Menu

ТАРЫХ

Легендарлуу Ахматбек Сүйүнбаевдин көзү өткөнүнө 25 жыл болду  

Февраль айынын кап ортосунда кыргыздын кыйырына белгилүү залкар инсан Ахматбек Сүттүбаевич Сүйүнбаев бул жарыкчылыктан узап кеткен. Кыргыз элине санасаң сан жеткистей жакшы из калтырып, артына чыйыр салып кеткен мамлекетчил инсандын көзү өткөн күнүн утурлай элесин эскерип, рухуна таазим этүүнү урпактык милдет катары эсептеп, бул сапар мамлекетчил инсан жөнүндө азыноолак кеп козгоп койдук.

Көрүнүктүү советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Ахматбек Сүйүнбаев 1920-жылы туулган. Легендага айланган бул инсан жаш кезинде алгач эмгек жолун Нарын райондук каржы бөлүмүндө башкы эсепчи болуудан баштаган. Андан соң өлкөбүздүн каржы министрлигинин башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеп туруп, Ысык-Көл облустук каржы бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган.

Улуу Ата мекендик согуш башталганда Ахматбек Сүйүнбаев кан майданга аттанып, мекенди душмандардан коргоодо бир катар эрдиктерди көрсөткөнү айтылып келет. Согуш бүткөн 1945-жылдан кийин да бул инсан согуштан кыйраган аймакты калыбына келтирүүгө зор салымын кошуп, эки жыл мекенине келген эмес. 1947-жылга гана майор аскердик чинине ээ болуп, өлкөбүзгө кайтып келген. Өз кезегинде ал мекенибизди баатырларча коргогон эрдиктери үчүн кубаттуу СССР 8 орден, 9 медаль менен сыйлаган.

Ошентип, согуштан кийинки жылдары билимдүү, тажрыйбалуу, мекенчил инсаныбыз мамлекет үчүн иштөөгө бел байлайт. 1955-1960-жылдары Ахматбек Сүттүбаевич өлкөбүздүн каржы министри болуп беш жыл эмгектенген. 1960-жылы Ош обком партиясынын катчысы (ал кезде Ош облусунун курамына Жалал-Абад, Баткен облустары да кирген) катары ийгиликтүү иштегени түштүктүк аксакалдардын оозунан ушул кезге чейин түшпөй келет. Каарманыбыз түштүк аймагынын жетекчиси катары Ош облусунун социалдык, экономикалык жактан өнүгүшүнө өтө чоң салым кошкону тарыхта деле таасын чагылдырып келгени бар эмеспи? 1968-1978-жылдары Ахматбек Сүйүнбаев өлкөбүздүн министрлер кеңешинин төрагасы (азыркыча өкмөт башчы) болуп, үзүрлүү эмгектенет. Анын көп жылдык өкмөт башкаруусунда Кыргызстанда социалдык, экономикалык кескин секириктер байкалганы, жалпы курулуш менен өндүрүштө, дыйканчылык менен мал чарба тармактарыбызда дүркүрөгөн өсүш болгону буга чейинки тарыхыбызда деле тастыкталганын кантип танабыз?

Жетекчи катары баардык жагынан үлгү болгон мындай инсан 1993-жылы 14-февралда 73 курагында дүйнөдөн кайткан. Көзү тирүү болгондо быйыл 98 жашка чыкмак.

Эл калыс! Легендага айланган Ахматбек Сүттүбаевичтин эмгегин элибиз бийик баалап, Оштогу борбордук стадионго жана Бишкектеги бир көчөгө ыйгарып алышкан. Өмүрү өрнөктүү инсандын ысымын муну менен гана чектебей, эми деле баш калаадагы урунттуу жайлардын бирине ыйгарып койгонго неге болбосун? 14-февраль күнү кыргыздын кашкөй инсанынын бул жарыкчылыктан узаганына 25 жылга аяк басты. Андыктан, бул макаланы Акматбек Сүйүнбаевдин жаркын элеси үчүн арнадык. Өтөлгөлүү өмүр сүргөн инсандын башкысы руху ыраазы болсо болгону.

Баса, кыргыздын “Аккан арыктан суу агат” деген кеби айныгыс чындык экенин дал ушул аксакалдын мисалында далилденип тургансыйт. Анын урпактарынын бири, УКМКнын төрага орун басары, генерал-майор Болот Сүйүнбаев экенин көпчүлүк билет. Канында башкаруучулук жана токтоо, туруктуулук сапаттары бар, өлкөбүздүн бүтүндүгү менен коопсуздугу үчүн күзөттө турган Болот Сүйүнбаев да тектүү жердин кулуну экенин барган сайын далилдөөдө.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ     

Булак: Азия Ньюс         

 

Кана анда, аттандык!

Төгүлдүк, чачылдык,

Тепселдик, басындык.

Жер болуп кайрадан,

Гүлдөрдөй ачылдык.

 

Ыйладык, кыйналдык,

Ыймандан жыйналдык.

Өз эмес жатты да,

Өзсүнтүп сыйладык.

 

Жол болуп төшөлдүк,

Жоону да көтөрдүк.

Көк Теңир күчтөнтүп,

Көшөрүп, көтөрдүк.

 

Кан Манас дем берип,

Кармаштан ширелдик.

Түгөнүп кетээрде,

Түтөдүк, тирелдик.

 

Жараткан чыгышты,

Жараткан кыргызды.

Кыдырып келгенбиз,

Кылымдан – кылымды.

 

Башкалар чектегис,

Байыркы элденбиз.

Болсо да аз саныбыз,

Духубуз теңдешсиз.

 

Казаттан тапталдык,

Кайрадан башталдык.

Кана анда, алдыга,

Көч баштап аттандык!

Жума Мамбетов, акын

Булак: Фабула 

 

Сагынбай манасчынын уул-кыздарынын тагдыры, салтка баш ийип экинчи аялдыкка өз жеңесин алганы...

“Азаптуу Үркүндөн кайтканыбыздан соң кайнагам (Орозбак уулу Алишер – К.К.) катуу ооруп калып, ошол оорудан келбес жайына кете берди. Артында кичинекейлери Сырканбек деген уулу, Сабира деген кызы калды. Абышкам бир боор жалгыз агасын жоготуп күйүткө батып, кайгыга алдырып, манасын да токтотуп салды.
“Балдар жетим калбасын” деп, ага-туугандар ата салты боюнча кайнагамдын аялы Марияны абышкама алып берип нике кыйышты. Атасыз калган балдар үчүн деп, күйөөмдүн экинчи жеңе-аялы менен батышып, бир түндүктүн астында жашап калдым.

Үркүндөн кийинки турмуш оор болду, бирине жетсе, бири жок болуп, ичсек кийимге жетпей, кийимге жумшасак ичип-жегенибиз кенен болбой кыйналдык. Сабира 6-7 айлык кыз болчу. Тили абышканы аталап чыкты, аны ээрчип эле калды. Уулдарыбыз Аманкул менен Жаманкулга удаа эле Мария жеңе да эркек төрөдү. Бирок ал чүрпө чарчап калды.
Мария жеңенин кыялы чукул, тилдүү, эрке, бирок оокатты жакшы жасаган аял болчу. Анын мүнөз-кыялына атаандашпай, кайнагамдын арбагын сыйлап, “мейли” деп койчумун. Абышкам да: “Сайнап, мени кечир, салт ушундай экен, сенден сурабай, туугандар мени ушул ишке байлады, өзүң акылдуу жансың, Марияга теңелбей эле койчу” деп кечирим сурап турчу. Манасын айтып жер кыдырып Чүйгө, Көлгө, Андижанга, Казанга, Алма-Атыга кетип, алып келген тамак-ашын, белек-бечкегин таштап коюп кайра кетчү.
Кийин “Манасын” жаздырып баштаганына аз эле болгон учурда “эки аялы бар” дешип куугунтуктай башташты. Толуктап бүтүрүш үчүн айылдан алыс, Көл тарапка Мария менен кетишке туура келди. Мен жаш балдар менен үйдө калдым, кантсе да жеңеге жол бошоттум. Көлдө бир нече жыл турушту, манасын жаздырды.

Арадан эки кызыбыз бойго жетип, турмушка чыгышты. Бирок, арман дүйнө, эки манасчы кызыбыздан удаа айрылдык. Алгач Токтобүбү кызыбыз турмушка чыкты. Күйөөсү заар сөздүү, орой болуп, “Манас дегенди кулагыма угузба!” деп күндө уруш баштап, башка-көзгө койгулап таяктап кызыбызды бир жагынан кыйнаса, экинчи жагынан касиетин карманбаганы үчүн катуу кыйналып, эки бирдей кысымдан туттугуп кетип каза тапты.
Экинчи кызыбыз Бурулбүбү да турмушка чыгып, бирок, “Келин болуп туруп кантип айтам, эл эмне дейт” деп Манас айтуудан уялып өзү токтотуп койгондо аны да касиет-рухтар айт деп кыйнашып, айтпай койгон сайын оозунан көбүк чыгып, бети-башы көгөрүп ээси ооп жыгылчу. Күйөөсү “Кой, Букеш, кыйналбай манас айта бер” деп үстүнө үйрүлүп түшсө да болбой, ошол бойдон касиетин карманбаган экинчи кызым да кыйналып жүрүп о дүйнө салып кете берди. Түтүнсүз, жалынсыз күйүп-сыздап, ичим өрттөнүп, зыркырап кала бердим. Абышкам кыздарынан айрылгандан кийин ооруп, кѳпкѳ чейин Манасын айта албай кыйналды.
Кийин Ыбырай жазуучу (Ыбырай Абдракманов – К.К.) менен ээрчишип Манасын жазып жүрүштү. “Үй турмушту көрүп турганы Манас жаздырганга тоскоолдук кылат” деп, алыс алып кетчү. Жазда кетсе, күздө же кышта гана кайтып келчү эле. Ошондой мезгилдин бир күндөрүндө кайрадан кетип жатып: “Сайнап, балдарды жакшылап бак, азырынча бардыгы жаш” деп кайта-кайта кылчактаган боюнча кеткен эле.

Биз жайлоодо болчубуз. “Сагынбай катуу ооруп жатат, алып кеткиле” деп кабар келгенде, Сырканбек араба менен кеткен. Жолдо келатканда Сырканбекке кайра-кайра кайрылып: “Сайнаптын кашына барсам экен, Сайнапка оор болду, балдар жаш эле, эми кантээр экен” деп өкүнүп, алсыз сүйлөгөн экен.
Семиз-Белге жеткенде: “Суудан берчи, өз жеримдин суусун ичип суусунумду кандырайын” деген экен. Манасчы суу ичкенден кийин асмандан жаан себелеп жааптыр. “Карагылачы, мага нур жаап жатат, нур кандай сонун!” деп кайталап алып, ошол бойдон тилден калыптыр да, жолду ката көзү көктү караган боюнча үйгө чейин кыйналып келиптир.
Үй ичине көтөрүп кийирип келатканда мени бир карап алды да, колун сунайын деди окшойт, бирок анткенге алы келбей башы “шылк” этип эле көзү жумулуп кете берди…
Ошентип, булбул болуп сайрап жүргөн абышкамдан 1930-жылы айрылып, кара кийип олтуруп калдым. Мындай улуу адам эми кайдан жаралсын…

Абышкам каза болгондон кийин Мария жеңе турмуш куруп, Чүйдүн Кегетисине кетип калды. Бир кыздуу болгондон кийин турмушу болбой, кайра 1935-жылы күздө келди. Уулдарым Аманкул, Жаманкул, Сырканбектер аны кабыл алгандан кийин мен кайда кетмек элем. Кызынын атын Токтокан деп коюп, Сагынбайдын кызы деп күбөлүк алдык. Кызыма бер деп бир күнү абышкамдын пенсиясын сурады. Мейли деп бердим. Жеңебиз 1962-жылы каза болду. Жаманкул балам чыгашасын көтөрүп, экинчи энеси катары акыркы жайына өзү узатты.

…1943-жылы январда кышкыга эт, ун алып келейин деп колхоздун төөсүн сурап алып кайынсиңдимдин үйүнө кеткем. Менин жоктугуман пайдаланып, Аманкул ѳзүнүн жашын 2 жашка чоңойтуп, мени менен коштошпой согушка жөнөп кетсе болобу. (Ал мезгилде эл оозуна алынып калган болучу. 13-14 жашында Маскөөгө барып Манас айтып, Калинин дегенден алтын саат алып, ал саатты “атамды көргөн адам” деп, Ыбырай Абдракмановго белек кылган).
Келип эле, “Акилигим, Акили, Аманым!” деп зардап буркурап, ботодой боздоп кала бердим. Баламдын коштошуп жаткандагы ырын айылдагылар айтып беришкен:

Ак сакалы жайкалган,
Аталар аман болгула.
Ата ордуна кармаган,
Агалар аман болгула.
Алты аркар жылдыз батканча,
Алты айланып эмизген,
Апалар аман болгула.
Бөдөнөдөй бөйпөңдөп,
Бөбөктөр аман болгула.

Бул саптарды өмүр бою кайталап, жүрөгүмдүн түпкүрүндѳ калды. Сырканбегимди да согуш жутту…”

(Сайнап эне абышкасынын 100 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде өтөт дегенди укканда улуу адамы кайрадан тирилип келчүдөй болуп толкунданып, жаңы көйнөк, жаңы маасы алдырып, абдан күтүнүптүр. Бирок, так ошол 1967-жылы В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгы СССР боюнча белгиленип калып, Сагынбай Орозбаковдун 100 жылдыгы Кыргыз ССРинде белгиленбей калат. Үмүтүн үзбөгөн Сайнап эне “кеч болсо да ѳткѳрүшѳѳр деп”, дагы эки жылдай күтүптүр. Анан өкмѳттѳн такыр түңүлгөндө ѳзүн таштап салып, 1969-жылы январда катуу ооруп калып, көктөм жаздын жаркырган 1-апрелинде келбес жайына узап кете бериптир.

…Ушул өткөн күздүн (2017-ж.) ноябрында да Сагынбай Орозбаковдун 150 жылдыгы белгиленет деп жатып, быйылкы 2018-жылга жылып калды (бирок атайы арналган иш-чаралар жер-жерде өткөнү коомчулукка белгилүү). Манасчынын жээн-небереси (эң кичүү кызынын кызы) Кадыркулова Келсинбүбү эже экөөбүз ноябрь айына чейин жетишели деп, “Сагынбайдын урпактары” аттуу китепти шашып даярдап бүтүргөн элек. Эженин жыйнаган, жазган кызыктуу маалыматтары тарыхый сүрөттөр менен коштолуп, чакан китеп болуп, учурда жарыкка чыгышын күтүп турат. Жогорудагы баян – ушул китептен алынган эскерме. Буйруса, быйыл китеп да чыгат, залкар манасчы Сагынбай Орозбаковдун 150 жылдыгы да белгиленет деп ишенели! – С.К.)

“Сагынбайдын урпактары” китебинен

Салтанат Кыдырмаева 

 

 

 

Чыгаан инсан Төрөбай Кулатовго - 110 жыл: Кант-Рыбачье темир жолун курдуруу үчүн түнкү бирде Сталинге киргени 

Кулатов шым таап берип, Кайназарова казак балбанын жыкканда

Атактуу кызылчачы Кайназарова Зууракан апа Төрөбай Кулатовду катуу сыйлачу. Кулатовдон беш жаш улуу болгондуктанбы, сен дечү, Төрөбай деп койчу. Зууракан ападан уккан экөөнүн бир окуясын айтып берейин. 1937-жылы СССР Жогорку Советине депутат шайлоо тунгуч киргизилип, Төрөбай Кулатов Кызыл-Кыядан шахтер катары, Зууракан Кайназарова Чүйдөн кызылчачы катары депутат болуп шайланышат. Зууракан апанын айтымында, ал кезде Москвага чейин поезд менен жолдогу станциянын баарына токтоп отуруп 7-8 күндө араң жетчү экен. Анда СССР Жогорку Советинин депутатынын кадыры абдан күчтүү болсо керек. (Сталиндин тушунда депутат дегенде тикесинен тик турушчу. Эсимде, СССР Жогорку Советине Нарындан Казы Дыйкамбаев, Шадыкан Иманалиевдер шайланганда элге алардын жеке таржымалын жаттатып, биз мектеп окуучусу элек, колубузга гүл алып, көчөгө тизилип, бүт эл менен тосуп алганбыз… Кийин мен деле депутат болуп жүрдүм СССР кезинде. Кайсы жерге барба кадырлуу-сыйлуу болушчу депутаттар).

Анан СССРдин депутаттары баратат дешип дээрлик ар бир станциядан тосуп алышып, урмат-сый көрсөтүшчү го. Зууракан апаларды Луговойдон казактар тосуп алып, дасторконду кенен жайып, ар кандай оюн-зоокторун көрсөтүп, ырдап-чоордошуп жакшы сыйлашат. “Жанагы шубат деген төөнүн кымызын ошондо ичтим” дечү Зууракан апа. Бир маалда казактар күрөш уюштуруп, алардын балбаны кыргыз балбанын жыгып кетип, казак туугандар ой-да апыраңдашып, кайра-кайра айтышып мактана беришет. Төрөбай Кулатов баш болгон кыргыздар “күч атасын тааныбайт”, жыгылса мейли эле, бирок, көтөрүлүп мактангандары эмнеси, ушундан көрө атайы жасагансыбай тоспой эле коюшпайбы” дешип сынып калышыптыр. Буга намыстанган Зууракан апа Төрөбайга айттым дейт:

– Төрөбай, күрөшкө мен чыгам. Жыкпай койбоймун. Бирок, кармашып жатканда дамбалым көрүнүп калса сен эле уят болосуң. Күрөш кандай болорун көрсөтөйүн буларга. Мага бир бышык шым таптыр… – деп.

Төрөбай Кулатов шым таптырат. Казак балбаны да узун-туурасы келишкен, айтылуу чоң балбандардын бири экен. Атайы кандагай шым кийип, кайыш кур курчанып, шымдактай болуп турат дейт. Зууракан апа: “Кармаша кеткенде эле байкадым, боюнда бош жерлери бар экен” деп койчу. (Зууракан апаны көп эле көрдүм го, денеси уюган таштай эле. Кишинин колу батчу эмес. Өзү узун бойлуу, чоң сүйлөгөн, адамдын да, эмгектин да алпы болчу). Анан баягы казак жигитти буйдамга келтирбей жамбашка салып туруп чаап алыптыр. Ал аз келгенсип, мактанган андай эмес, мындай болот дегенби, башынан да аттап кетиптир. Кыргыз аялы кыргызга мөрөй алып берип, казактардын башы жерге кире эле түштү дейт. Үн да жок, сөз да жок тунжурап эле калышыптыр. Биз болсо “жыктык” деп казактарча бакылдабай, жымыйып отурабыз дейт. Бир маалда ары кетип-бери кетип жатышкан казактар акыры келип кечирим сурашыптыр:

– Бизден кетип калды… Зууракан эже, сиз чыкканда эле кол көтөрүп күрөшпөй койсок болмок. Бир жагынан аял кишиге теңелген бизди жыгып туура кылдыңыз…Кечирип коюңуздар, – дешиптир. Берки балбан да келип кечирим сураптыр…
“Төрөбай менен ошол кезден бери таанышмын. Экөөбүз баспаган Кремлдин төрү, экөөбүз ичпеген Маскөөнүн тамагы, көрбөгөн, жолукпаган кишибиз калган жок. Сталинди жыйналыштардан далай эле көрбөдүмбү” дээр эле Зууракан апа.

Кант-Рыбачье темир жолун курдуруу үчүн түнкү бирде Сталинге киргени 

…Ошондо тамак үстүндө Төрөбай Кулатов бир чечилип сүйлөп берген эле. Мен да ыгы келип турганда деп, көптөн бери көңүлдө жүргөн суроомду узаттым: “Сталинге канча жолу жолуккансыз?” деп. «Бир жолу көзмө-көз өзүнүн кабинетинде жолуккам» деди Кулатов. Ал мындайча болуптур.

1940-жылдын аягында Кулатов атайын Москвага барып, бул эле Кантка жетип токтоп калган темир жолду Балыкчыга чейин жеткирүү маселесин коюптур. Адегенде Сталиндин секретары Александр Николаевич Поскрёбышевге кирип, келген маселесин айтыптыр. “Сталинге кирсем” дептир. Ал абдан маданияттуу, акылдуу, жакшылыгын аябаган киши эле дейт. Поскрёбышев Сталиндин колу бош эместигин, андан көрө бул маселе боюнча адегенде Вячеслав Молотовго кирип көрүүсүн сунуш кылыптыр. Молотовго барса, «азыр акыбал оор, каражат жок» деп болбоптур. Төрөбай Кулатов мына ошондо көгөрдүм дейт. Кайра Поскрёбышевге барып, Молотовдун жообун айтып, “мени Сталинге жолуктур» дептир. Поскрёбышев: “Эми бир айласын табайын. Бирок, ал киши түнкүсүн иштейт. Кокус кабыл алам деп кеч чакырса келе аласыңбы” дептир. “Кайсы убакта болбосун келем” дептир Кулатов. Андай болсо күтүңүз мен чалам деп мейманканын телефонун алып калат. Кулатов бир жумача сыртка да чыкпай телефонду аңдып отуруп калат. Бир күнү түнкү саат 12де Поскрёбышев чалып, «саат 1ге келип калыңыз, Сталин кабыл алат» дептир. Алымкул төкмө: «Кремлде бирөө бар…Кире албай адам сүрдөгөн» деп ырдачу дейт. Аның сыңарындай, Кулатовдун айтымында, киргенде аябай эле сүрдөптүр. Кантип жетип кол бергенимди байкабай калдым дейт.

– Отуруңуз, эмне маселе менен келдиңиз? – дептир.
Төрөбай Кулатов шаша-буша айта баштаса керек. Сталин:

– Жолдош, Кулатов, шашпай сүйлөңүз, – дептир.

Анан өзүн кармап, буларды айтыптыр:

– Жолдош, Сталин. Бизде темир жол түйүнү Фрунзеден Кант деген жерге барып токтоп калды. Андан ары Ысык-Көл жана Тыян-Шан деген эки облус бар. Жол каттамы бир гана Боом деген татаал капчыгайдан өтөт. Башка жол жок. Ошол темир жолду Балыкчы шаарына чейин жеткирип алсак, эки облустун өнүгүшүнө зор мүмкүнчүлүк түзүлөөр эле. Болбосо, бул облустарды көтөрүү кыйын. Ушуга жардам бериңиздер. Каражат, жабдуу жагынан жардам берсеңиздер эле курганын өз күчүбүз менен курат элек.

– Бул маселе боюнча Молотовдо болдуңузбу?

“Муну укканда аябай шашып кеттим, – дейт Кулатов. – Болгон жокмун деп кантип айтам, Сталинге кантип жалган айта аласың, аргасыздан ооз учунан болдум дедим. Анын жообун айттым. Сталин басып барып телефонду алып:
“Вячеслав Михайлович, сизде жолдош Кулатов болгон турбайбы, кандай дейсиз, жардам берелик. Каражат, жабдуу жагынан жардам берсеңер өздөрү куруп алабыз деп жатпайбы…” Ал дароо эле макул болду окшойт, – дейт.

Ошентип, Сталин ал маселени чечип бериптир. «Бетме-бет жолукканым ушул болду, ал эми ар кандай жыйналыштарда көп эле көрүп жүрдүм» деген эле Төрөбай Кулатов.
Жыйынтыгында, 1940-жылдын 30-ноябрында Кант-Рыбачье темир жолунун курулушу жөнүндөгү токтомго ВКП (б)нын секретары И.В.Сталин жана СССР Эл Комиссарлар комитетинин төрагасы В.М.Молотов кол коюшуптур.

Жамин АКИМАЛИЕВ, академик (“Көк асаба” гезитиндеги эскерүү баянынан үзүндү)

Салтанат Кыдырмаева 

 

Президент Сооронбай Жээнбеков: Ленинград блокадачылары дүйнөгө каармандыктын, кайраттуулуктун жана баатырдыктын бийик үлгүсүн көрсөттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков   советтик аскерлер тарабынан Ленинград шаарын фашисттик баскынчылардан толук бошотулган күнүнө карата кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

“Урматтуу мекендештер – Ленинград курчоосунун каармандары!

Урматтуу кыргызстандыктар!

Бүгүн биз салт боюнча тарыхый окуяны – курчоодо калган Ленинград шаарын фашисттик баскынчылардан толук бошотуу күнүн белгилеп жатабыз. Ленинград курчоосу –   1,5 миллиондон ашуун адамдын өмүрүн кыйган тарыхтын эӊ кайгылуу жана улуу сыноо барагы.

Биз ошол эң оор күндөрдө жеңилбес Ленинградда  ачарчылыкты жана кыш ызгаарын каармандык менен жеңген  адамдардын эрдигине таазим этебиз.

Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун жаркын элесине башыбызды ийип, эрдигин эскерип, согуш ардагерлерине чексиз ыраазычылык билдиребиз.

Ленинградды курчоодон бошотуудагы салгылашууларда башка элдер менен бирдикте 4,5 миңден ашуун кыргызстандык мекендештерибиз каармандык менен курман болгон.             От күйгөн согуш жылдары кыргызстандыктар курчоодо калган 16 миңден ашуун ленинграддыктарды, анын ичинен 3,5 миң балдарды кабыл алган. Оор күндөрдө элибиз ленинграддыктарды тамак-аш, жылуу кийим менен камсыздады.

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында курчоодо калган ленинграддыктардын эрдигине теңдеш улуу эрдик дүйнөлүк тарыхта кездешпейт. Курчоодо калган ленинграддыктар дүйнө жүзүнө каармандыктын, майтарылбас эрктин, мекенчилдиктин, Ата журтка болгон сүйүүнүн жана берилгендиктин  бийик үлгүсүн даңазалады.

Согуштун катаал күндөрүндө курчоодо калган жана аны баатырдык менен жеңип чыккан каарман адамдарыбыздын  эрдигине, темирдей бекем эркине таазим кылабыз.

Сиздерге, жакындарыңыздарга чың ден-соолук, узун өмүр, бакыт-таалай,  ачык асман жана бакубат жашоо  каалайм!

Улуу муундарыбыздын эрдиги урпактардын жүрөгүндө түбөлүккө бекем сакталат!

 

Кыргыз демократиясынын алгачкы баатырлары

(Ж.Жекшеев, К.Акматов, Т.Тургуналиев)

СССР доорунда, айрыкча анын Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки тарыхында, Кыргызстанда Россия, Украина, Балтика боюндагы жана Кавказ республикалары сыяктанып саясий оппозиция же диссиденттик кыймыл болбогону маалым. Ырас, Октябрь революциясынан кийин Совет бийлигинин орношуна жана түптөлүшүнө каршы курал менен күрөшкөн күчтөр чыккан. Алар убагында Россия, Украина тараптан көчүп келип, берешелүү кыргыз жеринде байыгандар менен кандаш-жандаш актар жана өз жери, өз мекени, өз дини үчүн күрөшкөн басмачылар эле. Бул куралган күчтөр жеңилгенден кийин байыраак жашаган кыргыздар жат тап катары “кулакка” тартылышты, көбү алыс жактарга, айталы, ошол эле Россия менен Украинага сүргүнгө айдалышты. Акырында 1930-жылдары бүт өмүрүн, бар күчүн Совет бийлигине күйүп-бышып жумшаган алгачкы жетекчилер, интеллигенция өкүлдөрү (алар баарыбызга белгилүү) ар түрдүү жалган жалаа, ушак-айың менен (“эл душманы”, “улутчул”, “шпион”, “пантүркчүл” ж.б деп) жок кылынды. Атүгүл Ата Мекендик согуштан кийин да айрым интеллигент-окумуштуулар (таанымал тилчи, адабиятчылар Х.Карасаев, Ж.Шүкүров, Т.Байжиев, Т.Саманчин, З.Бектенов) “улутчул” катары айыпталып, камакка алынды, алардын арасынан М.Байжиев сүргүндөн өз жерине аман кайтпай калды. Андан соң саясий көз карашы, “натуура” идеясы үчүн камалып же өмүрү кыйылгандар, кудайга шүгүр, болгон жок.

Бирок мындай ишмердүүлүгү үчүн кызматынан алынгандар жана куугунтукка тушуккандар кантсе да кездешип жатты. Алардын эң көрүнүктүүсү, албетте, кыргыз тилине, мектеп балдарына кам көргөнү үчүн кызматынан – республиканын биринчи жетекчилигинен 1961-жылы кеткен Ы.Раззаков. 1960-1980-жылдары кыргыз тили, адабияты, тарыхы, мамлекеттүүлүгү, Россия же орус улуту жөнүндө айткан сөздөрү, жазган чыгармалары үчүн Компартия тараптан сындалган же кызматынан бошотулгандар төмөнкүлөр: академик Б.Юнусалиев, тилчи Ж.Мукамбаев, математик Р.Усубакунов, юрист К.Нурбеков, тарыхчы С.Аттокуров, жазуучулар Т.Сыдыкбеков, М.Байжиев, К.Акматов, К.Сактанов. Таң калычтуу нерсе  – кыргыз тарыхын, тилин  көкөлөтүшөт деп маркум академик В.Бартольд (дүйнөгө таанымал чыгыш таануучу), көзү тирүүсүндө академик К.Юдахин, проф. С.Абрамзон, В.Плоских 1970-жылдары катуу сынга алынышты. Ушулардын баары болгон окуялар. Бирок менин кайрадан да айтайын, баса белгилейин дегеним – Кыргызстанда СССР мезгилинде башка өнүккөн республикалардагыдай саясий оппозиция, атүгүл диссиденттик кыймыл уюшулган эмес.

Андай аракеттер М.Горбачев бийликке келген 1985-жылдан тарта башталган кайра куруу, айкындык, демократташтыруу иштеринен улам башталды. Анда да адегенеде баягы эле маселелер – кыргыз тили, тарыхы, маданий мурас алдыңкы орунга чыкты. Андан соң экономикалык маселелер (чарбалардын өз алдынчалыгы, өзүн өзү каржылоо, өзүнчө эсеп-кысап ж.б) көтөрүлө баштады. 1989-жыл социалдык жана саясий маселелерди коюуга жана чечүүгө жол ачты, 1990-жыл республиканын тарыхында тагдыр чечкен бурулуш окуяларга бай болду.

Арийне, мындай жөрөлгөлөр менен жараяндар бир кишинин же бир ууч топтун аракети аркылуу ишке ашты деш туура эмес. Жок, ал окуяларга ар кандай ички жана тышкы жагдайлар, түрдүү социалдык катмарлар (интеллектуалдар, саясатчылар, карапайым адамдар) таасир этти. Ошолордун ичинен бул макалада атайын бөлүп, баса көрсөтөйүн дегеним  – алгачкы бейформал  коомдук (өкмөттүк эмес) уюмдар, саясий  кыймылдар, партиялар, алардын жетекчилери. Дааналап айтканда, сөз “Ашар” коому, Кыргызстан демократиялык кыймылы (КДК), “Эркин Кыргызстан”, “Асаба”, КДК партиялары, аларды уюштургандар Ж.Жекшеев, К.Акматов, Т.Тургуналиев  жөнүндө болмокчу.

1989-жыл, менимче, эки ири окуя аркылуу тарыхка кирди. Биринчиси – эчен жылдап үй-жайсыз, каттоосу жок, ушунун айынан ишке да алынбай же ден соолугун карата албай жүргөн миңдеген кыргыз жаштарынын Фрунзе шаарынын тегерегиндеги бош жерлерди басып алышы, алардын  мүдөөлөрүн коргогон “Ашар” коомунун (жетекчиси Ж.Жекшеев) уюшулушу эле. Социалдык адилетсиздиктин, өз жергебизде өзүбүздүн улутубузду өгөйлөгөндүктүн айынан келип чыккан бул козголоң “кыргызмын” деген ар бир ак ниет атуулду терең толкундаткан, ал ишке тиги же бул деңгээлде (ачык же кыйыр) колдоо көрсөтүүгө түрткөн. Маселен, мен ошондо жетекчи  кызматта – улуттук илимдер Академиябыздын тил жана адабият институтунун директору болсом да эч коркпой-үркпөй өзүмдүн кесиптеш курбум Сыртбай Мусаевди  ээрчитип “Ашар” коомунун Ленин райондук аткаруу комитетинин имаратында өткөн чогулушуна барып, ачык колдоп сүйлөгөм, андан кийин “ашарчылардын” Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин Саясий агартуу Үйүндө республиканын жетекчилери менен болгон чоң жолугушуусуна барып катышкам. Мени жана баарыбызды кубантканы – республиканын биринчи жетекчилери А.Масалиев, А.Жумагулов, Т.Акматов жаштардын бул кыймылын адегенде жактырышпай, каршы болушса да бара-бара абалды туура түшүнүшүп, тилге, ийге келип маселени чоң чыр-чатакка, кан төгүүгө жеткирбей оң чечип беришкен эле. Албетте, бул иште жаштардын өздөрүнүн уюшкандыгы, тартип сактаганы, сабырдуулугу, айрыкча жетекчилери Жапар Жекшеев менен Жумагазы Усуповдун (Чоң Аюу) акылкөйлүгү менен иш билгилиги чечүүчү күчкө ээ болду. Биз  муну жаңыдан ойгоно баштаган кыргыз демократиясынын биринчи жеңиши катары бааласак ашыкча болбойт.

Экинчи жеңиш – ошол жылдын күзүндө, 23-сентябрда кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болду. Оңойчулук менен келбеген, өтө оор талаш-тартыштардын, кайчы пикирлердин, кайым айтышуулардын натыйжасында Жогорку Кеңеш кабыл алган ал мыйзамдын долбоорун мен жетектеген жумушчу топ (арасында академик Б.Орузбаева, К.Бобулов, К.Акматов, Ч.Баекова, С.Мусаев ж.б. бар эле) даярдаган  болчубуз. Ал мыйзам үчүн күрөшкө бүткүл элибиз, анын ичинде “Ашар” коому абдан жигердүү катышкан. Ошондуктан “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамды Кыргызстандын эрктүүлүгү, эгемендүүлүгү үчүн саясий күрөштүн башталышы, алгачкы жеңиштеринин бири деп кабыл алууга акыбыз бар.

1990-жылдын январь-февраль айларында “Ашар” коому күрөштүн жаңы түрүнө, өйдөкү баскычына митингдерге өтө баштады. Эми социалдык-экономикалык гана маселелер эмес, саясий талаптар (компартиянын диктатурасы, атаандаш шайлоолор, сөз эркиндиги, өзүнчө мамлекет болуу сыяктуу) коюлду. Эрте менен ишке баратып, борбордук аянтта алгач ирет өтүп жаткан митингди көрүп толкунданганым эсимде. Ал митингдер да тынч, уюшкандыкта өттү. Жаштардын бул аракеттерин көрүп  белгилүү философ, профессор Асейин Исаев экөөбүз Казат Акматовго (ал анда жазуучулар Союзунун катчысы эле) барып: ”биз эмне, отура беребизби. Башка республикалар сыяктанып ойгонуп, жаштарды колдоп кыймылдабайбызбы?” деп айтканымды К.Акматов кыргыз демократиялык кыймылынын тарыхына арналган “Окуялар, адамдар (Миң бир күн)” деген китебинин башында келтирет.

Ошентип, Кыргызстан Демократиялык Кыймылын (КДК) түзүү колго алынды. Ага көптөгөн коомдук уюмдар, атуулдук демилгелер, көрүнүктүү интеллектуалдар кошула баштады. Алардын ичинде Т.Тургуналиев да бар эле. Бул кыймылдын демилгечилеринин кээ бир жыйындары менин жумушчу кабинетимде өттү.

1990-жылдын февралында Жогорку Кеңешке биринчи ирет атаандаштык негизинде шайлоо болуп, депутаттыкка демократиялык маанайдагы жоон топ илинди. Алар Жогорку Кеңештин апрелде чогулган 1-сессиясында алгач трибунага чыгып, коммунистик бийликке каяша айтышты (арасында мен да бар болчумун).

26-майда Кыргыз драма театрында КДКнын уюштуруу курултайы өттү. Ага Компартия адегенде каршы чыгып, театрды ачтырбай, акыры чыр чыгарда гана уруксат берип, атүгүл Борбордук Комитеттин идеология боюча катчысы М.Шеримкулов катышып сөз сүйлөдү.  Курултайга СССРдин эл депутаты, академик А.Акаев да катышып, өз ойлорун ортого салды. Курултай 5 адамды КДКнын тең төрөгалары кылып шайлады. Алардын арасында К.Акматов, Ж.Жекшеев, Т.Тургуналиев бар эле. Курултай кабыл алган документтердин ичинде эң маанилүүсү – “Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгү жөнүндөгү Декларация” болду.

Тилекке каршы, тынчтык мүнөздө башталган мындай демократиялык жараян июнь айында Түштүктө орун алган кандуу окуялар аркылуу бузулду. Буга төмөнкүдөй эки чоң кемчилик себеп болду.  Биринчиси – Бишкек сыяктуу эле Ош шаарынын четинен жер алгысы келген кыргыз жаштарынын “Ош аймагы” кыймылы менен жергиликтүү жана республикалык бийликтердин туура мамиле түзө албаганы, экинчиси – март айында Жалал-Абадда жашаган кадырлуу өзбек аксакалдарынын Москвага, Ташкенге, Бишкекке даректеген жикчилдик(сепаратисттик) Кайрылуусун колдоп Ош шаарында уюшулган “Адолат” аттуу өзбек жаштар кыймылын да бийликтер туура нукка салбаганы. Бийлик ушул окуялардын чыныгы себептерин иликтеп,  аларды өз убагында чечүүнүн ордуна күнөөнү  демейдегидей эле башка жактан – ойгоно баштаган коомдук уюмдардан, КДКдан көрдү. Натыйжада күздө, Жогорку Кеңештин экинчи сессиясы ачылчу октябрда Кыргызстанда саясий курч абал – коммунистик жана демократиялык күчтөрдүн тиреши башталды.  Демократиялык күчтөр эки агымдан турду: биринчисин КДК баштап, тышта олуттуу саясий талаптарды койгон массалык ачарчылык  жарыялашты, экинчиси парламенттин ичинде “Атуулдук ынтымак жана демократиялык жаңылануу үчүн” деп аталган депуттатык топ түзүлдү. Ушул эки агымдын өз ара биргелешкен аракети менен Жогорку Кеңеш адегенде Конституцияга президенттик кызматты киргизди, андан кийин бул эң жогорку кызматка Компартиянын жетекчилерин өткөрбөй, атаандаштык негизде А.Акаевди шайлады. Буга чындап сүйүнгөн КДКчылар, айрыкча сыртта ачкачылыкта тургандар Акаевди ошол күнү кеч болсо да сырттан тосушуп, башына Т.Тургуналиев ак калпак кийгизди. Жогорку Кеңештин декабрдагы сессиясында КДК даярдаган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өз алдынчалыгы жөнүндөгү” Шардана (Декларация) айрым алымча-кошумчалар менен кабыл алынды.  КДКнын тең төрөгасы К.Акматов Президенттик Кеңешке мүчө болду, айрым өкүлдөрү А.Акаев түзгөн алгачкы өкмөттүн курамына киришти. Ошонтип, А.Акаев менен парламенттеги жана анын сыртындагы демократиялык күчтөрдүн кызматташтыгы башталды.

КДКнын 1990-1991-жылдардагы ишмердигиндеги оң жана маанилүү окуялар катары түштүктөгү кандуу апааттын кесепеттерин жоюуга катышканын, 1991-жылдагы ГКЧПнын төңкөрүшүнө ачык каршы чыкканын, 1916-жылкы улуттук-боштондук козголоңдун 75 жылдыгына арнап “Өмүр көчү” жүрүшүн уюштурганын, “Майдан” (редактору А.Токтогулов) деп аталган алгачкы көз карандысыз гезит чыгарганын, СССРдеги демократиялык жана саясий жараяндарды биргелешип алдыга жылдыруу үчүн Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Россия, Балтика боюндагы жана Кавказ республикаларындагы ушул багыттагы күчтөр менен алака түзүп, тажрыйба алмашканын белгилөө кажет. Бул иштерде, албетте, уюштургуч, жетекчи, чыгаан (лидер) катары Ж.Жекшеев, К.Акматов, Т.Тургуналиевдин кызматы чоң болгонун унутпашыбыз зарыл.

Бирок КДКдагы абал 1991-жылы өзгөрүүгө учурады: бардыгы баягы эле так талаштан, “мен кыйынмын”, “мен чыгаанмын” деген кур дымактан чыкты. Бул КДКнын ошол жылы өткөн эки курултайында (февраль, ноябрь) айкындалды. Натыйжада, КДК ичтен ыдырап, ар кайсы топторго жана алгачкы саясий партияларга (“Эркин Кыргызстан”, “Эрк”, “Асаба”, КДК) бөлүнүп кетти. Эми Ж.Жекшеев, К.Акматов, Т.Тургуналиев менен атаандашкан Ө.Текебаев (ал Жогорку Кеңештин депутаты болчу), Т.Акунов, Турсунбай Бакир уулу сыяктуу дараметтүү жаштар пайда болду. Мындай бөлүнүп-жарылуу “Ашар” коомунун ичинде да жүрдү. Мунун баары өнүгүүнүн мыйзам ченемдүү жараяны болчу.

Экинчиден, 1992-жылдан тартып А.Акаев менен парламенттен сырттагы демократиялык күчтөрдүн мамилеси да өз ара сууп, 1993-жылы таптакыр үзүлдү. Буга, менимче, эки тарап тең күнөөлүү: Т.Тургуналиев баштаган ашынган “радикал” демократтар ашыкча, аткарууга мүмкүн болбогон талаптарды коюшуп, ага көнбөгөн Президенттин кызматтан кетишин  талап  кыла  башташты, президент  да  бара-бара  демократиялык  жолдон  тайып, авторитардык  башкарууга  ыктады. Мунун  аягы  эки  тарап  үчүн  тең  жакшы  бүткөн  жок: Т.Тургуналиевге  өчөшкөн  А.Акаев  адегенде  аны  ректорлукка  көтөргөн  болуп, андан  кийин  жалган  жалаа  менен  көп  жылга  каматты эле, анысы  Топчукеге  “абийир  туткуну”  деген  ардактуу  наам  жана эл аралык  аброй  алып келди; Ж.Жекшеев  да 1993-жылдан  тарта  Жогорку Кеңешке депутаттыкка койгонунда бийлик каршы  болгонунан улам ачык оппозицияга өттү; К.Акматов болсо 2003-жылга  чейин А.Акаев  менен  кызматташып,  акырында  орой  түрдө “Ак Үйдөн” кууп  чыгарылды; А.Акаевдин  өзү 2005-жылы элдик  революциянын  негизинде  бийлигин да, өлкөсүн да  таштап  качып кетти. Ал  революцияны   идея  жактан  даярдагандардын  жана  жетектегендердин  арасында, албетте, Т.Тургуналиев, Ж.Жекшеев, К.Акматов  бар эле. Алар   атүгүл 2010-жылы өздөрү  бийликке  алып  келген  К.Бакиевдин  режимин  кулатууга  да катышышты.

20 жылды камтыган  ушул  тарыхый  окуялар  К.Акматовдун  “Окуялар, адамдар (Миң бир күн)”, Ж.Жекшеевдин  “Чындык  бир гана  өзүңдө” (1997), “Атуулдук биримдикке чакырам” (2003), Т.Тургуналиевдин  “Оома-төкмө  дүнүйө” (2011)  аттуу  эскерме  китептеринде  ар кайсы  даражада (биринде аз, экинчисинде дурус, үчүнчүсүндө толук)  чагылдырылган. Алардын  ар бир  бетин  калтырбай  окуган  жана  үч  авторду  жакындан  таанып билген, бирге  жүргөн  адам  катары  өзүмө  жана  элиме  жалпылоо  иретинде  төмөнкүдөй  суроолорду  койгум  келет: бул  саясатчылар  эмне  үчүн  жана  кандайча  ушундай  жолду  тандашты? Таштаган  саясий  кадамдары  канчалык  ишке  ашты? Дегеле  булардын  Кыргызстандын  жаңы  тарыхындагы  орду  кандай?

Коюлган  соболдорго  туура  жооп  табыш  үчүн  ар  биринин  жекече турмуштук  жолуна, билимине, жөндөмүнө, инсандык  сапаттарына  кыскача  саресеп  салуу  ылайыктуу.

Казат  Акматов  менен  Топчубек  Тургуналиевдин  жаштары  улуураак (экөөнүн  жашы тең, 1941-жылы  төрөлүшкөн), баскан  жолдору  да окшошураак: айылдагы  орто  мектепти  бүткөн  соң  экөө  тең  шаарда  жана  Москвада  билим  алышкан, андан  кийин  ар  кайсы  кызматтарда  иштешип, акыры  Кыргызстан  Компартиясынын  Борбордук  Комитетинин  аппаратында  кызмат  өтөшкөн, андан  кетип  кайрадан  башка  жактарда  эмгектенишкен. Кыскасы, экөө  тең  коммунист, партиялык  кызматкер, бирок  кесиптери  башка: К.Акматов – журналист  жана  жазуучу, Т.Тургуналиев – маданият  кызматкери  жана  окумуштуу – философия  илимдеринин  кандидаты. Дагы  окшоштуктары – экөө  тең  жаш  кезинде  жана  кызматта  жүргөнүндө  улутчул  катары  бир нече  ирет  жеме  алышкан  экен. Бирок  бул  жагынан  К.Акматовдун  “күнөөсү ”  оорураак  болуптур: аны  кызмат  убагындагы  “улутчул”  иштери  жана  “Мезгил”  романы  үчүн  үч  ирет  партиядан  чыгаруу  аракети  көрүлүптүр. (“Мезгил”  романын  “улутчул”  деп  айыптап  жатышканында  К.Акматовду  ачык  колдоп, макала  жазган  элем).

Т.Тургуналиев  болсо эмгектенген  музыкалык  окуу  жайында  айылдык  кыргыздарды  көп  кабыл  алганы   жана  кыз-келиндер  пединститутунда  иштеп  жүргөндө  куран  окуп  койгону  үчүн  текшерилгени  болбосо  өзүнүн  орус  тилинде  жарык  көргөн  “Көркөм  маданияттардын  биримдиги” (1977), “Руханий  маданиятты  интернационалдаштыруу  маселелери” (1987) аттуу  илимий  китептеринде  чылгый марксчыл-ленинчил  көз  карашты  жактаган, ал  аз  келгенсип  ашынган  интернационалдык  маданиятты  колдоп, улуттук  тилге  кылапат  келтирип, “панисламдык, пантүркчүл  жалган  элестерди”  айыптаган. Актай  мазмундагы  макалаларын  борбордук  “Совесткая  культура”  газетасына  да  жарыялаган. Мунун  негизги  себеби – Т.Тургуналиевдин  КПСС БКга  караштуу  Коомдук  илимдер  Академиясында – коммунисттик  идеологиянын  очогунда  тарбияланышында  эле. Салыштыруу  иретинде  элестетип  көрүңүздөр: 1987-жылы  СССРде  демократия, айкындык, өткөндү  калыс  баалоо  жандана  баштабады  беле. Анан  эле  Топчуке  эки-үч  жылда  ашынган  актикоммунист, улутчул  демократ  болуп  чыга  келди. Эмне  үчүн  мындай  болду, ич  дүйнөсүндөгү  саясий  жана  руханий  кайра  жаралуу  кандайча  жүрдү – бул  жөнүндө  анын  “Оома-төкмө  дүйнөсүндө”  эч  нерсе  айтылбайт.

К.Акматовдо  мындай  багыттагы  өсүп-өнүгүү, өзгөрүү  акырындап, өз  жолу, өз ирети  менен  жүргөнүн  анын  турмуштук  жолу,  жасаган  иштери, жазган  мыкты  чыгармалары  (“Боз  улан”, “Мезгил”, “Мунабия”, “Архат”)  ынанымдуу  далилдейт.

Жыпар  Жекшеевде  да  ошондой  болгон. Ал  карапайым, көп  балалуу  үй-бүлөдө  төрөлүп, кенедейинен  кыйынчылык  көргөн, жетим  балдардын  мектебинде  өскөн. 1970-жылдары Фрунзедеги сүрөт  окуу  жайында  окуп  жүргөндө  “Жаш  тилек”  деген  жаштар  уюмун  түзүп, улуттук  мүнөздөгү  иш  чараларды  өткөргөндүгү  үчүн  партиялык органдарга,  КГБга  бир  нече  ирет  чакырылган, кийин да  акыркы  кызматтын  көз  кырында  жүргөн. Айрыкча  “Ашар”  коомун  жана  КДКны  түзүүгө  белсемдүү  катышкандыгы, жетекчилик  кылганы  үчүн  кылмыш  иши  козголуп, укук   коргоо  органдарынын  көзөмөлүнө  жана  тергөөсүнө  алынган, Компартиянын  жана  андан  кийинки (демократиялык деп аталган) бийликтердин  кара  тизмесине  кирген. Андай  каршылыктарга  карабастан  1995-жылы  атаандаштык  курч  күрөштө  Жогорку  Кеңещтин Мыйзам  чыгаруу  жыйынына  депутаттыкка  өтүп, өлкө  үчүн  зарыл  жана  калыс  сөздөрүн  айтып  келди.

Көрүнүп  тургандай,  үчөө  тең  демократиялык  көз  караштары  аркылуу  гана  эмес, кесиптери (интеллигенция  өкүлдөрү), тагдырлары  боюнча  да окшош. Бирок  мүнөздөрү  ар башка: К.Акматов  кантсе  да  жумшак, ийкем, келишкич  болчу,  Ж.Жекшеев – токтоо, сабырдуу, катаал, бир сырдуу; Т.Тургуналиевге келсек, ал –  бетке чабар, тайманбас, радикал, албуут. Анан  калса  мыкты  сүйлөйт, ырдайт, бийлейт, артист  боло  калат (бекеринен  маданият  жана  музыка  окуу  жайларын  бүткөн  эмес да). Мага  жагып  калган  дагы  бир  жакшы  жагы – оозу  менен  эле  жакшы  ырдап, сүйлөбөстөн (чечендигин  көрсөтпөстөн) кыргызча  жазганы  да дурус экен. Муну  “Оома-төкмө  дүнүйө”  китебиндеги  бала  чагына, ата-апаларына, туугандарына, Лейлекте  сүргүндө  жүргөндөгү  табиятка  арналган  баяндары  күбөлөп  турат.

К.Акматов, Т.Тургуналиев, Ж.Жекшеевдин  2010-жылдын  7-апрелинен  кийинки   жашоо  турмушу, иштери, максат-мүдөөлөрү  өзгөрдү  десек  болот. Топчуке  революциядан  кийин  өкмөттүк  кызматта  (токой  чарбасы  жана  айлана-чөйрөнү  коргоо  агенттигинин  директору  болуп) аз  убакыт   иштеп, андан  бошогон  соң  ал  убактагы  президент  Р.И.Отунбаевага  таарынып  калганы  болбосо, негизинен  үчөө  тең  андан  кийинки  президент  А.Атамбаев  менен  ниеттеш, кызматташ  болду. Өкүнткөн  нерсе –  К.Акматов  арабыздан  кеткенине  эки-үч  жыл  өтүп  калды. Калган  экөө  дале  бар, күүлүү-күчтүү:  Ж.Жекшеев  коомдук-саясий  иштерден  кол  үзбөй  келатат, Т.Тургуналиев  илимий-педагогикалык  жолуна  кайтып, И.Арабаев  атындагы  университетте  (өзү  бир кезде – демократия  үчүн  күрөшкө  аттанганга  чейин  эмгектенген)  Манастаануу  институтун  уюштуруп, “Байыркы  көчмөн  кыргыз  цивилизациясы”  деген пайдалуу  китеп  (2016)  жазып  чыгарды.

Сөздү  жыйынтыктап  айтарым  эмне?

Дүйнөлүк  тарыхта  кан, курал, террор  менен  коштолгон  козголоңдор, төңкөрүштөр, революциялар, улуттук-боштондук  кыймылдары алардын  атактуу баатырлары  жана  башчылары көп болгон. Мунун эң  улуу жана көрүнүктүү үлгүлөрү Англия, Франция, Америка, Мексика, Октябрь, Кытай, Куба революциялары  эмеспи. Бирок  да эң  шумдук, эң  укмуш  окуялар – тынчтык, демократиялык  революциялар  ХХ кылымдын  акыркы  он   жылдыгында  адегенде Европада, ага  удаа  СССРде, анын  ичинде  Кыргызстанда  болду. Албетте, ал  окуялар  жөндөн  жөн  эле, асмандан  бүткөндөй  болгон  жок. Тескерисинче, алар  жылдар  бою  ичтен  жана  сырттан  бышырылып, жуурулуп, көптөгөн  алдыңкы, күрөшчүл  адамдардын  аракети  жана  эркиндикти  эңсеген  элдердин  каалоо-тилеги, максаты, катышуусу  аркылуу  ишке  ашырылды. Ал  эми жанакындай   адамдардын  өзүнчө  сапат-касиеттери  болот. Ошолор  тууралуу  ХХ  кылымдын  көрүнүктүү  ойчулдары  А.Камю  “Козголоңчу  адам”, Э.Фромм  “Революциячыл  мүнөз”  деген эмгектеринде  терең  жазышкан. Айталы, Э.Фроммдун  изилдөөсүнө  ылайык  революциячыл  мүнөзгө  эгедер  адамдар  авторитардык  мүнөздөгү  адамдардан  айырмаланып  эркиндикти, көз  карандысыздыкты, сынчыл  маанайды, акыл-эсти, адамгерчиликти, турмушту  сүйөт, бийликти, кошоматты, жалган айтканды  жактырбайт. Ошон  үчүн  алар  өзүнүн  жана  өлкөсүнүн  эркиндиги, өз  алдынчалыгы, көз  карандасыздыгы  үчүн  күрөшөт.

Албетте, ар кандай  кесиптеги, ар  кайсы  чөйрөдөгү  мындай  адамдар  Кыргызстанда  да  бар  болчу. Кези  келгенде, сааты  чыкканда алар Кыргызстандын  жаңы  жолу – демократия  менен  көз  карандысыздыгы  үчүн  күрөшкө  чыгышты  жана  эли  менен  кошо  жеңишке  ээ  болушту. Бул  татаал, карама-каршылыктуу  жолдогу  күрөш  азыр  да  уланууда. Ошол  топтогу чыгаан  адамдардын  арасында  Ж.Жекшеев, К.Акматов, Т.Тургуналиев  да  сөзсүз   бар  эле. Биз  алардын  ар  бирин  өздөрүнө  же  башка  айрым  жакын  санаалаштарына  окшоп  “кыргыз  демократиясынын  атасы” (“негиздөөчүсү”)  дебестен, үчөөнө  тең  тан  берип, эмгектерин  татыктуу  баалап, “кыргыз  демократиясынын  алгачкы  баатырлары”  деп  атасак  тарыхый  жактан  калыстык  болор.

Абдыганы Эркебаев, Кыргыз  Республикасынын  Улуттук  Илимдер Академиясынын академиги.

Булак: “Майдан. kg” гезити

Фотобаян - Төрага Д.Жумабеков: “Керээз” тарыхый драмасы эгемендикке татаал жол менен жеткенибизди түшүндүрө алды”

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков 23-январда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында коюлган  “Керээз” тарыхый драмасынын премьерасына барып, бул спектаклде 19-кылымдагы белгилүү коомдук-саясий ишмер Боромбай бийдин тагдыры жана ошол учурдагы кыргыздардын жашоо-турмушу жогорку чеберчилик менен чагылдырылганын белгиледи.  “Бүгүнкү премьерада өнөр адамдары бизди мындан 100-150-жыл мурдагы тарыхыбызга алып барып келгендей эле болду. Кыргыз элинин бүгүнкү эгемендикке жетиши үчүн кандай татаал жолду басып өткөнүн дагы бир жолу эске салды. Ата-бабаларыбыз бүгүнкүдөй өз алдынча мамлекет болушубузду эңсеп, ал үчүн талыкпай күрөшкөнүн көрсөтө алды”, – деди Төрага.

Ошону менен бирге ал драманы койгон жаш драматург, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кайрат Иманалиевге, мезгилсиз дүйнөдөн кайткан актер жана режиссер Марат Козукеевдин жакындарына, театрдын чыгармачыл жамаатына терең ыраазылыгын билдирди.

“Керээз” тарыхый драмасы Боромбай  бийди XIX кылымдын ортосундагы кыйчалыш учурдан жол табууга аракет кылган эл башчысы катары мүнөздөйт. Кыргыз уруулары менен хандары өз-ара тирешип, ошол эле учурда Кокон хандыгы, Цинь жана Орус империяларынын кысымында калганын көргөзөт.

Премьерага келгендер бул чыгарма кыргыз театр өнөрү дагы бир бийик тепкичке жеткенин баса белгилешти.  “Керээзди” коюуда салттуу ыкмалар менен заманбап технология, улуттук кийимдер менен кыргыздын сөз маданиятына болгон аяр мамилеси, тарыхы менен азыркы учурдагы түбөлүк суроолор айкашып турду.

  

 

СССРдеги өлүм жазасы. Башкесер: «Мага иштердин эң балити туш келди»

СССРде өлүм жазасын аткаруу жабык маселелердин бири болчу. Бул “жумушту” аткаргандар өз ишин сыр кылып сакташчу. Бирок азыркы күндө катылган сырлар ачыкка чыгып баштады. Алардын бири Азербайжанда эки жарым жылдан ашуун убакыт өлүм жазасын ишке ашырган Халид Юнусов менен Гаджиева Айнурдун маегин которуп бердик.
– Көбүнчө Жогорку сот мындай кылмышкерлер тууралуу бизге мурдатан кабар берчү. Бизге өлүм жазасына тартылгандыгы тууралуу чечим чыккандан кийин гана келишчү. Мен түрмөнүн жетекчиси катары аларга өзүн актоону өтүнгөн өтүнүч кагазын жаздырчумун. Андай өтүнүчтү жазбагандар баш тарткандыгы тууралуу түшүндүрмө жазышат эле. Бул каттар өлкөнүн прокуратурасы жана Жогорку сотуна, андан кийин СССРдин Жогорку сотуна кетчү. Өтүнүч кагазы каралып жаткан убакта, соттолгон адам бизде жатчу.
– Өкүм чыккандан кийин канча убакытта аткарылчу?
– Ар-кандай: үч, алты ай, анча-мынчада бир жылга чейин. ИИМ Жогорку соттун буйругу жазылган документ жөнөтөт эле. Эгер “Сиздин актоо өтүнүчүңүз каралды…” деген жазуу келсе, өлүм жазасы 15 жылга эркинен ажыратууга алмаштырылат. Эгер “Өкүм ишке ашырылсын” деген жазуу келсе, соттолгон жаранды чакырып ага айтчубуз. Алар бизде калган убакта аябай өзгөрүшчү. Башында аз да болсо үмүт болсо, күн өткөн сайын ал да жоголчу. Атайын буйрук боюнча өлүм жазасына тартылгандар жалгыз камераларда кармалышчу. Эгерде орун жетишпей жатса гана эки кишиден жатышчу.
– Алардын туугандары менен жолугушуусуна уруксат берилчү беле?
– Жогорку соттун төрагасынын уруксаты менен гана.
– Өлүм жазасына тартылган жаран өкүм аткарылганга чейин каза болгон учур болду беле?
– Мен иштеген үч жылдын ичинде бир гана жолу мындай окуя болду. Атууга өкүм кылынган бир жаран рактан улам өлгөн.
– Өлүм жазасына тартылгандар акталган учурлар болду беле?
– Эки жолу болгон. Бирөөнү өлтүрүп, бирөөнү оор жарадар кылган жаш жигит акталган. Ал 21 жашында армиядан жаңы келип, тракторист болуп иштей баштайт. Иш учурунда жетекчилеринин бириси келип “эмнеге жакшы иштебей жатасың” деп сөгүп кирет. Бала монтировка менен аны башка чаап өлтүрүп, жардамга чуркаган айдоочусун оор жарадар кылат. Ал: “Күнөөлү болсом атышсын. Сөгүнгөндү биз кечирбейбиз” деп кечирим сурабай койгон. Бирок прокурор анын жаш экендигин көрүп “15 жыл отурсун” деген. 36 жашында чыкмак. Азыр эркиндикте болсо керек.
– Сыналгыдан адамдын атайын бөлмөгө кирип, эшикке аркасын салып тургандыгы, андан соң эшиктеги кичинекей терезе ачылып аны желкеге аткандыгын көрсөтүшчү…
– Бизде андай эмес болчу. Өтө аёосуз жол менен өлтүрүшчү. Баары түнкү саат он экиден кийин ишке ашчу. Түрмөнүн башчысы, көзөмөл боюнча прокурор өкүмгө байкоо салып турушчу. Алардан башка жарандын өлүмүн тастыктаган врач жана эсеп менен алектенген маалымат борборунун өкүлү катышчу. ИИМдин өлүм жазасын аткарган жашыруун группасында 10 адам бар эле. Мен алардын башчысы элем. Үч жыл ичинде 35 адамдын өлүм жазасын ишке ашырдым. Өкүмдү аткаруу үчүн соттолгон адамды алып бара жатканда эч нерсе айтчу эмеспиз. Бир гана актоо өтүнүчүн Жогорку сот кабыл албагандыгын айтчубуз. Бир нече мүнөттүн ичинде көз алдымда чачына ак түшкөн адамды көргөм. Ошондуктан кайда бараарыбызды айтчу эмеспиз. Бирок баары-бир түшүнүшүп, “Кечиргиле!” деп кыйкыра башташчу. Атайын бөлмөнүн эшигин ачканыңда киргилери келишпейт эле. Узуну жана туурасынан үч метр болгон, дубалына резина төшөлгөн бөлмө эле. Адам ал жерге киргенинде баарын түшүнчү.
– Бөлмө канга бууланчу беле?
– Бөлмөдө кичинекей терезе гана бар болчу. Койду союу үчүн байлаганда ал баарын түшүнүп көзүнө жаш алат дешет. Адамдар ал убакта ар кандай болушат. Алсыздар дароо жыгылышат. Өкүм аткарылганча жүрөгү жарылып өлгөндөр да болгон. Күч көрсөткөндөрдүн колу-бутун кайрып жыгып, кишен салчубуз. Арка желкесинин сол тарабына тапанча менен атчубуз. Себеби ал жакка атканда адам дароо өлчү.
– Ошол убакта октон буйтагандар да болчу беле?
– Жок, биз эки-үч адам болчубуз да.
– Тасмаларда соттолгон адамдын жай гана тизелеп отуруп, башын ылдыйга салганын көрүп калабыз. Чындыгында эле ушундайбы?
– Бир окуя болгон. Таякеси менен жээни мал уурдап, эки милиционерди өлтүрүп коюшкан. Милиционерлердин бири: “Мени өлтүрбөгүлө, өзүмдүн үч балам, каза болгон инимдин эки баласы бар”,- деп жалдыраган. Мен андай кылмышкерлерди адам ордуна койчу эмесмин. Жаш жигит: “Мен эмес, таякем”,- дейт. Таякеси мурда беш жолу соттолгон килейген киши. Аны “бөлмөгө” алып кирсек, эч тизелеп отургусу келген жок. Көптөп жатып жыгып, беш жолу башка аттык. Мээси туш-тарапка чачырап кетти. Ал болсо дале дем алып жатат. Өпкөгө эки жолу атканда гана өлдү. Жээнин алып кирсек, денени көрөөрү менен жыгылды. Врач “Кереги жок. Жан берди”,- дегенине карабай үч жолу аттык. Мындай окуялардан кийин өзүмө зорго келчүмүн.
– Өлүм жазасына тартылган адамга бооруңуз ооруган учурлар болду беле?
– Лимонад чыгарган заводдун директору бар болчу. Мамлекеттен акча уурдаганы үчүн соттолгон. Кудайга жакын, адилеттүү адам эле. Сыйынганга уруксат берип, кичинекей кездеме бердик. Беш убак намаз окучу. “Мени атышат. Билем”,- дечү. Атууга алып бара жатканда кишен да салган эмеспиз. Жай гана жатып “Баары акыйкат болуп жатат” деген. Мен уурулукка өлүм жазасын берүүгө каршы элем. Он бир баланын атасы болгон Нахичеванилик бирөө бар эле. Өз арабызда “Уурулук үчүн атып салышат. А балдарын ким багат? Алар кийин 11 өлкө душманы болуп чоңоюшат”,- дейт элек. Анын актоо өтүнүчү кабыл алынып, 15 жылга кесилгендигин укканда жыгылып түшкөн. Эсине келтирсек, өзү үчүн эмес, 11 баласы үчүн сүйүнгөндүгүн айткан.
– Өкүмдү ишке ашырган “башкесерлер” акылынан айнып калышат дешет…
– Түшүнөсүзбү, мен атылган адамдарды адам ордуна койбойм. Мисалы, бул сүрөттү караңыз?
– Жаш экен. Эмне кылган?
– Өз кызын зордуктап, өлтүрүп койгон. Бул Рамин деген жигит досу экөө автобекеттен кардар алып, эгер бай экенин сезишсе, өлтүрүп сөөгүн ыргытып жиберишү. Дагы бирөө бар эле. “Философ” деп койчубуз. Мектепте мугалим болуп жүрүп, 10-класстагы окуучусу менен мамиле түзгөн. Анын башка кызга куда түшүп жатканын билип калган окуучу кыз парткомго айтам дейт. Анан “философ” кызды көл жээгине алып барып өлтүрүп, сууга таштап жиберет. Бул жаш жигит 63 жаштагы кемпирди зордуктап, өлтүрүп койгон. Гамид Велиев деген жаран аялын, үч жана бир жаштагы балдарын өлтүргөн. Буларды кантип аяйсың?..
– Эмне үчүн туугандары соттолгон кишинин өлгөндүгүн билишчү эмес. Сөөктү өздөрү алып көмүшсө болот эле да?
– Билбейм. Балким адамдарды каардуу кылбоо үчүн ушундай чечим чыкса керек.
– Үй-бүлөңүзгө кандай жумуш кылганыңызды айтчу белеңиз?
– Эч качан. Түрмөдө иштейм гана дечүмүн. Жубайым бир нерсени сезчү. Өзүмдү билбеген абалда үйгө келип калчумун. Мыйзам боюнча ар бир өкүм аткарылгандан кийин 250 грамм спирт берилчү.
– Эмне үчүн бул жумушка бардыңыз?
– Дайындашкан. Ага чейин алты жыл паракорлорду кармагам. Өзүмө көптөгөн душмандарды топтоп алдым. Жетекчилик менин иштермандыгымды жана принциптүүлүгүмдү билчү. Ички иштер министринин орун басары мени дайындап жатып: “Коркпойсуңбу?” – деп сурады. Мен: “Темир жолдо иштегенде өлүктөрдү чогулткам”,- деп жооп бердим. Ал: “Алар өлүктөр болчу. Жашсың али”,- деди. Отуз беште элем. Жашоо ушундай экен. Бийлик адам өлтүргөндөрдү өлтүрүп, бизди жана өзүн кылмышкерге айлантты.
– Бирок өлүм жазасына тартылгандарды адам ордуна койбойт элем дедиңиз?
– Мен аёосуз адам өлтүргөндөрдү гана өлүм жазасына тартмакмын. Кокустан же жини келип турганда ойлонбой өлтүрүп алгандарды андай жазага тартууга болбойт. Экономикалык кылмышкерлерди өлтүрүү такыр туура эмес.
– Акыркы каалоосун сурайт белеңер?
– Негизи суралат. Тамеки сураса бересиң. Бирок дасторкон жайбайсың.
– Аялдар да бар беле?
– Мен иштеп турганда жок болчу.
– Эмне үчүн үч эле жыл иштедиңиз?
– ИИМдин башчысы Ариф Гейдаров өлтүрүлгөндөн кийин кызматтык алмашуулар болду. Бирок негизи эле бул кызматта узак иштешпейт.
– Көркөм чыгармаларда өлүм жазасына бараткан адамга молдо же чиркөө кызматкерин чакырып, күнөөсүн чыгарышчу…
– Ал убакта түрмөгө эмес, үйлөнүү тойго да молдо чакыруудан коркушчу. Партиядан чыгып калууң мүмкүн эле.
– Өлүм жазасына тартылгандар менен сүйлөшүүгө уруксат беришчүбү?
– Ооба. Алардын абалына көз салып турчумун. Бир жери ооруса айтышчу. Бирок чай ичишпейт элек.
– Алар менен жөнөкөй кылмышкерлердин кармалуу шартында айырма бар беле?
– Ооба, көптөгөн айырма бар болчу. Аларга жакындарынан эч нерсе берилчү эмес. Сырткы дүйнө менен сүйлөшүүгө, короого чыгып басууга уруксат берилчү эмес. Суткасына бир жолу гана ажатканага чыгышчу.
– Айлыгы кандай эле?
– Көп төлөшчү. Ар чейректе өлүм жазасын аткаруучуга 150 рубль берилчү.
– 35 адамдын өлүмүн көргөндөн кийин адам өмүрүнө болгон көз карашыңыз өзгөрдүбү?
– Өлүм жазасын аткаруунун алдында кылмышкердин эмне кылгандыгын окуп жатканда, көп нерсени ойлобой деле каласың. Ал өз өмүрүнүн баасын өзү берди. А өзүмдүн жашоомо токтоло турган болсом, мага оор тагдыр туш келди. Адамдар ар кандай иште иштешет. А мага иштердин эң балити туш келди.
Орус тилинен которгон Азат Бектурган

Булак: “Параграф” гезити

Видео - Жер астындагы күмүш шаар

Баткендеги орто кылымдарга таандык делген “Барса келбес” же “Кан и Гут” үңкүрүн туристтерди кызыктырган жайга айландырууга жергиликтүү тарыхчылар менен жазуучулар аракеттене баштады. Орто кылымдагы философ, дарыгер жана акын Абу Али Ибн Синанын эмгектеринде айтылган делген бул жер астындагы “күмүш шаардын” алиге чейин так картасы жана түзүлүшү, тарыхы изилденип бүтпөй турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Аны "Баткендик ханыша" деп аташчу: "1957-жылы мумияны казып чыгышканда мүрзөдөн кара чымындар жана курттар чыккан" - Кара-Булак айылынын тургундары

Баткен облсунун окумуштуулары Кара-Булак айылына коюлган мумияны кайра казып чыгуу сунушун колдошууда. Бул туурасында Турмуш басылмасына Баткен территориялык музейинин жетекчиси, тарых илимдеринин кандидаты Абдинаби Кадыров билдирген.

1409899.1.1507807695

Анын айтымында, эгерде мумияны алып чыгышса анда ал Баткен музейинде сакталуусу шарт. Аны менен чет элдик туристтерди жана окумуштууларды тартса болот дейт.

“Музейде мумия менен чогуу 4-5-кылымга таандык ага байланышкан ар кандай буюмдарды сактоого болот. Окумуштууларга мумияны изилдөөгө шарт түзүү бул өтө туура. Анткени бул кыргыздарга байланышкан тарых. Негизи, эреже боюнча тарыхый буюмдар кайсыл жерден табылса ошол жакта калышы керек. Ошондуктан бул мумия Баткенде калышы керек. Бизде аны сактоого бардык шарттар жана мүмкүнчүлүктөр бар”, – деди А. Кадыров.

Баткендеги музейдин ичи

Аны менен катар Кара-Булак айылынын тургундары окумуштуулардын бул ойлоруна каршы чыгышууда. Алардын айтымында 1957-жылы, орус окумуштуусу бул мумияны казып чыкканда, күмбөздөн кара чымындар жана курттар чыккан. Анын айынан 10 жыл бою айылдагы бактар ооруган. Биз мумияны кайра казууга жол бербейбиз. Эмне болсо дагы ал ордуна калуусу керек дешүүдө тургундар.

Мумия көмүлгөн жер (азыркы учур)

Кара-Булак айылынын тургундары

Меню