Menu

РЕДАКЦИЯНЫН ТАНДООСУ

Олжобай Шакир, жазуучу: "Бийлик АШАны камай албаса, куру дегенде шыйпаңдап Кой-Ташка барган журт бузарлардын шыйрагын чагыш керек"

Шыйпаңдап Кой-Ташка баргандардын шыйрагын чагыш керек. Болбосо минтип отуруп алар Атамбаевдин секта сыяктанган журт бузар тобуна айланат. Булар коомдун адеп-аклак ориентациясын буза турган коркунуч экенин Кыргыз бийлигиндегилер аңдабай отурат. Жумушсуз темселегендер менен кекиртегин черткен алкаштарды топтой коюп деле өлкөдө 3-төңкөрүштү жасап жиберүү иттен оңой иш экенин ойлонуп атса керек АША. Себеби ал саясый кайраштардын жолун мыкты өздөштүргөн шылуун экени кимге жашыруун? Жумушсуз жүргөн коомдук катмарды тартуунун эң сонун жолун ойлоп тапкан АШАнын “Элдик штабынын” тактикасы ушул болушу ыктымал: чогулган элге концерт коюп, буканын этине бууланган пловго тоюп, анан АША менен сүрөткө түшкөнүнө корстон карапайым, өтө баёо, ишенчээк фанаттардын карааны калдайып өсө берсе, Акүйдүн алласы оозунан учат заматта. Андыктан коомчулук да бул маселеге жөн салды мамиле кылбашы керек… Эмне кылсак журт бузарлардын жолу бөгөлөт? Болбосо короого эки үймөк таш үйүп алып коргонуп отурган бир ууч топтун “атакасынан” корккон ИИМ да, Улуттук коопсуздук кызматындагылар да эч нерсе кыла турган түрү жоктой. Жолуң болгур Кыргыз бийлиги АШАны камай албаса да, куру дегенде буканын этине шилекейин агызып жөнөп калгандардын аягын кантип токтотушту билбей отурабы – таңмын Шалтурук бийликке ишеним артуу кыйындап баратыр эй…

Олжобай Шакир, жазуучу

Бейшенбек Бекешов, журналист: "АША баарыбыз үчүн сыноо. АШАны колдоп жаткан принципсиз, уятсыз жана саткындардын бирин калтырбай тизмелеп алып, кийин эл башкарууга жолотпошубуз керек "

“Жер ээн болсо доңуз төбөгө чыгат” дейт кыргыз. АШАны колдоп, коргоп жаткандардын АШАнын өзүндөй эле улам күчөп, азынап баратканы акыл-эси жайында деген элдин башы чатына кирип унчукпай жатканынан гана болууда. Ошентсе да унчукпоонун башкы себеби бул иштин баарын бийлик жөнгө салууга тийиш деген илгери үмүттө. Бийлик принципсиздигин көрсөтсө гана элдин үнү чындап чыга баштаарында кыпындай да шек жок.
Мунун кашкайган далили АШАнын Путинге барып келиши болду. Анын Россияга учуп кетээри анык болгондо элдин дээрлик токсон тогуз пайызы “качты, кайрылып келбейт” деп түшүндү. Себеби АШАнын айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча башкача ой жооруу дээрлик мүмкүн эмес болчу. Ушунчалык оор кылмыштар боюнча айыпталып жаткан кишини бийлик эч суроо-сопкуту жок өлкөдөн чыгарып жиберсе, чоң балээ мына ошондо башталмак. Чыныгы Үчүнчү революция ошондо болмок. Социалдык тармакта мындан башкача маанай байкалган жок. АШАны Батукаевдей кылып узатып жаткан бийликти жерден алып көргө, көрдөн алып сууга салган пикирлер иттин кара капталынан болду. Жээнбековдорго аздыр-көптүр симпатиям бар мен өзүм да эң жаман сөздөрдү айтуудан кайра тартпадым. Бийлик али ыргылжың болуп жатса таасир этели дедик, чындап чечими ошол болсо кечтим байдын кызынан дедик. Себеби андай бийликтин АШАдан айырмасы болмок эмес.
Эмнеси болсо да ошол кырдаалда сабыр күтө албаган элди бир сыйра кырылыштырып, Соке сойду баарыбызды. Путин экөө АШАны бутунан аркандап койгонун кайдан билдик. Күлгө чапкан көтөндөй бозала болуп келди го кайра.
Ошентсе да ушул жерде бир чоң өзгөчө жагдай бар экен. Россия биздин кылмышкер жетекчилер башпаанек кылчу да жер тура. Качып кетээр жери турса ууру-кески чоңдор эмнеден тартынат эле. Анын үстүнө мамлекет башына баргандардын өз ара тилектештиги, таграак айтканда мафиясы пайда болот окшобойбу. Ар кандай кыйын кезеңде бири бирин колдоп-буттап турган. “Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт” дегендей, булардын баары өздөрүнүн таза эмес арты эртедир-кечтир көрүнөөрүн билип, ошонун камын жешет тура. Казакстан чек арасын кайра-кайра жаап салып жатканы сыяктуу, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн бүтүндөй мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануудан кайра тартышпайт экен да. Ошондуктан бир беткей Россияны караган саясат биздин мамлекеттик кызыкчылыгыбыз үчүн, деги эле толук кандуу эгемендүүлүгүбүз үчүн зыяндуу экени ушул жолу кашкайып көрүндү окшойт.
Ошентсе да АШАнын кашасы али бүтө элек. АШАга мамиле ар бирибиз үчүн абийирибиз менен ар-намысыбыздын сыноосу. ЖЭБден 150 миллион доллар жесе, Датка-Кеминдин зымынын ар бир километрин 1 миллиондон ашуун долларга тартса (эң чоң асфальт жолдун да километри 1 миллион болбойт), Дача-Сууну кыйраткан учак сыяктуу эсепсиз акчага аткезчилик кылса, аялы баш болгон шайкасы чет элдик инвесторлордун мүлкүн рейдерлик кылса, өзү шайкасы менен биригип мамлекеттин жерине хан сарай салса, анысы аз келгенсип, далай кыргыздын түбүнө жеткен ашынган кылмышкерди түрмөдөн качырса, ошондон кийин да элди келесоо, макоо санап, оозуна келгенин оттоп аксымданып, ашынган карөзгөйлүгүн көрсөтүп турса, ушунун баарында салык төлөөчү жана жаран катары менин укугум талкаланып жатса, жеке мен муну көтөрө албайм. АШАнын аёосуз жазаланышы үчүн өлбөгөн жерде калам. АШАны колдоп жаткан принципсиз, уятсыз жана саткындардын бирин калтырбай иликтеп, бадырайтып тизмелеп алууну сунуш кылам. Алардын кылмышка шериктеш болгону аныкталбай калган күндө да бирин да эл башкаруу ишине жакын жолотпошубуз керек. Эгер биз АША деген сынактан абийирибиз менен өтө албасак эл да, мамлекет да, адам да боло албайбыз. Андай коомдун жер бетинде жашоого укугу жок. Ал эми азыркы бийлик элдик болом десе бул маселеге өзүнүн олчойгон чекитин коюуга тийиш.

Бейшенбек Бекешов, журналист

Искендер Матраимов: “Райымбек Матраимовго Түркиянын эң ири компанияларынын бири вице-президенттик кызматты сунуш кылды”

КР Бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимовго Түркиянын эң ири компанияларынын бири вице-президенттик кызматты сунуш кылды. Бул тууралу Kaktus  сайтына анын агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов билдирди.

Анын айтымында, Райымбек Матраимов бул сунушту кабыл алышы мүмкүн. Бирок кайсы компания тууралу сөз жүрүп жаткандыгы  ачык айтылган жок.

“Райымбек анын бажы кызматынан мыйзамсыз бошотолушу боюнча өкмөт менен соттошуп жүрдү. Ошондой эле анын мүлкүн текшерип жаткан  Каржы полициясынын иликтөөсү эмне менен бүтөрүн күттү. Ушул себептерден улам ал өлкөдөн сыртка чыкпай жүрдү, бирок, менин билишимче ал мамлекеттик кызматка кайра барууга ниети жок”, – деди Искендер Матраимов.

ЖАМК: “Аида Салянованын ден соолугу жакшы, ооруканага жаткыруу зарылдыгы жок, ал Кыргызстанда эмес, чет өлкөдө дарылангысы келет”

«Экс-генпрокурор Аида Салянова Бишкектеги СИЗО-1 тергөө абагында врачтардын такай көзөмөлүндө олтурат. Врачтар чыгарган корутунду боюнча ден соолугу канааттандырарлык абалда, кыймыл-аракети активдүү, акыл-эси тунук, ооруканага жаткыруу зарылдыгы жок”, – деп билдирүү таратты 31-июлда КР Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы.

Врачтар айыпталуучу Аида Саляновадан “Кыргызстандын ооруканаларында дарыланууну каалайсызбы?” деп сурашканда Салянова чет өлкөгө чыгып, операция жасатууну каалай турганын билдирген. Кыргызстандын ооруканаларынын шарттарында дарыланууну каалаган эмес.

Азыр Салянова тергөөнүн иш-чараларына катышууда – СИЗО-1дин аймагынан тергөө  иш-чараларына чыгарылып турат.

Эсиңиздерге сала кетсек, Аида Салянова 2013-жылы генпрокурор кызматында туруп, коррупциялык жол менен кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу кылмышына катышкан деп айыпталып, 3-июндан бери камакка алынган. Ошол кездеги Нарындын атайын прокурору Майрамбек Акматалиев  суракта кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошоткон Нарын шаардык сотунун чечимине прокурордук каршылык жасоого аракеттенгенде генпрокурор Аида Салянова тыйып койгону боюнча тергөөгө көрсөтмө берген.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Депутат Зарылбек Рысалиев үй камагына алынды

Бүгүн, 2-августта КР Жогорку Кеңешинин депутаты Зарылбек Рысалиевди Бишкектин Биринчи май райондук соту үй камагына алуу чечимин чыгарган.

Атамбаевдик режимдин Ички иштер министри, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Зарылбек Рысалиев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз, коррупциялык жол менен бошотуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин фигуранты катары суракка алынууда. Азиз Батукаевди “Манас” аэропортуна чейин узатып барган ЖАМКнын төрагасынын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев өзүнүн шефи Зарылбек Рысалиевдин буйругун аткарганын мойнуна алып,  тергөөгө көрсөтмө берген.

Буга чейин 7-июнда депутат Зарылбек Рысалиевди суракка алган ИИМдин тергөөчүлөрү сурактын жыйынтыгы менен аны камакка алуу чечимин жарыялашканда Рысалиев эс-учун жоготуп кулап түшкөн. Коркуп кеткен тергөөчүлөр Рысалиевдин ИИМ системасында иштеген уулун чакырышып, “тез жардамга” салып беришкен. Ошондон бери дарыланып жүрүп, 29-июлда үйүнө чыгып келген эле.

Бул кылмыш ишинин алкагында камакка алынган экс-саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева, экс-ички иштер министри, экс-вице-премьер Шамил Атаханов, экс-атайын прокурор Майрамбек Акматалиев, экс-сот Эрматов, ЖАМКнын төрагасынын экс-кеңешчиси Калыбек Качкыналиев тергөө менен кызматташып, үй камагына чыгышкан.

Бул кылмыш ишинин дагы бир фигуранты, экс-генпрокурор Аида Салянова тергөө менен кызматташуудан баш тартып, Бишкектин СИЗО-1 тергөө абагында олтурат.

Бул кылмышты уюштурууга шектелген УКМКнын экс-төрагасы, Коргоо кеңешинин экс-катчысы Бусурманкул Табалдиев Кыргызстандан Түркияга качып кеткен.

Баарынын корбашысы Алмаз Атамбаев Кой-Таштагы үйүнө баррикада куруп алып, Азиз Батукаевди коррупциялык жол менен бошотуу боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөөчүсүнө сурак берүүдөн качып жүрөт.

Эсиңиздерге сала кетсек,  кыргыз жарандарынын кулактарын кесип шылдыңдап, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Тынычбек Акматбаев баштаган бир нече мамлекеттик кызматкерди өлтүргөн деп айыпталып, 16 жылга кесилген Азиз Батукаевди 2013-жылы апрелде, жаза мөөнөтүн толук аткарууга дагы 8 жыл калганда ошол кездеги кыргыз бийлиги мыйзамсыз абактан бошотуп жиберген.

Айрым  маалыматтар боюнча Азиз Батукаев бул кызматы үчүн кыргыз чиновниктерине 10 млн АКШ долларын пара түрүндө төлөп берген.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Президент Сооронбай Жээнбеков: Атамбаевдин иши Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш

«Атамбаевдин иши Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-июлда, Чүй облусунун Панфилов районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда, элдин суроосуна жооп берип жатып. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Учурда кыргызстандыктарды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тегерегиндеги кырдаалга карата менин көз карашым кызыктыраарын билем. Анын айланасындагы акыркы окуялар, күбө катары суракка чакырылып жатканы — бул мыйзам ченемдүү көрүнүш деп айтат элем. Мыйзамдуу өлкөдө мыйзамдын алкагында гана иш-аракеттерди жүргүзүү керек. Кандай гана адам болбосун — мурдагы президентпи, чиновникпи, аскер кызматкериби, же катардагы кызматкерби — мыйзам баарына бирдей болуп, ар бирибиз ага баш ийишибиз керек. Ошондо гана өлкө өнүгөт. Атамбаевдин иши дагы Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш. Менин көз карашым ушундай», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

УКМК: Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов пара алып жаткан учурда кармалды

Кечээ, 30-июлда ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2 000 АКШ долларын алып жаткан учурда КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин башчысы А.Р. жана анын жардамчысы А.И. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, А.Р. жана А.И. чет элдик жарандан Ысык-Көл токой чарбасында Ананьево айылындагы жер фондунан 5 га жер участогун берүүдө оң чечим чыгарып берүү үчүн пара талап кылган.

Кармалган адамдарды тинтүүдө ар биринде пара катары алынган 1 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү акчалар табылган.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси боюнча катталды.

Кармалган А.Р. жана А.И. УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандыктарды президент Сооронбай Жээнбековдун айланасына биригүүгө чакырды

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан азыр саясый стабилдүүлүккө муктаж болуп турат, ошондуктан кыргызстандыктар азыр иштеп жаткан лидеринин айланасына биригиүүгө тийиш деп билдирди.

Россиянын мамлекет башчысы шаршемби күнү Москвага учуп келген Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевди Кремлде кабыл алды.

“Менин позициям белгилүү. Атамбаевге да бул позициямды жакшылап түшүндүрдүм. Мен Кыргызстан бизге союздаш, жакын мамлекет, Кыргызстан эки революцияны – жетишерлик ичкий саясый жарылууларды башынан өткөрдү деп эсептейм. Кыргыз элинин кызыкчылыгын эске алып, ушуну менен токтош керек”, – деп билдирди журналисттерге Путин.

Путин азыр Кыргызстандын тургундары азыркы иштеп жаткан лидер Сооронбай Жээнбековдун айланасына биригүүгө тийиш деген пикирин билдирди.

Ал Россия Кыргызстандын бийликтери менен кызматташуу боюнча макулдашкан баардык пландарды ишке ашырат деп ишендирди.

“Биздин Кыргызстан менен кызматташуу боюнча көптөгөн пландарыбыз бар. Азыркы иштеп жаткан кыргыз бийлиги менен ал пландарды ишке ашырууга чоң  максаттарыбыз бар”, – деди Путин.

Булак: РИА “Новости”

Кыргызчалаган Kyrgyztoday.kg

Видео - Равшан Жээнбеков 2013-жылы генпрокурор Аида Саляновага: "Батукаевди коррупциялык жол менен чыгарып жатасыңар, 5 жылдан кийин баарыңар соттолосуңар!"

“Батукаевди алып кетчү самолет “Манас” аэропортуна конууга 7-апрелде (2013-жыл) уруксат сураган, 8-апрелде Алматыга учуп келип күтүп турган, ал эми Батукаевди бошоткон Нарындагы сот процесси 9-апрелде болгон. Сот эки чечим чыгарган”, – деп билдирген 2013-жылы КР Жогорку Кеңешинин депутаты Равшан Жээнбеков парламенттин Азиз Баткуаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушун иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоо учурунда генпрокурор Аида Саляновага кайрылып.
“Азиз Батукаевдин түрмөдөн алынган сүрөттөрүн, анын кыймыл-аракетин көрүп, жашаган камерасын, анын стол үстүндөгү ичип жаткан тамактарын көрүп, андай тамак-аш президенттин столунда да жок болушу керек. Биз ойлойбуз Батукаев эч кандай оору эмес, врачтар миң жолу айтсын ал оору деп бирок Батукаевдин кыймыл аракетин, ичкен тамак-ашын көрүп ал эч кандай оору эмес деп жыйынтык чыгардым. Үчүнчүдөн, ушул түрмөнү кайтарган мамлекеттик кызматкерлер Батукаевди спецназ менен кайтарып, аэропортко узатып келиши, ИИМдин министринин орун басары Фуркат Усеновду чакырып сураганыбызда ал эч нерсе билбеймин деп чыкты. Бирок ИИМдин ГУБОПнун башчысы (Рафик Мамбеталиев) коркпогон патриот жигит экен, баарын айтып берди “баарына бул мыйзамсыз деп айтканбыз, докладной записка жөнөткөнбүз”, деп. Атайын прокурор өзүнүн каралоочу функциясын аткарбастан, актоочу прокурорго айланганы, сот бүткөндөн кийин атайын прокурор соттун чечимине аппеляция жазып, генпрокурордун орун басары Усмановага кайрылса, ал уруксат бербей, баары мыйзамдуу болгон деп токтотуп коюшу, Нарындан арыз берген 27 адамдын ичинен жалгыз гана Батукаевдин паспорт алышы, Улуттук коопсуздук кызматынын “Батукаевди бошотууда эч кандай коррупция жок” деп айтышы, Генералдык прокуратуранын Батукаевге адвокат болуп алышы, самолетко уча турган посадочный талонду депутаттар менен президентке учуп келгенден кийин гана паспорту менен регистрация кылып беришет, ал эми Батукаевге саат 10:00 дө уча турган самолетуна саат 08:00де эле посадочный талонун регистрация кылып колуна берип коюшкан. Мунун далили бизде бар. Чек ара кызматынын жетекчиси Мамытов “Мен Батукаев кетерде кармадым, УКМК менен ИИМдин кызматкерлерин чакырып, “коё берелиби же жокпу?” деп сурадым, алар “коё бергиле!” деди деп айтты. Дагы бир кызыктуу факт – биз депутаттык комиссия укук коргоо органдарын чакырып бирине да ушул Батукаевдин иши боюнча кылмыш ишин козгото албай койгонубуз мени аябай кызык абалга кептеди. Бул иш сөзсүз түрдө жогорку деңгээлде мамлекеттик кызматкекрлердин алдын-ала сүйлөшүп алып, жогорку деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин коррупцияга аралышып, өз ара Батукаевди качыруу боюнча операция даярдаганынын далилин маалыматтардан көрдүңөр. Урматтуу бул жерге келген жетекчилер, биздин бир гана мамлекетибиз бар, силер ойлойсуңар го, баардыгын жаап койсок, баардыгы жабылуу бойдон калат деп. Ойлобогула, 5 жылдан кийин да, 10 жылдан кийин дагы азыр сүрөтүңөр бул жерден көрүнүп жаткандай болуп розыскда жүрүп каласыңар, ушундай болуп сүрөттүңөр телевизордон көрүнүп калышы мүмкүн. Сөзүмдүн акырында менин айтарым, биздин бийлигибиз, буга чейин мен үмүтүмү артып, “таза бийлик келе жатат” деген бийлигибиз Батукаевди кызыл килем төшөп, 200 млн доллар турган “Челленджер” самолетуна салып, узаткандан кийин, мен айтат элем: силердин кетип жаткан багытыңар – силер авторитардык-бандиттик бийликти көздөй багыт алдыңар! Эртеңки күн дагы келет, баардыгыңардын жоопкерчилигиңер каралат ушул жерде. Бардыгыңар Батукаевди коргоп жатасыңар, бул күн да өтөт, келечекте баардыгыңарды жоопкерчилик күтүп турат”, – деген Равшан Жээнбеков.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Жайыл районунда 6 жашар бала ачкалыктан тамак сураса, зордоп 2 рюмка арак ичиришкенинен улам ууланып өлгөн

20-июль күнү Жайыл райондук аймактык ооруканада аракка ууланган 6 жашар бала чарчап калды. Бул тууралу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Эсиңиздерге сала кетсек, 12-июль күнү Жайыл райондук милициясына телефон чалышып, аймактык ооруканага аракка ууланган 6 жашар бала эс-учун жоготуп түшкөнүн кабарлашкан. Каттоого алынган бул факт боюнча ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, эс-учун жоготкон бала 2012-жылы туулган П.Ю. экени такталган.

Көрсө 6 жашар баланын 30 жаштагы ичкич апасы 60 жаштагы чал менен жарандык никеде турушат экен. Ал чалдын 31 жаштагы уулу А.П. тааныштары менен арак ичип олтурса 6 жаштагы бала ачкалыктан тамак сурап кайрылат. 31 жаштагы А.П. өгөй инисине бир помидор менен арак сунат, бала арактан баш тартканда өгөй агасы баланы башка чаап, зордоп 2 рюмка арак ичирет. Бала аракка ууланып, эс-учун жоготуп, Жайыл райондук аймактык ооруканага түшүп, эсине келе албай 20-июлда чарчап калган.

Чүй облустук милициясы 6 жашар балага арак ичирген 31 жаштагы А.П. кармалып, камакка алынганын билдирди.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Меню