Menu

РЕДАКЦИЯНЫН ТАНДООСУ

Видео - Алмаз Атамбаев азыр маданияты же сабаты төмөн адамдар арасында – анархия жана өзүм билемдик вирусун таратууда

Өзү мурда убада кылгандай, Алмазбек Атамбаев Ички иштер министрлигинин тергөөчүсүнө барган жок. Чакыруу кагазы кечээ күнү Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин үйүнүн кайтаруучуларына берилген жана ал тууралуу видео кечээ күнү эле социалдык тармактарда тараган. Атамбаев кечээ – андай кагаздарды окуп да койбойм, юристтерге берем деген.

«Анан мен дайым айтып атам. Бир ай мурун келген бирөөлөр – мага эч ким кереги жок, менин өзүмдүн керек болсо курал-жарагым бар. Мен койго окшоп колхоздун башкармасы айтса эле кете бербеймин дедим да… Сооронбай менен парламенттеги чимкириктер бир театр кылып атат, Атамбаевди соттойбуз депчи. Мен алардын сотуна бара турган адам эмесмин… Уурулардын, мобу чимкириктердин сотуна бара турган Атамбаев эмес», – деген Атамбаев 22-июнда Кой-Ташта.

Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев болсо бүгүн – чакыруу кагазы бериле турган адамга эмес, башкага тапшырылыптыр, кечинде келип, эртеси эртең мененкиге чакырган болбойт, бирок эң негизгиси – Атамбаевди кол тийгистиктен Жогорку кеңеш мыйзамсыз ажыраткан деп билдирди. Ошондуктан, анын эмгиче иммунитети бар имиш. Анда мындай логика боюнча – Атамбаев кол тийгистиктен ажыраган-ажырабаганы белгисиз болуп калууда.

Жана мындай логиканы көчөдөгү адам эмес, жарандарды сотто коргоп жүргөн адвокат колдонууда. Юристтер тиги же бул мыйзамды же кабыл алынган чечимди бурмалап, аларга такыр башка маани берүүдөн алыс болуш керек жана өздөрү дагы мыйзамдын талаптарын аткарып, алар коргоп жаткан адамдарды дагы ошого үйрөтүүгө тийиш. Слесарев, андан тышкары, тергөөчүгө кат жаза турганын билдирди.

Укук менен мыйзам тааныбаган ооруну Атамбаев – анын жанында жүргөндөрдүн баарына жугузуп жаткандай. Эгер мурда ал өзү жана анын кол алдында иштеген министрлер менен премьерлер материалдык пайда табуу үчүн мыйзам бузуп келсе, эми алар жоопкерчиликтен кутулуу максатында эч бир мыйзамды же башка бирөө кабыл алган чечимди тааныбайбыз дегенге өтүп жатат.

Адвокат Слесаревдин айтымында, жаңы мыйзамдын күчү артка тарабайт. Бирок Атамбаев эски эле мыйзамдар менен соттолот. Мисалга, кимдир бирөө кылмыш жасап, бирок жоопкерчиликтен качып, кайсы бир үйгө кирип, кулпуланып алса, милиция келип, эшикти ача албагандай абал түзүлгөн. Милициянын кулпуну сындырууга мурда укугу жок болсо, эми аларга андай укук берилип жатат. Бир да мыйзам өзгөргөн жок.

Мыйзамдын күчү артка тарабайт деген эреже – жоопкерчилик менен гана байланыштуу болот, жаңы мыйзам боюнча жоопкерчилик мурдагыдан катууланса, мурда соттолгон адамга ал жаңы эреже тарабайт. Кол тийбестик болсо – таптакыр башка нерсе. Мурда бул адамды жоопко тартуу такыр эле мүмкүн болгон эмес, эми андай мүмкүнчүлүк ачылып жатат, жоопко болсо адам – эски эле мыйзамдар менен тартылат.

Слесарев, андан тышкары, «Президенттин ишкердигине кепилдик тууралуу» деген 2003-жылдагы мыйзамдын экс-президент тууралуу беренесине таянат. Эгер президент «экс» деген макамдан ажыратылса, ал «экспи» же «экс» эмеспи? Мисалга, шайлоодо добуш берүүгө өлкөнүн жарандары гана укуктуу, эгер кимдир бирөө жарандыктан ажыратылса, ошол күндөн тартып анын добуш берүү укугу жок. Мыйзам артка иштебейт деп ал шайлоого катыша бербейт.

2003-жылдагы мыйзамдан кийин Конституция 3 жолу өзгөргөн, ал 3 Конституциянын баарында тең ар бир адам мыйзам алдында бирдей жооптуу деп жана кайсы болбосун мыйзамдын Конституцияга каршы келген беренелери иштебейт деп жазылып турат. Мыйзамдардын Конституцияга каршы келбеген беренелери менен жашагандын ордуна адвокаттар эми бөйрөктөн шыйрак чыгарууда.

Жана ушундай укуктук башаламандыктын башында мурдагы президент өзү турат. Президент учурунда дагы ал эч бир мыйзамды сыйлаган эмес жана өзүнүн бир да кыймылы же айткан сөзү үчүн жооп бербей келген, азыр дагы ал бир да эреже же мыйзамды тааныбайт. Жана маданияты же сабаты төмөн адамдар арасында ал азыр дагы – анархия жана өзүм билемдик вирусун таратууда. Вирус болсо бардык эле дарыга моюн бере бербейт.

Булак: “5-канал” 

Атамбаевдин өзү да, адвокаты да суракка келүүдөн баш тартышты

Кечээ, 8-июлда КР ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы Алмаз Атамбаевди 9-июлга, эрте мененки убакытка суракка чакырган. Суракка чакыруу кагазын Атамбаев жашаган Кой-Таш айылынын участкалык милиционерлери жеткирип, үйдүн кароолчуларынан Атамбаевди чакырып коюуну суранышканда, Атамбаев өзүнүн оң колу, КСДП партиясынын төрага орун басары Таалай Усубалиевди чыгарган.

Милиционерлер чакыруу кагазын Таалай Усубалиевге тапшырып кеткенден көп өтпөй Алмаз Атамбаев өз үйүнөн чыгып, журналисттерге “Чакыруу кагазын алдык, адвокат Сергей Слесаревго жөнөттүк. Мен андай кагаздарды карап да койбоймун, суракка да барбайм, анткени бул бийлик мыйзамдык талаадан чыгып кетти” деп билдирген.

Бүгүн, 9-июлда Алмаз Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев да “Мен суракка барбайм, анткени чакыруу кагазы мыйзамсыз жазылган – Алмаз Атамбаевдин кол тийбестиги бар.  Экинчиден, чакыруу кагазын өзүнө эмес, башка бирөөгө тапшырып кетишкен. Кечээ эле чакыруу кагазын жөнөтүп, бүгүнгө суракка чакырышкан. Чакыруу кагазын окуп, иликтеш үчүн да убакыт керек. Мен аларга кат жазып, жөнөтөм, тергөөчү менен сүйлөшөм” деп билдирди.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Мира Карыбаева менен Сапар Исаков ири коррупциялык кылмыштарга айыпталууда

Бүгүн,  9-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда борбордогу Тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ипподромдун курулушундагы коррупция фактылары боюнча сот отуруму улантылды.

Бүгүнкү сотко кылмышка айыпталып жаткан экс-премьер-министр Сапар Исаков менен  президенттик аппараттын экс-бөлүм башчысы Мира Карыбаева алып келинди.

Кезектеги отурумда Мира Карыбаевага карата айыптоо корутундусу окулуп, ал коррупциялык кылмыштарга айыпталды.

2014-2016-жылдары Сапар Исаков КР Президенттик аппараттын бөлүм башчысы, аппараттын жетекчисинин орун басары, аппараттын жетекчиси кызматтарында иштеп туруп, Чолпон-Атадагы ипподром менен Бишкектеги Тарых музейинин курулуш жана реконструкциялоо иштерин жүргүзүүдө коррупциялык кылмыштарды уюштурган.

Сапар Исаков өзүнүн кылмыштуу максаттарын ишке ашыруу үчүн ошол кездеги президенттин кеңешчиси Мира Карыбаева менен туруктуу кылмыштуу байланыштарды түзгөн.

2017-жылдын 26-апрелинде Ак үйдө Сапар Исаков менен Мира Карыбаева Германиянын “Reier” компаниясынын башчысы Уве Райер менен жолугушкан. Ал жолугушууда Уве Райер Тарых музейинин ичин 8 млн еврого жаңылап берерин айткан. Сапар Исаков дароо Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчилери А. Абдыкаров менен Ш.Атамбековго  “Reier” компаниясы менен келишим түзүүнү буйруган. Бул шарттагы келишим “Reier” компаниясы үчүн өтө пайдалуу болуп, кыргыз мамлекетине чоң зыян алып келген.

Мира Карыбаева өзүнүн  WhatsApp байланышы аркылуу Мамлекеттик курулуш агенттиги менен “Reier” компаниясынын келишим түзүү процессин көзөмөлдөп, Сапар Исаковдун мыйзамсыз аракеттеринин ишке ашышына көмөк көрсөткөн. Бул келишимдер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жана тендерлер боюнча мыйзамдарын одоно бузуу менен түзүлгөн.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Фото: Cводка

Видео - Жогорку Кеӊеш мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратты

Бүгүн, 27-июнда өткөн Жогорку Кеӊеш жыйынында КР Башкы прокуратурасынын тыянагын эске алуу менен, “Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевди статусунан ажыратуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынып, Алмазбек Атамбаев экс-президент статусунан ажыратылды.

Жыйын жүрүшүндө КР башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов Башкы прокуратура экс-президент статусунан ажыратуу үчүн Алмазбек Атамбаевге каршы күнөө коюу маселеси боюнча корутунду бере турган атайын убактылуу комиссиянын айыптоосун карап чыгып, корутундусунда белгиленген 6 пункттун ичинен 5 пункт боюнча айыптоолорго экс-президенттин тиешеси бар деген бүтүмгө келгендигин билдирди.

Суроо-жооп маалында депутат Ирина Карамушкина экс-президентке коюлган айыптар боюнча иштер менен ошол кездеги башка бийлик жетекчилери, парламент дагы бир команда болуп иш алпаргандыгын айтып, алардын дагы жоопкерчилиги каралышы керек дейт. Депутат Мурадыл Мадеминовдун суроосунан кийин экс-президент статусу Жогорку Кеӊештин токтому менен алынат деген ченем тиешелүү мыйзамда бар экени белгилүү болду.

Депутат Карамат Орозова «мыйзамдагы ууру» А.Батукаевдин түрмөдөн бошотулушу боюнча дагы, Бишкек ЖЭБи боюнча дагы маселелер Жогорку Кеӊеште каралып, тиешелүү чечимдер чыккандыгына токтолуп, бул жагдайда парламенттин кабыл алган чечимдери туура болбой калабы деген маселени койду.

Мындан сырткары, суроо-жооп жүрүмүндө «мыйзамдагы ууру» А.Батукаевдин түрмөдөн бошотулушу боюнча Ш.Атахановдун, көмүр маселеси боюнча А.Артыкбаевдин, А.Салянованын көрсөтмөлөрүнөн сырткары, башка дагы бышыктоочу фактылар бар экенин айтылды. Башкы прокурор Ө.Жамшитовдун айтымында, тергөө иштерине байланыштуу, ал маалыматтар азырынча ачыкталбайт. «Мындан сырткары, «Дастан» АКсына тиешелүү 2,7 га жер тилкесин алуудагы тиешелүү келишимдеги милдеттемелер аткарылган эмес. Маселе жер кандай менчиктештирилгендигинде болуп жатат»,- дейт Ө.Жамшитов.

Депутат Мирлан Жээнчороев өлкө “заказчыл” соттордун, “дежур” тергөөчүлөрдөн арылмайынча, кандай гана президент келбесин алар ажыдаарга айланарын баса белгиледи.

Суроо-жооп, талкуу жыйынтыгында “Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевди статусунан ажыратуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору 103 добуш менен кабыл алынды.

Эрнис Кыязов: "Нарын Айып "Азаттык" радиосунда анча-мынча иликтөөчүлөр туула элек кезде иштеп, иш арасында далай "чындык айткычтарды" жолуктурган"

Бул – Бешинчи каналда дээрлик бир жылга чукул иштеп келе жаткан Нарын Айып. Стандарттан тыш мүнөзү бар. Стандартка батпаган көз караштары көп. Эң көп колдонгон сөзү “..кызык, эми ушу кантип болсун???” Ылдыйкы кабатыбыздагы устоловойдон пирожки алып, жылбай кампүтүр баскылап олтурган иш бөлмөсүнө непадам кире калып “..агай мобуну чай менен жеп койбойсузбу..” десең, “..рахмат, менде мына булочкам бар” деп сыпайы жылмайып баш тартып коймою бар. Дин жаатында төп келбеген көз караштарыбыз арбын, саясатта пикирибиз эки ача чыккан учурлар бир топ. Бирок мен бу кишини сыйлайм, анткени критикалык ой чабыты кенен. Телеканалдын жетекчиси болгонум менен, акылдын, насааттын, сындын жетекчиси ушул адам.
…Матраимов темасын иликтеген “Азаттыктын” иликтөөсү тууралуу Нарын Айып көз элегинен, сөз элегинен өткөрүп айтчусун айтыптыр. Бу киши “Азаттык” радиосунда анча-мынча иликтөөчүлөр туула элек кезде тээ атам замандан бери иштеп, иш арасында далай “чындык айткычтарды” жолуктуруп, далай кырдаалдарды башынан өткөргөн. Эми, анын мобуреки орус жана кыргыз тилиндеги автордук көрсөтүүсүн көрүп чыккан фейсбуктагы кээ бир актиптүү блогчулар же “Азаттыктагы” кесиптештерим “…Нарын Айыпка Кыязып эле текст жазып берген окшойт…”, “Нарын айыпты Раим миллион сатып алган бейм…” деген жөө жомокторду айтпастыр?.. “Азаттыктын” башатында тургандардын бири экс-азаттыкчы Нарын Айыптын “Азаттыктын иликтөөсү” тууралуу субьективдүү көз карашын көрүп коюңуздар:

P.S. “Азаттыктын” иликтөөсү, Раим миллион жана башка миллионерлер, Edil Baisalov, Ali ToktakunovЭльнура Алканова деген азаматтардын иликтөө-версиялары боюнча боюнча жеке өзүмдүн көз карашым бар. Аны учуру келгенде жарыялаармын. Азырынча аксакал-журналисттин эмне дегиси келгенине жакшылап баам салып койсоңуздар. Рахмат.

Видеону көрүү үчүн ылдыйдагы шилтемелерди басыңыз:

Кыргыз тилинде:
https://www.facebook.com/5tvkg/videos/444276716367208/

Орус тилинде:
https://www.facebook.com/idinovn/videos/2112620908847377/

Эрнис Кыязов, 5-каналдын жетекчиси

Алтынбек Сулайманов, ЖК депутаты: "Эки жүздүү Атамбаев экс-президент статусун көтөрө албай жатат"

Экс-президент Алмаз Атамбаевдин 8-июнда сүйлөгөн сөзүн уктум. Ал кишинин өлкөдөгү коррупция, негатив жөнүндө сүйлөгөнгө моралдык укугу жок. Алмаз Атамбаев сот системасына, укук коргоо органдарынын иштегенине нааразы болсо, өлкөдөгү кемчиликтерди белгилеп жатса, анда 6 жыл өлкөнү башкарган киши катары күнөөнү бирөөгө оодарбай, суроону өзүнө берсин. Эгер Алмаз Атамбаев өзүнүн башкарып турганда кылган кемчиликтерин унутуп калган болсо, эл ал нерселерди унуткан жок. Экс-президент кетирген катачылыгымды оңдойм десе, анда саясатка аралашпай тынч отурсун. Башка бир мусулманды мунафик, каапыр деп атаганы, ал кишинин экс-президент деген статусту көтөрө албай жатканынан кабар берет. Ушундай кырдаалда Сооронбай Шариповичтин сабырдуулугуна дагы бир жолу баа бердим. Өлкө башчыбыздын коррупция менен күрөшүнө баарыбыз колубуздан келишинче жардам беришибиз керек!

Алтынбек Сулайманов, КР Жогорку Кеңешинин депутаты

ИИМ: Шамил Атаханов тергөө менен кызматташа баштагандыктан баш коргоо чарасы өзгөртүлдү

Кечээ, 7-июнда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотолушу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында камалган экс-Ички иштер министри Шамил Атаханов тергөө менен кызматташууну каалагандыгын билдиргенден кийин анын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. Бул тууралу КР ИИМинин басма сөз кызматы билдирет.

Буга чейин Шамил Атахановду Бишкектин Биринчи май райондук соту 2 айга Бишкектин N1-СИЗОсуна абакка алуу чечимин чыгарган.

7-июнь күнү ИИМдин тергөө кызматы Шамил Атахановду Бишкектин N1-СИЗОсунан алып чыгып, адвокатынын катышуусунда тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда Атаханов тергөө менен кызматташууну каалагандыгын билдирген. Ошондуктан Шамил Атахановдун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, абактан чыгарылган.

Бирок, ИИМ Шамил Атахановдун коопсуздугун эске алуу менен анын азыр кайда экенин ачык айтпайт.

Эксперттердин айтымында Атаханов үй камагына чыгарылышы мүмкүн жана “Күбөлөрдүү коргоо” программасынын алкагында ал коргоого алынышы ыктымал.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Табылды Акеров, саясат таануучу: "Экс-президент өлкөдөн акча чыгарган уйгур жигиттери менен чайлашканда, коопсуздук кызматынын жетекчилери аларга чай куюп кызмат көрсөтүп турчу экен"

Өткөн жумада «Азаттыктын» журналисти Али Токтакунов видео материалы менен коомчулукту жарды. Анда 2011-2017-жылдар аралыгында Кыргызстандан 700 миллион доллар акчанын чыгып кетишине Матраимовдордун тийешеси болгон деген материалдарды жарыя кылды. Бирок, Э. Байсалов бул фактыларды бир жыл мурун тастыктап чыгып, “Азаттыктын” журналистинин иликтөөсүндө айтылган адамдар экс-президент А. Атамбаев менен байланышы болгонун көргөзгөнү айтылды. Коомчулукта Э. Байсалов да. А.Токтакунов да бир эле материалдарды колдонгон. Бирок, А. Токтакунов Э. Байсаловдун материалдарын пайдаланып, А. Атамбаев жөнүндө ныпым сөз кылбай, жалаң Матраимовду күнөөлөгөн фактыларды таап чыгып, аны күнөөгө батырып жатканы оркоюп көрүнүп турат деп, муну заказ катары баалагандар да болду. Мына ушул чиелешкен чыр маселени чечмелеш үчүн гезитибиздин эксперти, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеровду сөзгө тарттык.

– Табылды мырза, А. Токтакунов чын эле заказ аткарганбы, же ал Р. Матраимовдун проблемасын көтөрүп чыгып, жеке өзүнө упай топтоп, чоң саясатка аттанып, алдыдагы шайлоолордо кайсы бир партиянын тизмесине киргени жатабы? Ушул сөздү 5-каналда И. Матраимов айтпадыбы…

– Кыргызстанда бүгүн А. Токтакуновго заказ берүүчү бир эле саясатчы бар, ал – А. Атамбаев. Себебин айтпаса деле түшүнүктүү. А. Атамбаев дайыма өзү өстүргөн Райым Матраимовду өз мөөнөтү бүтөөрү менен боорго тээп, өгөйлөгөнгө өткөн. Сапар Исаковго буйрук берип, аны Бажы кызматынын орун басарлыгынан кетирткен. Бул өтө мыкты тактикалык кадам болгон. Кызматтан алынгандан кийин Р. Матраимовду жаңы бийликке жабыштырып, бийликти коррупциялашып кетти, булар жарабай калды деп күнөөлөй бергенге даңгыр жол ачкан. Ошого ал байма-бай Р. Матраимовду өзүнөн өгөйлөп, жаңы бийлик менен байланыштырып келди.

– Туура, көпчүлүк муну Атамбаевдин заказы деп жатышат, бирок кандай түз жана кыйыр далилдер байкалат?

– Бул өтө татаал суроо. Бирок, бул маселени кечээ жакында болуп өткөн 5-каналдагы талкуунун негизги катышуучулары А. Токтакунов менен И. Матрамовдун өзүлөрүн сүрөттөп жооп бергенге аракет кылсам туура болчудай. Себеби, эки тарапты тең укканым болбосо тааныбайм жана билбейм. И. Матраимов мурда көп жылдар бою декларацияларды толтурууну көзөмөлдөп жана чогулткан Мамлекеттик кадр кызматынын Ош областтык башкармачылыгында эмгектенген. Ким-ким, бирок И. Матраимов декларацияны толтурууну мыкты билет. Али Токтакунов «Азаттык» радиосунун белгилүү корреспонденти. Көп жылдардан бери журналист катары эмгектенет. Материал даярдаганды жана аны коомчулукка таратууну мыкты өздөштүргөн. 3 жылдан бери «Азаттык» радиосунун Прагадагы борбордук офисинде эмгектенет. Эми А. Токтакуновдун материалына кайрылсак, анда ал бул билдирүүсүндө 2011-2017-жылдар аралыгында өлкөдөн 700 миллион доллар акча чыгарылып кеткенин кабарлайт. Акчалар кытайлык уйгур жигиттери аркылуу чыгарылган. Бирок, ошол эле учурда тыштан 2 миллионго жакын америка долларындагы акча жогоруда белгиленген жылдар аралыгында И. Матраимовдун «Исмаил ата» фондуна түшкөнү айтылууда. Мындан башка да декларацияга киргизилбей калган “особняк” үй, жер участкалары тууралуу айтылып жатат. Бирок, айрымдар А. Токтакуновдун бул матералынын заказ экендигин айгинелеген түз болбосо да, кыйыр түрдө далилдер бар деп чыгышты.

Биринчиден, «Азаттык» радиосу экс-президент Атамбаевдин мезгилинен тартып бийликчил ММК каражаттары катары кабылданып калган. Ал КТРКдан эч айырмасы жок болуп эле. Ал эми А. Токтакунов ошол «Азаттык» радиосунун корреспонденти.

Экинчиден, А. Токтакунов чуу жараткан материалдары жана фактылары коомчулукка буга чейин эле Эдил Байсалов тарабынан жарыяланган. Байсалов өзүнүн видео билдирүүсүндө миллиондогон долларда айтылган уйгурлар Атамбаевдин уйгур өнөктөштөрү экендигин тастыктап берген. Э. Байсалов бул уйгур жигиттер 19 жаштан 28 жашка чейин болушканын айтып, анан кантип булар менен экс-президент өнөктөш болуп калды деп таң калып, мунун сырын ачыктап коюш үчүн Атамбаевдин өзүнөн сураган эле. Бирок, эмнегедир А. Токтакуновдун материалында Атамбаев жөнүндө да, уйгур жигиттердин өтө жаш экендиги жөнүндө да бир дагы сөз айтылбайт. Башкача айтканда, бул факты А. Токтакуновдун Э. Байсаловдун изилдөөсүн билгендигинен же билсе да аны буйтап өтүп кеткиси келгендигинен кабар бергендей кабылданып калды. Ошондуктан, бул коомчулукта Атамбаевдин уйгур жигиттери кантип Матраимовдордуку болуп калды? – деген талкууну пайда кылды. А. Токтакуновдун видео материалы шек жаратты.

Үчүнчүдөн, А. Токтакунов билдирүү жасагандан 4-5 күн мурдараак Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири, ЖКнын депутаты И. Карамушкина чоң билдирүү жасаган. Анда ал Жээнбеков, Матраимовдордун байлыктарын, мүлктөрүн толугу менен мамлекеттин пайдасына алыш керек деп жар салган. Башкача айтканда, муну менен Атамбаев жана анын командасы материал эфирге дайын болуп калгандан кийин коомчулукту дайындап коюуну туура көргөндөй. Албетте, мунун баары Атамбаевдин политологдорунун кеңешинен кийин аткарылган кадам деп айтсак болот. Себеби, И. Карамушкина жөндөн-жөн эле С. Жээнбеков, Матраимовдордун мүлкүн мамлекетке алыш керек дегендей курулай билдирүү таратпайт эле да.

Төртүнчүдөн, айрымдардын айтымында А. Токтакуновдун бул видео билдирүүсү эмнегедир «Белизгейтке» окшошуп башталат. Ошондон улам, бул Атамбаевдин заказы жана Сегизбаевдер иштеп чыккан, документтерди ошолор таап берген деген сөз тарады. Анткени, «Белизгейтте» да А. Сегизбаев бир документ кагазды экс-президент Атамбаевге көрсөтүп, анан ал оперативдик табылга катары сыпатталып, Атамбаевди ишендиргиси келген. А. Токтакунов да столдун үстүндөгү базардан алынган кызыл түстөгү кездемеге тукабасы жасалган папкедеги документтерди кармалап, бул жерде өтө маанилүү документтер жатат деп элди ишендирип жатканын көрүүгө болот.

Бешинчиден, жакында 5-канал уюштурган А. Токтакунов, И. Матраимов, Э. Байсалов, А. Акматов катышкан беттешүүдө бул суроо жараткан акчалар, мүлктөр – особняк үй жана жер участкасы боюнча так түшүндүрмө берилди. А. Токтакунов өзүнүн видео материалында 700 миллион акчага И. Матраимовдун катыштыгы жок экенин тастыктады. Бирок, ошол эле маалда ошол 700 миллион акчаны чыгарган адам Түркиядан туруп “Исмаил ата” фондуна үч катары менен (2017- жылга чейинки аралыкта) 2 миллондой акча которулганын билдирди. Башкача айтканда, ошол «Исмаил ата» фондуна которулган акчалардын дарегин тактап жатканын айтты. Бирок, А.Токтакунов сөз кылган жер участогу, особняк үй  Матраимовдорго тиешелүү жана алардын документтери так экендиги аныкталып калды. Мисалы, аталган жер участогу Матраимовдун эжесине таандык болуп чыкты. Ал эми И. Матраимов жашап жаткан квартира 2018-жылы сатылып алынгандыктан, 2017-жылкы декларацияга кирбей калганы аныкталды. А. Токтакунов эфирден Матраимовдор 2 миллионго «Супер инфо» гезитин сатып алды деген сөздөр айтылып жүрөт деген билдирүүсү да И. Матраимов тарабынан жокко чыгарылды. Жыйынтыгында, А. Токтакунов кызыл кездемеде оролгон мөөр басылган алты квитанция менен эле калгансыды. Эң кызыгы А. Токтакунов видео билдирүүдө айткан особняк, жер участкасы жана «Супер инфо» гезити жөнүндөгү маалыматтар төгүндөлүп калды. Башкача айтканда материалдардын бул бөлүгү атайылап эле чуу чыгарып, шоу кылуу үчүн кошулуп калгандай болду. Болбосо, «Азаттыктын» мыкты деп таанылган журналисти өзү тастыктаган материалдары бир эле беттешүүдө туура эмес деп табылып, иштен чыгып калат деген эмнеси? Бул өңүттөн алганда, А. Токтакуновдун материалы изилдөөгө окшошпой калган. Ошого А. Токтакуновго бул материалдарды бирөөлөр дайындап берип, колуна карматып койгон деген сөздөр тарады. Ошондон улам, Атамбаевдин заказы, Сегизбаев жана башкалар дайындаган деген сөздөр көбүрөөк айтылып жатат.

– Сиз өзүңүз Э. Байсалов жана А. Токтакуновдун изилдөөлөрүн кандай деп баалайсыз?

– Менимче, Э. Байсалов да, А. Токтакунов да коом алдындагы өздөрүнүн милдетин ар кимиси өз-өзүнчө эң мыкты аткарышкан. Анткени, биздин коом азыр оорулуу абалда. Коррупция биздин коомду өзүнүн “жертвасына” чырмалып алгандай эле оролуп алып, анын күрөө тамырынан канын соруп жатат. Ошондуктан, биз ар бирибиз өзүбүз билген участоктордон коррупиялык аракеттерди көрсөк, билсек, аны коомго ачык айтып чыгып, аны ооздуктоого, түп-тамыры менен жоюуга аракет кылышыбыз керек.

– Э. Байсалов өзүнүн изилдөөсүндө А. Атамбаевге басым жасагандыгына карабай А. Токтакунов ага маани бербей койгондугу өтө кызык болуп жатат. 5-каналдагы беттешүүдө А. Токтакунов Атамбаев боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат, аны кийинчерээк жарыялайм дегендей кылды. Бул айтканына ишенүүгө болобу?

-Албетте, журналисттик изилдөөдө бардык фактыларды так изилдеп, аларга кынтыксыз жооп табылгандан кийин гана коомчулукка жарыя кылынса, жакшы натыйжа болот. Болбосо, күнөөлөнүүчү тарап билип калса, анда алар изин тазалап коюшу мүмкүн. Ошого мен да билбейм, А. Токтакуновдун материалында Атамбаевге жана уйгур жигиттерге эмнеге анчалык көңүл бурулбай калгандыгын. Бирок, А. Токтакунов муну да изилдеп, анан жарыя кылам дебедиби. Ошого бир аз күтүп туруу керек го дейм.

— 5-каналда өлкөдөн чыккан 700 миллион доллар базарда олтурган бизнесмендердин акчасы экени аныкталды. Финполдун жетекчиси да бизнесмендер өлкөдөн акча чыгаруунун ушундай жолун ойлоп табышкан деп билдирди. Бул канчалык туура? Эмне үчүн миллиондогон акчаларды 19 жаштан 30 жашка чейинки жаш жигиттер чыгарып, шугулданып жатышат?

– Мен бул маселе боюнча бир нече бизнесмендер жана фискалдык кызматтарда мурда иштеп кеткен жетекчилер, бөлүм башчылар менен аңгемелештим. Бир бизнесмен мага “Мен өзүм бизнести ушинтип баштагам. Акчам жок болгондон соң бизнесмендерге акчасын чыгарып берип, кичи бизнес кылып, акча чогултчумун. Мисалы, бул акчалардын баары ошол Дордой, Кара-Суу жана башка базарлардагы бизнесмендер чогултуп, процентке мага жана мага окшош жаш жигиттерге беришет. Биздин милдет ал акчаларды тийиштүү адресаттарга жеткирип берип, бул кызматыбыз үчүн өзүбүздүн процентибизди алабыз. Мисалы, ар бир 100 миң доллардан 1 миң доллар биздин чөнтөгүбүзгө түшөт” дейт. Бул да өзүнчө жакшы эле бизнес экен. Акча барган жактан бизнесмендер үчүн ал жактагы өнөктөштөрү товар сатып алып, аны Кыргызстанга жиберишет. Башкача айтканда, алардын айтканы боюнча бул акчалар жүгүртүүдө жүргөн акчалар болуп чыгып жатат. Бирок, бизнесмендер ушундай жолдор менен акчаларды чыгарып жаткандыгын баардык жогорку кызматтагы мамчиновниктер билишет. Ошондуктан Атамбаевдин доорунда баштыктап чыгарылган акчалардан бажы кызматынын чоңдоруна, премьер-министрге, президентке өзүнчө проценттер келип турган дешет. Мына ошентип, бул акча чыгаруучу линия өлкөнүн президентин, премьер-министрин, бажы кызматынын, чек ара кызматынын жетекчилерин жана башка мамчиновниктердин баарынын бүйүрүн кызыткан акча экен. Мамчиновниктер кызмат ордун кыянаттык менен пайдаланып, коррупция, контрабанда менен алектенишип, шугулданышып келишиптир. Бул экс-президент, премьер-министр, башка мамчиновниктер да өзүлөрү акчаларын ушуга окшош жигиттердин жардамы менен ошолор аркылуу өлкөдөн чыгарып, өлкөнүн сыртынан керекке жаратышаарын айтышты. Мына дал ушул себептен экс-президент ушундай 19 жаштан 30 жашка чыга элек жаш балдар менен дос болуп, кызматташып турган дешет. Ал гана эмес, айрым учурларда экс-президент алар менен жолугушуп, чайлашкан учурлар болуптур. Чай ичкенде, коопсуздук кызматынын жетекчилери чай куюп, контрабандисттерге кызмат көрсөтүп турушчу дешет. Эң негизгиси, ошол эле уйгур жигиттер өлкөнүн башка да толгон-токой бизнесмендерине акча чыгарып берип жүргөндүгү анык болуп жатат. Ошондуктан, коррупциянын өлчөмү өтө чоң болуп жатат. Ошентип, Э. Байсалов менен А. Токтакуновдун материалы Атамбаевдин мезгилинде өлкөнүн айрым жетекчилиги контробанданы “крышевать” этип, контробандисттердин кызматынан пайдаланып, өлкөдөн акчаларын чыгарып, шугулданып жүргөндүгүнүн бетин ачып жатат.

Маектешкен: Н.Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

Зарылбек Рысалиевди камакка алуу учурунда оорусу кармап, ооруканага жеткирилген

Бүгүн, 7-июнда КР ИИМдин тергөө кызматы Жогорку Кеңештин депутаты, ИИМдин экс-министри Зарылбек Рысалиевди саат 10.00.дөн баштап, абактан мыйзамсыз бошотулган кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча суракка алган. Бул тууралу бизге тергөө органдарындагы булактарыбыз билдирди.

Буга чейин кармалып, сурак берип жаткандар Зарылбек Рысалиев ЖАМКнын төрагасы катары кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууга активдүү катышканы боюнча көрсөтмө беришкен.

Бүгүнкү жана мурунку сурактардын жыйынтыгы боюнча тергөөчүлөр Зарылбек Рысалиев 2 суткага кармалганын билдиришкенде ал өзүн жаман сезип, кан басымы көтөрүлүп, оорусу кармап жыгылып түшкөн. Тергөөчүлөр “тез жардам” чакырууга аргасыз болушкан. Ал эми медиктер Зарылбек Рысалиевди ооруканага жаткырышкан.

Азыр депутат Зарылбек Рысалиев КР Президентинин Иш башкармалыгына караштуу атайын оорукананын реанимация бөлүмүндө жатат. Бирок анын палатасын атайын милиция кайтарууда.

Эксперттердин айтымында, Зарылбек Рысалиевге каршы коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголуп жаткандыктан ага Жогорку Кеңештин макулдугун алуунун зарылдыгы жок. Генпрокуратура менен сот парламентке кат жүзүндө билдирип коюу менен гана чектелишет.

Булак: KyrgyzToday.kg

Видео - Кармалган прокурорлор Батукаев боюнча буйрукту Аида Салянова бергенин билдиришкен

Кечээ, 3-июндун түнүндө экс-генпрокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз түрмөдөн бошотулушу боюнча камакка алынды.

Салянованы милиция саат 15.00.те үйүнөн кармап кеткен. Ага чейин кармалган Нарын шаарынын атайын прокурору Майрамбек Акматалиев ага Батукаевди бошотуу боюнча буйрукту генпрокурор Аида Салянова бергенин моюнга алган. Кечээ тергөөчүлөр Майрамбек Акматалиев менен Салянованы беттештиришкенде Акматалиев экс-генпрокурор Аида Салянованын көзүнчө ошол көрсөтмөсүн кайталаган. Ошондой ал кездеги генпрокурор Аида Салянованын орун басары Людмила Усманова да Саляновага каршы көрсөтмө берген.

Аида Салянова азыр 2 суткага Бишкек шаардык милициянын абагына камалды. Жакынкы 48 сааттын ичинде анын тагдырын сот чечет.

Булак: “Kyrgyztoday.kg”

Меню