Menu

РЕДАКЦИЯНЫН ТАНДООСУ

Видео - Алманбет Шыкмаматов менен Рыскелди Момбековдун депутаттык ишмердигин шакабага алган видеоролик тарады

Бүгүн, 1-июнда социалдык тармактарда “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Алманбет Шыкмаматов менен КСДПчы депутат Рыскелди Момбековдун депутаттык ишмердиги, саясый позициялары, интеллектуалдык дегээлдери сынга алынган видеоролик пайда болду.

“Мнову депутаттардын эмне деп жатканын кимиңер түшүндүңөр? Оң буту менен турса, оңун айтып, сол буту менен турса, солун айтып жүрө беришеби? Депутаттар коммерциялык структуралардын позицияларын илгерилетип, оокаттарынын өткөрүп жүргөндөрдү жашыруун эмес. Бирок кечээ айткан сөздөрүн бүгүн унутуп койгондорун карабайсыңбы. Бир күнү маска, бир күнү каска”- деп жазат белгилүү медиаэксперт Авланбек Жумабаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында.

“Ушундай кишилер мыйзам чыгарып олтурат, эртең менен бирди сүйлөп, кечинде ситуацияга жараша оюн өзгөртүп”, – деп жазат жарандык активист Бурул Кушбек.

 

 

Премьер-министр Абылгазиев Ысык-Көлдөгү “Акмарал” пансионатынын аймагындагы VIP шаарчадан $800 миңге 2 коттедж сатып алганы боюнча маалымат тарады

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көлдөгү “Акмарал” пансионатынын аймагындагы VIP шаарчанын биринчи линиясынан 2 коттеджге ээ болгону боюнча маалымат тарады.

Көз карандысыз эксперттердин айтымында, “Акмаралдын” 1-линиясындагы коттедждердин ар биринин баасы $400 миң турат, ошондо 2 коттедждин баасы $800.000. чапчыйт.

Ысык-Көл районунун Баетов айылында жайгашкан бул коттедждерди Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев иниси Асыл Абылгазиевге каттатты деп айтылат маалыматта.

КР Өкмөтүнүн маалымат катчысы буга чейин тараткан билдирүүдө Асыл Абылгазиев соода тармагында алектенет. Ал «Форс трейд» жана «Мираита плюс» ЖЧКсында учредитель катары катталган.

Дегеле, биздин премьер-министрлер ушундай жогорку кызматта иштеп турган учурунда Ысык-Көлдүн жээгиндеги VIP шаарчалардын биринчи линиясынан баасы асманды чапчыган VIP коттедждерди сатып алуусу салтка айланып калган.

КР экс-премьер-министрлери Феликс Кулов менен Игорь Чудиновдор да премьер-министр кезинде “Каприз” пансионатынын биринчи линиясынан кымбат баалуу VIP коттедждерди сатып алышканын билебиз. Алардын кошунасы, арак магнаты Шаке Абдыкеримов кайсы акчасына VIP коттеджди сатып алганы түшүнүктүү, ал бизнесмен. Ал эми биздин премьер-министрлердин айлыгы VIP коттедждерди сатып алууга жетеби? Анда чет өлкөлөрдө окуган кыз-уулдарына $20.000. ашкан окуу акысын кантип төлөшөт?

“Бажагейт” чыры боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия “Акмарал” пансионатындагы эки VIP коттедждин КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевге кандай тиешеси бар экенин да иликтеп, коомчулукка чын-төгүнүн ачык жарыялап койсо жакшы болмок.

Булак: KyrgyzToday.kg

Премьер-министр Абылгазиев Ысык-Көлдөгү “Акмарал” пансионатынын аймагындагы VIP шаарчадан $800 миңге 2 коттедж сатып алганы боюнча маалымат тарады

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көлдөгү “Акмарал” пансионатынын аймагындагы VIP шаарчанын биринчи линиясынан 2 коттеджге ээ болгону боюнча маалымат тарады.

Көз карандысыз эксперттердин айтымында, “Акмаралдын” 1-линиясындагы коттедждердин ар биринин баасы $400 миң турат, ошондо 2 коттедждин баасы $800.000. чапчыйт.

Ысык-Көл районунун Баетов айылында жайгашкан бул коттедждерди Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев иниси Асыл Абылгазиевге каттатты деп айтылат маалыматта.

КР Өкмөтүнүн маалымат катчысы буга чейин тараткан билдирүүдө Асыл Абылгазиев соода тармагында алектенет. Ал «Форс трейд» жана «Мираита плюс» ЖЧКсында учредитель катары катталган.

Дегеле, биздин премьер-министрлер ушундай жогорку кызматта иштеп турган учурунда Ысык-Көлдүн жээгиндеги VIP шаарчалардын биринчи линиясынан баасы асманды чапчыган VIP коттедждерди сатып алуусу салтка айланып калган.

КР экс-премьер-министрлери Феликс Кулов менен Игорь Чудиновдор да премьер-министр кезинде “Каприз” пансионатынын биринчи линиясынан кымбат баалуу VIP коттедждерди сатып алышканын билебиз. Алардын кошунасы, арак магнаты Шаке Абдыкеримов кайсы акчасына VIP коттеджди сатып алганы түшүнүктүү, ал бизнесмен. Ал эми биздин премьер-министрлердин айлыгы VIP коттедждерди сатып алууга жетеби? Анда чет өлкөлөрдө окуган кыз-уулдарына $20.000. ашкан окуу акысын кантип төлөшөт?

“Бажагейт” чыры боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия “Акмарал” пансионатындагы эки VIP коттедждин КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевге кандай тиешеси бар экенин да иликтеп, коомчулукка чын-төгүнүн ачык жарыялап койсо жакшы болмок.

Булак: KyrgyzToday.kg

Премьер-министр Абылгазиев Ысык-Көлдөгү “Акмарал” пансионатынын аймагындагы VIP шаарчадан $800 миңге 2 коттедж сатып алганы боюнча маалымат тарады

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көлдөгү “Акмарал” пансионатынын аймагындагы VIP шаарчанын биринчи линиясынан 2 коттеджге ээ болгону боюнча маалымат тарады.

Көз карандысыз эксперттердин айтымында, “Акмаралдын” 1-линиясындагы коттедждердин ар биринин баасы $400 миң турат, ошондо 2 коттедждин баасы $800.000. чапчыйт.

Ысык-Көл районунун Баетов айылында жайгашкан бул коттедждерди Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев иниси Асыл Абылгазиевге каттатты деп айтылат маалыматта.

КР Өкмөтүнүн маалымат катчысы буга чейин тараткан билдирүүдө Асыл Абылгазиев соода тармагында алектенет. Ал «Форс трейд» жана «Мираита плюс» ЖЧКсында учредитель катары катталган.

Дегеле, биздин премьер-министрлер ушундай жогорку кызматта иштеп турган учурунда Ысык-Көлдүн жээгиндеги VIP шаарчалардын биринчи линиясынан баасы асманды чапчыган VIP коттедждерди сатып алуусу салтка айланып калган.

КР экс-премьер-министрлери Феликс Кулов менен Игорь Чудиновдор да премьер-министр кезинде “Каприз” пансионатынын биринчи линиясынан кымбат баалуу VIP коттедждерди сатып алышканын билебиз. Алардын кошунасы, арак магнаты Шаке Абдыкеримов кайсы акчасына VIP коттеджди сатып алганы түшүнүктүү, ал бизнесмен. Ал эми биздин премьер-министрлердин айлыгы VIP коттедждерди сатып алууга жетеби? Анда чет өлкөлөрдө окуган кыз-уулдарына $20.000. ашкан окуу акысын кантип төлөшөт?

“Бажагейт” чыры боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия “Акмарал” пансионатындагы эки VIP коттедждин КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевге кандай тиешеси бар экенин да иликтеп, коомчулукка чын-төгүнүн ачык жарыялап койсо жакшы болмок.

Булак: KyrgyzToday.kg

Турсунбек Акун: "Данияр Нарымбаев менен жолукканымда "Туке эч нерсе айта көрбө. Атамбаев өзү Батукаев боюнча баарын көзөмөлдөп жатат, баары Атамбаевдин көзөмөлүндө…” деп жалдырап жиберген"

— Турсунбек мырза, Азиз Батукаевдин иши эмне үчүн кайрадан жанданып жатат? Өч алуу, кек сактоо, күч кимде экенин көрсөтүү максатында эмеспи?

— Андай деп айткан болбойт. Бул иш аягына жетпей, чала-чарпык бойдон калып кеткен. Парламент чечим чыгарган, президент, өкмөт эч кандай чара колдонгон эмес. Жазалансын деген 22 кишинин 21и жазаланган жок, бир гана мен кызматтан алындым. Батукаевдин иши боюнча ким күнөөлүү экени билинбей калып кеткен. Бул бийлик ушул ишти жандандырып, аягына чыкканга аракет кылып жатканына сүйүнүп жатам. Азамат деш гана керек. Мында Атамбаевден өч алайын же камайын деген максат жок.

— Батукаевди бошоткон Нарындан кеткен жол Атамбаевге алып барабы?

— Бул жол түз эле Атамбаевге барып такалат. Кыргызда “Балык башынан сасыйт” деген сөз бар. Батукаевди Атамбаев өзү кетирбесе, башында туруп көзөмөлдөбөсө, сот дагы чечим кабыл ала алмак эмес, паспорт дагы жасалмак эмес, Рысалиевдин командасы коштоп келмек эмес, врачтар өлүп калат деген диагноз коймок эмес, аэропортко алып кетчү самолёт учуп келмек эмес. Бул алдын ала сүйлөшүлгөн, пландалган, Атамбаев башында турган иш. Ошондуктан, биринчи кезекте жоопкерчиликке Атамбаевди тартып, андан кийин мамлекеттик органдардын кызматкерлери кетиши керек.

— Батукаев бир күндө чыгып кеткен жок да. Көп убакыт даярдалып, план түзүлүп, андан кийин чыкты. Сиздин Нарындагы түрмөгө 72 жолу барганыңызды депутаттык комиссия айтып чыккан. Мүмкүн, ошол план боюнча барып жүргөн жоксузбу?

— Парламенттик комиссияда Бакир уулу баштаган менин бакырчаак душмандарым олтурган. Ошолор 72 жолу барган деп чыгышкан. Мен 72 жолу ошол жакка барган болсом, башка иш кылбай эле Нарындын түрмөсүндө жүрүптүрмүнбү? Болгону 3 гана жолу баргам. Анда деле Батукаевге барган жокмун, түрмөдө олтургандарга бардым. Кыдырып, маниторинг кылып, баары менен жолукканда, Батукаевге дагы жолугуп кеткем.

— Сиз барганда Батукаевдин абалы өлүп калчудай беле?

— Эки жолу барганымда абалы жакшы эле болчу. Үчүнчүсүндө “бөйрөгүм ооруп жатат” деген. Өңү бозоруп турган. Өлүп калчу адамдай эмес эле.

— Ошол кезде вице-премьер-министр болуп, күч структураларын көзөмөлдөгөн Шамиль Атаханов маек берип, бул иште таза экенин, маселени чечүүдө күчү жетпей турган болгонун айтты. Сиз ишендиңизби?

— Шамиль Атахановду актанып, кыйкырып жаткан адамдарга караганда бир топ жогору турган адам деп эсептейм. Бирок, “Менин, баламдын буга тийешеси жок” деп актанганына ишене албайм. “Куловго таң калам, Атамбаев менен сүйлөшкөн сөзүнүн баарын коомчулукка кантип чыгарат?” деп айтып жатпайбы. Анын маегин дыкат окуп чыктым, Атамбаев тууралуу бир нерсени айта албай жатат. Айтканга духу жетпей турат.

— Кулов ““Феликс Шаршенбаевич, Батукаев тууралуу ар кандай сөздөр айтылып жатат. Сиздин оюңуз кандай?” деп айтып калды. Аны бошотуп жибербедиби, эми менден эмне үчүн сурап жатасыз?– дедим. Атамбаев “Мага вице-премьер-министр Шамиль Атаханов келип, “Батукаев оорулуу, ал эч кимди өлтүргөн эмес. Бул жакта калса эки “мыйзамдагы уурунун” ортосундагы тиреш күчөйт. Эгер ал эч кимди өлтүрбөсө, оорулуу болсо бошотуп жибербейлиби? ” деп суранды. Мен андай болсо карап көргүлө деп макул болгом” деп айткан” деп мага маек берген. Шамиль Атаханов экс-президент Атамбаевге кирбегенин айтты. Кимиси өлүмүш болуп жатат?

— Атамбаев өлүмүш болууда. Ал киши Атахановду, Сагинбаеваны, Рысалиев баштаган министрлерди «курмандыкка чалып» жатат. Атаханов жөн гана “Винтик” да. Вице-премьер-министр эмнени чече алмак эле? Ошондуктан, Атамбаев камалышы керек. Атамбаевди камай албаса чоң нааразычылык жаралат. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун өзүнө күч келет. Мен Атамбаевдин кандай тийешеси бар экенин далилдегенге аракет кылам.

— Сизге Бусурманкул Табалдиев эмне деп кайрылган?

— 10-апрель күнү үйдөн жумушка келатсам, “Акипресстен” бир кыз телефон чалып “Байке, сиз Батукаевдин чыкканын уктуңузбу?” деп сурады. Ооба, уктум дедим. “Грозныйга учуп кеткенинчи?” деди. Жок, учуп кетиптирби?–деп таң калдым. Кабинетке келсем телефон шыңгырады. Бусурманкул Табалдиев Беркутович экен. “Турсунбек Акунович, бир өтүнүч. Кечээ учуп кеткенин уктуңуз да” деди. Азыр уктум, аны неге кетирип жибересиңер?!– дедим. “Батукаев боюнча комментарий берип коёсузбу? Башка чиновниктерге журналисттер чыкса, алар телефонун өчүрүп, бир нерсе айткандан качып жатышат. Маалыматтык согуш катуу болууда. Сиз айтып койбойсузбу?” деп суранды. 10–15 мүнөт өтпөй эле журналисттер кабинетиме камералар менен кирип келишти. Бул атайын даярдалган. Мени “крайний” кылгысы келишкен. Табалдиев “Эми, сиз түшүнөсүз да” деп, тиги киши айтып жатат дегендей кылды. Атамбаев суранып жатканын билдим.

— Бул иштин башында Атамбаев өзү турган болсо, ким көзөмөлгө алып турган?

— Атамбаев башында турган, көзөмөлдөгөн президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаев болгон. Муну эч ким айта элек. Табалдиев президенттик аппараттын коопсуздук, коргонуу бөлүмүнүн башчысы болчу. Данияр Нарымбаев экөөбүз классташпыз, бир мектепте окуганбыз. Ал менин журналисттерге ачык экеними жакшы билет. Атамбаев, Табалдиев, Нарымбаев үчөө сүйлөшүп, Турсунбек Акунду айттырабыз дешти да.

— Атамбаев менен Нарымбаев экөө ушул иштин башында турганы тууралуу далил барбы?

— Сенден эч нерсени жашырбайм да, аны өзүң деле билесиң. Бир фактыны сага ачык айтайын. Данияр Нарымбаев менен жолуккам. Данияр, Болот Шер баштаган депутаттык комиссия “Табалдиевди ким айттырганын айтып бер” деп жатышат, эмне кылайын, айтайынбы?– десем, “Туке, биз сени алып калабыз. Айта көрбө. Атамбаев өзү Батукаев боюнча баарын көзөмөлдөп жатат, баары Атамбаевдин көзөмөлүндө…” деп жалдырап жиберген. Нарымбаев менен жолугуштурса, анын көзүнчө ушуну айтып бере алам.

— Суракка бардыңызбы?

— Бардым, 5 саат сурак бердим. Баарын айтып, көрсөтмө бердим.

Маектешкен: Наралы Асанбаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Экс-президент Атамбаевдин баласынын афёрасы… же өзбек президенти Ш.Мирзиеёвдин атын сатып, бизнес кылгысы келген Атамбаевдин уулунун кылыктары

Бейынсапка кашык салса беш ууртайт демекчи, экс-ажо А. Атамбаев дүнүйө-мүлк десе көзүнө башка нерсе көрүнбөй кала турганы көп жолу айтылып, жазылып да келет. Маселен, улуу жазуучу Ч. Айтматовду алдап, жазуучулардын фондуна которулган каражаттарды какшытып кеткени эле көп нерседен кабар берип турат.

Ага болбой алкынып жүрүп акыры президент болуп шайланып, ага болбой сугалак жаны кыргыз өлкөсүндөгү майлуу-сүттүү деген жерлерге көз артып, жакындарына каттатып алып, бирок анын баарын калктан ката албай тургандыгын билбеген окшойт.

Анда сөзүбүз куру болбосун деп мисалдарды келтирели: С. Исаков жана С. Атамбаев (экс-президент А. Атамбаевдин уулу) Чолпон-Ата шаарындагы жер тилкесин мыйзамсыз өзүмдүк кылып алуу боюнча аракетке катышкан. Өтө узун кылбай, кыскарта чаап айтканда, 2017-жылдын 25-октябрында КР өкмөтүнүн аппаратынан Ысык-Көл облусу боюнча өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө КР премьер-министри С. Исаковдун дарегине багытталган «Форум» илимий-өндүрүштүк фирмасы ЖЧКсынын президенти, А. Атамбаевдин уулу — ​С. Атамбаевдин кайрылуусу келип түшөт. Анда Чолпон-Ата шаарындагы «Ала-Тоо» эс алуу үйүнүн чыгыш тарабындагы 4,5 гектар аянттагы жер тилкесин отель куруу үчүн бөлүп берүү өтүнүчү көрсөтүлгөн. С. Атамбаев сураган жер тилкеси «Шаардык парктар зонасы» категориясына кирген. Андыктан ал жерге кандайдыр бир курулуш курууга тыюу салынат эле. Мына ушуну билип турушуп эле С. Исаков менен С. Атамбаев ал жер тилкесин алууга аракет кылышкан.

Атап айтканда С. Исаков Чолпон-Ата шаардык мэриясына кат жолдоп, маселени чечип берүүгө буйрук кылат. Бирок мэрия буга мыйзам жол бербей тургандыгын айтып болбой коёт (өкмөттүн 04.04.2007ж. № 91 токтомун жана Жер кодексинин 78-беренесин негиз кылып беришет).

Ага болбой, мэрия өкмөттү укпаса, анда Президенттик Аппаратты угат деген ой менен Президенттин иш башкармалыгынын биринчи орун басары Р. Тулебердиевдин ошондой эле мүнөздөгү каты С. Исаковдун визасы менен кошо Чолпон-Ата мэриясына жөнөтүлөт.

Кызыгы, А. Атамбаевдерден амал качып кутулбайт белем, аталган жерди биздин менчигибизге эмес, Өзбекстандын президенти Ш. Мирзиёевге резиденция салып беребиз деген шылтоо менен кайрылышкан экен. Натыйжада Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин 2017-жылдын 1-декабрындагы № 29/7–1 токтому менен Чолпон-Ата шаардык мэриясынын 2017-жылдын 1- декабрындагы № 01/70 токтому жана Өкмөттүн 2017-жылдын 17-декабрындагы № 801 токтому менен Чолпон-Ата шаарындагы аянты 5,49 га жер тилкеси Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Ал жердин 3,24 га мөөнөтү чектелбестен, 2,25 га тилкеси 49 жылдык мөөнөт менен эс алуу жайларын курууга деп берилип кеткен.

Бул жерди мыйзамды бузуп, күчкө салып, өзбек президентине резиденция курабыз деп шылуундук кылып, бирок түп максаты С. Атамбаевдин жеке бизнес кызыкчылыгы үчүн жасалгандыгы айгине болуп отурат. Болбосо, А. Атамбаевдин карачечекей уулу С. Атамбаев (азыр айтылуу «Форум» ишканасынын президенти) атасы ажо болуп турган кезинде кол баладай болгон өкмөт башчы С. Исаков аркылуу аталган жерди менчиктеп албайт эле да. Эми ошол уурулугу кармалып, мыйзам алдында жоопкерчиликке тартылышы керек го.

Баса, А. Атамбаевдин канчалык сугалак экендигин айгинелеп бере турган дүнүйө-мүлкүнүн тизмесин карап көрөлү.

Недвижимые имущества А. Атамбаева и его близких родственниковквартира, расположенная по адресу: г. Бишкек, ул.Киевская, дом № 80, кв. 28 (зарегистрирована на А. Шагиеву);

-парковочное место, расположенное по адресу: г. Бишкек, ул.Киевская, дом № 80, кв.12 (зарегистрирована на А. Шагиеву);

-квартира, расположенная по адресу: г. Бишкек, ул.Боконбаева, дом № 111, кв. 7 (зарегистрирована на К. Атамбаеву);

-парковочное место, расположенное по адресу: г. Бишкек, ул.Боконбаева, дом № 111, парковочное место № 7 (зарегистрирована на К. Атамбаеву);

-квартира, расположенная по адресу: г. Бишкек, ул.Токтогула, дом № 140, квартира № 51 (зарегистрирована на Д. Атамбаеву);

-парковочное место, расположенное по адресу: г. Бишкек, ул.Токтогула, дом № 140, парковочное место № 40 (зарегистрирована на К. Атамбаеву);

-квартира, расположенная по адресу: г. Бишкек, ул.Боконбаева, дом № 111, квартира № 22 (зарегистрирована на С. Атамбаева);

-парковочное место, расположенное по адресу: г. Бишкек, ул.Боконбаева, дом № 111, парковочное место № 9 (зарегистрирована на С. Атамбаева);

-земельный участок сельскохозяйственного назначения, расположенный по адресу: Чуйская область, Аламудунский район, айыльный округ Арашан, с.Арашан, ул.Кошокбека, дом № 22 (зарегистрирована на С. Атамбаева);

-земельный участок сельскохозяйственного назначения, расположенный по адресу: Чуйская область, Аламудунский район, айыльный округ Арашан, с.Арашан, ул.2-участок, дом б/н (зарегистрирована на А. Атамбаеву);

-земельный участок сельскохозяйственного назначения, расположенный по адресу: Чуйская область, Аламудунский район, айыльный округ Арашан, с.Арашан, ул. Без названия, участок б/н (собственник государство, бенефициарное лицо А. Атамбаев);

-земельный участок сельскохозяйственного назначения, расположенный по адресу: Чуйская область, Аламудунский район, айыльный округ Арашан, с.Арашан, контур № 498 (собственник государство, бенефициарное лицо А. Атамбаев);

-земельный участок сельскохозяйственного назначения, расположенный по адресу: Чуйская область, Аламудунский район, Таш-Мойнокский айыльный округ, с.Кой-Таш, контур № 717 (собственник Таш-Мойнокский айыльный округ, бенефициарное лицо А. Атамбаев);

-земельный участок сельскохозяйственного назначения, расположенный по адресу: Чуйская область, Аламудунский район, Таш-Мойнокский айыльный округ, с.Кой-Таш, участок б/н (собственник государственное Фрунзенское механизированное лесное хозяйство, бенефициарное лицо А. Атамбаев);

-оздоровительный центр, расположенный по адресу: Чуйская область, Аламудунский район, Таш-Мойнокский айыльный округ, с.Кой-Таш, контур № 706 (зарегистрирована на А. Атамбаеву);

-земельный участок сельскохозяйственного назначения, расположенный по адресу: Чуйская область, Аламудунский район, Таш-Мойнокский айыльный округ, с.Кой-Таш, улица б/н, участок б/н (собственник государство, бенефициарное лицо А. Атамбаев);

-курортно — ​рекреационное зона, расположенная по адресу: Иссык-Кульская область, Чон-Сары Ойский айыльный округ, квартал курортно-рекреационное зона (собственник государство, бенефициарное лицо А. Атамбаев);

-оздоровительный лагерь, расположенный по адресу: Иссык-Кульская область, Тюпский район, с.Тогуз-Булак, уч. 11, 15 (зарегистрирована на К. Атамбаева);

-столовая, расположенная по адресу: Иссык-Кульская область, Тюпский район, с.Сары-Булун (зарегистрирована на К. Атамбаева);

-квартира, расположенная по адресу: г. Бишкек, 7 мкр., дом № 49/6, кв. 4 (зарегистрирована на супругу Сеидбека Атамбаева — ​Жибек Рахмаджановой);

-квартира, расположенная по адресу: г. Бишкек, ул.Орозбекова, дом № 1, кв. 1 (зарегистрирована на супругу Сеидбека Атамбаева — ​Жибек Рахмаджановой);

-квартира, расположенная по адресу: г. Бишкек, ул.Орозбекова, дом № 15, кв.12 (зарегистрирована на супругу Сейтека Атамбаева — ​Аэлите Сатыбалдиевой);

-жилой дом, расположенный по адресу: Чуйская область, Сокулукский район, ж/м «Семетей», ул.Проектируемая, дом № 2927 (зарегистрирована на супругу Сейтека Атамбаева — ​Аэлите Сатыбалдиевой).

-жилой дом, расположенный по адресу: с.Кой-Таш, ул.Бекберди уулу Асанкул, дом № 47 (зарегистрирован на бывшей супруге А. Атамбаевой — ​Бабуажар Атамбаеву).

Юридические лица, имеющие отношение к семье Атамбаевых

-ОАО «Кыргызавтомаш», зарегистрированное по адресу: г. Бишкек, ул.Матросова, дом № 1 «А» (учредитель Черных Анатолий Серафимович);

-ОсОО «Редакция телерадиокомпании «Канал-D»», зарегистрированный по адресу: г. Бишкек, ул. 7-Апреля, дом № 4 (учредитель А. Атамбаев);

-ОсОО «Апрель ТВ», зарегистрированное по адресу: г. Бишкек, ул. 7-Апреля, дом № 4 (учредитель А. Атамбаев);

-ОсОО «Автомаш-Энерго», зарегистрированное по адресу: г. Бишкек, ул.Матросова, дом № 1 «А» (учредитель Атамбаев Сеидбек Алмазбекович, ОсОО «Автомаш-Радиатор»);

ОсОО «Автомаш-Экол», зарегистрированное по адресу: г. Бишкек, ул.

-Матросова, дом № 1 «А» (учредитель Атамбаев Сейтек Алмазбекович);

-ОсОО «Автомаш-Радиатор», зарегистрированное по адресу: г. Бишкек, ул.Матросова, дом № 1 «А» (учредитель ОАО «Кыргызавтомаш»);

-Общественный фонд «Апрель», зарегистрированное по адресу: г. Бишкек, ул.7-Апреля, дом № 4 (учредитель А. Атамбаев);

-ОсОО «ОРТОН», зарегистрированное по адресу: г. Бишкек, 7-мкр, дом № 44, кв. № 116 (учредитель Кадыркулов Ильяс Суеркулович, генеральный директор ОсОО «Автомаш-Экол»);

-ОсОО «Альянс Групп», зарегистрированное по адресу: г. Бишкек, ул.Матросова, дом № 1 «А» (учредитель Кадыркулов Ильяс Суеркулович);

-ОсОО «Кыргызский соколийный центр «Мурас»», зарегистрированное по адресу: Иссык-Кульская область, Тюпский район, с.Сары-Булун; (зарегистрировано на Э. Сопокова);

-ОсОО научно-производственная фирма «Форум», зарегистрированное по адресу: г. Бишкек, ул.7-Апреля, дом 4 «Б» (совладелец А. Атамбаев);

-Общественный фонд здоровая страна, зарегистрированное по адресу: г. Бишкек, ул.Чалдоварская дом № 89 (совладелец Р. Атамбаева);

-Медико-образовательный научный центр «Здоровье и долголетие», зарегистрированное по адресу: г. Бишкек, ул.Чалдоварская, дом № 89 (совладелец Р. Атамбаева);

-ОсОО «Фокас Этректив» (учредитель Динара Атамбаева);

-ОсОО «Джоли» (учредитель Диана Атамбаева);

-ОАО «Нооруз» (учредитель Диана Атамбаева).

-Следует отметить, что ОАО «Автомаш-Радиатор» входит в состав российского холдинга «Композит групп».

Т. Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

Видео - Төрөбай Колубаев: "Зонада Дүйшөн Чотонов "каралар" менен отурат, алар Дүйшөн Чотоновду колдоп койбогону үчүн Текебаевге нааразы"

“27-колонияда Бектур Асанов, Кубан Кадыров, мен, Дүйшөн Чотонов болуп олтурдук. Чотонов жөн эле айыпсыз олтурат ал киши. Текебаев Өмүрбек Чиркешовичке салам дуба айтат элем Дүйшөн Чотонов боюнча”, – деп билдирди бүгүн, 16-майда абактан бошонгон “Элдик парламенттин” мүчөсү Төрөбай Колубаев.

“Сиз чыкпасаңыз да “Дүйшөн Чотоновду чыгарып койгула” деп бир суранып койсоңуз жакшы болмок. Ошол жерде “каралары” да “кызылдары” да баары бата бермекпиз. Сиз өзүңүз эгоист болуп, Чотоновду унутуп койдуңуз. Ошол жагы туура эмес болуп калды. Негизи Дүйшөн Чотоновго салам-дубаңызды айтып, өзүңүз чыкпасаңыз да “Урматтуу Сооронбай Шарипович, мен чыкпасам да Дүйшөн Чотоновду чыгарып койгула, жөн эле олтурат ушул жигит, деп койсоңуз чоң колдоо болмок. Ушул катаңызды сиз Өмүрбек Чиркешович мойнуңузга алып коюңуз. Бизге аябай катуу тийди, негизи эле Текебаев саясый туткундарды колдоп бир ооз жылуу сөз айтып койгон жок. Өзү абакка отурганга чейин да олтургандан кийин да айткан жок. Бизди жөн эле койсун, жок дегенде өзүнүн соратниги болгон Дүйшөн Чотоновду колдоп койсо болмок ошол жерде”, – деди Төрөбай Колубаев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Видео - Төрөбай Колубаев: "Айыпсыз соттолгондор зонадан Абдил Сегизбаевге ысык салам айтышты"

“Бизди, “Элдик парламенттин” мүчөлөрүн 27-колониядагы экстремист-террористтердин абагына кошуп камады да. Тергөө бүтүп, иш сотко ашып биз соттоло баштаганда негедир мурун бизге тагылбаган, тергөө болбогон 299-берене менен соттоп жиберишти. Көрсө бизди региондор аралык кастыкты козутуу беренеси менен экстремист-террористтерге кошуп камоо планын иштеп чыгышкан экен деп билдирди бүгүн, 16-майда Kyrgyztoday.kg маалымат агенттигине 2016-жылы бийликти күч менен басып алууга аракеттенген деген жалаа менен соттолуп кеткен “Элдик парламенттин” мүчөсү Төрөбай Колубаев акталып, абактан чыккандан кийин.
“Сегизбаев Адилге чоң ысык салам жолдойт элем, Кыргызстан боюнча экстремист-террорист деп 500 адам камаган экен. Анын ичинен 100 гана киши реалдуу экстремист-террорист болот. Калган 400 киши чындап тергесе бир байкуш жетим балдар, атасы жок, жума намазга барып, жөн эле намазга жаңы жыгылган балдар экен. Аларга карата профилактикалык иш-чаралар гана жүргүзүлүш керек эле, камабай. Абдил Сегизбаев дүйнө жүзүнө, ОДКБ, ШОСко өзүн Кыргызстанда терроризмге каршы күрөш жүргүзүп жаткан генерал катары көрсөтүүгө жанталашкан. Атамбаевдин мураскери – президент болом деп аябай даярданган. Ошол жерде олтурган 500 адамдын баарына каршы кыйноолор пайдаланылган. Эми алар Сегизбаевге салам айтышты. Алар узакка камалып кетишкенден кийин үй-бүлөлөрү кыйраган. Кээ бирлеринин инилери, балдары, апалары бул дүйнөдөн өтүп кетишти… Эми аларды радикал кылган Сегизбаев болду. Эгер алар түрмөдөн чыккандан кийин жаман иштерге барышса Сегизбаев, Жолдубаева, Атамбаевдерге ыракмат айтыш керек”, – деди Төрөбай Колубаев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Мурунку Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева камакка алынды

Кечээ, 14-майдын кечинде кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ИИМге суракка чакырылган мурунку Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева камакка алынды. Бул тууралу биздин министрликтеги булактарыбыз тастыктады.

Буга чейин абакта жаткан Азиз Батукаев кандын айыкпас рак оорусуна чалдыккан деген диагноз койгон 3 дарыгер камакка алынган болчу.

Алардан сырткары да бул иш боюнча ошол кездеги вице-премьер Шамил Атаханов, ЖАМКнын ошол кездеги төрагасы Зарыл Рысалиев, Акыйкатчы Турсунбек Акун жана башкалар шектелүүдө.

Коомчулук мунун баары ошол кездеги президент Алмаз Атамбаевдин буйрутмасы менен жасалган деп ишенет.

Эсиңиздерге сала кетсек, Азиз Батукаев 2013-жылы 9-апрелде эки жумалык гана өмүрү калды деп абактан мөөнөтүнөн мурда чыгарылып жиберилген. Бирок ал бүгүнкү күнгө чейин жыргап-куунап жашоодо.

Булак: KyrgyzToday.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстанда уран казылбайт

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-майда Конституциялык палатанын судьяларын кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө жарандардын конституциялык укугун коргоо,  мыйзамдардын кынтыксыз аткарылышы тууралуу сөз болуп, Мамлекет башчысы кызуу талкууланып жаткан уран казуу маселеси боюнча пикирин билдирди.

«Биз кийинки муунга ынтымагы бекем коомду, укуктук мамлекетти калтыруубуз зарыл. Урпактарга ата-бабадан калган таза табиятты, жашыл жаратылышты жеткирүүгө милдеттүүбүз. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айта кетейин, Ысык-Көлдө Кызыл-Омполдо уран казуу маселеси коомдо кызуу талкууланып, элибиз кабатыр болуп жатат. Так кесе айтам — Кыргызстанда уран казылбайт!», — деп баса белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришкенден бери тоо-кен тармагына катуу талап коюлуп жаткандыгын айтып, тармактагы маселе Коопсуздук кеңешинде каралгандыгын эске салды.

«Бул тармак, айрыкча лицензия-уруксат берүү системасы коррупцияга белчесинен батып, абалдын жетер жерине жетип калгандыгынан улам, тоо кен тармагындагы маселени быйыл жылдын башында Коопсуздук кеңешине алып чыккам. Кен чыккан жерлерге уруксат берүүдө, көп учурда, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыктары эске алынган эмес. Тескерисинче, тар чөйрөнүн, айрым таасирдүү топтордун кызыкчылыктары жогору турган. Лицензия берүү тармагында кадимки эле базардагыдай алып сатарлыкка жол берилип келген. Ошондуктан, 2018-жылы лицензия берүүнү кылдат анализдеп, инвентаризация кылууну  сунуштагам, жөнөкөй тил мен айтканда жаңы лицензияларды берүүгө мораторий жарыяланган», — деди Президент.

Мамлекет башчысы Кызыл Омполдогу абалды кен казууу тармагындагы баш аламандыктын, өзүм билемдик саясаттын жыйынтыгы деп баалады. Эгемендик жылдарында жалпысынан жер казынасын пайдаланууга 2, 5 миӊден ашык  лицензия берилген. Акыркы 8 жылдын ичинде тоо-кен тармагына тийиштүү  жүзгө жакын кылмыш иши козголгон, бирок көпчүлүгү аягына чыгарылган эмес. Бул багытта Коопсуздук кеңишинин чечимине ылайык учурда жумушчу топ иштөөдө.

«Дагы кайталайм, Кызыл-Омполдо уран казылбайт. Ачыгын айтканда, Өкмөттүн бул маселеге болгон кайдыгер мамилесинен улам коомчулук дүрбөлөң түштү. Баса белгилеп айтам, жөн жерден дүрбөлөңгө түштүк. Керемет Ысык-Көлүбүз кезектеги туристтик сезонго даярдык көрүп жаткан кезде мындай дүрбөлөң  туризм тармагына балта чапкан кыянаттыкка барабар. Ошондуктан, мекендештериме, жарандык коом, массалык маалымат каражаттарына айтаарым, тынчсызданууга эч негиз жок. Активдүү позицияңарды көрсөтүп, Кыргызстан ачык жарандык коомдун өлкөсү экендигин дагы бир ирет далилдедик» — деди Президент.

«Кечигип болсо да Өкмөт Кызыл-Омполдо уран казылбай тургандай чечим кабыл алды. Жогорку Кеңеш да бул маселени талкуулап, өз позициясын билдирди. Биздин кымбат, сүйүктүү Кыргызстаныбыз — таза экологиянын, таза суунун, таза абанын өлкөсү!  Таза табиятты бузганга баарыбыз биригип жол бербейбиз!  Көздүн карегиндей сактайбыз!», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Меню