруу менен гана алек болгон радио болуп калды… АКШ Конгресси аз эмес каражатты “Азаттык” Уставдык негизги максатын аткарсын деп берип жатат…. “Азаттык” реформага муктаж…

Өмүрбек Абдрахман, ЖКнын экс-депутаты

Коомдук ишмер Манас Саматов "Азаттыктын" Бишкек бюросунун жетекчисине кайрылуу жасады: "Трайбализм илдети силерге да жеткендей"

Коомдук ишмер, техника илимдеринин кандидаты Манас Саматов социалдык тармактар аркылуу “Азаттык” радиосунун Бишкектеги бюросунун жетекчиси Айзада Касымалиевага кайрылуу жасап, “Азаттык” акыркы жылдарда калыстыктан тайып, мыйзамдуулукту сыйлабай, айрым журналисттери саясатчыларга адвокат болуп алышып, трайбализм илдетине чалдыкканын белгилеп, кыргыз элине калыс маалымат берүүгө чакырды. Баса, Манас Саматов 2015-жылы АКШга барган жоон топ коомдук ишмерлердин курамында “Свобода” радиосунун Вашингтондогу башкы кеңсесине кирип,  “Азаттыктын” кыргыз редакциясы акыркы жылдарда калыстыктан тайып, бийлик менен тымызын кызматташып, оппозицияны чанып, бир жактуулукка ооп кеткенин ачык бетке айтышкан. Америкалыктар скайп аркылуу Прагага чыгып, “Азаттыктын” жетекчиси Венера Жуматаева менен кыргыз делегациясына түз эфир уюштуруп, Жуматаева “азыр ооруп жүргөнүмө байланыштуу коллективге көзөмөл азайып кетти эле, эми ишти оңдойм” деп убада кылган… Ошол делегациянын мүчөсү Манас Саматов эми “Азаттыктын” Бишкек бюросунун жетекчисине төмөнкүдөй кайрылды: ( текст)

“Айзада Касымалиева, байкашымча мен сыйлаган Азаттыктын коллективи акыркы жылдары өзүнүн негизги милдеттерин, демократиялык баалуулуктарды даңазалоо, окуяларды калыс көз караш менен чагылдыруу, сөз эркиндигин туура пайдалануу сыяктуу принциптерден бир аз четтей түшкөндөй туюлат.
Айрым эски саясатчыларды улуттук лидер катары сүрөттөп, алардын баскан-турганынан бери элге маалымат берип, акыркы окуяларды чагылдырууда да мыйзамдуулукту сыйлаштын ордуна “ким кимди колдошту өзү билет” философиясын таркатып интервью жасаганыңар мени таң калтырды, Кой-Таш.
Айрым журналисттер адвокат болуп алгандай сезим калтырып жатышат, трайбализм илдети Сиздерге да жеткендей сезилет экен.
Сиздердин Кыргыз элинин тагдырын туура багытка буруп иштөө мүмкүнчүлүктөрүңүздөр өтө чоң.
Сиздер мындай мүмкүнчүлүктү натыйжалуу пайдаланып Кыргыз элине калыс маалымат берүүнү туу тутуп иштейсиздер деген үмүтүм зор!
Алкыштар!”

Манас Саматов

Сөз эркиндигин коргоо комитети: Журналистиканы пропаганда менен чаташтырууга болбойт

 Бишкек, 11-август 2019-жыл

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышына жана анын бардык мүлкү камоого алынышына байланыштуу анын жеке менчик «Апрель» телеканалы обого чыга албай калды. Андыктан Сөз эркиндигин коргоо комитети өлкөнүн жарандарын, журналисттерди жана медиа-уюмдарды бул фактыга өтө терең ойлонуу жана жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат.

Өзүнүн бүткүл ишмердиги учурунда саясий да, экономикалык да, маданий же башка кадимки адамкерчилик эрежелерди карманбаган адамга толук жана бүтүндөй баш ийген телеканалдан – алар кайсы бир жогорку журалисттик принциптерди карманат деп күтүү мүмкүн эмес эле, бирок андай мүмкүнчүлүк бар болчу жана зарыл эле. Анын ордуна телеканал жалгыз бир адамдын кызыкчылыктарына талашсыз кызмат кылуудан башка жол көргөн жок жана ошону тандап алды.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында телеканалдын ээси менен жетекчилиги журналистиканын негизги принциптерин бузуп, телеканалдын директору менен айрым журналисттерин КСДПнын саясый кеңешинин мүчөсү кылып шайлап алды. Аны менен алар өздөрү – бул телеканал деги эле маалымат каражатыбы деген cуроо пайда кылды. Аны менен кошо – «Апрель-ТВнын» өзүнүн редакциялык саясаты барбы жана кайсы бир олуттуу журналисттик принциптерди алар карманабы деген да суроолор туулду.

Телеканал жамааты жана жетекчилигинин мындай кадамдарын өлкөдөгү бир дагы журналисттик уюм сынга алган жок. Ал аз келгенсип, азыр айрым журналисттер жана журналисттик уюмдар мүлкү камакка алынганы үчүн гана бул телеканалды кадимки эле маалымат каражаты катары коргоого аракет кылууда. Бирок анын имараты менен техникасы гана эмес, телеканалдын өзү жана анын бардык программалары да өзүн толук дискредитациялаган саясатчынын мүлкү менен пропагандисттик куралы экенин унутпаш керек.

Мындай телеканалды коргоо – өлкөдөгү журналисттик уюмдардын жана деги эле жалпы коомдун жетиле элек экенинин ашкерелейт. Бир жеке кишинин же кайсы бир жалгыз саясый партиянын пропагандалык органы менен чыныгы маалымат каражатынын айырмасын ажырата билиш керек. Эркин маалымат менен пропагандалык продукцияны чаташтыруу менен өлкөнү жана коомду өнүктүрүү мүмкүн эмес. Негизги коомдук түшүнүктөрдү минтип бурмалоо коомдун өзүнө зыян жана коркунуч жаратат.

Оперативдүүлүк, техникалык жогорку адистик же социалдык багытта кээде материалдарды даярдап коюууга жамынып алып, коомчулукту алаксытып, мындай пропагандисттер коомдун чыныгы кызыкчылыктарын бир ууч тар чөйрө же жалгыз бир саясатчынын кызыкчылыгына багындырууну көздөгөн максаттарынан эч качан тайбайт. Аны туура түшүнүү зарыл жана журнализмдин терисин жамынган пропагандисттерден чыныгы журналисттерди айырмалай билишибиз керек.

Сөз эркиндигин коргоо комитети

Видео - Фарид Ниязов 8-октябрга чейин Бишкектеги СИЗО-1 абагына камалды

Бүгүн, 10-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту КР Президенттик аппаратынын экс-жетекчиси Фарид Ниязовду 7-августтагы Кой-Таштагы, Атамбаевдин үйүндөгү окуялар боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин “Адамды барымтага алуу” жана “Массалык баш аламандыктарды уюштуруу” беренелери боюнча 8-октябрга чейин Бишкектеги СИЗО-1 абагына камакка алууга чечим чыгарды.

Эсиңиздерге сала кетсек, Фарид Ниязов 8-август күнү Кой-Таштагы Алмаз Атамбаевдин үйүнөн Атамбаев менен кошо кармалган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Видео - КСДПчы депутат Ирина Карамушкинаны милиционерлер суракка мажбурлап алып кетишти

Бүгүн, 9-августта Алмаз Атамбаевдин оң колу, КСДПчы депутат Ирина Карамушкина суракка чакырылды.
ИИМдин ыкчам кызматкерлери депутат Ирина Карамушкинаны Атамбаевдин “Форум” ишканасынын имаратына келип, расмий чакыруу кагазын тапшырып, машинага салып, мажбурлап алып кетишти.

Ирина Карамушкинаны милиция 7-августта Алмаз Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө болгон баш аламандык, бийлик өкүлөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбегендик, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин барымтага алуу жана 3-сентябрга даярдалып жаткан митинг фактылары боюнча суракка ала тургандыгын билдирди.


Булак: KyrgyzToday.kg

Видео - Алмаз Атамбаевди милиция кандайча кармап, кантип алып чыгып кетишти...

Алмаз Атамбаев аны кармоо боюнча атайын операциянын экинчи күнүндө колго түштү. Аны бүгүн, 8-августта саат 19:00дөр чамасында күч органдары үйүнөн кармап алып кетти. Алмаз Атамбаев кармалганын анын штабы да ырастады. Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов баштаган күч органдары алып чыгып кеткен. Маалыматтарда Атамбаев сүйлөшүүлөрдөн кийин колго түшүп берүүгө макул болгон. Аны Кой-Таштан Кант аркылуу Бишкекке алып келишти. Акыркы маалыматтарда ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке алынып келинди.
Алмаз Атамбаевди кармоо операциясы бүгүн, 8-августта саат 16ларда кайра башталган. Милиция темир дарбазаны чопкутталган машине менен сүзүп кирип, Атамбаевдин тарапташтарын короодон сыртка сүрүп чыгарган. Анда кулак тундуруучу, көздөн жаш агызуучу каражаттар колдонулган.

 

Видео - Штурм башталганда Атамбаевдин үйүн көздөй качканы видеотасмага түшүп калган

Бүгүн, 7-августта Кой-Ташта Алмаз Атамбаевди колго түшүрүү операциясы башталганда короосуна жаңы эле чыгып, тарапкерлери менен жолугушуп жаткан Алмаз Атамбаев үйүн көздөй качканы видеотасмага түшүп калган.

Видео: Настоящее время

Меню