Menu

Шумкар Бейшеналиев, актер: Казакстанда киного тартылып, каскадер болуп жүрөм

Бөлүшүү:

Шумкар (Шума) иним жай турмушта куудум-шуудуму жок, түз жүргөн жигит. Бирок, тааныган, билгендер аны бир көргөндө жылмайбай коё албайт. Комедиялык жанрдагы «Бажарики», «Бажарики-2» ж.б. кинолордо тиешелүү кейипкерлердин образын мыкты аткарганы менен эл оозуна алынган. Жакында «Ак кой, кара кой» ролиги да элдин купулуна толуп, дарегине жакшы сөздөр айтылууда.

– Шумкар иним, мен адаттагыдай эле маекти салттуу суроомдон баштайын. Куудулдук өнөр кай жактан, кимден?

– Негизи эле актёр болуу менин бала чактагы кыялым болчу. «Ойноп аткан ролумду көргөн көрөрмандар, көрүүчүлөр шолоктоп ыйлап отурса» дечүмүн. Куудулдук өнөр чоң атамдан келатат, атам да жөн адам эмес. Тамашалап сүйлөп, пародиялап, элдин маанайын «сокур ит бок жалагыча» көтөрүп ийет. Атамдан мага жугуп, эми мен «оңбой» калдым.

– Кадр артында да эсте кала турган көп окуялар болуп кетет…

– «Бажарики» киносунда андай окуялар көп болду. Биринчисинде тасмал үстүндө тартылып, он чакты дубль болуп, курсагым жарылып кала жаздаган. Экинчисинде болсо өрттөнүп, капыстан чолок шымга бензин төгүлүп, саным күйүп жаракат алгам. Сууга жеткиче эле күйүп калыпмын.

– Инстаграм сен үчүн?..

– Инстаграм мен үчүн хобби. Ал жакка позитивдүү жаңылыктарымды салып турам. Ансыз да өлкөдөгү акыркы жаңылыктарга кулак төшөсөң эле «жол кырсыгынан 7 адам өлдү. Жаш кызды же кемпирди зордуктап кетти. Машине алты ала салып барып, ичиндеги алты адам набыт болду» деген жагымсыз кабарды бир күндө алты жолу кайталайт. Ошондуктан кыргыз элине андан тьппкары юмор тартуулап, бираз түйшүктөн оолактап, биздин роликтерди көрүп жылмайып коюшсун деген максатта шугулданам.

– Инстаграмдагы «Натяжной потолок» аттуу ролигиңер тууралуу айта кетсең?

– Аны Эмил Эсеналиев «Шумкар, кел экөөбүз тартып коёлу» деген. Анан экөөбүз импровизациялап, оюңа эмне келсе ошону сыртка чыгарып айтмай кылганбыз. «Сен тигини айт, андан кийин мен муну айтам» деп сүйлөшүп, акырында кыргызча түш жоруган Андрей деген досубузду да кошуп бир жакшы идея чыккан. Андайлар бизде бат-бат болуп турат.

– Ак кой, кара койду да ушинтип жараткансыңарбы?

– Мындан 3-4 жыл мурун Тамашоуда ойноп жүргөндө Арслан деген досум «Шумкар, менде сага деген бир идея бар, ак кой, кара кой боюнча» деп сценарийин айтып берген. Идея Арслан достуку. Аны Эмил экөөбүз отуруп алып, «сен жамбаштап жаткан болосуң. А мен эки размер чоң өтүктү кийип келем…» деп роликке ылайыктап тартып койдук.

– Жашоодо сени жөнөкөй эле жүргөнүңдү билебиз же андай эмеспи?

-Ошондой элемин, байке. Болор-болбос нерсеге ырсалаңдаганды табитимде жактырбайм. Тааныбаган кишиме тамаша айтпайм. Ичи-койну жабык кишилер менен сүйлөшпөйм, тултуюуп туруп алам.

– Ак койдун баасы канча?

– Байке, азыр койлор кымбаттап кетиптир. 7-8 миң экен. Сизге 5 миң сомдон жогору.

– Качан үйлөнөсүң, досторуңдун бирөөсү 16 жаштагы кызды алып, кызыл ат минип жүрөт, а сен…

-А мен бойдокмун. Стоп-стоп! «Бойдок» десе эле «кызы жок экен» дебесин сиздин окурмандар. Сүйлөшкөн кызым бар. Убакыт-сааты чыккан күнү ата-энемдин маңдайына жаркылдатып жетелеп барам. Апам ак жоолугун башына салат. Азыр болсо Казакстанда киного тартылып жүрөм.

– Өткөндө айттың эле «байке, мен каскадёрмун, студентмин» деп. Ошо боюнчабы же комедиябы?

– Жок-жок, комедия эмес, каскадёр болуп жүрөм. Жаман иниңиз жөн жүрбөй калбадыбы. Студентмин, Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде окуйм.

Сурат Жылкычиев

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: