Menu

МАДАНИЯТ ЖАНА АДАБИЯТ

Видео - 2020 жылдын Америка ыр сынагынын жеңүүчүлөрү YouTube түз эфир берүүсүндө жарыяланды

Кыргызстандын ар бурчунан келген 700 окуучу менен жарышка чыккан 2020-жылкы Америка ыр сынагынын жеңүүчүлөрү Билим берүү министрлигинин кызматкери, чебер ырчы Мирбек Атабеков, америкалык Хэнхаус Праулэрз тобунун аткаруучусу Бэн Райт жана АКШ элчилигинин кызматкеринен түзүлгөн жюри тарабынан жума күнү, 20-ноябрда орун алган YouTube түз эфир берүүсүндө аныкталышты.

Нурайым Нургазиева университеттер арасындагы конкурстун башкы байгесин утту. Ал Токмоктогу Борбордук Азиядагы Эл аралык Университетинин 2-курстун студенти,  “I Got You (I Feel Good)” Джеймс Браундун ырын аткарды. “Мен бул кереметке дагы эле ишене албай жатам, сөз менен бардык эмоцияларымды билдирүү өтө кыйын”, – дейт Нурайым. “Америка ыр 2020 сынагын жеңип сахнага чыгуу мен үчүн ишенилгис мүмкүнчүлүк. Сынак уюштуруучуларына жана мени колдогон бардык адамдарга ыраазычылык билдирем. Бир нерсе айтаар элем, жаңы ишке аттануудан эч качан коркпоңуздар, жана ар дайым кыялдарыңызды көздөңүздөр!”

Университеттер арасындагы конкурстун экинчи ордун жеңген Айзана Усупбаева Бишкек шаарындагы Борбордук Азиядагы Америка университетинин 2-курстун окуучусу Алисия Кейстин “Fallin” аттуу ырын аткарды жана жеңиши тууралуу төмөнкү сөздөрдү айтты: “Менин атым аталганда мен бактылуулуктун жеткен чегине жеттим. Америка ыр сынагына катышканыма абдан кубанып жатам анткени менин музыкалык карьерам үчүн табылгыс тажрыйба тартуулады. Бул сынактын таланттууларга өздөрүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берип уланышын каалайм.

Изат Замирбек кызы айтат:  “Үчүнчү орунду алганыма бактылуумун, мени азыр эмоцияларым каптап жатат. Бул мүмкүнчүлүктү тартуулагандыктары үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдирем!” Изат Токмоктогу Борбордук Азиядагы Эл аралык Университетинин 4-курстун студенти, ал Элвис Преслинин “Jailhouse Rock” аттуу ырын аткарды.

Мектептер арасындагы сынакта 1-орунду ээлеген Айдана Нурланова Бишкектеги 29-гимназия мектебинин 11-класстын окуучусу. Ал Фрэнк Синатранын “Fly Me to the Moon” аттуу ырын аткарды.  Жеңишке жеткени тууралуу укканда Айдана “Бул ыр сынагында катышуу мен үчүн чоң мүмкүнчүлүк болду. Ырдап жатканымда өзүмдү чыныгы ырчы сездим. Абдан бактылуумун. Нарын шаарынын Чкалов атындагы 2-мектептин 11-класстын окуучусу Уланса Төлөбек кызы “This is Me” аттуу ыр менен 2-орунду ээледи. Үчүнчү орунду Нарын шаарынын Чкалов атындагы 2-мектептин 11-класстын окуучусу Айжамал Мукашова жеңди. Ал Фрэнки Валлинин “Can’t Take My Eyes off You” аттуу ырын аткарды.

 2014-жылдан тарта АКШ элчилиги жыл сайын Sun People уюму менен биргеликте Америка ыр сынагын уюштуруп келет. Бул сынак АКШлык чеберлердин ырларын аткаруу аркылуу жогорку окуу жайлар жана орто мектеп окуучуларынын Англис тил шыгын өрчүтүүгө жана Кошмо Штаттарынын өнөрчүлүгү жана маданияты жөнүндө көбүрөөк маалымат алууларына мүмкүнчүлүк түзөт. Бул жылдын сынагы аткаруучу окуучулардын ырларын видео түрүндө көрсөткөн алгачкы виртуалдык форматта өткөн сынак болду. Катышуучуларды, калыстар тобун жана техникалык жамаатты пандемиядан коргоо максатында катышуучулар ырларын жогорку сапаттагы видео форматта жаздырышып жюриге жана Кыргыз Республикасынын ар жериндеги катышуучулары үчүн көрсөтүшкөн. Калыстар тобу Кыргыз Республикасынын жана АКШнын ар кайсы жеринен Интернет аркылуу катышуучулардын аткарууларын көрүп аларга баа берди.

2020-ж Америка ыр сынагынын жаздырылган тасмасы Америка ыр сынагынын YouTube каналында бар.

 

 

Жаңы тартылган “Акыркы көч” тасмасы “Темные Ночи” PÖFF Таллин Кинофестивалынын сынактык программасына катышат

Режиссёрлер Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулунун жаңы тартылган “Акыркы көч” тасмасы “Темные Ночи” PÖFF Таллин Кинофестивалынын сынактык программасына катышат. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Маданият маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Таллин кинофестивалы – Канн, Берлин, Венеция жана башка алдыңкы дүйнөлүк кинофестивалдар сыяктуу  “А” класстагы элиталык категорияга кирет. Фестиваль салттуу форматта 2020 –жылдын 18-19-ноябрь күндөрү Эстонияда өтөт.

“Акыркы көч” көркөм тасмасын Төлөмүш Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясы менен “Билимкана” коомдук фонду биргеликте өндүргөн. Тасманын сценарийинин  автору жана режиссеру Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу, ал эми продюссер катары Эльнура Осмоналиева катышкан. Тасмага Марат Алышпаев,  Шайыргүл Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Калипа Усенова, Өмүрзак Токтомуратов сыктуу белгилүү актерлер тартылган.

Режиссёрлордун бири Дастан Жапар уулу: “Биз, “Темные Ночи”. сыяктуу абройлуу кинофестивалдын конкурстук программасына киргенибизге абдан кубанычтабыз.Быйыл пандемияга байланыштуу 5 ири фестиваль иш-чараларды өткөрүүдөн баш тартышты. Ошондуктан, тасмалар көп болду, ошого жараша ири фестивалдардын сынактык программасына катышуу үчүн атаандаштык да бир топ болду”,- деп билдирди.

“Темные ночи” Таллин кинофестивалы

1997-жылы башталган Таллиндин “Темные Ночи”” кинофестивалы 1000ден ашуун конокторду, делегаттарды жана 160тан ашуун журналисттерди кабыл алган Түндүк Европанын эң ири кинофестивалдарынын бирине айланган.  

Фестивалда 250гө жакын толук метраждуу, 300дөн ашык кыска метраждуу жана анимациялык тасмалар көрсөтүлөт жана ага жыл сайын 80 миңге жакын адам катышат.

2011-жылы “Темные ночи” кинофестивалы FIAPF тарабынан таанылып, 2014-жылы “А” классына көтөрүлгөн. Ал Түндүк Европадагы биринчи аккредитацияланган кинофестивалга айланып, буга чейинки белгилүү болгон  14 ири дүйнөлүк фестивалдардын катарына кошулган.

Маданият министрлигинин кызматкерлери 1 күндөн 3 күнгө чейинки эмгек акысын COVID-19 илдети менен дарыланып жаткан жарандарга берди

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин кызматкерлери пандемия шартында иш алып барып жаткан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунда даарыланып жаткан жарандарга 1 күндөн 3 күнгө чейинки эмгек акысын берди. Бекитилген алгоритимге ылайык, чогултулган каражатка кычкылтек балондору, кычкылтек редукторунун комплектилери, кызыл аймак менен аралыкта сүйлөшүүчү рациялар, жеке коргонуучу шаймандар жана  канцеляриялык товарлар менен камсыздады. Бул сыяктуу камсыздоону  эми Маданият министрлиги үзгүлтүксүз  улантат жана анын жүрүшү тууралуу маалыматарды расмий түрдө жарыялап турмакчы.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Өмөтүнүн 2020 –жылдын 10 – июлундагы  чечими менен министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери медициналык мекемелердин жана стационарлардын ишин уюштуруу жана материалдык-техникалык камсыздоо маселелери боюнча жооптуу болуп бекитилген. Чечимге ылайык, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борбору бөлүнгөн.

Учурда Улуттук фтизиатрия борборунда  короновирус илдетин жуктуруп алган бейтаптарды дарылоо үчүн атайын адистештирилген бөлүм ачылган. Аталган борбор инфекциялык ооруларды дарылоо боюнча чоң  тажрыйбасы бар мекеме болгондуктан ушул жылдын апрель айынын баштап бейтаптарды кабыл алып баштаган. Улуттук фтизатрия борбору туберкулёзду дарылоо, алдын алуу чараларын уюштуруу боюнча илимий изилдөө жүргүзүүчү медициналык мекеме болуп эсептелет.

Кыргыз эл сүрөтчүсү Баатыр Жалиев дүйнө салды - некролог

Кыргыз улуттук маданияты орду толгус чоң жоготууга учурады. 85 жаш курагында живописчи, график, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Баатыр Жалиев дүйнө салды.

Баатыр Жалиев 1935-жылы Ош облусунун  Кара-Суу районунун  Кашкар-Кыштак айылында туулган. 1964-жылы  Фрунзе көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. 1968-жылдан бери  СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.

Баатыр Жалиев 1977–жылдан 1982-жылга чейин Кыргыз сүрөтчүлөр союзунун Ош облусу бөлүмүнүн төрагасы болуп иштеген.

Баатыр Жалиевдин чыгармачылыгы  өнөр жай жана айыл чарба темасына арналган. Ал өлкөбүздөгү эпкиндүү курулуштарды, элет жерлериндеги өзгөрүүлөрдү көркөм чагылдырып, мезгилдин кеңири полотносун жараткан. Сүрөтчүнүн  «Өнөр жайлуу Ош» (1966), «Ош курулуп жатат» (1972), «Хайдаркан комбинаты» (1974) аттуу чыгармалары түштүк жергесиндеги кубаттуу ишканаларда иштеп жаткан жумушчуларды, алардын эмгегин, көркөм образын жаратып, кыргыз жумушчуларынын эсте каларлык галереясын түзгөн.  Жанрлуу-портреттүү «Тогуз коргоол» (1974) чыгармасы Баатыр  Жалиевдин чыгармачылык чоң жетишкендиги болуп эсептелет.

Баатыр Жалиевдин көркөм сүрөттөрү  республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөргө катышып, байгелүү орундарга арзыган. Сүрөтчүнүн  чыгармалары Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде жана КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринин алтын фондунда  сакталып турат.

Баатыр Жалиев графика жаатында мыкты картиналардын циклин жаратты. Сүрөтчүнүн дүйнөтаанымы, көркөм эстетикалык чабыты, терең философиясы анын кыл калеми аркылуу кеңири чагылдырылган. Ал  кыргыз интеллигенциясынын эсте калаарлык көркөм образдарын жаратып, улуттук сүрөт өнөрүн бийик деңгээлге көтөргөн.

Сүрөтчүнүн көп жылдык изденүүсү аркылуу улуттук сүрөт маданиятында “Сизизм” көркөм формасы жана агымы жаралган. Бул агымдын негиз салуучусу катары улуттук сүрөт өнөрүнө жаңы дем   кошуп, өзүнүн сүрөтчүлүк “мектебин” жараткан. Сүрөтчүнүн  эмгектери учурда өзүнүн үй-музейинен орун алган. Баатыр Жалиевдин өз демилгеси менен негиздеген үй-музейи 2012-жылдан бери иштеп келет.

Баатыр Жалиевдин сүрөтчүлүк таланты жогору бааланып, “Эмгектеги артыкчылык” медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Ага Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү ардактуу наамы ыйгарылган.

Таланттуу сүрөтчү, кыргыз сүрөт өнөрүнүн классиктеринин бири Баатыр Жалиевдин жакын туугандарына терең кайгыруу менен көнүл айтабыз, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Баатыр Жалиевдин жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

С.Ш.Жээнбеков, Д.А.Жумабеков, М.Д.Абылгазиев, А.Исмаилова, А.К.Жаманкулов, К.А.Исаков, У.Жылкыбаев, Т.Сарыбашев, Т.Садыков, Т.Усубалиев, В.Шестопал, Н.Конурбаев, К.Давлетов,А.Бейшенов, А.Осмонов, С.Төрөбеков, А.Каменский, М.Шарафидинов, С.Айтиев, Ж.Жакыпов, Л.Прыткова, А.Молдоакматова, Т. Кадырбаева, А.Момункулов, А.Мамбетказиева, М.Камчыбеков, Д.Алышпаева.

Баатыр Жалиевдин тажиясы 2020-жылдын 31-майында Ош шаарында өтөт.

Эртең Улуттук илимдер академиясында “Классикалык изилдѳѳлѳр”, “Залкар акындар” жана “Айтыш” сериясынын алкагында басылып чыккан китептердин бет ачары болот

Эртең, 30-апрелде УИАнын чоң залында саат 13.00до Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан уюштурулган Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча Кол жазмалар фондундагы жарыялана элек жана мурун жарыяланган адабияттарга кошумчаланып жарык көргөн «Залкар акындар», «Айтыш» серияларынын, орто кылым адабияты, акындык өнөр боюнча «Классикалык изилдөөлөр» сериясынын бет ачары болот.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан даярдалып, академик Абдылдажан Акматалиевдин жалпы редакциясынын астында жарык көргөн китептер тууралуу таанытым,  китеп көргөзмөсү уюштурулат. Ошондой эле Кол жазмалар фондунда сакталган белгилүү классикалык төкмө акындардын ырлары, кол жазмаларынын түп нускалары боюнча кыскача маалымат берилип слайд көрсөтүлөт. Төкмөчүлүк өнөрдүн, айтыш жанрынын практикалык негизин көрсөткөн  маданий иш-чарага да орун берилет.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан, КР Жогорку Кеңешинен, КР Өкмөтүнүн Аппаратынан, Министрликтерден, Жазуучулар Союзунун өкүлдөрү, окумуштуулар, адабиятчылар, манастаануучулар, чыгармачыл инсандар, ЖОЖдордун окутуучулары ж.б. катышат.

КР Улуттук илимдер академиясы Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан “Классикалык изилдѳѳлѳр”, “Залкар акындар” жана  “Айтыш” сериясынын алкагында басылып чыккан китептердин тизмеси:

«Залкар акындар» сериясы

  1. 1-том: Кетбука, Асан кайгы, Токтогул ырчы, Калыгул, Арстанбек;
  2. 2-том: Калмырза, Чоңду, Эсенаман, Үмөтаалы;
  3. 3-том: Жеңижок;
  4. 4-том: Музооке, Айтыке, Коргоол, Эшмамбет;
  5. 5-том: Токтогул;
  6. 6-том: Тоголок Молдо, Алдаш Молдо;
  7. 7-том: Калык, Осмонкул;
  8. 8-том. Балык, Солтобай, Жаныш;
  9. 9-том. МолдоКылыч, Абдираим Шама;
  10. 10-том. Молдо Нияз, Молдо Багыш, Ниязалы Молдо, Ѳмѳр Молдо;
  11. 11-том. Барпы Алыкулов;
  12. 12-том. Нурмолдо, Боогачы, Казыбек;
  13. 13-том. Ысак Шайбеков, А.Жутакеев, А.Чоробаев, А.Бердибаев;
  14. 14-том. Алымкул, Токтонаалы, Ысмайыл;
  15. 15-том. Токтосун, Ашыраалы, Эстебес, Тууганбай;

«Айтыш» сериясы

  1. Айтыш, 7 томдук;

«Классикалык изилдөөлөр» сериясы

  1. Акындар чыгармачылыгы, 4 томдук;
  2. Орток түрк адабияты 2 томдук.

 

 

Кубан Мамбеталиев: “Манас” жана Айтматов Академиясы” жөнүндө

Кыргызга аттын кашкасындай таанымал илимпоз, публицист, КРнын Улуу Британиядагы экс-элчиси Кубан Мамбеталиевдин “Манас” жана Айтматов Академиясы” жөнүндөгү олуттуу макаласына көңүлүңүздөрдү бурабыз:

Президенттин Жарлыгы чыккан  – “О Национальной академии “Манас” и Чингиза Айтматова” деп аталат. Ушуну ишке ашырыш үчүн  Өкмөт тараптан Билим жана илим министирлигине тапшырма берилген. Анан ал жерден  буйрук чыгарышты. “Приказ МОН КР № 254/1 от 11 марта 2019 года о создании межведомственной рабочей группы из числа представителей Минфина, Минкультуры, Минобразования, Академии наук, фонда “Мурас” и Фонда госимущества”.

Бул маселе боюнча мен Өкмөткө сунуш кылгам, анын текстти “Кыргыз Тудэй” сайтына орусча  жарыяланган. Ушуну кыргыз тилинде окурманга жеткирейин.

1.Улуттук Академиянын курамынан Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият Институтун чыгарып, жаңы түзүлүп жаткан Академияга өткөрүш керек, ал бул жерге структуралык бөлүм катары кирсин.  Финансалык жактан кошумча чыгым болбойт, себеби штатка азыр төлөнүп жаткан маянасы (зарплата)  менен ошол жерге которулат. Мамлекеттин казынасына түйшүк болбойт. Эгерде жаңы Академия өз алдынча түзүлсө, анда эки мекеме пайда болуп калат – Улуттук академиядагы Айтматов Институту жана жаңы Академиядагы Айтматов Бөлүмү. Мындайды “дубляж” деп аташат.

2.И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Манас Институту бар, ошону да толук штаты менен жаңы Академияга өткөрүш керек. Мамлекеттин казынасы дагы бир жагыган түйшүктөн кутулат, антпесек, дагы бир жагынан эки мекеме болот – Арабаев университетиндеги Манас таануу Институту жана жаңы Академиядагы Манас таануу Бөлүмү. “Дубляж” эки жолу орун алат.

3.Аталган Манас таануу Институтта азыр “бакалавриат” менен окутуп, “манастаануу мугалими” деген квалификацияны беришет, бирок  мектепте “манастаануу мугалими” (учитель маносоведения) деген өз алдынча штаттык орун жок, себеби бул Билим тармагынын программасына  кирген эмес. Манастаануу Институттун бүтүрүчүсү мектепке барып орун алалбайт, ал жакта  “Манас” эпосуна тиешелүү сабакты “кыргыз филология” факультетин  бүтүргөн адис окутат. Учурунда ушул маселени чечпей, аталган Институтту ачып салышкан. Чечим “чолок” болуп калды. Эми ошол Институтту жаңы Академияга өткөрүп, “магистратура” жана “аспирантура” деген окуу программалары менен чектеп,  “бакалавриатты” жоюш керек. Мисалы,  азыр Башкаруу академиясы (Академия управления) так ушундай тартип менен (“бакалавриаты” жок) иштеп жатат. Мектептерге “манастаануу  мугалими” деген штаттык орунду киргизгенден кийин, “бакалавриат” ачылса туура болот. Бүгүн бул көрүнүш “арабаны аттын астына койгондой” болуп калды.

4.Эми кадр маселесине келсек, бул жаңы Академиянын жетекчилигине татыктуу инсан  керек. Сырт жактан (Манас менен Айтматовдон алыс  тургандарды) алып келүү ката болот. Азыр жаңы Академияга түздөн түз тиешеслүү эки киши бар.

Биринчиси,  бул Арабаев  университетиндеги  Институттун жетекчиси Топчубек Тургуналиевдин. Илимий даражасы – кандидат философских наук. Журтубузга “кыргыз демократиянын атасы” катары белгилүү. Манас менен Айтматов боюнча салмактуу эмгектери жок. 78 жашка чыкты, демек мыйзамга туура келбейт, себеби мындай түрдөгү мекемелерди жетектөөгө “возрастной ценз” деген көрсөткүч бар, ал 70 жашка чейин.

Экинчиси,  Улуттук академиядагы Айтматов Институтундагы директор Абдылдажан Акматалиев. Илимий даражасы – филология илимдердин доктору, илимий наамы – Улуттук Академиянын академиги. 63 жашка чыкты, демек мыйзамга туура келет. Манас боюнча салмактуу эмгектери бар. Айтматов боюнча эмгектери дүйнөлүк масштабка белгилүү. Манастаануу менен айтматовтаануу тармагына бир топ илимдин кандидаттарын жана докторлорун  даярдаган адис. Жаңы Академияны жетектөөгө  мындан мыкты талапкер азыр жок. Административдик, уюштургуч жактардан дагы жогорку сапаттарга ээ.  Мамлекет буга Манас орденин  эки жолу  берген (үчүнчү жана экинчи даражадагы ордендер). Айтматов менен Манасты изилдеген үчүн СНГ биримдигинин “Орден Содружества” деген сыйлыгын алган. Мындай ийгиликтерге жеткендер аз.

Менин Өкмөткө (премьер-министр М.Абылгазиевдин атына) жиберген катыма Билим жана илим министирлигинен жооп келди. “Сунушуңузду алдык, карап жатабыз, түзүлгөн топ ишке киришти, жыйынтык чыкканда кабарлайбыз” дешти. Жыйынтыкты күтөлү.

Кубан Мамбеталиев

 

Аскар Медетов, филология илимдеринин кандидаты: «Көкүрөгүнө арман, көңүлүнө зил толгон Кадыркул Даутов»

– Гезитибиздин 21-февралдагы санында сиз жөнүндө макала жарыяланган.  Ошол боюнча айрым суроолорго жооп алалы дегенбиз.

– Макул.

– Бул чыр эмнеден башталды эле?

– Өзүң билесиң 2017-жылы силердин гезитке К.Даутовдун «Алп акындын албан түстүү дүйнөсү» деген китебин сындап жазгам. Ошондон кийин башталды, далай окуялар болду. Бул мезгилде ал кыргызга мүнөздүү эмес тажаал, көк, кекчил мүнөзүн көрсөттү. Мунун бардыгы ал өзүнүн «классикмин» деп эсептеп алган жалган түшүнүгүнөн келип чыгып жатат. Көзүнүн тирүүсүндө угуп алганы, чындыкты билип алганы жакшы. Дагы да болсо ошол биз сындаган китеби адабият тарыхында калат. Айрым жакшы макалалары бар албетте, калганы болсо жазуучулар союзунун буюртмасы менен жазылган утурумдук макалалар. Муну мойнуна алгысы келбейт деңизчи, бирок ачуу чындык ушундай. Ал эми К.Даутовдун китептерине жазылган мактоолор негизинен бир беткей рецензиялардан турат. Мисалы, силердин гезитке жарыялаган макаласындагы цитата алынган биздин рецензияны К.Даутовдун өзүнүн өтүнүчү боюнча жазып бергенибизди эсине сала кетели.

         – К.Даутов сизди жакшылыкка жамандык кылып жатат «С.Тиллебаевди кандай гана жамандап, ага кандай гана ыплас сөздөрдү чаптап келатат» деп жазды. Буга эмне дейсиз?

– Эми бул «жаман көргөндүн бөркү казанбактай» дегендей эле кеп. К.Даутов менин терс образымды түзөм деп кыжынып, кара боекту коюу сүртүп, сөздөн сөз, синонимден синоним, эпитеттен эпитет тандап мокочо кылып көрсөтүүгө умтулуп, буга чейин топтогон чыгармылык бай тажрыйбасын, болгон чеберчилигин жумшаса да шакардай кайнаган терс энергияснын айынан текст жадатма болуп, анан калса мыкчыгер сынчынын «ар бир акын-жазуучуну өз-өз ордуна коюп чыгам» деген асыл максаты орундалбай, же адабият тарыхын жаза албай, өксүп, көкүрөгүнө арман, көңүлүнө зил толгону, анан да сөзгө болгон туюму мүчүп, калеми мокоп калганы макаласынан чычаладай табы жок пафосунан айкын сезилип турат.

Ар бир адам турмушта жакшылык кылат. Башкалардын жакшылыгын көрөт дегендей. Ооба, убагында мага көп эле адамдар жардам берген. Алардын арасында Садык аке да бар. К.Даутов эмнеге минтип айтып жатканы чындыгында түшүнүксүз. Себеби, азыр да Садык аке менен мамилебиз жакшы, саламыбыз түз. Мен да колумдан келген жардамымды берип жүрөм. Китептеринин талкуусуна, кандидаттык, докторлук диссертацияларынын талкууларына катышып, жылуу пикиримди айтып, колдоп бергем. Мунун баарынын протоколдору турат. К.Даутович ушундай конкреттүү фактылары болсо айтсын.

   – Сизди А. Садыковдон «Чоң акырдан жем жештин ыкмаларын чебер өздөштүрүп», үйрөнүп жатат, Б.Байсабаевдин айткандарын жасап жүрөт» дегенине кандай дейсиз?

– Эмесе, сөз башынан болсун. Мен 2007-жылы ыраматылык профессор Калыбек Байжигитов декан болуп турганда ошол агайдын чакыруусу менен Кувейт университетинен келгем. Декан факультетте реформа жасайм деп, методика кафедрасы менен дүйнөлүк адабият кафедрасын кыскартууга аракет кылып, экинчи тарап Президентке кат жазып айтор катуу тирешүү болуп жатыптыр. Мен албетте, Калыбек агайды колдодум. Бул кармашуунун жыйынтыгында, кафедралар жабылган жок, декан өз арызы менен иштен бошоду. Андан кийин 2013-жылы докторлук диссертациямды бүтүрүп, дүйнөлүк адабият кафедрасына алып келдим. Себеби, мен ушул кафедранын докторанты болгом. Профессор Абдыкадыр Садыков «кафедраны жаптырам деп чуркап жүрбөдүң беле» деп кыйылып жатып, ишимди алып калып, тескери пикир жазып берди. Ошону менен докторлук диссертация жактоо иши токтоду. Ушундай принципиалдуу пикир келишпестик болуп жатса, агай менен кантип бир команда болобуз?

Эми Б.Байсабаев агайга келе турган болсок, ушул эле К.Даутов менен бирге чогуу декан Байсабаевге каршы күрөшкөнбүз. Ошого карабастан 2013-жылы ал мени кафедра башчысы кылып дайындады. Эми мындай кадамга анча-мынча майда адамдар бара албайт да. Ал жетекчи катары факультеттин ынтымагын бекемдеп, менеджер катары да өзүн көрсөткөн. Азыр болсо ыр-чыр, бөлүнүп-жарылуу, ушак-айыңдан башка эч нерсе жок. Себеби, начар илимпоз, жетекчилик жөндөмдөн кур-жалак калган Б.Жайлообаев декан болгондон бери лаборант Г.Телибаеванын күнү тууп, «саясатты» ошол жүргүзүп, декан факультетте лаборанттын деңгээлинде иш алып барып жатат. Аларга интригасыз жашай албаган К.Даутов кошулуп алыптыр.

Бул макаласында К.Даутов профессорлор А.Садыков менен Б.Байсабаевди мага «устат» кылып, ошолор анын субьективизмге каныккан, теориялык негизи жок, методологиясы жаңылыш китептерин сындатып жатат деп жазыптыр, ал эми Жогорку Кеңештин депутаты К.Бокоевдин кабыл алуусунда болуп, ага арызданганда «ректор Медетовду курал кылып алды, мени сындатып жаздырып жатат» деп айтканы да белгилүү. Биз Кыргыз эл жазуучусу К.Даутовдун кайсы сөзүнө ишенебиз? Ал ар кайсы жерде ар башка сүйлөп, ар кимге жалаа жаап, ар кимден шек санай бербей эмне үчүн өмүр бою аздектеп келаткан китептери сынга алынып жатканынын себептерин өзүнөн издесе болмок, ал азыр «өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт» дегендей абалда болуп турат. Болбосо К.Даутов экөөбүздүн ортобуздагы чатакка профессор Б.Байсабаевдин эмне тиешеси бар? Мындай «акыл» Гүлай Телибаевадан эле чыкпаса, башка эч кимден чыгышы мүмкүн эмес, ага болсо К.Даутов «автор»болуп алыптыр.

– Сизди бир дагы окуу программасы жок, китеп жаза албайт деп жатат го. Буга эмне дейсиз?

– «Адабият таанууга киришүү», «Адабият теориясы» предметтери боюнча жарык көргөн программаларым, окуу куралым бар. «Манас таануу» предмети боюнча программаны башкалар менен авторлош түзгөнбүз. Жарыктык киши «бузук телефондорго» ишенбей, өзүмдөн сураса деле аны элге жалганчы кылбай, айтып бермекмин.

Анан калса К.Даутов өзүн сындаган авторлорду ошентип жаман атты кылып, басынтканды жакшы көрөт. А.Эркебаев, О.Ибраимов, К.Ибраимовдор менен бир катар чыккан Каныбек Эдилбаев деген таланттуу сынчы болгон. Ал «Сөз тагдыры» деген китебинде К.Даутовдун «Сентенциядан концепцияга, фактыдан синтезге» аттуу макаласын катуу сынга алып, К.Даутов роман жанрынын теориялык маселелерин түшүбөгөндүктөн Т.Сыдыкбековдун романдарын талдоодо көп кемчиликтерди кетиргенин конкреттүү мисалдардын негизинде тасырайтып далилдеп берген. Ага чычалаган К.Даутов «… али профессионал сынчы катары толук калыптанып бүтө элек, азырынча бир брошюрасы да жок» (К.Даутов «Доорлор чындыгы көркөм адабиятта» Б., 2016, 413-б) деп К.Эдилбаевди эч нерсе жарата элек жаш талапкер катары көрсөткөн. Бул К.Даутовдун баягы эле субьективизми. Анткени сынчы К.Даутовдун эмгегиндеги теориялык кемчиликтерди андан интеллектуалдык жагынан да, чыгармачылык талант-дарамети жагынан да жогору турган автор гана айта аларын «классик» сынчы түшүнүш керек эле. Анан К.Даутовдун макаласындагы алешемдиктерди көзгө сайып көрсөткөн автор профессионал сынчы болбогондо ким профессионал сынчы болот?

Ошентип, кезинде адабяттын уңгулуу маселелерин терең изилдеген китептери бар, 70-80-жылдардагы кыргыз адабий сынынын тарыхында өзүнүн татыктуу орду бар таланттуу сынчы Каныбек Эдилбаевдин эмгектерин жокко чыгарып «бир брошюрасы да жок» деп кергиштеп бой көтөргөн К.Даутов эми ошол өнөкөт «өнөрүн» көрсөтүп, менин эмгектеримди да жокко чыгарууда. Кудайга шүгүр, жазгандарымды эл окуп, баалап жатат. 2012-жылдан бери жарыялаган сын макалаларым 15 басма табак көлөмүндө бир китеп болуп калды. Ага чейин 1985-жылдан бери жарыялагандарым да ошондой эле бир китеп чыгат. Анан кандидаттык, докторлук диссертациялар да бар. Ошондо 4 китептин кол жазмасы даяр турат. К.Даутовдукуна окшоп китеп дүкөндөрүндө өтпөй чаң басып, студенттерге, тааныш-билиштерге «алып койгула» деп суранып, тиленип, кадыр-колко кылып саткандан кудай сактасын. Университетке келгени К.Даутовдун соодагерлик «таланты» ачылып, өркүндөп жатканын айтышууда.

Эми жыйынтыктап айтканда, ушундай майда-барат, кирди-чыкты нерселерди камтыган макаланы жарыялагандын өзү – «карайлаган там сүзөт» болуп, Кадыркул Даутовдун руханий кризиске кабылганын көрсөтүп турат.  Түшүнгөн кишиге бул – трагедия. Азыр заман башка, адабият башка, сын башка. Муну К.Даутов түшүнбөй жаңы доорду таптакыр эле кабыл ала албай калганы ушул адабиятка да, илимге да эч тиешеси жок, болгону бир ууч азезилдей азгырган кутумчул, чагымчыл, чайкоочулардын кызыкчылыгы үчүн жазылган макаласынан айкын көрүнүп турат.

Маектешкен Сурат Жылкычиев

Видео - Аскат Мусабеков: "Өнөрүн өз баласындай бооруна калкалай алган адам гана өнөргө чыйыр сала алат"

Ырчы, аткаруучу Аскат Мусабеков өзүнүн чыгармачылыгы жөнүндө айтып берди. Ал репертуарындагы ырларды кантип тандап, ишмердүүлүгүндөгү жаңы саамалыктары жана пландары менен бөлүштү.

Чыгармачылыктагы алгачкы кадамдары, тоскоолдуктары, учурдагы шоу-бизнеске болгон көз карашы тууралуу маектен көрө аласыздар.

Булак:KyrgyzToday

Бишкекте «Айтматов жана театр» эл аралык театралдык фестиваль башталды

Бишкекте бүгүн, 12-ноябрда «Айтматов жана театр» эл аралык театралдык  фестиваль  өз ишин баштады. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков фестивалдын катышуучуларына куттуктоо жолдоду.

«Бүгүн бизди гениалдуу жазуучу, философ жана гуманист Чыңгыз Айтматовдун залкар чыгармачылыгы баш коштуруп турат. Айтматов жана театр — бул чыгармачыл айкалышуунун символу», — деп белгиленет куттуктоодо.

Мамлекет башчысы куттуктоосунда  Айтматовдун чыгармачылыгы  искусствонун бардык түрлөрүн өнүктүрүүгө негиз болоору белгиленет. Айтматовдун чыгармачылыгына арналган театралдык фестиваль — мунун  жакшы мисалы.

Президент Сооронбай Жээнбеков  бул фестиваль улуу жазуучунун чыгармачылыгын жаңы кырларын ачат деген ишенимин билдирген.

«Айтматов жана театр« эл аралык театралдык  фестивалдын бардык катышуучуларына  чыгармачылык жаңы ийгиликтерди жана жетишкендиктерди, зор шыктануу, чың ден-соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык жана көрүүчүлөрдүн сүйүүсүн каалайм!», — деп белгиленет куттуктоодо.

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган мааракенин алкагында фестиваль 2018-жылдын 17-ноябрына чейин уланат. Жума бою Бишкек Россиядан, Азербайжандан, Казакстандан жана Өзбекстандан келген театралдык жамааттарды кабыл алат.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдерди Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынан жана Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынан көрүүгө болот.

 

Азамат Аспеков: "Мен Кыргызстанда № 1-тамадамын"

-Азамат, өз кесибиң боюнча юрист экенсиң, кантип тамада болуп калдың? Дегеним, тамада болуу үчүн да чыгармачылык шык, талант, эл алдында сүйлөө, элди өзүңө тарта билүү, ынандыруу сапаттары болушу керек

– Тамада болуу ар бир баланын кыялы болбосо керек. Дегеним, эч ким бала кезинен тамада болом деп кыялданып чоңойбойт. Ар бирибиз эле көнүмүш болгон, бизде абдан көп юрист, экономист деген кесиптердин ээси болууну кыялданып, кайсы бир чоң жерде креслодо отурганыбызды элестетип чоңоёбуз да. Азыр баарыбыздын эле чоң болуп, саясатка аралашкыбыз келип калды. Бирок мага бул нерсе жакпайт. Саясатка аралашкым келбейт. Саясаты жок эле элге кызмат кылса болот экенин эбак эле түшүнгөм. Ошондуктан өз кесибим менен иштебей, тамадалыкты тандап алдым. Тамада болушума өзүм окуган окуу жайдагы маданий иш- чараларга катышуум башкы себеп болду. Окуу жайдагы иш-чараларды алып барып, уюштуруп жүрүп тамадалык жакшы кесип экенин билдим да, ушул жолду тандадым. Окуу жайды бүткөндөн кийин Жаныбек Алыкулов агай менен иштешип, агайдан тамадалык өнөрдүн сырларын үйрөнүп, андан кийин тойлордо элиме кызмат кылып тамада болуп иштей баштадым.

– Канча жылдан бери тамада болуп тойлордо кызмат кылып келе жатасың?

– Юридикалык академияны бүткөндөн тартып эле тамада болуп, элдин жакшылыктарында кызмат кыла баштадым. Ошондо эрке бала кызматында жүргөнүмө 8 жыл болду. 8 жылда ар кандай жагдайларга туш болдум. Бара-бара такшалып, көп нерсеге көзүң жетип, чөйрөгө жараша той башкарганга да көнүп калат экенсиң. Азыр элдин да психологиясы өзгөрдү. Мурда элди күлдүрүү, шаң тартуулоо үчүн ар кандай күлкүлүү оюндарды ойното турган болсок, азыр эл салмактуу нерселерге көңүл бура баштады. Мындан 5-6 жыл мурда колдонулган сөздөр, оюндар ойнотулбай калды. Эл салмактуу, оолуттуу алып барган тамадаларды жактырып, тойлорго көп чакыра баштады. Албетте, бул жакшы өзгөрүш мени кубантат.

– Сен жашсың, жаш тамадаларга көп адамдар ишеним арта албаса керек. Сени тойго чакырууда жаш экенсиң, кандай алып барасың деп сурашабы? Деле чакыруулар болобу?

– Балким, жаш дешээр. Бирок тойду жогорку деңгээлде алып баруу жаштан көз каранды эмес го дейм. Жаштар идеяга бай, энегриялуу чарчабай, талыкпай изденип, ар бир тойду, иш-чараны ар башка кылабыз. Кудайга шүгүр, чакыруулар көп. Көп тамадалар күз айында гана сезон деп иштеп калышса, биз жыл бою жумушсуз отурбайбыз. Чакыруулар дайыма болуп турат. Себеби биз ресторан, кафелер, алып баруучу балдар менен тыгыз байланышта болуп, кызматташып турабыз. Бирибизде чакыруу көп болуп калса кызматташтыктагы башка тамадаларга чакыруулардан бөлүшүп турабыз. Бул да жакшы ынтымак жана колдоо деп билем.

– Той алып барган тамадалардын баарынын эле алып барганы бирдей, эч бир өзгөчөлүк жок дегенге кандай жооп айтасың?

– Бул сөзгө кошулбайм. Той алып барат десе эле чачты тарап, кийинип алып эле кечинде барып калбайбыз. Той ээси тамада болуп бер дегенден тартып эле ал той ээси туурасында изилдеп, баарын тактап билип, ошого жараша программа түзүп, мурдагы тойлордо болбогон нерселерди кошуп катуу даярдык көрүп, андан кийин гана алып баруу ишине киришебиз. Башкаларды айта албайм, менин алып барууларым бири-бирине окшобойт. Элден да сенин алып барганын башка тамадага окшош же бир тойдогу алып барганыңды кайталадың дегенин уккан эмесмин. Ким изденсе, иштесе ал башкаларга окшобойт.

– Сенде кандай өзгөчөлүктөр бар?

– Эми баарыбыз кыргыз болгондуктан өзүбүзгө тиешелүү каада-салт бар. Тамадалар атайын бир рамкадан чыга албайбыз. Себеби биздин каада-салт каалагандай алып барууга жол бербейт. Салтты сыйлабыз. А өзгөчөлүк болсо сөздөр, стиль, оюндардан болсо болот.

– Тамада кесиппи же акча табуучу булакпы?

– Тамадалыкты кесип деп билем. Себеби биз бул кесиптин арты менен үй-бүлөбүздү багып жатабыз. Акылыбызды, билимибизди, убактыбызды, күч-аракетибизди жумшап эмгектенип келебиз. Ошондуктан эч ойлонбой эле тамадалык менин кесибим деп айта алам. Бул кесип мага жагат жан дүйнөм каалаган, сүйгөн кесибим.

– Өзүңдү №1 тамада деп атап келесиң, бул орунду эмнеден улам көрсөтүп келесиң?

– №1 деген орунду мен өзүм эле алып алган эмесмин. Айрым билбегендер Азамат өзүн укмуш көкөлөтүп, мактанып алган го деген пикирде болушу мүмкүн. №1 деген орунду 2015, 2016, 2017-жылдары социалдык тармактар аркылуу «Эң мыкты» тамада деген элдик тандоо болгон. Ошол интернет аркылуу тандоодо 2016-жылы № 1 тамада деген наамга татыгам. 2017-жылы орус тилинде тандоо жүрүп «№ 1 ведущий нового поколения» деген сыйлыкка татыгам. Бул наамдарды мага элим берген. Ошондуктан эч тартынбай эле тамада №1 деп айта алам жана өзүм үчүн мен дайыма №1 тамадамын.

– Өз кесибиң юрист эмеспи, кесибиң менен иштейсиңби?

– Ооба, учурда адвокат болуп эмектенем. Тамада менен адвокаттын көп окшоштуктары бар. Экөөндө тең эл алдында сүйлөйсүң. Тамадада да дикция, ынандыруу, элдин көңүлүн буруу керек болсо, адвокатта да ошол эле нерселер керек. Тамада болгонумдун азыр өз кесибиме да пайдасы тийип жатат.

– Тойдун мыкты өтүшү кимден көз каранды?

– Албетте, элден жана тамададан. Кээде тойдо шаңдуу адамдар отуруп калат. Айрым учурда шаан-шөкөттү сүйбөгөн, кабактары салыңкы суз адамдар келип калат. Тамада ошондой учурда элдин маанайына карап, ар бирине туура мамиле жасап, таарынтып албай жумшак сөз, шаңдуу программа менен элдин кабагын ачып, шандуу отурганына жол таба алышы керек дейм. Эл жакшы отурбай койду деп эле эптеп-септеп бүтүрүп койгон туура эмес. Той ээси тамаданын эмгегине акы төлөп жаткандан кийин той той ээсине жагышы зарыл жана келген эл ыраазы болуп кетиши шарт.

– Сен башкарган той той ээсине жакпай калып, кемчиликтериңди айткан учурлар кездешеби?

– Албетте, андай учурлар болгон, азыр деле болуп турат. Көбүнчө акын агайларыбыз кемчиликтеримди айтып, кеңештерин берип турат. Алардын айткандарын туура кабыл алып, жыйынтык чыгарып, кемчиликтеримди оңдоп келем. Негизи адамга сын айтылбаса ал өспөйт, иштебейт, изденбейт. Туура сын адамды өстүрөт, болгону туура кабыл алып, жыйынтык чыгара билүү керек.

Жаркынай Кадыркулова

Булак: «Фабула»

 

Меню