Бүгүн, 13-cентябрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кыргыз тилиндеги балдар адабияты боюнча 2017-жылдагы лауреттарына сыйлыктарды тапшырды.
– жазуучу Эркалы Өскөналы, “Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты проза чыгармасы үчүн” номинациясында “Куйручук баланын жоруктары” жыйнагы үчүн,
– акын, жазуучу Амангелди Мисиров -“Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты поэзия чыгармасы үчүн” номинациясында “Кыялбектин жоруктары” жыйнагы үчүн,
– акын, жазуучу жана котормочу Ысмайыл Кадыров – “Балдар үчүн адабий чыгармаларды кыргыз тилине эң мыкты которгондугу үчүн” номинациясында Америка жана Австралия элдеринин жомокторунун мыкты котормосу «Күмүш жомоктор» жыйнагы үчүн татыктуу болушту.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыктарын уюштуруунун негизги максаты кыргыз тилин кеңири жайылтууну жогорулатуу, мектепке чейинки курактан баштап аны үйрөнүүгө шарттарды түзүү, ошондой эле кыргыз тилине балдар адабиятын которууга түрктү берүү болуп саналат.
Сыйлыктар эки жылда бир жолу коомчулукка кеңири таанылган, ата мекендик адабияттын өнүгүшүнө орчундуу салым кошкон кыргыз тилиндеги балдар адабиятынын кыйла таланттуу чыгармаларына ыйгарылат.
Сынактын жеңүүчүлөрүнө лауреаттын диплому, Ардак белги жана лауреаттардын ар бирине 50 000 миң сом өлчөмүндө сыйлыктар тапшырылат.
Сыйлоого байланышкан чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2017-жылдагы бюджетинин чегинде жүргүзүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ