Menu

«Манас» аэропортундагы 5 млн доллардын ызы-чуусу. Ага Өмүрбек Бабановдун кандай тиешеси бар?

Бөлүшүү:

“Манас” эл аралык аэропорту” ААКдан (мамлекеттин үлүшү – 79%) оффшордук компаниялар аркылуу 5 млн доллар чыгарылып кеткен. Бул тууралуу Каржы полициясы ишке тиешеси бар ысымдарды атабастан, маалымат берди. Тергөөнүн маалыматына ылайык каражатты “Жанарзат борбору” ЖАКты сатып алуу аркылуу чыгарылган,бирок ал банкроттукту көздөй багыт алып, чыныгы баасы – болгону 100 миң сомду түзүп турган.

Бул бүгүнкү күндүн иши эмес. Келишим 2014-жылы түзүлгөн, анда аэропорттун башкармалыгын Албек Ибраимов жетектеп турган.

$5 млн доллардын чыгып кетиши боюнча кылмыш иштин чоо-жайы

Тергөөнүн маалыматы боюнча 2014-жылы “Манастын” жетекчилиги кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, чылкый жеке кызыкчылыктарын ойлоп, кээ бир тараптар менен кылмыштуу келишимге барып, аэропорт менен мамлекеттин кызыкчылыгын ойлоп да койбостон, аэропорттун аймагында жайгашкан, чыгымы көп, банкрот болуп бараткан “Жанарзат борбору” ЖАКтын 100% акциясын сатып алуу боюнча пайдасыз келишим түзүшкөн.

Ошентип 2014-жылдын декабрында аэропорттун жетекчилигине директору Кипрдин жараны Е.К. болгон, «Ф.С.Л.» компаниясынан “Жанарзат борбору” ЖАКтын 100% акциясын сатып алуу сунушу түшөт. Алгачкы баасы – 7 млн. доллар имиш.

Каржы полициясы маалымдагандай, бул коммерциялык сунушту кароо милдети аэропорттун юридикалык бөлүмүнүн башчысы Мирлан Бегалиев менен экономикалык-каржы дирекциясынын директору Жаңыл Абиковага тапшырылат. Алар “Жанарзат борбору” ЖАКтын ишмердүүлүгүн изилдеп көрүп, кылмыштуу келишимге барышып, жасалма кызматтык кат түзүп, ишкана кирешелүү экенин тастыктап, эч бир карызы жок экенин келтиришет. Бирок ЖАК банкрот болоруна аз калган эле – карыздары активдерден кыйла ашып турган.

2014-жылдын 25-декабрында эле дал ошол кызматтык каттын негизинде аэропорттун директорлор кеңеши “Жанарзат борбору” ЖАКты сатып алуууга макулдугун берип, 26-декабрда чыгымы көп компаниянын 100% пакет акциясын 5 млн долларга сатып алуу чечими чыгат.

Ошол эле күнү келишимдерге кол коюлуп, эки күн өтпөй “Манас” ААКсынын эсебинен аталган акча каражаты эки оффшордук компанияга которулат. Ал учурда “Жанарзат борбору” ЖАКтын акциялары болгону 100 миң сом турган.

Ал оффшордук компаниялардан чыгарылган 5 млн долларды ала турган тарап болуп Б.А.Т. аттуу айым чыккан.

Эми ушул жерге жакшылап токтолуп көрөлү. Каржы полициясынын пресс-релизине абай салсак, “Жанарзат борборун” сатуу коммерциялык сунушу директору Кипрдин жараны Е.К. айым болгон, «Ф.С.Л.» компаниясынан түшүп жатат. Ал эми алчу тарап – Б.А.Т. аттуу айым.

“Манас” аэропортунун аймагында бир нече жыл АКШ авиабазасындагы учактарды тейлеген жанарзат комплекси бар экени белгилүү. Дал ошол 2014-жылы акыркы америкалык учак “Манас” аэропортунан учуп чыгып кеткен, ошентип жанарзат комплекси кожоюндарга мурдагыдай шумдук киреше алып келбей калат. Ал эми бул кирешелүү тармактын ээлери убагында кимдер гана болгон эмес, алгачкы президент Аскар Акаевдин уулу менен күйөө баласы да бармагын жалап калышты. Алар качып кеткенден кийин жанарзат комплекси Өмүрбек Бабановдун колуна тиет. (Эми анын эрдиктерин санап олтурбайлы). Ошентип Жанарзат борбору эч кызыкчылык туудурбай, баланс боюнча банкрот болуп – карыздары активдеринен ашып кетип, баасы – 100 миң сомдон ашпай калган.

Долларбайлар колуна тийген Б.А.Т. деген ысымдын баш тамгалары өзүнө көңүл бурдурбай койбойт. Эгерде Жанарзат борборунун ээси Өмүрбек Бабанов (БӨТ) болсо, анда Б.А.Т. – бир тууганы Бабанова Ая Токтогуловна эмеспи?

2019-жылдын 30-сентябрында тескелип жаткан иштин алкагында, тергөө органдары КР Кылмыш кодексинин 205-б. 3-. 1-п.да каралган “берилген мүлктү ири өлчөмдө коромжу кылуу” кылмышына шектелип, Мирлан Бегалиев кармалып Бишкек ШИИБинин Убактылуу кармалуучу жайына киргизилген. Азыркы учурга чейин М.Бегалиев “Манас” аэропортунун Бишкек филилалынын башчысы болуп келген. Ошондой эле Бегалиев белгилүү кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кудасы. Уулу Камчынын кызын алган.

Азыркы тапта иш тергелип жатат, анын алкагында кылмышка тиешелүү тараптардын бардыгы каралып, сурак беришет.

Маалымат үчүн

2014-жылдын декабрына карата Директорлор кеңешинин курамы:

Субанбеков Бакирдин Жамалович. Директорлор кеңешинин төрагасы. Азыр “Бир бол” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты.

Пирматов Рахатбек Төлөбаевич. Азыркы тапта “Манас эл аралык аэропортунун” директорлор кеңешинин төрагасы, ошондой эле Соцфонддун башкармалыгынын мүчөсү, Соцфонд алдындагы мамлекеттик каражат топтоо пенсиондук фондунун директору.

Нурматов Искандербек Мирзаевич. Азыркы тапта беш компаниянын ээси жана кош ээси: «ОШ-ТЕХНИКС» ЖЧКсы, «Центр Недвижимости» ЖЧКсы, «Барс Актив-Инвест» ЖЧКсы, «Ош-Технология» ЖЧКсы жана «АСКА-КЕН» ЖЧКсы.

Казанкапов Токтоалы Орозалиевич. Азыркы тапта эки компаниянын жетекчиси: «ТАМДОС» ЖЧКсы (кош ээлик) жана Кызыл-Кыя универсал курулуш» ЖЧКсы. Мамлкеттик үлүшү бар компаниялардын директорлор кеңеши курамындагы кадрлар резервине кирет.

Алыбаев Жекшенбек Өмүрбекович. Азыркы учурда «Манасавиасервис» ЖЧК инженерлик борборунун башчысы.

2014-жылдын декабрына карата башкармалыктын курамы:

Ибраимов Албек Сабирбекович — 2014-жылдын декабрына карата башкармалыктын төрагасы. Азыр коррупция иштери боюнча айыпталып жатат.

Бусурманкулов Абдималик Бурканбекович. “Манас” аэропортунда ишин улантууда, өндүрүш боюнча башкармалыктын төрагасынын орун басары – инфракструктуралык өнүгүү дирекциясынын директору.

Чукуев Эмир Майрамбекович. 2015-жылдын апрелинен 2018-жылдын декабрына чейин “Манас эл аралык аэропорту” ААКсынын башкармалыгынын төрагасы болгон.

Токобаев Даир Султанович. Азыркы тапта жеке ишкер.

Карыпбеков Илим Майрамбекович. 2015-жылдын мартынан 2019-жылдын мартына чейин КТРКнын башкы директору болгон.

“Республика” порталынан кыргызчалаган Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: