Йенс Столтенберг НАТОго мүчө өлкөлөргө коргонуу үчүн каражатты көбөйтүүнү сунуштады. Бул талап Вашингтондун позициясы менен дал келет. Столтенбергдин пикиринде, трансатлантикалык байланыштардын бекемдигин сактоо үчүн каржылык салымдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.
НАТОнун башчысы дүйнөдөгү ири аскердик-саясий биримдиктин абалы тууралуу баяндама жасап, каражатты бөлүштүрүүдө альянска мүчө өлкөлөрдүн ортосунда мурдагыдай эле калыстыктын жоктугун белгиледи. Коргонуу үчүн АКШ, Улуу Британия, Эстония, Греция жана Польша башкалардан көбүрөөк каражат жумшайт.
Столтенберг 2014-жылы биримдикке мүчө өлкөлөр тегиз каржылык салымдарды көбөйтүү тууралуу макулдашууга жетишишкенин эскертти.
2015-жылдагы маалыматтарга караганда, НАТОнун 28 өлкөсү коргонуу үчүн 900 миллиард доллар жумшаган. Бул чыгымдарда АКШнын үлүшү – 640 миллиард доллар.
Трамп президенттик шайлоо кампаниясы учурунда АКШ каржылык милдеттенмелерин аткарбаган өнөктөштөрүн коргоодон баш тартышы мүмкүн экенин айткан. Бул НАТОнун башка мүчөлөрүн, айрыкча Орусия менен чектеш өлкөлөрдү бейпайга салган.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы