Menu

КЫЗМАТ-МАНСАП

Бакытбек Кутманов Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын стаст-катчысы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду. Ага ылайык Кутманов Бакытбек Зарылбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспециясынын   стаст-катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Жогорку сотко жаңы дайындалган судья Турсунгүл Чаргинова өз милдетин аткарууга киришти  

Бүгүн, 2017-жылдын 17-мартында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жаңы дайындалган судьясын соттук коллегияга шайлоо тууралуу КР Жогорку сотунун Пленуму болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Пленумда Жогорку соттун судьяларынын бир добушу менен Чаргинова Турсунгүл Толепековна Жогорку соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын мүчөсү болуп шайланды.

Эске салсак, 2017-жылдын 16-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Президент тарабынан сунушталган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялык кызматына талапкер Турсунгүл Чаргинованы жактырган. Отурумда парламенттин тиешелүү токтому кабыл алынып, Т. Чаргинова парламентте ант берген.

В Бишкеке почтили память погибших во время Аксыйских событий

На площади Ала-Тоо у монумента памяти погибших за свободу народа состоялась церемония возложения цветов в память о погибших во время Аксыйских событий 2002 года.

В церемонии возложения цветов приняли участие мэр Бишкека Албек Ибраимов, председатель Бишкекского городского кенеша Канатбек Музуралиев, депутаты Бишкекского городского кенеша и сотрудники столичного муниципалитета.

17 марта 2002 года в селе Боспиек Аксыйского района Жалал-Абадской области правоохранительными органами было применено огнестрельное оружие в отношении безоружных демонстрантов. В результате трагических событий погибли жители Аксыйского района.

Полковник Касымкуловдун карьералык секириги таңгалдырууда

 

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин (мурдагы коргоо министрлиги) төрагалыгына президенттин жарлыгы менен Мирбек Касымкулов дайындалган эле. Карьералык жүрүшүн коргоо министрлигинде баштап, 2008-жылдан тарта мамлекеттик күзөт кызматында иштеп келген полковник Касымкуловдун Куралдуу күчтөрдөгү кыска аралыкта жасаган кызматтык секириктери таңгалдырууда. Өткөн жылдын июнь айында Улуттук Гвардияны жетектей баштаса, арадан беш ай өткөн соң мамлекеттик чек ара кызматынын эки тизгин, бир чылбырын колго алган. Арадан төрт ай өтүп-өтпөй бу офицер эми коргоо министрлигин чеңгелдөөгө өттү. Куралдуу күчтөрдөгү ар бир кызматтын даамын кыска аралыкта татып, гүлдөн-гүлгө конуп, бал татыган аарынын образын жаратып жүрө бербей, мунусунда көбүрөөк иштеп, тамтыгы чыккан тармакты ийге келтирсе боду.

Булак: “Азия ньюс”

Боконбай Казаков Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, бүгүн, 16-мартта Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык Казаков Боконбай Джаныкеевич Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары болуп дайындалды.

Турсунгүл Чаргинова Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялыгына шайланды

“Жогорку Кеңеште Чаргинова Турсунгүл Толепекова Жогорку соттун судьялыгына шайланды. Анын талапкерлиги Судьяларды тандоо кеӊештинде тандалып, КР Президенти тарабынан көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды” деп маалымдады КР ЖК Басма сөз кызматы.

 

Аттокур Тажибаев Өзгөн районунун акими кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бурукка кол койду. Ага ылайык Тажибаев Аттокур Тургунбаевич Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун администрация башчысы –акими кызматынан бошотулду. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Олжобай Осмоналиев Өзгөн районунун акими болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бурукка кол койду. Ага ылайык Осмоналиев Олжобай Балтабаевич Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун администрация башчысы –акими болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Закир Тиленов Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальнигинин орун басары кызматынан бошотулду

КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө өткөрүлүп жаткан уюштуруу-штаттык иш-чараларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальнигинин орун басары Тиленов Закир Керимович ээлеген кызматынан бошотулду.

Самирдин Жумашев Аламүдүн районунун акими кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык Жумашев Самирдин Сариевич берген арызына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрация башчысы-акими кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздо бөлүмү билдирди.

 

Меню