Menu

МАДАНИЯТ ЖАНА АДАБИЯТ

Фото - Кыргызстанда расмий “Мисс Кыргызстан 2018” сынагы өтөт

Кыргызстанда расмий “Мисс Кыргызстан 2018” сулуулар сынагы өтөт, жеңүүчү  Кыргызстандын атынан “Аалам периси” сынагына жолдомо алат.  Сынакка  катышуу үчүн кастинг 14-октябрда 14:00дө  “Азия Молл” соода борборунда болмокчу.  Бул тууралуу “Мисс Кыргызстан 2017”  наамынын ээси Бегимай Карыбекова билдирди.
“Сынактын жеңүүчүсү бир гана таажы тагынып, “Кыргызстан сулуусу” наамын гана албастан, Кыргызстанды дүйнөлүк аренадагы  “Аалам периси” сынагында катышууга мүмкүнчүлүк алат”,- дейт Карыбекова.
Кыргызстандын сулуусу болуш үчүн 16дан 26 жашка чейинки, бою 168 смден кем эмес биздин өлкөнүн жарандыгы бар, сулуулук жана акылды тең айкалыштырган кыздар катыша алышат.
 Уюштуруучулардын айтымында, сынактын максаты, жеңичүүгө бир гана  наамды тапшырып коюу эмес, андан аркы өнүгүүсү үчүн шарт түзүп, профессионалык умтулуусун колдоп, Кыргызстанды башка дүйнөлүк  жана эл аралык сынактарга катышууга жол ачуу.  Анын ичинде “Аалам периси”
Бардык катышуучулар демөөрчүлөрдөн  баалуу белектерге ээ болушат. Ал эми “Вице Мисс” наамынын ээси эс алууга жолдомо алат.
“Мисс Кыргызстан 2018” сынагы “Аалам периси” сынагынын расмий өкүлдөрү тарабынан, бардык шарттарды жана эрежелерди сактоо менен жыл сайын уюштурулуп  келет.

Фото - Токио шаарында алгачкы жолу кыргыздын кийим-чеберлери жасаган буюмдардын жана кийимдердин көргөзмөсү өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн белгилөө иштеринин алкагында, Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилиги «Soya international” уюму менен биргеликте, белгилуу кыргыз дизайнерлери, улуттук буюмдар жана кийимдердин өндүрүшчүлөрү, жана ошондой эле кыргыз ырчысы Гүлүм Касымбаеванын катышуусу менен, алгачкы жолу «Кыргыз маданиятынын кечеси” уюштурду. Бул иш-чарада кыргыз элинин бай этникалык жана маданий мурасы, өзгөчүлүгү чагылдырылды. Бул тууралу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кеченин ачылыш аземинде, Элчи Ч.Айдарбеков бул уникалдуу көрсөтмө Кыргыз Республикасынын маданий жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн илгерлетүүгө жана ошондой эле кийим-чеберлеринин улуттук продукциясын япон рыногуна чыгарууга багытталгандыгын белгиледи.

Кыргыздын улуттук кийимдеринин коллекцияларынын көргөзмөсү, концерттик программа, сүрөт көргөзмөсү, улуттук буюмдардын жана кол өнөрчүлүктүн көргөзмөсү, ошондой эле кыргыз тамак-аштары иш-чарага келген коноктордун жогорку баасына ээ болду.

Этно-чеберлер Гулжан Иреш, Жумамбүбү Сариева, Ынтымак Абдылдаев, Миррахим Токтогулов, Асел Калканова, Гүлмира Акматова, Бейил Айдакеева, ошондой эле кийиз чебери Чотбаева Кулмира, кыргыз элинин улуу мурасын кайра жаратуу максатында эмгектенип жатышкан белгилүү кыргыз өндүрүшчүлөрү катары атайын Токио шаарына келишти.

300дөн ашуун кишинин катышуусу менен «Токио Мариотт» мейманканасында өткөн бул иш-чарада, Япония Парламентинин Эл өкүлдөр палатасынын депутаты, Кыргыз-Япон парламенттик достук лигасынын жетекчиси Ген Накатани мырза жана Япония Парламентинин Эл өкүлдөр палатасынын Депутаты Асахико Михара мырза, ошондой эле белгилүү япониялык чебер Юми Катсура айым сөз сүйлөштү. Кечеге мейман катары япониялык ири корпорациялардын, орто жана чакан бизнестин, фешн-индустриясынын өкүлдөрү жана коомдук ишмерлер келишти.

«Кыргыз маданиятынын кечеси» – Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигинин 2018-жылдын күз айларына пландаштырылган иш-чараларынын бири. Мындан тышкары, у.ж. ноябрь айында, Токио, Йокогама, Кавасакиде “The Great Heritage of the Turkic World” деген аталыш менен ТҮРКСОЙдун 25-жылдыгына арналган концерттер өтмөкчү. Ошондой эле кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 90-жылдыгына карата конференция да пландаштырылууда.

 

Шумкар Бейшеналиев, актер: Казакстанда киного тартылып, каскадер болуп жүрөм

Шумкар (Шума) иним жай турмушта куудум-шуудуму жок, түз жүргөн жигит. Бирок, тааныган, билгендер аны бир көргөндө жылмайбай коё албайт. Комедиялык жанрдагы «Бажарики», «Бажарики-2» ж.б. кинолордо тиешелүү кейипкерлердин образын мыкты аткарганы менен эл оозуна алынган. Жакында «Ак кой, кара кой» ролиги да элдин купулуна толуп, дарегине жакшы сөздөр айтылууда.

– Шумкар иним, мен адаттагыдай эле маекти салттуу суроомдон баштайын. Куудулдук өнөр кай жактан, кимден?

– Негизи эле актёр болуу менин бала чактагы кыялым болчу. «Ойноп аткан ролумду көргөн көрөрмандар, көрүүчүлөр шолоктоп ыйлап отурса» дечүмүн. Куудулдук өнөр чоң атамдан келатат, атам да жөн адам эмес. Тамашалап сүйлөп, пародиялап, элдин маанайын «сокур ит бок жалагыча» көтөрүп ийет. Атамдан мага жугуп, эми мен «оңбой» калдым.

– Кадр артында да эсте кала турган көп окуялар болуп кетет…

– «Бажарики» киносунда андай окуялар көп болду. Биринчисинде тасмал үстүндө тартылып, он чакты дубль болуп, курсагым жарылып кала жаздаган. Экинчисинде болсо өрттөнүп, капыстан чолок шымга бензин төгүлүп, саным күйүп жаракат алгам. Сууга жеткиче эле күйүп калыпмын.

– Инстаграм сен үчүн?..

– Инстаграм мен үчүн хобби. Ал жакка позитивдүү жаңылыктарымды салып турам. Ансыз да өлкөдөгү акыркы жаңылыктарга кулак төшөсөң эле «жол кырсыгынан 7 адам өлдү. Жаш кызды же кемпирди зордуктап кетти. Машине алты ала салып барып, ичиндеги алты адам набыт болду» деген жагымсыз кабарды бир күндө алты жолу кайталайт. Ошондуктан кыргыз элине андан тьппкары юмор тартуулап, бираз түйшүктөн оолактап, биздин роликтерди көрүп жылмайып коюшсун деген максатта шугулданам.

– Инстаграмдагы «Натяжной потолок» аттуу ролигиңер тууралуу айта кетсең?

– Аны Эмил Эсеналиев «Шумкар, кел экөөбүз тартып коёлу» деген. Анан экөөбүз импровизациялап, оюңа эмне келсе ошону сыртка чыгарып айтмай кылганбыз. «Сен тигини айт, андан кийин мен муну айтам» деп сүйлөшүп, акырында кыргызча түш жоруган Андрей деген досубузду да кошуп бир жакшы идея чыккан. Андайлар бизде бат-бат болуп турат.

– Ак кой, кара койду да ушинтип жараткансыңарбы?

– Мындан 3-4 жыл мурун Тамашоуда ойноп жүргөндө Арслан деген досум «Шумкар, менде сага деген бир идея бар, ак кой, кара кой боюнча» деп сценарийин айтып берген. Идея Арслан достуку. Аны Эмил экөөбүз отуруп алып, «сен жамбаштап жаткан болосуң. А мен эки размер чоң өтүктү кийип келем…» деп роликке ылайыктап тартып койдук.

– Жашоодо сени жөнөкөй эле жүргөнүңдү билебиз же андай эмеспи?

-Ошондой элемин, байке. Болор-болбос нерсеге ырсалаңдаганды табитимде жактырбайм. Тааныбаган кишиме тамаша айтпайм. Ичи-койну жабык кишилер менен сүйлөшпөйм, тултуюуп туруп алам.

– Ак койдун баасы канча?

– Байке, азыр койлор кымбаттап кетиптир. 7-8 миң экен. Сизге 5 миң сомдон жогору.

– Качан үйлөнөсүң, досторуңдун бирөөсү 16 жаштагы кызды алып, кызыл ат минип жүрөт, а сен…

-А мен бойдокмун. Стоп-стоп! «Бойдок» десе эле «кызы жок экен» дебесин сиздин окурмандар. Сүйлөшкөн кызым бар. Убакыт-сааты чыккан күнү ата-энемдин маңдайына жаркылдатып жетелеп барам. Апам ак жоолугун башына салат. Азыр болсо Казакстанда киного тартылып жүрөм.

– Өткөндө айттың эле «байке, мен каскадёрмун, студентмин» деп. Ошо боюнчабы же комедиябы?

– Жок-жок, комедия эмес, каскадёр болуп жүрөм. Жаман иниңиз жөн жүрбөй калбадыбы. Студентмин, Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде окуйм.

Сурат Жылкычиев

Булак: “Азия ньюс”

Малик Аликеев, белгилүү ырчы жана обончу: «Мөлмөлүмдү» аткарып, тил уккам»

Чындыгында эле кыргыз элинде ар түрдүү өнөргө, талантка эгедер инсандар миңдеп саналат. Дүйнөнү саны менен эмес, сапаты менен багындырган, касиет жылоологон, өз атын кылымдын кыйырына алтын тамгалар менен жаздырып келе жаткан кыргыз элине анан кантип сыймыктанбай, суктанбай коё аласың. Жок дегенде, «Өзү эч нерсе кылып кыйратпаган, атасынын кылганын айтып мактанат» дегендей өзүбүз кыла албасак дагы кыргыз тарыхын жана маданиятын дүйнө элине таанытып келе жаткан улутташтарыбызды, жердештерибизди айта жүргөнгө, туура баалай билгенге, кадырына жеткенге дагы үйрөнсөк. Мына ошондой ак жаркын талантка ээ болгон, чыканактай кезинде кыргыз элине таанылып, өлгөндөрдү тирилтип, өчкөндөрдү тутантып келе жаткан белгилүү ырчы Малик Аликеевди маекке тартканбыз.

— Ассалому алейкум, Малик байке. «Саламдашпай иш баштаба» дейт кыргыз элинде. Анын сыңарындай алгач саламдашып, ал-жайды сурашып алалы. Кыргыз эли көчмөн, жоокер, ошол эле учурда той-аш, шаан-шөкөт, майрам күндөр өңдүү рухий байлыктарды дагы эч качан унутпай келген эмеспи. Ушуга Сиздин көз карашыңыз кандай?

— Алейкум салам. Мен дагы алик алып, анан, сөзүмдү баштайын анда. Сен өзүң айткандай кыргыз эли жалаң эле баатырдык, эрдик, согуш-жаңжал менен гана күн кечирбестен, эл-жерге, жашаган жерине, туулуп өскөн айылына, улуу-кичүү замандашына болгон мамилелерин, кээ жерде арзууларын ырга салып, ырга салалбаганы күү менен комузга салып келген да. Анан ошол эрдикти, баатырдыкты, даанышмандыкты даңазалаган, шерденткен ырларын беш койдун артынан эле ырдап жүрө берген эмес да туурабы. Чыгарманын баары эл алдында, аш-тойлордо ырдалган, дастандар айтылган, күүлөр күнү-түнү жаңырып турган. Ошондуктан мен өнөр адамы катары түз кабыл алам. Ал эми мен майрамдардын ичинен жаңы жылды аябай жакшы көрүп, күтүп тосом. Жаңы жылды албетте, апам менен тосом. Себеп дегенде апам мага аябай эмгек жумшап чоңойткон. Атамдан бала кезимде айрылып калгандыгыма байланыштуу, апамдын мага жасаган эмгегин айтып эмес, санап бүтө албайм.

— Жакшы. Апа, эне жөнүндө сөз козгоп калбадыңызбы. Кыргыз элинде «эр тайын тартат» деп, көп касиет, таланттар энеден, тайлардан ооп келет экен. Дегеле касиет, талант дегенди кандай кабыл аласыз?

— Талант, касиет деген бул адамзатка берилген өзгөчө шыбага, белек экен да. Ошон үчүн менин оюмча касиети, таланты жок адам болбойт. Биз көбүнчө талант десе эле өнөр адамдарын айта берет эмеспизби. Себеби талант, чабанда, дыйканда, устада, саяпкерде да бар. Талант жок болсо түшүм, мал-жан, аштык, идиш-аяк каяктан келет, туурабы? Анан азыркы күндө айрымдарыбыз кичине өнөр көрсөтүп коюп эле, талантмын деп ойлоп жүрүшпөйбү. Анын мыктылыгын эки нерсе аныктайт экен. Биринчиси, эл болсо, экинчиси, убакыт. Анткени эл жаман-жакшы деп отурбай баарына эле дем бере берет. Себеби эл болгондон кийин бардык нерсенин өз угарманы, көрөрманы, колдоочусу көп болбосо дагы чыга берет экен. Мен ага деле каршы эмесмин. Бирок убакыт, мезгил деген нерсе, эч кимди аябайт турбайбы, ал сындайт экен, кээде сыздадат. Тетирисинче, кээде кубантат, көтөрмөлөйт. Ал эми ал тагдырга жараша дечи. Мени дагы Кудай Таалам ошондой өнөрдөн куру калтырбаптыр, бирок «аккан арыктан суу агат» дегендей, мага талант, ырга болгон шык апам тараптан эмес, атам тараптан келген нерсе болуш керек деп ойлойм.

— Бактыбек Мамытовдун сөзүнө жазылган бир белгилүү ырда «… Мен атамдын илип кеткен камчысымын» деп айтылат. Чынында эле бул касиет Сизге атаңыздан келди деп ойлойсузбу?

— Ооба. Себеп дегенде менин атам Осмонкул, Атай жана башка залкарлар менен чогуу иштешкен экен учурунда. Болгону согуштан кийин ден соолугу жакшы болбой айылда иштеп калыптыр. Атамдын көптөгөн ырларын чыгаралбай, башкаларга тең кылалбай келе жатканым бар. Бир ырын мисал кылайынчы, куру айтсам ишенбей жаткандай карайсың (күлүп): «… Өмүрдүн гүлү ачылды, ойгонсом жүрөк шашылды, кайра бир кантип төлөймүн, өткөн бир өмүр жашымды», — деген атамдын ырлары бар экен. Мен бул ырды архивден 15 жыл издеп жүрүп араң таптым. Ырларын издеш керек, ага убакыт деген душмандашып алгандай, көп ойлор бар, ошого жараша тоскоолдуктар дагы болбой койбойт экен.

— «Атын атасаң, куту сүйүнөт» дегендей атаңыз жөнүндө кеп куруп калдыңыз. Кененирээк маалымат берип өтпөйсүзбү?

— Эми менин жерим Таластын баш жагында Каракол деген айыл. «Эл башы болгончо, суу башы бол» дегендей суунун башы биздин айылдан башталат, туулган жерим ошол жерде. Эми, менин кичине тагдырга капачылыгым бар. Себеп дегенде мен атамды көрсөм дагы көп эстей албай калдым. Мен беш жашта атам каза болуптур. Бирок апама ыраазымын, аталуу балдардан кем кылбай, ичирип-жедирип, сураганымды алып берип чоңойтту. Ошентсе дагы билгенимден кеп кыла кетейин. Асан Кайбылдаев деген кыргыздын музыка изилдөөчүсү, мыкты адамы бар болчу. Ал киши дагы өтүп кетти. Анан мен бой тарта баштаган убактардын бир күнүндө шаарга биринчи жолу келип калдым. Ал убакта жанагы бир чамадан менен эле жөнөтүп ийчү да, мени да апам ошентип жөнөтүп ийди. Келгенден кийин бир күнү чамаданды аңтарып карап атсам эле ичинде кат жүрөт. Катты ачсам «Аликеев Жунуштун урук-туугандарына же балдарына» деп катка жазып коюптур. Анан ойлонуп отуруп «муну изилдебей эмне кылып жүрөм?», — деп, баягы катты алдым дагы чуркаган боюнча жөнөдүм же шаарды билбейм же орусча билбейм. Ошондо муногу 12-кичи район жаңы курулуп аткан. Ошондо жанагы котлован деп коет эмеспи, жаңы казылып баштаптыр. Көрсө, этаж үйлөрдү ошентип курат турбайбы. Мен ошого түшүп кетип атпаймынбы (күлүп). Бир убакта тырмалап атып кайра чыктым. Баягы каттагы адрести таппайм же орусча билбейсиң, иши кылып, ээсим оогондо, араңдан зорго, эптеп таптым. Звоногун бассам бир киши чыгып эле: — «Сен кимсиң, эмне коңгуроону чырылдатып жатасың, ыя?», — деп кабагын чытып калды. Көрсө, тамашакөй киши экен кийин билсем. Мен эптеп: — «Могу катты жибериптирсиз го. Мен Маликмин», — дедим. — Кайсы Малик?, — деп, үч жолу кайталап сурады. Аликеев Жунуштун баласымын десем «аа, кайра кайталачы» дейт. — Аликеев Жунуштун десем: — «Анда, балам кир үйгө», — деди. Үйгө кирдик: — «Ээ кемпир бул атанын баласы турбайбы, тамак асып кой», — деп, анан колуна комуз алып комузда шумдуктуудай ойноп кирди, комузду аябай жакшы чертет экен. Анан экөөбүз отуруп тамак бышкыча мен комуз чертип, ырдап бердим, ал дагы күүлөрдү чертип берди. — «Сен атаңды билесиңби?» — деди. Мен «билбейм», — дедим. — «Анда атаңдын 17 записи бар, сен ошону тап, балам. Мен кыргыз элин көп араладым, көп жүрдүм. Көп балдарга жардам берсем дейм. Бирок алардын аталары көп башка кызматтарда иштешиптир. Ата-энесине ишенип алгандардан кыйраткан неме чыкмак беле дедим. Алгач ошон үчүн сени үйгө киргизбей такыганым ошол. Сен атанын уулу экенсиң дегеним, атаңдан калган өнөрдү улайын деп келгендигиңден улам киргиздим. Көрсө, сен чындап эле атанын уулу экенсиң», — деп башын ийкегилеп калганда: — «Чуңкурга түшүп кетип, зорго таптым үйүңүздү», — десем: — «Мына атанын баласы ушундай болот, айланайын», — деп бетимен сүйүп кучактады. Экөөбүз таң атканга чейин отуруп, күүлөрдү чертип, анан «атаң чертип ырдап жүргөн ырлардын тизмеги» деп кагазга түшүрүлгөн чыгармалардын аттарын берген. Ошентип, атамды көрбөсөм дагы көргөндөй болуп, чечекейим жазылып, атамдын ырларын, күүлөрүн тапкам.

— «Атам өлсө, өлсүн атамды көргөн өлбөсүн» деген ушул экен да. Улуу залкар адам менен сүйлөшүп, даамдашып, насиптеш болгон турбайсызбы. Анан айтсаңыз, ушундан улам суроо туулуп атат да. Сизди көпчүлүк, коомчулук башында төкмө акын катары акындарды ээрчип, шакирт катары келген деген сөздөр бар. Төкмөчүлүгүңүз, комузчулугуңуз барбы? Обон чыгарасызбы?

— Күү деле чыгарам, күү ойной алам. «Атам менен энеме» деп аталган жана башка көпчүлүккө белгилүү болбогон көп обондорум, ырларым деле бар. Менде кысылуу болгонбу билбейм. Мен биринчи жолу келгенде төкмө акын болом деп келгем. Ал убакта мындай болчу да, айыл, район, областтар арасында түрдүү конкурстар көп болуп турчу. Ушундай иш чарага активдүү катышкан жаштарды музыкалык институтка атайын жолдомо менен жөнөтүшчү. Мен ошол атайын жолдомо менен азыркы Б. Бейшеналиева атындагы окуу жайга келип, биринчи экзаменден өтүп кеттим. Ошол учурда партиянын 27-съезди (Коммунисттик партиянын Борбордук комитети — О.К.) болуп жаткан. Комиссиянын арасында орустар отурат. Алар ошону сурашат. Айылдан келсең, орусча тантырайсың да ошентип өткөм. Анан экинчи экзаменге чейин жатаканага жаткырып коюшту. Жети бала бир бөлмөдө тыгылып жатабыз. Экинчи экзаменде суроонун бир эле жерин белгилеш керек экен. Мен баарын эле чийе бериптирмин. Ошентип отуруп, анан институттан кулап калдым. Анан эмне кылыш керек? Бирдеме издеп табыш керек да же шаарды билбесең. Алдагы филармониянын жанындагы подземкадан, ошол жердеги филармонияны таба албайм. Биягына чыксам батыштан, тиягынан чыксам чыгыштан чыгып калам. Адашып атып араң филармониянын эшигин таап бардым. Эптеп сурап жүрүп Замирбек Үсөнбаевге жолуктум. Концерт коюп барганда анча-мынча таанышып калган жайым бар эле. Айттым: — «Замирбек байке, ырдап жүрдүм эле, кандай кылсам болот», — деп, андан кийин Тууганбай Абдиевге, ырамаатылык агайга, ошо кишиге жолуктум. К. Асанбаев деген киши бөлүм башчы болуп иштейт экен. Аябай жакшы киши болчу. Көрсө, филармонияда 2 жылдык студия бар экен. Ал жагына барсам айтышты «сен баягы келип жүргөн бала белең, а сен өттүң бар кете бер, күзүндө келесиң» деп койду. Сүйүнгөнүмдү айтпа десең. Андан кийин баягы айылды сагынып калган жаным, куса болуп, кубанган бойдон айылды көздөй кеттим. Апама айттым да «мен өттүм» деп. Ошентип 2 жылдык студияга тапшырып калдым. Ошол жердин фойеси бар, ал жерден ырдаганды жакшы көрчүмүн. Бир күнү Кожожашты ырдап жатсам, азыр акустика деп коет го, ушундай жаңырып турса мага жакчу. Берки жактан ырдап атсам мугалимдерим айтчу экен «Муногу кайсы бала? Ырдап аткан, үнү укмуш экен» деп. Ошондон кийин гана Эстекем кабыл алды. Эстекем менен андан кийин Ош, Кыргызстандын бардык жерине, Тажикстанга чейин бардым, устатым менен жерди көрүп, элге таанылып келдим.

— Мына эми, устат-шакирт деген темага өзүнөн-өзү эле келип калдык окшойт. Залкарлардын залкарлары өздөрүнүн чыгармаларын аткараардан мурун устаттарынын чыгармаларын аткарып, алсак, Арстанбек, Токтогул, Карамолдо башкаларды айталы биринчи устаттарынын ырларын, күүлөрүн ойногондон кийин гана өздөрүнүн чыгармаларына орун берчү экен. Сиз үчүн устат-шакирттиктин орду кандай?

— Устат-шакирт деген азыркы убакта, мисалы үчүн жеңил-желпи ырларды ырдагандарды айтып коёюн, себеп дегенде Эстекем айтчу да, баягы «жакшы комузчу тактап чертет, өз устатын мактап чертет» деп, эми жаманы өзүн даңктап чертет экен дегендей да. Эстекемдин дагы бир касиети ушул болчу, улуу залкар Калык, Осмонкул, Алыкеңдерди «алар минтип ырдачу эле, алардан мен тарбия алдым элем» деп, ошондон баштап туруп, анан концерт берчи эле. Мен азыр ошол касиетти, сапатты алардан үйрөнгөм, мен эч качан унуткан да, жоготкон да жокмун. Кандай эфир болбосун биринчи устаттардын чыгармаларын аткарып, анан башка чыгармаларга орун берем. Анткени, алардан ырларды үйрөндүк, аларсыз алыс узай албайт элек, мына чыныгы таланттуу адамдар ошолор эле, эми анын бири жок калды окшойт.

— Сиз да шакирт күткөндүрсүз?

— «Мен баягыны минтип жанымда алып жүрдүм, тигинтип тарбияладым, үйүмдө жашады» деген мурунку шакирттер жок. Азыр баары эле Женижок, Токтогул, Калык, Алымкул болуп калбаса дагы, кудайга шүгүр кыргыздын комузун кармап жүргөн жаштар көп аны дагы айта кетейин. Азыркы турмуш, абал нук башка жакка бурулуп атат. Улуу залкарлардан кийин Эстекем, Тууганбай, Ашыкемдер эмне деген залкарлар эле. Алар бир өзүнчө доор болуп өтүп кетти. Тарых барактарына кирип кетишти. Ошол убакта элдин көнүлүндө өнөрпоздор бир-бирин жетелеп жүрүш керек болчу. Азыр «жүрчү, мен сени үйрөтөйүн» десең дагы сага эч ким келбейт. А биз ал убакта үйүнө чейин издеп барып, «сабак берип койуңузчу» деп алардын артынан калбай чуркаар элек. Ушундай тарбия бар болчу. Бизде ушундай сезимдер азыркы убакта эмнегедир азайып баратат. Чынында азыр мугалимдер окуучулардын артынан «окуп койчу, үйрөнүп койчу» деп ээрчиген заман. Бирок деген менен азыр деле өтө аракет кылган, үйрөнүүгө дилгир жаштар бар экендигин да белгилей кетпесем, калыстык болбой калат.

— Анда, өткөн кылымдын 80-жылдардагы Малик менен 21-кылымдын башындагы Маликтин айырмасын айтып бербейсизби?

— Ал убакта мен бала болчумун. Мен өзүмдү ал убакта элге таанылганымды деле билбейт экемин. Дос балдарым менен кетип баратсам, элдер карашат «булар эмне мени карап атышат, неге карай беришет» десем, алар деле билишпейт да, «билбейм» деп коюшат. Көрсө, ошол убакта мен элге таанылып аткан убагым экен. Өнөрдүн арты менен ошол мезгилде Москвага чейин барып келдим. Ал учурда негизги оюм эле «безилдеп эле ырдап турушум керек экен» деп ырдап тургам. Эми азыр деле кудайга шүгүр. Безилдеп ырдап турбасам дагы эл оозунда болуп, күйөрмандарым таанып турушат…

— Азыркы Малик эмне деп кыялданат, эмне кыялдары аткарылбай калды?

— Азыркы Малик ошол убактагы балалык кыялдарынан дагы эле кала элек. Анткени, кыял баары бир орундалат экен го (күлүп). Азыркы Малик кичине салабаттуураак болуп калды. Бирок дагы эле ошол күнгө кайрылгым келет. Себеби ошол балалыгымдан жаңы чыгып аткан убагымды, чыгармачылыктагы сезимдеримди, ал убакта жаш болуп, көп нерсени түшүнбөй деле калыптырмын. Баягы, жанагыдай устаттар, залкарлар менен жүрүп өткөрүп жибериптирмин. Бирок, ошондо эсимде, аны да айта жүрүш керек. Мен филармонияга жаңы келгенде мен-мен дегендер тийиштүү деңгээлде бааланбай, баркталбай калышты. Мына Бурулча Какишова деген эжебиздин «Балалык өтүп кетээрин, байкабай жүргөн экемин» деп ырдаганы эсимде да. Ушундай залкарлар өтүп кетти. Ошондой адамдарды кыргыздын тарыхында, маданиятында кала тургандай тийиштүү наамдарды тирүү кезинде берип, мамлекет көңүл буруш керек болчу. Маданият өнүкмөйүн экономика өнүкпөйт болуш керек. Анан азыркы Малик ошолордун баарын башкача, салабаттуу көз карашта карап калган Малик да.

— Малик байке айтсаңыз, азыркы күндө өнөр адамдары, дегеле кайсы сферада иштебесин бардыгыбыз эле Өкмөткө, мамлекетке күнөө коюп, шылтаган учурлар көбөйүп кетип бара жаткан жокпу?

— Жок, ал андай эмес. Өзүм жөнүндө жооп берейинчи. Мен ушул убакка чейин тигил-бул чоңго кирген жан эмесмин. Болгон арман улуу таланттардын наамдарды албай, тааныш-билиш, башка жолдор менен сыйланып калышында болуп жатпайбы. Өкмөткө, мамлекеттке таарынып жатып алганыбыз жок. Дагы дүйнө кезип, Түркияга чейин барып кыргыз обондорун ошолордун алтын сарайларында угузуп жатабыз. Эми Өкмөт эмес, анда иштегендер адам, талант тагдырларын чечип жатканында болуп жатпайбы. Учурунда Арстанбек, Токтогул, Жеңижоктор эл берген наамына ыраазы болуп келишкен.

— «Басмайылдын кысканын минген билбейт, ат билет. Азаматтын жакшысын тууган билбейт, жат билет» дегендей эмгек туугандардан дагы, мамлекет тарабынан да бааланбай калган учурларда мындай абалдан кантип чыкса болот?

— Эми, бул мындай, андан чыгыш үчүн биз баары бир элге таянышыбыз керек. Эл деген бар, элден айланса болот. Демди ошолор берет. Чынында биз чыгарманы биринчи элге арнайбыз, тартуулайбыз. Бул жерден адам чөгүп кетпеш керек. Мына наам бересиңби, бербейсиңби, наамдын маани-маңызын, баасын, баркын кетирип албадыкпы. Азыр ачыгын айтканда, эл берген наамдан өтөөрү жок. Себеби эл гана чыныгы тараза боло алат. Эл көрүп турат. Ошондуктан жаакты жанып, тынбай ырдап турушубуз керек.

— Арстанбек, Токтогул кечээки эле жашап өткөн Эстебес, Тууганбай, Ашыраалы өңдүү залкарлар Манас айтышкан, күү чертишкен, дастандарды, секетпайларды сыздатышкан, бир эле өнөрпоз ошонун баарын алып жүргөн. Ал эми бүгүнкү күндө ошол эле ырчылар бир жагы менен кетип, күүсү, дастаны айтылбай калып жатпайбы?

— Туура, анын бардыгын алып кете албай жатабыз. Айтыш фонду ачылып, төкмөлүк кетти. «Манас» фонддору ачылып алар өнүгүп кетти.

— Ошондо дагы бир коом ачыш керекби?

— Жо-ок, мындай да, комузчулукту дагы алып кеткен, төкмөлүктү дагы алып кеткен, дастанчылыкты дагы кошо алып кеткен, же болбосо мисалы, Ашыралы Айталиев менен Тууганбай Абдиев, Токтогул менен Калыктын айтышканын, Калык менен Эшмамбеттин айтышканын, ошолордун баарынын айтыштарын дагы айтыш керек. Ал үчүн куйма кулак, чебер комузчу болуш керек. Эртеден кечке өнөрдүн гана артынан түшүш керек да. Ал эми азыр биз жеңил нерселерге көнүп алып, элдин дагы табитин буздук. Бирок биз айтканды, ырдаганды элдин баары уга бербейт экен. Азыр башка улуттун музыкасын жактыргандар дагы көп. Элде дагы суроо-талап азайып кеткендиктен, жалкоолонуп кеттик өңдөнөт. Майдаланып атабыз ачыгын айтканда. Себеп дегенде мен жаңы келгенде манасчылар концерт беришчү. Жалаң манасчылар келгенде филармонияга эл батчу эмес. Анан дастанчылар концерт бергенде, ошол жерде жалаң дастандар айтылчу. Ошонун баары көрсө, элдин жанагы айтып жатпаймынбы, сөзгө маани берип, элдер куюлуп, агылып ошол жерге келгендигинде да. Азыр чогултуп көргүлөчү. Концерттин көпчүлүк билеттери күч менен сатылып, залга киши толбойт.

— Ошондо угучууларбы же өнөр адамдары майдаланып баратабы?

— Өнөр адамдары да, угуучулар дагы майдаланып бара жатат. Бирок биз көбүрөөк аракет кылышыбыз керек. Угуучуларды биз тарбиялашыбыз керек. Бир жаман музыканы Ош базарына барып, коюп койсоң. Ошону уга берет дагы, элдин кулагына сиңе берет. Ошонун ордуна эле жанагы барктуу, салттуу ырларды коюп койсоң, анда сиңмек, бул жерде бизде жанагы идеология деген керек да. Ошонун бүт баарын тартипке салып, бардыгын бириктире турган идеология жок экен. Ар ким өзүнүн турмушу, жашоосу менен кырылышып атат, а сенин сөзүңдү, манасыңды дагы эч кимге кереги жок болуп атат.

— Сиз, маектин башында «бала болуп, ошол убакта атак-даңк эмне экенин түшүнбөй калыптырмын» дегендей кылдыңыз. Ошол мезгилде кыргыз коомчулугунда «Мөлмөлүм» десе Малик, Малик десе «Мөлмөлүмдү» түшүнүп калган мезгил эле да. Бирок, Маликтин өзү ошол «Мөлмөлүмдүн» сөздөрүн түшүнбөй эле ырдап жүрүптүр деген сөздөр дагы болгон. «Мөлмөлүм» жөнүндө сурабай кетсек маегибиздун тузу кемип калат го?

— Ооба, «Мөлмөлүм» жөнүндө сөз кылганда мен дагы ар дайым толкунданып кетем. Себеби менин тагдырым бул чыгармага тыгыз байланышта болуп келе жатат десем адашпайм. Биз бала кезде эл радиону көп угат эле. Ар бир үйдө, дубалдарда илинип турчу. Ошол кезде бирөө чыгып эле «Мөлмөлүмдү» ырдайт, кроватта жатып алып угам, кыялданам, уга берем, жадабайм. Ошол убакта кулагыма сиңип калыптыр да, анан келип эле чоң сахнага чыгып эле «Мөлмөлүмдү» ырдагам. Кийин суроо беришти «муну каяктан үйрөндүң, атайын даярдандың беле же китептен окудуң беле» деп. Жок, ал даярдангандан эмес, ал кулагыма, жүрөгүмө сиңип калгандыктан мыкты аткарылып, элге жакса керек да. Ошол жүрөктү эзген нерсеси, жанагы тил укканым бар. Кадимкидей эле эл алдында ырдап жаткам. Эл астында кары-картаң кемпир, чалдар, жаш балдар олтурушкан, анан эле «… Болоор болбос баш баккан, Бөдөнө тумшук мамагың…” деген жеринен: «Аа, жашабагыр, ырдаган ырын», — деп мени бир кемпир урушуп калды. Мен таарынып «эмнеге мени урушуп атат» деп, Эстекемдерден сурайм да, алар каткырып күлүшөт «атаңды көөрү десе, ырдаган ырыңдын маанисин түшүнөсүңбү» депчи. Кийин түшүнүп атпаймынбы (күлүп), өзүң кенедей болсоң, эненин сүтү оозуңан кетелек болсо, ырдап атсаң апалардын алдына жанагы сөздөрдү болушунча созуп, көздү сүзүп, анан урушат да. Эркектер боору эзилип, сандарын чабып, кыйкырып угушат, мен сөзүн түшүнбөй эле кыйкырык-сүрөөнгө шерденип ого бетер күчөп ырдачумун. Бирок баары бир, кээ жерлерде апамдай болгон аялдарды көрүп калганда, ал жеринен аттап кетчүмүн. Келгендер ыраазы болбой калышчу экен. Ошол жерин уккулары келип күтүп турат экен да (күлүп). Бир ырды, бир сап ыр өзөк кылып турат. Бул ыр мурун эле классикага айланган ыр экен көрсө. Ошол убакта сары радиодон укканым Токтосун Тыныбеков экенин кийин билбедимби. Мына ошондой…

— Малик байке маңыздуу, таржымалдуу маегиңизге чоң ыраазычылык билдиребиз. Чыгармачылык ийгиликтер жылоолой берсин!

Маектешкен Октябрь Капалбаев

Булак: Ачык Сөз

Садык Шер Нияз, депутат: Мамлекеттик сыйлыктар түшүнүксүз жолдор менен берилип атса - ал жерде коррупция бар

-Садык мырза, социалдык комитеттин жыйынында ардак наамдар татыктуу кишилерге берилбей жатканы тууралуу күйүп-бышып айтканыңызды угуп калдым. Бул чындыгында эле чоң көйгөй окшойт.

– Андай учурларды мен өзүм башымдан өткөздүм да. Комиссиядан чечим чыгып, керек болсо ошол комиссиянын мүчөлөрү мени эл көзүнчө куттуктап, анан кайра теңирден тескери чечимдер чыкканына күбө болгом. Чыныгы элге эмгеги сиңген кишилер четте калганы байкалат. Мисалы, Эрнест Абдыжапаров деген кинорежиссерду алалы. Аны дүйнө жүзү тааныйт, бирок, бир да наамы жок. Капкачан эле Эл артисти боло турган киши да. «Айыл өкмөтүнөн» баштап, канчалаган фильмдерди тартты. «Боз салкын», «До плюс Фа», «Саякбай»… Биз «кинону өстү» деп атабыз, муну президент да, премьер да оозуна алып сүйлөп атат. Эми кино өсүп аткандан кийин ошол өстүргөн кишилерди сыйлаш керек го, туурабы? Дагы бир мисал айтайын: Темир Бирназаров деген кинорежиссер бар. Мына жакында эле Кыргызстандын тарыхында болбогон ийгиликти жаратып, Таллин кинофестивалынан баш байгени жеңип келди. Мындай фестивалдардан дүйнө жүзү боюнча көп болсо он төртү эле бар. Бул киши токтоосуз түрдө наам алышы керек эле да, кандай деп ойлойсуз? Элдин баары жолуккан жерден сурайт, «Алымбек датканын образын жараткан Азиз Мурадилаевдин бир да сыйлыгы жок турбайбы» дешсе, башыңды ийип, уялат экенсиң. Ал киши жок дегенде Эмгек сиңирген артист наамын алса жарашат эле го? Же болбосо манасчыларды алалы. Биз «Кыргыз, Манас, Ала-Too» деп жашайбыз. Манасчылык өнөрдү ЮНЕСКОго каттаткандар «Манас» орденин алып атышат. Бирок, ириде Манас өнөрүн аздектеп, алып жүргөн кишилерди баалаш керек да. Рысбай, Талантаалы, Улан, Дөөлөт, Самат… Булардын биринин дагы наамы жок. Анан кантип биз «Манас кыргыздыкы» деп айтабыз?

– Ошол эле учурда бул наамдар кимдир бирөөлөргө «пачкалап» берилип атат да. Арасында аты элге белгисиз, же болбосо жаңы эле чыккан жаштар бар. Ушундан улам «бул жерде да коррупция жокпу?» деген күмөндүү суроо туулат.

– Бир нерсе түшүнүксүз болсо эле, ошол жерде коррупция бар да. Мисалы, «ТЭЦке аттиштерди 600 доллардан сатып алышыптыр» дегенде элдин баары түшүнбөй калышты. Чын эле, кантип бир аттиш отуз эки миң сом турсун? Демек, коррупция бар да. Эгер сыйлыктар дагы түшүнүксүз жол менен берилип калса, ал жерде да коррупция бар. Сыйлыкты көбүнчө Акүйдө тааныш билиши бар кишилер алышат. Баягы «таанышын болсо танкасын» деген ыкма иштеп кетип аткандай. Жок дегенде наамды саясатташтырбаш керек. Сыйлык берген комитетти коомдук уюмга айландырыш керек болуп калды.

– «Наамдар союз мезгилинен калган эски жөрөлгө. Аларды жоюп эле салыш керек» деген да көз караштар бар. Бул боюнча сиздин оюңуз кандай?

– Ал бир чети туура. Бирок, кайсы мамлекетте ошондой кылса болот? Мисалы, Россияда сиз кино тартсаңыз, ал жерде 150 миллионго жакын калк бар. Жакшы болсо сиздин киноңузду эл көрөт, сиз тыйын табасыз. Өзбекстанда китеп жазсаңыз ал жерде 30 млн. калк жашайт. Китебиңизди тыйындап сатсаңыз да пайда көрөсүз. Ал эми бизде кыргызча сүйлөгөн 3 млн. эл болуп атат. Өнөр адамдарына тыйын табыш мүмкүн эмес. Мындай учурда мамлекет коргойт маданиятын. Мамлекеттик коргоонун бир стимулу – бул наам. «Тилибиз, маданиятыбыз жоголуу коркунучунда» деген сөздөрдү угуп эле атабыз. Биз аларды кантип сактайбыз? Мамлекет коргоого албаса, сакташ мүмкүн эмес. Ошондуктан, Кыргызстанда наам калыш керек. Ошол нерсеге таянып, «жок дегенде Эл артисти болуп өлөм» деп 3 миң сом алып иштеп жатышат да булар. Болбосо булар деле бизнеске кирип кетпейт беле? Арак завод ачканга, тамдарды курганга, жок дегенде Дордой, Ош базарына барып кийим-кече сатканга артисттердин, жазуучулардын мээси жетпейт деп ойлойсузбу? Булардын мээси ашып кетет андан. Бирок, «кыргыздын маданияты, өнөрү, келечеги үчүн чыгарма жаратайын» деп кара жанын карч уруп, бекер тыйынга иштеп жаткан адамдарга жок дегенде наам бериш керек да.

Булак: Азия Ньюс

Реквием. Марат Козукеев: “Куурап түшүп, кайрадан бүрдөп-көктөп туруш керек”

Адамдын адамдыгы – бир башта өлүм бар экенин билип, бирок өлбөчүдөй жашай билгендигинде окшобойбу. Болбосо эмнеге көп нерсени камырабастыктын курмандыгы кылабыз. Бул интервью Марат Козукеевден былтыр жаз айында алынган. Таанымал актер, таланттуу режиссер ошондо акыркы жолу маек курганын кайдан билдим.  “Көпкө сүйлөштүк. Мынчалык чечилип сүйлөп бере алчу эмес элем”, – деп жыргап күлүп алганы эсимде. Өкүнүчтүүсү, кайсы бир себептерден улам интервьюсу жарыкка чыкпай калган эле. Өзүнүн берген маегин гезит бетинен жаш балача кубанып окубай калганына ичим тызылдай ачышып отурат. Ар бир иш өз убагында бүтүшү керектигин ушул окуя дагы бир жолу далилдеп койду.

– Жаздын келиши чыгармачыл адамдар өзгөчө дем болот болуш керек, учурда эмне менен алек болуп жатасыз?

– Азыркы учурда биздин театр Кайрат Иманалиевдин «Коркут ата» аттуу драмасы менен  чет өлкөгө фестивалга кеткен, ошону күтүп жатабыз. Андан тышкары, театрда күнүмдүк жашоо. Учурда орус драматургу Николай Коляданын «Шанель айымын» сахналаштырганы жатабыз.

– Казактар Чыңгыз Айтматовдун  «Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөтүн» сахналаштырганда деңизди кантип чагылдырат болду экен деп атайын кызыгып келип көрдүк эле. Бирок чынында деңизди техниканын күчү менен мыкты чагылдырып беришкен. Ошондо эмне үчүн биз, кыргыздар, ушундай нерселерди жасай албайбыз деген намыс болгон. Анан Сиз койгон «Тумар ханышада» техниканын күчү менен жасалган жаңы стилдеги көрүнүштөрдү байкап, кыргыздар да жасай алат тура, биз да жасасак колдон келет тура деген жыйынтыкка келдим. «Тумар ханышаны» башкача стилде чагылдырууга аракет кылыптырсыз, буга чейинки сахнадагы техникалык колдонууларда жаңылыктар байкалат. Бул сиздин жеке чыгармачылыгыңызбы же кеңешчилердин көмөгү менен болдубу?

– Албетте, режиссер милдетин алат. Бардыгына режиссер жооп берет. «Тумар ханышаны» коюп жатканда көп эле кыйынчылыктар болду. Биринчиден, «Томирис» жөнүндө көпчүлүк эл биле бербейт, анын үстүнө кыскача гана маалымат бар болчу.

«Тумар ханыша» кыргыз болгон деген идеяны берүү ойдо болгон эмес беле, себеби сак уруусу саяк болгон деген да маалыматтарды айтып жүрүшөт го?

– (Күлүп). Жок, биз андай максатты көздөгөн жокпуз. Мен өзүм жалпы адамзаттык мааниде, тереңирээк көз караштамын. Тумар ханыша эми кыргыз дегенде болбой калат.  Тумар ханыша – кыргызча аты, грекчеси Томирис. Эми ошол убактагы көчмөн элдер, сактар кыргыз болбосо дагы, көчмөн элдерден тараганбыз, алыскы-алыскы ата-бабаларыбыз ошондой болгон деген болжол бар, бирок так айта албайбыз. Томирис казак болгонбу, өзбек болгонбу, тажик же кыргыз болгонбу, айырмасы жок, эң негизгиси, жөн эле тарыхты чагылдырып бериш керек. Эми тарыхты айтуучу эмгектер бар, летопистер бар. Андай эмгектерде перс ханы Кирге каршы чыга турган канчалаган кол башчылары бар болсо дагы, алардын ичинен аял киши бир мамлекетти колуна алып, Персия хандыгын жеңгендиги туурасында маалымат гана берилген. Ал эми биздин максат – «Тумар ханышанын» ошол учурда ички дүйнөсүндө кандай түйшөлүүлөр болгон, эмнеге кайгырган, эмнеге кубанган, эмнени сезген, ошону изилдөө. Мындайча айтканда, психологиялык талдоо жүрдү десек болот.

– Ролдорду бөлүштүрүүдө артисттерди тандоо кандай жүрөт? Сиз өзүңүз тандайсызбы?

– Албетте, өзүм тандайм. Артисттерди тандоодо кыйынчылыктар болот. Драманын таасирдүү чыгышы артисттерди туура тандоодон көз каранды. Артисттерди тандоо аябай маанилүү этап. Кээде бир ролго үчөө туура келип калат. Бирин тандасаң, бири таарынат дегендей (күлүп). Ошонун баарын жайгаштырып, кырдаалдан чыгып кетүү – режиссердун милдети. Кээ бир артисттер келет. “Мен ушул роль үчүн жаралгам, ушуну ойношум керек” дейт. “Жок, сен аны эмес, мына бул ролду ойносоң жүзүң көрүнөт”,- деп айтам. Анан качан спектакль чыккандан кийин “сиз туура айтыптырсыз” деп калышат.

Коомдун психологиясын башкарууда режиссердун бийлиги күчтүү дешет го?

– Ооба, кичинекей театр, кичинекей труппа менен жалпы коомдун психологиясын жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү бар. Анан да негизги милдет – ар бир нерсенин алдын алуу. Чыгармачыл адам болуш үчун бүт кесиптин баардыгын тереңден билбесең да, үстүртөн билишиң керек, көп окуш керек. Баарынан кабардар болушуң керек. Мен өзүмдү психологмун деп айта албайм, негизи өзүмдү андаймын, мындаймын деп айтканды жаман көрөм. Бирок чыгармадагы каарманды тереңден билиш үчүн анын ички психологиясын изилдеп чыгыш керек болот. Бир спектаклде, маселен, жыйырма киши болсо, ар биринин психологиясын изилдеп чыгыш керек. Чындап эле жакшы спектакль коем десең, ар бир деталын эринбей изилдеп чыгуу керек.

Репертуарыңызда ошондо азыр канча спектакль бар?

– Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» романын сахналаштырдым, Кайрат Иманалиевдин «Коркут ата»  драмасы жана Бактыгүл Чотурованын которуусундагы «Тумар ханыша» драмасы.

Кээ бир режиссерлордун спектаклдеринде стилдик окшоштуктар кездешет. Кандай чыгарма болбосун, кимдики экендигин көрүүчү байкап коюшу да мүмкүн. Ал эми сиздин бул үч спектаклиңиз үч башка типте, үч башка стилде коюлду. Мисалы, «Саманчынын жолу» чыныгы эл турмушу, эненин күйүтү ж.б. чагылдырылып берилсе, «Тумар ханышада» элди, мекенди сүйүү чакырыгы күчтүү, ал эми «Коркут атада» баштанаяк абстракттуу түрдө психология орун алган. Чыгарманы сахналаштырууда сиз өзүңүздүн көз карашыңызга тууралап, чыгарманы кайра иштеп чыгасызбы же автордун көз карашын эске аласызбы?

– Көп учурда режиссерлор өзүнүн чыгармачылыгын таңуулаганга аракет кылат. Мен андайды жаман көрөм. Менимче, режиссуранын негизги максаты, эң туу чокусу – автордун берейин деген оюн жеткирүүгө. Албетте, кичине алымча, кошумча ой кошуу болот, ансыз болбойт. Сенин да позицияң керек. Бирок автордун айтайын деген оюн издеп, казып таап чыкса, чыгарма максатына жетет. Ар кандай авторду кескилеп, оюн бузуп, өзүңдүкүн таңуулоо анча деле кыйындыкка турбайт. Автор эмнени айткысы келген, ошону таап, өзүндүн оюң менен шайкеш келтирип, бир үндөштүктө чыгарыш керек. Менин табитим ошондой. Анан спектаклдердин окшош чыгып калуусунан мен аябай корком. Баягы жеңил жолго түшүү оңой да. Бир бийиктикке жетип алсаң, ошондон түшпөй эле тура бергиң келет. Бирок бир нерсени кайра-кайра кайталай берүү – чыгармачыл адам үчүн өлүм. Албетте, окшоштук болбой койбойт. Улам көктөп, кайра куурап түшүп, кайра көктөп туруш керек. Ар бир жаңы спектакль башталаарда кайра жаралып туруш керек.

Режиссерлук иште жүргөнүңүзгө канча жылдын жүзү болду?

Беш-алты жылдын тегереги болуп калды. Эми ага чейин окуу жайларда дипломдук спектаклдерди коюп жүрчүмүн. Эми алар – бир күндүк спектаклдер. Бир жолу коюлат, ошол бойдон коюлбайт. Менин ушинтип спектакль коюп жүргөнүмдү театр чөйрөсү билет  да, бир күнү Темирлан Камашевич  мага «Саманчынын жолун» кой деп сунуштап калды. Алгач укканда чалкаман кеттим. Эми башка чыгарма болсо бир жөн, Чыңгыз Айтматовдун бардык чыгармалары тең эле оңой эмес го, бирок «Саманчынын жолу» менен «Кылым карытар бир күн» романын сахнага алып чыгуу өтө татаал. Анан «Саманчынын жолу» экенин укканда “жок, койбойм, болбойт”  дедим. Корктум. Темирлан Камашович  үчүнчү ирет кайталап айтканда,  “улуу киши айтып жатса, кой, уят, эми бел байлап көрөйүн” дедим. Ушуну менен биротоло бар болоюн же режиссерлукту жыйыштырайын деп ойлодум. Анан иштеп баштадык. Иштөө процесси чынында өтө кызыктуу болду. Чынында Айтматов океан. Биз эми, четин эле көрдүк. Даярдоо мөөнөтү кыска болуп калды, эки айдын ичинде даярдаш керек болуп калды. Негизи мунун башын башка режиссер баштаган, ал киши жарымына келгенде ооруп калып, аягына чыкпай калган. Бирок мен кайра роль бөлүштүрүп, кайра иштеп чыктым. Эки ай кетти.

«Саманчынын жолун» мурда китептен окуп, киносун көргөндөгү  таасири жакшы болчу, бирок спектаклин көргөндө күнү бүгүн, мына азыр болуп өткөндөй башкача таасир алдык. Мунун сыры эмнеде?

– Чыгармада да, кинодо да мыкты чагылдырылган. Бирок эмнегедир сахнанын чындыгы башкача болот. Мисалы, турмушта чүпүрөктү илип коюп, “мына бул саманчынын жолу, мына бул араба” дегенге эл ишенбейт, бирок эмнегедир сахнага келгенде  ошол нерсеге ишене беребиз. Албетте, кинону чангым келбейт. Бирок сахнада жандуу турмуш жүрөт, анткени аны жандуу актер ойнойт. Кечээги спектаклден, бүгүнкү спектакль башкача болот. Ойногон сайын актер ролуна жаңы боекторду кошуп турат. Ошондуктан таасири күчтүү. Сахнада чыгарма бир жарк этип жанат, бирок экинчи кайталанбайт. Ар бир күнкү ойнолгон чыгарма ар кандай чыгат. Ал эми кинонун бир жакшы жери – бир тартылат да, түбөлүккө сакталып калат. Бирок болбой эле сахнада көрсөтүлгөн чыгарманын адамга болгон таасири күчтүрөөк болот. Адамда тазаруу болот. Албетте, эми ал жакшы спектакль болсо. Актер кайгырып, күлгөндө, көрүүчү да кошо кайгырып ыйлап,  күлүп жашарып алса, ошондо тазаруу жүрөт. Ошон үчүн театр беш миң жылдан бери жашап келе жатат да.

Бирок театр кээде көрүүчүлөрүн жоготуп алып жатпайбы?

– Азыр чыгармачылык кризис болуп жатат. Театр ушинтип бирде гулдөп турат, бирде ооруп турат. Ар кандай. Азыр бизде эле эмес, жалпы театралдык дүйнөдөгу акыбал ушундай. Былтыр театрга көркөм жетекчи болуп келгенде ойлондум да, биз кайсы жол менен кетебиз, биздин театрга эмне жетишпей жатат, акча жетишпей жатабы? Жок. Каражат тапса болот. Анда эмнеге жыйырма жылдын ичинде театрга эл келбей, драматургиябыз талкаланып калган? Биз мурдагы эле  классиктерди, Токтоболот Абдымомунов, Мырзабек Тойбаев, Мар Байжиев жана башкаларды азыркы күнгө чейин эле коюп келатабыз. Акыркы жылдары кичине жанданып, башка авторлор кошулду, бирок баары бир аз. Ошондуктан драматургдар менен театр кайрадан байланыш түзүш керек. Издей келсек, жазып жүргөн драматургдар көп экен да көрсө. Эмне үчүн театр көрүүчүдөн алыстап калды? Анткени биз жашоонун пульсун таппай калганбыз. Театрга адам  эмне үчүн келет? Театрга адам чындыкты издеп келет. Бирөөгө айта албаган, бирок жан дүйнөсүндө батпай жүргөн бир чындык бар да. Ошону көрмөйүнчө, театрга келбейт. Театрдын сыртына репертуарларды алтын менен жазып койсоң дагы, эгерде өзүнүн чындыгын таппаса, театрга келбейт. Көрүүчү келип “менин жүрөгүмдөгү  чындыкты башка эч жерден уга албагам, ушул театр айтып берди” десе, анда эл театрга батпай калат. Бирок муну жасоо абдан кыйын.

– Ошондо Сиз кандай спектакль коймоксуз?

Менде ойлор аябай көп. Алдыда бир чоң долбоор бар. Индия элчилиги менен бирдикте былтыр «Махабхаратаны» койгонбуз, бул аракетибиз жакшы ишке ашты. Быйыл май айында индия элинин чоң эпосу «Рамаянаны» коебуз деп пландап жатабыз. Классикалык чыгармалардан Шекспирге кайрылсамбы деп жүрөм. Кайсы чыгармасы экенин чече элекмин, “Гамлетти” койсомбу дейм. Анан дагы бир чоң максатым бар – Ибрагим пайгамбар жөнүндө спектакль койгум келет. Бул тема мени көп жылдан бери кызыктырат. Эми буга өтө кылдаттык менен мамиле кылыш керек. Сценарийин драматург менен бирге жазып, Ибрагим өзү пайгамбар болгондуктан дин аалымдары менен да кеңешүү керек. Буюрса, чоң спектакль болот деп ойлоп жатам, эми бул  2018-жылга пландалган. Өткөндө «Тумар ханыша» төрт күн болду. Төрт күн бою аншлаг менен өттү. Отурганга орун жок, кирбей эле койгула десек болбой киришти. Мен ойлодум эле азыр биртикеден кийин кетип калышат го деп. Жок, аягына чейин туруп көрүштү. Муну эмнеден улам айтып жатам? Азыр ушундай кызыгуу болуп турганда токтобостон андан ары улап кетиш керек. Азыр бир нукка түшүп калдык. Салмактуу спектаклдер коюлуп жатат. Эми биздин статусубуз ушундай. Бирок элдин да маанайын ойлоп, комедия жанрына кайрылсамбы деп турам. Жалаң тарыхый чыгармаларды, трагедияларды кое берип, жашоом да ошондой болуп баратат. Чынында чыгарма адамга өзүнүн таасирин берет экен. Үч спектаклде тең трагедия, ойлоруң да, тегерегиңде жашоо да ошондой болуп калат экен. Эми азыр театрга көп таланттуу жаштар топтолуп калды. Актердун ачылышына, сахнада өзүн эркин алып жүрүшүнө, ар бир актердун ичинде айта турган ою бар да, ошону дагы тереңдетип ачыш үчүн комедия керек. Комедияда каармандардын мүнөзү ачык болот. Ошон үчүн жаштарга комедия керек. Бүт жанрларды көрөлү деп атабыз. Мелодраманы мазакташып “мыльная опера” деп коюшат. Бирок мелодрама жакшы жанр.

Сиз бир гана драматургияны окуйсузбу же режиссер катары башка тармактагы китептерди да окуйсузбу? Учурда эмне жөнүндө китеп окуп жатасыз?

– Мен бардык тармактагы китептерди окуганга аракет кылам. Ошол эле Фрейдди алалы. Аны бир жолу окуган менен болбойт. Ар бир спектакль башталганда кайра окуганга туура келет.  «Коркут атаны», «Тумар ханышаны» койгондон башталды, азыр көбүнчө тарыхый, археологиялык китептерди казып окуй баштадым. Аябай кызыгып кеттим. Учурда «Оксфордская археология» деген китепти окуп жатам. Мисалы, сегиз миң жыл илгерки буюмду көрсөм, ошол кездеги жашоону элестетем. Ошол учурда адамдар эмнеден коркуп, эмнеге сүйүнүп, эмне кылып жашады экен деп алдыма археологиялык бир чоподон жасалган буюмду алдыма койсо, өзүм ошонун тарыхын ойлоп таап, сценарий түзүп, эки саат карап отура беришим мүмкүн. Археологиялык казууга катышуу – менин бийик кыялым. Манас – түрк университетинде жайында студенттер археологиялык казууга чыгып турушат экен. Ошол жакта эмгектенген бир агай мени быйыл чакырды. Көл тарапка барабыз дейт. Убакыт болуп калса, барып келсем деген тилегим бар. Андан тышкары, астрономияга кызыгам.

Маектешкен Кыял Тажиева

Булак: “Параграф”

Башка планеталык кыргыздар япон фильмине тартылды

Интернет колдонуучулар япон эли чыгарган фантастикалык боевикке көңүл бурду. “Кайраттуулар бороону” (BraveStorm) деп аталган бул фильмде негизги антагонист болуп башка планетадан келген, кыргыз деп аталган раса катышат. Бул туурасында MDK  каналынын Telegram – ында жарыяланды.

Картинанын дүйнөлүк бет ачары 10-ноябрга пландалды. Аталган кинонун трейлери болсо YouTube видеохостингине сентябрь айынын аягында жайгаштырылган.

Сюжет боюнча, 2050-жылы кыргыздар Жерди басып алып адамзатты толугу менен жок кылууга аракет кылат. Акыркы аман калгандар кыргыздарга чабуул жасоо үчүн согушкер роботтор менен өткөн чакка барышат.

https://www.youtube.com/watch?v=vPVntoCNNwk

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдар адабияты боюнча 2017-жылдагы сыйлыгы тапшырылды

Бүгүн, 13-cентябрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кыргыз тилиндеги балдар адабияты боюнча  2017-жылдагы лауреттарына  сыйлыктарды тапшырды.

– жазуучу Эркалы Өскөналы, “Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты проза чыгармасы үчүн” номинациясында “Куйручук баланын жоруктары”  жыйнагы үчүн,

– акын, жазуучу Амангелди  Мисиров -“Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты поэзия чыгармасы үчүн” номинациясында  “Кыялбектин жоруктары” жыйнагы үчүн,

– акын, жазуучу жана котормочу   Ысмайыл Кадыров – “Балдар үчүн адабий чыгармаларды кыргыз тилине эң мыкты которгондугу үчүн” номинациясында Америка жана Австралия элдеринин жомокторунун мыкты котормосу  «Күмүш жомоктор» жыйнагы үчүн татыктуу болушту.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыктарын уюштуруунун негизги максаты кыргыз тилин кеңири жайылтууну жогорулатуу, мектепке чейинки курактан баштап аны үйрөнүүгө шарттарды түзүү, ошондой эле кыргыз тилине балдар адабиятын которууга түрктү берүү болуп саналат.

Сыйлыктар эки жылда бир жолу коомчулукка кеңири таанылган, ата мекендик адабияттын өнүгүшүнө орчундуу салым кошкон кыргыз тилиндеги балдар адабиятынын кыйла таланттуу чыгармаларына ыйгарылат.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө лауреаттын диплому, Ардак белги жана лауреаттардын ар бирине 50 000 миң сом өлчөмүндө  сыйлыктар тапшырылат.

Сыйлоого байланышкан чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм  министрлигинин 2017-жылдагы бюджетинин чегинде жүргүзүлөт.

                                              

 

Фото - 22 жаштагы "Кыргызстан сулуусу - 2013" Жибек Нукеева рак оорусунан көз жумду

“Кыргызстан сулуусу -2013” Жибек Нукеева узакка созулган оорунун айынан көз жумду, бул туурасында коомдук ишмер Ассоль Молдокматова өзүнүн Facebookтагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, модель жекшемби күнү эртең менен каза болгон.

Улуттук сулуулар конкурсунун жеңүүчүсү, “Дүйнө сулуусу – 2013” сынагынын катышуучусу 3-даражадагы рак оорусу менен күрөшүп келген.

 

Ал өз диагнозун 2016-жылдын сентябрь айында, жети айлык боюнда бар кезинде билген. Ошентсе да Жибек баланы толук жетилтип, ден соолугу чың бойдон төрөй алган.

Эске салсак, Жибек Нукееванын оорусу тууралуу кабар өткөн жылдын аягында социалдык тармактарда тараган. Жибек өзү Facebook баракчасы аркылуу элден жардам суроо иретинде кайрылган.

ЖИБЕК НУКЕЕВА

ЖИБЕК НУКЕЕВА

ЖИБЕК НУКЕЕВА

ЖИБЕК НУКЕЕВА

«Мен адептүү окуучумун» сынагы жарыяланып, ага Кыргызстандын бардык аймактарынан 64 дилбаян жана 60 сүрөт келип түштү

 «Баластан» интерактив журналы JIA Бизнес Ассоциациясы менен биргеликте уюштурган «Мен адептүү окуучумун» аттуу дилбаян жазуу жана сүрөт тартуу сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды” – деп билдирет JIA Бизнес Ассоциациясынын PR адиси.

«Мен адептүү окуучумун» сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу аземи бүгүн, 20-май күнү Бишкектеги «Таш-Рабат» соода борборунда өтөт. Иш-чара сүрөт тартуу, оригами, пластилин, конструктордон мунара куруу, аквагрим, роботтордун бийинин чебер класстары жана концерттик программа менен коштолмокчу.

Сынакка Кыргызстандын бардык аймактарынан 64 дилбаян жана 60 сүрөт келип түшкөн. Катышуучулардын эӊ кенжеси 6 жаштагы сүрөтчү болсо, эӊ улуусу 12 жаштагы жазмакер жана сүрөтчү.

Мектеп психологу, балдар жазуучусу, кесипкөй сүрөтчү жана журналисттерден турган калыстар тобу алгач 1-айлампада 34 дилбаянды жана 43 сүрөттү тандашты. 2-айлампада 13 дилбаян, 13 сүрөт тандалып алынып, жеӊүүчү аныкталды.

Жыйынтыгында, сүрөт тартуу боюнча:

1-орунду: Токмок шаарындагы А. С. Пушкин атындагы мектеп-гимназиясынын 1-Г классынын окуучусу Азиза Сабырбекова;

2-орунду: “Ош-Сапат” башталгыч мектебинин 1-А классынын окуучусу Зейнеп Сагынбаева;

3-орунду: “Ош-Сапат” башталгыч мектебинин 3-Б классынын окуучусу Раяна Бакытбекова ээлешти.

Дилбаян жазуу боюнча:

1-орунду: Нарын районунун Ийри-Суу айылындагы М. Байдөбөтов атындагы мектептин 3-классынын окуучусу Таалайбек кызы Алина;

2-орунду: Бишкек шаарынын №74 мектеп-лицейинин 5-А классынын окуучусу Жеӊишбек кызы Салидат;

3-орунду: Бишкек шаарынын №83 орто мектебинин 3-А классынын окуучусу Аскат Жээнтаев ээлешти.

«Баластан» интерактив журналы жогорудагыдай сынактарды JIA Бизнес Ассоциациясынын демөөрчүлүгү менен үч жылдан бери өткөрүп келет. 2015-жылы «Менин ата-энем ишкер», 2016-жылы «Менин кесибим – менин келечегим» аттуу темаларда өткөрүлгөн. «Баластан» интерактив журналы 2013-жылдан бери окурмандарын кубантып, «Жайкы билим берүү лагери», «Апендинин жоруктары» ж.б.у.с. долбоорлорду уюштуруп келет.

Меню