Menu

ММК ДАЙДЖЕСТ

Атамбаев vs Текебаев: котур таштар коңулдан чыкканда

Эртең 7-апрель окуясына жети жыл толот. Бул күнү элдик революция болдубу же бир ууч топтун төңкөрүшү болдубу, муну эми тарых мезгили менен өз-өз ордуна коёр. Бирок, тарыхта апрель окуясы менен андан берки күндөр революция лидерлеринин мародерчулук, рейдерлик, коррупциялык былыктары аркылуу да ташка тамга баскандай жазылып калаары айгине болуп калды. Албетте, саясаттын былгышы, өлкө экономикасынын артка кетиши, карыздын өсүшү, коррупциянын дүркүрөп өсүшү, мамлекеттик системанын талкаланышы, туугандык-кландык бийликтин тамыр жайышы, жакырчылыктын көбөйүшү, саясий плюрализм менен сөз эркиндигинин муунтулушу сыяктуу “ийгиликтерди” убактылуу бурмалап, ката турганда. Мамлекетти талап-тоноо боюнча ээн-эркин, жоопкерчиликсиз иштерди жүргүзүп келаткан саясий лидерлер акыры келип бири-бирине тап коюп, тиш салып киришти. Бул эми “көрбөгөндүн көргөнү курусун” дегендей, арам байлыкка көздөрү тумандаган көрпенделердин табиятыдыр.

Президент А.Атамбаев менен депутат, ажонун кырчылдашкан каршылашы Ө.Текебаев бири-бирин мародерчулук, коррупция боюнча айыптап келатышканын жакшы билебиз.

Алсак, тээ 2010-жылдан бери эле О.Текебаев менен анын Райкан Төлөгөнов, Туратбек Мадылбеков, Болот Шер сыяктуу партиялаштарына 7-апрель революциясы учурунда мародерчулук уюштурушканы жана мародерлорду башкарышканы боюнча кине айтылып келет. Кылмыш иштери да козголуп, тиешелүү материалдар топтоштурулган. Бийликке жакын адамдар тарабынан “ата-мекенчилерди” мародерчулукка айыптаган сөздөр өлкөнүн саясий күн тартибинде утуру жаңыртылып келатканы бул маселенин акыры жүрүп чоң жаңжалга айланаарын каңкуулаган. Аягы келип А.Атамбаевдин “мародер”, “сасык партия” деген лакаптуу сөздөрү менен беткап сыйрылды. Албетте ажо да кууланып “Текебаев мародер”, “Ата-Мекен” партиясы сасык” деп ысымдарын сая айткан жок, бирок элдин баары эле сөз төркүнүн сопсонун түшүндү.

Ал эми О.Текебаев да ажо А.Атамбаевди “өз учурунда Бакиевдердин мыйзамсыз менчиктештирип алган Кой-Таштагы 2,7 га жер тилкесин коррупциялык жол менен сатып алымыш этип, чындыгында Бишкек мэрлигине кондуруш үчүн А.Ибраимовдон пара катары алган” – деп чорт кесе айтты. Ажо ал жерди 2015-жылы Бишкек шаарынын азыркы мэри Албек Ибраимовдон (тагыраагы анын аялынан) сатып алып, келишкен вилла салып, былтыр туулган күнүнө карата бүтүрткөн.

Эки лөктүн мындан башка да “сен жедиң”, “мен жедим” деген сыяктуу бири-бирин каралаган сөздөрү толтура. Эки тарапка кулак төшөгөндөр “экөө тең кызылдай кылмышкерлер турбайбы” деп ишенип да кетет. Бирок, бүгүнкү күндүн ачуу чындыгы – Кыргызстан бүгүн жырткычтык менен аёосуз таланып-тонолгон адамдын кейпин кийип турат.

Тар жол тайгак кечүүдөн аңдышкан спекулянттар

2010-жылдан бери бүгүн мына 7 жыл өтүп отурат. Мунун акыркы бир жылын эки саясатчынын ачык каршылашкан окуяларына болсок, ага чейинки алты жылда экөө коюн-колтукташып, саясий казандын шорпосун чогуу сапырып келишпеди беле? Бири-биринин бүгүн айтып жатышкан “кылмыштарын” жаап-жашырышканы мындай турсун, биринен сала экинчи өкмөттү алмаштырып, депутат, министр, губернаторлорду каалагандай калчап жатышты го. Мародерчулук, рейдерчилик, коррупция боюнча бүгүн айтылып жаткан эки тараптуу айыптар, демек, алты жыл бою аң-сезимдүү түрдө атайылап жаап-жашырылып келген экен да. Бул деген мыйзам тамгалары боюнча алганда – кылмыш! Казынаны чогуу калпыганда, саясатты бирге сасытканда бири-биринин кылмыштуу өтмүштөрүн билип туруп билбемишке салгандын өзү жоопкерчиликтин катаал баасын талап кылат. Анан келип бири-бирине каршы катып жүргөн котур таштарын укмуш табылга таап чыккансып элге жар салып, “сасып” киришкени, бири-бирин тар жол тайгак кечүүдөн күтүшкөнү, аныгында ушул эки саясатчынын ички дүйнөсүнүн ирип-чирип бүткөндүгүн, башынан эле мамлекет кызыкчылыгынан өздөрүнүн жеке керт баштарынын бактысын алдыга коюп келатышканын көрсөтүп турбайбы. Андыктан, А.Атамбаев менен О.Текебаевдин бири-бирине коюп жаткан айыптары далилденчү болсо, логика боюнча эки тарап тең мыйзам жоопкерчилигине тартылышы керек. Өздөрүнүн эле эмес, бири-биринин да кылмыштарын жаап-жашырышканы, мыйзам талаптарын аткарбай саясий спекуляция жасашканы үчүн.

Адамдардын, өзгөчө саясатчылардын жырткычтык табияты бүгүнкү күндө да актуалдуу

Тээ 70-жылдары серб сүрөтчүсү Марина Абрамович уникалдуу бир эксперимент жүргүзгөн: көргөзмө борборлорунун биринде жанына балка, тапанчадан баштап акварель боёкторуна чейинки ар түркүн предметтерди коюп алып кыймылсыз туруп берген. Айланадагы адамдарга предметтерден каалаганын алып, сүрөтчүгө карата оюна келген нерселерин жасоого уруксат берилген. Башында көрүүчүлөр чечкинсиз карап, уялып, Маринага гүл берип, өөп жатышкан. Бирок бара-бара эркиндиктин чексиздигин сезген адамдар аны чечиндирип, денесине сүрөттөрдү тарткылап, жадагалса кескилеп да киришкен. Болгондо да мунун баары оюн-күлкүнүн коштоосунда болгон. Көрсөтүүнүн аягы адамдардын бири тапанчаны алып сүрөтчүнү атууга сунганда токтотулган.

“Башында көрүүчүлөр мени оюна келгендей ойногусу келишти. Анан алар барган сайын агрессивдүү боло башташты. Бул 6 сааттык тозокко араң чыдадым. Чачтарымды кыркышты, денеме роза гүлүнүн тикендерин сайгылашты, моюнумду кескилешти, анан ал жаракатка пластырь жабыштырышты. Ошол күнү кечинде мейманканага келип чачтарымдын кадимкидей ак басып, буурулданып кеткенин байкадым” – дейт сүрөтчү Марина Абрамович.

“Мен муну менен бир нерсени көрсөткүм келди: эгерде адамга уруксат берилсе, ал канчалык тездик менен жапайы жандыкка кубулуп чыга келээри тан калыштуу. Эксперимент мага кандай сабак берди? Мен мурда маданияттуу, сабаттуу делген Европа экинчи Дүйнөлүк согушта кандай гана жырткычтыкка бой таштап кеткенин түшүнө алчу эмесмин. Мындай нерсе экинчи кайталанбайт, адамзат өзүн-өзү карап алып эси чыкты го деп ойлогом. Бирок, андан соң Сербияда кан төгүүлөр болду, анан Чеченстан, Одесса, Донбасс. Жообу мына: эгер адамга мүмкүнчүлүк берилсе, ал көз ачып жумганча айбанга айланып кетет турбайбы” – деп, адамзаттын көмүскөдө жашырылып жаткан табиятын ачып көрсөткөн сүрөтчү элдин оозун ачырган.

70-жылдагы серб сүрөтчүсүнүн эксперименти менен бүгүнкү күндөгү Кыргызстандын тагдырынын ортосунда окшоштуктар барбы? Менимче, тилекке каршы, укмуштуудай окшоштуктар бар…

Булак: “Алиби”

Каратаевди эмес, сот Козуевди соттош керек

 

Аллергия

Чынымды айтсам Базаралы Каратаевден качууга да аракет кылып көрдүм. Мыйзам талаптарын каалагандай калчаган паракор соттордун айласын таба албай, өлкө Президентине эски мамилебизди эске салып кат жазып, анын аппарат жетекчисинин кабыл алуусунда болуп, абалды түшүндүргөн соң өзүм баштаган иш эски арабадай кыйчылдап, аздан алга жыла баштагандай болгон. Бирок, Башкы прокуратурага жазган кайрылуулардан, арыздардан, даттануулардан майнап чыгарына ишеним өчкөндөн өчүп, адилеттикке болгон үмүт гана андан күдөр үздүрбөй турган учурда Базарали баш болгон бир топ адамдардын телефон чалып, кеңеш сурашы мени жарга такап койду.

Биринчиден, сот-прокурорлордун зомбулугуна, кара ниет иштерине каршы канчалык күрөш ачканың менен алардын сенин айтып жазгандарыңды чымын чакканчалык көрбөй, учурда колдорунда турган бийликтерине таянып мыйзамды тебелеп-тепсеп берээрине толук көзүм жетип турган убакта «эчки тууй албай жатып койго арачы болбоюн», – дедим эле. Ошол эле убакта, экинчиден Президент А.Атамбаевге жазган кайрылуумду окуп алып, анан кеңеш сурап, жардам издеп кайрылган алайлык, аксылык, лейлектик, нарындык, ат-башылык, кадамжайлык жана башка бир топ жердештеримдин ансыз да басылып балчыкта, тебеленип тепсендиде жаткан үмүттөрүн ого бетер өчүрүүгө адамдык нарк-насилим чыдабады. Ата-журтунда кор болуп, ыза тарткан,тикелей милдеттүү кызматтар алардын көз жашын жамгырдын тамчысындай көрбөгөн мындай адамдардын Кыргызстанда миңдеп санааларын, алардын баарына жардам берүү эмес, кеңеш берүүгө да мүмкүнчүлүгүм чектелүү экенин билип турсак дагы  алгачкы жардамды Каратаев Базаралиден баштоону туура таптым. Адам тагдырын, жарандардын кудай берип, Конституция баш болгон толгон-токой мыйзамдар коргоого алган укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын кайра ошол мыйзамдарды бетке кармап тебелеп-тепсөөгө көнгөн укук коргоо, сот, прокуратура органдарынын «кара жемсөө кузгундары» жөнүндөгү алгачкы баян Базарали Каратаевден башталмай болду.

Адегенде эле мен бир нерсени эскерте кетмекчимин. Бул макала жалаң гана документтердин негизинде, көп жылдык юридикалык иш стажы бар, чындыкты туу туткан журналист-юристтин калеминен чыгып жатат. Ошондуктан, 99 пайызы калп, бурмаланган, 1 пайызы гана чын (тараптардын аты-жөнү, жашаган жери ж.б.у.с. маалыматтар) сот тергөө, прокуратура, сот органдарынын айрым актыларына караганда менин бул журналисттик-юристтик аналитикалык изилдөөмдүн 99 пайызы чындык экендигине бөркүңүздөй ишене берсеңиз болот. Себеби, менин алдымда бир гана максат бар. Ал көчөлөрдө чыркырап, боздоп ыйлап жүргөн чындыкты «калың» элге жеткирүү. Бүгүн албаган жазасын, күнөөлүү сот, прокурорлор эртең сөзсүз аларына ишенели.

2015-жылдын 17-сентябрында Ош облусундагы Өзгөн районунун прокурорунун улук жардамчысы Р.Жумаканов Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары аралык аймактык бөлүмү тарабынан Чаңгет айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетти аткаруу боюнча аудиттик текшерүү актысынын негизинде №147-15-439 кылмыш ишин козгоп, ага райондун прокурору Ж.Айтыкулов макулдугун берет.

Эсептөө палатасынын эсеби боюнча Чаңгет айыл өкмөтү 67080 сомдук 1720 литр АN-92 маркасындагы бензинди кириш кылбай, белгисиз максатта жок кылган.

Экинчиси, айыл өкмөттүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси М.Ормонов айыл өкмөтүнүн кассасынан 15500 сом алып, аны жасалма документтерди жасоо жолу менен өзүнүн жеке кызыкчылыгына сарп кылып салган.

Үчүнчүсү, ошол эле М.Ормонов айыл өкмөтүнүн кассасынан 14800 сом акча каражатын алып, аны айыл өкмөт башчысы Д.Акматовго берип, анысы аны «ап» этип койгон.

Төртүнчүсү, (көңүл буруп коюңуз) Чаңгет айыл өкмөтүндөгү М.Жумабаев атындагы орто мектептин мурдагы директору Б.Каратаевге берилген 18 000 сом, жер адиси А.Кадыровго берилген 14 400 сом жана салык кызматкери Т.Ниязовго берилген 10590 сом акча каражаттары боюнча тийиштүү очеттор тапшырылбастан, өз кызыкчылыктарына иштетилип, жок кылынган.

Кылмыш ишин козгоо жөнүндө токтомдо көрсөтүлгөндөй М.Жумабаев атындагы орто мектептин директору Базарали Каратаев 18 000 сом акчаны айыл өкмөтүнүн кассасынан алып, аны кайда сарптагандыгы тууралуу отчет берген эмес, демек тергөө айтмакчы «өз кызыкчылыгына иштетип, жок кылган».

Прокурордун улук жардамчысынын чала сабат бул токтому 2015-жылдын 17-сентябрында Базаралы Каратаевдин андан аркы тагдырына балта чаап, бир кездеги жаркылдаган адамды бүгүн мүнкүрөп ар кимден жардам сурап, акыйкаттык издеген адамга айлантып отурат.

Чала сабаттуу жардамчы өзүнүн чала сабат токтому менен Б.Каратаев тарабынан 18 000 сом кайда кеткендигин, кайсыл же эмне иштерге сарпталгандыгын, эмне үчүн өз убагында отчет тапшырылбагандыгын тактабай, аныктабай туруп элге аны «акча жегич» кылып, мыйзамдын так аткарылышын көзөмөлгө алууга милдеттүү прокурор М.Айтикулов ал формулировкага макул болуп, колун коюп берген. Тергөө учурунда 18 000 сомдун 10 000 сомун Чаңгет айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М.Мамытов алгандыгы, б.а. ал Б.Каратаевге 8 000 сомун гана берип, «калганын кийин берем» деп ордерге кол койдуруп алгандыгы аныкталган. Аны М.Мамытов тергөөдө да, сотто да мойнуна алып, ал акчаны кассага кайра төгүп берген.

Калган 8000 сомдун 2650 сому мектепке мөөр-штамп, 770 сому лозунг жана 650 сому вывеска жасатууга жумшалган. Бул сумма 4070 сомду түзөт жана документ далилдер менен тастыкталат.

Мындан сырткары 2014-жылдын 5-сентябрында Б.Каратаев тарабынан райондук «Өзгөн нуру» гезитинин редакциясына мектеп турмушун чагылдырган материал даярдоо үчүн 3000 сом акча төлөнгөн. Анын квитанциясы кылмыш ишинин ичинде тиркелүү, 930 сом Чаңгет-Өзгөн-Ош каттамы менен 2 жолу жогорудагы заказ берилген буюмдарга буйрутма берүү жана алып келүүгө кеткендигин, бирок аларды тастыктоочу документтердин жоктугун Б.Каратаев өзү да мойнуна алат.

Анда эмне, Б.Каратаевге 930 сом үчүн кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп, сот жообуна тартылып отурабы? Бул сумманы бардыгыбыз көнүп бүткөн американын акчасына которсок бүгүнкү курс менен 13 доллардын ар жак, бер жагын түзөт экен. Анда Б.Каратаев 13 доллар үчүн соттолуп жатабы?Күлкү келтирерлик иш эмеспи мунубуз?

Б.Каратаевди эмес, судья А.Козуевди соттош керек

2015-жылдын 16-декабрында Өзгөн райондук сотунун судьясы А.Козуев Каратаев Базарали Тагаевичтин жана Чаңгет айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы Мирлан Мамытов менен ошол эле айыл өкмөтүнүн кассири Акылбек Кадыровдун кылмыш ишин караган. Сот өкүмүндө «Б.Каратаевге карата Кыргыз Республикасынын КЖКнын (Кылмыш-жаза кодексинин-автор) 315-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын квалификациялык белгилери болуп, кызматтык жасалмачылык, жарандардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын же коомдун же мамлекеттин мыйзамда корголгон кызыкчылыктарынын олуттуу бузулушуна алып келгендиги  болуп саналат.

Андан сырткары, соттолуучу…Б.Каратаевге угузулган айып мыйзам боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 12-беренесине ылайык оор кылмыштардын катарына киргендигин сот эске алат»- деп көрсөтүлгөн.

Сот өкүмүнө ишенсек Б.Каратаевди «күнөөсүн» жеңилдетүүчү бир топ жагдайлар эске алынган. Ошол эле убакта, «кызмат абалынан кыянаттык  менен пайдаланып, ишенип берилген мүлктү жок кылгандыгы» анын «кылмышын» оордотуучу жагдай болуп эсептелип, ал Кыргыз Респуликасынын Кылмыш-жаза кодексинин 30 (кылмышка шериктеш болуу)-171-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пункту (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу (туурасы-жок кылып коюу) жана 315-беренесинин 2-бөлүгү (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш жасаган деп табылып, 6 жылга эркинен, 1 жылга белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратылган. Жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн жатак абагында өтөө белгиленген. КР КЖКнын 63-беренесинин негизинде бул жаза шартуу деп эсептелинип 2 жылдык сынак мөөнөтү берилген. Бул мөөнөт ичинде Б.Каратаевдин жашаган жерин алмаштырууга, андан башка жакка чыгууга, түнкүсүн көчөдө жүрүүгө, эл топтошкон жерлерге барууга укугу жок.

Бул жазадан тышкары сот Б.Каратаевди мамлекеттин эсебине эсептик көрсөткүчтүн 4 миң өлчөмүндө айып төлөөгө кошумча милдеттендирген, б.а 400000 сом айыпка жыккан.

Жаза белгилөөдө Өзгөн райондук сотунун судьясы А.Козуев, Ош областтык сотунун апелляциялык инстанциясынын судьялары А.Кубатов, А.Абдылдаев, М.Токтомушов, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун көзөмөл иретинде даттанууну «караган» судьялары К.Бокоев, Б.Бактыгулов, А.Акыевдердин соттук «баасына», алардын чечимдеринин мыйзамдуулугуна жана адилеттүүлүгүнө мен кийинчерэээк токтолмокчумун. Азыр болсо, макаланын подтемасы эмне үчүн «Б.Каратаевди эмес, судья А.Козуевди соттош керек»- деп берилгенине түшүнүк берейин.

Жардам сурап, электрондук почтама жиберген катында Б.Каратаев минтип жазыптыр: «2015-жылдын 15-декабрында Өзгөндө сот болду. Сот А.Козуев «баарыбызды мугалим окуткан. Ишиң бүтөт, бир сом акча жебепсиң»- деп кабинетинде сүйлөшүп, баалашып, 40000 сом акчаны өз колум менен бердим. Өкүм окуларда адвокат Каныбек уулу Эркин «10000 сом берсин. Агайды актап коелу деп сот сурап жатат»-дегенинен дагы 10000 сом бердим. Өзгөн районунун соту А.Козуевге жалпы 50000 сом өткөрдүм. А.Козуевге ишенип жүрө бериптирмин. Соттун өкүмүн колума алган эмесмин. 2016-жылдын 17-июнунда мугалимдиктен бошоткон буйрук колума тийгенде анан соттолгонумду билип, облус сотунун өкүмүн мектептен көчүрүп алдым»

Мына  өзүнүн соттолгондугун бир жарым жылдан кийин, ошондо дагы тийешелүү органдарга кайрылуунун ордуна өзүндөй эле катардагы бир жаран мага билдирген баё, ишенчээк, момун, элеттик кыргыз жигитинин баё каты. Буга, б.а судья А.Козуевдин бул жоругуна укуктук бааны ким берет? Соттор кеңешиби? Башкы прокуратурабы? Же Президенттин соттук реформалар боюнча бөлүмүбү?

Пара алып жатканда колунан кармаган судьялардын ишин эптей албай жаткан бул органдарга деле ишеним аз. Бирок, «сот реформасын жасап жатабыз, соттор сааттын жебесиндей чыкылдап иштеп жатат»- деген ооз көптүрмө сөздөрдү жакшы көргөн «чоңдорубуз» соттордун жана өзүлөрүнүн ар намысы үчүн А.Козуев маселесинин моралдык жагын карап койсо, Б.Каратаевге окшоп оозунан жулдурган миңдеген адамдардын сообуна эле калмак.

Деги Б.Каратаев деген ким жана ал эмне үчүн соттолгон?

«Мамлекеттин казынасынан бир сом акча жебей 6 жылга эркинен ажыратылган, мугалимдиктен бошотулган, түнкү убакта көчөөдө жүрбөөгө, эл топтошкон жайларга барбоого милдеттендирилип, 400 000 сом акчага айыпталган агай мен-Каратаев Базарали. Жалпы эмгек стажым 34 жыл, педагогикалык стажым 29 жыл. 7 жыл катардагы дене тарбия мугалими, 2 жыл окуу бөлүмүнүн башчысы, 20 жыл мектеп директору болуп иштедим. Мугалимдердин республикалык 2-курултайынын делегаты болуп, адеп, ахлах, ыйман туурасында сөз сүйлөгөм. «Эл агартуунун отличниги» төш белгисинин ээсимин. Райондук, областтык, республикалык ардак грамоталар, дипломдор ыйгарылган. Өзгөн районундагы Чаңгет айылдык кеңешинин депутатымын».

(Б.Каратаевдин мага жазган катынан)

-2008-ылы Өзгөн райондук мектептер аралык конкурста жылдын мыкты мектеби аталып, облусттук сынакка катышып, байгелүү орунга жетишкен. Учурда Чаңгет айылдык кеңешинин депутаты, өзүнүн жетекчилик оң сапаттарын көрсөтүп, өзгөчө сезгичтик менен ар бир мугалимге мамиле жасап, алар менен кенен-кесир баарлашып, өзүнүн педагогикалык тажрыйбасын жайылтып келүүдө.

Б.Каратевдин демөөрчүлүгү менен өз каражатынан эки жүз элүү миң сом акча жумшап, мектеп муктаж болгон 3 бөлмөлүү китепкана, ашкана куруп, 2007-жылдан азыркы мезгилге чейин ремон иштерин өз каражатына бүткөрүп келүүдө».

(Айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Эшиев менен айыл башчысы А.Ташмаматов кол койгон мүнөздөмөдөн)

2006-жылы «Мамлекет мага эмне кылып берет деп күтүп отурбастан,мен мамлекетке эмне кылдым деген максатта айылдык кеңештин депутаты Базарали Каратаев өз каражатына китепкана, ашкана куруп, ичине килем төшөп, 2007-жылдын 17-майында Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мурзаибраимова Ибадат Бекмаматовнанын жетекчилиги астында Өзгөн району боюнча мектеп директорлорунун арасында «Жаш демилгечил күчтөр келечектин татыктуу инсандарын тарбиялайт»- деген темада семинар өткөргөн. 2007-жылдан азыркы мезгилге чейин жыл сайын ремонтко кеткен каражатты Базарали Каратаев өз чөнтөгүнөн чыгарып, күнүмдүк тазалыгын үй-бүлөсү менен камсыз кылып жаткандыгы анык».

(Ардагер мугалимдер Мурат Баизов, Зеби Абакирова, Чаңгет айылдык кеңешинин депутаттары Туратбек Ашырбеков, Табылды Исаев, учурдагы мугалимдер Замира Ажиматова, Үмүтай Бекболотова жана Икрам Абазовдордун болуп 2016-жылдын 20-октябрдагы актысынан)

Бул айтылгандарга кошумча иретинде мен төмөндөгү маалыматтарды окурмандарга жеткирип коюуну туура көрүп отурам.

Соттолгон убакта Б.Каратаев КСДП партиясынын мүчөсү болгон. Партиялык билетинин номери 002121. Партияга 2010-жылы июнь айында кирген.

Сот өкүмүн угузган учурда Б.Каратаев Чаңгет айылдык кеңешинин депутаты болгон. Күбөлүк номери 7. Депутаттык мөөнөтү 2016-жылдын 25-ноябрында аяктаган. 6 баланын атасы. Мурда соттолгон эмес.

Мен санап өткөн жагдайларда коомго анчалык коркунуч келтирбеген, анын иш- аракеттеринен мамлекет же башка жактар зыян тартпаган учурда күнөөлүү адамга жеңилдетилген жаза колдонуу татипби мыйзамда да каралган.

Анда эмне үчүн мамлекетке дагы, жеке же юридикалык жактарга дагы бир тыйын зыян келтирбеген Базарали Каратаев 2 жылдык сыноо мөөнөтүн колдонуу менен 6 жылга эркинен ажыратылып, анысы аз келгенсип 400 000 сомго айыпка жыгылып отурат? Жадагалса, Б.Каратаев 15 000- 20 000 сом акчаны жеп койгон күндө да ага ушунчалык оор жаза колдонуп, очойгон айыпка жыгуу мыйзамдуулукка, кылмыш менен жазанын тең салмактуулугуна жатабы?

Райондук сот өз өкүмүндө «Б.Каратев Чаңгет айылдык округунун башкы эсепчиси М.Мамытов менен алдын-ала макулдашып алып, ал тарабынан 10 000 сом акча каражаты мудатан ыйгарылып алынгандыгын билип туруп, анын кылмыштуу аракетине шериктеш болуп, кассадан 8 000 сом акча каражатын алып, бирок 18 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын алгандыгы жөнүндө чыгыштоо ордерине кол коюуп берип, М.Мамытов тарабынан 10 000 сом акча каражатын өзүнө ыйгарып алышына шарт түзүп берген»- деп көрсөтүп, аны КР КЖКны 30-171-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктунда (кылмышка шериктеш болуп, ага ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу же жок кылуу),171-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктунда (ишенип берилген мүлктү кызмат абалын пайдалануу менен ыйгарып алуу же жок кылуу) жана 315-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышка күнөөлү деп таап отурат.

Бирок, тергөө органдары дагы, сот дагы М.Мамытов менен Б.Каратаевдин алдын-ала макулдашып алгандыгын далилдеген эмес. Тескерисинче, сот өкүмүндө М.Мамытовдун минтип көрсөтмө бергендиги жазылган: «2014-жылдын 21-майында Б.Каратевдин атынан 18 000 сом акча каражатын чыгыштап, бирок мен ага 8 000 сом гана бергенмин. Ал эми 10 000 сом акча каражатын өзүмдүн иштериме жумшап жибергенмин».

Кана «алдын-ала макулдашуу?» Б.Каратаев ал 10 000 сомду М.Мамытовду «мурдатан ыйгарып алгандыгын» кайдан билүүгө тийиш эле? Акча берип жатканда М.Мамытов ага ошентип айткан бекен? Ал иштин ичиндеги кайсы далил менен коштолот? Минтип тастыктоого сот А.Коузевдин кандай акысы бар эле? Же ар бир сот өз фантазиясына, ой чабытына ылайыкташтырып өкүм токуй берсе болот деген мыйзам барбы? Өкүм иштин ичиндеги материалдарга, далилдерге гана негизделип чыгарылышы керектигин билбеген соттун адам тагдырын чечүүгө укугу барбы? Кеп мына ушунда.

Сот Б.Каратевди КР КЖКнын 171-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктунда көсөтүлгөн кылмыштуу иш-аракететерди жасаган, б.а ага ишенип берилген 8 000 сомдун 3930 сомун кызмат абалынан пайдаланып өзүнө ыйгарып алган деп айыптап отурат. Бул айыптоо дагы сот А.Козуедин фантазиясынан келип чыккан айыптоо экендиги көрүнүп турат.

Бул акчанын 3000 сому  «Өзгөн Нуру» гезитине 2014-жылдын 5-сентябрында берилгени редакцияны квитанциясы тастыкталып турат. Аны сот «гезиттин кабарчысы Т.Адышевдин ишеничине кирип, аны алдоо жолу менен төлөнгөндүгү тууралуу жалган квитанция жаздыртып алып, өзүнүн жоопкерчилигинен чыгыштаган»- деп белгилептир. Бирок, соттун бул тастыктоосу бир дагы көрсөтмө менен коштолгон эмес, тескерисинче Т.Адышевдин мектеп жөнүндөгү материал өз убагында даярдалбай, ортодо кылмыш иши козголуп кеткендиктен 3000 сомду кайтарып бергендиги, аны Б.Каратаев кассага төгүп бергендиги жөнүндө көрсөтмөсү иштин ичинде тургандыгы, сотто да ошондой эле көрсөтмө бергендиги эске алынган эмес.

Калган 930 сомго Б.Каратаев тарабынан тастыктоочу документтер тергөөгө да, сотко да берилген эмес. Б.Каратаевди «бул акчаны жеп койдуң»-деп айтууга негиз бар. Бирок, анын канкакшап, «Ош, Өзгөн шаарларына барып, буйрутма берилген мектепке керектүү буюмдарды алып келдим»-деген көрсөтмөлөрүн эмне кылабыз? Же ал буюмдарды Б.Каратаев Ош шаарынан бери жонуна көтөрүп келиш керек беле? Деги эле, соттук изилдөөнүн максат-маңызы эмнеде? Күнөөсү болбосо да адамды бир илинчек таап, тагдырына балта чаап, соттоп жиберүүбү же адилеттикке жетүүбү? Бул суроого Б.Каратаевдин ишин караган соттор кандай жооп берээр экен? Сот А.Козуевдин М.Мамытов жок кылган 10 000 сомду дагы Б.Каратаевдин мойнуна илип «өзүнүн бул кылмыштуу аракетинин кесепетинин мамлекетке 13930 сом өлчөмүндөгү олтуттуу материладык зыян келтирген»-дегени адилеттүүлүкпү?

Ош областтык соту дагы, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту дагы, райондук соттун бул алешемдигин оңдоп, сот адилеттүүлүгүн ордуна коюунун ордуна «мундир намысын» коргоо менен чектелип калганы кандай гана өкүнүчтүү.

Каратаев карайлап жардам күтүүдө

Өзгөн райондук сотунун 2015-жылдын 16-декбрындагы өкүмүн аткарууга багытталган Б.Каратаевден 400 000 сом айып пулду өндүрүү жөнүндөгү аткаруу барагы 2015-жылдын 30-майында Өзгөн райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө келип түшүп, ошол эле күнү аткаруу өндүрүшү ачылат. Б.Каратевдин жашап турган үй-жайы жер участогу менен камакка алынат.

Ошондон бери бүтпөгөн ызы-чуу «Айып пулду төлөбөй жатат»-деген негизде сот аткаруучу Н.Жусупов эки жолу райондук сотко Б.Каратаевди камакка алуу өтүнүчү менен кайрылган. «Кудай сактады» болуп Б.Каратаев азырынча эркиндикте.  Бирок, эртең аны камап койбойт деген кепилдик барбы?

Б.Каратаевдин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына 2016-жылдын октябрь айында жазган арызына көнүмүш отписка берилип, аны «иттен чыгарып» коюшкан. Адам тагдырына кызыгып, ишти калыс чечүүгө жардам бере албаган Акыйкатчы институтунун деги кимге кереги бар?

2017-жылдын 7-февралында Б.Каратаев башкы прокуратурага да кайрылган. Анын кайрылуусу Ош областтык, андан Өзгөн райондук прокуратурасына жиберилген. Баягы эле көнүмүш жооп.

Бүгүнкү күндө акыйкатчылыктан үмүтү үзүлгөн Б.Каратаев бөөдө кесилип кетпеш үчүн бир кезде жакшы үмүт менен салып, мектепке өткөрүп берген китепкана менен ашкананы айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүүгө, ошонун эсебинен райондук сот мыйзамсыз салган 400 000 сом айыппулду жабууга да даяр. Анын бул аргасыз сунушуна кулак салган мамлекекеттик бир дагы орган жок. Б.Каратаевге мыйзамсыз иш козгогон прокуратура дагы, мыйзамсыз соттолгон соттор дагы тымпыйгандан тымпыйышат.үмкүн бул ишке Жогорку Кеңештин тийешелүү эки комитети көз кырын салып, иликтеп көрөөр? Адам тагдыры менен ойногон, бир бечаранын 50 миң сом акчасын жеп алып, анан аны азапка, шорго салып койгон А.Козуев өңдүү сотторго мүмкүн алардын айтчу сөзү бар чыгаар?

Же, аларыбыз дагы ашмалтайы чыккан даяр, стандарттуу жоопторду айтып, тагдыры кылдын учунда турган шайлоочуларынын арыз-арманы көңүл сыртынан кетирип коөбу?

Күтө туралы.

Бабырбек Жээнбеков

Булак: “Алиби”

Дастан Сарыгулов: “Сизге коюлган эки айыпта тең күнөөңүз жок экенин билебиз. Акаев Кумтөрдөн миллиондогон пара алган” – деп көрсөтмө жазып берсеңиз, кылмыш иштери жабылып, эркиндикке чыгасыз”

“Мурдагы “Алибиден” айырмаланып, бүгүнкү “Алиби” “тили буулуп, көзү таңылган” чындыкты калың элге жеткирүүнү эң негизги, эң маанилүү милдет деп түшүнүп…. укуктук маселелерге өзгөчө басым жасайт, гезит беттерине жарыяланган материалдардын 50 пайыздан ашыгы сот, прокуротура, милиция,  тергөө органдарынын иш-аракеттерин чагылдырууга багытталат” – деп “Алиби” гезитинин 23- март күнү чыккан биринчи санында окурманга убада бердик эле.

Сөзүбүзгө туруп бийлик, УКМК, сот тармагынын, Башкы прокуратуранын көп былык иштеринин бири жөнүндөгү талашсыз  далилденген фактыларды айтып беребиз. Биздин көздөгөнүбүз – чындык, адилеттик, калыстык”.

2016-жылдын март айынын аягында КТР жана көптөгөн маалымат каражаттары “К.Кадыров, Б.Асанов, Э.Карыбеков, Д.Сарыгуловдор бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн” – деп  алардын сүрөттөрүн, сүйлөшкөн сөздөрүн байма-бай элге көрсөтүп жатты.

Эки ыңкылаптан жакшылык көрбөй көңүлү калган эл бул “мансапкорлорду камаганы ырас эле болду, жөн жүрүшпөйбү бийликке умтулбай” – деген  терең  ишенимде  болуп, камалгандарды  жаман көрдү..

Андан бери беш ай тергөө жүрүп, сегиз ай бою соттук териштирүү бүтпөй келет. Гезит беттерине материалдар, радиоберүүлөр, адвокаттар жана саясий туткундарды коргоо комитети тараткан маалыматтар менен таанышып, окуя кандай болгонун аныктап  чыктык. Эң алды белгилеп айтчу чындык – элге көрсөтүлгөн үн жана сүрөт-тасма жасалма, жалган экендиги аныкталган. Атайын бурмаланып, ар бөлөк тасмадан жана үн жазуулардан алынган үзүндүлөрдү бири-бирине чаптап, чындыкка окшоштуруунун негизги максаты – күнөөсү жок адамдарга кылымыш иш козгоп, айып тагып, камап, коомдук- саясий турмуштан жок кылуу болгону  ачыкка чыгууда. Бийлик бул максатына жетип, бир жылдан бери төрт адам темир тор артында.

Ал эми жалган, жасалма  үн-сүрөт тасманы “чындык” – деп  далилдөө  үчүн тергөөчүлөр  Конституцияны жана Кылымыш-процессуалдык кодексинин ондон ашык беренелерин  одоно бузганы соттук териштирүүдө далилденген. Демек, мыйзамдарды одоно бузуу менен түзүлгөн тергөө материалдык соттук  териштирүүдө далил болуп бералбайт деп Кылымыш-процессуалдык кодексинде көрсөтүлгөндөй, алар сот өкүм чыгарганга негиз боло албайт жана жараксыз деп табылышы  шарт. Ошондой эле, соттук териштирүүнүн  жыйынтыгында:

  • Б.Асанов, К.Кадыров акыркы жолу Дастан Сарыгулов менен кокусунан 2013-жылы жолукканы, андан кийин 2014, 2015, 2016-жылдары бир дагы жолукпаганы, байланышпаганы;
  • бийликти басып алууга далил болчу акча, курал, ок-жарак, план, рация, адамдардын тизмеси ж.б. керектүү нерселердин бири дагы табылбагандыгы, жоктугу;
  • 2016-жылдын март айында Дастан Сарыгуловго айып коюп, үй камакка алууга, тергөө иштери бүткөн 2016-жылдын август айында ишти сотко өткөрүп берүүгө негиз болчу бир дагы факт болбогондугу;
  • Д.Сарыгулов 2016-жылдын апрель-август айларында Башкы прокурорго 6 арыз, тергөө башкармалыгына 5 арыз менен кайрылганы, бирок, көлөмү 44 барак 11 арыздын бири да каралбай, ал гана эмес алардын жарымы ишке атайлап тиркелбей калганы тастыкталган.

Бийликти басып алганга төрт адам эмес, 400, атүгүл 4000 адамдын күчү жетпей  тургандыгы акылы соо адамга түшүнүктүү эмеспи. Түрк  мамлекетинде 2016-жылы бийликти басып алууга тиешеси бар деп 100дөн ашык  генерал, 8000 армия аскерлери , 9000 полиция, 300 улуттук гвардиянын офицерлери, 270 сот камалганын гезиттер жазып чыкканы белгилүү. Ал эми “төрт адам (бири 70 жаштагы таяк менен басып жүргөн ардагер) Кыргызстанда бийликти басып алууну көздөгөн” – деген жомокко бир дагы адам ишенбесе да, прокурор  соттон төрт соттолуучуга 65 жыл эркинен ажыратуу жазасын сураганы эмненин каңкуулайт?  “Бул прокурорлордун акыл-эси ордундабы же ошондой буйрукту берген адамдын  акыл-эси сообу” – деген  суроо туулбай койбойт экен. Ушундай “чындыктан” кийин Кыргызстанда мыйзамдын үстөмдүүлүгү, тергөө,  прокуратура, соттордун адилет, акыйкат, калыстыгы жөнүндө сөз кылуу мүмкүнбү? Эми мыйзамды козгобой, ыйман, адеп салт, нарк жөнүндө сөз кылалы. 2016-жылдын июнь айында УКМК бүт элди алдап, элге калп айтып, “Д.Сарыгуловдун  Кумтөрдөгү коррупцияга тиешеси бар экен, Хоменюк ошондой көрсөтмө берди” – деп камакка алгандыгына барыбыз күбөбүз. Кийин Хоменюк “мен андай көрсөтмө берген эмесмин” – деп УКМКнын калпын ачыкка  чыгарды.

Эч бир негизи жана далили жок Сарыгуловго “мамлекетке чыккынчылык  кылды” –  деген айып коюп, үйүндө 10 саат тинтүү жүргүзүп, 105  күн УКМКнын жер төлөсүндө кармап, бир дагы сурак жүргүзбөй, айласы кеткенде козголгон кылымыш ишин кыскартууга УКМК аргасыз болгон экен. Д.Сарыгуловдун күнөөсү жок экенин УКМК жакшы билип, “жазуучуларга берилген 50 млн. рублди А.Атамбаев жеп койгон”- деген Акаевдин билдирүүсүнө жооп берүү максатында  Сарыгуловду камап, “Акаев Кумтөрдөн баланча миллион доллар пара алган” – деген  көрсөтмө алуу УКМКнын негизги милдети болгондугу бүгүн ачыкка чыгууда.

Бул жөнүндө УКМКнын жооптуу кызматкери “Козголгон кылымыш иштерде сиздин күнөөңүз жок экенин билебиз. “Акаев Кумтөрдөн пара алган” деп көрсөтмө берсеңиз, кылымыш иштер кыскартылат, сиз абактан чыгасыз” – деп айтканын далилдеп берчү күбө  да бар. Өздөрүнүн арам, мыйзамсыз, абийирсиз, ыплас иштери үчүн элге белгилүү карыя-ардагерди ушунча кордоп, 165 күн абакта кармап, бир жылдан бери күнөөсү жок болсо да айып коюп, соттоп, 12 жыл эркинен ажыратууга  алып баргандар ыйман, адеп, абийир  жөнүндө кантип уялбай  айтып  жатышат? Айтылган маалыматтардан ким күмөн санаса бизде анын баарын далилдеген материалдар бар экенин кошумчалап кетебиз. Бул кыска маалымат алгачкы гана карлыгач.

Булак: “Алиби”

Темирлан Ормуков, акын, I-топтогу майып: “Бардык чатактын башаты – Дастан Бекешев”

 

Темирлан Ормуков майып, көзү жакшы көрбөйт. Бирок, көкүрөгүндөгү курч ойлору менен бийликтин кыргыз элине жасаган адилетсиз мамилесин коркпой сынга алып келүүдө. Бишкек милициясы тарабынан акын, активист Темирлан Ормуковго карата “жалаа жабуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ормуков депутат Д. Бекешев экөөнүн ортосунда көптөн бери өз ара тирешүү бар экенин айтып берди.

Майыптардын митингин Дастан Бекешев уюштурган

2015-жылдын сентябрь айынан баштап 2016-жылдын июнь айына чейин “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр” коомунда координатор болуп иштедим. Биздин коомдогу ызы-чуу 2015-жылдан баштап 2016-жылдын 14-июнуна чейин уланды. Анткени,  майыптар коомундагылар үй бөлүштүрүү боюнча тартибине нааразы болушуп, нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул маселе Жогорку Кеңеште да каралып, бирок арыздар такталбагандыктан токтогон . Митингдер тынчып калып, май айында кайра башталган. Анда 15 киши “үй туура эмес бөлүштүрүлдү” десе, үйү бар кишилер чыгып: “Дастан Бекешев май айында митингге чыккыла” деген деп ачык эле айтышкан. Мындан улам мен прокуратурага кайрылып: “Митингди Дастан Бекешев заказ кылган. Буга бөгөт коюп, текшерүү керек” дедим. Азиздер жана дүлөйлөр кыргыз коомунун төрагасы Калык Мамбетакунов кызматынан кетмек эмес.

Дастан Бекешев Калык Мамбетакуновго келип: “Сизди Алмаз Шаршенович отставкага кетсин деп жатат” –дейт. Мындан улам, ал өз макулдугу менен жумуштан кетти.

Бекешевдин  азиздер жана дүлөйлөр коомундагы коррупциялык иштер менен байланышы бар экендигин да жаздым. “Жалган маалымат таратты” деп, Бекешев арыз менен прокуратурага кайрылды. Мен өз чындыгымды укук коргоо органдарына далилдеп бердим. Д.Бекешевдин 4 ирет арыз жазганына карабастан “Темирлан Ормуковдун кыймыл аракетинде кылмыш жок” деген чечим чыккан. Бирок, бешинчи жолу арыз жазганда кылмыш иши козголду. Мага карата Бекешев 5 жолу арыз жазып, майнап чыкпагандыктан Башкы прокуратурага менин ырымды көтөрүп барган.

“Ажонун ооруп жүрөгү”

Акаев убагында “Жал” кичи районуна 90 батир салынып, Фучик көчөсүндөгү 116 батир да майыптарга берилген. Демек, 206 батир майыптарга Акаев тарабынан берилген.

Бакиев убагында сациалдык турак-жай программасы кабыл алынып, 235 батирлүү үй түптөлгөн. 2008-2009-жылдары 135 батир майыптарга берилсе, ал эми 2010-жылы 90 батир берилмек. Бирок, 7-апрель революциясы, Ош окуясы чыгып кетип, башаламандыктар башталды. Ошол салынган үйлөр 5 жыл туруп калып, 5 жылдан кийин анча-мынча түзөмүш болуп, Атамбаев майыптарга даяр үйдүн ачкычын гана берген. Ошондуктан, Бакиев баштаган үйдү Атамбаев салды деген туура эмес.

Мен Д.Бекешевге: “Сенин президентиң эмне үчүн биздин жумушка кийлигишет” деп айттым. Андан сырткары Атамбаевдин: “Нарындыктар койсуңар” деген сөзүнө нааразычылыгым күч эле. Ушундан улам 20-сентябрда Президент тууралуу “Ажонун ооруп жүрөгү” деген ыр жаздым. КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев “Президенттин аброюна шек келтирген сөздөр бар” деген жүйө менен Башкы прокуратурага кайрылды. Башкы прокуратура кызматкерлери ал ырда “аймак аралык козутуунун” белгилери аныкталганын айтышты. Интернет булактарында Президенттин дарегине мындан жаман ырлар жазылып, сөздөр айтылып жүрөт. Бекешев Президентке күйөт экен, эмне үчүн алардын үстүнөн арыз жазбайт? Эмне үчүн жалпы интернеттеги терс маалыматтарды тыйгыла дебестен, менин ырыма асылып жатат? Үй, дүкөн мыйзамсыз салынган деп доомат коюп, ар кандай маалымат кызматтарына жарыялады. Бирок, бул тууралуу финполицияга, милицияга, прокуратурага кайрылган жок. Анын ордуна мыйзам бузууга жатпаган менин ырымды Башкы прокуратурага алып барып экспертиза дайындаткан.

Жумакун Сыдыков президенттен кечирим
сура деп…

Бул иш боюнча Президенттик Аппараттын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Жумакун Сыдыковго бардым.  “Президенттин аброюн коргогон киши ушундай иш жасайбы?”- деп суроо салдым. “Дастан Бекешевге айтып, түшүндүргүлө? Эмне үчүн мага кысым жасап жатасыңар?” – дедим. Ж.Сыдыков болсо: “телевидениеге чыгып, Алмаз Шаршеновичтен кечирим сура!” –дейт.

Мейли, кечирим сурайын, бирок Д.Бекешевге дагы айткыла десем: “Биз силердин ишиңерге кийлигише албайбыз. Бул сенин проблемаң” –  деп жооп кайтарды. “Анда биздин ишке аралашпагыла”- деп сурандым. Эгер Бекешев мени менен болгон чатагына президент А.Атамбаевдин атын аралаштырбаганда, мен да Президенттин дарегине негативдүү ырларды жазмак эмесмин. Мен ырларымды жазганды токтоткон жокмун. Ырыма карата “аймак аралык козутуунун белгилери бар”- деген аныктама чыгып, мен дагы Атамбаевдин үстүнөн арыз жаздым. Эгерде менин ыр саптарымда аймак аралык козутуунун белгилери болсо, анда Атамбаевдин сөзү дагы “аймак аралык козутуу” болуп саналат. Анткени, менин ырым анын сөзүнө негизделип жазылган. Дача-Суудагы авиакырсык боюнча да “Жүк Атамбаевдики” деген ыр жазып чыктым.

Депутатка өтпөсөң,
карайт беле соо катын?

Дастан Бекешев депутат болгондон кийин биринчи жубайы, 2-топтогу майып Аксананы тыштап кеткен. Экөө ажырашып, ортосунда ызы-чуу башталат. Аргасы кеткен Бекешев биринчи жубайына батир үйүн өткөрүп берген. Бирок ал үйдү өткөрүп берүүгө мыйзам жол бербейт. Анткени ал азиздер жана дүлөйлөр үчүн берилген жатаканада жайгашкан батир гана болчу. Д.Бекешев депутаттык кызматынан пайдаланып, 2011-жылдары мамлекетке караштуу мүлктү өз менчигине өткөрүп алган. 2008-жылы Д.Бекешевге батир үй берилсин деген токтом чыкса, ал үйдү жубайына берген. Бул факты анын кандай адам экендигин көрсөтүп жатат. Анда дагы “Депутатка өтпөсөң, карайт беле соо катын?” –деп ыр жазып чыктым.

Экинчи жубайы Кундуз Американын жараны. 2007-жылдын 27-майында ошол убактагы премьер А.Атамбаевдин автоунаасына кол салган аялдардын бирөөсү Д.Бекешевдин кайненеси болот. Ал аялдар конгрессинин мурдагы төрайымы Лира Тандабаева болчу. Таласта “Жер Үй” боюнча митинг болуп, ага премьер катары Атамбаев барганда автоунаасы талкаланган. Мындан улам кылмыш иши козголуп, булар Швецияга качып кетишкен. Ал жерде бир жыл жашап, андан кийин Американын жарандыгын алышкан. Ал эми Дастан Бекешевдин бир тууганы Руслан Бекешев бангизат менен кармалып, 5 жылга шарттуу соттолгон. Ушундай эле кылмышка шектүү катары кармалган башка жаран 3 жылга камалган. Биз кандай адамды депутат кылып алганыбызды эл-журт билүүгө тийиш.

Дастан Бекешев, ЖКдагы КСДП фракциясынын депутаты: “Элге оппозиционер көрүнүп, ыр жазып жүрөт”

Мындай ыр жазгандар жоопкерчиликке тартылышы керек. Темирлан Ормуков болсо, жоопко тартылбайт жана тартылган да эмес. Ар-намыска шек келтиргендер, кылмыш жообуна тартылат деген мыйзам жок. Шек келтирүү боюнча жарандык кодекстин негизинде гана жоопко тартуу каралган. Бирок, Башкы прокуратура Т.Ормуковду бул боюнча да жоопко тарта алган жок. Азыр жалган жазган журналисттерди гана сотко берүүгө болот. Темирлан Ормуков кыргыз коомчулугунда жөн эле “жылдыз” болуп жатат. Анын сырын эч ким билбейт. Ал өзү мамлекеттен үй алып, аны сатып жиберген. Үчүнчү үйдү сурап, Ак үйдүн алдында митингдерди уюштурган. Учурда элге оппозиционер көрүнүү үчүн гана ырларды жазып жатат. Менде ар бир сөзгө далил кагаздар бар.

Чындыгында, мен Ормуковду жакындан тааныбайм. Буга чейин “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр” коомунда батирлер кандайча берилгенин карап чыктык. Бул боюнча атайын топ түзүлүп, Ормуковдун мыйзам бузуулары табылган. Мындан улам мага ар кандай СМСтерди жазды. Ал Башкы прокуратурага чейин арыз жазып, “Д.Бекешев пара алып жатат”- деп да чыккан. “Прокурорлор текшербей жатат”- деп, аларга карата да нааразычылыгын билдирген. Текшерүүнүнү жыйынтыгында, мыйзам бузуулар табылган эмес.

Мен дагы Ормуковдун үстүнөн арыз жаздым. Жалган жалаа жазгандыгы үчүн 329-берененин негизинде иш козголсун.

Ал эми Президенттин дарегине жазылган ырды Башкы прокуратура текшерүүгө алуу керек. Ормуков биздин мамилебиз болгондугун айтып жүрөт. Бизде эч качан тааныштык мамиле болгон эмес. Мен жөнүндө көптөгөн ушак сөздөрдү жазды. Башкы прокуратурага кайрылгандан кийин өзү жооп берсин. Фейсбукка ар кандай нерселерди жазып жыргап жатат. “Журналисттер мен жөнүндө жазып, бүт Кыргызстан билди” – деп кубанууда. Ал жашаган үйгө барып, кошуналардан сурап чыгыңызчы? Алар ал кандай адам экендигин айтып беришет.

Булак: “Алиби”

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбевге Ат-Башы районунун айымдары: "Куугунтукту токтоттуруңуз!"

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Биздин сизге кайрылып жатканыбыздын себеби- биз сиздин, коррупцияны жоюуга болгон аракетиңизди, мамлекетибиздеги жасалып жаткан жакшы иштериңиздин бардыгын көрүп, колдоп эле турабыз. Тилекке каршы, ошол изги тилектериңизди сизди жандап жүргөн жандоочторуңуз аткарбай жатканын карапайым калк билип көрүп турат. Өзүңүз билгендей 2009-жылкы президенттик шайлоодо, азыркы жаныңызда жүргөн көпчүлүк арзыматтар Бакиевдин камчысын чаап турганда, касиеттүү атбашылыктар сиздин талапкерлигиңизди колдоп, кылычынын кан тамган ошол бийликке да добушун саткан эмес. Бүгүн да атбашылыктардын басымдуусу акты “ак” деп, караны “кара” деп айрып билет.

Сизден өтүнүч, өлкөбүздө болуп жаткан ак жерден каралоону, баягы эски эки бийликтин саркындылары дагы да болсо сасытып жатканын туйсаңыз жакшы болот эле. Ошол эле Акаевдин мөөнөтүн кайра-кайра узартканга шарт түзгөн, Бакиевдин «Ак жол» партиясынын сап башына туруп алып, анын бийлигин бекемдеген Ч.Баекованын жээни Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын кыргыз элине, жерине болгон жоопкерчилигин көрүп эле турабыз. Түз айтканда Аида Салянованын бучкагына теңеле алдыбы? “Албетте, жок!” – деп кесе айтсак болот. Тайсалдатпай, түзүн айтканда, мурдагы башкы прокурор, кыргыздан чыккан Маргарет Тетчердей Аида Саляновага кандай гана каралоолор жүрүп жатканын көрүп алып төбө чачыбыз тик турууда. Пенде болгондон кийин адам кемчиликсиз болбойт. Аида Жеңишбековнанын да кемчиликтери болсо керек. Эгемендикке ээ болгондон берки башкы прокурорлордун фонунда ат көтөргүс эмгекти, кайра тартпас көкжалдыкты көргөзүп койгонун кантип танабыз. Азыркыга чейин коррупционерлерди каччысы качып, качалбаганы чөгөлөп турушпайбы. “Мен”- деген жигиттер жасай албаган эрдикти көргөзгөн Аида айымга болуп жаткан каралоолорду журт атасы катары токтотууңузду суранабыз. Аида Жеңишбековнаны каралап сизге жеткирип жаткандар “темирди да отко кактаса эрип, жашып ийилчээк болуп калгандай эле «А» десе «А» деп, «Б» десе «Б» деп калат” – дегендер терең жаңылат. Артында айгайлаган эли турганда кайра курчуп чабылаарын ошол бузукулар унутпаса. Эмитеден алардын жүзүн ачып, сизге жеке адам катары жакпаса да жалпы эл үчүн жан үрөп ак иштегендерди колдоп сүрөп турбасаңыз тарых кимдин-ким экенин бат эле тастыктап коет.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Сиздин адамкерчилигиңизге  ишенип , канчалаган эр азаматтар, ал мончоктой кыздарыбыз ак жеринен караланып жатканын көрүп кайрылып отурабыз. Мунун баарын “жети өлчөп, бир кесип” тыянак чыгарбасаңыз эртең кеч болуп калчудай. Ал эми сиздин Кыргызстаныбызды бардык тарабынан өнүктүрүп өстүрөйүн деген ак дилден жасап жаткан аракеттериңизден кыпындай да  шегибиз жок. Болгону акмактардын айынан сиздей эле “элим-жерим”- деген кыздар балдарыбыздын  шагы сынып жатканын көрүп-билип туруп тынч отура алган жокпуз. Башынан ак жеринен кара булут айланып жаткан кыргыздын кыйындарынын башынан өткөн окуялар мындан да оор, мындан да жаман абалда сиздин башыңыздан да өткөнүн билебиз. Андыктан, “ак жеринен караланып жаткандарга жол бербесе экен”- деген тилекте жазган кайрылуубуздан тыянак чыгарат деген ойдобуз. Биз да сизге кайрылаардан мурун  айлап толгонуп, анан бул ишеничтин күчөп бара жатканына чыдабай кайрылып отурабыз. Аида Саляновага болгон кастык, атайылаган пастык токтобой турган болсо, биздин үнүбүз жетпесе, анда биздин Сизге болгон ишеним да өчөөрүн, анда тоолук элдин чындап назары сынып, Сиз жасап жаткан саясаттын аягы жакшы бүтпөсүн да өтө сылыктык менен эскерте кетмекчибиз…

Сизди урматтоо менен  Ат-Башы районунда жашаган энелердин атынан

Күлбүбү Кулешова, Жейренди Исмаилова, Сабира Асанова ж.б

Булак: “Алиби”

Апрель окуясына 7 жыл: “Элдин тилеги талаада калып кеттиби?”

 

7-апрелдеги кандуу революцияга туура жети жыл болду. Революциядагы үмүттөр, тилектер орундалдыбы?

Жеңиш Молдокматов, “Замандаш” саясий партиясынын тең-төрагасы:

“РЕВОЛЮЦИЯ ӨЗҮНҮН МАКСАТЫНА ЖЕТЕ ЭЛЕК”

– Башталган системдүү реформалар тынымсыз тыгында тыгылып, багыттарын жоготту. 2017-жылдын күз айында жалпы жумурай журт үмүт менен күткөн президенттик шайлоо келатат. Шайлоонун мааниси эбегейсиз зор окуя болорун бардыгыбыз сезип турабыз. Себеби, 1991-жылдан тарта биринчи жолу өлкө башчысын атаандаштык жол менен тынчтык шартта шайлаганы турабыз! Буга чейин шайлоолор элдик толкундоолордун шарапаты менен өтүп келген. Муну менен, революциянын бир максаты же чоң тилегинин бири аткарылды деп айтсак болот. Кудайым буйруп, тынч шайлоонун жыйынтыгы менен бийлик маданияттуу, адептүү жана ыймандуу жол менен алмашса, мамлекет жана анын келечеги үчүн чоң жеңиш болот деп эсептеймин! Сиз сурагандай революцияга 7 жыл болуптур, андан бери жөнөкөй элдин турмушунда жакшы өзгөрүүлөр болдубу? Так айтайын, болгон жок. Бүгүн мамлекет дүйнөдөгү 50 кедей өлкөлөрдүн ичине кирди. Демек, карапайым калктын турмушу начар дегенди билдирет. Бүгүн 6 млн калкыбыздын болжолдуу 73-74% жакырчылыкта жашап келет. Кыргызстандын жалпы карызы Финансы министирлигинин билдирүүсүнө ылайык 2017-жылдын 7-февралына карата 4 млрд. 92,7 млн. АКШ доллларын чапчып, ИДПнын 64% түзөт. Алынган кредиттерди коротуу боюнча эсеп-кысабыбыз дагы элге түшүнүксүз! Орточо айлык маяна, пенсия 2-3 эсе көтөрүлдү дегенибиз менен, жашоо баасы кымбаттап атканы анык. Негизинен элдин жашоосу оор. Жогоруда белгиленген жетишкендиктер менен кемчиликтерди эске алуу менен, революция өзүнүн максатына жете элек деп эсептейм. Революциянын тилектери уурдалып жатканы анык. Революцияны карапайым элдин уулдары кылса, үзүрүн башкалар көрүп жатканын кантип жашырабыз. 7 жыл ичинде элдин жашоосу оңолгондун ордуна, капчыктуулар капчыгын калыңдатты. Кийинки келчү президентке өтө оор болоору көрүнүп калды. Алгач, рево­люциянын баштапкы максаттарына көз чаптырып, башталып бүтпөй калган реформаларды жандандырыш керек. Кандай болбосун, өлкөбүздө тынччылык, бейкуттук болуп, элибизден биримдик качпасын!

Надира Нарматова, экс-депутат:

“ЧЫНЫГЫ КҮНӨӨЛҮҮЛӨР МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ ТҮЗ СОТТОЛУП, АЙЫБЫ УГУЗУЛМАЙЫН ЭЛДИН КӨКСӨӨСҮ КАНБАЙТ

-2010-жылдагы апрель окуясы төңкөрүшпү, революциябы, көтөрүлүшпү, жети жыл өткөнү менен тарых барактарында такталып, баа бериле элек. Анткени, болуп өткөн кандуу окуяда 87 баланын, андан кийин көзү өткөндөрдү кошкондо 100дөн ашык өмүрү кыйылды. Миңдеген адамдар ошондо алган жараатынан майып болуп, ден-соолугунан ажырады. Эң негизгиси күнөөлүүлөр, себепкерлер мыйзам чегинде аныкталып, такталып, жоопкерчиликке тартылган жок. Сот иштери жүргөнү менен түз эмес, кыйыр түрдө тиешеси барлар жана эл алдында өздөрүнүн “моралдык жоопкерчилигим бар” дегендер түрмөгө олтурушуп, сот жообуна тартылышты. Ал эми негизги канды көксөгөн, кылмышкер экендиги так мойнуна, соттун чечими менен күнөөлүү деп табылган жок. Тек тана болжолдуу дооматтар менен сыртынан соттолгондор болгону менен аны бир жараткан Кудай билет. Кыскасы, тарых барактарына кара тамга менен жазылып калган кандуу окуянын тагдыры менимче жоопсуз, ачык бойдон келе жатат деп айтсак болчудай. Анткени, бул ачык , жоопсуз, жыйынтыксыз калган апрель окуясы темасына буюрса келечекте көптөгөн адамдар кайрылып, тактап өз ордуна коёт деген менде үмүт бар. Бирок, революция өз максатына толук жетти деп ойлобоймун. Өзгөчө өзгөрүү болуп кеткен жери жок. Тескерисинче, карызыбыз көбөйүп, элдин жашоосу күндөн-күнгө начарлап, кыйынчылык сезилип жатат. Анча-мынча иштер, проектилер башталганы болбосо, жыйынтыгы же конкреттүү түшүмү өлкөбүздө байкалып жаткан жери жок. Убактылуу Өкмөттүн 14 мүчөсүнүн жоопкерчиликти өз моюндарына алып ошондогу берген анттары уруп кетпесе эле болду. Биримдигинин жоктугун көрсөтүп, бири-бирин чукулай башташты. Демек, арасында таза адам калбай калгандыгынын далили. Ырас ошондой болуп, өздөрү бири-бирин күнөөлөп далилдеп жатышса, биз кантип максатына жетти деп айтабыз. Болгону жети жылдан бери митингдер, жол тосуулар, айрым нараазычылыктар менен коштолгон тынчтык өкүм сүрдү. Мен 7-апрель майрам эмес, кандуу окуяны эскерүү деп түшүнөм. Ошондой эле күнөөлүүлөр так аныкталып, мыйзам чегинде түз соттолуп, айыбы угузулмайын, элдин көксөөсү канбайт.

 Нуразиз Шайырбек,“Ата Мекен” партиясынын мүчөсү:

“АПРЕЛЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫНЫН НЕГИЗГИ МАКСАТЫНА КАРШЫ КЕЛГЕН СӨЗ ЗРКИНДИГИН ЧЕКТӨӨ, САЯСИЙ КАМООЛОР ГҮЛДӨП ӨСҮП БАРАТАТ

– Жакында эле Американын Global Finance каржы басылмасы дүйнө жүзүнүн эң бай жана эң кедей өлкөлөрүн аныктап, рейтинг түздү. Анда Кыргыз­стан 148-орунга илинген. Башкача айтканда, дүйнөдөгү 50 жакыр өлкөнүн катарын толуктап жатабыз. Бул көрсөткүч атамбаевдик режимдин чабалдыгын, өлкөнү башкарууга жөндөмсүздүгүн көрсөтүп тургандай… 2010-жылы эл өлкөдө өнүгүү болсун, жакшы жашоодо жашасак, мамлекеттик бийликти президенттин айланасындагы бир ууч адам ээлеп алып, өз билгенин жасабаса деген үмүт-тилек менен көчөгө чыгып, Бакиевдик бийликти кетирген эле. Арадан 7 жыл өттү, өзгөрүү жок. Элдин үмүт-тилеги талаада калды. Учурунда Акаевдин балдыздарын Бакиевдин инилери алмаштырган сыяктуу, мамлекеттик бийликти Атамбаевдин айдоочусу, жан-сакчылары, катчылары, чарба башчысы жана кайниси ээлеп отурат. 7-апрель революциясынын негизги максатына каршы келген сөз эркиндигин чектөө, журналисттерди, адвокаттарды куугунтуктоо жана саясий камоолор күндөн-күнгө гүлдөп өсүп баратат.

 Бурулкан Карагулова, акын:

“7-АПРЕЛДЕ ЧЫНЫГЫ РЕВОЛЮЦИЯ БОЛГОН ДЕП ДА ЭСЕПТЕБЕЙМ”

– Революциянын үмүтү акталмак турсун мен 7-апрелди чыныгы револю­ция болгон деп да эсептебейм. Жөн эле көкүрөктөрүн окко тосуп туруп беришти. “Жатып өлгүчө, атып өл” деген бар. Аталбагандан кийин октон алыс туруш керек болчу. Бир нече эле адамдардын кызыкчылыгын калкалаган төңкөрүш болду.

 Руслан Бекназаров, “Эл үнү” кыймылынын мүчөсү:

БАКИЕВДЕРГЕ ЭЛЕ АСЫЛА БЕРБЕЙ, МЕН ЭМНЕ КЫЛЫП ЖАТАМ ДЕП АЖО ӨЗҮНӨ ДА СУРОО БЕРСЕ ЖАКШЫ БОЛОТ ЭЛЕ”

– Революцияга катышкан адам ката­ры революциянын үмүтү акталган жок деп айтат элем. Тилекке каршы, рево­люциянын максат, тилектери орун алган жок. Себеби, биз революцияга жакшы жашоо, жаркын келечек, күчтүү мамлекет болот деп чыкканбыз. Бирок, 7 жыл өткөнү менен Бакиевдерди күнөөлөө менен гана отурабыз. Бакиевдер өз жазасын алып жатат. Элине, жерине келе албай, туугандары менен катташа албай азабын тартып жатышат. Эми аларга асыла бербей, “мен эмне кылып жатам?”- деген суроону ажо өзүнө да берсе жакшы болот эле. 4 жылдан бери экономикабыз көтөрүлдү деген менен электр энергиясы кымбаттап, тышкы карыз өсүп жатат. Жашоо күндөн-күнгө кым­баттап баратат. Мамлекетте алга жылуу жок. Кыскасы, революциядагы үмүтгөр акталган жок.

Булак: “Майданkg”

Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты: «Эл парламенттин депутаттарын “сасыткы жумурткага” окшоштуруп шылдыңдап жатат»

 

Акыркы мезгилдеги өлкөдө болуп жаткан окуялар коомчулуктун бүйүрүн кызытууда. «Маевскийгейт» менен камакка алынган Ө. Текебаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлбөй, 2 ай абакта жата турган болду. Экс-депутат С. Жапаровду Коопсуздук кызматы чек арадан тосуп алып, камакка алып, аны да тергөө бүткүчө деп соттун чечими менен камады. С. Жапаровго боштондук деп ураан чакырып чыккан анын жактоочуларын милиция күчкө салып сабап, 100 адамды кармап, 5 суткадан камап салды. Мына ушул жана башка суроолорго жооп алуу максатында гезитибиздин эксперти, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеровго кайрылдык.

— Бүгүн коомчулукту бир гана маселе кызыктырып калды. Ал Атамбаев өз мөөнөтүнүн аягына чейин тынч иштеп, андан кийин өлкөгө жаңы президент келип, жаңыча иштей баштаса деген эле максат. Баарынын күткөнү президенттик шайлоо. Коомчулук жаңы, энергияга толгон президент келеби деп күтүп жатат. Себеби, эки революция болсо деле саясатчылар андан сабак албай, тескерисинче биринен-бири өтүп, бийликке келээри менен элге берген убадаларын унутуп, бийлигине чырайып, эч кимди көзүнө албай, кайра эски жолго түшүп жатышат. Биз эмне үчүн президентке жарыбай жатабыз?

— Ооба, Кыргызстан бүгүн жаңы идеяга толгон, интеллектуалдыгы өтө жогору, мыкты кадрга муктаж болуп турат. Чынын айтсак, Кыргызстанда 2 жолу революциялык негизде бийлик алмашканы менен кийинки мамлекет башчылар Акаевдин деңгээлинен аша алышкан жок. Мисалы, Акаев БУУнун эгидасында 4 чоң салтанаттуу иш чара өткөрө алган. Алар: “Манас –1000”, “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө 2200 жыл”, “Тоо жылы”, “Ош‑3000”. Бүгүн “Көчмөндөр оюнун” коюшту. Бирок, эл аралык мааниге ээ болгон жок. Татарстандын президентинин катышкандыгын эл аралык деп айта албайбыз да. Канчалаган жашылбай акчалар короду. Көчө оппозициясында болуп, ураан салып кыйкырган менен мамлекет башында туруп, өлкөнү башкарган алда канча кыйын экени анык болуп калды. Эл мурда кыйкыргандардын баарын эле лидер деп ээрчий берчү. Бакиевдин тушунда өлкөнүн баардыгын өзүнө баш ийдирип алып башкарууну көздөгөн система пайда болгон. Ал деле акыры кулады. Бүгүн болсо, 1933, 1937–38-жылдардагыдай “Алаш ордунун” же “Турандын” мүчөсү деп жалаа тагып аттыргандай, ар кандай жалаа менен камап коюп жатышат. Бирок, ЖК мунун баарын көрүп туруп, үн катпай олтурат. Анан парламенттик өлкөбүз деп жар салышат. Эл болсо парламенттин депутаттарын “сасыткы жумурткага” окшоштуруп шылдыңдап жатат. Солкулдатсаң “болк-болк” деп үн чыгат, бирок үнү сыртка чыкпайт деп. Биздин бактыбызга кийинки президенттер бизнесмендер болуп калды. Эл шайлаганда бизнесмен эмес, саясатчы лидерлерге добуш берсе туура болчудай. Бизнесмен саясатчылар мамлекеттик саясатты бизнестин позициясында жүргүзүп жатат жана кайсы бир деңгээлде өз тегерегинин, тууган-уругунун кызыкчылыгында пайдаланып жатат. Бирок, кандай гана болбосун биздин президенттер дүйнөлүк чоң саясатка чыгуудан баш тартышкан жок. Бакиев да, Атамбаев да, башка бизнесмендер да дүйнөлүк бизнес агымына киргилери келет. Орусия Украинадан кийин чоочуп калды. Ошого Орусия Бакиевге кандай ишенбесе, Атамбаевге жана башкаларга деле ошондой толук ишеним артпайт. Анткени Орусия биздин мамлекет башчыларды өлкөнүн саясий векторун алмаштырып, батышка же мусулман өлкөлөрүнө же Кытайга таянып кетип калбасын деп тыкыр байкап турат. Бакиев Батышты карай багыт алары менен бийликтен жылмышты. Атамбаевдин да тегерегинде батышчыл саясатчылар негизги ролду ойноп жатканы орустарды чочутпай койбойт. Себеби, алардын атын дүйнөгө таанымал Дж. Сорос менен байланыштырышат. Бул маселеде мына ушундай жагдайларды да эске алуу абзел.

— Сиз өткөндөгү маегиңизде Дж. Сорос Кыргызстанга таасирин күчөткүсү келип жатышы мүмкүн деп айткансыз. Дж. Сорос чын эле биздин экономикага акча сала алабы?

— Мен мурда көпчүлүк биздин граждандардай эле Дж. Соросту өтө акылдуу, таза, кыйын киши экен деп жүргөм. Бирок, Трамп бийликке келип Дж. Сорос жана башкаларды Обаманын Өкмөтү менен тил табышып, миллиондогон бюджеттик акчаларды өз эсеп счетторуна которуп алышкан деп шек санагандан бери пикирим өзгөрүлдү. Бүгүн Дж. Соростун капиталы, финансысы текшерилүүгө берилген. Кылмыш иши да ачылып калышы мүмкүн. Кайсы бир деңгээлде жапайы капитализм бардык өлкөлөр үчүн мүнөздүү болгон. Мына биздин саясий элитаны караңыз, баары тең «прихватизациянын» негизинде бизнесин курган. Деги бир да тазасы жок. Коопсуздук кызматы Текебаевди, “атамекенчилерди” кечке чукуп убара болбой, ошолорду четинен сууруп чыгып камай берсе болчудай. Анан калса булардын баары депутат болгулары келет. Булар бюджетти аңдып, бизнесин өнүктүргүлөрү келет. Айрымдарынын бандиттери да бар. Трамптын шектенүүлөрүнө ишенсек Дж. Сорос деле биздин бизнесмендерден эч айырмасы жок адам экен да. Ошого менимче, Дж. Сорос илгери эле Кыргызстандагы айрым ири проектилерге кирип, пайда таап жатышы мүмкүн десек да болот. Мисалы, ошол эле “Кумтөргө”.

— Анда балким, “Мегакомду” Дж. Сорос сатып алгысы келип жаткан жокпу? Атамбаевдин тегерегинде таасирлүү фигуралар деп эсептелген С. Исаков, А. Сегизбаев, Т. Жумакадыровдорду Дж. Сорос менен байланыштырып жатышпайбы?

— Мүмкүн. Менин баамымда батыштагы бай адамдар башка өлкөлөргө чыр салып, ошондон пайда таап, байышат экен. Мына Маевский чоң чырды баштады. Өлкө дүрбөлөңгө түшүп жатат. Кимдир бирөөлөрдүн пайда табуусуна шарт түзүлдү да. Дж. Сорос өтө эле бай адам, өзү көздөгөндүн баарын сатып алууга кудурети жетет.

— Сиз С. Исаков, А. Сегизбаевдер мураскер болбой калышы мүмкүн деген ойду айтасыз. Бирок, Атамбаев С. Исаковду өз аппаратынын жетекчиси кылып койду. Ал бүгүн активдеше баштады. Сиздин пикириңиз өзгөргөн жокпу?

— Азырынча жок. Менимче Кыргызстанда президенттик шайлоолордо Казакстандын варианты кайталанышы мүмкүн. Президенттин аппарат жетекчиси С. Исаковго Казакстандагы Насимовдун ролу жүктөлүп калышы мүмкүн да. Ага мураскерди сүйрөп чыгуу тапшырылат жана тышкы дүйнө менен тыгыз байланышты камсыз кылат. Мураскер бийликке келгенден кийин да С. Исаков президентин аппарат жетекчиси болуп кала берет. Балким, кийинчерээк кайсы бир элчиликке жөнөтүлүшү ыктымал. Бирок, президент азырынча саясий абалды анализдеп, болжолдуу мураскерлерди баамдап жатса керек. Ооба, анын ичинде С. Исаков да болушу мүмкүн. Акаевдин учурунда дагы 13 кадрды тандашып, баамдап көрүшкөн. Бирок, президенттик шайлоолор келгенде Акаев шайлоого өзү кетип калган дешет. Ошого азырынча жаштарды мураскер болот деп кесе айтууга шашкан жокмун.

— Кыргызстандын саясатчылары эл аралык саясатта кандай позицияны колдонсо туура. Мисалы, Акаев Батыш менен да, Кытай, Орусия менен да бирдей мамиле кыла алды. Бирок, Бакиев, Атамбаев ошол багытты уланта албай коюшпадыбы?

— Бүгүнкү күндө Кыргызстанда орусиячыл, батышчыл, арапчыл, мекенчил идеологиядагы саясатчылардын топтому байкалат. Булардын ичинен мекенчил саясатчылар өлкөнүн өсүшүнө алда канча чоң салым кошмокпу деп ойлойм. Себеби, ал саясатчылар кечке түндүктү карап, Орусия президентинин кабылдамасында кезек күткөнсүп олтура бербейт да. Акча бербейм деп койсо таарынып, каяша аракеттерди жасабайт. Ал өз эркине жараша аракеттенет. Булар башка жактан акча, жардам күтпөсө керек деп ойлойм. Ошондуктан, биз жаштарды тарбиялаганда Мухаммед кыргыздын, Эштек бийдин, Ормон хандын, Атаке бийдин, Исхак Хасан улуунун (Пулат хан), Курманжан датканын образында тарбияласак туура болот. Түштүктүк саясатчылар тээ илгертен эле эгемен саясатты туу тутууга аракеттенип келишет. Себеби, тарыхта түштүк Кыргызстан Орус империя тарабынан басып алынган. Генерал Скобелев атайы карателдик отряд түзүп, Полот хан башында турган көтөрүлүшчүлөрдүн айылдарын кыдырып, жер менен жексен кылып салган. Акырында Курманжан Датка менен жоолугуп, өз ара келишимдин негизинде Орусия империясынын букаралыгына алган. Ормон хан кыргыздарды эгемендүү жашоосуна баардык күчүн, аракетин, мүмкүнчүлүгүн жумшаган. Кекилик Сеңирдеги салгылашууну жеңип, кыргыздын эрки бекем эл экенин даңазалай алган. Атаке баатыр Екатерина экинчиге биринчилерден болуп кат менен кайрылып, Орус империясы менен паритеттик негизде мамиле түзүүнү көздөгөн жана ага жол ачкан. Атаке баатыр Орусия империясы менен дипломатиялык жана соода-сатык мамилелерди түзүүгө чоң салым кошкон инсан. Балдарды ушул улуу инсандардын образында тарбияласак келечекте мыкты саясатчылар сөзсүз чыгат.

— Табылды мырза айтсаңыз, “Белизгейттин” да, “Маевскийгейттин” да ташы талкан чыкты. Бирок, бийлик эмнеге Текебаевди чыгарбай жатат?

— Текебаевди жалаанын негизинде камоого бир нече себептер түрткү болууда. Биринчиден, президенттин тегереги эгер Атамбаев экинчи мөөнөткө барып калса, анда Текебаев да кандидатурасын коюп, шайлоолорду каалагандай өткөрүп алууга тоскоолдук кылат деп жатышат. Экинчиден, эгер Атамбаев экинчи мөөнөткө барбай калса, анда Текебаев мураскерди сүйрөп чыгууга тоскоолдук кылат, шайлоолорду утуп алышы мүмкүн деп коркушууда. Бийлик Текебаев менен шайлоолор боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө дайын эмес болуп жатат. Себеби, өткөн президенттик шайлоолордо Текебаев өз кандидатурасын Атамбаевдин пайдасына алып салган. “Ата-Мекен” партиясынын көпчүлүгү Атамбаевге добуштарын берген. Ошого бул жолу бийлик ага Текебаевден кандидатураңызды алып салыңыз деп кайрылуудан уялып жатат. Анткени, эреже боюнча бул жолу Атамбаев жана анын тегереги Текебаевдин пайдасына кандидатураларын алып салбаса да, ага жашыл свет бериши керек болчу да. Бийлик эгерде шайлоолор боюнча Текебаев менен сүйлөшүп калсак, анда ал бул жолу силер мага жыгылыштуу болушуңар керек деп коёт деп, андан көрө аны күч менен камап коёлу шайлоолор бүткүчө деген ойго келгендей туюлууда. Мындан башка дагы бир чоң проблема бул импичмент маселеси. Текебаев президент Атамбаевге карата импичмент жарыялоо боюнча документтерди топтой баштаганын жар салган. Ага улай Атамбаевдин тегерегиндеги айрым чиновниктердин коррупциялык иштерин ачыкка чыгара баштады. Максим Бакиевге таандык мүлктөрдү кимдер тартып алгандыгын ачыктап салды. Мисалы, Кой-Таштагы 2,5 га жер участогу. Үчүнчүсү, Текебаев Дача-СУдагы авиакырсыкта белгисиз болуп жаткан жүктүн ээсин аныктоо боюнча да иш алып барып жаткандыгы болду десек болот. Булардын кайсынысы негизги себеп экенин айтуу кыйын. Бирок, кыязы мына ушул себептерден улам бийлик Текебаевди темир торго камаганы жатат.

— Садыр Жапаров дагы камакка алынды. Сиз өткөндө бийлик камоолорду улантат, керек болсо, айрым президенттикке талапкер болуп чыккандарга да кылмыш иши ачылат деп билдиргенсиз. Бул кандайдыр бир чатактарга алып кетпейби? Мисалы, 3-революцияга себепкер болбойбу?

— Ооба, менимче камоолор уланат. Президенттикке кандидат болгондорго да кылмыш иши ачылышы мүмкүн. Себеби, бийликтин бүгүнкү аракеттерин мураскерге жол чабуу үчүн алдын алуу деп түшүнүп жатышат. Эгер аша чаап кетсе, анда абал курчуп кетиши толук мүмкүн.

— Жапаров бийликке тоскоол кылуучу кандидаттардын тобундабы?

— Менимче Жапаровду “Кумтөргө” байланыштуу камашты. Ал “Күмтөрдүн” проблемасын өтө жакшы билет. Батышта жүрүп “Кумтөрдү” кантип эл аралык сотко берип, кантип утуп чыкса болот ошонун жолун тапкан. Анын бул демилгеси өлкөнүн чыгаан юристтери тарабынан да жактырылган. Башкача айтканда юристтер Жапаровдун аракеттерин эң туура табылган жол деп баалашкан. Алды менен элден кол топтоолор башталган. Албетте, Жапаровдун бул аракеттерин “Кумтөрдү” иштетип жаткандар да билди. Алар Жапаров өзүлөрү үчүн өтө ыңгайсыз ишти баштап жатканын билишти. Ошого “Кумтөрдүн” кожоюндары Жапаровду бийликке “заказ” кылып койду го дейм. Себеби, Коопсуздук кызматы аны күбө катары чакырып жатат деп фейсбукта эки жумадай мурун айтылып жатты. Садыр аны өз оозу менен да айткан. Бирок, Жапаров Алматыдан келатканда Коопсуздук кызматы аны тосуп чыгып, чек арадан камакка алып жатат. Күбөнү кантип алдынан тосуп чыгып, чек арадан камакка алсын? Эгер Жапаров президенттикке койсо, анда “Кумтөр” маселесин козгоп, элдин көңүлүн өзүнө тартмак. Ошого аны да шайлоолордон четтетүү каралышы мүмкүн.

— Бийлик эмнеге Садыр Жапаровдун баласын, туугандарын кошо камап жатат?

— Буларды коркутуп койсок, кийин элди митингдерге, ар кандай акцияларга чыгарбай калышат деп ушуга барып жатса керек. Албетте, Кыргызстанда буга чейин оппозициялык саясатчыны камаганда анын туугандарын мынчалык уруп-сабап, кыйнаган учурлар болбосо керек. Эсимде жок.

— Жапаровдун камалышын анын китебиндеги билдирүүлөр менен байланыштырса болобу? Мисалы, китебинде Бектур Асановдун бомбасын чечмелеп, ошол кезде азыркы президент Бектур Асановго “Бекназаровду өлтүрүп салбайлыбы, Бакиевдерге шылтап коёбуз” дегендей сөз болгонун эскерген. Өч алып же дагы эмнени айтып жиберет деп тактап билүү үчүн камап жатышкан жокпу?

— Бүгүн ал анчейин мааниге ээ эмес. Бирок, шайлоо учурунда Жапаров дагы кандай бомбаларды жардырып жиберет деп чоочуп жатышы толук ыктымал.

— Жапаровдун китеби чыгаары менен Анапияев Бакиевдер жашап жаткан Минск шаарында өлтүрүлдү. Бул ким кан ичкич, билип алгыла дегендей эле болуп калды. Балким, Анапияевди да жалаа жабуу үчүн өлтүрүшүп жүрүшпөсүн? Бүгүн өлкөдө жалаа жабуу күч алып жатат го.

— Тигил кылды же бул кылды деп кесе айтуу кыйын. Криминал чөйрөсүн жакшы билген эксперттердин ММКларда айткандарына караганда Жаныш Бакиев менен А. Анапияевдин мамилеси 7- апрелге чейин да, андан кийин да жакшы болгондой. Кыязы, Ж. Бакиев менен А. Анапияев ар кандай негизде шугулданышып, айрым бизнестери бир болгон имиш. Бул абал 7- апрелден кийин деле сакталып кала берген деген сөз бар. Ошол эле учурда, Анапияев парламенттик шайлоолорго жакын өлтүрүлгөн. Журналисттердин арасында жүргөн сөздөргө караганда ал өлөөрүнө эки жумача калганда жоон топ журналисттер (10–15 киши) менен Дубайда жолуккан. Шайлоолор жөнүндө сүйлөшүшүп, жардам берерин айткан имиш. Анын пландарын көп кишилер билиши мүмкүн. Чынында ал көптөрдү кызыктырган. Мисалы, наркобарондорду, саясий партиялардын лидерлерин, өч алууну каалаган эски душмандарын, бийликти. Эми ким билет…

— Криминал темасын ачып албадыкпы. Бул бийлик Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетүүсүнө эмнеге кызыкдар болду? Айрымдары муну Р. Кадыров, Путин менен байланыштырып жатпайбы?

— Менимче Батукаевди чыгарууда бир нече фактор чоң роль ойногон. Биринчиден, акча. Экинчиден, бийликке анын чыгып кетиши өтө ыңгайлуу шарт түзгөн. Себеби, Акаев-Бакиевдин доорунан бери эле бийлик Батукаев менен эсептешип келген. 2 -революциядан кийин келген бийлик аны менен сүйлөшүп, сөз табышып олтургусу келген жок. Өлтүрүп таштай албайт эле. Себеби, анда Орусиянын баардык мыйзамдагы уурулардын каарына калышмак. Ошого Чеченстандан түшүп жаткан сунушка макул болушуп, аны өлкөдөн чыгарып жиберишкен. Батукаевдин өлкөдөн кетиши, Анапияевдин жок кылынышы менен бийлик өлкөдөгү криминалды контролго алууга жетишкен. Бул жаман өнөкөт.

— КТР 25 жылдан бери бир беткей маалымат таратып келет? Элде “кара жашик” деген аты бар. Бирок, КТРде бир тыңыраак жетекчи болду беле?

— Эсиңизде болсо Карыпкулов КТРди башкарып турганда “Карыпкуловдун кара жашиги” деп жазып жүрүштү. Кийин Карыпкулов президенттин администрациясын жетектеп келип калды. Анан басма сөз кызматын тамаша- чын иретинде “Мурда биз силерге баш ийчү элек, укчу элек, эми силер бизге баш ийип калдыңар, “Ала-Тоого” мага айтпай деле түз тапшырма берип жүрдүңөр. Бирок, мен деле илимдин доктору, членкормун да. Мен деле билет элем кайсы материалды кандай кылып беришти” деп какус-кукус кылып калчу. Балким, мен өзүм маалыматты берсем Карыпкуловдун “кара жашиги” дешпес беле деп ойлоп, бушайман болуп жүрсө керек. Кийин КТРге Айтикеева келип калды. Ал өтө катуу позицияда турду. Пресс-катчы, басма сөз кызматынын жетекчиси менен сүйлөшпөй койду. Мен ортомчу болуп калдым. Ал “Булар өзүлөрү журналистиканы билбейт да, “Ала-Тоого” мен өзүм жооп берем, ага кожоюн болгонуңарды койгула” деп маселени кабыргасынан коюп салды. Пресс-кызматына “силер кечиктирбей пресс-релизиңерди убагында жөнөтүп тургула, биз ошого карап маалымат беребиз” деп катуу турду. Бирок, ал бат эле вице-премьерликке жылып кетти. Гезиттерде деле ушундай абал эле. Бир күнү А. Малеваный чалып, “Табылды, пресс-секретарыңар кызык неме го. Жаза албаса эмне кылат жазып? Ал мага өзү жазган материалдарын жөнөтүп, псевдоним менен бастыртып жатат. Бирок, өзү экономиканы да, реформаларды да жакшы түшүнбөйт экен. Карама-каршы келген материалдарды жиберип “Бас” деп жатат. Айла жок, басып жатам. Бир күнү Акаев окуп калып, сураса эмне дейм? Мен пресс-секретарыңыздыкы деп эле айтып салам” деп нааразычылыгын айтып, “Сага атайы айтып жатам. Бир деме болсо тастыктап бергенге жара” дегени эсимде калыптыр.

— КТРК бүгүн да “кара жашиктигин” кылып жатат. Эмне менен бүтөт деп ойлосуз?

— Менимче, бул маселеде КТРКнын баардык журналисттерин айыптабаш керек. Бул жерде көпчүлүгүндө “Ала-Тоо” программасынын кызматкерлери маалымат таратууда бир аз жооптуу болушса жакшы болмок. “Ала-Тоонун” айынан Аксы кандуу окуялары болду. 7-апрелде жана андан кийин 100дөн ашуун жаш жигиттердин өмүрү кыйылды. 7-апрель куну бизди Ак үйдүн алдында атып жатышканда да, “Ала-Тоо”, “5- канал”, “ЭлТР” үн катпай олтура берген. Ошонун айынан талкаланышкан. Биринчилерден болуп НБТ айтып чыккан. Менимче, сабак ала турган мезгил келсе керек. Болбосо, абал күндөн-күнгө оорлоп баратат.

— Бул бийлик да элди атабы?

— Өзүн коргой албаган бийлик бийлик эмес деп коюшат. Кыйын кесең келсе, сакталып калышы үчүн баардык мүмкүнчүлүктөр колдонулат жана жумшалат. Атпайт деп айтуу кыйын.

— Жакынкы дем алышта президенттик шайлоо болсо ким утуп алат деп ойлойсуз?

— Бабанов.

— 19-ноябрдагы шайлоолордо ким утат?

— Бабанов (Эгерде конкуренттери катуу дайындалбаса).

— Себеби?

— Кеңири айта албайм. Бабановду камап коюшу мүмкүн го.

Булак: “Жаңы ордо”

Мамбетжунус Абылов, мурунку элчи: «Турганбаев мени кылмышкер деп алып, эч нерсе таба албай койду»

 

Улуттук Оппозициялык Кыймыл 2014-жылы 10– прель күнү Бишкек шаарынын М. Горький аянтында бийликке каршы «Манасты орустарга алдырбайбыз» деген митинг уюштурууну чечип, М. Абыловго митингке чыккан элдин коопсуздугун камсыздоо милдети жүктөлөт. Кыргыз бийлиги Россияга кыргыз элинин маңдай тери менен куралган «КыргызГаз» мекемесин жери, завод-фабрикалары, түтүкчөлөрү, ремонттук базалары, эс алуучу жайлары жана жер-жерлердеги жүздөгөн ишканалары менен кошо бир эле долларга сатып, өлкөнүн «Манас» эл аралык аэропортун да Россияга ушундай шартта өткөрө турганы билинип калганда, Улуттук Оппозициялык Кыймыл бийликтин мындай арам оюна каршы чыгуу үчүн карапайым эл менен бирге митинг уюштурмак болгон.

Улуттук Оппозициялык Кыймыл тарабынан жүктөлгөн милдетти аткаруу максатында 5-апрель күнү М. Абылов Бишкек шаарынын ошол кездеги ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Мелис Турганбаевге митингге катышчу элдин коопсуздугун милиция менен чогуу камсыз кылуу үчүн атайын келишимге кол коюнуу өтүнүп кат жолдогон. М. Турганбаев ошол эле күнү, “Мен кылмышкер катары белгилүү М. Абылов менен келишимге кол койбойм» деп 24.kg интернет сайтына интервью берип, анын интервьюсу ошол эле күнү Кыргызстандагы бүт радио, телеканалдар аркылуу элге тарайт. Ага карабастан, М. Абылов 10-апрелде өткөн элдин бийликке каршы митингин кан төгүүсүз өткөрүп, кайсы негизде М.Турганбаев мени кылмышкер адам деп элге жарыялаганын аныктап берсин деп Бишкек шаарынын Свердлов районунун сотуна кайрылат. Свердлов районунун соту үч жылдан кийин гана 2017 -жылдын 1-мартында М. Турганбаевдин айтканы жалган деп чечим чыгарып, 24.kg интернет сайтын расмий түрдө «опровержение” берүүгө, али эми М. Турганбаевдин өзүн 5 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирди. Ушул иш боюнча Абыловдун өзүнө суроо узаттык.

— Мамбетжунус агай, эмне үчүн бул иш үч жыл каралды деп ойлоп жатасыз?

— Мелис Турганбаев бийликтин көрсөтмөсүн аткарганы үчүн бийлик сотко акыйкат чечим чыгарууга жол бербей жатты да.

— Кайсыл бийлик? Бийликтин аты-жөнү барбы?

— Ооба, бар. Мен 2006–жылдан баштап Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп иштегенимди билесиз. Ошондо өлкөбүздүн Өкмөт жетекчиси И. Чудиновдун, тышкы иштер министири Э. Карабаевдин кабыл алган расмий чечимдерине ылайык, мен Кыргызстандын Анкарада курула турган элчилигинин имаратынын долбоорун даярдап, Өкмөткө өткөрүп бергем. Ал долбоор Түркия Өкмөтүнүн атайын экспертизасынан өтүп, биздин Өкмөттүн колуна расмий түрдө тийгенден кийин гана биздин Өкмөт өз чечимин жокко чыгарбай туруп, ал долбоордун ордуна Кыргызстан тараптан даярдалган башка долбоорду Түркия Өкмөтүнүн экспертизасынан өткөрүүнү мага сунуш кылган. Түркия Өкмөтү буга макул болбой койгондон кийин, эмне үчүн Түркия М. Абылов даярдаган долбоорду гана колдоп, ал долбоорду түзгөн Түркиянын фирмасына Кыргызстандын уруксаты жок акча төлөп бергенин изилдөө үчүн И. Чудинов атайын комиссия түзүп, Түркияга эки ирет комиссия жөнөткөн. Алар элчиликтеги документтер, Түркиянын тышкы иштер министирлигиндеги документер менен таанышып чыккандан кийин, мен тараптан И. Чудиновдун гана тапшырмасын аткаргандыгым далилденген. Мен ошондо И. Чудиновго өзүм да кат жолдогом. Эгер Кыргызстан тарап даярдаган гана долбоор өтүш керек болсо, анда чу дегенде өзүң кабыл алган чечимиңди жокко чыгар, анда Түркия жөн эле Кыргызстандын сунушуна макул болот деп. Эгер Чудинов ага барса, долбоор даярдоого түрк тарбынан сарпталган каражатка Чудинов өзү күнөөлүү болуп калмак. Мен элчиликтен кеткенден кийин оппозиция арасында жүргөнүмө байланыштуу, бийлик мага жамандык издөөгө киришет. Убагында «Кыргыздипсервисте» иштеген Д. Исраилов деген жигит 2014–жылы Президенттик администрациянын жетекчисинин замы болуп иштеп калыптыр. Ошол жигит элчиликтин долбоорун түзүү үчүн сарпталган акчаны тескөө үчүн прокуратурага кайрылыптыр. Долбоор түзүлүп жаткан учурда мен элчи болуп иштегениме байланыштуу мени күбөө катары көрсөтмө берүүгө орган өкүлдөрү бир-эки жолу чакырышкан. Мен И. Чудиновду чакырып сурак кылгыла, себеби мен ошонун расмий чечимин аткаргам деп жооп бергем. Аны чакырыштыбы же жокпу, ага кылмыш иши козголдубу, жокпу, менин кабарым жок. М. Турганбаев ошол мен күбөө катары өткөн суракты, мени кылмышкер катары өткөн сурак деп Свердлов сотуна далилдөөгө үч жыл бою аракет жасап, эч далилдей албай койду. Ал Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгын жетектеп турганда да, анан өлкөнүн ички иштер министри болуп турганда да, Түркияга кайра- кайра өз кызматкерлерин жөнөтүп жатып да мага кылмышкер катары эч нерсе таппай койгондуктан Свердлов районунун соту, М. Турганбаевдин мага карата койгон жалаасы жалган жана негизсиз деп чечим чыгарды. Ушул учурдан пайдаланып мен Д. Исраиловго кайрылгым келип турат. Сенин бир тууганың, иниңби же агаң экенин билбейм, бүгүн Кыргызстанда бай адам деп аталган Исраилов деген жигит жашоомдон кыйналып жүрөм агай, колуңуздан келген жардамды бериңиз деп убагында жанымдан чыкчу эмес. Мен ага өз учурунда эмне жардам бергенимди ошол бир тууганыңан сурап билип ал. Ичкен кудугуна түкүргөн адам жарыбай калат, эй Исраиловдор.

— Эмне үчүн Турганбаев бийликке ийилди деп ойлойсуз?

— Ал оппозицияны каралап, бийликке жагынса, министр болоорун билди.

— Сиз 17- апрелде Боспиекке барып, Акаевдин бийлиги атып өлтүргөн балдарга куран окутуп, андан кийин Акманга барып, Текебаевди коргоп жаткан митингчилер менен жолукканыңызды уктук. Келдибековдун үстүнөн арыз жазып каматканы үчүн Текебаевге катуу нааразы болуп жүрдүңүз эле го?

— Былтыр Боспиекке бара албай, Ак үйдүн астына Аксынын баатыр жигиттери үчүн коюлган эстелигине куран окутуп, түштүктүн аксакалдарын чогултуп Бишкекте чай бергем. Быйыл мүмкүнчүлүк болуп Боспиекке бардым. Жалал- Абад өз жергем болгондуктан Аксыга келип бизге тийбей кетти деп айтышпасын деп Акманга да барып, Өмүрбек инимдин жакындары менен жолуктум. Биз өткөндү эмес, эртеңкини ойлошубуз керек. Себеби, өлкөбүз өз жолуна түшө албай, элибиздин эртеңи күндөн-күнгө бүдөмүккө айланып бара жатат. Ал жерге барганымдын себеби, Өмүрбек үчүн эле эмес, бүгүн ошол райондон Тойгон аке да, Бектур иним да саясый куугунтуктун айынан камакта жатышат. Элге жолуккандан кийин Өмүрбек инимдин энесине кирип саламдашып, кичине болсо да ал кишиге өзүмдүн ырымымды жасап келдим. Энебиздин күүлү-күчтүү, духу күчтүү, кайраттуу экенине сүйүнүп, Кудай тилегиңизге жеткизсин деп ал кишиге ыраазы болуп кайттым.

Булак: “Жаңы ордо”

Эмилбек Каптагаев, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү: «Мен Батыровго бир жолу жолуккам, Атамбаевдин тапшырмасы менен»

 

-Эмилбек Саламатович, чек арадан кармалган Садыр Жапаровго сиз Ысык-Көл облусунда губернатор болуп турган кезде, сизди барымтага алган окуя боюнча айып тагышты. Сиз “Фейсбук” баракчаңызда эч кандай арыз жазган эмесмин, доо койбойм” деп жаздыңыз. Жабырлануучу жок болсо Жапаровду кандай негизде кармашты?

— Мен чындыкты жаздым, Садыр Жапаровдун үстүнөн эч кандай доо арыз жазган эмесмин. Жазууга азыр деле эч кандай негиз жок менде. Кандай себеп менен, кандай жагдай менен кармашканын Коопсуздук кызматынан суроо керек го дейм. Далил бар деп маалымат берип жатышпайбы. Бирок, ошол барымтага алууну аткаргандардын дээрлик баары кандайдыр бир жагынан Жапаровго тиешеси бар адамдар экендигин белгилеп айтып келгем, бул чындык. Бул кокусунан ушундай болуп калдыбы же башка бир себептери барбы эми тергөөнүн жыйынтыгы менен угабыз го деп ойлоп атам. Мени деле суракка дагы, сот болсо ал жакка дагы чакырышат. Азырынча чакырыша элек.

— Жапаров сизди Ысык-Көлдөгү Максим Бакиевге таандык деген пансионаттардан кымбат баалуу мебелдерди чыгарып кеткен, аны өзүнүн жакындары менен иштеткен деп айыптаган. Мүмкүн ошол айткандары үчүн 2013-жылы барымтага алынган кезде арыз жазып, азыр жазган эмесмин деп жаткан жоксузбу?

— Садыр Жапаровдун ал айткандары толугу менен ушак, жалган жалаа. Ошол эле 2010-жылы Максимге тиешелүү делген “Витязь” менен “Солнышко” пансионаттары мамлекетке өткөрүлгөн. Ал жерде прокуратура кызматкерлери толук инвентаризация кылышкан, ошол актыга ылайык кийинки жетекчилерге өтүп, азыр деле эч нерсеси коробой эле иштеп келе жатат. Бул эс алуу жайлары менин айылым Чокталда жайгашкан. Ошол айылдын жаштары 7–8-апрелде ары- бери толкуп өтүп жаткан топторго талатып-тонотпой, күнү-түнү кайтарып сактап калышкан, акыры бизге да керек бул пансионаттар деп. Бакиевдердин мүлкүн кайтарасыңар деп ал жерде да бир топ жаңжал болгон. Мына ошол жаштардын сунушу боюнча алардын лидерлерин Өкмөт адегенде директор кылып дайындаган, андан кийин алмашып кетти го ал жетекчилер деле, авал турукташкандан кийин. Айыл бир эле атанын балдарыбыз, ашып кетсе алтынчы-жетинчи атадан кошулат. Ошондуктан айылдан кимди дайындабасын менин тууганым болот. Анан айта берсе болот да туугандары иштеп жатат деп. Жапаровдун ушул жана башка дагы ушак деңгээлиндеги айтып, жазып келгендерин азыр кечтим деп айттым го, өз абийиринде эле болсун.

— “Мегаком” чуусун Жапаров көтөргөндө сиз менен жолукканын белгилеген. Анда кандай сөз болгон?

— Ооба, “Мегаком” маселеси боюнча келген, отуруп сүйлөшкөнбүз. Садыр Жапаров өз сунуштарын алып келиптир, азыр да менин колумда турат ошол эки барак кагаз. Азыр деле көрсөтө алам. Анын сунушун кыскача айта турган болсом “Ысык-Көл инвест банк” боюнча сот карап жаткан кылмыш ишин токтотуу, соттолуп жаткандардын арасындагы бир тууганы Жапарованы куткаруу болгон. Мага берген кагазында ошентип эле жазылып турат, сот кылмыш курамы жок деп актап салсын деп. Бул кылмыш иши да “Мегакомго” байланышы бар болчу, сот иши аяктап, Максим Бакиев, Елисеев, Гуревич баш болуп баардыгы 20га жакын киши соттолушту да кийин, анын бир тууганы Жапарова дагы. Акталышкан жок. Ошол эле кагазында Садыр Жапаров “Мегакомдун” акциясын толук мамлекетке алууга болот деп бир схеманы жазып алыптыр, ошону сунуш кылып жаткан. Ага мен айткам, бул схема менен азыр андай эле, мындай эле дей албайбыз, анткени бул маселеге тиешеси бар иштин баары тергөөдө же сотто, соттор чечет деп. Бирок, ал сунуш кылгандан “Альфа Телекомдун” 100% акциясы ансыз деле мамлекетке алынды да кийин, соттун чечими менен, анын айткан схемасына байланбай эле. Садыр берген кагазда бул сунуш 5-пункт болуп жазылып турат, ушундай кылуу керек деп. Ошондуктан, Садыр Жапаров “мен барып айтсам болбой коюшкан, жеке кызыкчылыкты көздөшкөн” деп ыгы келген да, келбеген да жерде айтып жүргөн сөздөрү дагы суу кечпейт, чындыкка коошпойт, “Мегаком” баары бир толугу менен мамлекеттик менчикке өтүп, азыр аны сата албай кыйналып атышпайбы.

— Текебаев камакка алынган күнү Убактылуу Өкмөттөн бир гана Роза Отунбаева эле жалындуу сөзүн сүйлөп чыкты. Сиз унчуккан жоксуз. Текебаевге жан тартсам мага да кылмыш иши ачылып, камап койот деп корккон жоксузбу?

— Байкашымча редакциянын кызматкерлери Текебаев камалгандагы митингиге барган эмес го дейм. Ал жерде Роза Исаковна сүйлөгөндөн кийин бир топ кишиден кийин мен да сүйлөгөм, ал жерде эжеден башка дагы Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнөн Кеңешбек Дүйшөбаев, Эльмира Ибраимова анан мен бар болчубуз. Корккон киши мендей позицияда болуп, мен айтып, жазып жүргөн сөздөрдү айта алса, анда коркпогон киши кандай болот? Ушу суроого силер да жооп бергилечи. Февраль айынын башынан бери “Политклиника” гезитине менин “Референдум сабактары же өлкөнү “жиндичиликтен” коргоо зарылдыгы жөнүндө” деген тема менен макалам жарыя болуп келе жатат, 8 санына чыкты. Корксом жазат белем?

— Жакында эле Убактылуу Өкмөттүн сегиз мүчөсү жыйналыптыр. Ал жыйынга сиз да катышыптырсыз. Президентти алып түшүү боюнча кеңештиңерби?

— Убактылуу Өкмөттө мүчө болгон же мүчө болбой эле ошол кыл чайнашкан мезгилде бирге болгон адамдар жолугуп турабыз, учурдагы авалды талкуулайбыз, жөн жай сурашабыз, чайлашабыз дегендей. Мында эч кандай жашыруун сыр деле жок. Акыркы жолу 8-марттын алдында жолугуп, кадимки эле эл көп барган чайканада отуруп, аш жеп, Роза Исаковнаны майрамы менен куттуктаганбыз. Бирок ал жерде президентти оодарып түшөлү деген сөз дагы, ой дагы болгон жок. Андай аракеттин да кереги жок го дейм. Азыр тополоңдун кимге кереги бар? Ансыз деле 19-ноябрда шайлоо болот деп жарыя кылбадыбы, кетет да ошондон ары.

— Президенттик шайлоодо Темир Сариевди колдойбуз деген пикирге келгениңиздер чынбы?

— Президентке аттанып жатам деп өткөргөн Темир Сариевдин партиясынын жыйынына дагы, Бакыт Төрөбаевдин партиясынын жыйынына дагы катыштым, жакшы каалоо-тилектеримди айттым. Менин жеке оюм, жеке пикирим — ​эл кимди колдосо ошол адам президент болуусу керек. Бул жолу будамайлоого, шайлоонун жыйынтыгын жең ичинен жасалма чыгарууга жол бербөө зарыл. Азыр Убактылуу Өкмөттүн деле, жалпы эле коомдун деле пикири бул маселе боюнча бир жерге уюп, бир талапкерге токтоло элек го деп ойлойм.

— Апрель окуясына бир жумадан кийин 7 жыл болот. Атамбаев апрель окуясы Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн байып алышына алып келди дегендей сөз кыйытты. Буга кошуласызбы?

— Бул ойду Атамбаев кандай фактыга, кандай документке таянып айтып жатканын айта албайм. Балким өзүнө салыштырып эле айтып атышы да мүмкүн. “Мен ушунча байыдым, башкалар деле жону түзөлүп, марып жатса керек” деп. Мен билгенден Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн жашоо турмушу анча деле өзгөрүп кеткен жок. Байып, жер баспай манчыркап калганын деле көргөн жокмун. Өзүңөр деле журналисттик иликтөө жүргүзүп чыксаңар болот да. Ак үйдүн тапшырмасы менен бир сыйра жазып чыгышты го биздин мүлктү, жашаган үйүбүз, айдаган машинебизге чейин сүрөткө тартып, окугандар күлүп атышат.

— Бийлик алмашкандан соң сиз төрайымдын аппарат башчысы болуп иштедиңиз. Сиздин дарегиңизге кадр маселесине аралашып, кызмат орундарына тыйын бергендерди дайындаган деген сөздөр айтылып жүрөт. Кан төгүү менен бийлик алмашканына карабай кызмат орундарын кайра эле акчага сата баштагансыңарбы?

— “Гладиатор” деген жакшы кино бар, ошондо Максимуска жанындагы кул негр айтат го “сени азыр өлтүрө алышпайт, сени өлтүрөөрдөн мурда алар сенин атыңды өлтүрүшү керек” деп. Мына ушундай ушактын баары ушул эле максатта чыгарылып, таркатылып жатат, муну ачык эле айтуу керек. Убактылуу Өкмөткө чейин деле канча кызматта иштедим, канча адамдын тагдырын чечтим, бирок бир да киши айта албайт “мен Каптагаевке пара берип кызматка турдум же пара сурады” деп. Кудай алдында дагы, өзүмдүн ыйманым алдында дагы так эле айта алам, пара алып эч кимди кызматка койгон эмесмин, пара берип кызматка да турган эмесмин. Мени тааныган, билген бир да кишиден мындай сөз укпайсыңар. Мындай ушакты таратып жүргөндөр мени сыртымдан эле билгендер же таптакыр эле билбегендер.

— Банк ячейкаларынан алынган акчалар бөлүштүрүлгөндө сиз дагы ар кандай кошуундарга деп акча алган экенсиз. Акча боюнча тергөө башталганда кайра ошол акчаны кайтарып бергениңизди айткансыз. Кайсыл кошуундарды каржылоо үчүн акча алгансыз?

— Ооба, он миң доллардын тегерегинде акчаны кайра мамлекетке тапшырганбыз. Бирок тактап айтып коёюн, тергөө башталганда эмес, Жогорку Кеңеш шайланып, жаңы Өкмөт ишке киришкенден кийин. Анткени, азыркы Өкмөт үйүнүн жанындагы, ошондой эле телевидениенин эки мекемесинде коомдук тартипти сактоо, топурап келип эле кире качабыз деген топторду токтотуп туруу милдети менде болчу. Бул ишке 500дөн ашуун ыктыярчы элдик кошуундун мүчөлөрү тартылган, тополоң болгон маалда күнүгө жок дегенде 200 адам дежурлук кылышчу. Алган акча мына ошол кошуундун мүчөлөрүнө тамак берүүгө, зарыл болсо машинелерге бензин куюуга жумшалган. Толук отчету бар, бул маселе боюнча бир нече жолу сурак да бергенбиз, бул маселе Жогорку Кеңеште да каралган. Ал эми жалпы эле ячейкадагы акча жөнүндө айта турган болсок, ошол мезгилде козголгон кылмыш иштерине ылайык банктардагы ээси жок ячейкалар ачылып, алардын ичиндеги акча мамлекетке алынган. Баардыгы 22 миллион доллардын тегерегинде. Ээси бар бир ячейка ачылган эмес. Андай болгон күндө эмдигиче чурулдап чыкмак да акчамды кайта бергиле деп. Тактап айтуу керек, бул акчалар негизи Бакиевдерге тиешелүү, бирок банктарда атайын каттодон өткөрбөй эле, аты жок ячейкаларда күнүмдүк расходдору үчүн сакташкан окшойт. Мына ошол акчадан 3 миллиондун тегерегинде өлкөдө авалды турукташтырууга, ар кандай тополоңдорду басууга, күч органдарынын каржысын чечүүгө жумшалган. Калган акча каражаты толугу менен мамлекеттин эсебинде калган. Кудайга шүгүр, жумшалган каражаттын акыбети кайтып, кыска мөөнөттө авал турукташып кетти.

— Атамбаев президент болуп шайланганда биринчи указы Каптагаев аппарат жетекчи болуп калсын деген болгондой болду эле. Бир саат өтпөй ал Указ жокко чыгарылган. Ошондо сизге Фарид, Абдилдер каршы чыгышканбы?

— Андай указ чыккан эмес, чыгуусу да мүмкүн эмес болуучу. Анткени алдын ала эле биз Роза Исаковна экөөбүз тең кетебиз, кызматты өткөрүп деп сүйлөшүлгөн. Эже кетип, мен калсам бийлик алмашкандай деле болбой калмак да. Ошондуктан 1-декабрда Жантөрө Сатыбалдиевди өзүм тосуп алып, кабинетке киргизип, ак тилегимди айтып эле кеткем.

— Кадыржан Батыровду сиз менен Дүйшөбаев атайын операция уюуштуруп, ГКНБнын атайы тобуна тапшырма берип, Жалал-Абаддан Лейлекке чейин коштотуп чыгарып койгонуңуз жөнүндө сөздөр айтылып жатат. Эгер ушул сөздөр чын болсо кимдин тапшырмасын аткаргансыз?

— Кадыржан Батыровго, анын качышына менин дагы, Дүйшөбаевдин дагы эч кандай тиешебиз жок. Муну так эле айта алам. Ошентип Батыровду атайын топ менен коштоп жүргөн болсок азыр минтип интервью берип атмак белем, эбак эле жарыя салып жиберишет эле го. Ансыз деле казып, чукуп, кандай шылтоо менен камасак деп баштары ооруп жатат азыр. Мен Батыровго бир жолу жолуккам, Атамбаевдин тапшырмасы менен. Ал кезде эженин биринчи орун басары болчу. Ал өзү Батыровду дагы эки киши менен кабыл алып, анан мага жиберген, өзбек улутунан борбордук бийликке жетекчилерди дайындоо керек, булар кандидатура берет, ошолордун документтерин даярдагыла деп. Мына ошол маселе боюнча Батыров мага эки-үч жолу телефон чалган, кандай болуп жатат деп. Мен каралып жатат, даярдалып жатат, азырынча чечим жок деп жооп бергем. Андан кийин аны көргөн жокмун. Ошон үчүн ачык эле айтпадым беле, массалык маалымат каражаттарына кеңири эле жарыя болгон, Батыровго эң көп жолуккан Убактылуу Өкмөттүн ичинен Атамбаев эле болгон деп. Бул чындык. Анын качып кеткенинин жагдайларын билишимче Башкы прокуратура тергеп жатса керек, бир тыянакка келип, ким качырганын аныкташса айтышат го, жашырып отуруп алышмак беле.

— Азыркы президент Алмазбек Атамбаев силер менен үзөнгүлөш болуп бийликке келген адам. Бүгүн бир кездеги пикирлеш адамдарын камап, ар кандай сөздөрдү айтып жатканы эмне себептен болууда деп эсептейсиз?

— Бир беткей жооп берүү кыйын го. Бирок айтат элем, 2010-жылкы революциядан жабыр тартып калган күчтөр өздөрү болбосо дагы кол жоолуктай болгон балдарын Атамбаевдин колтугуна киргизип алышты да, мына ошолордун шыкагы да себепкер болуп жатат дейт элем. Колтукка суу бүркүп, булар андай, булар мындай, ушулардан кутулсаңыз эле аппакай болуп чыга келесиз деп айтып жатышкандыр. Анткени алардын ою боюнча Атамбаевдин колу менен Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн талкаласа, анан биздин артыбыздан анын өзүн деле жөнөтүп жиберүү кыйын деле иш эмес, ага себеп дагы, негиз дагы толтура, анткени Атамбаев Убактылуу Өкмөттө биринчи орун басар катары экономиканы, акча каражаттарын, ошондой эле прокуратура, милиция, коопсуздук кызматы, коргоо министрлиги сыяктуу күч органдарын да тескеп турган. Бирөөнүн колу менен от көсөш оңой да. Башка деле себеп көрбөй турам.

Булак: “Жаңы ордо”

Нооманжан Аркабаев, экс-депутат, милициянын отставкадагы полковниги, адвокат: «Бийликке миллиондоп доо төлөгүдөй менде майда пул деле калбады»

 

— Нооманжан мырза, митингдерде кыйкырып эле калдыңыз. Акыркы кездеги абалга кыйын болуп калдыбы?

— Кыскача айтканда, өлкөдөгү жагдай ыдырап отуруп, кырдаал Акаев менен Бакиев Ачүйдү (Ак үйдү ушинтип айтам)таштай качкандагы кезеңге жетип калгандай. Кыргыздын далай азаматтарынын канын ичкен, узак мөөнөткө түрмөгө кесилген кесипкөй кылмышкер Батукаевдин Атамбаевдин тушунда кыргыз тарыхында болуп көрбөгөндөй сый-урмат менен мыйзамсыз эркиндикке узатылышын, көптөгөн массалык маалымат каражаттарында ашкереленип жазылып жүргөн Мамбеталиев деген неменин түрмөдөн чыгарылып, “журт башынын” оң же сол колуна айлангандыгын эске ала турган болсок, 7-кабаттагы бүгүнкү саясий-кылмыштуу кырдаал киши чыдагыс чекке жетмек турсун, ашып да кеткендей. Кыргызга бир нече жылдан бери эшектин этин жедирип келаткан өлкөдөгү ашмалтайы чыккан моралдык, социалдык-экономикалык абалды айтпай эле коёлу.

— Ушунун баарына бир гана Атамбаев күнөөлүү дегени турасызбы? Башкалар сүттөн акпы?

— Кошоматчылар “журт атасы” деп көкөлөткөндөй, айтыңызчы, Кыргызстандагы боткосу гана эмес, погу кошо чыккан көрүнүшкө даңазалуу ысдыпыканын негиздөөчүсү жана башкы мүчөсү Атамбаевден башка ким күнөөлүү болушу мүмкүн!? Бетке чаап, көзгө сайып айткан Садыр Жапаров күнөөлүү эмес да?!

— Шашпаңыз, суроону, бул жерде, журналист катары мен берсем туура болгудай…

— Болгону мен сиздин сурооңузду коомчулукка буруп жатамын.

— Саясатчылар баарыңар эле башка сөз таппай калгансып, Атамбаевге асылганды модага айлантып алган жоксуңарбы?

— Мүмкүн ошондойдур. Чыдаган, колунан келген, мекенчил, акылман жана коррупцияга илешпеген киши гана президент болууга тийиш! Мода мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ал эм сиз айткан мода бул — ​саясий мода. Анын үстүнө замандын ыргагын, акыбалын түшүнбөгөн киши гана ал модадан артта калышы мүмкүн. Айтып кете турган нерсе, буюмга же кийимге байланышкан моданы материалдык керектөө сезими жаратса, саясий моданы мекенчилдик сезими жаратаары талашсыз.

— Андай болсо, бүгүнкү саясий моданын негизги багыты кайсылар деп ойлойсуз?

— Ал моданын багытын 7-кабат аныктап, УКМК ишке ашырып жаткандыгы баарыбызга белгилүү. Ал саясий мода, биринчи кезекте ак жерден жалаага кабылып, УКМКнын зынданында жаткан көптөгөн азаматтарыбыздын тагдырына байланыштуу.

— Мисалы,..

— Алыс барбай эле, Жогорку Кеңештин эки жолку депутаты Садыр Жапаровго байланышкан кырдаалды алалы. Ал элдин укугун, мамлекеттин мүлкүн коргойм деп жалаага кабылып отурат. Муну элдин баары билет. Коррупцияга кулагына чейин батып, дем ала албай, тумчугуп калган Ачүй Жапаровду куугунтукка алуу менен башкалардын жүрөк үшүн алгысы, оозун биротоло жапкысы келип отурат.

— Камалган кишилердин баарын эле бийликти сындай коём деп, саясий жалаага кабылды десек болобу?

– 7-кабаттын буйругу менен УКМК колун кайрыган, КТР деген кара жашик жалаанын жамгырын кутурган иттин шилекейиндей багыттаган кишини саясий зомбулук менен куугунтукка алынды дей албасак, анда кимди айтабыз?!

– 25-март күнү УКМКанын маңдайында жүз берген нараазылык акциясына чыккан көптөгөн адамдарды бийлик тарабынан аёосуз ур-токмокко алынып, аткылап, кууп, сабап таратуу чарасына кандай баа бересиз?

— Түп тамырынан бери мыйзамсыз аракет деп айта аламын. Себеби, биринчиден, бийликтин бул каргашасы күч органдарынын айгакчысынын (провокатору, шайтаны дейбизби) бөтөлкө ыргытуусунан келип чыкты. Айласы кеткен бийлик ушуну гана күтүп турган. Экинчиден, колунда куралы эмес, лозунгасынан башка эчтекеси жок карапайым эл кандай коркунуч келтирмек эле. Натыйжада кача албай калган кары-картаңдар, аялдар жабыркады.

— Садыр Жапаровду канчалык таза деп айта аласыз?

— Албетте, анын таза инсан экендиги талашсыз. Мен аны көп жылдан бери билемин, байкап келатамын. Жогорку Кеңештин 3-чакырылышында бирге депутат болуп отурганбыз. Ал ошол кезде эле принципиалдуу, таза, мекенчилдик сезими, кат-сабаты бийик инсан болчу. Азыр ал адилеттик деп күйүүдө. Биринчиден, Садыр Нургожоевич бийликтин жалаасына мансап талашып, дүйнө талашып кабылып отурган жок. Ал коррупциячыл бийликке каршы күрөшөмүн деп саясий-криминалдык куугунтукка кабылып отурат. Экинчиден, канчалык зомбулукка кабылбасын, ал жийиркенген кишиси менен элдешүүгө барбайт. Ошондуктан, бийлик аны кечирбейт. Аны бүгүнкү погу-жини аралашкан коррупциячыл бийликтин ажалы деп эсептеймин. Садыр Жапаровдой күйүп-жанган мекенчил, жети баштуу бийликке тайманбай каршы чыккан инсанды көрө элек болчубуз деп кесе айта аламын! Мындай азаматты коргоп кала албаса, элдин өзүнө эле оор болоорун көңүлдөн чыгарбаңыздар.

— Казакстандан кирип келген Садыр Жапаровдун туптуура түз эле бийликтин колуна түшүп берүүсүн элге түшүндүрө аласызбы?

— Биринчиден, ал чоочулагыдай кылмыш кылып, кыдырууда жүргөн киши эмес болчу. Экинчиден, бийликтин асылаарын билген. Ошого карабастан өзүнүн актыгына бекем ишенип өлкөгө кайтып келди. Бийлик аны ИИМ, УКМК кызматкерлеринен жана Чекара аскерлеринен турган куралданган 600дөн ашуун күчтү чогултуп, тарыхта болуп көрбөгөндөй кооптонуу менен даярданып күтүп алды. Кана эми, Атамбаев өз намысын тебелеп-тепсеп кеткен Батукаевди кармап келүүгө ушунчалык аракеттенип күч жумшаса. Жапаровго “өлкөгө жашыруун кирип кел” деп сунуш айткандар да болду. “Кайсыл күнөөм үчүн жүзүмдү жашырмак элем” деп такыр көгөрүп туруп алды. Ачүй Жапаровдун өлкөгө кайтып келээрин билип, анын буйругу менен УКМКнын тергөө башкармалыгы 25-мартка күбө катары суракка чакыруу кагазын жөнөткөн. Чындап эле күбө катары чакырылса, аны чек арадан зомбулук менен мажбурлап алып кетүүнүн зарылчылыгы бар беле? Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, күбө келүүдөн баш тартса гана мажбурлап алып келүүгө жатат эмеспи. Жапаровго бийлик кандай айып тагууда? Айыптоо, далилдөө жана аны бекемдөө милдети Конституция жана тийиштүү мыйзамдар боюнча 7-кабаттагы бийликке эмес, тергөө органдарына жүктөлүш керек эле. Ачүй өзү күбө катары камап отурган Садыр Нургожоевичке: 1. Кишини барымтага алуу; 2. Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү; 3. Өлтүрөм деп коркутуу; 4. Бейбаштык сыяктуу кылмыштарды таңуулоодо.

— Адвокат катары, көптөгөн жылдар укук коргоо органдарында иштеген адис катары айтыңызчы, кылмыш кодексинин жогоруда сиз атап кеткен 4 беренеси боюнча Жапаровдун айыпталып жатышы канчалык негиздүү?

— Азырынча Садыр Жапаров жогорудагы оор деп эсептелген 4 берене боюнча шектүү катары гана суралып жатат. Анткен менен ”айыпталып жатышы…” деп, сиз абдан туура айттыңыз. Бийлик андан шектенип отурбай эле, өз зомбулугуна салып, шектенүүдөн мурда эч бир негизсиз жерден айыптоого өтүүдө. КТР баш болгон кара жашиктер ушул күндөрдө Ачүйдүн тукуруусу астында Садыр Жапаровго күн-түн дебей жалаанын жамгырын төгүүдө. Мисалы, кишини барымтага алуу беренеси. 2013-жылдын 8-октябрында Каракол шаарында Ысык-Көл облусунун гүбернатору Каптагаев кимдир-бирөөлөр тарабынан барымтага алынган. Ал окуя боюнча негедир арадан 3 жыл өткөн соң гана 4 бала кармалып келип, 9–10 ай УКМКнын зынданына салынып, бийлик тарабынан зомбулук менен Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө алуу аракеттери көп жолу кайталанган. Белгилей кетчү нерсе, кармалгандар зынданда жаткан кездеги 7–8 айдын ичинде эчтеке таба албаган тергөөчүлөр аларды болгону 3 же 4 жолу гана суракка алышкан. Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө бермейин, жаш өмүрүңөр кор болуп жата бересиңер деп зомбулук көрсөтүшкөн. Эң негизги айта кетчү нерсе, барымтага алынган жана негизги жабырлануучу деп эсептелген Каптагаев соңку 10 айдан бери кан какшап “мени Садыр Жапаров барымтага алган жок, зомбулук көрсөткөн жок, өлтүрөм деп коркуткан жок, мага карата бейбаштык кылган жок, ал күндөрү мен Жапаровду көргөн да эмесмин” деп интернет булактарында жарыя кылгандыгына карабастан, Ачүйдүн тукуруусу менен УКМКнын тергөө башкармалыгы саясий өч алуу максатында камалган азаматтар менен кошо Садыр Нургожоевичке карата да укуктук көтөнзордук аракеттерин жанталашуу менен улантууда. Бийлик Садыр Нургожоевичти саясий өңүттө айыпталгандар камалчу УКМКнын зынданына жаппастан, мыйзам талабын одоно бузуу менен жанкечти кылмышкерлер бийлик жана үстөмдүк кылган 1-СИЗОго алпарып тыккандыгын кантип түшүнүүгө болот?! Бул жерде аны биротоло сындыруу же өлтүрүп салуу максаттары жок бекен деген суроо туулбай койбойт.

— Нооманжан мырза, сиз өзүңүз да саясий жалаага кабылып, УКМКанын колу менен 2 жолу зынданга салынгандыгыңызды билебиз. Ушул сөздөрүңүздөн улам 3-жолу зынданга түшүп, же миллиондоп акчага жыгылып, жабыр тартып калып жүрбөйсүзбү?

— УКМКнын зынданында мага бош орун калды бекен? Бийликке башкаларчылап миллиондоп доо төлөгүдөй менде майда пул деле калбады. Мен да элдин биримин, башка салганын көрө жатаарбыз.

— Мен сурабай калган кошумча дагы эмнени айтаар элеңиз?

— Эң оболу президенттен саясий жалааны токтот деп талап кыламын. Жашоонун теңи өкүнүчтөн турат дегендей, менин милиционер кесиптештериме боорум ооруйт. Эгемендүүлүк доору башталгандан бери коомду тазалоо үчүн болгон кагылышууларда канчалаган кесиптештерим бей ажал өлүмгө дуушар болушту. Канчалары майып болуп калышты. Канчалаган балдар атасыз калышты. Тирүү калган милиционерлер дагы эле коррупциячыл шүмшүктөргө калкан болуп, алардын арамдан тапкан мүлктөрүн коргоп, каргашага баштарын байлап суукта, жамгырда ачка турушат. КМШ өлкөлөрүнүн милиционерлеринин ичинен айлыкты эң аз алгандары да биздикилер. Казактар 3 эсе, өзбектер 2 эсе көп айлык алышат. Украина, Белорус милиционерлери күчөтүлгөн кызмат өтөө күндөрү 2 маал ысык тамак, 3 эсе айлык менен камсыз кылынган.

Булак: “Жаңы ордо”

Меню