Menu

РЕДАКЦИЯНЫН ТАНДООСУ

Садыр Жапаров: “Кеңешбек Дүйшөбаев 2010-жылдын апрель жана июнундагы кандуу окуяларга күнөкөөрлөрдүн бири катары жоопко тартылыш керек”

Сүрөттө: Садыр Жапаров менен Өмүрбек Суваналиев 2010-жылы Ош окуялары учурунда
“Биринчиден, Кеңешбек Дүйшөбаев – бул пенсиядагы адам, экинчиден ал Коопсуздук Кеңешинде олтурганга моралдык укугу жок, ошондуктан аны алмаштырдым. Анткени ал 2010-жылдагы апрель окуялары боюнча, андан кийинки түштүктөгү коогалаңдуу окуялар боюнча жооп бериши керек”, – деп билдирди бүгүн, 27-октябрда КР Президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров УТРК телеканалына интервью берип жатып.
“Анткени ал ошол кезде Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы болуп олтурган. Ал окуяларды болтурбоо боюнча алдын-ала чараларды көргөн эмес, бул дагы териштирилет. Ал жоопко тартыла турган адам, анан ал адам кантип Коопсуздук кеңешинин башында туруш керек?” – деди Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин кызматынан кетиши боюнча суроого жооп берип жатып.
Булак: KyrgyzToday.kg

Видео - Дастан Сарыгулов: "Жер үй алтын кени мафиялык-коррупциялык жол менен сатылган, Кыргыз мамлекетине түшчү таптаза $1 млрд доллар уурдалган"

“Премьер-министр токтом чыгарыптыр: “комиссия конкурстун жобосун иштеп чыксын” деп, анан кийин буйрук менен конкурстун жобосун бекитиптир, буга чейин түшүнүксүз болуп келген да премьер-министр Жоомарт Оторбаев конкурстун жобосун бекиткенби же жокпу деп. Жоомарт Оторбаев муну иликтеп карабаптыр, бул эреженин эки чоң орчундуу кемчилиги, бул коррупциялык жол экендигин даана далилдеген кемчиликтер: бул эрежеде талап жок, 1 пункт жок”, – деп билдирди “Кыргызалтын” ишканасынын экс-төрагасы Дастан Сарыгулов “Жер үй” алтын кенинин сатылышы боюнча түзүлгөн Элдик комиссиянын биринчи отурумунда.

“Буга чейин Кыргызстан Жер үй алтын кенине жумшаган чыгымдарды кайрып төлөп бериш керек” деген пункт жок. Андай чыгымдар менин билишимче $50 млн. Алар кайсы чыгымдар: алтын кенди чалгындоо, геологиялык чалгындоого Союз учурунан бери кеткен чыгым $20 млн деп айттыңар. Бул чыгымды кайсы инвестор болбосун төлөп бериш керек. Экинчи чыгым – бул ЛЭП-35 электр линиясы тартылган, 110-подстанциясы менен. Жолдор курулган. Кендин өзүнө чейин кире турган жолдор да салынган. Ошол чыгымдар мамлекетке кайтарылып берилиши керек эле. Болжолдуу дагы $25 млн деген сөз. Алардын баарынын документин көтөрүп чыгыш керек. Кайсы инвестор болбосун ошол чыгымдарды кыргыз мамлекетине кайтарып бериш керек деген жобо бул жерде болуш керек эле. Бул чоң кемчилик. Менин оюмча бул атайын киргизилген эмес. Анткени $30-40 млн болсо да бул да акча да. Экинчи чоң кемчилик – конкурстун жобосунун 25-пунктунда каржы, финансы, салык, киреше каралган пунктта Жер үй алтын кени иштеп, алтын өндүрө баштаганда анын канча пайыз үлүшү Кыргызстанга бөлүнөт деген норма жазылган эмес. Бул абдан чоң коррупциялык элемент. Дүйнө жүзүндө, айрыкча алтын кендеринде инвестор сөзсүз тапкан пайдадан 50%дан кем эмес бөлүшөт. 1993-жылы Чынгышев премьер-министр болуп турганда токтом чыгарып, Жер үйдү 30% инвесторго, 70% Кыргызстанга деп бекиткен. Ошол кезде алтындын 1 унциясынын баасы 350 доллар болчу. Ал эми Жер үй каралып жаткан 2014-жылы алтындын 1 унциясынын баасы 1250 долларга жеткен. Тактагыла. Эмне үчүн алтынга баа $350 болгондо Кыргызстан Жер үйдүн алтынынын 70%ын алат да баа $1250 чыкканда өз үлүшүнөн баш тартат? Эмне үчүн? Эмнеге Кыргыз мамлекети марттык кылып, пайданын баарын инвесторлорго өткөрүп бериш керек? Бул эрежелерди, жобону түзгөн адам мүмкүн Зилалиевдин буйругун аткарды. Бирок ал “мен мындай эрежелерди түзбөйм, комиссияга катышпайм, бул кылмыш. Анткени алтын Кыргыз мамлекетинин үлүшү жок болуп бөлүндү”, деп айтыш керек эле. Укуктук жагынан карасак, бул коррупциялык келишим, ал даана көрүнүп турат. Биринчиден Кыргыз мамлекетинин чыгымдарынын кайтарып берилиши киргизилген эмес. Экинчиден, Жер үй алтын кенинен түшкөн пайданы инвестор менен Кыргыз мамлекетинин ортосунда бөлүштүрүү тууралу талаптар киргизилген эмес. Жер үй алтын кени мафиялык-коррупциялык жол менен сатылган, Кыргыз мамлекетинин бюджетине түшчү таптаза $1 млрд доллар жеке адамдардын кызыкчылыгына уурдалган”, – деди Дастан Сарыгулов.

Эсиңиздерге сала кетсек, Таластагы 5 миллиард доллар алтыны бар “Жер үй” алтын кенин 2015-жылы президент Атамбаев менен премьер-министр Темир Сариев Россиялык чечен миллиарддер Муса Бажаевге 100 млн эле долларга, Кыргызстанга 1% да үлүш калтырбай сатып жиберишкен. Эми 100 тонна алтыны бар Жер үйдүн 1 кг алтынына да Кыргызстан ээлик кыла албайт. Ал эми Атамбаев менен Темир Сариевге чечендерди алып келген Өмүрбек Бабанов экенин коомчулук айтып жүрөт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Видео - Дастан Сарыгулов: "Жер үй алтын кени мафиялык-коррупциялык жол менен сатылган, Кыргыз мамлекетине түшчү таптаза $1 млрд доллар уурдалган"

“Премьер-министр токтом чыгарыптыр: “комиссия конкурстун жобосун иштеп чыксын” деп, анан кийин буйрук менен конкурстун жобосун бекитиптир, буга чейин түшүнүксүз болуп келген да премьер-министр Жоомарт Оторбаев конкурстун жобосун бекиткенби же жокпу деп. Жоомарт Оторбаев муну иликтеп карабаптыр, бул эреженин эки чоң орчундуу кемчилиги, бул коррупциялык жол экендигин даана далилдеген кемчиликтер: бул эрежеде талап жок, 1 пункт жок”, – деп билдирди “Кыргызалтын” ишканасынын экс-төрагасы Дастан Сарыгулов “Жер үй” алтын кенинин сатылышы боюнча түзүлгөн Элдик комиссиянын биринчи отурумунда.

“Буга чейин Кыргызстан Жер үй алтын кенине жумшаган чыгымдарды кайрып төлөп бериш керек” деген пункт жок. Андай чыгымдар менин билишимче $50 млн. Алар кайсы чыгымдар: алтын кенди чалгындоо, геологиялык чалгындоого Союз учурунан бери кеткен чыгым $20 млн деп айттыңар. Бул чыгымды кайсы инвестор болбосун төлөп бериш керек. Экинчи чыгым – бул ЛЭП-35 электр линиясы тартылган, 110-подстанциясы менен. Жолдор курулган. Кендин өзүнө чейин кире турган жолдор да салынган. Ошол чыгымдар мамлекетке кайтарылып берилиши керек эле. Болжолдуу дагы $25 млн деген сөз. Алардын баарынын документин көтөрүп чыгыш керек. Кайсы инвестор болбосун ошол чыгымдарды кыргыз мамлекетине кайтарып бериш керек деген жобо бул жерде болуш керек эле. Бул чоң кемчилик. Менин оюмча бул атайын киргизилген эмес. Анткени $30-40 млн болсо да бул да акча да. Экинчи чоң кемчилик – конкурстун жобосунун 25-пунктунда каржы, финансы, салык, киреше каралган пунктта Жер үй алтын кени иштеп, алтын өндүрө баштаганда анын канча пайыз үлүшү Кыргызстанга бөлүнөт деген норма жазылган эмес. Бул абдан чоң коррупциялык элемент. Дүйнө жүзүндө, айрыкча алтын кендеринде инвестор сөзсүз тапкан пайдадан 50%дан кем эмес бөлүшөт. 1993-жылы Чынгышев премьер-министр болуп турганда токтом чыгарып, Жер үйдү 30% инвесторго, 70% Кыргызстанга деп бекиткен. Ошол кезде алтындын 1 унциясынын баасы 350 доллар болчу. Ал эми Жер үй каралып жаткан 2014-жылы алтындын 1 унциясынын баасы 1250 долларга жеткен. Тактагыла. Эмне үчүн алтынга баа $350 болгондо Кыргызстан Жер үйдүн алтынынын 70%ын алат да баа $1250 чыкканда өз үлүшүнөн баш тартат? Эмне үчүн? Эмнеге Кыргыз мамлекети марттык кылып, пайданын баарын инвесторлорго өткөрүп бериш керек? Бул эрежелерди, жобону түзгөн адам мүмкүн Зилалиевдин буйругун аткарды. Бирок ал “мен мындай эрежелерди түзбөйм, комиссияга катышпайм, бул кылмыш. Анткени алтын Кыргыз мамлекетинин үлүшү жок болуп бөлүндү”, деп айтыш керек эле. Укуктук жагынан карасак, бул коррупциялык келишим, ал даана көрүнүп турат. Биринчиден Кыргыз мамлекетинин чыгымдарынын кайтарып берилиши киргизилген эмес. Экинчиден, Жер үй алтын кенинен түшкөн пайданы инвестор менен Кыргыз мамлекетинин ортосунда бөлүштүрүү тууралу талаптар киргизилген эмес. Жер үй алтын кени мафиялык-коррупциялык жол менен сатылган, Кыргыз мамлекетинин бюджетине түшчү таптаза $1 млрд доллар жеке адамдардын кызыкчылыгына уурдалган”, – деди Дастан Сарыгулов.

Эсиңиздерге сала кетсек, Таластагы 5 миллиард доллар алтыны бар “Жер үй” алтын кенин 2015-жылы президент Атамбаев менен премьер-министр Темир Сариев Россиялык чечен миллиарддер Муса Бажаевге 100 млн эле долларга, Кыргызстанга 1% да үлүш калтырбай сатып жиберишкен. Эми 100 тонна алтыны бар Жер үйдүн 1 кг алтынына да Кыргызстан ээлик кыла албайт. Ал эми Атамбаев менен Темир Сариевге чечендерди алып келген Өмүрбек Бабанов экенин коомчулук айтып жүрөт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Видео - Бермет Букашева: "Эмнеге азыркы бийликти жек көрүп жатышат? Регионалдык фактор роль ойноп жатат, түндүктүктөр түштүктүктөргө каршы бөлүнүшөт, адамдардын аң сезиминде ушундай жапайы инстинкттер сакталып калыптыр"

-Атамбаевди камакка алуу чынында өзгөчө окуя болду – муну эч ким пландаштырган эмес эле, күтүлбөгөн жерден окуя ушул нукка бурулуп кетти… бул деген элдин кызыкчылыгы үчүн да – мындай мыйзамды сыйлабаган кишилерди акыры соттошот, кийин андай адамдардан саясатка эч кандай таасир болбош үчүн, мындай терс көрүнүштөр кайталанбаш үчүн. Бирок коомчулуктун жарымы тескери кетип, Атамбаевди коргоого алып, мактап, айга-күнгө теңеген сүйүүлөрүн арнап киришти, бул эмнеси?

– Бир жагынан бул кубулушту түшүндүрүш үчүн психологдор менен психоаналитиктерге кайрылыш керек, ошолор гана түшүндүрүп бере алат. Менин оюмча бул жерде мындай феномен жатат – адамдардын эске тутуму өтө кыска, адамдар жаманчылыкты тез эле унутуп коюшат, анан камалган кишиге боору ооруп киришет…  Бул деген акылсыздык да! Ал адам түрмөдө мыйзам бузгандыгы, учурунда бийликти узурпация кылып алгандыгы үчүн олтурат.  Өзүнүн айланасына коррупциялык топту түзүп алгандыгы үчүн. Ал адам өзүнүн шоопурларын, жан сакчыларын мамлекеттик жогорку кызматтарга дайындаган. Эмне мунун баарын тез эле унуттуңарбы?

-Стокгольм синдрому деп койчу беле…

-Ооба, Стокгольм синдрому… Өзүнчө эле мазохизм… муну психоаналитиктер эле түшүндүрбөсө…

– Ошол эле учурда азыркы бийликти эмнеге мынчалык жек көрүшөт? Атамбаевге сүйүүлөрүн арнашып, ал эми жаңы бийликти каргап-шилешет? Сиз кандай ойлойсуз?

Ошол эле себептер менен – Атамбаевди түрмөгө олтургузду деп жаман көрүшөт…

-Досун сатып кетти деп…

Досун сатып кетти… алардын көз карашы боюнча кайсы бир коррупционерди камабайт… чынын айтканда мен деле ошондой радикалдуу аракеттердин тарапкеримин – кимдин кирешесинин булагы далилденбесе, алардын баарын камаш керек…  анан алардын күнөөсүн далилдеш керек же алар өздөрү күнөөлүү эмес экенин далилдешсин. Бул багытта мен да бийлик тез жана катуу чараларды көрүш керек деп ойлойм.  Экинчи тарабынан ушул үчүн эле дароо Атамбаевчилер менен биригип кетпеш керек да. Көрүнүп эле турбайбы, Атамбаевчилер менен биригип кетишти: “атамбаевчилер байкуштар жана куугунтук жегендер” имиш. Атамбаевчилер да алардан ашып түшкөн коррупционерлер…

Мен дагы бир нерсени айта кетейин, “эмнеге азыркы бийликти жек көрүп жатышат?” деп сурабадыңызбы, бул жерде регионалдык фактор роль ойноп жатат. Түндүктүктөр эмнегедир түштүктүктөргө каршы туруп, бөлүнүшөт. Тилекке каршы адамдардын аң сезиминде ушундай жапайы инстинкттер сакталып калыптыр. Бул дайыма көрүнүп турат. Бул адилетсиздик деп ойлойм мен. Жөн эле “мына түштүктүктөр бийликти басып алды” деп айтып, ал үчүн аларды жек көрүү – бул өтө жаман көрүнүш. Бизде ушундай инстинкттердин калганы да жаман көрүнүш, мен муну түндүктүн кызы катары айтып жатам, – деди журналист Бермет Букашева.

Видео: 5-канал

Видео - Чубак ажы Жалилов: “Президенттин кеңешчилери иштебей жатат. Президенттин туура саясатын, "достуктан да мамлекеттүүлүк бийик турат!" дегенди элге түшүндүргөн эч ким жок”

“Азыр эл арасында “бийлик эмнеге муну камайт да, тигини камабайт?” деген суроолор боло берет. Андай-мындай деген нааразычылыктар дайыма болуп турат да. Аны элге түшүндүрүп, айтып туруш керек. Жасап жаткан иштер туура болсо да элге түшүндүрүп, айтып туруу керек”, – деп билдирди кечээ, 2-январда Чубак ажы Жалилов.

“Айтып жатышпайбы: “Досун камап койду.” деп.  “Досун камап койду, дос камаган болбойт” деген сөз чыгып жатат. Мына ушул аркылуу бизде адамдар бөлүнүп жатышат. Чындыгын айтыш керек. “Эмнеге досун камап коёт?” деп. Бирок өлкөнүн биримдиги, дөөлөт, ынтымак, мамлекеттүүлүк деген түшүнүктөр достон бийик болору элге айтылыш керек да. Бир убакта азыраак айтылды. Бирок көп адамдар “досту камаган жаман экен” деп түшүнбөй жатышат. Ушундай жаман пикир таратып жаткандар да пайда болуп жатышат азыр. “Президент ушинтип досун камап койду” деп эл кыдырып, эл арасында айтып жүрүшөт. Адамдарга туура эмес маалымат кетип жатат.  “Жоок! Достук улуу нерсе, бирок андан да улуу нерсе – бул мамлекеттүүлүк! Мамлекеттүүлүк сакталыш керек! Бир адамдын тагдырынан, көп адамдын тагдыры – мамлекеттүүлүктүн тагдыры ыйык!” деп айткан киши жок. Бул маалымат айтылыш жана жеткирилиш керек эле, бирок андай болбой жатат. Мамлекеттен айлык алып жаткан радио жана телевидениелер ошону айтып иштеш керек эле. Алар болсо “жаңы жылда сен канча мороженое жедиң?”  дегенди кайра-кайра көрсөтүп эле олтурушат. Мамлекеттин саясаты дайыма айтылып туруш керек да. Ушунун баарын угуп жатышат, мамлекеттин айлыгын алып жеп жатышат, бирок айтышпайт. Мамлекеттин айлыгын алып, жеп туруп, ушуларды түшүндүрбөгөн адамдын айлыгы арам. Мамлекет эмне үчүн телеканалдарды иштетет? Мамлекет сакталып калсын деген түшүнүк болот. Бизде болсо мамлекеттик телеканалдар ким акча берсе ошону сүйлөтүп коюп жатышат. Андай болбойт.  Өлкөдө түндүк-түштүк ажырымы кетип бара жатат, аны токтотуп, оңдош керек. Президенттин тегерегиндеги кеңешчилер жана башкалар мына ушуну жасаш керек, олтура бербей. Демилгени колго алыш керек. Падышаны шайланганда тосуп алып, кайра качканда качырып, узатып коюп, кайра иштеп жаткандар толтура. Алар мамлекет үчүн күйбөйт. Туура болуп жаткан ишти туура эмес көрсөтүп, жарылуу кетип жатса ошону оңдогондун ордуна башка бир нерсени көрсөтүп басып жүрүшөт. Чындыкты айткандарды ЭлТР эфирден көрсөтпөй коюуда. Саясат андай болбойт да. Адамдар биринчи уккан маалыматка ишенип алышат. Анан сен канча туура иш жасасаң да ошонун тууралыгын түшүндүрбөсөң адамдар тескери ойдо жүрө берет.  Түшүндүрүп айтыш керек. Ошондуктан мен биздин мамлекеттик радио менен телеканалдарга нааразычылык билдирем. Мындай болгон болбойт. Элди бөлгөн болбойт. Эл бөлүнүп жатса андан пайда көргөндөр бар. Бирок аны түшүндүргөн маалыматтар чыкпай жатат”, – деди Чубак ажы Жалилов.

https://www.youtube.com/watch?v=3ppn1bIakr0&feature=emb_title

Булак: Kyrgyztoday.kg

Видео - Жаркын Суран кызы, "Азаттыктын" ардагер журналисти: "«Азаттыктан» Осмонакун Ибраимов сүйлөгөндө түңүлүп кетем, азыр «Азаттык» мурдагыдай болбой калды..."

Азыркы журналисттер интернет же скайп аркылуу деле интервью жасай беришет, эки-үч ушакты чогултуп алып, гезит деле чыгара беришет, биздин мезгилде болсо мынчалык жасалгалар жок эле, оор маагнитфонду ийнибизге асып алып, андан да оор батарейкаларды кошо салып алып жүрчү элек. Бирок ошондой аспаптар канчалык жүк болсо, журналисттин жоопкерчилиги дагы ошончолук оор эле.

Коом дагы ал кезде азыркыдай ачык болбогондуктан, чындыкка өтө муктаж болуп, бузулбаган маалыматка суусап турган мезгил эле. Ошол талаптарды канааттандыргандыктан «Азаттык» ошол кезде «Азаттык» болгон экен. Азыр көп иштер жеңил-желпи болуп кетти, оор магнитофондун ордуна кичинекей эле телефонго баарын жаздырып алса болот. Маалымат алыш-бериш же аны чыгарыш да жеңилдеп кетти, бирок көп нерселер купулга толбойт.

Феликс Кулов менен Топчубек Тургуналиев абакта отурганда, мен алардын үстүнө кирип, интервью жаздырып чыккам. Тамак-аш алып баратам деп, магнитофонду аштын алдына салып алгам, Куловдун өзүнө эмес, башка бирөөгө баратам деп жазылгам, Тургуналиевге баратканда өз паспортум менен киргем, бирок чыгып баратканда атым жазылган кагазды амалкөйлүк менен кайра сурап алгам. Куловдун тарапташтары дагы нааразы болгон – гезит үчүн интервью алып, радио аркылуу чыгарып жиберди деп…

Тургуналиевди – президент Аскар Акаевди мылтык манан атайын деп аткан жерден кармалды деп 16 жылга кесип жиберишкен. Ошол кездеги тергөөчүлөр, прокурорлор, сотторду көрүп, жакамды кармачумун – тагдыры ушуларга тапшырылган кайран гана эл деп. Азыркылар деле ошолордон ашып кеткен жок. Соттун ордуна шоу эле болгон, анткени өйдө жактан буйрутма түшкөн, бирок Тургуналиев сөзгө сынган эмес жана алдастабаган. Чыныгы саясатчы ушундай болуш керек экен деп ойлом койгом.

Ошол кезде сурап калышчу эле – «Азаттыкта» кандай журналисттер иштейт, өтө кыйындарды тандайт ко деп. Жок, андай эмес, кыйын журналисттер көп, кандай болбосун журналистти иштете турган, кыйын кыла турган система керек деп жооп берчүмүн. Бирок азыр «Азаттык» мурдагыдай болбой калды деп көп айтып калышат, ага негиз бар, бирок журналисттердин өзүндө күнөө жок.

Бир эле мисал келтирейин – «Азаттык» аркылуу Осмонакун Ибраимов сүйлөгөнүн укканда эле түңүлүп кетесиң… Ал мамлекеттик катчы кезинде биз ага барганда, колубуздагы микрофонду сууруп алып ошону менен бизди башка ура тургандай сүйлөчү эле. Жаман кейип кетем. Андан тышкары, «Азаттыкта» иштегендер «Ак үйгө» барып кызмат кылып, анан кайра эле «Азаттыкка» келип иштеп калганына таң калам. Бийлик менен жуурулушуп кеткен маалымат каражатында чындыктын үнү угулушу кыйын… Ушул нерсе «Азаттыкты» аксатып койду го деп ойлой берем.

Мокок коом журналистти да мокотуп, чарчатат. Курч коом болсо журналисттерди курчутат экен. Ошол эле учурда коомду курчутуш же мокотуп салыш дагы журналисттердин колунда

Булак: 5-канал

Видео - Нурбек Сыдыгалиев, "Ата Мекендин" жаңы депутаты: "Текебаевдин айткандары жалган, Шыкмаматов экөөсүнүн жаңжалы мен үчүн эмес, башкадан чыккан"

– Айтсаңыз, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Алманбет Шыкмаматов менен Нурбек Сыдыгалиевдин ортосунда 2,5 жылдан депутат болуу боюнча макулдашуу болгон” деп жатат, ошондой макулдашуу болгонбу?

– Биз Шыкмаматов экөөбүз 2015-жылы шайлоого бирге барганбыз, экөөбүз бир жерденбиз, ага-ини болуп жүрөбүз. Мандат боюнча бизде андай келишим да болгон эмес. Бул чындыкка дал келбейт. Экөөбүздүн ортобузда андай сүйлөшүүлөр болгон эмес.

Текебаев нотариалдык күбөлөндүрүү менен кол коюлуп, катталган деп жатпайбы?

-Эч кандай нотариалдык күбөлөндүрүү болгон эмес…

Текебаев айтып жатпайбы, Нурбек Сыдыгалиев депутаттык мандатты ала турган болгондо Алманбет Шыкмаматовго кылмыш иши козголуп калып, анан токтоп калган деп?

-Мен Шыкмаматовдон мандатты кантип ала алам?  Ал тизмеде 11-орунда турчу, мен 22-орундамын, ортобузда көп кишилер бар эле…  Шыкмаматов кетсе менин алдымда турган 11 кишинин бири алыш керек болчу. Андай аракеттер болгон эмес, келишим да болгон эмес. Бул чындыкка жатпайт.

-Ошондо Текебаев жалган айтып жатабы?

-Ошондой болуп калышы мүмкүн…  Анткени анын айтуусу боюнча жаңжал Шыкмаматовго мандатты тапшырып, Нурбек Сыдыгалиевге бер дегенден келип чыккан. Андай эмес. Мен алардын жаңжалы эмнеден чыкканын билем. Бирок айта албайм, аны Текебаев менен Шыкмаматов өздөрү айтышсын…

-Бирок Текебаевдин сизди ортого аралаштырып, Нурбек Сыдыгалиев үчүн орун бошот дегенинен  жаңжал чыкты дегени жалган экен да?

-Ал жалган сөз. Мен үчүн болгон эмес. Экөөсүнүн конфликти башка,  алар өздөрү билет. Өздөрүнөн сурап алсаңар болот…

https://www.youtube.com/watch?v=puiD1gg8ct4

Булак: Kyrgyztoday.kg

Видео: Медиа центр

Кубан Мамбеталиев, профессор: "Журналисттер текшерилбеген ыплас материалдарды жарыялабаш керек. "Азаттыктын" калпын 5-канал тез эле чыгарып койду"

“Сөз эркиндигин, ойдун эркиндигин эми Кыргызстанда эч ким тыя албайт”, – деп билдирди профессор Кубан Мамбеталиев 19-октябрда Бишкекте өткөн “21-кылымдагы Борбор Азиядагы массалык маалымат каражаттары” аттуу тегерек стол учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
-Бирок, ошентсе дагы журналисттерге өздөрүнүн кесиптик этикасы боюнча дооматтар айтылууда…
-Албетте, бирок ал журналисттин ички тартиби, ар бир системанын өзүнүн ички тартиби болот. Мисалы министрликтерде, алардын милдети макоо мыйзамдарды чыгарууга жол бербөө керек, кесиптик этика деп коёт. Журналисттерде деле ошондой, ички этиканы сактоо керек – ыплас материалдарды чыгарбоо керек. Ыплас деген бул текшерилбеген материал, же болбосо бирөөнүн акчасын алып, буйрутма менен жасаган материалдар, же болбосо өзүнө функционалдык таптакыр тиешеси жок, мисалы мына, “Азаттык” жанагы Матраимовдор жөнүндө жазып жатышпайбы, “$700 млн чыгарып кетти, бул өлкөдөн каржылык активдерди чыгаруу” деп жазып коюшту. Бул “Азаттыктын” милдети эмес, “Азаттык” муну иликтей да, аткара да албайт, колунан келбейт. Тез эле 5-канал “Азаттыктын” калпын чыгарып койбодубу. Бирок 5-канал деле мындай иликтөөнү жасай албайт. Алтургай Каржы министри же прокурор, Премьер-министр да жасай албайт. Муну бир эле киши жасай алат – ал Президент. Бирок Президент эл аралык Финансылык группа менен келишим түзүш керек. Алардын штаб-квартирасы Лондондо жайгашкан. Келишим түзгөндөн кийин ал финансылык группа келип бул жерде иликтеп, 1,5 жыл иштегенден кийин Кыргызстандан акыркы 30 жылда чыгарылып кеткен акчалардын баарын таап берет. Ошондо биз жанагыдай $700 млн чыгарылып кетти деген материал фейкпи же жокпу деп олтурбайбыз, же Гуревич $30 млн деп бир айтат ага ишенебиз, анан $6 млн деп бир айтат, анан $4 млн болуп калат, ал келдиби же жокпу, анын баары жокко чыгарылып, так айтылат. Келсе акча миллиарддап келет. Чыгарылып кеткен акча миллиарддап кетет. Ошол Финансылык группа Саддам Хусейн Ирактан чыгарып кеткен акчаларды таап, кайтарып берген. Милошевич чыгарып кеткен акчаны кайтарган. Башка шылуундар чыгарган акчаларды кайтарып берип келатат. Ошондо биз тазаланган өлкөлөрдүн тизмесине киребиз. Муну мен Лондондо элчи болуп иштеп жүрүп билдим. Асмандан жомок айтып жаткан жокмун. Журналисттер жомок айтпаш керек. Билгенин айтыш керек. Билесиңби айт. Өзүң ошол айткан сөзүңө туруктуу туруп бере аласынбы? Ошону айткандан корпойсунбу? Ошондо айт! Жокпу, анда билбесең же чала билсең айтпай эле кой”, – деди Кубан Мамбеталиев.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Видео -  Ырыс Окенова, режиссер:  «Мен «Азаттыкты» калп жазып, жалган маалымат таратканы үчүн сотко берем»

КТРКда көп жылдан бери режиссер болуп иштеп келген Ырыс Окенова ал жерден жетекчиликтин кысымынан улам жумуштан бошогонун бүгүн, 10-октябрдагы журналисттерген маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, анын кызматтан кетүүсүнө “Ким макул” аттуу телеберүүсү себеп болгон. Ал берүү «Бүгүнкү күндө “Манаска” болгон мамиле кандай?” деген темада уюштурулган. Тилекке каршы, ал берүү  жетекчиликке жакпай калыптыр. Эртеси Ырыс Окенованы КТРКнын жетекчиси Жайнак Үсөн уулу кабинетине чакырып алып, “Манасты канча адам тааныйт деп ойлойсуз? Ким тааныйт? Дегеле “Манасты” талкуулоонун кажети бар беле?”, – деп нааразы болгон. Ошондон кийин Океновага карата кысым боло баштаган. Андан тышкары, режиссер жетекчилик менен буга чейин да пикир келишпестик жаралганын айтты:

Мен былтыр 2018-жылы 23 бөлүктөн турган “Ак шоола” аттуу телесериал тарткам. Ага мамлекет бир дагы сом бөлгөн эмес, ал КТРКдагы рекламанын эсебинен тартылган. Тилекке каршы, рекламаны каржылаган тарапка КТРКнын жетекчилиги ээлик кылбайт экен, алар эмне десе ошону кылат экен. Ал сериалган Жайнаков кайдигер мамиле кылып калды. Анткени “Азаттык” медиасы телесериал боюнча туура эмес маалымат жазып жиберген, алар “Ак шоола” сериалына “250 миң доллар бөлүнгөн”, – деп калп жазып, терс пикир жаратышкан.  Аны “Азаттыктын” Албина Сулайманова деген журналисти  жазган. Жалган, калп маалымат таратканы үчүн мен аларды өз учурунда сотко берейин десем,  жетекчилик кийлигишип бердирбей койгон. Мен эми “Азаттыкты” сотко берем, анткени алар жалган, калп маалымат таратты, ошон үчүн жооп бериши керек!”, – дейт Ырыс Окенова.

Эскерте кетсек, КТРКнын директору болуп Жайнак Үсөн уулу ушул жылдын 6-мартында дайындалып, 19-мартта кызматка киришкен. Ал Байкоочу кеңештин добушу менен 4 жылга шайланган.

Ырыс Окенованын жыйындагы айткандарын толугу менен төмөндөгү видеодон көрө аласыз:

Булак: KyrgyzToday.kg

Видео - ИИМдин полковнигин атып өлтүргөн Атамбаевдин жансакчысы Эркин Мамбеталиев ИИМге 2 джип белекке берди. Кунубу?

Кечээ, 7-октябрда Алмаз Атамбаевдин бир кездеги жан сакчысы Эркин Мамбеталиев Баткенде жайгашкан ИИМдин ички аскерлерине эки Chevrolet Suburban үлгүсүндөгү джипти белек кылып берген.

Эркин Мамбеталиев бул белегин чек араны кайтарган аскерлердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн кошкон жеке салымы катары түшүндүргөн.

2000-жылдардын башында Эркин Мамбеталиев кримтөбөл Рыспек Акматбаев менен кызматташып, ошол эле учурда бизнесмен Алмаз Атамбаевдин да жан сакчысы да болуп иштеген.

2008-жылы КР Жогорку соту аны КР ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын начальниги, полковник Чыныбек Алиевди жана депутат Жыргалбек Сурабалдиевдер баштаган 8 жаранды атып өлтүргөндүгү үчүн өмүр бою түрмөгө кескен. Ал эми полковник Чыныбек Алиевди атып өлтүргөн учурда пайдаланылган машина Алмаз Атамбаевдин “Форум” ишканасынын гаражына жашырылган жеринен милиция издеп таап алган.

2010-жылы Алмаз Атамбаев бийликке келери менен өмүр бою кесилип, абакта жаткан жан сакчысы Эркин Мамбеталиевди түрмөдөн бошотуп алган. Ал эми өлтүрүлгөн депутат Жыргалбек Сурабалдиевдин кызы Элвира Сурабалдиеваны КСДПдан депутаттык тизмеге киргизишип сооротушкан.

Абактан чыккандан кийин Эркин Мамбеталиев эч жерде расмий иштебейт. Болгону Атамбаевдин бейрасмий жеке тапшырмаларын гана аткарып жүргөн. Бирок, акыркы 9 жылда өлкөдөгү эң бай адамдардын катарына кирди. Ысык-Көлгө хансарай жана бизнес кылуу үчүн жаңы пансионат курду. Алтын кендерине жана ири жер аянттарына ээлик кылып калды.

Бүгүн, 8-октябрда бул окуя коомдук резонанс алгандан кийин ИИМ бул фактыны танып, биз Эркин Мамбеталиевдин эки джипин текшерүү үчүн эле токтотуп, кармап турабыз деп актана башташты.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Меню