Menu

КЫЗМАТ-МАНСАП

Тармактык комитет Жогорку соттун судьялыгына Турсунгүл Чаргинованын талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети КР Президенти тарабынан Жогорку соттун судьясы кызмат ордуна сунуш кылынган Чаргинова Турсунгүл Толепекованын талапкерлигин жактырып, аны парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимине келди. Бул туурасында КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

 

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жана жиберүү жөнүндө Жарлыктарга кол коюлду

КР Президентинин аппаратынын басма сөз кызматынын кабарлаганына караганда, Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан Алмазбек Атамбаевге судьялык кызматтарга талапкерлер сунушталды:

– Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунунун судьялык кызматына – 1 адам;

– Нарын жана Ош облустук сотторунун (1 адамдан) судьялык кызматтарына, Жалал-Абад Облусунун Ала-Бука райондук (2 адам) сотунун судьялык кызматына  дайындоо үчүн 4 жаңы талапкерлер боюнча.

2017-жылдын 3-мартында Мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешти. Анын жыйынтыктарын жана кошумча алынган материаларды эске алуу менен Президент Алмазбек Атамбаев  Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук (2 адам) сотунун судьялык кызматына 2 талапкер  боюнча аталган Кеңештин сунуштарына макулдугун берди.

Талапкерлер боюнча материалдардын, ар башка мамлекеттик органдардан алынган кошумча маалыматтардын жана ой-пикирлердин жыйынтыгына карап, мамлекет башчысы КР Жогорку сотунун судьялык кызматына 1 талапкер  боюнча жана КР жергиликтүү сотторунун судьялык кызматына 2 талапкер боюнча материалдарды Судьяларды тандоо кеңешине кайтарып берди.

Мындан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялык кызматына талапкерлерди кароо жана көрсөтүү “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.

КР жергиликтүү сотторунун судьялык кызматына талапкерлер боюнча Президент Алмазбек Атамбаев 2 жарлык чыгарды.

Биринчи жарлык менен конкурста тандалган талапкерлер Бейшеев Камбарбек Арзыбаевич жана Тумаева  Гулмира Жыргалбаевна Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьялыгына дайындалды.

Экинчи жарлык менен дайындалган судьялар Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук сотунун судьялык ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди.

Каназаров «Азаттыктан» кеттиби?

“Азаттык” радиосунун Кыргызстандагы кеңсесинин директору Султан Каназаров ээлеген кызматынан бошотулганы кеп болуп жа­тат. Бирок бул боюнча “Азаттык” үн ката элек.

Султан мырзанын кызматтан алынышына пре­зидент Алмазбек Атамбаевдин “Азаттык” демократиянын нугунда эмес, кош стандарттуу саясат жүргүзөөрү боюнча айткан сын-пикири негиз болгону айтылууда. Коомчулук дагы президенттин сынында жүйө бардыгын, “Азаттык” акыркы жылдары өзүнүн вазийпасын аткара албай, демократиялык баалуулуктарга жооп бербей калганын белгилешүүдө. Айрымдар болсо “Азаттык” тарыхый милдетин өтөп бүткөнүн, мындан ары баштагыдай нукта иш алып бара албасын, демек жабылып калуу чегине жеткенин каңкуулашууда…

Булак: “Фабула”

Абдыманап Кутушев Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси кызматынан бошотулду

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, бүгүн, 10-мартта Абдыманап Кутушев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жетекчиси кызматынан өз каалоосу менен бошонуу жөнүндө арызын берди.

КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков арызга кол койду.

 

Жолдошбек Байсеитов Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун акими кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-мартта буйрукка кол койду, ага ылайык, берген арызынан улам, Байсеитов Жолдошбек Абылович Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы– акими кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жаӊы депутаты Канат Керезбеков парламентте ант берди

Жогорку Кеӊеште КСДП саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Канат Керезбеков ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Ал өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон Тилектеш Исаевдин (КСДП фракциясы) ордуна келди. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков жалпы депутаттардын атынан Канат Керезбековду салтанаттуу ант бериши менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, «КР ЖК депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамга ылайык, Жогорку Кеӊештин депутаты парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Жаӊы депутат Канат Керезбеков 1970-жылы Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. Ал 1997-жылы Улуттук университетти «юрист» адистиги боюнча бүтүргөн. Буга чейин Юридикалык академиянын ректору болуп иштеп турган. Юридика илиминин доктору, профессор.

 

Болот Саткеев Сокулук районунун акими болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн кабарлашына таянсак, Кыргыз Республкиасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду, ага ылайык, Саткеев Болот Джантайбекович Чүй облусунун Сокулук районунун мамалекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды.

Министр ЕЭК Татьяна Валовая: Кыргызстан является лидером среди стран ЕАЭС по темпам ВВП

«Кыргызстан является лидером среди стран Евразийского экономического союза по темпам внутреннего валового продукта», — заявила член коллегии ЕЭК, министр по интеграции и макроэкономике Татьяна Валовая сегодня, 7 марта, в интервью журналистам в Государственной резиденции «Ала-Арча» по окончанию очередного заседания Евразийского межправительственного совета.

Она отметила, что для таких небольших экономик как Кыргызстан, вступление в интеграционное объединение сказалось положительно.

«В 2016 году общий объем внутреннего валового продукта ЕАЭС сократился, но несмотря на это Кыргызстан сумел достичь роста в 3,5%. По нашим прогнозам в 2017 году также сохранится высокий темп на уровне 3,6%», — сказала Татьяна Валовая.

Также министр ЕЭК подчеркнула, что практически половина инвестиций, пришедших в Кыргызстан в 2016 году, была из стран ЕАЭС.

«Если в целом по Евразийскому экономическому союзу стоимостные объемы по взаимной торговле в 2016 году сократились, то в Кыргызстан увеличил поставки своей продукции на 4,4%. Это очень хороший и позитивный показатель», — подчеркнула Татьяна Валовая.

Она отметила, что при присоединении Кыргызстана к ЕАЭС говорилось об увеличении его инвестиционной привлекательности.

«Инвестор, приходя сюда, будет понимать, что произведенная им продукция, имеет возможность беспрепятственно обращаться по всему Союзу. Также вырос объем инвестиций из стран ЕАЭС с 10% в 2012 году до 36,7% в 2015 году и до 48,2% в 2016 году. Практически половина инвестиций, которая пришла в Кыргызстан в 2016 году, была из стран ЕАЭС», — сказала министр ЕЭК.

Она подчеркнула, что партнеры Кыргызстана по ЕАЭС верят в перспективы инвестиционного развития страны и начинают активно изучать возможность вложения своих средств.

Татьяна Валовая также отметила высокий энергетический потенциал Кыргызстана и сообщила, что в 2019 году планируется создание единого электроэнергетического рынка на территории интеграционного объединения.

Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы Элчиси, БУУдагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы КРнын туруктуу өкүлү Данияр Мукашев КРнын Лихтенштейн Княздыгындагы Элчиси болуп дайындалды

Алмазбек Атамбаев 3-мартта кол койгон Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү Мукашев Данияр Муратбекович Женева шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Лихтенштейн Княздыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын басма сөз кызматы кабарлады.

Искендер Асылкулов мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-мартта кол койгон буйрукка ылайык, Асылкулов Искендер Эсенгельдиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Меню