Menu

ТАРЫХ

Зулпукаар Сапанов, санжырачы, журналист: “Дүйнө шайтанга сыйынып калды”

— Зулпукаар аке, кыргыз журтуна калеми курч, абийирине камчы салдырбаган чыгаан журналист катары таанылдыңыз эле, бирок негедир бир жылдан бери көрүнбөй кеттиңиз, кайда жүрдүңүз, эмне менен алек болдуңуз?

— Биринчиден көңүлдү көкөлөткөн сөзүңө рахмат, экинчиден өзүм жөнүндө кыска гана айта турган болсом, касиеттүү ата-бабаларыбыз менен жете-жотолорубуздун кылым карыткан санжыра дүйнөсүнө кирип, Кудайымдын буйругу менен кайыптын катылып жаткан сырдуу ааламына чейин жеттим. Тактай кетсем, илимий чөйрө тыным албастан издеп келген Шамбаланы Памирден таап, жер бетиндеги пендеге табышмак болгон түйүндөрдү жандырып чыктым. Анын бири Кыдыр атабыз менен Умай энебиздин урпактарынын улуу санжырасы болуп эсептелет, ага чыйыр салып, унутта калган булактын көзүн тазалап, Кудай касиетине жеткен ыйык Атабыз менен асыл Энебиздин уул-кыздарынын санжырасын тиздим. Мындайча айтканда, Адам менен Ободон таратылган ой жорумдун тамырын талкалап, киши баласы Кыдыр менен Умайдан тараганын аныктап бердим. Албетте, анын баарын бул жерде жая салуу мүмкүн эмес, андыктан кызыктын баарын “Кыдыр санжырасынан” окусаңар болот.

— Демек сиз өтө чоң талашка жем таштап, Кыдыр атабыз менен Умай энебизди таап чыгыпсыз, эми Адам ата менен Обо энеден тараган санжыра жалган болуп чыгабы?

— Биз кызыл топурактан жасалган Адам менен анын кабыргасынан жаралган Обого бирикпейбиз, ал санжыранын тизими диний маңкуртчулуктан улам пайда болгон. Ооба, Адам менен Обонун тукумдары бар, алар еврей менен арабдар. Ал эми биздин башкы атабыз Кыдыр – энебиз Умай. Бул эки ыйык заттын турагы Памирдеги Шам-Көл (Шам-Мир), Сар-Көл (Зор-Көл, Виктория, Көй-Кап) болуп эсептелет, так ушул жер киндигинен эл башкарган падышалар династиясы менен Аруу (Арий) тукуму тараган, мунун ондогон тарыхый фактылары аталган эмгекте жазылуу. Асыресе, киши дүйнөсү Адам менен Обого бирикпестиги дүйнөлүк илимде дагы аныкталып, такталган. Сөзүбүз куру болбошу үчүн бир фактыны белгилесек, Э.Шюре: «Течение семитическое и течение арийское – вот два потока, которые принесли нам все наши идеи, все предания и религии, все искусства, науки и философии…”[1] деп жазган. Айтор, санжыранын бүт баардыгы тарыхый жана философиялык фактылар менен бышыкталып, акылдын туу чокусундагы илим алдында тастыкталып берилди.  

— Кудайдын турагы болгон Шамбала Памирде экенин айттыңыз, муну илимий чөйрө Тибеттен издеп келе жатпайбы?

— Факты менен айтсам, дүйнөлүк илимий маалыматта: Шамбала была царством в Средней Азии. Её царь Сучандра побывал в Южной Индии, чтобы приобрести знание. После мусульманского вторжения в Среднюю Азию в IX веке царство Шамбалы сделалось невидимым для человеческих глаз, и только чистые сердцем могут найти к ней дорогу[2] деп белгиленген. Бул кашкайган далилди санскрит жазмасын иликтеген илимпоздорго мен барып жаздырган жокмун. Демек, Шамбала Тибеттин тоосуна гана байланбайт. Кыскасы мунун ар тараптан тастыкталган далили “Кыдыр санжырасы” китебинде жазылган, дүйнөнүн сырдуу түйүнүнө кызыккандар бардык фактыны ошол жерден окуп чыкса болот.

— Сиз китептеги бир гана сырдын чет-бучкагын чыгарып, Кыдыр атабыз менен Умай энебиздин урпактары тууралуу айттыңыз, аталган эмгекте коомчулукту таң калтыра турган дагы кандай жаңылык бар?

— Албетте, азыр дүйнө жүзү улуттарга, диндерге, мамлекеттерге жиктелип, түрдүү түшүнүктөргө аң-сезимдери катып калды. Ошондой болсо да, Кудайдын кудуретин жеткирүү милдети акылга уюган соң, аны кечиктирбей ачыкка чыгарышым керек. Так белгилесем, дүйнө жүзү азыр Жараткан менен Кудайды унутуп, Ажалдын ээси болгон Шайтанга сыйынып калды. Эгер жер бетиндеги жумуру баштуу пенделер тез арада Кудайдын өзүн таанып, жападан жалгыз Жаратканга тизе бүкпөсө, тагдыры топон суу өңдүү чоң алааматтын бири менен чечилет. Муну жөн жерден жар салып жаткан жокмун, адамзаты менен кишизаты оттон жаралган Шайтанга чөгөлөп, анын аты менен согуш жүргүзүп, кан төгүп жатканын “Кыдыр санжырасында” кашкайган фактылар менен тастыктап, жалпы коомдун алдына чыгардым. Китепти окуган соң иудей, христиан, ислам жана будда диндерине жиктелгендер Кудайга сыйынып жатканын Бириккен улуттар уюмунун алдында далилдеп берсин!

— Мунуңуз абдан чоң сенсация экен, азыр дүйнөдө терроризм күчөп турган кез, сиз өзүңүздүн жана үй-бүлөңүздүн өмүрүнөн корккон жоксузбу?

— Ооба, өзүмдүн жана жакындарымдын өмүрүн дүйнөнүн тынчтыгы үчүн бычактын мизине койдум, коркунуч бар. Бирок, мен террордук жана экстремисттик топтордун намысын тебелегидей кайсы бир диний агымды көккө жеткире көкөлөтүп мактап, экинчисин кемсинтип жаткан жокмун. Бул жерде тынчтык жөнүндө сөз болуп жатат. Кудурети күчтүү Кудайымдын колдоосу аркылуу жалпы дүйнө жалгыз Жаратканга сыйына турган ынтымак тууралуу сөз баштап отурамын. Демек, баарында акылы бар, Шайтанга азгырылбай, терең ойлонот деген ишенимдемин. Экинчиден, менин көзүмдү тазалоо менен эми маселе чечилбейт, анткени, айтыла турган сөздүн баары китепке жазылып, элге тарады. Мындан ары мен болсом дагы, болбосом дагы сөзсүз түрдө жалгыз Жаратканга сыйынуу маселеси чечилет. Себеби, Шамбаладагы Кыдыр атабыз менен Умай энебиздин касиети ачылып, Шайтандын бети сыйрылып калды. Албетте, аалам түзүлүшү боюнча кимдир бирөө өз чындыгын далилдегиси келсе, Кудайым берген сабырдуулук менен акыл күрөшүн жүргүзүшүн суранам, анткени ата-бабаларыбыз “Кудайды акылың менен тааны” деген улуу сөздү бизге калтырган. Дегеним, акыл иштебей, маңкурт болуп калганда, Жараткандын каары башталат. Так мына ошону мен эскертип, жер бетиндеги пенделер Ажалдын ээсине сыйынып калганын кашкайган далилдер менен ачыкка чыгардым. Кудайга сыйынып жатабыз деп дүйнөнү алдап жаткан динаятчылар эми эл алдында жооп берсин.

— Демек, адамзаты “Алтын доорго” жетип, жалгыз Жаратканга сыйына турган кезге келди деп эсептейсизби?

— “Алтын доорду” бүт баары самап келген, бирок акыл майдаланып кеткендиктен, жер бетиндеги пенделер бир доордон экинчисине өтө алган эмес. Тактап айтканда, азыркы маалдагыдай Жараткан менен Кудайды унутуп, Шайтанга сыйынып калган кезде, бир кишиге айттырган. Анан Шайтандан ажырабай, акылын иштетпей, анын аты менен согушуп, кан төгүүнү токтотпой койгон маалда, Жараткандын жалгыз өзү аргасыз түрдө топон суу окуясын кайталап, маңкурт болгон пенделердин жазасын чегерип келген. Биз так ошол чекте турабыз.

— Чындыгында эле биз азыр еврейди кул кылган затты гана таанып, аны Кудай жана Жараткан катары билип жатабыз. Сиздин айтымыңызга караганда булар ар башка заттар, туурабы?

— Эң туура. Дүйнөдө Жараткан бар, ал – бүткүл ааламдын ээси. Анын жер бетинде эки өкүлү бар. Бирөөсү өмүр берет аны Кудай дейбиз, экинчиси өмүрдү кыят муну Шайтан дейбиз. Бул айтылган сөздөрдүн илимий жана тарыхый фактысы “Кыдыр санжырасы” китебинде тизилүү, анын баарын ошол жерден тактап окугула. Анан мындай кереметти билбеген арабдар менен еврейлер Ажалдын ээсин Кудай тутуп, дүйнөнү диндерге ажыратып, ааламдын жаралыш кереметин жалгыз гана Шайтанга байлап таштады. Жыйынтыгын тарыхтан көрдүк, Ажалдын ээсин “Менин Кудайым” деп талашкан динчилдер “Крестик жүрүш”, “Желмогузга аңчылык”, “Жихат” деген чакырыктар менен миллиондогон бейкүнө өмүрлөрдү кыйса, азыр Ислам мамлекети жана сунит менен шийит деген ажырымдар аркылуу аёсуз түрдө кан төгүп жатат. Мунун түбү жакшылык менен бүтпөйт, ар бир пенде тез арада Кудайдын кудуретин таанып, Жаратканга шүйкүм кылбаса, алдыда чоң алаамат күтүп турат!

— Бул жерде кыргыздын орду кандай болот?

— Дүйнөдөгү эң ыйык эл бул – кыргыз. Ыйыктыгынын негизги белгиси тилде турат, Кыдыр атабыз менен Умай энебиздин тилин, т.а. Кудайдын тилин сактап калды. Бул тил – Жараткан Теңиримдин жалгыз өзүнөн гана ыроолонгон ыйык тил. Ырас, жер бетиндеги элдердин бары байыркы доордо Кыдыр менен Умай тилинде сүйлөгөн, бирок, тилекке каршы, азыр бардыгы бузулуп, өзөктөн алыстап кетти. Ыйык Атасы менен асыл Энесин унутуп маңкуртташкан пенделер тилди гана эмес, жогоруда так белгилеп бергендей, Кудай менен Жаратканды да биротоло унутуп, Жоломан болуп калды. Ал эми алакандай кыргыз калкы Кудайдын тили менен сүйлөп, Атабыз менен Энебиз калтырган каада-салтты, нарк-насилди, үрп-адатты, кийим-тайымды, оюн-зоокту, айтор бардык баалуулукту сактап кала алды. Биз ушул сапаттар менен дүйнө элдеринен бийикпиз десек жаңылышпайбыз. Албетте, муну өзүбүз кылган жокпуз, Кыдыр атабыздын жардамы менен болду. Манас бабабыздын улуу баяны баштаган сөз бермети менен тизилген акыл мурастарды айттырып, тилибиз менен кошо баалуу кенчти бизге сактап берди. Бул үчүн аты Кудай деген ысымга өзгөрсө да заты так өзүндөй сакталып калган Кыдыр атабызга миң мертебе ырахмат айтып, шүгүр келтиришибиз керек. Кошумчалай кетерим, дүйнөнү сактап калуу үчүн кыргыздар канчалык эрте ойгонуп, Кыдыр атабыз менен Умай энебизди даңазалап, Шайтандын башын шылый чапканга көмөктөшсө, ошончолук соопко да, ырыскыга эгедер болот. Дегеним, мен айтпасам да түшүнүп турасыңар, ар бир кыргыздын башына алтын жаай турган иш башталды. Андыктан, майда-чүйдөнүн баарын жыйыштыра туралы. Себеби, кыргыз үчүн Кыдыр атабыз жат эмес. Кыргыз деген этнонимдин өзү Кырк Кыдыр, Кырк Кызыр, кыскарып Кырккыз, анан Кыргыз болгону санжырада так жана таамай далил менен берилди, анын баарын чакан маекке батыруу кыйын, демек, элибиз кантип куралганын китептен окугула.

— Албетте, алдыда дагы маек курабыз, азыр “Кыдыр санжырасы” китеби кайда сатылып жатканын айта кетсеңиз?

— “Кыдыр санжырасы” китеби “Нуска” китеп дүкөнүндө, Борбордук аянттагы “Ала-Тоо” кинотеатрынын маңдайындагы китеп саткан жерде, Чүй проспектиндеги Борбордук почта түйүнүнүн ичиндеги кыргыз китеп дүкөнүндө жана И.Арабаев атындагы Университеттин библиотекасында сатылып жатат.

— Маегиңизге ырахмат, “Кыдыр санжырасы” Кыргыз элине кут кондурсун!

Маектешкен Калыгул Бейшекеев

[1] Н.Г.Аюпов, Тенгрианство как открытое мировоззрение, Алматы, 2012, стр. 53.

[2] https://ru.wikipedia.org/wiki/Шамбала

Бишкекте америкалык изилдөөчү Эдвард Дэннис Соколдун “Орустун Борбор Азиясындагы 1916-жылкы көтөрүлүш” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү

30-августта Бишкекте америкалык изилдөөчү Эдвард Дэннис  Соколдун  “Орустун Борбор Азиясындагы 1916-жылкы көтөрүлүш”  (“Восстание 1916 в Русской Центральной Азии”) аттуу китебинин бет ачары болуп өттү.

Бул китеп 1954-жылы АКШнын Джон Хопкинс университетинин Борбор Азия жана Кавказ институту тарабынан  англис тилинде басып чыгарылган.  Эмгекти Америкадан Кыргызстандын АКШдагы экс-элчиси, журналист Замира Сыдыкова таап келип, англисчеден орусчага котортуп, китеп кылып басып чыгарткан.

Китептин автору, америкалык изилдөөчү Эдвард Дэннис  Соколду Замира Сыдыкова Америкадан издеп тапкан эмес, ошондуктан көзү өтүп кетсе керек деген жыйынтыкка келген.  Ал эми бул китепти таап берүүгө жардам берген АКШнын Джон Хопкинс университетинин Борбор Азия жана Кавказ институтунун директору Фредерик Старр китепке баш сөзүн жазып берген.

Китепте 1916-жылдагы Орус империясынын Борбордук Азия чөлкөмүндөгү көтөрүлүштөр, айрыкча кыргыз үркүнү терең изилдөөгө алынат.

Буга чейин китепти англис тилинен орус тилине Г.Бөрүбаева которгон жана “Республика” гезитине байма-бай жарыяланып турган.  Эми китеп түрүндө “Res Publika» басмасынан 1000 даана нуска менен  жарыкка чыккан.

Бүгүнкү бет ачар аземинде китеп тууралу, дегеле  1916-жылдагы Кыргыз үркүнү боюнча окумуштуулар  Кубан Мамбеталиев, Осмонакун Ибраимов, Памир Казыбаев, Элмира Ногойбаева, Клара Сооронкулова, Элери Битикчилер кеңири айтып беришти.

Улуу үркүндүн 100 жылдыгын белгилөө жылында айтылган сөз көп, бирок реалдуу иш жасагандар аз болууда.  Ошол аз сандагы патриоттордун бири Замира Сыдыкова болду десек жаңылышпайбыз.

Бегалы Наргозуев презентация 1916

Презентация книги Восстание 1916 3

Презентация книги Восстание 1916 4

Презентация книги Восстание 1916Презентация книги Восстание 1916 2

Булак: Кyrgyztoday.kg

Россию призвали признать геноцид казахов 1916 года

Известный казахский ученый, доктор исторических наук Азимбай Гали (Әзімбай Ғали) требует от России признать факт геноцида казахов, передает 7NEWS.kz.
«В этом году исполняется сто лет со дня национально-освободительного восстания в Казахстане. Я, как сын казахского народа, требую финансово компенсировать гибель предков, погибших в ходе восстания. Я считаю, что подавление восстания 1916 года явилось началом геноцида казахов, который продолжился в 1930-32 годах, когда в результате искусственно созданного голода умерли 2 миллиона казахов. По окончании Второй мировой войны на нашей земле проводились ядерные испытания. Разве это не продолжение геноцида? Казахов не допускали в города – лично я смог получить городскую прописку только после обретения Казахстаном независимости», – отмечает Азимбай Гали в материале, опубликованном на информационном портале Abai.kz.
В этой связи А.Гали требует обязать Россию признать геноцид в отношении казахов.
«Следует обязать Россию признать геноцид против казахов, принять специальный закон, как это сделали евреи и армяне, построить мемориал в память о жертвах геноцида», – подчеркнул ученый.
Вместе с тем он просит мировое сообщество обратить внимание на факт геноцида казахов.
Национально-освободительное восстание 1916 года — всеобщее народное восстание в Казахстане против царского указа от 25 июня 1916 года о мобилизации в армию на тыловые работы «инородческого» мужского населения Казахстана, Средней Азии и частично Сибири в возрасте от 19 до 43 лет.
Восстание было жестоко подавлено через пять месяцев после его начала.
Источник: 7news.kz

Арслан Койчиев, журналист: Ферганалык түрктөрдү талашуунун тарыхынан же Шералы Жураевге жолуккандан кийинки ойлор

Ирегелеш өзбек калкынын Шералы Жураев (1947-жылы туулган) ысымдуу арген үндүү ашкере таанымал ырчысы бар эмеспи, өмүрүндө миңден ашуун абандуу ыр жараткан ошол алп ырчы менен бир курдай маңдай-тескей келип, буйрук экен, дүйүм даам жайылган дасторкон үстүндө итабар убакытка баарлашып калдым. Чынымды айтсам, көңүлүмө түйүп жүргөн бир кептин учугун жандырып билмекке ынтызарлыгымдан улам, ыңгайын таап, жанына атайы жакындап барган элем. Анткени, асакелик атактуу абабыздын түп насили “түрк” уруусунан болоорун тээ илгериде кулагым чалып, эшиткеним бар эле. Кудай жалгап, ошол кептин чын-төгүнүн өзүм үчүн тактап алуунун, болгондо да ашулачынын өз оозунан угуунун оңтою келип турду ошентип.
Оболу “кыргыз баласы” экенимди билип, кыса-кыса кол алышып таанышкан соң Шералы аба саамга ойлонуп турду да, Алай тууралуу кеп салып калды бүйүрүмдү кызытып. Алыскы Алай тоолорунун мен эзели болуп көрбөгөн күр жайлоолорун бирден эргип санап, бала чагынын бир үзүмү ак жалтаң аскалардын, көк жалтаң зоокалардын койнундагы шалба-шибердүү өтөктөрдө өткөнүн эстеп ийди. Көрсө, жай сайын сүрө-сүрө мал айдап, көчүп-конуп жайлоого чыгышчу экен.
Гүлдүү чайнектеги демделүү көк чайдан алдыбыздагы көк чыныга утур кап ортолото куюп коюп, жайбаракат маашырлана ууртап, кыйлага кобурашып отурганыбызда, жана бир ыңгайын келтирип, сөздүн нугун ал кишинин тек-жайына бурдум. “Асакеден болом” – деди аксакал. “Опей, акетай, асакеликтериң чылгый эле “түрк” деген түптүү эл болот эмеспи?” – дейм. “Ооба, ооба, мен дагы түркмүн” – деди жарыктык киши тайсалдабай. “Түрктүн ичинен кимиси болосуңар?” – дейм кадаланып сурап. “Калтатаймын” – деди аксакал. “Атаганат!” дедим ичимен армандуу. Жообун көңүлүмө түйүп койдум. “Кыргызстандын Өзбекстан менен чекаралаш райондорунда да “түрк” деген эл жашайт. Жыш жашайт. Силерден айырмаланып, алар “өзбек” деген атты туташ чанып, “кыргыз” да эмеспиз дешип, кыргыз бийликтеринен “түрк” деген көөнө атын кайтарып берүүнү талап кылышууда” – дедим. Ак эткенден так эте “өзбегим эле өзбегим” деп, өмүр бою өпкө-жүрөгүн садага чаап ырдап калган атактуу ырчы:“Билем, билем” – деп башын ийкегиледи. Экөөбүз тең жана бир саамга унчукпай, көк чайдан жарыша ууртап калдык.
Чокусуна ала допу кондурган башын утур-утур ийкегилеп калганында, аксакалды эмне түркүн ой каптады билбейм, Ферганалык түрк калкынын, түрк боордошторунун келечек тагдыры эмне деген сары санааны чектирди, аны да билбейм, а бирок маган:“Атаңгөрү, Жусуп Абдыракмановдун акылын айныбай укканыбызда, Шералы Жураев азыр кыргызча ырдап жүрмөктүр” деген ой кетти. Дагы бир жолу ичимен кайрып, “Атаганат!” дедим. Анткени, көк жыттанган эски документтерден өткөн кылымдын жыйырманчы жылдарында болуп өткөн бир окуянын таржымалы тууралуу окуганым – улуттук мамлекеттүүлүктү түптөөнүн тарыхый озуйпасы моюндарына илинген саясий ишмерлердин бир кылка муунун кызыл чеке түшүрүп талаштырган мындай бир факты эске түшүп, ошол фактынын тегерегиндеги каңырык түтөткөн окуялар элестеп кетип жатпайбы.
1924-жыл. Борбор Азияда улуттук жиктелүү процесси капыл-тапыл башталып, аймакты эзелтеден жердеген чоң-кичине элдердин курамынан азыркы алты улутту: казак, өзбек, кыргыз, түркмөн, тажик, каракалпак улуттарын айрым уюштуруу жана алардын идирек-кудуретине чактап өз мамлекеттик түзүлүштөрүн аныктап берүү долбоору жүзөгө кызуу ашырылып жаткан кез. Аталган алты улуттук түзүлүштүн чектерин ажыратып, чек араларын аныктап берүү иши татаал, өтө машакаттуу болгону белгилүү. Ошонун ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араларын аныктоо өзгөчө түйшүк менен коштолгон.
Маселенин тамыры менен табияты мындай эле: келечекте “өзбек” жана “кыргыз” деп аталчу эки улуттун жайгашкан жерлерин ой-тоодон бери аралата аныктоодон сырткары, Фергананы байырлаган майдараак элдердин, атап айтканда, же өзбекке кошуларын билбей, же кыргызга кошуларын билбей, эки ортодо арабөк калган Ферганалык түрктөрдүн, кыпчактардын жана башка майдараак элдердин тагдыры талаш жаратып калат. “Өзбекстан” долбоорунун көсөмдөрү өктөө чыгып, “түрк-мүрк”, “кыпчак-сыпчак” дегизбей эле, баарын туташ “өзбек” же “көчмөн өзбек” деп атоону сунуштайт. Сунуштамак турсун, жүйөсү өтүп, Москваны ынандырып да ийишет. Саал мурдараакта эле жоголуп кете жаздап аман калган, эми өлүп-тириле өжөрлөнүп атып “автоном облус” деген статуска араңдан илинген кыргыздарың алардын жүйөсүнө көшөрүп көнбөйт. Автоном облустун жетекчилери кыпчакты да талашып, түрктөрдү да талашып, ал ортодо каракалпакты да кошо талашып, ансыз да чиеленген маселени андан-ары ырбатат.
Ошол учурда “автоном облустун” башатында Сыдыков-Абдыракмановдун мууну тургандыктан, 1924-жылкы улуттук жиктелүү учурундагы эл талаш, журт талаштын башында да ушул кишилер турган деп эсептейм. Учурунда Азия менен Европаны бирдей аралап, бирдей дүңгүрөтүп, не бир замандарды баштан кечирген кайран кыпчак этносунун так жыйырманчы кылымдын ирегесине жеткенде өз ураанын чакырууга алы калбай деми сууп, үн катып өз таламын айтууга чамасы жетпей ындыны өчүп, жүдөңкү тартып, эми кара-кыргыз автоном облусу менен Өзбек ССРинин талашына кантип түшкөнүн кыябы келгенде жазаарбыз, бирок бул саам түрктөрдү талашуунун таржымалына көбүрөөк токтолууну эп көрүп турам.
Ошол жылдарга тиешелүү архивдик документтерди аңтарып калган адис катары айтпадымбы, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын ажыратуу өзгөчө түйшүк менен коштолгон, ал эми улуттук жиктелүү деген иш-чараны баштап алган Москванын айласын гана куруткан. Түйшүктүн масштабын ушундан билиңиз, кыргыз жетекчилери жалаң эле “түрк маселесине” байланыштуу Араван, Булак-Башы, Мархамат, Маняк, Кулу деген болуштарды бирин калтырбай, элестүүрөк айтканда, азыркы эле Анжиян менен Фергана шаарларынын арасын бүтүн бойдон өткөрүп берүү маселесин кабыргасынан коюп, кыйлага чейин Өзбекстандын айткан-дегенине ынабай коёт. Эмесе, ушул аталган болуштардын ар биринин тегерегинде айтылган эки тараптын жүйөлөрүнө айрым-айрым токтололу.
Оболу кыргыз облусунун жетекчилери этностук азчылыктарды дүңүнөн “өзбек” деп атай салууну макул таппай, “ата-жотодо жок андай жосунду кайдан тапкансыңар” деп нааразы болгондон, мындай жүйөсүн каршы коёт:“түрктөр жашоо образы боюнча кыргыздарга жакын эл жана өзбектер менен эч кандай байланышы жок” (Кыргызстандын Мамлекеттик Борбордук архиви. 20-фонд. 1-каттоо. 93-иш кагазы. 100-бет). Акыйкатында ошондой эле. Жарым көчмөн турмушта жашап, мал чарбачылыгы менен алектенген түрк уруулары материалдык маданияты жагынан да, рухий маданияты жагынан да кыргыздарга жакыныраак болчу. Аралаш жайгашкандан, айыл-кыштактары да, жаздоо-жайлоолору да чогуу болуп, өз ара интеграциялык жараяндын кучагында камыр-жумур жашап жатышкан.
Кыргыз облусунун жетекчилеринин жогоркудай жобону айтып, Москвага дейре угуза айгай салышына түрктөрдүн жүүнү тирүү урууларынын да чырылдап чыгышы себеп болгон. Колу жеткен жерлерге чейин кат ташташып, үнү угулган жерлерге чейин арызданып барышкан түрктөр кыргыз боорлору менен чогуу болууну жакташкан. “Турмуш-тиричилиги бир-бириникинен анчалык деле айырмаланбаган түрк менен кыргыз калкы тарыхый жактан таламдаш болгондон улам Кыргызстанга кошулууну өтүнүүдө,” – деген билдирүүнү окуйбуз архивдин жедеп саргайган эски кагаздарынан (Кыргызстандын Мамлекеттик Борбордук архиви. 20-фонд. 1-каттоо. 418-иш кагазы. 50-барак).
Маселен, Булак-Башы болушун алалы. Мындай аталыштагы жер азыр да бар. Өнүп-өөрчүп отуруп, азыр район статусуна ээ. Намангандан жыйырма чакырым алыста. Мына ушул жердеги түрктөр менен кыргыздарды чогуу алып санаганда калктын токсон пайызын түзөөрүн бетке кармаган кыргыз жетекчилиги Булак-Башыны олку-солкусуз Кыргызстанга кошууну өтүнөт. Булак-Башынын түрктөрү да ушуга көнгөн. Ал турсун Москвага, туура эле Бүткүлсоюздук Борбордук Аткаруу Комитетине арыз жолдошкон. Бирок 1925-жылкы жаңыча усулдагы эл каттоого ылайык “түрк” аттуунун баары өңчөй “өзбек” деп каттоого алынат дагы, “кыргыздар жашаган айылдар азчылыкты түзөт” деген бүтүмдүн негизинде Булак-Башы болушу Өзбекстанга бириктирилген.
Мархамат болушун мисалга тарталы. Азыр ал жер “Мархамат району” деп аталат. Кыргызстандын Араван району менен чектеш. Кара-кыргыз облусун жетектегендердин эсебинде болуштун калкынын 80-85 пайызын түрк менен кыргыз түзгөн. Ошондуктан Мархамат болушун Кыргызстанга кошуу маселесинде эки анжы ой болушу мүмкүн эмес деп санашкан.
Кулу болушундагы жагдай дагы ушундай. Адегенде облус жетекчилиги болуштун кыргыздар жашаган ондон ашуун кыштагын гана кошууну суранган. Бирок Ош округун билген кызматкерлер болуштун калкы чылгый эле түрк менен кыргыз экенин көзгө сайып көрсөтүп, чогуу санаганда “80 пайызга, айрым жерлеринде 100 пайызга” жетээрин аныктап чыгышкан (Кыргызстан Мамлекеттик Борбордук архиви. 21(жашыруун)-фонд, 2-каттоо, 26-иш кагазы, 38б- барак).
Тилекке каршы, Булак-Башынын мисалындай эле, Мархамат менен Кулудагы бир тууган түрк жана кыргыз калктарын чогуу кароо, аларды күчтөп ажыратпоо өтүнүчү Москвадагы үлкөн лөктөрдүн көңүлүнө илинбей калды, 1925-жылкы чукул эл каттоонун жаңычыл ыкмасы колдонулуп, түрк калкынын аты заматтын ичинде “өзбек” деген атка алмаштырылды дагын, Кыргызстанды Мархамат менен Кулу болуштарынан түңүлттү. Түрк калкын кошо түңүлттү. Артынан Маняк болушу да өтүп кетти.
Араван болушу тууралуу кеп өзгөчө. Анткени, ушу бүгүнкү күндөрү да Кыргызстандын айрым жетекчилери чала сабаттыгынан улам тилинен жаңылып, райондун улуттук курамы же андагы этностук жагдай тууралуу кеп козголгондо оозуна келгенди оттоп жүрүшкөнүнө күбөбүз.
Араван болушу бир-эки жылдын ичинде эле бирде Кыргызстанга, бирде Өзбекстанга өткөрүлүп, туруктуу статусу аныкталбай, элди да, бийликтерди да кыйнады. Ошондо кыргыз жетекчилиги мынамындай жүйөнү келтирип, айтканынан кайтпай койгон: болушта 4000ге жуук кожолук болсо, анын 1257иси – кыргыздардыкы, 616ысы – түрктөрдүкү, 1467иси – өзбектердики. Калганы – тажик, уйгур, лөлүлөр. Башкача айтканда, кыргыздар менен түрктөр көпчүлүктү түзүшөт дагы, өзбектер Аравандын 37 пайызын эле түзөт (Кыргызстан Мамлекеттик Борбордук архиви. 21(жашыруун) – фонд, 2-каттоо, 26-иш кагазы, 38б-барак). Мына ушундай аргументтерди келтирүүнүн натыйжасында гана Кыргызстан жетекчилери талашкан тараптарды кепке-сөзгө келтирип, Араванды эптеп кайрып алууга жетишкен. Албетте, кыргыздар менен чогуу болууну көздөгөн түрктөрдүн каалоо-тилеги да маселенин оң чечилишине көмөк болгон.
Деген менен, автоном облусунун Жусуп Абдыракманов баштаган жетекчилери канчалык күч үрөшсө да бир тууган түрк калкынын негизги массасын Кыргызстанга кошо алышкан эмес. Ошентип, Бүткүлсоюздук Борбордук Аткаруу Комитетине чейин арыз артынан арыз жөнөтүп, канчалык какшанышса деле болбой урматтуу Шералы Жураевдин ата-бабалары кыргыздарга кошула албай калышкан экен. Ал эми, кошулганда кандай болмок? Анда, Шералы акебиз кыргызча-түркчө аралаштырып, заңкылдап ырдап жүрмөктүр. Атактуу ырчы менен маңдай-тескей отурчумда тээ илгери болуп өткөн окуяны ойлоп-эстеп ийгеним ушундан.
Түрк калкынын кийинки тагдыры кандай болду? Өзбекстан тарабында калгандарды билбейм, бирок Кыргызстан тарабында калгандар тууралуу кандай кам көрдүк? Арадан ондогон жылдар өттү. Баягыда чырылдап-ызылдап калып калган түрк элин эстеген советтик этнографтар (асыресе, Я.Р. Винников) элүүнчү-алтымышынчы жылдары Ош облусун аралап көрүшөт. Ошондо алар дагы эле “түркпүз” деп көшөргөн элди көрүшкөн. Паспортунда “өзбек” деп жазылышканы менен, “түрк” атынан түңүлбөй жүрүшкөнүнө күбө болушкан. Бирок Абдыракмановдордун мууну талашып алган элди боорго тээп, Советтик Кыргызстандын бийликтери аларды күчтөп “өзбек” деп жаздырууну кийинки жылдары деле уланта беришти.
Күчтөп жазуу эгемен заманда деле уланып жатканына өзүм да күбө болдум. Эл каттоодон кийинки мезгил болчу, Араван жакка жумуштап барган элем. “Төө-Моюн” деген каналдын жээгинде тегерекке көз чаптырып, өйдө-ылдый басып турсам, кетмен-айрыны арта көтөрүнгөн, аял-эркеги аралаш үч-төрт киши келип калды жаныма. Аркы-теркини кобурашып турдук. “Эл каттоо купулуңарга толдубу?” – деп кызыктым. “Түркпүз десек, кыргыздар бизди түк укпай койду”, – деди улуурагы эки көзүн жылтыратып. Чоң акимчиликтин кишисинен бетер ак көйнөк кийинип, көз айнекти тартынып, колума булгаары папке көтөрүнүп турсам, ушул киши арыз-муңубузду угат, жеткирчү жерге жеткирет деген үмүттө айтты окшойт.
Арслан Койчиев, “Кутбилим” гезитинин баяндамачысы
Атайын Кyrgyztoday.kg сайты үчүн

Для творчества А.Осмонова характерны – глубина мысли, лаконичность изложения, тонкий лиризм

17 марта 2016 г. в 10.00 час. в Национальной библиотеки Кыргызской Республики имени Алыкула Осмонова состоится мероприятие, посвященное Дню памяти выдающегося кыргызского поэта Алыкула Осмонова.

А. Осмонов родился 21 марта в с. Каптал-Арык Панфиловского района Чуйской области. Рано лишившись родителей, воспитывался в Пишпекском и Токмакском детдомах. В 1929 -1933 гг. учился во Фрунзенском педтехникуме. В 1932—1936 гг. работал в редакциях журнала «Чабуул» и газеты «Ленинчил жаш», в 1937—1940 гг. — секретарем правления СП Киргизии на общественных началах.

Для творчества А.Осмонова характерны – глубина мысли, лаконичность изложения, тонкий лиризм. Свое первое стихотворение «Красный обоз», А. Осмонов написал в пятнадцатилетнем возрасте, которое было опубликовано в газете «Сабаттуу бол». Первый поэтический сборник «Таңдагы ырлар» («Утренние стихи») был издан в 1935г. Затем выходят в свет две поэтические книги «Звездная молодость» и «Чолпонстан». В 1945 г. был выпущен в свет сборник «Махабат» («Любовь»), с которого начинается период яркого расцвета творчества А. Осмонова.

Произведения А. Осмонова являются подлинными шедеврами кыргызской поэзии, которые вошли в золотой фонд кыргызской литературы. Наиболее известные поэмы –«Толубай – знаток коней», «Мырза уул», «Мой бедный Карагул» и др. В 1943—1948 гг. им написан ряд драматических произведений: пьесы «Вторая бригада», «Любовь», «Объездчик Кооман», «Абылкасым Джанболотов», комедия «Надо отправиться в Мерке», либретто оперы «Чолпонбай» и др.

Большая заслуга А. Осмонову принадлежит в переводческой деятельности. Его перу принадлежат высокохудожественные переводы на кыргызский язык «Евгения Онегина» А. С. Пушкина, «Отелло», “Двенадцатая ночь” В. Шекспира, басен И.Крылова, а перевод «Витязя в тигровой шкуре» Ш. Руставели считается шедевром художественного поэтического перевода на кыргызский язык. Ряд сборников стихотворений и поэм А. Осмонова изданы на русском, английском, эстонском языках.

За заслуги в области литературы  А. Осмонов в 1939 году был награжден орденом «Знак почета» и стал первым среди писателей республики, который удостоен звания Лауреата премии Ленинского комсомола посмертно. В 1986 г. в память об А. Осмонове Союзом писателей Кыргызстана была учреждена республиканская премия его имени. Его имя  присвоено СШ № 68 г. Бишкек, ряду литературных объединений в республике, улицам городов и сел страны. На территории Кыргызстана введена в обращение банкнота номиналом 200 сомов с изображением Алыкула Осмонова. Памятник А. Осмонову установлен перед зданием Национальной библиотеки КР. В 2014г. Комиссия по увековечению памяти выдающихся деятелей Кыргызской Республики при Правительстве Кыргызской Республики, приняла решение – присвоить имя народного поэта Кыргызстана Алыкула Осмонова Национальной библиотеке Кыргызской Республике. В 2015г. в Национальной библиотеке КР был открыт музей Алыкула Осмонова.

В рамках Дня памяти Алыкула Осмонова состоятся выступления молодых поэтов, студентов профессионального лицея №3, учащихся школы №68 им.А.Осмонова.

Улуттук илимдер академиясында “1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук-боштондук көтөрүлүшү: учурдагы көз караштар жана анын тарыхый мааниси” аталыштагы илимий талкуу өтөт

Эртең, 16-мартта КР Улуттук илимдер академиясында “1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук-боштондук көтөрүлүшү: учурдагы көз караштар жана анын тарыхый мааниси” аталыштагы илимий талкуу өтөт. Бул тууралу академиянын басма сөз кызматы билдирет.
“1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук-боштондук көтөрүлүшү: учурдагы көз караштар жана анын тарыхый мааниси” аталыштагы илимий талкууга КР УИАнын президенти, академик А.Эркебаев, КР УИАнын академиги А.Какеев, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Абдрахманов, Ж.Баласагын атындагы КМУнун, Н.Исанов атындагы КМКТАУнун, Кыргыз Россия Славян университетинин жана башка жогорку окуу жайларынын окумуштуулары, “Мурас” фондунун өкүлдөрү катышат.
Талкууну академик, КР УИАнын вице-президенти Абдылдажан Акматалиев алып барат.

В Бишкеке состоится вечер памяти, посвященный политическому деятелю Исхаку Раззакову

18 марта в мемориальном доме-музее Исхака Раззакова по ул. С.Чуйкова № 90 состоится вечер памяти, посвященный жизни этого политического деятеля. Об этом сообщает пресс-служба мэрии г.Бишкек.
На мероприятие будут приглашены журналист Т.Орокчиев, профессор КНУ им. Ж.Баласагына Т.Жыргалбеков, доцент КГУ им. И.Арабаева Ж.Д.Самиева, преподаватель аграрного университета им. К.И.Скрябина Ө.Ж.Осмонов, к.м.н С.С.Байзакова, студенты университетов и учащиеся средних школ.
Студенты университетов, учащиеся средней школы имени Токтогула представят доклады и прочитают отрывки из книги С. Жусуева.

Меню