Menu

Азимбек Бекназаровдун элчи болуп дайындалышы тууралуу ТИМде маалымат жок

Бөлүшүү:

Азыр коомчулук Азимбек Бекназаровдун Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалышы жөнүндө катуу талкуу жүрүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында депутат Чыныбай Турсунбеков кеп козгоду. Анткени жыйында бир катар өлкөлөргө бара турган элчилердин талапкерлиги каралып жаткан эле. Ч.Турсунбеков Бекназаровдун талапкерлиги боюнча суроо салды эле, Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров: “Бизде андай маалымат жок. Бул жерде Департаменттин директору да олтурат. Аларда дагы мындай маалымат жок”, – деди.

Эскерте кетсек, кечээ, 7-октябрда өткөргөн басма сөз жыйынында Азимбек Бекназаров президент Жээнбеков ага Малайзиядагы элчиликти сунуш кылганын айткан эле.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: