Menu

Сөз эркиндигин коргоо комитети: Журналистиканы пропаганда менен чаташтырууга болбойт

Бөлүшүү:

 Бишкек, 11-август 2019-жыл

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышына жана анын бардык мүлкү камоого алынышына байланыштуу анын жеке менчик «Апрель» телеканалы обого чыга албай калды. Андыктан Сөз эркиндигин коргоо комитети өлкөнүн жарандарын, журналисттерди жана медиа-уюмдарды бул фактыга өтө терең ойлонуу жана жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат.

Өзүнүн бүткүл ишмердиги учурунда саясий да, экономикалык да, маданий же башка кадимки адамкерчилик эрежелерди карманбаган адамга толук жана бүтүндөй баш ийген телеканалдан – алар кайсы бир жогорку журалисттик принциптерди карманат деп күтүү мүмкүн эмес эле, бирок андай мүмкүнчүлүк бар болчу жана зарыл эле. Анын ордуна телеканал жалгыз бир адамдын кызыкчылыктарына талашсыз кызмат кылуудан башка жол көргөн жок жана ошону тандап алды.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында телеканалдын ээси менен жетекчилиги журналистиканын негизги принциптерин бузуп, телеканалдын директору менен айрым журналисттерин КСДПнын саясый кеңешинин мүчөсү кылып шайлап алды. Аны менен алар өздөрү – бул телеканал деги эле маалымат каражатыбы деген cуроо пайда кылды. Аны менен кошо – «Апрель-ТВнын» өзүнүн редакциялык саясаты барбы жана кайсы бир олуттуу журналисттик принциптерди алар карманабы деген да суроолор туулду.

Телеканал жамааты жана жетекчилигинин мындай кадамдарын өлкөдөгү бир дагы журналисттик уюм сынга алган жок. Ал аз келгенсип, азыр айрым журналисттер жана журналисттик уюмдар мүлкү камакка алынганы үчүн гана бул телеканалды кадимки эле маалымат каражаты катары коргоого аракет кылууда. Бирок анын имараты менен техникасы гана эмес, телеканалдын өзү жана анын бардык программалары да өзүн толук дискредитациялаган саясатчынын мүлкү менен пропагандисттик куралы экенин унутпаш керек.

Мындай телеканалды коргоо – өлкөдөгү журналисттик уюмдардын жана деги эле жалпы коомдун жетиле элек экенинин ашкерелейт. Бир жеке кишинин же кайсы бир жалгыз саясый партиянын пропагандалык органы менен чыныгы маалымат каражатынын айырмасын ажырата билиш керек. Эркин маалымат менен пропагандалык продукцияны чаташтыруу менен өлкөнү жана коомду өнүктүрүү мүмкүн эмес. Негизги коомдук түшүнүктөрдү минтип бурмалоо коомдун өзүнө зыян жана коркунуч жаратат.

Оперативдүүлүк, техникалык жогорку адистик же социалдык багытта кээде материалдарды даярдап коюууга жамынып алып, коомчулукту алаксытып, мындай пропагандисттер коомдун чыныгы кызыкчылыктарын бир ууч тар чөйрө же жалгыз бир саясатчынын кызыкчылыгына багындырууну көздөгөн максаттарынан эч качан тайбайт. Аны туура түшүнүү зарыл жана журнализмдин терисин жамынган пропагандисттерден чыныгы журналисттерди айырмалай билишибиз керек.

Сөз эркиндигин коргоо комитети

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: