Menu

Зарылбек Рысалиевди камакка алуу учурунда оорусу кармап, ооруканага жеткирилген

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-июнда КР ИИМдин тергөө кызматы Жогорку Кеңештин депутаты, ИИМдин экс-министри Зарылбек Рысалиевди саат 10.00.дөн баштап, абактан мыйзамсыз бошотулган кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча суракка алган. Бул тууралу бизге тергөө органдарындагы булактарыбыз билдирди.

Буга чейин кармалып, сурак берип жаткандар Зарылбек Рысалиев ЖАМКнын төрагасы катары кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууга активдүү катышканы боюнча көрсөтмө беришкен.

Бүгүнкү жана мурунку сурактардын жыйынтыгы боюнча тергөөчүлөр Зарылбек Рысалиев 2 суткага кармалганын билдиришкенде ал өзүн жаман сезип, кан басымы көтөрүлүп, оорусу кармап жыгылып түшкөн. Тергөөчүлөр “тез жардам” чакырууга аргасыз болушкан. Ал эми медиктер Зарылбек Рысалиевди ооруканага жаткырышкан.

Азыр депутат Зарылбек Рысалиев КР Президентинин Иш башкармалыгына караштуу атайын оорукананын реанимация бөлүмүндө жатат. Бирок анын палатасын атайын милиция кайтарууда.

Эксперттердин айтымында, Зарылбек Рысалиевге каршы коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголуп жаткандыктан ага Жогорку Кеңештин макулдугун алуунун зарылдыгы жок. Генпрокуратура менен сот парламентке кат жүзүндө билдирип коюу менен гана чектелишет.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: