Menu

МАДАНИЯТ ЖАНА АДАБИЯТ

Улуттук китепканада “Аялзат жарык дүйнө жыргалысың, Акындын жазып бүтпөс ырларысың!” аттуу китеп көргөзмөсү өтөт

Бүрсүгүнү, 19-ноябрда Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын “Кыргыз китеби” бөлүмүндө

“Аялзат жарык дүйнө жыргалысың,

                      Акындын жазып бүтпөс ырларысың!”

аттуу китеп  көргөзмөсү жана “Кыздар ай-Балдар ай”  адабий чыгармачылык бирикмесинин  акындарынын «Байдылда акынга ырдесте» аттуу китебинин бет ачары жана поэзия кечеси өткөрүлөт.

Кыргыздын таланттуу акындарынын бири Бурулкан Карагулова бул китепке түзүүчү болуп поэзия кечесине карата улуу акын Байдылда Сарногоевдин 85 жылдыгына арнап «Байдылда акынга ырдесте» аттуу  китебин чыгарып, көптөгөн кыргыз акын кыздарын жана балдарын чакырып отурат. Азыркы кыргыз турмушундагы рынок шартында сөздүн да, элестин да шаасы жетпеген учурда китепти жазуу да, чыгаруу да, баалоо да кризисине карабай поэзия кечесин өткөрүү максатын койгон.

Байдылда агайды эскербеген, ыр арнабаган акын жок болуш керек, негизинен элибиздин Байдылда агабызга болгон урматы, сүйүүсү.

Китепте анын калемдештеринин, замандаштарынын, кыргыз элинин акын кыздарынын жана чыгармачылыгына суктанган жаш акындардын арноо ырлары, эскерүүлөрү камтылып,  поэзиялары жашоону чын жүрөктөн сүйүүгө, заманды, адамды, жаратылышты терең урматтоого үндөп, мээримдүү, жайдары лиризмге сугарылган.

Китептин кийинки барактарында кыргыз маданиятынын өсүп-өнүгүшүнө, поэзиялары кыргыз журтчулугуна терең таанымал болгон элибиздин сүйүктүү эл акындары кайталангыс талант ээлери С.Эралиев, Э.Эрматов,  Г. Момунова,  М.Ааматов, Ш.Дүйшеев, К.Бакиров, Т.Бекболотов, Д.Жалгасынова, Р.Бөлөкбаевалардын чыгармалары орун алган.

Адамдын жан дүйнөсүн көкөлөтүп, чексиз рахат тартуулап, сыйкырдуу сезимдерге дуушар кылып, эң керемет, эң ыйык поэзия айдыңында келе жаткан акындардын кийинки мууну Р.Мамырова, Ч. Сарбагышова, А. Байчукуева, Турсунай Калмурат кызы  өңдүү акындарынын поэзиялары басылган. Көргөзмө жаш таланттардын катышуусу жолугушуулар менен коштолуп, поэзия кечеси даңкталмакчы.

Бул китептеги акындардын чыгармачылыгы менен кыргыз элинин бүтүндөй бир мууну тарбияланып келе жатат, анткени алардын чыныгы патриотизмге, бийик махабатка жык толгон, достук менен тынчтыкты, эмгек менен мекенди, махабат менен сүйүүнү даңазалаган ырлары элибиздин жүрөгүнүн тереңинен орун алып келатат.

Көргөзмөдө кыргыздын таланттуу акын кыздарынын китептери,  “Байдылда акынга ырдесте” китеби, поэзиялык чыгармалары коюлган.

Китептин бет ачар аземине коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, маданият кызматкерлери, студенттер, поэзия сүйүүчүлөр жана массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышат.

Тамара Исабекова, КР эмгек сиңирген артисти: "Илгери "артистти аялым, шоферду күйөөм дебе" деген лакап бар эле"

Жакында эле мамлекет башчысынын жарлыгы менен КР эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылган белгилүү ырчы-аткаруучуларыбыздын бири Тамара Исабекова 34 жылдан бери Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын солисти болуп эмгектенет. Кадимки булбул үндүү Анарбек Ибраевдин өмүрлук жолдошу.

Ырчылыкка кандайча келип калгансыз? Ушул жагынан кеп баштасаңыз?
Жаштарга вокал боюнча сабак берип жатканыма да төрт жылга чамалап калды. Өзүм да адегенде филармониянын алдындагы ушул эки жылдык студиядан билим алгам. 2006-жылы консерваторияны аяктадым. Кичинемде “чоңойгондо ким болосуң?” десе, “ырдайм” дечү экенмин, ошол тилегим орундалды. Мектептеги окуучулук курагымда да ар кандай кароо сынактардан калчу эмесмин. Миң-Кушта Владимир Пругло деген агай жетектеген “Наристе” ансамбли бар эле. Ошонун “Аистенок” деген кичинекейлер тобунда “Бөбөгүм”, “Толкундар”, “Өс Ала-Тоом” сыяктуу чыгармаларды ырдачумун. Ырчылык өнөрдөгү менин багымды ошол киши ачты десем болот. Ал агай бул жакка кетип калгандан кийин Аттокур Чиликбаев деген дагы бир агайыбыз “Миң-Куш жаңырыгы” деген ансамбль уюштурган. Ошол ансамблде да ырдап калдым. Мектепти бүткөндөн кийин “ырчылыкка тапшырам” десем, “ырчы болгондон кийин өзүңдөй адам менен турмуш курбасаң, ырдай албай каласың” деп апам каршы чыкты. Тинатин деген эжем да “Наристенин” чоңдор тобунда ырдап, байкем бас-гитарада ойночу. Ошол эжем менен байкем студияда окуп калышыма чоң түрткү беришти. Онунчу класстан кийин заводдо копировальщица болуп иштеп жүрүп, анан жолдомо менен окууга келдим. “Алымканды” ырдасаң эле өтөсүң” деп байкемдин айтканы эсимден кетпейт. Эжем документтеримди өзү даярдап, Фрунзеге алып келип, окууга киргизди. 1982-жылы студияда окуп жатканда эле оркестрге солист кылып алышкан. Орношоор менен эле биринчи жолу Таласка гастролго бардым.
– Баса, Тамара эже, наамыңыз кут болсун!
– Рахмат. Бул наамга жетүү да оңой болгон жок. Оркестрге жаңы кирген учурда Гүлмайрам Момушева, Жекшен Жумашев, Улукмырза Полотов, Эрмек Мойдунов, Анарбек Ибраевдер менен иштешип калдым. Ушул улууларды карап түздөндүк, көп нерсеге үйрөндүк. Гүлмайрам эже ырдаганда сахнанын бир бурчуна туруп алып, “ал кантип дем алып жатат, кандай аткарат” деп карап турар элем. Азыр бизди жаштар карабайт. “Ушул эжедей ырдасам” дебейт азыркылар. Себеби, “а” деп оозун эптеп ачкандарга эмгек сиңирген деген наамды бере коюп жатышпайбы. Мен 34 жыл дегенде араң ушул наамга жеттим. Кечээ эле төрөлгөн балдар наам алып жатышса, анан ошолор улууларды угабы? Бизден бир нерсе үйрөнөбү? Үйрөнбөй калсын! Ошондуктан, наамдарды эрте бербесе деп ойлойм. Анткени, атак-даңкка ар кандай жол менен жеткен жаштар өспөй калат. Бирок, өтө улгайганда эмес, учурунда берсе туура болоор эле. Менден бирөөлөр “Мирбекке наам эрте берилип калды, сиз кандай ойлойсуз?” деп сурап калышты эле, “Мирбек Атабеков таарынса таарынсын, ага туура эмес берилди, мен да силердей эле ойлоп жатам” дедим. Мен сыйлыктар менен наамдарды эрте алып жаткан жаштарга ичим күйбөйт, булардын келечегин карап, боорум ооруйт.
– Кайсы мамлекеттерге бардыңыз?
– Чынымды айтсам, чет жактарга көп бара алганым жок. Биринчиден, аял кишиге кыйын экен – балдар менен үйдө отуруп калып жаттым. Экинчиден, “бир үйдөн бирөө барсын” деген эреже да көп тоскоолдук кылды. Кыргызда ушундай нерселер боло берет экен. Мисалы, орустарда андай эмес. Муслим Магомаев менен Тамара Синявская гастролго чыкканда аларды жубайлар эмес, ар бирин чыгармачыл инсан катары кабыл алышкан. Бизде “күйөөсү баратпайбы” дегенсип, устукан бөлүштүргөндөй мамиле кылып келишти. Негизи, андай болбош керек.
– Анарбек Ибраев агай менен кандайча табышкансыздар?
– Окууга тапшырып жатканымда Анарбек кабыл алуу комиссиясында отурган. Анын жубайы болуп каларым анда оюма да келген эмес. Үйлөнгөнгө чейин оркестрде чогуу ырдап жүрүп эле тил табышканбыз.
– Эл алдында чогуу ырдап жүрөсүздөр, үйдөчү?
– Кесиптеш болгондон кийин үйдө деле чогуу репетиция кылган учурларыбыз көп. Кээде жаңы ырлар болуп калат дегендей. Дуэт болоордо чогуу даярданабыз, талаша кеткен учурлар да жок эмес. Тажрыйбасы көбүрөөк эмеспи, көбүнчө ал киши мага үйрөтөт.
– Азыр ырчылардын баары эле таланты бар-жогуна карабай эле балдарын сахнага сүйрөп чыгуу адатка айланып бараткандай. Сиздерде да “балдарыбыз жолубузду жолдосо” деген тилектер барбы?
– “Кичүү балабыздан бир нерсе чыгат го” деп ойлойбуз, бирок абдан тартынчаак, уялып эле ырдабайт. Ал эми кызыбыздан үмүт чоң – баардык жагынан ырчылыкка ылайыктуу, үнү, угуусу баардыгы жакшы. Азыр он алтыда, мектепте окуйт. Ошондуктан, “өспүрүм курактан өтсүн” деп өзүбүз ырдатпай жатабыз. Колдон келсе, азырынча кыйнабай туруш керек. 17ге чыкса, анан көрөбүз.
Эми сен айткан көрүнүш боюнча айтсам, балада бар болсо колдош керек. Бирок, таланты жокторун деле зордоп, сүйрөп жаткандарды көрүп таңгаласың. Илгери “артистти аялым, шоферду күйөөм дебе” деген лакап бар эле. Элдин баары артист аял алгандан коркчу. Азыр тескерисинче. Атургай “ырчылыкка үйрөтүп бер” деп келиндерин жетелеп келген кайната-кайненелерди көрүп жатам.
– Филармонияда 34 жыл иштесеңиз, эмнелер эсте калды?
– Айтылуу Асанкан Жумахматов агай менен иштешкениме абдан сыймыктанам. Ал талантты баалаган адам эле. Андан башка дирижерлор менен да иштештим. Бир топ директорлор алмашты. Бирок, көзү бар үчүн мактагандык эмес, уюштуруучулук жагынан Кыргызбай Осмоновдой директорду ушул күнгө чейин көрө элекмин. Бир эле мисал айтсам, “театр кийим илгичтен башталат” дегендей, Кыргызбай келгени филармониянын арттисттери килемдин үстү менен басып, өзүбүздү адам катары сезип калдык. Мурда килемдер чоңдор келгенде жайылып, алар кетери менен кайра жыйналар эле. Ачыгын айтсам, Кыргызбай Осмоновго чейин филармонияда 5-10 жылдап ырдабай калган ырчылар болгон. Директор андай кылбашы керек да. Албетте, ырчылардын баары эле укмуш эмес, мыктысы да, орточосу, жаңы ырдап жаткандары бар дегендей. Кыргызбай ошолордун баарын аралаштырып, алдыга сүрөп, канатына калкалап жатат. 350 киши Алматыга концерт коюп келдик. Мындай эч убакта болгон эмес. Ошончо эле киши Ошко барып, беш күн катары менен чоң концерт койдук. Кандай сонун?! Баарысын иштетет, өзүнүн да жаны тынбайт экен. Баарыбыз эле ага кошулуп күпүлдөп иштеп калдык.
– Чыгармачылыкта өзүңүздү бактылуумун деп эсептейсизби?
– Бактылуумун! Үй-бүлөлүк турмушумда да бактылуумун деп айта алам. Себеби, жолдошум экөөбүздүн чыгармачылыгыбыз да, жашообуз да бирге өтүп жатат. Анарбек абдан жакшы адам. Албетте, ар адамда кемчилик болот. Издесең, жумурткадан да кыр чыгат. Ошолорду эске албаганда, сахнада кандай көрүнсө, турмушта да ошондой сонун адам. Ошон үчүн өзүмдү жогору сезем. Азыр ушул филармониянын ичинде жүрүүнүн өзү эле мен үчүн чексиз бакыт!

Атай АЛТЫМЫШЕВ

Булак: Азия Ньюс 

Акмарал Сабатар, НТС телеканалынын кыргыз редакциясынын редактору: “Журналистиканын чыныгы түйшүгүн, табиятын, оор талаптарын НТСке келгенде билдим”

– Акмарал, азыр иштин майын чыгарасың. Башында журналистиканын кайыгына түшө албай кыйналган учурларың болду беле?

-Албетте, кыйынчылыгы жок ийгилик болбойт эмеспи. Студент кезде радиолордон, телеканалдардан тажрыйба алганым менен журналистиканын чыныгы түйшүгүн, табиятын, оор талаптарын НТСке келгенде билдим. Чайналдым, такшалдым, тажрыйба топтодум. Азыр башында кыйналып, жөнөкөй эле жаңылыктарды жаза албай ызаланган күндөрүмдү эстеп жылмайып алам. Бир жолу менин кесепетимен кечки чыга турган жаңылыктар түрмөгү 10 мүнөткө жакын кечигип чыккан. Эртеси күнү редактордон катуу тил уккам. Ошондой талапты катуу койгон жетекчилер Акмарал болушума чоң салым кошту. Азыр ошол кездеги кыйынчылык жараткан сюжеттерди көз ачып жумгуча жасап коём. Мени журналистиканын тегирменине айлантып, ишимди сүйдүргөн, тажрыйба топтоткон эжелериме ыраазымын.

– НТСте көбүнчө таластыктар иштешет дешет. Ошол чынбы?

– Мындай пикир кайдан чыкканын билбейм. Тескерисинче, биздин каналда жерлиги таластык болгон кесиптештер саналуу гана. Көбүнчөсү көлдүк кесиптештер.

– Журналисттик кесип сени эмнеси менен кызыктырды?

– Мен мектепти бүтүрүп жатканда ата-энем “мугалимдин же врачтын окуусуна тапшыр” дешкен. Бирок, мен журналист болом деп кесип тандап алганымды айтып, ата-энем сунуштаган кесипке макул болбой койгом. Ошон үчүн республикалык жалпы тесттен эң жогорку балл алсам да, Кыргыз-Түрк Манас университетинин сынагына катышып, журналистика факультетине өтүп алгам. Журналисттик кесипти тандаганыма бир катар маселелерди билүүгө, өздөштүрүүгө аша чапкан ынтызарлыгым себеп болду окшойт. Ошон үчүн жеке маселемден да коомчулуктун көйгөйү мени көбүрөөк кызыктырат.

– Журналисттердин көбүнүн убактысын жумуш уурдап, турмуштан кеч калышат. Сен да ошолордун бири болуп калам деп коркпойсуңбу?

– Албетте, ойлоном. Айрыкча ата-энем, жакындарым “Акмарал турмуш куруп алса экен” дешкенде күйөө маселесин ойлонууга аргасыз болом. Анан үй-бүлөбүздөгү ар бир тост үй-бүлө кура электерге арналып жатканда, турмуш куруу зарыл экенин түшүнөм. Болбосо, ишке алаксып жигит, күйөө деген маселени ойлонууга да убакыт жетпей калат. Бирок, журналистика тармагында жүрүп, турмуштан кеч калгандардын саны арбын экенин, баарынын себептери окшош экенин билгенде оңтойсуз боло түшөм. Ата-энемди санаркатпай жакшы жигиттин жары болоюн деп ойлоном.

– Иш сапар менен барган кайсыл мамлекет өзгөчө эсиңде калды?

– Анчалык деле көп мамлекетке бара элекмин. Бирок, барган мамлекеттердин ичинен Япония мага өзгөчө жаккан. Японияга атайын долбоордун алкагында 1 айлык окуусуна баргам. Япониянын бир канча шаарларын кыдырып, бир катар ишкана-мекемелери менен тааныштым. Жакшы жагы көп экенине ынандым. Элинин сыйчылдыгына баа бердим. Бир сапар дүкөндөн көйнөк сатып алдым. Менин чет мамлекеттен келгенимди байкаган япон сатуучусу баштыгымды көтөрүп, дүкөндүн босогосуна чейин узатып, жүгүнүп коштошкондон кийин гана баштыгымды колума берди. Ошол сатуучунун сыйы азыр да жүрөгүмдө. Дагы бир көңүлүмдөн орун алган өлкө бул Монголия болду. Улан-Батордон Кара-Корумдагы Култекиндин ташы табылган музейге жетиш үчүн бир канча чакырым ээн талаада жүргөнбүз. Убагында дүйнөнүн теңин басып алууга жетишкен Чынгыз хандын өлкөсү мага өтө жөнөкөй көрүндү.

– Тамактары жактыбы?

– Монголия биз сыяктуу эттерди жейт экен. Ошондуктан алардын тамактары жакты. Япониянын эли, мамлекеттин өзү жакканы менен кандай тамак жебейин даамы жок, тузу жоктой сезиле берди.

– Акмарал, ата-энеңдин кимисине окшошсуң? Сенин жакшы сапаттарыңдын көбү атаңа таандыкпы же апаңабы?

– Менин тышкы келбетим апама окшош болгону менен, кулк-мүнөзүм атамды тарткан. Байкап көрсөм атамдын ак көңүлдүгү, таарынса жазылбаган сапаты менде бар экен. Ошон үчүн көптөр мени мүнөзү оор дешет окшойт. Чынында сыртымдан бой көтөргөндөй көрүнгөнүм менен жөнөкөй анан тамашакөй кызмын. “Көптөр бой көтөрүп жүргөндөй сезилесиң,бирок тамашакөй, жөнөкөй кыз экенсиң” деп калышты.

– Кыздан жалгыз экениңе өкүнбөйсүңбү?

– Менден улуу же кичүү кыз бир тууганым болсо жакшы болмок деп көп ойлочумун. Бирок, жалгыз кыз экенимди сезбей деле калам. Себеби, менден улуу 3 агам бар. Жеңелерим мага кайын сиңдидей эмес, улуу эжекелеримдей мамиле кылат. Ошолордун жанында жүргөндө жалгыз экенимди унутуп деле калам.

– 5 жылдан кийин өзүңдү кандай элестетесиң?

– 5 жылдан кийин деле журналистикада иштеп, кесибин сүйгөн, журналистиканы эч бир кесипке алмаштырбаган, кесипкөй адам элестетем. Ошондой эле эки тизгин бир чылбырды колго кармаган, үй- бүлөлүү, балалуу, төрт тарабы төп келген бактылуу айымдардын катарын толуктасам деп тилек кылам.

Асылкан кызы Перизат

Булак: Асман плюс 

 

Мукталы Бектеналиев, Кинематография департаментинин жетекчиси: “Бул жерди сатып алабыз, приватташтырабыз дегенде ортого атактуу адамдарыбызды салып саттырбай койдук”

— Мукталы Абдыбекович, алгач кыргыз киносунун жаралуу тарыхына токтоло кетсеңиз? Сөзүбүздү кыргыз кереметинин башталышынан баштайлы?

— Бизде биринчи жолу “Менин жаңылыштыгым”, “Салтанат” фильмдери тартылган. Россиядан келген режиссёрлор тартышкан. Кыргыздын биринчи көркөм фильмдерин Жоомарт Бөкөнбаев согуш убагында “Манастын уулу Семетейди” тартам деп жакшы идея жасап, ага бир аз акча каралып жаткан. Кийин кырсык болуп ал каза болгондон кийин кино уланып тартылбай калган.

— СССРдин убагында, анын үстүнө баардыгы тартыш болгон согуш маалында каражат бөлүп Манасты тартуунун кандай себеби бар эле?

— Ошол мезгилде согуш учуру болсо дагы, татаал мезгилге карабастан көп эле нерселер чечилип жатпадыбы? Ал убакта Жоомарт Бөкөнбаев улуттук маселелерди көтөрүп чыгып, чоң жетекчилик кызматтарга улуттук кадрларды коюу маселесин көтөрүп жүргөн деп уккам. Ушундай жакшы ойлор менен өзүбүздүн улуу эпосубузду сактап калуу, андан ары өркүндөтүү, кыргыз элине жайылтуу, кыргыз элинин улуттук ар намыстуу иштерин алгалатууга аракет жасаса керек. Анткени, улуу жазуучубуз чын эле элдин намысына байланыштуу маселелерди көтөргөн курч жигит болгон деп угуп жүрөм. Бирок бул дүйнөдөн эрте кетип калып, бул фильмибиз дагы тартылбай калды. Согуш мезгилинде 1941-жылы 17-ноябрда бизде Совнаркомдун чечими менен Кыргызстандагы хроникалык фильмдерди тартуу студиясы ачылат. Россиядан атайын режиссёрлор келип, бизде хроникалар тартыла баштайт. Согуш мезгилинде биздин эмгектин алдыңкылары, майданга кетип жаткандардын арасында үгүт иштери абдан жакшы жүргөн. Ошол мезгилде ачылган азыркы Төлөмүш Океев атындагы улуттук кыргыз фильм киностудиясы 17-ноябрда 75 жашка чыгып олтурат. 75 жылдык тарыхынын ичинде биздин кино студия башынан абдан көп жаман-жакшы нерселерди өткөрдү. Чыңгыз Айтматов кыргыз кино биримдигин жетектеп, улуттук кадрларды даярдоо маселелерди көтөрүп иш алып бара баштаган.

— Кыргыз керемети деп кыргыз киносунун баркы өскөн мезгилди Чыңгыз Айтматовго байланыштырышат. Эгерде Айтматов ошол кыргыз киносунун башына келбей калса ошондой чыгармалар жаралбай калышы мүмкүн беле?

— Айтматовдун келип калышы кыргыз киносунун бактысы болгон. Жакшы шарттар түзүлүп, жакшы тасмалардын жаралышына Айтматовдун эмгеги зор. Дал ошол убакта Чыңгыз Төрөкулович өзүнүн “Жамийласы” менен дүйнө жүзүнө таанылып турганда, дүйнө жүзүндөгү мыкты классикалык кадрларды биздин киного тартып, кыргыздын улуттук кадрларын даярдоого абдан чоң салым кошкон.

— Алар кимдер?

— Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров сыяктуу инсандарды алып келип кыргыз киносуна база түзгөнү Айтматовдун эмгеги экендигин эч ким тана албайт. Бирок, Айтматов болбосо кыргыз керемети жаралбай калат беле же жаралат беле дегенден алысмын. Ансыз деле кыргыз эли талантка бай, таланттуу эл болгон. Айтматов менен катар өзүнүн патриоттору чыккан. Океев, Убукеев, Шамшиевдер өзүнүн элин-жерин сүйгөн мыктылар да. Мына ошол кадрлардын жолун Айтматов көрсөтүп бергенден кийин кыргыздын кереметин жаратып олтурушат. Кыргыз киносунун өнүгүшүн, жаралышын, биринчи жагынан Айтматов менен байланыштырсак, экинчи жагынан мыкты кадрлардын келиши менен байланыштырабыз. Чындыгында 1960-жылдардын аягында, 1970-жылдардын башында, 1980-жылдарда болуп көрбөгөндөй жетишкендиктерге жетишти. Мен жогоруда айтып кеткен кадрлар абдан мыкты кинолорду тарта башташты.

— Кыргыз кереметин жаратып жатканда биздин атактуу режиссёрлор канча жашта эле?

— Мен кыргыз киносунун тарыхын окуганда баары өтө эле жаш болушкан. Мисалы Болот Шамшиев биринчи “Зной” деген фильмге тартылып, актёрлуктан баштап, анан режиссёрлукка өткөн. Абдан жаш, 19–20 жаштын ортосунда болсо керек. Төлөмүш Океев эң мыкты фильмдерин 22–24 жашында тарткан. Геннадий Базаров дагы 24 жашында дипломдук иши кылып “Саманчынын жолун” тарткан. Жөн эле дипломдук иши кандай сонун байгелерди жеңип, укмуш тартылган. СССРдин классикалары менен биздикилер кошулуп фильм тартышты, Айтматов, таланттуу кадрларыбыз баары жуурулушуп келип, кыргыз керемети жаралган.

— Кыргыз керемети деген баа канча кинодон кийин айтыла баштады?

— Азыр фамилиясын эстей албай жатам. СССРдин чоң кино сынчыларынын бири советтик республикалардын кинолорун кыдырып көрүп, алардын кинодо жасаган иштерине мониторинг жасайбыз деп Кыргызстанга келип, биздин кинолордун баарын көрүп чыгып, анан чоң залда бүт республиканын чоңдорунун алдында, илимпоздор баардык интеллигенция олтурган жерде “мен баардык фильмдерди көрүп туруп чындыгында кыргыз кино керемети деп айтат элем”- деп айткандан кийин ушундай сөз калып калган. Мен жогоруда айтып кеткен адамдардын эмгеги менен эле кыргыз кереметин чектебейм. Анткени, кыргыз киносунда өтө күчтүү армия иштеп турган. Экинчиси кино көрсөтүү жана кино прокатчиктер иштеп жатышкан. Ошол убакта кино театрлар дагы абдан күчтүү курула баштады. Буга көп жылдар бою Госкинонун төрагасы болуп иштеген Шаршен Усубалиев биринчи кино студияга директор болгон. Андан кийин башка чоң кызматтарда иштеген ал кишиге мен жардамчы болуп жүргөндө “биздин кино тармагында материалдык базаны чыңдоого Исхак Раззаковдун эмгеги абдан чоң”- деп укчу элем. Чыгармачылык жагынан Айтматов чоң кереметти жасап олтурса, Раззаков базаны жакшы көтөргөн дешет. Анткени база жок болсо эч бир иш алдыга жылбайт да. Шаршен Усубалиевич “бир жолу Исхак Раззаков чет өлкөдөн келди да, бизди Казы Дыйканбаев менен бирге чакырды. Мен СССРдин делегациясын жетектеп Америкага барганда голливудда болдук. Ушундай укмуш кино шаарча экен. Эмне үчүн биз Кыргызстанга кыргыз кино Голливудун курбайбыз? Тезинен чоң жерди карап тапкыла. Кыргызфильм студиясын, кино прокат, ремонт, фонд баардыгын бир жерге куралы”- деп тапшырма берген деп айтып калчу. Мындан сырткары ал киши “Казы Дыйканбаев экөөбүз жер караштырып жүрүп, Фрунзе көчөсүнөн БЧКга чейинки жерди таптык. Азыр шаардын сырты болгону менен кийин борбор болуп калат”- деп тапканбыз дечү. Азыр Динара Асанова атындагы көчөнүн баардыгы кинонун мекемелери. Кино студия, эски кинофильм, анын артында кино фонд, кино ремонт баардыгы Исхак Раззаковдун салымы деп ойлойм. Андан кийинки жетекчилер Турдакун Усубалиевичтин убагында дагы киного өтө чоң көңүл бурулган. Дүйнөлүк кино тарыхын окуп жатканда Америка башынан өтө кыйын мезгилди өткөрүп жатканда, уурулук, бейажал өлүм абдан көбөйгөн мезгилде кинолорду абдан көп чыгарышкан. Андан кийин арзаныраак кылып кино театрларды көп ачып туруп элдерди абдан алаксытышкан. Элди өзүнө тарта турган нерсе бул кино. Азыр биз телевидение дегенибиз менен теленин көрсөтүүлөрүнүн 70%и кинону көрсөтүшөт.

— Азыркы жетекчилер киного көңүл буруп жатышабы?

— Акыркы 3–4жылдын ичинде атайын мамлекеттик буйрутма менен абдан жакшы кинолор тартылды. Курманжан датка тартылды, Шабдан баатыр менен Тайлак баатырга даярдык көрүп жатабыз. Эми Алымбек датканы тарталы деп жатабыз. Сценарийлери конкурстан өтүп, жазылып утуп чыгышты. Бир жагынан акыркы убактарда кино тартууга акча каражаты карала баштаса, кино базаны чыңдоо жагынан Кыргызстан жакшы өнүгүп бара жатат. Президент, өкмөт башчы киночуларды кабыл алып, көңүл буруп жаткандын жыйынтыгын кийинки жылдары кинонун жанданып жаткандыгынан байкасак болот. Ошондуктан чыгармачылык, техникалык база жагынан дагы жетекчилик колдоп турса өсүп өнүгүү пайда болот. Мен жогоруда айтып кеткен улуу режиссёрлордон кийин кино операторлор дагы болгон. Алардын башында Марлис Туратбеков деген болгон. Андан кийин Нуртай Борбиев, Кадыржан Кыдыралиев, Манас Мусаев деген мыкты инсандар чыккан. Азыркы мезгилде биздин Хасан Кыдыралиевди көп өлкө талашып жатат. Мыкты жаш оператор Айбек Жангазиев, Айбек Дайырбеков, Акжол Бекболотов сыяктуу балдарыбыз өсүп келе жатат. Ошолордун күчү менен кино жанданып жатат. Кино тармагы деле СССР таркангандан кийин башка тармактар сыяктуу башынан көп кыйынчылыктарды өткөрдү. Союздан келип турган база, акча баары токтоп калды. Он жылдай кино тармагы өнүгө албай туруп калды. Же кино тартылбай, же эл киного кирбей калбады беле. 1990-жылдан 2000-жылга чейин көптөгөн кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрдүк. Ошол кезде мен кинонун башында турдум. Бир дагы мекемебизди жеке менчикке берген жокпуз. Ошого дагы Айтматовдун, Усубалиевдин эмгектери абдан зор. Аксакалдар менен башкаларды коркутуп жаттык. Мына бул жерди сатып алабыз, приватташтырабыз дегенде ортого атактуу адамдарыбызды салып саттырбай койдук. Аягында мыйзам чыгарттык.

— Кандай мыйзам?

–2001-жылы Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекет колдоо мыйзамын чыгарттык. Ал жерде сатууга, сатып алууга баарына тыюу салдырдык. Баардык коңшу мамлекеттерде кино театрлар сатылып кеткен. Жада калса киностудиялар акционердик коом болуп турат. Биздин Кыргызфильм студиясы улуттук болуп эсептелинет. Бизге Казакстандын кино компаниясынын президенти, кинонун атактуулары келип, ушул жерде бир жума казак киносунун жумалыгын өткөргөндө абдан ыраазы болушту. Абдан кенен жүрүшүп, кино көрүүчүлөр менен жолугушту. Кыргызфильм кино студиясын биз Төлөмүш Океев атындагы улуттук Кыргызфильм дедик. Кино үйүн сатып алабыз деп абдан аракет кылышты. Бул жерди да сатып алабыз дегендер чыкканда улуттук кылып, Айматовдун атын берип сактап калдык. Кино прокатты сатабыз, 8 гектар жери, кампалары сонун экен деп талашканда аны кинофонд кыла салдык. Мыйзам чегинде фонддор сатылбайт.

— Кино театрларыбызды кандай жол менен сактап калдыңыздар?

— Биз кинотеатрларыбыздын баарын ижарага бердик. Тигини Салымбеков, муну Садык-Шер сатып алыптыр деп чыгышты. Биринчи ижарага беш жылга беребиз. Эгер жакшы иштетип, заманбап технологияларды алып келип коюп, элди кино менен тейлей турган болсо ижара убактысын дагы он жылга узартабыз. Ошто Семетей, Кыргызстан деген кинотеатрларыбыз бар. Экөө тең оңдолду. Семетей кино театрыбыз азыр өкмөттүн каражаты менен оңдолуп жатат. Кыргызстанды ижарага бергенбиз. Ал дагы оңдолуп жатат. Биздин мыкты автокино көрсөткүчтөр тоолуу жерлерде кино көрсөтүп жүрүшөт десем КМШдагылар “силер СССР кездегидей иштейсиңер го”-деп таң калышат. Биздин элибиз кинону көрөт, ошол менен камсыз болушат деп айтабыз. Мисалы “Манас” кино театрында биздин жаштар жалаң өзүбүздүн кинолорго кирип жатышат. Мындай көрсөткүч КМШда жок. Силердин өзүңөрдүн улуттук кинолоруңарга жаштарыңардын барып көрүп жатканы өзү азаматтык деп айтышат. Муну Украинанын киноматографисттер уюмунун төрагасы мурдагы жылы өзүнүн чоң съездинде “Кичинекей 5 миллион калкы бар Кыргызстанда өзүнүн улуттук киносуна бир жылда 1 млн адам кирет экен. А бизде ушунча миллион адам Киевде эле бар, бирок өзүбүздүн кинолорго киришпейт!” — деп айткан. Мунун өзү чоң көрсөткүч да.

(Уландысы кийинки санда)

Маектешкен Баян Кулова

Булак: Жаңы Ордо 

 

 

Эл ырчысы Сагынбек ( Кутман курагына арналат)

Сагынбек Момбеков кыргызга аттын кашкасындай белгилүү инсан. Сагынбекти орусташып кеткен маӊкурт киргиздер эле тааныбай калбаса, кыргыздардын бардыгы тааныйт. Сагынбек элге башка обончулардан ѳзгѳчѳлѳнүп турган жалындуу патриоттук ырлары менен белгилүү. Мен бир жерден Сагынбекти бирѳѳ, «Саке ырларыӊ жалын го, жалын» деген сѳзүн угуп абдан таӊгалгам. Сагынбек убагында азыркы кыргызга белгилүү, чоӊ саясатчылардын бардыгы менен коюн колтук алышып жүргѳн. Алар Сагынбектин патриоттук ырлары аркылуу ѳздѳрүнүн айланасына элди топтоп, бийликке карай умтулушуп, жеӊиштерге жетишишкен. Маселен 2005-жылдын 24-мартындагы белгилүү окуянын алдында, Сагынбек К. Бакиев менен Жалалабадда 15 күн бир бѳлмѳдѳ жашаптыр. Анда Сагынбек К. Бакиевдин кийин тигинтип кетээрин кайдан билиптир. Ал кезде Сагынбек эле эмес, эл да билген эмес. Азыркы президентибиз А. Атамбаев менен да учурунда коюн колтук алышып жүргѳн. Президенттин кеӊешчиси болуп иштеп жаткан Икромжан Илмиянов Сагынбекти атайын Баткенден издеп келип жолугат. Ал Сагынбекке А. Атамбаев менен тааныштыр деп суранат. Сагынбек аны А. Атамбаев менен тааныштырат. А. Атамбаев Илмияновду Сагынбекке шопур кылып коёт. Кийин А. Атамбаев Илмиянов менен жакындан таанышып сүйлѳшүп олтуруп, экѳөсү тууган болуп чыгат. Азыр Илмиянов президенттин кеӊешчиси. Ал эми Сагынбек ким? Сагынбектин ырларынан бийлик бардык убакта коркушкан жана азыр да коркушат. Саясатчылар бийликке жетишип алышкандан кийин, Сагынбектин ырлары тоскоолдук кыла тургандыгын билишкен. Ошондуктан Сагынбекти куугунтукка алышкан. Кокус базарга чыгып ырдап жибербесин дешип, артынан аӊдуучуларды коюп коюшкан. Кыргызстан демократиялык сѳз эркиндиги бар ѳлкѳ. Бирок азыр да кѳзгѳ кѳрүнбѳгѳн “цензура” бар. Сагынбектин ырларын азыр да телерадиолордон берүүгѳ тыюуу салышат. Биз (Сагынбек экѳѳбүз) декабрь айында ЭЛТР телеканалына барып тартылып калдык. Сагынбек ЭЛТР телеканалынын жетекчилери менен эки саатча сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзүп жатып, анан тартылдык. Телеканалдын «Чак түш» деген программасы бар. Ал кѳрсѳтүү түз эфир менен кѳрсѳтүлѳт. Бизди алдын-ала жаздырып  тартып алышты. Сагынбек лирикалык ырларын ырдап жатты. Мен жай турмуштук ырларымды окуп олтурдум. Бийликти кичине чымчып коёюн деп, ѳзүмдүн саясий темадагы, «Ооруп турат жүрѳгүм» деген ырымды арасына кошуп жибердим. Ал кѳрсѳтүү 15 күндѳй монтаждалып жатып анан эфирге чыгарылды. Менин «Ооруп турат жүрѳгүм» деген ырымды кесип салышыптыр. Москва шаарында ѳрт кырсыгынан кыргыздын 14 кыз-келиндери кайтыш болушту. Бул окуя «Супер инфо» газетасына кеӊири репортаж менен чагылдырылыптыр. Мен газетадан материал менен таанышкан соӊ, «Кечиргиле» деген ыр жаздым. Сагынбек обон чыгарып ырдап чыкты. «Азаттык» радиосу бул ырдын жаздыруусун радиодон угузушту. Мен «Азаттык» радиосу Европадан каржыланат, ал жерде жүрѳктүү патриот журналисттер иштейт деп ойлочу элем. Кѳрсѳ алар деле пенде экен. «Кечиргиле» деген ырдын акыркы куплетин кыркып салышыптыр. Сагынбек менен 5-6 жылдан бери иштешип жүрүп, «Колдо бар алтындын баркы жок» дегендей, Сагынбекти Таластыктар, айылдаштары баалабай турганын байкадым. Сагынбекти түштүктүн, Нарындын, кѳлдүн эли абдан кадырлашат. Адамдар түштүктѳн, Нарындан, кѳлдѳн Сагынбекти атайын Таласка издеп келишип, ырларын кѳчүрүп алып, жаздырып кетип жүрүшкѳндѳрүнѳ күбѳ болуп жүрѳм. Бул чындыкты издеп, акыйкатты эӊсеген адамдардын ѳздѳрүнүн жетпеген армандарына, Сагынбектин ырлары аркылуу канааттануу сезимдерин алышат окшобойбу. Бүгүнкү күндѳ Сагынбектин 200дѳн ашык обондуу ырлары бар. Албетте алардын кѳбү саясий темадагы патриоттук ырлар. Бул ырлардын ичинен Ш. Дүйшеевдин 15тен, Т. Бекболотовдун 25тен, К. Керимбаевдин (Саяковский) 10дон, менин (Кабыланбек Балкыбеков) 30дан ашык ырларыма обон чыгарган. Сагынбек ыр болсо эле обон чыгара бербейт. Ал ырларды абдан кылдат баамдай билет. Ыр Сагынбектин купулуна толуш үчүн сѳзсүз Ш. Дүйшеевдин же Т. Бекболотовдун деӊгээлинде жазыш керек. Ш. Дүйшеевди эч ким тааный элек кезинде, анын «Кайдыгерлик» деген ырын ырдап чыгып, элге тааныштырган. Ошондон кийин, Шайлообек Дүйшеев деген акын бар турбайбы деп, эл тааный баштаган. Р. Отунбаева президент болуп турганда Ш. Дүйшеевдин 60 жылдык маарекеси белгиленди. Аны республикалык телеканалдан кеӊири кѳрсѳтүштү. Мен үйдѳ олтуруп кѳрдүм. Ш. Дүйшеев Сагынбекти (Момбеков) маараке тоюна чакырбай коюптур. Бирок мааракеде Сагынбектин Ш. Дүйшеевдин сѳзүнѳ жазылган, «Аппак кар» деген ырын балдар ырдашып, Шайлообекти залдан сахнага жетелешип чыгышып, ак кебезден жасалган ак карды тегереништи. Ушул ыр Момбековдуку эле деп эч ким айткан жок. Мен ошондо Шайлообекке тийишип тамашалуу ыр жаздым. Анткен себебим, мен жаш кезде Шайлообек менен КМУнун журналистика бѳлүмүндѳ бирге окуган элем.

Шайлообек Дүйшеевге

«Арабадан ыр» жаздыӊ.

Турмуш менен сырдаштыӊ.

«Эсиӊе келди» окуп,

Далай жанды ыйлаттыӊ.

Анан Дүйшеев болгончо,

Эчен кыйын кырды аштыӊ.

Жетимдин тартып азабын,

Жетишпей жүрүп жашадыӊ.

Унуттуӊ эски чокойду,

Чыкканда элге атагыӊ.

Ѳчү жок сенде атамын.

Чындыкты Шаке айтамын.

Кыргызга тарап казалыӊ,

Ыр менен бирге жашадыӊ.

Дүӊ кылып бүтүн кыргызды,

Маараке тойду жасадыӊ.

Бир кезде чогу бир жүргѳн,

Сакеӊди эске албадыӊ.

Же бийликтен корктуӊбу,

Салат деп Саке чатагын.

«Аппак карды» жаӊыртып,

Ырдап чыкты балдарыӊ.

Момбеков автор эле деп.

Бир ооз да эстеп айтпадыӊ.

Чоӊ акырдан жемди жеп,

Чоӊдордон белек алганыӊ,

Чуркабай, баспай калганыӊ.

Гүлдѳй бер Шаке жашагын.

Угула берсин атагыӊ.

Байдылда, Токтогул сыйлык,

Манас орденин алганыӊ,

Кубантат бизди ар дайым.

Бирок Шаке абайла,

Кѳтѳралбай дѳѳлѳттү,

Астында калып калбагын.

 

Сагынбек мени Т. Бекболотов менен тааныштырам деп жүрүп жетишпей калды. Кыргыздын таланттуу патриот акыны Т. Бекболотов 67 жаш курагында, февраль айында кайтыш болду. Биз(Сагынбек экѳбүз) Тургунбектин тажиясына жер тайгалак болгондуктан кечигип бардык. Тургунбекти жайына алып кетишиптир. Сагынбек экѳбүз ѳкүрүп кирдик. Тургунбектин балдызы биздин каршылыгыбызга болбой, бизди үйгѳ киргизди. Дасторкондо олтуруп Тургунбектин балдызы, Сагынбектен «жездемдин ырын ырдап берсеӊиз» деп ѳтүндү. Мен ѳмүрүмдѳ майытка бата кылып барып, ырдаганды кѳргѳн эмесмин. Сагынбек Тургунбектин «Чарчадым» деген ырын ырдап жиберди. Ошол жерде олтургандардын баары ыйлашты. Мен да ыйлап жибердим. Ошондо жолдо келе жатып , мен Т. Бекболотовго арнап, ыр жаздым.

Тургунбек Бекболотовго

Айылда жашап бир акын.

Ыр жазган козгоп эл дартын.

Жабылып сага тең эмес,

Калаада жүргѳн миң акын.

 

Ыр жаздың кѳркѳм ай жаркын.

Дебедиң бирѳѳ таңгалсын.

Чындык үчүн чеп болгон,

Элимде сендей барбы акын.

 

Карыткан заман эл салтын.

Бузулуп турган эл наркын.

Калыгул болуп сен айттың,

«Зоолудан» сактан деп калкым.

 

«Шам алдында толгондуң».

«Бурганак» сындуу ойлордун.

Селт эттик «Муздак тамчыга»,

«Кечиккен ырлар» том болдуң.

 

Аралап ырдын кѳч башын.

Талантың менен сѳз бактың.

Калкалап калкан тосо алгыс,

Шамшардай ѳткүр ыр жаздың.

 

Кѳйгѳйүн элдин ырдапсың.

Булбулдун үнүн тыңдапсың.

Ойлосо ойдон кетпеген,

Кай жактан жүрүп ыр таптың.

 

Бийигин тоонун бастыңбы.

Кѳркѳмүн гүлдүн жаздыңбы.

Алыкул, Хафиз, Хаёмдон,

Алтынын сѳздүн каздыңбы.

Бийикке учуп барыпсың.

Шумкардай аба жарыпсың.

Билгизбей жүрүп байкатпай,

Жүрѳккѳ отту жагыпсың.

 

Жылдыздай күйүп жаныпсың.

Эртерээк учуп алыпсың.

Чыкканда жаңы чокуга,

Сапарды неге карыттың.

 

Ѳссѳ деп мекен ѳзгѳрүп.

Мезгилдин каарын сен кѳрүп.

Артынып жүрүп эл жүгүн,

“Икардай” ѳчтүң ѳрттѳнүп.

 

Жарыгы элең жылдыздын.

Дулдулу элең чындыктын.

Чыркырап чындан кайтпаган,

Туйгуну элең кыргыздын.

 

Дебеди кесел жашасын.

Тарттырды тагдыр азасын.

Ѳтсѳ да ѳмүр ѳкүттѳ,

Ырыңда жашап жатасың.

 

Сагынбектин чыгармачылык даремети азыр да ѳчѳ элек. Сагынбек азыр да ѳз күчүндѳ. Сагынбектен азыр да бийлик коркот. Сагынбекке арнап убагында Т. Бекболотов ыр жазган. Мен да Сагынбекке арнап ыр жазып жүрѳм.

 

 

Жан дүйнѳм мокоп, кирдеди дебе

Элим деп Саке эзилип жүрдүӊ.

Ѳз элиӊ үчүн отко да күйдүӊ.

Элиӊдин арман, кайгысын ырдап,

Башыӊа далай азапты үйдүӊ.

 

Кыргызга келди эркиндик дедик.

Бийликти баалап кимдерге бердик.

Бийлигиӊ кѳрсѳ нысапсыз экен,

Сатышты баарын калтырбай тердик.

 

Куурулуп заман, пейилдер тарып.

Жукарып жону, кыргызыӊ карып.

Кудайым деген кур калган эмес,

Бир күнү тийээр элиме жарык.

 

Акыйкат учту кѳздѳрдѳн кайып.

Жулунган жандар алышты байып.

Бийлиги колдо, байлыгы коомдо,

Адамдар калды ыймандан тайып.

 

Турмушуӊ кургур капталдан уруп.

Түгѳнбѳс түйшүк, жокчулук жулуп.

Эӊсеген элим акыйкат кайда?,

Жанымдан безгим келтирет туруп.

 

 

Кыргыздын уучу кур эмес дешет.

Сабалап кыял, дүйнѳнү кезет.

Элим деп күйгѳн азамат бардыр,

Кыргыздын күткѳн келкели келет.

 

Ѳкүнүп Саке жүрѳктү эзбе.

Акыйкат барын унутпа элде.

Кыргызыӊ кыйын күндѳрдү кечкен,

Бардыгы турат али да эсте.

 

Жан дүйнѳм мокоп, кирдеди дебе.

Баркымды баалап, билбеди дебе.

Эл үчүн талбай күрѳшкѳн жандар,

Акыры жеӊген илгери деле.

 

Бул дүйнѳ бизге кимдерден калган.

Бийлиги, мансап бардыгы жалган.

Акыйкат жеӊип, акыры сѳзсүз,

Бир күнү болот бизде да майрам.

 

Эмесе Саке чыгармачылык жолуӊдагы ары түйшүктүү, ары оор  сапарыӊ байсалдуу болсун. Кыргыз элиӊ үчүн талыкпай эмгектене бер. Сага узун ѳмүр жана кажыбас кайрат калайм.  Кеч болсо да ѳтүп кеткен 60 жылдык маарекеӊди куттуктап досуӊ Кабыланбек.

( Балкыбеков Кабыланбек )        

1-ноябрь 2016-жыл                                       Талас облусу  Бакай-Ата айылы.

 

Видеотамаша - Куудулдар Борончу Кудайбергенов менен Тынар Курбаналиев паракор МАИчилерди тамашага алышкан

Куудулдар Борончу Кудайбергенов менен Тынар Курбаналиев паракор МАИчилерди тамашага алышкан.

https://www.youtube.com/watch?v=F3dUY-ISvN0

 

Айнур Бердикулова, кыл кыякчы: «Кыл кыяк сыйкырдуу аспап»

 

Жакында балким эгемендүү мамлекетибиздин тарыхында алгачкы жолу белгилүү кыл кыякчы Айнур Бердикулованын «Кыл кыяктын жан сыры» аттуу чоң кечеси болот. Албетте кийинки акыркы он жылдыкта улуттук аспаптар эмнегедир унутта калгансып бардыгы эстраданы кана үндөгөндөй. Айнур ушул сырдуу жана сындуу, мукам үндүү кыл кыяктын салтын улоочу, үнүн дүйнө жүзүнө таанытып, күүлөрүн шаңшытып келе жаткан инсан. Алдыдагы боло турган кечеси жана келечектеги ойлору менен таанышып чыктык.

– Айнур, кыл кыякта ойногонуңа канча болду? Бул аспап сени эмнеси менен кызыктырды?

– Мен кичинекей кезимен бери Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык мектептен кыл кыяк классын кызыл аттестат менен бүтүргөн соң, Улуттук Консерваторияны дагы дал ушул аспапты окуу боюнча кызыл диплом менен бүтүргөм. Бул аспап мени өзүнүн сыйкырдуу добушу менен тартып алды.

– Алдыдагы боло турган концертиң тууралуу айта кетсең?

– Буюрса 19-октябрда , “Кыл кыяктын жан сыры” аттуу биринчи тушоо кесүү концертимди бергени турам. Концертимде кыргыз элибизге аттын кашкасындай таанымал, эл артисттери жана мыкты аспачы, ырчылар катышат. Концертимдин режиссёру Ырыс Окенова. Ошондой эле концертиме алыскы Монголия өлкөсүнөн жетиген аспапта жана монгол аспабы хуучерде ойногон музыканттар дагы катышат. Абдан толкундануу менен даярданып жаткан учурубуз.

– Кыргыз эмнеси менен улук,
сенин оюңча? 

– Абдан жакшы суроо экен. Албетте кыргыз өзүнүн каада салты, санжырасы, тарыхы, маданияты жана наркы менен улук! Мен сыймыктанам кыргыз болуп туулуп жана кыргыздын аспабын эл журтка тартуулап жатканыма!

– Сен көп өлкөнү кыдырып, кыл кыякты таанытып анын артынан кыргыз деген атты дагы таанытып жатасың. Чет элдиктер менен кыргыз угармандарынын айырмасы барбы?

– Туура айтасыз, кыл кыягым менен көптөгөн чет жака дагы өнөрүмдү тартуулап жүрөм, албетте кызыккандар абдан көп. Чет жактагылар абдан сыйлашып атайы кыяктын үнүн угуш учун чакыруулар дагы көп эсе. Салыштырмалуу айтсам чет элдиктер абдан кызыгышат, жөн койсоң күнү-түнү деле ойнотуп отура беришет. Ал эми бизде болсо кызыгуу эми башталды. Себеби, жаңыдан фольклор багытына эми көнүп, жакшы баалап келүүдө.

– Бул аспапта ойноону өркүндөтүү үчүн дагы эмне кылуу керек? Балким шакирттериң бардыр?

– Кыл кыяк аспабын ойноп элдин алдына алып чыгуу абдан көп эмгектерди талап кылат. Жөн эле ноталарды баскылап ойной бербестен күүнүн ыргагында күүлөнүп, ошол чыгармага бүтүндөй кирип кетиш керек. Качан гана күүнү сезгенде гана ал күүнү элдин алдына алып чыгууга мүмкүн. Ал эми шакирттерим азыркы кезде жок, бирок келечекте шакирт тарбиялоого даярмын.

– Кыл кыягыңдын өзгөчөлүгү эмнеде?

– Кыл кыяк тууралуу айтсам, ушул кылымга чейин кыл кыякта жалаң эркек киши гана тартып келген экен. Айтылуу музыкавед Балбай Алагушев атабыз антологиясында мен тууралуу 21-кылымда, кыздардан чыккан биринчи кыл кыякчы деп жазган. Бул аспап менен көптөгөн ооруларды айыктырып, төрөбөгөн аялдарды дарылашчу экен. Балким кыяктын сыйкырдуу добушу ушунда. Канчалык кыяк күүсүн тартсам ошончолук мени өз дүйнөсүнө тартып келет.

Назира Бегим

Булак: Асман плюс

 

 

Фотобаян - Жалал-Абад шаарынын жаштары фото-сүрөттөрдү эркин алмашууга багытталган “Сүрөт кургатуу”(фото сушка) акциясын өткөрүштү

Жалал-Абад шаарынын жаштары дем алыш күндөрү областтык Барпы атындагы драма театрынын алдындагы аянтта фото-сүрөттөрдү эркин алмашууга багытталган “Сүрөт кургатуу”(фото сушка) акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу шаардагы “Жаш жарандарды өнүктүрүү” коомдукфондунун ыктыярдуу өкүлү Бегимай Бегимкулова билдирди.

Анын айтымында бул фото-сүрөттөрдү эркин алмашуу багытындагы акция шаарда экинчи жолу өткөрүлүп жатат. Быйылкы жылкы акциянын өткөрүү үчүн 12 кишиден турган уюштуруу комитети түзүлүп, тийиштүү даярдыктар жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында бул иш чарага жаш сүрөт тартууга кызыккан жаштар жана дасыккан сүрөтчүлөр андан тышкары эл аралык алдыңкы сүрөтчүлөрдүн эмгектери илинген. Алар сүрөттөрүн бизге электрондук даректер аркылуу жиберишкен. Аянтчага керме жип тартылып, каалаган кишилер ага өздөрү ала келген фото-сүрөттөрдү кийим кыпчыткыч менен илип коё алышат. Мындагы дагы бир өзгөчөлүкким каалаган өзүнө жаккан сүрөттү алып кеткенге мүмкүн, бирок анын ордуна өзүнүн ала келген сүрөтүн илип коюшу керек.

-Бул акциянын максаты-коомчулуктун, айрыкча жаштардын өз ара карым-катнашын өнүктүрүү, алардын руханий дүйнөсүн байытуу, кооздукка, көз ирмемге катып калган элестер аркылуу мезгилге болгон мамилесин ойготууга багытталган заманбап иш-чараболуп саналат. Өткөрүлгөн акция учурунда жалпысынан үч жүзгө жакын сүрөттөр илинди, – дейт Бегимай Бегимкулова

Бул акцияга активдүү катышкан жаштарга уюштуруучулар тарабынан байгелер берилди. Ал эми акцияга катышкан Жалал-Абаддагы Зуура Нурматова атындагы кыздар түрк лицейинин окуучусу Мадина Уларбекованын айтымында, шаар жаштарынамындай өзгөчөлөгөн иш-чаралар абдан керек болчу.

-Бул өткөрүлгөн “Сүрөт кургатуу” акциясы мага абдан жакты, анда мыкты жана өзгөчө сүрөттөрдү көрүүгө болот. Мындай саамалыктар шаарда дагы да көп болуп турса жакшы болмок. Ушул иш-чараны уюштургандарга да чоң рахмат ,- дейт ал.

Эске салсак,сүрөт тартууга кызыккан жана дасыккан сүрөтчүлөрдүн алдыңкы эмгектеринен куралган“Сүрөт кургатуу” (Фото-сушка) иш-чарасы алгач 2010-жылы Россиянын Санкт-Петербург шаарында башталып, Россиянын башка шаарларына андан тышкары чет өлкөлөргө да тараган.

zha-fotosushka

zha-fotosushka2

zha-fotosushka3

zha-fotosushka4

zha-fotosushka5zha-fotosushka6

Азамат Болгонбаев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, төкмө акын: “Айрым адамдар акындардын ортосундагы нерседен ажырым жаратып жибере жаздады”

Өткөн жумада Кыргызстанды гана эмес, бүткүл дүйнөнү дүңгүрөткөн Көчмөндөр оюну болуп өттү. Баарынан көпкө эл суктана күткөн нерсе казак-кыргыз акындарынын айтышы болчу. Айтышка акындарды тандоо туруна келгенде дагы бир топ талаш-тартыштар болуп кеткен. Биз бүгүн дал ошол “Айтыш” коомдук фондун бир кезде жетектеген, бул айтышта баш байгени жеңип, кыргыздын намысын талашкан айтылуу акыныбыз Азамат Болгонбаевди кепке тарттык.

— Азамат байке, алгач сөздү көчмөндөр оюнунун өзүнөн баштасак. Сиздин купулуңузга толдубу?

— Көчмөндөр оюну кыргыз эли үчүн руханий баалуулуктарын, басып өткөн жолдорун, бабалары кандай турмушта жашаганын, мезгилдерди, доорлорду басып өткөндөрүн эстеп алууга, ошол мезгилге бир аз да болсо аралашып алууга шарт түзүп берди деп ойлойм. Спорттук оюндарды дээрлик көрө алган жокмун, теледен гана карап жаттым. Кырчында абдан көп сынактар өттү. Айтыштан баштап, ар бир аймактын жайган дасторконунан, тиккен боз үйүнө, көргөзгөн иш чарасына чейин сынак кылышыптыр. Баардыгы үзүлүп-түшүп даярданышыптыр. Кырчындагы Алтынбек Максүтов байкебиз койгон театралдык ачылышта көрөрмандардын көпчүлүгү көзүнө жаш алып көрүштү. Ага өзүбүз дагы күбө болуп жаттык. Аны көрүп жаткан адамдардын көкүрөгүнөн нур чачырап ушундай эл турбайлыбы деп суктануу менен кабыл алып жаткандыгын көрүп, бул иш чара өзүнүн максатына жетти деп ойлодум. Мамлекет үчүн жанын берген маданият өкүлдөрү башкы режиссёрдон баштап жүрөгү менен берилип иштегени көрүнүп турат.

— Керемет жайлообуздагы көпчүлүк күткөн казак-кыргыз айтышынын деңгээли башка айтыштардан эмнеси менен айрымаланды?

— Бул айтыштын негизги темасы көчмөндөр оюнуна, эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына, “Айтыш” коомдук фондунун 15 жылдыгына арналды. Бул нерселердин баардыгы айтыштын өзгөчөлүгү деп эсептейм. Албетте, негизги системасы мурдагы тартип менен эле өттү. Биз айтышка кетээрде казактар келип алып “олимпиадада биздин балдар мынча жеңди, силер жеңбей калдыңар” деп айтат экен дешти. Бирок казактын бир акыны “силерге олимпиаданын алтынынын эмне кереги бар? Силер ат үстүнөн тишиңер менен жерден алтынды эңип алат экенсиңер”- деген салыштыруу элдин улуулугун, буга чейинки элибиздин эрдигин жакшы нерсе менен чагылдырып берди. Айтышта абдан жакшы ойлор айтылды. Жаштардын көкүрөгүнөн жалындуу кептер чыгып жатты. Мамлекеттин айтышка каражат бөлгөнү дагы өтө сейрек кездешет. Мамлекеттин бир жарым миллион сом бөлүп бергенин эске салсак, айтышка болгон мамилесинин бир үзүмүн көрсөттү болуш керек деп эсептейм. Негизги ишти “Айтыш” коомдук фонду өзүнүн мойнуна алып, Маданият министрлиги менен биргеликте жогорку деңгээлде уюштурду. Казактардан өзүнүн мамлекетинде зор ийгиликтерге жетишкен 8 акын келиптир.

— Казактардан күчтүү акындар келиптир деп айтып жатасыз? Кимиси менен айтышуу сизге оор болду?

— Биринчи күнү айтыш эки тур менен өттү. Ошол айтыштарым өзүмдүн купулума көп толбой калды. Айта турган ойлорумдун баарын айттым. Чек ара сыяктуу маселерди козгошко туура келди. Дипломатиялык түрдө мындай нерселерди козгобоюн деп барганмын. Себеби Айтпай Жумагулов деген казак акыны менен айтыштым. Шартка байланыштуу ал акынды алдын ала интернеттен карап дагы изилдеп албаптырмын. Буга чейинки казак кыргыз айтышында аны менен дээрлик кездешип көрбөптүрмүн. Ошондуктан аны менен айтышуу бир аз оорураак болду. Экинчи айлампада Мухтар Ниязов экөөбүздүн айтышыбыз дээрлик кызык өттү. Башка жуптарга караганда айтышыбыз узагыраак болду. Сырын билген жоо атышканга жакшы дегендей, бири бирибизди жакшы билет элек. Анткени Мухтар менен 2005-жылдан бери Астанадагы “Шабыт” фестивалынан бери таанышпыз. Мухтардын сырын билем, кандай ыкмаларды колдонот жаттап бүткөм.. Залда өткөн айтыш менен сыртта өткөн айтыштын дээрлик айрымасы болот. Жалпы акындар үчүн сырттагы кырдаалга кирип кетүү дагы абдан оор болду. Себеби Филармонияда айтышсаң көрөрмандар сахнага гана назары бурулат. Сыртта болсо бирөө ат чаап өтүп кетет, же башка иш кылып жаткан болот. Чоң аймак болгондуктан оюң менен көрүүчүлөр дагы чачырап кетет. Ошондуктан бир жерге чогултуу кыйын болгондуктан биринчи күнү башкаларды билбейм мен кыйналдым. Экинчи күнү дээрлик сонун маанайда чыкканга шарт түзүлдү. Казактар дагы албетте алар келгенде жакшы ойлорду айтат. Өздөрүнө баргандагыдай мамиле жасашпайт. Негизинен айтыш сонун болду.

— Казак акындарынын таржымалын сиз жакшы билесиз да. Кимдер келгенин айтып кетсеңиз?

— Мухтар Ниязов өзү алтын домбраны уткан жигит. Кечээ бирөөлөр казактын таанымал эмес акындары келиптир деп айтып жатат. Анан мен тамашалап “силер тааныбасаңар биз тааныйт экенбиз. Мухтар Ниязов үч килограмм алтынды уткан акын” деп койдум. Нурмат Мансуров экинчи орунду алды. Бул жигит 2004-жылдардан бери айтышып келе жатат. Азыр Астанада жашап, радио журналист болуп иштейт. Дидар Камиев деген бизден кичүүрөк бала. Бирок Казакстанда элдин бүйүрүн кызыткан чоң айтыштарда баш байге алып жүрөт. Эржеңиш Абдиев деген өзү математик мугалим экен. Ал дагы өзүнүн багытында жолу, орду бар акын. Айтпай Жумагуловду гана тааныбайт экенмин. Биринчи орунду алган Жаркынбек Наушарбеков деген бул Элмирбек, Жеңиш байкелер курагындагы мыкты акындардын бири. Алар биздин айтышка абдан суктанып силердеги айтыш табигый өтөт, жасалмалуулук жок деп айтышты. Казактар абдан дыкат даярданат. Кыргыз акындар болсо чапаныбызды кийип алып, комузубузду көкүрөккө кармап жайлоонун этегинде басып жүрдүк. Алар болсо бизди “ ой бай, мына бул кыргыз акындарынын даярдыгы күчтүү окшойт, кыжаалат болушпайт го” дешти. Биз деле даярданабыз, ойлорду топтоп көкүрөккө көрөңгө жыйып. Даярдыктын табияты ушундай болот.

— Айтыштын алдындагы тандоо турунда бир аз уруш да чыгып кетти. Чоң акындарыбыз Жеңишбек Токтобеков менен Аалы Туткучев катуу чычалап, сөз чыгарып эки жаат болуп социалдык баракчалар гүүлдөп жаман-жакшы сөздөр айтылып жатты. Сиздин комментарий?

— Биринчиден мен бул айтыштын уюштуруучусу эмесмин. Болгону “Айтыш” фонддун курамында бар адам катары көмөктөштүм. Бирок өнөр адамы катары айта кетсем болот. Алардын да өз чындыгы бар. Алардын кадырына, адамдыгына шек келтиргим келбейт. Жеңишбек байке менен Аалы акындарыбыз калыстар тобунун айрым мүчөлөрү менен пикири келишпегендиктен айтышка катышпайбыз деп баш тартып коюшту. Жалпы күйөрмандардын көпчүлүгү айтышка катышып берсе деп суранып да жатышты. Эми алардын өздөрүнүн чыгарган чечими бар окшойт, айтышка келишкен жок. Социалдык тармактарда өтө талаш-тартыш жүрүп жатты. Жеке өнөрпөз катары, буга чейин “Айтыш” фондду жетектеген өкүл, ар түрдүү айтыштарды уюштуруп жүргөн адам катары бир нерсеге абдан сүйүндүм. Ооба, ар кандай сөздөр айтылып жатты. Бирок жалпы эл айтышка күйүп жатты. Сүйүнгөнүмдүн себеби 2001-жылы Тарых музейинде биз атайын айтыш өткөрчүбүз. Ал жерде ашып кетсе 300 орун бар. Көп дегенде 20 көрүүчү келет, айтышка болсо 60 акын катышат. Ошол убакта Садык байке “биз айтыштын байгесине машина коёбуз. Буйруса чоң айтыштарды Филармонияда өткөрөбүз. Ошол жерде эл батпай турат” десе кээ бир акындар күлүшчү. Ошолордун баары чындыкка айланып жатат. Айрым майда-чүйдө кемчиликтин айынан бүтүндөй улуу өнөргө шек келтирүү мүмкүн эмес. Айрым адамдар акындардын ортосундагы нерседен ажырым жаратып жибере жаздады. Бул учурлар деле өтүп кетти. Айрым өзүбүздүн замандаштарыбыздын акындардын ортосуна чок салганга аракет кылышканына таң калдым. Таптакыр айтышка башка өңүттө карап, Садык байкени бут тосуп жатат дегендер чыкты. Бирок Садык байкенин айтышка кошкон салымын, кылган мээнетин эки адамдын ортосундагы таарыныч менен жокко чыгарып ийгенге эч кимдин укугу жок. “Бышкан аштын ээси көп” дегендей айтыш гүлдөп турган кезде сын айтуу оңой. Эмне үчүн ошол адамдар бир акын базарда жүргөндө, көр оокаттын айынан башка акын койчу болуп кеткен кезинде кайда эле деген пендечилик ойлор да келет. Жеке адамдардын арасындагы таарынычтын айынан мындай чоң эмгекти жокко чыгарууга таптакыр эч кимдин акысы жок.

— Жакында кыргыз өкмөтү сыйлыктар боюнча чечим чыгарып, акындарды да Эмгек сиңирген артист, Эл артисти деген сыйлыктарга көрсөтүптүр. Сизди да Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген  артисти деген наамга көрсөтүптүр, чын жүрөктөн куттуктайбыз. Сыйлык, чыгармачылыкты көтөрүүгө чоң стимул болот дешет. Сыйлыктын сыймыгын сезип жатасызбы?

— Көз көрбөсө, көңүл толбойт болуп жатат окшойбуз. Себеби буйрук чыкканы менен азырынча наамдарды колубузга ала элекпиз. Албетте ар бир адамга жакшы сөз эле канча эргитет. Бирөөдөн жакшы сөз угуп калсаң кубанат эмессиңби. Сыйлык деле кандайдыр бир деңгээлде стимул болуп берет. Бирок бул Элмирбек байкеге, болбосо Жеңишбек байкеге, Аалыга же Азаматка берилген сыйлык эмес. Бул кыргыздын кыргыз экенин, улуу экенин далилдеп келген өнөр, бул төкмө акындардын өнөрү. Ошол өнөргө болгон мамлекеттин көңүл буруусу деп эсептейм. СССРдин учурунда айтышка катышкан төкмө акындардын сыйлыгын алган акыркы адам Замирбек Үсөнбаев агайыбыз. 2010-жылы 3 акыныбызга да сыйлык берилди. Андан кийинки жылдардагысы берилди. Мунун да түпкүлүгү барып, “Айтыш” коомдук фондуна барып такалат. Айтыш коомдук фондунун биримдиктүү ишинин аркасы менен ушундай деңгээлге акындар жетишип жатат. Баарыбыз пендебиз, жаңылабыз, кулайбыз. Бирок кулаган адам турат, жаңылган адам түзөлөт. Ошондуктан “Айтыш” коомдук фондунун аркасы менен акындар ушундай даражага жетип жатат. Акындарды алган сыйлыктары менен чын жүрөктөн куттуктайм. Албетте сыйлык деген көкүрөгүңө эргүү дем берет экен.

Маектешкен Баян Кулова

Булак: “Жаңы Ордо”

 

Аудио - Алмаз Атамбаевдин чыгармачылыгына пародиялар чыга баштады

Алмаз Атамбаев өзүнүн 60 жылдык мааракесине арнап чыгарып жаткан музыкалык топтомдоруна кыргыз коомчулугу ар кандай баа берип жатат. Бири “мыкты үн, мыкты чыгарма” деп мактаса экинчиси “ой, бул көчө балдарынын эле ырлары го? Ушундай ырларды ырдоо президентке жарашабы?” деп сындайт. Ошондой эле кыргыздын музыка дүйнөсүндөгү тапандар Алмаз Атамбаевдин чыгармачылыгына арнап, бир нече пародияларды чыгарышты. Алардын бирин бүгүн биздин редакциябыздын куржунуна жөнөтүшүптүр:

Меню