Menu

ММК ДАЙДЖЕСТ

Акин Токталиев, адвокат: "Болот Шерден дагы илинчек табылса, аны да камайт"

Адвокат Акин Токталиев менен “Ата Мекен” партиясынын тегерегиндеги ызы-чуусу жана тарашы керек де­ген парламент тууралуу ой бөлүштүк.

-“Ата Мекенчилердин” мародёрчулук ишке тиешеси бар деп ишенсек болобу?

– Текебаевди жана башкаларын мародёрчулукка тиешеси бар деп, далилдебей туруп айтыш чоң күнөө. Ал турсун соттун чечими чыккандан кийин да айтуу оор. Себеби 7-жыл өтүп кетти, андан бери ким жашырды. Ошон үчүн мародерлорду эле эмес, жашыргандарды да кошо жоопко тартыш керек. Бийликтегилер бийлигинен пайдаланып, саясий оппоненттерин элге жаман көрсөтүш үчүн далилсиз, соттун чечими жок эле жамандап жатат. Президент мародер деп айтып жатса, карапайым эл соттун чечими чыктыбы, чыккан жокпу дебей, ага ишенет да. Мародёрчулук далилденбей калса, президенттин аброю эл алдында кетээрин да эске ала жүрүшүбүз керек. Бирок маро­дёр деп анда-мында айтылып калганы менен чынында 7 жылдан бери бир да мародерду көргөнүбүз жок. Ошон үчүн анык мародёрлорду таап, соттоп жиберсе да эл ишенбей калат. Себеби камакка алынгандарды эл боору ооруп карап, ма­родёр болсо да куугунтукталып жатат деп кабыл алышы мүмкүн.

-“Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрүнүн бири Болот Шер да, мародёрчулук үчүн камакка алынышы мүмкүнбү?

-Менимче бийлик Болот Шерден дагы бир илинчек тапса, аны да камайт. Азырынча бийлик илинчек тапканга аракет кылып жатат. Ал эми Аида Салянованы түздөн-түз камап койсо баш прокурор жаңылбайт, лицензия менен эмес, кор­рупция деген статья менен. Себеби: экс­премьер Данияр Үсөнов, Салык инспекциясы, Каржы министри жана Адилет министринин атынан Аида Салянова 1 млрд. 350 млн. сомду “Кумтөрдөн” са­лык катары мамлекеттин казынасына албай, бир гана буйрук менен списание кылып жиберишкен. Кыскасы 1,5 млрд, сомду бөлүп алышкан. Ушул жөнүндө Садыр Жапаров айтып чыкса, аны Ташиевге кошуп камап коюшкан. Ал документтер менде сакталып турат. Эртеби-кечпи, Осмонбек Артыкбаев баш болуп жооп беришет.

-Парламент тарашы мүмкүнбү? Коомчулукта ушундай кептер айтыла баштады го?

-Парламент элге шылдың болбой, күч менен тарката электе өз ыктыяры менен тарашы керек. Канча жашырсак да кыргыз парламенти криминалдуу парламент болуп калды. Парламентке эл үчүн кызмат кылайын дегендер эмес, тескерисинче бизнесин коргош үчүн гана келгендер бар. Кыскасы депутаттар эл үчүн эмес, өздөрүнүн байлыгын көбөйтүш үчүн гана парламентке келишкен. Ошон үчүн элдин добушун алыш үчүн акча чачышкан. Элге акча чачпай эле миллиондогон сомду, ар бири өз элине, жерине жумшаса, ошол айыл жакырчылыктан чыгып, шаарга келип тыгылбай, өз айылында иштеп байымак, көчөдөн кайыр-садага сурамак эмес. Акча табам деп шаарга келип, ден соолугунан ажырамак эмес.

Бизде болсо бизнесмендердин баары парламентке келүүгө аракет кылып, мыйзамды чемичкедей чаккан юристтер эс­ке алынбай жатат. Чынында парламент­ке тажрыйбалуу юристер келсе жакшы болмок, мыйзамды иштетмек, бийликтен коркпой туруп, тике сүйлөмөк. Байлар парламентке келгени менен мыйзам жазганды билбейт. Ал турсун, байлыгымды чукуп чыгат, анан коррупционер деп камап коет деп коркушат. Мисалы, бир канча жыл парламентте депутат болгон Аскар Салымбеков, Өмүрбек Бабанов жана көптөгөн бизнесмендер айылына айыл чарба техника алып бердиби, завод, фабрика салып бердиби, ошолордун өндүргөн продукциясын баазарга алып чыгарганга жардам бердиби? Албетте жок. Анткени алар акчаларын чет мамлекетке жумшап, завод, фабрика салып беришет, Америка, Европадан үй сатып алышат. Эл да добушун сатпай, элге кызмат кыла тургандарды шайлашы керек. Болбосо бул жагдай улана берет.

Булак: “Фабула”

Тургунбек Кулмурзаев, экс-губернатор: «Жаңы президент келсе, кызматка барып калышым мүмкүн»

 

Өткөн жуманын соңунда президент Атамбаевдин жанына көптөн бери саясый айдыңда көрүнбөй калган Тургунбек Кулмурзаевдин карааны кайрадан пайда болуп, ажобуздун ага карата ызаат кылган жүрүшү  көпчүлүктүн көңүл борборуна айланды. Мындай Шартта биз белдүү саясый ишмер, экс-чиновник Тургунбек Кулмурзаевдин өзүн кепке тарттык.

Тургун мырза, бүгүн ажобуздун айланасында Чүй кланындагы аттуу-баштуу, сакалдуу агаларыбыздын карааны көрүнбөй, Туйгуналы Абдраимов, Кеңешбек Дүйшөбаев баштаган жердештери бийлик ордосунан четтетилип калышты. Жакында 2005-жылдын 24-март окуясынын урматына ачылган баш калаабыздагы гулбакты жашылдандыруу ишине катышып, дарак отургузган жөрөлгөдө Алмазбек Шаршенович сизди ээрчитип, «Тургун байке быякка келиңиз» дегендей сыпайылыгын көрсөтүп жатты. Мындан улам Атамбаевдин айланасында Чүйдүн аксакалдарынан сиз эле калганыңызды боолголосок болобу?

-Президент Атамбаев жеке эле Чүй облусунун башчысы эмес, жалпы Кыргызстандын өлкө жетекчиси да. Президент болгон соң айланасына жалаң эле чүйлүктөр болбостон, соңку 10 жылдан бери өлкөбүздүн булуң-бурчтарындагы мен-мендеген аксакалдар болобу, жаштар болобу, чогуу команда болуп, элдин жүгүн тартып келе жатышат. Сен иним дайыма интригалуу суроолордон берет эмессиңби, бул жолу да «чүйлүктөр, сыртта калдыңар го» деген тейде тийишкенсип собол таштап жатасың. Аныгында «жердештери сыртта калды» дегениң деле туура болбойт. Мен билгенден Чүйдүн аттуу-баштуу жигиттери президент Атамбаевдин ичи-койнуна кирип, сыртта гана эмес, ичинде деле болушкан эмес. Бийликте отурган ки­ши менен биздей кишилердин ортосунда байланыш боюнча эл арасында бир аз туура эмес түшүнүктөр бар. Жанында бир

күн туруп калсаң эле «бул президенттин абдан жакын кишиси болуп кетти» же кичине кызматтан кетип, ишсиз бо­луп калса «баланчаны бөлүп салышыптыр, сыртта сүрүлүп калыптыр» деген өңдүү чындыкка коошпогон сөздөрдү чыгарышат. Маселен, ошол эле сен атаган иним Туйгуналы Абдра­имов менен Алмазбек Атамба­ев экөөнүн мамилеси илгертен жакшы. Жакын достордон де­гендей. Болгону жанагы сенин соболуңдагыдай сөздөр Туйгун иним кызматтан кеткенден кийин көп айтылып кетти. Аныгын­да андай деле эмес. Ошол эле БШК төрагалыгы мыйзамда белгиленген мөөнөтгө жаңырып турушу керек. Ал мөөнөттө төрагалыгы алмашылбаса да эл оозунда «ой, бул президенттин досу Абдраимов түшпөс хан болду» дешип сөз чыгарышмак. Ал ордунан кетип, кызматын тапшырып кетсе да «ой, ал жөн жүрбөй, Атамбаевдин айланасынан тебилип калыптыр» деген өңдүү сөздөр чыгып жатпайбы. Сен атаган инсандардан башка да Чүйдө бир топ аттуу-баштуу жигиттерибиз бар. Алардын баардыгы «биз чүйлүк жердешпиз» деп президент менен жакын санашып, коюн-колтук алыша беришсе Кыргызстанда калыстык болбой калат го? Андыктан, пре­зидент деген калыс болуш ке­рек дагы, командасына ар бир региондон чыккан эл билген аттуу-баштуу, эл сыйлаган инсандар менен байланышып, ара чолодо акылдашып турса, абдан туура кадам болмок. Атамбаев деле балким ошондой кылып жаткандыр, бирок мен жакын аралашпаган соң толук кандуу хан ордодогу иштерди билбейт экенмин.

– Президенттин сизге ка­рата ишараат кылып, чогуу ала барганына караганда, экөөңүздөрдүн мамилеңиздер жаман эмес окшойт ээ? Катышып, байланышып турасыздарбы?

– Баш калаадагы Алма­ты көчөсү менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 2005-жылдын 19-мартында мен, Алмазбек Атамбаев, ыраматылык, бейиши болгур Мелис Эшимканов, Акылбек Жапаров болуп, төртөөбүз биринчи ми­тинг кылып, ал кездеги парламенттик шайлоонун ыплас маанайда өткөнүнө байланыштуу бийликке каршылык көрсөтүп чыкканбыз. Аламүдүн районунан КСДПнын атынан парламенттик жарышка чыккан ма­га карай бийлик андагы «Алга Кыргызстан» партиясынын талапкерлерин «айдакташып», балит ыкмалары аркылуу Авазбек Момункуловду депутат кылып өткөрүшкөн. Бийликтин мындай арсыз кадамдарына кар­шы биз жогорудагы төртөөбүз биригип, Акаевдик бийликке дал ошол Алматы менен Ахунбаев көчолөрүнүн кесилишинен чогулуп, беш күн бою катуу маанайда топтолуп, акыры 24-март күнү көтөрүлгөн элди уюштуруп, баштап чыккан­быз. Кийин бийлик алмашканы ушул жерди атайын эл эс алгандай кылып жасап койсокпу деген ой болгон. Акыры мындай оюбузду 2015-жылы ишке ашырып, президент Атамбаев өзүнүн фондусунан акча болуп, Бишкек мэриясы да тийиштүү каражат болуп, бүгүн тарыхый мааниси бар ал жер жакшынакай эл эс алуучу жайга айланды. Мындай жайдын салынышына өзүбүздүн Сары-Өзөндөгү момун, баарын батырган чүйлүктөрүм да ыраазы болуп жатышат. Былтыртан бери ал гүлбакчага 24-мартта президент өзү барып, бак тигип, өмүрүбуздөгү урунттуу учурлар катталган ал ирмемдерди эстеп кетет. Өткөн жылы да мени чакырышты эле Кыргызстанда жогума бай­ланыштуу бара албай калгам. Быйыл да президенттик аппараттан чалып чакырышканынан бардым. Башта айтпадымбы, убагында дал ошол күндөрү биз бийликке каршы чыгып, каарман болуп жүргөнбүз. Атамбаев ошол себептен мени чакыртты да. Ошол окуяларга башкалар катышса балким аларды деле чакырмактыр. Муну дагы сен сыяктуу тапан инилер саясат кылып жатпайсыңарбы, мурдуңду урайындар десе! Мындан саясат издеп деле кереги жок. Ал эми Атамбаев экөөбүздүн мамилебиз кечээ же мурдагы күнү эле башталган эмес. Алмазды мен тээ бала кезинен тарта билем. Экөөбүз бир өрөөндүн суусун ичип чоңойгон жигиттерденбиз. Ортобузда ага-инилик да жакын мамиле, катышыбыз бар. Ал кызматы жокто деле мамиле күтүп, байланышып жүрчүбүз. Азыр деле баштагы мамиле уланып, өзгөрүлүп, бузулбастан ке­ле жатат. Илгерки ага-инилик мамилебиз азыр дагы күчүндө.

Анда азыр деле экөөңөрдүн ортоңордогу жакшы мамилеңер күчүндө болсо, мамлекеттик кызматта бай тажрыйбасы бар сиздей агасын үйүндө колоктотуп бош отургузбай, кызмат караштырган жокпу?

-Мага да «элдер 70, 80 жашка чамаласа да кызмат талашып, иштеп жүрүшөт, сиз эмнеге кызматка барбайсыз иниңиз турганда» деп суроо берип калышат. Ушул жашка келгени мен өмүрүмдө  бироого барып, эч качан кызмат сурап көргөн жан эмесмин. Дайыма мени чакырып, «ушул кызматка иштеп бериңиз» деп суранышат. Ме­нин маңдайга жазган пендечилик тагдырым ушундай. Эсептеп көрсөм, баш-аягы 45 жыл мамлекеттик жана жетекчилик кызматгарда иштептирмин. Өткөн жылы пенсияга чыгып жатып, азырынча башка кызмат­ка барбай эле коюуну, 1-2 жыл эс алуунун ырахатын көрүүнү максат кылдым. 65 жашка чыксак деле такыр карып кеткен жерибиз жок. Алдуу-күчтүү элебиз. Балким, жаңы президент келип, акыл-кеңешибиз, тажрыйбабыз мамлекетке керек болуп калса, буюрса оомат келсе кызматка кайрадан барып каларбыз. 90 жаштан өткөнчө айтылуу Турдакун Усубалиевич деле Кыргызстанга далай пайдасын келтирип жүрүп өтпөдүбү. Андыктан, биз деле азыр алдан-күчтөн тайып, карып кете элекпиз. Байкең жаш эле азыр. Жигит сымал…

Коомчулуктун бүйүрүн кызытып жаткан президенттик шайлоого карай Чүй өрөөнүнөн 7 талапкер аттана турганы айтылууда. Сары-Өзөндүн белдүү акса­калы катары, ини-карындаштарыңыздын кимисин сүрөөнгө алып, кимисине жардам берүүнү ойлонуштуруп жатасыз?

-Мен соңку үч айдан бери чет өлкөдө жашаган балдарымдыкында болуп, өлкөбузгө эки жума мурун кайтып келдим. Аламан жарышка кимиси чындап чыгаары боюнча азырынча сыртынан гана угуп жатам. Жарыш­ка чыккан фамилиялар тууралуу уксам, баардыгы тең өзүбүздүн жигиттер экен. Кимисин кандай кылып колдоорубузду азырынча айтуу эрте. Алдыдагы айларда бул боюнча сөзсүз бир пикирге келип, ишти баштайбыз. Азы­рынча сүйлөшүүлөр болууда. Баарын байкап көрөбүз. Ушул жерден сөз өңүтү келгенде баса белгилөөчү жагдай, 2011-жылдагы президенттик шайлоодо биздин Чүйдөн дагы Жаныш Рустенбеков, Темир Сариев, Ма­рат Иманкулов, Ысык-Колдөн Кубанычбек Исабеков башта­ган инилерибизден турган бир топ талапкерлер чыгышкан. Ошондо жеке өзүм Жаныш Ру­стенбеков, Темир Сариев, Ку­банычбек Исабеков менен ачык сүйлөшүп, андагы шанс, негизги фаворит Атамбаевде экенин, ынтымакка келип, Алмаз инимдин талапкерлигин колдоп чыгууну демилгелесем, адегенде эле Жаныш Рустенбеков, кийинчерээк Темир Сариев макул болушуп, бир топ сөздөр болгон. Бул экөөнү тең Атамбаевдин жеке өзү менен беттештирип, убада, сөздөрдү бекемдегенбиз. Кийин Темир Сариев боюнча башы жакшы башталып, аягы биз күткөндөй болбой калбадыбы… Дегеним, 2011-жылдагы президенттик жарышта мен ушундай иш кылгам. Алдыда да буюрса мындай иштерден алыс кетпейбиз. Өткөндө бир жолдошум «быйыл президенттик жа­рышка Турсунбек Акун чыкса, мен дагы чыгам» десе болобу? Анда ага «сен чыксаң, мен да­гы чыгам» деп айттым. Андык­тан, баары алдыда, иним. Бай­кап туралы.

Булак: “Азия ньюс”

Жеңишбек АРЗЫМАТОВ: «Студенттер да азыркы өзгөртүүлөрдү окушу зарыл»

Сот тармагында жүрүп жаткан реформа, жаңы кабыл алынган кодекстер тууралуу көз карандысыз юристтер кандай ойдо? Жогорку сотто болуп өткөн «Сот тутумунун ачык-айкындыгынын жетишкендиги – сот актыларына жетишүүнүн кеңири механизми» аталыштагы тегерек үстөлдүн катышуучусу, Кыргызстандын юристтер ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы Жеңишбек Арзыматов төмөнкү суроолорго жооп кайтарды.

Көз карандысыз юрист катары sot.kg сайтынын ишине мониторинг жасап жатасызбы? Аталган сайттын дурус, буруш жактары эмнелер деп ойлойсуз?

 – Биздин ассоциациянын мүчөлөрү көз карандысыз юристтер катары sot.kg сайтына мониторинг жасашкан. Байкоо жүргүзүү азыр деле уланып жатат. Негизи ушул сайт­тын ачылып, иштеп жаткандыгынын өзү сот тутуму үчүн чоң жетишкендик. Бирок, айрым кемчиликтер бар, алар деле убакыттын өтүшү менен жоюлат. Эң негизгиси, сот тармагынын жетекчилеринин мындай иштерди улантуу боюнча саясый эрки бар. Бул сайттын иши бара-бара коомчулукка кеңири тарайт. Бирок, «азыр ушундай сайт иштеп жатат, ага соттук актылар жарыяланат, кызыккандар каалаган судьянын чечимдерин ушу сайттан алып окуса болот» деп атайын маалыматтык кампания жүргүзүү зарыл болуп турат.

Сот реформасынын жүрүшүн сиз юрист катары кандай баалайсыз?

-Юрист катары биз укуктук жактан гана баа бере алабыз. Сот реформасы жүрүп жа­тат. Белгилүү бир кыйынчылыктар, ошол эле кезде жетишкендиктер да бар. Мисалы, ушу sot.kg сайты, Жогорку соттун өзүнүн сайты иштеп жатканы, сот мекемелеринин алдында басма сөз катчыларынын иштөөсү жакшы көрсөткүчтөрдөн. Ал эми кемчилиги тууралуу айтсак, реформанын жүрүшүнө көп убакыт кетип жатат. Мына, жакында эле чоң мыйзамдардын пакети кабыл алынды. Аларды коомчулук, жарандык коом өкүлдөрү жана мамлекеттак кызматкерлер арасында талкуулап, консенсуска келип, кабыл алгыча бир топ убакыт өттү. Бирок, ал сот ре­формасынын тез ишке ашуусун күтүп жатат.

Жаңы кабыл алынган кодекстер ме­нен таанышып чыккандырсыз. Алар ишке киргенде эмне өзгөрүү болушу мүмкүн? Эл анын пайдасын кандайча көрө алат?

– Негизи эл үчүн өзгөчөлүктөр деле көп маанилүү эмес. Эл үчүн сот системасы анын кызыкчылыгындагы иштерди аткарса, алардын укуктук маселелерин акыйкаттык менен чечип берсе, эл ошого ыраазы болсо керек. Кандай процедуралар, эмне жаңылыктар киргени элди көп деле кызыктырбайт. Жаңы жазылган Жазык кодекси негизинен гумандуу болууга багытгалган. Муну биз жеңилирээк иштер үчүн атайын Жоруктар кодекси иштелип чыкканынан көрсөк болот. Талашкан эки тараптын бирин дароо эле жазалабай, жарашканга да жол ачкан юридикалык мүмкүндүктөр пайда болуп жатат. Соттун багыттоосу ме­нен эки тарапты өкүм чыгарбай эле элдештирүүчү медиация институту пайда болууда. Ушундай өзгөрүүлөрдү укук коргоо органдарында иштегендер кандайча үйрөнүп, өздөштүрүп, анан колдонуп кетишет, бул дагы бир опурталдыкты пайда кылат. Бул үчүн дагы эле убакыт, окутуу, тажрыйба талап кылынат. Мындай процесстер иштеп жаткандар үчүн эле эмес, юридика багытында окуп жаткан студенттер үчүн да киргизилиш керек. Мисалы, биз судьяларды, адвокаттарды, прокурорлордуокутканыбыз менен, юридика факультеттерин бүтүрүп чыгып жаткан студентгердин армиясы үчүн да жогорудагыдай жаңылыктарды киргизүү зарыл. Алардын окуу программаларын азыркы кабыл алынган мыйзамдардын талабына ылайыктап чыккан туура. Ошондой эле окутуучуларды да даярдаш керек. Биз азыр укук коргоо органдарында иштеп жаткандарды эле кайра окутуп, ал эми биздин келечектеги кадрлар болуп келчү студенттер эскиче эле окуй беришсе, бул кийин чоң көйгөй жаратышы ыктымал. Ошон үчүн ушундай жагдайга өзүбүз да, донорлор да убагында көңүл бурсак туура болот деп эсептейм.

Булак: “Азия ньюс”

Надира Нарматова, экс-депутат: “Бийликтин төө басты саясаты тынымсыз нараазычылык акцияларын, ашыкча митинг, жол тосууларга шарт түзүп жатат”

 

Надира Азимовна, Кыргызстандагы акыркы мезгилдеги саясый окуялар эмнеден кабар берет?

-Акыркы 2012-жылдан бери саясатчылардын көбүнө эле түрдүү беренелер менен иш козголуп келе жатат. Өкүнүчтүүсү, дароо эле оор статьяларды коюшуп, такталган, такталбаган маалыматтар менен, тергөөсү бүтүп, айыбы угула электе эле камаган өнөкөткө айланып баратат. Ошондой эле кылмыш иши тактала электе, сот отурумдары баштала электе, соттун чечими чыга электе эле КТРК менен ЭЛТРден кылмышкер катары даңазалап, такталып бүтө элек маалыматтарды күнүнө он жолудан кайталап, элдин кулагын көндүрүп, бөкөчө, жексур, жеп-ичкич, ууру- кески, жеткен коррупционер, кыл­мышкер кылып көрсөтүп, ашкере жарнамалык иштерди жүргүзүп , укук коргоо органдарынын эң ишенимдүү жардамчысы болуп берип жаткандыгы карапайым элдин кыжырын кайнатып жаткандыгы ачуу чындык. КТРК менен ЭЛТР коомдук, элдик канал болуп, бюджеттен каржыланганы менен элге теңирден  тескери маалыматтарды жеткирип жатышат. Бийликтегилер мамлекеттик телеканалдар менен каралап, максатыбызга жеттик дешкени менен көпчүлүк эл нааразы болуп, КТРди “кара жашик”, “тапшырма аткаруучу канал” дешип жек көрүп калышкандыгы реалдуу жашоонун ачуу чындыгы. Негизи тергөө амалдары бүтүп, айыбы угузулуп, сот болуп, сотто күнөөсү аныкталгандан кийин гана кылмышкер, коррупционер же дагы бир коркунучтуу ууру деп атаса болот. Бийликтин төө басты саясаты тынымсыз нараазычылык акцияларын, ашыкча митинг, жол тосууларга шарт түзүп жатат. Жыйынтыгында, өлкөбүздө туруктуулук, өсүп-өнүгүү болбой, эл арасында мамыр-жумур жашоо өкүм сүрбөй, карапайым эл укук коргоо органдарына ишенбей калышты. Акыркы беш жылда саясий куугунтук дейбизби, саясий коррупционерлер дейбизби, кыскасы, тарыхта болуп көрбөгөн окуялар орун алып, күтүлбөгөн саясий кадамдардын жыйынтыгы түрмө менен коштолуп жаткан көрүнүш орун алды. Тилекке каршы, чыныгы уурулар, коррупционерлер, миллион, миллиарддарды жок кылып жибергендер аныкталганы ме­нен укук коргоо органдары тарабынан эч кандай маани берилбей, күрөш тандоо жолу менен жүрүп жатат.

– Садыр Жапаровдун келишинин урматына уюшулган митинг боюнча нелерди айта аласыз?

25-март күнкү митингди өткөрүүгө уруксат берилгенден кий­ин, Садыр Жапаровду камап, кырдаалды курчутуп, митингди күч менен таратпай деле коюшса болмок. Анткени, Садыр Жапаров “митингдин катышуучулары менен жолугуп, анан суракка барам”- деп коомчулукка ачык жарыялаган. Өз каалоосу менен чек арадан өтүп келгени үчүн рахмат айтып, “митингден бошогондон кийин суракка келиңиз”- деп күтүп турушса болмок. Шоу уюштуруп, коркунучтуу кылмышкерди кармагансып, күтүп турган элдин кыжырына тийбей деле коюшса болмок. Укук коргоо органдары анчалык кыйын болушса, өзү келгенде баса калып камабай, Москва, Алматыда жүргөндө барып, издөө жарыялап алып келбейт беле. Митингде кармалгандарды ур-тепкиге алардан мурун укук коргоо органдары элдин кыжырына өздөрү тийип алганын эске алышса болмок. Граждандык кийимчен балдарды митингге кошо коюшуп, митингге катышкандарга мал сыяктуу мамиле жасап, бир адамды тытмалап, иттин өлүгүн көтөргөнсүп колмо-кол

сүйрөгөндөрү жакшы көрүнүш болгон жок. Кыскасы, 25-марттагы ми­тингде адам укугу корголбой эле кордолду. Кыскасы, 25-мартта атайылап элди коркутуу, үркүтүү максатында көрсөтүү багытында театралдаштырган бир шоу өткөрүштү. Садырдын балдарында, анын бир туугандарында, келиндеринде не күнөө? Аларды камаштын, сабаштын кажети жок го. Жооп берсе Садыр өзү жооп берет. Мен энемин, балдарда эмне айып. Атасы келе жатса үйдө олтурмак беле. Жок дегенде атасы менен учурашайын деп митингге баргандыр. Бир туугандары да инисин көргөнү барышкандыр. Жүрөктү оорутуп, атасын сагынган балдарды ур-токмоко алганы аз келгенсип, бирин эки күнгө, келиндерин 5 күнгө, агасын эки айга камаганы жаман болду, балким, жогору жактагылар бул аракети менен “Керегем сага айтам, келиним сен ук” деген коңгуроо кагып, Садырды бир беткей каралап жаткандыр. Бирок, эл бурмаланган сөзгө эмес, чындыкка ишенет. Кыскасы, Садыр Жапаровду камоо Текебаевдин маселесине окшош бир көрүнүш болуп калды. Тактап алып, анан камашпай, камап алып, анан тергөө жүргүзө башташты. Бул мыйзамга жат нерсе.

Демек, Садыр Жапаров “Кумтөрдү” эл аралык сотко берем деген аракети үчүн ушундай орой мамилеге дуушар болдубу?

-Жапаровдун “Кумтөр” боюнча ачуу билдирүүлөрү, конкреттүү фактыларынан улам, коомчулукта туура эмес пикир жаратат деген шектенүү болушу мүмкүн. Балким, Текебаев­дин үнүн баскандай, С.Жапаровдун да үнүн басуу зарылчылыгы келип чыккандыр. Убакыт көрсөтөт. Шайлоо келе жатат. С.Жапаров шайлоого катышуучулардын бири. Убактылуу тынып, тынчып олтуруп тургузуунун бир айласы кылып, камап салышты окшойт. Сурак берип, соттошуп, оттошуп бүткүчөктү күзгө жетип калабыз. Кыргыздар качан ичибизди кенен кылчу элек. Каныбызда кара мүртөздүк, ичи тардык, жүзү каралык, өзүмчүлдүк, кошоматчьшык, саткындык, көрө албастык жашап турганда, бир бирине “ит күлүгүн түлкү сүйбөйт”- деген принцип менен мамиле кылып, камоону – тыңчыкмаларды тазалоонун ыңгайлуу жолу катары карап. жатышса керек да. Чынында Садырдан коркунучтуу коррупционерлер, өлүмдөн, кайгыдан, боздогон көз жаштардан акча жасап, миллиарддарды уурдагандар деле жүрбөйбү.

Булак: “Майданkg”

Темир Сариев, экс-премьер-министр: “Саясатта орду бар, күчтүү саясатчыларга кылмыш иши козголгондо, албетте саясатка айланат”

 

Азыр “Өмүрбек Текебаев камалды” деп ызы-чуу болуп жатат. Буга чейин да Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков сыяктуу саясий лидерлерди камакка алуу, аларды “сындыруу” аракеттери болуп келген. Муну менен бийлик соттордун колу менен өзүнө күчтүү атаандаш болчуларды саясат айдынынан чыгарып коюу оюнун жүргүзүп жаткан жокпу?

-Саясатта орду бар, күчтүү саясатчыларга кылмыш иши козголгондо албетте саясатка айланат, саясий боёк берилет. Көп тармактарда реформа жүрүп жатат. Тилекке каршы, сот системасындагы реформа таптакыр аксап калды. Ошондуктан, “саясий атаандаштарды мыйзамсыз ыкма менен алсыратып, саясат айдыңдан четке сүрөт”- деген сөздөр болуп жатат.

Буга өлкөдөгү окуялар күбө болууда. Бирок, Камчыбек Ташиев соттон акталып чыгып, азыр саясатта өзүнүн орду бар. Ахматбек Келдибеков да өзүнүн мыйзамдуу укугун колдонот болуш керек деп ойлойм. Бул саясий буйрук болсо эртели-кечпи ачыкка чыгат. Мындай абалды укук коргоо органдарына, сотторго саясий кийлигишүүнү токтотуу жолу менен чектей алабыз.

Коомчулукта жакынкы боло турчу президенттик шайлоодо “Алмазбек Атамбаевдин мураскери болуп калышы мүмкүн”- деп сиздин ысым аталып жүрөт. Бул сөздүн чындыгы канчалык? Эгерде шайлоодо женишке жетип калсаныз, Кыргызстандагы ички жана тышкы саясатын ушул бойдон сактайсызбы же республика башка жол кетеби?

-Биздин партия партконференцияда президенттикке менин талапкерлигимди көрсөтүү чечимин кабыл алды. Ошондой эле, азыртан менин талапкер­лигимди колдогон көптөгөн саясий күчтөр бар. Андыктан, мени президенттикке партиялар, уюмдар жана жөнөкөй жарандар көрсөтүп жатат.

Мураскер боюнча оюмду мен буга чейин дагы айткам. Бул боюнча президент А.Атамбаев дагы өз оюн билдирген. Мураскер болбошу ке­рек. Талапкерлердин баарына бирдей мүмкүнчүлүк бериш керек, шайлоочу гана өлкөнүн кийинки президенти ким боло­рун аныктоого тийиш.

Тышкы саясат Кыргызстандын жана биздин өлкөнүн айланасындагы тынчтыктын сакталышына жана туруктуулукту улантууга багытталууга тийиш. Биз тынчтыкты сактоого, коомдун туруктуулугун камсыз кылууга, бийликтин абройун жогорулатууга тийишпиз. Мамлекет салмактуу жана күчтүү саясат жүргүзүшү керек. Бүгүнкү күндө бизге эң керек нерсе ушулар. Анан албетте, экономика. Биз калктын жашоо-шартын жогорку деңгээлге көтөрүшүбүз керек.

Кыргызстан эки революцияны башынан өткөрдү. Азыркы курч кырдаалдан улам үчүнчү революция чыгып кетиши мүмкүнбү?

-Биз өлкөнүн өнүгүүсү үчүн оор жана татаал жолду тандап алдык, андыктан учурда эмнеге ээ болсок, ошону барктай билишибиз керек. Үчүнчү ре­волюция эч кимге кереги жок! Өлкөнүн кайсы бурчундагы жаранынан сурабагьша, мын­дай кырдаалдын эч кимге кере­ги жогун айтышат. Азыр тынч, мыйзамдын алкагында саясат­та жүрүп, өлкөнү жакшы жакка өзгөртсө болот жана ушуну ме­нен алектенишибиз керек.

Сизди “Ахматбек Келди­беков менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү” деген сөздөр чыкты. “Келдибековдун штабы сизге кошулат экен” деп атат. Бул сөздөр канчалык деңгээлде чын?

Шайлоонун алдында бардык саясатчылар ар кандай талкууларды жүргүзүп, жолугушууларды өткөрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөөрү турган иш. Азыр да ошол про­цесс болуп жатат. Негизи ушундай сүйлөшүүлөр жүрүп турганы жакшы нерсе. Анан албетте, мындай процесс жүрүп жаткан соң “тигил саясатчы менен бул саясатчы биригет экен” деген сөздөр боло берет…

Сиз Өкмөт башчысы болуп турганда Аксы районундагы телемунара жайгашкан Уңгар-Тоону Өзбекстанга таандык делген протокол чыккан. Анда сиздин койгон колунуз да көрсөтүлгөн. Унгар-Тоону биздики дебестен озбектердики деп тааныганыныз ыраспы?

-Бул карандай калп. Асман менен жерди алмаштырып салгандай. Мен Өкмөт башчы­сы болуп тың иштеп жатканда кимдир бирөөлөр саясий боёк беребиз дешти. Унгар-Тоо бо­юнча, башка документтер бар, эн акыркысы К.Бакиев пре­зидент болуп турганда кабыл алынган, убагында көчүрмөсү гезиттерге чыккан. Биздин өкмөт көтөргөн маселе – Уңгар- Тоонун жанында кошумча станция куруу боюнча берилген тапшырма болчу. 2010- жылдан бери бир дагы сантиметр жер берилген эмес. 2016- жылы 22- мартта Аксыга барганда мен элдин алдына чыгып, ушуну айткам: “Бир да сантиметр жер берилбейт”- деп. Тескерисинче Өзбекстан колдонуп келген 19 объектти Өкмөттүн токтому менен кайтарып алдык. Анын ичинде Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычы, 4 насостук станция. Баткендеги кампалары, Ысык-Көлдөгү төрт пансионат бар. Мунун баарына мен премьер-министр катары кол койгом. Кантип анан Са­риев Уңгар-Тоону Өзбекстанга берди деп айта алабыз. Бул бөйрөктөн шыйрак чыгаргандай эле кеп.

Сиздин дарегинизге Балыкчы-Корумду жолунан 6 млн долларды сол чөнтөккө солоп койгон деген сөздөр айтылууда. Өзүңүз да ушул чуудан кийин Өкмөт башчылыгынан кеткенсиз. Жол салуу боюнча тендерге аралашканыныз ачыкка чыгып калат деп коркпойсузбу?

-Парламентке барганымда бул маселе боюнча өзүмдүн жообумду так, ачык айткам. Жолду шылтоолоп, атайын чыр кылышып, Сариевди кетирүүнүн жолун издешкен. Мен кызматтан эмне үчүн кеттим? Анткени, парламентте менин фракциям жок болчу. Өкмөт менен парламенттин  ортосунда тирешүү күчөй баштады. Өкмөттүн негизги маселелери парламент аркылуу чечилет. Эгерде Өкмөт менен Жогорку Кеңештин орто­сунда тирешүү болгон болсо эч кандай жыйынтык болбойт. Мен “бийлик бутактарынын ортосунда тирешүү болбосун” деп отставкага бердим. Мени кызматтан алуу үчүн жол шылтоо болсо, себеп башкада бол­чу. Көпчүлүгүн Сариевдин иш стили, ыкчамдыгы тынчсыздандырып жатты. Балыкчы-Корумду жолун баштаганым үчүн мени күнөөлөсө, мен ал күнөөнү көтөргөнгө даярмын деп айттым. Бул жолдун салынышы үчүн кошумча каражаттарды таап жатканбыз. Келечекте дагы тапмакпыз. Чечим кабыл алып, баары ме­нен макулдашылып башталган жол. Президент менен да бул маселе боюнча бир нече жолу сүйлөшкөнбүз, баштай берели деп кеңешкенбиз. Ошонун негизинде башталган. Тендерди транспорт министри өткөрөт. Бул алардын түздөн-түз укугу. Эгерде тендерде кандайдыр бир мүчүлүштүк кетсе транс­порт министри, комиссиянын торагасы жооп берет. Премьер-министрдин тендер өткөрүүгө эч кандай тиешеси жок. Мен бүгүн да айтам, жол туура башталды. Тескерисинче, биз кечигип баштадык. Сариев кетти башка эч нерсе өзгөргөн жок, ошол эле компания иштеп жатат. Мен ачык айтып коёюн, бул жолдон 6 млн доллар эмес 6 тыйын да алынган жок. Менин принцибим таптакыр башка. Бардык министрлерден ачык, таза иштегиле деп талап кылчумун. Отставкага кетип жатканымда Өкмөттүн жыйынын өткөрүп, “баарыңардын көзүңөргө тик карап айта алам, бирөөңөрдөн тыйын сураганым жок, муну жасап кой дебедим, баарыңарды таза иштөөгө чакырып, таза иштейли деп талап кылып турдум” – деп айттым.

Булак: “Майданkg”

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “Азыркы ызы-чуунун булагы – президент Атамбаев экенин эч ким тана албайт”

 

Эдил мырза менен Кыргызстанда орун алган саясый окуялар тууралуу сүйлөштүк. Айрым суроолорго жооп алдык.

“БИР ТУУГАНЫН, БАЛАСЫН,КЕЛИНДЕРИН КАМАП, БИЙЛИК АША ЧААП КЕТТИ”

Бийлик Садыр Жапаровго жасагандай катаал мамилени мурда да кайсы бир саясатчыга жасаганбы?

-Мен 25-марттагы окуяларды чынын айтсам, жакшы түшүнө албай койдум. Садыр Жапаровдун мекенине кайтып келгенин эң туура чечим жана эр жүрөктүк кадам катары баалайм. Бирок, аны эмнеге сөзсүз митинг менен тосуп алыш керек болгону, жанагынча мигранттар мекенине кайтып келишип, үйлөрүнө барбай Жапаров үчүн мынча катуу чыгышты деген маселе жаралат. Алардын чоочун жерде чыкпай калган бугу ушул жактан чыгаары, митингдин биринчи эле мүнөттөрүнөн байкалып турду. Ошондой эле Садыр Жапаров камакка алынгандан кийин УКМКнын сыртындагы ми­тингдин максяты так жарыяланган жок. Башкача айтканда, ошол жерде элди жетектеген белгилүү лидерлер болбой калды. Анан эле “ызы-чуу кылсак, милийсаны коркутуп, аларды жулмаласак эле, Садыр Жапаровду бошотуп жиберет”- деген ойдо болушту. Кээ бирөөлөрдүн түз эле “өзүбүз бошотуп алабыз” деген чагымчыл сөздөрүнө митингди алып баруучулардан туура жана убагында баа берилбей турду. Ошон үчүн мындай көрүнүштү, кырдаалды ташытпашыбыз керек. Анткени, мындай митингдерге мен каршымын. Бирок, ошол эле учурда жогору жактагылардын кандай болбосун, аны коркутуп, күчкө салабыз деген аракетин да колдобойм.

Жарандык коомдун күчү жана таасири – бул моралдык бийиктигинде жана чындыкта. Ошондуктан, 2-3 саатка ызы-чуу уюштура койсок эле маселелер чечилет деп ойлосок, туура эмес жолго түшүп алган болобуз. Бирок, ошол эле учурда, митингге катышканы үчүн айыпталып, катуу сабалган балдардын видеолорун көрүп, аябай жиним келди. Аларды сабаган милийсалар сөзсүз катуу жазага тартылышы керек! Анткени, бул өтө туура эмес көрүнүш болду.

Чынымды айтсам, буга чеийн канчалаган митингдер болду. Би­рок, 110дөн ашык адамды кармап, алардын ичинен 64үн камап, дагы 15ин кылмышка тартты деген болгон эмес. Чынымды айтсам, угуп алып таң калдым. Буга чейин көп митингдерге катышсам да, мынчалык камоо болгонун эстей албай койдум. Баягы 2007-жылы Куловдун “Бириккен фронту” таркатылган, бирок анда дагы камалгандардын саны мынча киши болгон эмес. Бул митинг камалгандар боюнча өзүнчө эле рекорд койду.

Ушул митингден кийин мен Атамбаевге атайын кайрылгым, эскертким келди: “ушул жол менен эле баардык митингтерди таркатып коебуз” деген мурунку жансакчы-азыркы күч органдардын жетекчилеринин тилин албаңыз! Күч менен митингдерди таркатуу эч качан йигиликке алып келген эмес. Бул туура эмес жол! Кыргыз элинин буга чейин деле күчкө баш ийген эмес, азыр болсо андан бешбетер. Бийликтин кадыр-баркы өтө төмөндөп кетти. Ошондуктан. Бул кырдаалды жөнгө салуу керек. Атамбаевдин азыркы негизги милдети – бул таза жана тынч шайлоолорду өткөзүү. Жоопкерчилик толугу менен ал кишинин мойнунда.

Бул жагдай менен жогору жактагылар “унчукпай калбасан сенин да башыңа ушундай күн түшүп калат”- деп кимдир бирөөлөргө коңгуроо кагып жаткан жокпу?

-Мындай конгуроо менен беш жылдан бери эле башкарып келатышат. Башка деле ыкмалары жок. Жалгыз ушундай эле примитивдүү коркутуу. Же кайсы жол менен өнүгөбүз – “кайда баратабыз” де­ген суроолорго жооптору болсочу, аттиң. Жалгыз ушундай эле террор! Ал аз келгенсип эми мына өзү айтмакчы “балашка” Жанар Акаевти да фракциядан айдап чыгып тынды. Саясат өтө майдаланып кетти. Бийлик сын эмес, сөз көтөрө албай калды. Бирок, мындай саясат бат эле өзүнүн потенциалын жоготот. Бул режимдин мөөнөтү аяктаганга 7 айдай эле калды. Элибиздин жана саясый элитанын баардыгы ошону эле күтүп атат. Эң негизгиси, тынч эле кетсе экен деген тилек.

-Садыр Жапаров үчүн бир туугандары, келиндери, балдары жапа чеккени туурабы?

-Садыр Жапаровду эле камакка албастан, анын бир канча туугандары камакка алынганын угуп, не дээримди билбей калдым. Чынында бул өтө туура эмес жана аша чапкандык болду.

“СӨЗ ЗРКИНДИГИ – БИЗ ДЕМ АЛЫП ЖАТКАН АБА”

Сөз эркиндиги чындап эле коркунучтабы же биздегидей эркиндик башка мамлекеттерде жокпу?

-Сөз эркиндиги – бул биз дем алчу абадай эле. Бар болгондо биз аны байкабайбыз, бирок жетишпей баратса же ууланып калса, ошондо эле думугуп баштайбыз. Бизди коңшулар менен салыштырууга болбойт. Алардын тарыхы башка, биз тандап алган жолубуз башка! Сөз эркиндигине болгон чабуул, жанагы “Заноза”, “24.кг” жана “Азаттыкка” каршы коюлган доолордо – бул баардыгыбыздын эркиндигибизге . асылуу, чектөө аракети. Алмазбек Атамбаев көп айтып калчу эле, “ажыдаарды жеңген баатыр өзү ажыдаар болуп калган” жөнүндөгү жомогун. Мына эмесе ошол “Азаттыкты” мактап, “Азаттык” менен жашап, “Азаттыкка” өзү 6-апрелде камоого алынаарда жалынган Атамбаев азыр ошол “Азаттыкты” соттотуп, банк эсептерин камакка алдырды. Ушунун баарын көрүп, анан кантип баягы Акаев менен Бакиевдерди эстебейбиз. Алар дагы “Азат­тыкка” өчөшкөндөрү эсибизде го.

Сөз эркиндигин коргоого ал­ган жөө жүрүштө бийлик камагысы келип жүргөн адамдарды алып чыгып, алардын торуна салып берди дегендер да бар экен. Бул боюнча не дейсиз?

-Андай сөздөрдү окуп, мен аябай өкүндүм. Биздин жаштарда жарандык аң-сезим, констигуциялык эркиндиктер боюнча түшүнүк өтө төмөн экен. Марш деген бул дайыма жол менен жүрөт. Тротуар менен басуу үчүн биз бийликке мурунтадан алдын-ала билдирүүгө милдеттүү эмеспиз да, туурабы? Ошондуктан марш кара жол менен эле өтүшү керек эле. Мындай маршты мисалы биз 2006-жылы апрелде өткөзгөндө, Бакиевдин бийлиги толугу менен бизге шарт түзүп берген. Бул бийлик болсо, 18-мартта жөө жүрүштүн башталаарына 5 ми­нут калганда, Октябрь сотунун негизсиз чектөөсүн колубузга тапшырышты. Ал бизди “тротуар менен гана жүрөсүңөр”- деп милдеттендириптир. Негизи жок, мыйзамга каршы кылып. Бизге бул соттун чечимин мурдатан тапшырышса, биз мыйзамга ылайык, шаардык, Жогорку сотторго даттанат элек. Булар болсо атайын бизге акыркы моментте билгизип атышат. Эми биз “чырдашпайлы” дедик дагы, ал соттун чечимин аткардык. Баш ийип бердик. Бирок ал Октябрь соту РОВДнын көрсөтмөсү менен биздин жөө жүрүштү Лев Толстойго чейин эле тротуар менен басууга милдеттендирген. Андан кийин Абдрахманов (мурунку Со­вет) көчөсү менен бизге эч кандай чектөө киргизген эмес. Мый­замга ылайык бүт алдын ала мэрияга тапшырылган катыбызда көрсөтүлгөн маршрут менен басу­уга толук укукта болчубуз. Эмесе ошол жолго биз Бөкөнбаев көчөсү менен кесилишинде чыгалы десек, жүздөй милийса бизди оңою менен эле сүрүп чыкты. Биз мыйзамсыз эркиндигибизди чектөөгө туш болуп, милициянын зордук- зомбулугуна дуушар болдук. Бул бийликтин эки жүздүүлүгү: Аксы шеиттерин даңазалап, алардын элесине гүл коюп, кооз создөрдү сүйлөп, ошол эле учурда бүгүнкү жөө жүрүшкө мыйзамсыз, негизсиз чектоо киргизип, күч аркылуу Конституцияда көргөзүлгөн укуктарыбызды тебелөө, эркиндигибизди басмырлоо.

Мен ушундай болоорун билгем. Мага айтылган. “Жол бербейбиз”,- деп ачыктан-ачык эле УВД жетекчилигинен коркутууга дуушар болгом. Бизде башка жол жок. Биз тротуар менен эле түшүп кете турган болсок, ошол Аксыга, 7-апрелге чыккынчылык кылган болобуз! Мен накта ошондо про­вокатор болуп калам – марштарды өмүрүбүздө жол менен баса албай калабыз, дайыма мына “эстүү кой” Байсалов 18-мартта тротуар менен эле өткөзгөн деп, туура эмес преце­дент тузулуп калмак.

Эмне үчүн марштын 5 катышуучусун камакка алды?

-Түз жерден биздин беш катышуучубузду кармашканы, аларды болуп көрбөгөндөй катуу беренелер менен 5 суткага адвокатты катыштырбай камоого буйрук берген Свердлов райондук судьясы Чотонов эч иликтеген жок. Камай турган факты болсо эчактан эле КТРКдан көрсөтүшмөк да, туурабы? Ошол жерде канча фото­видео камералар, ошол эле ички жана атайын органдардын видео тарткычтары жүрдү. Жөн эле түз жерден алып кетишти! Мен элдин ортосунда элем, “мени алып кетебиз” деген эки милийсадан катышуучулар коргоп калышты. Эми мыйзамсыздыктын жана милийсанын өзүмбилемдигинин деңгээлин ушундан эле билип коюңуздар: Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевти кармап алып кетишти, автобуска кадимкидей күч менен салып. Мындай качан эле болду эле? Эч качан Акаевдин же Бакиевдин убагында элдик де­путатка мынча кордук көрсөтүлгөн эмес! Анан бизди айтасыздар! Мурун ошол Акаевдердин учурундабы же кийинби, ашып кетсе 500-1000 сомдон штраф салчу, биз ошол баарыбыз сотко катышып, видеолорду көргөзүп, кадимкидей коомдук жактоочулар жана күйөрмандар болуп. Азыр болсо бизди эмес, депутат жана адвокаттарды сотко киргизбей коюшту. Бул эмне деген сот эң жөнөкөй процессуалдык нормаларга көңүл бурбаган?! Эмнеси сот? Бул эмне деген мамлекет, жанагы балдарга өкүмдү угуздуртпай, колдоруна документ тапшырбай, алып барып каматкан? Мына мамлекеттин талкаланганын ушундан билиңиз! Кайдагы демократия? Кайдагы мыйзамдын үстөмдүгү.

Бирок, булар өтө терең жаңылышты. Коркутабыз деп атып, артык кылам деп, баягы эле тыртык кылышты. Элдин бардыгы “камалган Мавлян, Азамат, Айбек, Расул жана Мухиттей баатыр бололу, элибиздин эркиндиги үчүн камалсак камалалы” деген моданы жаратышты.

Азыр соцтармактарды окусаңыз ушундай резонанс жаралды. Биздин марштын негизги максаты ишке ашты! Тынч эле жүрүшүбүзгө шарт түзүп койгондо – мынча киши билмек эмес, мекенибизде сөз эркиндигине, жыйналыш эркиндигине чабуул болуп атканын, жалпы эле Конституциядагы жарандык укутарыбыз коркунучта экенин азыр элибиз өз көзү менен көрө алды. Анан эле, биз мындан 100 эсе күчтүүрөк режимдерден коркпогон, күн санап отурган бийликке алдыртып иймек белек мекенибизди?! Же болбосо, ушул азаттыгыбыз үчүн 70тен ашуун замандашыбыз бекеринен өмүрү ме­нен төлөшүптүр бааны, биз болсо аны барктай албай, азыр пикетке чыга албай, күрөшкө жарабай мокоп же чарчап калыптырбызбы? Жок, жок жана дагы бир жолу жок! Биз мурун деле эркиндигибизди сактап кала алганбыз. Азыр деле эч кимдин диктатурасына жол бербейбиз!

“ПРЕЗИДЕНТ АКЫЛГА СЫЙБАГАН КАДАМДАРГА БАРЫП ЖАТАТ

24-марттагы революция “бийликти күч менен кетирсек болот экен”- деген өнөкөт оорууну пайда кылган жокпу?

-24-мартта күч менен Акаевди эч ким кетирген эмес. Акаевдин үй-бүлөлүк бийлиги анын өкмөтү жана укук коргоо органдары булардын командаларын аткаруудан баш тартканда өздөрү качып чыгып кетишкен. Бул кырдаалга Акаевдин легитимсиздиги же башкача айтканда сөзүнүн баркы, ооматы кеткени түрткү берген. 2005-жылы кышы-жазы бою кайра-кайра кайрылуу-билдирүүлөр менен чыгып, “урматтуу Акаев, соттор ушундай өзүм билемдикке сала берсе, конституциялык жолдон чыгып кетебиз, бийлик легитимдүүлүгүн жоготууда” дечүбүз.

Революциядан кыргыздар эмне тапты?

-Азырынча бул эки окуяны “революция” деп айтууга болбойт, эки окуя тең – баналдуу төңкөрүшкө көбүрөөк окшош. Байкап көрсөңүз, мына Атамбаевтин аппарат жетекчиси бул Максим Бакиев 7-апрелде Вашингтондогу Госдепке алып барган Сапар Исаков. Башкы проку­ратура, Улуттук банк, Коопсуздук кеңеши, КТР, Энергохолдинг, СДПК жетекчилиги жана бийликтин баардыгы ошол эле Максим Бакиевдин эң жакын адамдарынын колунда. Анан кайдагы ре­волюция? Кайдагы элдик демо­кратия? Бирок бул эки окуянын (24-март жана 7-апрелдин) тарыхый мааниси дагы аягына чыга элек! Тарых дагы уланууда! Биздин “контрлар” менен күрөшүбүз дагы уланууда!

Революциядан сабак алган жан барбы?

-Биз мына канча жылдан бери, азыркы бийликтин табиятын эчак түшүнсөк дагы, булар баягы эле “баардыгы жакшы болот” деген куру сөздөн жана мурункуларды каргагандан тышкары колдорунан эчтеке келбей турганына көзү жеткенден кийин, бир эле ой үмүт менен жашап келдик. Иши кылса, ушул бийлик тынч, өзүнүн мөөнөтүн аягына чейин, элибизге минималдуу зыяны менен чы­гып кетсек экен деп тилеп атам. Кандай болгон күндө дагы, мыйзамдуу тартиби менен буларды узатып, “жаңы, таза шайланган бийликти орнотуп алсак болду”- деген тилегибиз мына, буюрса, ишке ашаарга бир канча эле ай калганда – күтүлбөгөн жерден дестабилизация башталды. Бул азыркы ызы -чуунун негизги булагы – президент Атамбаев болгонун эч ким тана албайт. Эмне себептен акыркы мезгилде түшүнүксүз, өзүнүн кызыкчылыгына каршы келген, логика эмес, акылга сыйбаган кадамдарга барып атат. Бул өтө кызыктуу суроо. Бирок, азырынча мекен сүйгөн патриоттордун негизги милдети – конституциялык тартипти сактап, эркин жана калыс шайлоолорду өткөзүп алуу. Кимде-ким бизде авторитардык режимди орнотуп, каалаган мураскерин дайындап, же өзүм билемдик кылып, калам деген ойдо болсо – терең жаңылышат! Биз ага жол бербейбиз! Ошол эле учурда кимде-ким башаламандык уюштуруп, бийликти басып алам деген болсо – биз аларга да туруштук берип, мыйзамды сактап калабыз! Биздин негизги формулабыз: коомдогу кырдаалды тоңдуртпай, бирок ташытпай, ноябрдагы шайлоого чейин жеткизүү. Шайлоолорубуз таза жана мыйзам чегинде өтүп, каалаган мыкты жетекчилерибиз ат салышып, эл тандаган эмки президентибиз туруктуу мамлекеттин бийлигине келиши керек.

Булак: “Майданkg”

Ольга Новгородцевага чара көргүлө...

 

“Дело №” гезитинин журналисти Ольга Новгородцеванын “Фейсбуктагы” “Путинге Кыргызстанга аскер күчтөрүн киргизүү” тууралуу жазган чакырыгы коомчулуктун кыжырын кайнатты. Мындан улам, бир топ жарандар Новгородцевага чара көрүүнү УКМК колго алышы керектигин талап кылышкан билдирүү таратышты. Ырасында, тиешелүү укук коргоо органдары Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч жараткан мындай экстремисттик чакырыктардын кесепети калың катмарга жайылып, тескери реакция бербеш үчүн тез арада Новгородцевага тиешелүү чара көрүшү зарыл. Ниети, ой-тилеги бузуктар оозуна келгенди оттоп, Кыргызстандын бүтүндүгүнө шек келтирбеш керек…

Булак: “Фабула”

Мирлан Самыйкожо, акын, "Устат" академиясынын негиздөөчүсү: "Устат" академиясында "Манас ааламы" сүрөт көргөзмөсү болуп өттү

Коомубузда адабият, маданият бааланбай, жаштарыбыз жеңил-желпи нерселерге басым жасап калды деген пикирлер байма-бай айтылып келет. Дал ушундай кыйчалыш кезде кыргыздын эртеңин ойлогон, улуттун улуу нарк-насилин туу туткан, жаштарга жол көрсөтө турган жигердүү инсандар бар экени кубандырбай койбойт. Улуу элдин урпактары экенибизди даңазалаган “Устат” академиясы түзүлүп, сөз зергерлерин тарбиялап жатышыптыр деген жаңылык бардыгыбызды кубандырды эле. Эми ошол академия кадимки “Манасты” көкүрөгүнө сыйдырып алган мыкты сүрөтчү Майрамкул Асаналиевдин калемине таандык сүрөттөрдүн көргөзмөсүн “Манас ааламы” деген аталышта элге тартуулап турган чагы. Иш-чарага өзүбүз күбө болуп, жалпы эле академияны түзүү идеясы кантип жаралып, кантип ишке ашкандыгы тууралуу маалымат алуу максатында акын Мирлан Самыйкожого собол узаттык…

-Мирлан мырза, негизги идея кимге таандык жана жалпы академиянын максаты тууралуу айта кетсеңиз?

– Бардык нерсе зарылчылыктан чыгат эмеспи. Керек болсо тал дагы зарылчылыктан улам пайда болот. Маселен тили жаңы чыккан бала “нана”, “мама” дейт деп айтып эле келебиз. Ошол сыяктуу бүгүнкү күндө коомдо келегей кептерибиз көбөйдү.Тизгиндей албай баратабыз. Кыргыз сөзү бузулуп жатат. Кыргыз сөзү бузулса, кыргыз өзү бузулушу мүмкүн. Биз эч качан кыргыз тили жоголуп кетет деп айтпайбыз. Анткени тилибиз эч убакта жоголбойт. Бирок ошол кыргыз тилинин өнүгүшүнө салымыбызды кошуу максатында “Устат” академиясын ачып отурабыз. Эң башында идеялаш катары Азамат Болгонбаев, Айтурган Сатаева үчөөбүз сүйлөшүп, Азамат Болгонбаев экөөбүз ачып ишке киргиздик. Бул жерде 3 багыт бар. Биринчисин “Кеп зергери” деп атадык. Жыгачтын устасын жыгач уста, темирдин устасын темир уста дейт, ошол сыяктуу кептин зергери “кыргыз” болсун деген максатта сөз чеберчилигин окутабыз. Экинчи кыргыз журналистикасынын акыбалын билип жатабыз. Кыргыз журналисттеринин айрымдары туура эмес жазат, туура эмес суроо берет деген сөздөрдү көп эле угуп калабыз. Биз ошол кыргыз журналистикасынын сапатын жогорулатуу максатында эмгектенип жатабыз. Мындан сырткары элдик оозеки чыгармачылык менен адабиятыбыз бар. Эзелтен бери кыргыздын “Манасы” баштаган оозеки чыгармачылыгы бүгүнкү доорго чейин жана уланып кете берчү негизги байлык. Биз ошол нерсени келечек муунга өткөрүү максатында ушул үчүнчү бөлүктү тандадык.
– Бүгүнкү өтүп жаткан ”Манас ааламы” көргөзмөсү тууралуу маалымат бере кетсеңиз. Бул сиздердин академияда өтүп жаткан алгачкы иш-чарабы?

– Бул биздин академиянын кошумча кызматтарыбыздын бири десек болот. Дүйнөлүк сүрөтчү десек да болот, себеби Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун логотибин тарткан инсан Майрамкул Асаналиевдин чыгармачылыгын даңазалоо, барктоо иретинде “Манас ааламы” деген аталышта сүрөт көргөзмө уюштурдук. Азыр байлык десе эле материалдык байлык менен гана чектелип, акчалуу адамдарды гана бай деп эсептеп калбадыкпы. А Майрамкул байкедей жан дүйнөсү бай адамдар өтө сейрек болуп баратат. Булардын үйү эки бөлмө. Жамгыр жааса эшигинен кирип, терезесинен чыгат. Дал ошол көр дүйнөгө кайыл болуп мына ушундай көркөм дүйнөнү артынып бара жаткан инсан жөнөкөй инсан эмес. Ошондой инсандарды даңазалоо максатында биз “Устат” академиясы кызмат кылабыз. Мындан ары мыктылардын мыктысын аныктап, алардын китеп көргөзмөсүн алып чыгышыбыз мүмкүн, ушул сыяктуу бир катар чыгармачылык кечелерди өткөрүп турабыз.

Булак: “Фабула”

Азимбек Бекназаров, мурунку башкы прокурор: «Текебаев акыры чыгат, чыкканда да Баатыр болуп чыгат»

 

Эки революциянын бульдозери Азимбек Бекназаров көптөн бери азыркы саясий кырдаал боюнча кенен маек бербей жүрдү эле. Көрсө, бүгүнкү күнгө, тагыраагы 24-мартка чейин мойнуна камчы салып, бир кездеги досу, азыркы президент Алмазбек Атамбаевди кечиримдүүлүккө чакырып, кеч боло электе ойлон деп сөз берген экен. Ошол сөзүндө туруп үн катпай аюудай болуп жаткан тура. Бүгүн бульдозердин мойнундагы камчысы алынып, саясий абалды, ачуу чындыкты айкырта айта турган күнү. Бул биринчи гана маек. Жакында Азике чоң билдирүү менен чыкканы туру.

— Азимбек Анаркулович, Аксы окуясынын 15 жылдыгын белгилеп, элдик жыйын өткөрүп келдиңиз. Жыйынга катышкан эл бийликтен эмнени талап кылды?

— Аксы окуясына 15 жыл болду. Элдик жыйындын темасы да “Аксы окуясына 15 жыл, бийлик Аксы окуясынан сабак алдыбы?” деген болду. Негизги максат Аксы окуясында курман болгон балдарды эскерип, куран окутуу эле. Аксы окуясында курман болуп, жарадар болгондордон сырткары миңдеген адамдар тирүү. Элге командир болгондору эл арасында эле жүрөт. Ош, Бишкекке чейин келгендери, кылмыш иш козголуп, камалып чыккандар бар. Мына ошолор жыйналышып, өздөрү “Балдарыбыз өлгөнүнө карабай чоң жеңишке жеткенбиз. Акырында Акаевди өлкөдөн куудук!” деп эскеришип алды. Жыйындын аягында Бакиевдин бийлиги да, азыркы бийлик да сабак алган жок деген тыянакка келишти.

— Азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин Түркияда качып жүргөн жеринен Кыргызстанга кайтып келишине Аксы окуясы себепкер болгонун досуңуз өзү да айтып жүрөт. Ошол учурда Атамбаев Боспиекке тургузулган эстеликке өз салымын кошконбу? Эстелик тургузуу үчүн ошол учурдагы оппозиция чоң салым кошподу беле?

— Ал эстеликти тургузууда дагы көптөгөн кыйынчылыктар болгон. 15 депутат өз айлыктарын бөлүп берген. Эл салым кошкон. Эстеликти Казакстандан алып келе жатканда, Осмонакун Ибраимов Курдайдан өтүп жатканда таштагы жазууну өчүртүп салган. Эстеликтин ачылышына Атамбаев барып катышкан. 35 миң сом таштап кетиптир. Анда комиссия түзүлгөн болчу. Адаханга берген экен ошол кошкон. Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турган Абдыганы Эркебаев баштаган бийликтин өкүлдөрү да барган. Бир тобу сүйлөсө, бир тобу сүйлөбөй качып кеткен. Ал кезде Аксы окуясын бүгүнкүдөй болуп баары бир добуштан тааныган эмес. Бийлик тарабынан “Масалиев баштаган тополоңчулар уюштуруп, ушулардын айынан балдар өлдү” деген саясат жүргүзүлүп келген. Атамбаев ошол убакта Түркияга качып кеткен экен, аксылыктар көтөрүлгөндө кайтып келген. Аксылыктар Бишкекке келгенде Атамбаев бир тобуна отун-суусун, күрүч-майын, тамак-ашын, жатаканасына чейин камсыздап бергени чындык. Мен муну дайыма айтып жүрөм. Ал убакта кыргыз эли ачык экиге бөлүнгөн. Бир тарабы Бекназаров үчүн эмес, кыргыз жери деп күйгөн. Оппозициянын өкүлдөрү депутат болчу. Элдин ишенгени да депутаттар эле. “Бекназаров Үзөңгү-Куушту көтөргөнү үчүн аны колдош керек” дешкен. Себеби, Азимбекти алдырып койсок Үзөңгү-Куушту алдырып коёбуз деген. Мен Үзөңгү-Кууш маселеси карала элегинде алып чыккам. Бийлик ага чейин бул маселени карап койдук деп жаткан. Мурунку депутаттар караганы жасалма болуп чыгып калган. Азыркы президент аксылыктар менен чогуу жүргөнүн танбаш керек. Премьер-министр, президент болдубу Аксы окуясына көңүл буруп келет. 6 жыл президент болуп олтурса 4 жолу өзү барды. Эки жолу Указ чыгарды. 10 жылдыгында өзү барып музейдин ачылышына катышып, биринчи Указын чыгарса, 2016-жылы Аксы окуясын түбөлүк калтыруу боюнча Указын чыгарды. Бул фактыны айта жүрүшүбүз керек. Бирок, ал кандай максатта жардам берди, өзүн куткаруу үчүн жардамын берип келаткан жокпу дегенди Атамбаевдин өзүнөн сураш керек. Менин байкашымча ал чын жүрөгүнөн жардам берип келатат.

— Аксыдагы жыйынга “Ата-Мекендин” депутаттары барып сөз сүйлөдү. Ошол эле күнү Базар-Коргондо Текебаевди колдогон митинг болду. Ал митингге депутаттар менен чогуу аксылыктар да кошулат деген маалымат чыгып кетти эле. Аксы окуясын эскерүүгө барган элди саясатташтыруу аракети болдубу?

— Ошондой сөз болуп, ушак тарап, Аксыга бараткандын бир тобу Базар-Коргондон кармалып, алардын машинасын тартып алуулар болду да. Бийлик тарабынан Аксыга бараткандарга тоскоолдук болгон жок. Мен жеке өзүм айрым адамдар менен сүйлөшкөнүмдө коё беришти. Базар-Коргондо жүргөн адамдарды чындыгында кармашты. Аксы окуясын пайдаланабыз, саясатташтырабыз деген аракеттер болду. Мен аны байкап эле турдум. Аксы элин өзүң билесиң да. Аларга жол берген жок. Тарыхый нерсени айтты, куран окутту да аларды жолго салып койду. Өздөрү деле аксылыктар андайга алдырып жибербей турганын билишет да. Баргандарды сыйлады, рахматын айтышты. “Ата-Мекендин” депутаттары барышып, камакта жаткандар тууралуу сүйлөштү. Аксы эли дагы аларды камабай эле сурай бергиле дегенди колдошту. Таптакыр эле бошотуп койгула, күнөөсү жок деп эч ким айткан жок. Президенттен өзүңүз ушулар менен кошо жүрөсүз, мурда кайда жүрдү эле, эми сөзсүз камаш керек беле, биз дагы Азимбекти түрмөгө камабай эле үй камагына чыгарып кой деп суранганбыз, булар дагы ошону эле кайталап жатат деп суранды. Саясатка айлантып жиберүү максаты болгон жок. Биз сүйлөй турган талаа жасап бердик, эркин сөз болду. Экинчи жагы, ушул бийликтен коркуп кээ бир адамдар барган жок. Биз ал жерге барсак, Текебаевди колдоп барып калган болобуз дешип өтө сактык менен кээ бирлер жолдон кайтып кеткендерин да уктум.

— Сиз айтып жаткандай бул жерде окшоштук бар. Сиз камалганда аксылыктар үй камагына чыгаргыла деп талап койгон. Текебаевдин тарапташтары да үй камагына чыгарып, андан кийин сурай бергиле деп жатат. Депутат Бекназаровду үй камагына чыгарбай койгондон улам Аксы окуясы болгон. Депутат Текебаевди дагы үй камагына чыгарбай койсо ошондой окуя болуп кетпейби деген чоочулоо бар да?

— Туура, мыйзамдуу талап. Мен да үй камагына чыгарып кой деп айтып жатам. Бул мыйзамга да туура келет. Себеп дегенде 7 жыл мурун болгон окуя деп арыз жазылып жатат. Майда 7 жыл болот экен. Алдамчылык беренесинде 7 жыл өткөндөн кийин “срок давности” деген бүтөт. Май айында Текебаев соттосо да, соттобосо да чыгат. 7 жылдан кийин козголбогон иш козголбойт, козголгон иш кыскартылат. Шектүү киши 7 жылдан бери эмнеге арыз жазган жок? Букеева дагы ошондой болгон да. Маевский менен Букеева окшош фигура. Акаев менен Атамбаев окшош. Эл үй камагына чыгарып коюп сурай бербейсиңби десе болбой жатат. Каалайсыңарбы-каалабайсыңарбы Текебаев юридикалык жактан май айында чыгат.

Бул бийлик чыгарбай койсо деле кийинки бийлик келип, Текебаевге “срок давности” колдонулбай калган деп жаңы жагдай менен чыгарат. Кылмыш болгон күндө дагы. Мен кылмыш болгон эмес деп ойлойм.

— Бул бийликтин кандай болсо да камоо максаты болсочу?

— 12 максаты болсо дагы, 12 ажыдаар болуп кетсе дагы чындык деген бар. Убактылуу жатышы мүмкүн. Текебаев акыры чыгат, чыкканда дагы Баатыр болуп чыгат. Бул боло турган нерсе. Ушул болуп кетпеши үчүн ага коррупция деген беренени коюп коюшту. Коррупцияны чаптасаң да жармашпайт. Эмне үчүн дегенде, орус менен Текебаевдин ортосунда жакын мамиле жок. Алар бири-бирин жакшы деле тааныбайт. Орус деле ошентип айтып жатат. Булар туруктуу кылмыш жасаганга бирге турган эмес. Бул кылмыш ишке караганда жарандык ишке жакын. Текебаев “Мегаком” сеники болсо алып берем деп айтса айткандыр. Тиги алып бере албай калдыңбы, менин тыйынымды кайры деп сураш керек эле да. Товар сатып алам деп тыйын берсе, товар бере албай калганда тыйынымды кайры дегендей эле болуш керек эле. Ошон үчүн Атамбаев буга 6 жылдан бери кылмыш иш козготкон эмес. Август айында Текебаев мунун реформасын колдобой койгондон кийин тиреш башталды. Текебаев башкаларга окшоп жатып албай, парламенттин трибунасын пайдаланды. Колунан келишинче Атамбаевден ашырып сокту. Аялына чейин асылды. Путин келатканда “Сени президент десем, тиги күндө эле согуп жатат. Колуңдан бир нерсе келеби?” дегендей кылып койду окшойт. Атамбаев “Бул жерде мен президент” деп койду. Кожоюнуна Кыргызстанда мен кожоюнмун деп көрсөттү. Бул менин жеке пикирим. Кандай болбосун Атамбаев күнөөлүү. Бийлик күнөөлүү болот. Анткени, алдамчысы да, кылмышкери да, уурусу да бийликтен үмүт этет. Бийликте турган адам ар бир камалган адамга ыйлаш керек. Мен президент болуп турганда бул эмнеге камалды? Туура эмес саясат жүрүп жатабы? Мыйзамдар туура эмеспи? Эмне үчүн уурулук, коррупция көп? Ушундай суроолорго жооп издей турган нерсе. Айрымдар президент Текебаевди камаганы үчүн сүйүнүп алыптыр деп айтып жатышпайбы. Тескерисинче, ал мени менен үзөңгүлөш жүргөн адам кантип ушундай кылмышка барды деп ыйлаш керек болчу. Эгер барганы чын болсо. Бизде болсо тескерисинче. Дагы деле укукту, мыйзамдуулукту түшүнө электигибиздин белгиси. Көчөдөгү мен сени согуп салам деген деңгээлден өйдө көтөрүлө элекпиз. Анан журналисттерди жалган маалымат жазып жатат деп сөгөбүз. Журналистке ким тыйын-тыпыр берип жаздырып жатат? Биринчи кезекте Сегизбаев, СНБ баарын шыбатып соктуруп жатпайбы. Бийликтин партиясы жаздырып жатат. Калгандары карап турат беле? Президент журналистти сөккөндөн көрө, аны жазалабай эле анын себебин издеш керек эле. Эмне үчүн менин деңгээлимде, ушактын деңгээлинде кылмыш иштер ачылып, журналисттер ушак жазып калды деп өзүн күнөөлөш керек болчу. Ким жаман атты болот? Атамбаев да Акаевге окшоп качып калышы мүмкүн. Ташиевдин, Келдибековдун, Асановдун, Кадыровдун, Текебаевдин ишине Атамбаев өзү жооп берип калышы ыктымал. Бүгүн Текебаевди жек көргөндөр туура болду деп айтып жатса, Атамбаевди жек көргөндөр туура эмес болду деп айтып жатышат. Бул жагына, тиги жагына да күлбөш керек. Адамдын башына жаман нерсе келип турганда, эч качан жаман нерсеге бербөө зарыл. колдон келсе колдоп, калыс сөзүңдү айтып кой. Душманың болсо дагы ошого барыш керек. Бул ата-бабадан келаткан султандык болот.

— Эки санаалаштын ортосунда кандай талаш-тартыш болуп жатканы түшүнүксүз болуп жатпайбы. Эл деле эки анжы болуп ортодо эле калбадыбы?

— Экөөсүнүн талашы эмне экенин мен да түшүнбөйм. Акаев экөөбүз Үзөңгү-Кууш үчүн тирештик. Экөөбүздүн тирешибиз ошону менен калды. Атамбаев менен Текебаевдин эрегиши эмнеден улам болгонун чындыгында эл дагы түшүнбөй калды. Экөөсү 6 жыл бийликте олтурду. Каалаган прокурорун коюшту, каалаган адамын чогуу каматты, Конституцияга каршы нечендеген мыйзамдарды жазды. Тескерисинче, экөөсүн сындап “Унчукпай коюуга укугум жок” деп мен жүрдүм. Аягына келип эки дос тарс эте түштү. Болгондо дагы экөө коалицияда бирге чогуу турушуп. Мен үчүнчү күчтүн таасири деп ойлойм. Булар Кыргызстандан сырткары күчтөр. Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсүнө, стабилдүүлүгүнө, экономикасына, саясий эгемендүүлүгүнө каршы сырткы күчтөр күчтүү. Биринчиси Россия, экинчиси Бакиевдер, үчүнчүсү Акаев. Булар чоң күч. Азыр Россиянын саясаты мурунку Союзду бир үй-бүлөгө камаш. Ал жакта Россиянын таасирин кармап калыш керек. Буга революциялык күчү бар өлкөлөр баш ийбейт. Алар Украина менен Кыргызстан. Кыргызстанда революциячыл күчтөр бар, ошолорду таптакыр жок кылбайсыңбы деген саясат жүрүп жатат. Муну биздин эл түшүнө элек. Революциялык күч, аракеттер, кыймыл жугуштуу болот. Эртең андан нары кетиши мүмкүн. Өмүр бою бийликте отурам дегендерге бул жакпай турган нерсе. Менин жеке оюмча Атамбаев ошолордун ырын ырдап жатат. Парламентте олтурганын жайлап коём, дагы экөө-үчөө бар, аларды дагы жакында жайлайм деди. Дүйшөн Чотонов деген ким? 2005-жылы Ош облусунда революциянын башында турган киши. Бектур Асанов ким? Ал Жалал-Абадда революцияны орноткон киши. Жалаң революциялык күчтөрдү талкалап жатпайбы. Убактылуу Өкмөттүн баарын сөктү. Азыр жалгыз өзү калды. Акаев “Бир автобуска салып айдап ийсе болчу топ бар” деп айтчу. Акаев автобуска салып айдай албай калды, Жаныш автобуска салдырып жардыра албаган адамдарды Атамбаев өзү бирден жок кылып жатат. Ошон үчүн Путинге “Эки революцияны мен кылгам. Үчүнчүсүн кылбайм” деп билдирди. Ушулардын баарын анализдеген кишиге Атамбаев сырткы күчтөрдүн буйругун аткарып жатат. Акаев, Бакиев экөөсү тең интервью берди. Аларга да жөн жатпай, тигил жактагы адамыңарды көтөргүлө, өч алгыла деген тапшырма берилди. Сегизбаев деген ким? Сегизбаев 2005-жылы март революциясынын жабырлануучусу. Ал эртеби-кечпи революционерлерден өч алам деп жүргөн киши. Жетинчи кабаттан сүдүрөлүп түшкөн. Анын жан дүйнөсү революцияга каршы. ФСБнын саясий буйруктарын аткарып жатат. Бүгүн Атамбаевдин кеңешчиси жок. Мүмкүн, сен муну аткарбасаң, өзүңдүн аталаңды чыгарып коёбуз деди. АКШны ызы-чуу кылып жаткан хаккерлер эки күндө эле Атамбаевдин маңкасын чубап койбойбу.

— Сизди эки революциянын “бульдозери” деп атап келет. Алмаз досуңуз “Эки революцияны тең мен жасагам” деп айтты. Ушул сөздөн кийин сиз ким болуп каласыз?

— Аман болсун. “Эки революцияны мен жасагам” дедиби, революциянын жоопкерчилигин өз мойнуна алды. Ал үчүн рахмат. Ага чейин мени согуп жүрчү элеңер го. Бекназаров менен Сариев банк ячейкасындагы акчаны бөлүп алган деп айтып жүрүшкөн. Ошолорду да мойнуна алсын. Июнь окуясы болуп кетти. Аны да өз мойнуна алсын. “Мегакомдун” ызы-чуусуна жооп берсин. Бирок, мен ага “Мегакомду” 7 жылдан бери чыныгы ээсине бербей эмнеге кармап олтурасыңар деп айтып жатпаймынбы. Бул мындан да ырбай берет. Маевскийлерден ондогондор пайда болот. Анткени бул ээси жок туру. Ар ким сугун артып, бийликке чуркай берет. Революционер болсо ээсине берсин. Революциянын ээси адилеттүүлүк, акыйкаттык болот. Максим менен Елисеев рейдерлик кылган мүлктөрдү ээсине кайтарып бериш керек. “Мегакомду” алар рейдерлик кылып тартып алган. Бул боюнча кылмыш иш Биринчи Май райондук сотунда дагы деле жатат. Ким аны каратпай жатат? Эмне үчүн ушул убакка чейин каралбайт?

— Революциянын автору Атамбаев же Бекназаров эле болбосо керек?

— Биринчи жана экинчи революциянын автору Акаев менен Бакиев. Революциялык кырдаалды ошолор жараткан. Алар элдин кыжырына тийген. Эл кыжырданып турганда, аларды баштай турган “Вожак” чыгып элди ээрчитет. Революцияны эл жасайт. Ленин менен Сталин элди ээрчиткен. Николай падышасы элди кырып ошол абалга алып келген. Ошон үчүн революциянын биринчи жаратуучусу бийлик өзү болот. Эгер азыр революция болсо, анын жаратуучусу да Атамбаев өзү болот.

— Сиз өткөн жылы “Революция жасаганга кудуретим да жетет, демөөрчүлөрүм да бар” деп айттыңыз эле. Революция жасоо оңой ишпи?

— Эгер дух болсо, элдин турмушуна жан дүйнөң күйсө, өлкө башындагылардын жүргүзүп жаткан саясатына чын дилиң менен каршы болсоң революция жаратса болот. Элдин аң-сезимине эмне үчүн “КыргызГаз” кетип калды, эмне үчүн “Кумтөр” алынбай жатат, эмне үчүн Уңгар-Тоо кеткени жатат дегендерди айтып жеткире алсаң, ошондо гана эл бул бийликтин эмне кереги бар деп чыгат. Эл мен үчүн эмес, кыргыздын жери, кыргыздын байлыгы үчүн чыгат. Бүгүн ушул маселени көтөрүп, ачык айткан саясатчы барбы? Эл дагы ишенбей калды. Ошондой шарт бар, элди ээрчите турган “Вожак” жок. Бакиев кандай кеткен болсо, азыр эч нерсе өзгөргөн жок. “Революциядан кийин эмне өзгөрдү?” деген суроо коюлушу керек да. Бүгүн эл аны айтпайт, тажап бүттү. Дагы бир жолу кан төгүлгөндү эл каалабайт. Мен дагы кан төгүлгөндү каалабайм. Бийликтин кемчиликтерин айтып туруу депутаттардын милдети. Биз Абсамат Масалиев, Дооронбек Садырбаев баштаган депутаттар кайсыл гана жерге барбайт элек. Парламенттин трибунасынан Акаевдин бийлигин сындап турчубуз. Кетирген кемчиликтерди көрүп туруп, унчукпай олтуруу да чоң кылмыш. Бул өз элиңе кылып жаткан чыккынчылык. Акыркы эки жолку чакырылыштагы парламент Атамбаевден дагы жогорку чыккынчылык кылып жатат. “Кумтөрдү” кайрып алуу Атамбаевдин иши эмес, депутаттардын иши. Сегизбаевди ооздуктап коюу да депутаттардын колунда. Ал Өкмөттүн мүчөсү. Депуттар иштей албагандыктан, Сегизбаев аларды адам ордуна көрбөйт. Атамбаев аларды тоготпогондой болуп, күндө бирден министрди кабыл алып президенттик башкаруудагы өлкөдөй болуп олтурат. ”Урматтуу президент, парламенттик республикага өтөбүз деп революция болгон. Башында сиз тургансыз. Биз парламенттик өлкөбүз. Сиз эмне үчүн биз шайлаган, биз отчётун уга турган министрлерди күндө чакырып алып, кош бийлик жасап жатасыз. Муну токтотуңуз!” деген депутат барбы? Азыр акча сураган ким? Атамбаев. Сот ким? Атамбаев. Прокурор ким? Атамбаев. Милиция ким? Атамбаев. Тергөөчү ким? Атамбаев. Парламент ким? Атамбаев. Президент ким? Атамбаев. Ооруп жатат деп жазып жатасыңар. Ушунун баарын бир адам кантип көтөрөт? Анан ооруйт да. Окшоштук деп айтып жатасың. Бакиев өзүнүн аппарат башчысын иштетип туруп тирүүлөй өрттөп жиберди. Атамбаев болсо аппарат башчысын иштетип туруп соттоп жиберди. Бакиев үзөңгүлөш революционерлерди иштетип туруп баарын айдаган, Исаковду соттогон. Атамбаев дагы өзү менен чогуу келгендердин баарын айдап, Текебаевди камап олтурат. Мен аягы окшош болбосун, кан төгүлбөсүн деп жатам.

— Эки жыл мурун президенттикке барам деген оюм бар дедиңиз эле. 6 ай убакыт калды, ошол ниет дагы деле барбы?

— Барам деген ниет бар. Бирок айта элекмин. Барам дегенде журналисттерди чакырып, мен дагы аттандым деп айтам. Аттанбай калышым да ыктымал, аттанып калышым да мүмкүн. Мен айрымдарга окшоп президенттикке түбөлүк талапкер болгум келбейт. Аттансам жеңишим керек. Жеңе албаймынбы, аттанбайм. Мен аны жаман көрөм. Бүгүн бийликте Атамбаев турганда күзүндө эч ким ута албайт. Күзүндө Конституциясын кандай өткөрүп алган болсо, бул жолу да мураскерин ошондой тынч эле өткөрүп алат. Анын мураскери сөзсүз болот. Аны биз мойнубузга алышыбыз керек. Кайсыл бийлик болбосун мураскерин калтырат. Атамбаев да бир адамга ставка койгонго укуктуу.

Булак: “Жаңы ордо”

Табылды Акеров, саясат таануучу: «Бүгүн бийлик К. Ташиев, А. Келдибеков, А. Мадумаровдор түзгөн үчилтикке эч нерсе кыла албайт деп ойлойм»

Бүгүнкү жашообуз мезгилдин чоң сынагындай баамдалууда. Дүйнө саясатындагы чабыттар, АКШда Трамптын бийликке келиши, Орусиянын ага болгон үмүттөрүнүн акталбай калышы, Кыргызстандагы саясаттын барган сайын татаалдашып баратканы, бийлик менен оппозициянын ортосундагы тиреш күндөн-күнгө курчуп, бийлик өлкөнү кайда алып баратканы белгисиз болуп, алдыбызда туңгуюк турганы коомубузда ар кандай бүдөмүк ойлорду жаратып, элди бушайман кылууда. Себеби, алдыда президенттик шайлоолор келатат. Бийлик болсо эмитен эле камынып, өзүнүн алдыңкы конкуренттерин жыга чаап, болочок мураскерге жол ачууга кирди. Алды менен Акаев-Бакиев камай албаган Ө. Текебаевди камашты. Болгондо да жалаанын негизинде. Эгерде ал камалса, анда калгандары жөн эле жатып берет экен деген пикир басымдуу болуп баратат. Элибиз алда эмне болуп кетет деп олтурган чак. Мына ушул жана башка суроолорго жооп берүү үчүн тарых илимдеринин кандидаты, саясат таануучу Табылды Акеровго суроо салып кайрылдык.

— Табылды мырза, АКШда шайлоо учурунда Орусия Трампка тартып жатат деп жатышты. Трамп шайлоону уткандан кийин аны Орусиянын тыңчысы катары да баалап жиберишти. Бирок, баары Теңирден тескери болуп, Трамп утуп алгандан кийин Орусиянын үмүттөрүн актаган жок. Бул бурулушту саясат таануучулар кандай деп атайт?

— Муну биринчи кезекте Трамптын шайлоо учурундагы тактикасы менен түшүндүрүүгө болот. АКШнын буга чейинки президенти Обама демократтардын партиясынан эле. Обама буга чейин Орусияга каршы саясатты жүргүзүп келди. Дүйнө өлкөлөрүнүн баары биригип Орусияга каршы саясат жүргүзүп жатты. Орусияга санкцияларды киргизип, каршылык күч алды. Дүйнөлүк коомчулукта 3-дүйнөлүк согуш болобу деген пикир жаралды. Мына ушуну эске алып, Трамп кандидат катары Орусияга жакыныраак, керек болсо аны менен жарашууга да болот дегендей пикир жараткан ойду айтып чыкты. Албетте, ал Обаманын бийлигине каршы программаны алып чыгып, буга чейин согуш болуп кетпесин деп кооптонуп, үрөйү учуп келген коомчулуктун үшүн басты. Ал көпчүлүгүндө карапайым калктын кызыкчылыгында аракеттене тургандыгын айтып, АКШнын сыртына чыгып кеткен бизнесмендердин акчаларын кайра кайтарам, өлкөнүн экономикасына жумшатам, жаштарга иш камсыздайм деп олтуруп утуп алды.

Бирок, уткандан кийин ал өз саясатын жүргүзүп жатат. Трамптын утушу бекер болгон жок десек да болот. Себеби, анын бийликке келишин көпчүлүгүндө америкалык интеллигенция, саясий истеблишмент да каалады. Орусия Трампты анын аялынын теги славян экендигине байланыштуу колдоп жатты. Башкача айтканда аялынын славян экендиги АКШ менен Орусиянын ортосундагы алаканы жакшыртууга көмөк болуп калабы деп үмүттөндү. Бирок, америкалыктар бул факторду таптакыр башка негизде пайдаланууга кызыкдар экенин орусиядагылар байкабай калды. Бул Трамп шайлоолорду утаары менен эле байкалды. Мисалы, Трамптын инаугурациясында АКШнын гимнин теги америкалык украин 19 жаштагы кыз ырдады. Муну менен Трамптын администрациясы Украина маселесинде АКШ Киев тарапта болоорун билдирди. А эгер муну кеңири карасак, анда бул факт бүтүндөй славяндарга АКШнын бийлигине же Ак үйгө силердин кандаштарыңар кожоюн болду, биз бияктабыз деген белгини берип турат. Трампты Ак үйгө алып келип Вашингтон славян элдерине Орусияны эле карай бербегиле, АКШнын Ак үйүнүн жүрөгү деле силер деп согот, ал жакта силердин кандаштарыңар кожоюн деген сөздү айткысы келгени ачык байкалып турат. АКШ Трампты пайдаланып, славян өлкөлөрүндө өзүнүн позициясын бекемдөөнү көздөп жатат десек болот.

— Демек, Трамптын Ак үйдү ээлеши Орусияга каршы саясат турбайбы?

— Ооба. Бул атайы иштелип чыккан саясат.

— Бирок, биздикилер АКШнын маселесинде Дж. Соросту пайдаланып жатканы байкалат го. Дж. Сорос Атамбаев менен Обаманын учурунда да жолукту эле. Эми да, өткөндө Атамбаев Батышка барганда Дж. Сорос менен кеңири маектешкени маалымдалды…

— Бирок, бул бизге келип жаткан эле маалымат да. Чынында Дж. Сорос демократтарды колдоп келген. Трамп республикачыл партиядан болгондон кийин аны менен пикир келишпестикте. Бүгүн Трамп Дж. Сорос жана башка ошого окшогон байларды АКШга акчаңарды алып келгиле, ишканаларды бул жакта ачкыла деп кысып жаткан чагы. АКШда бүгүн Обаманын Өкмөтүн пайдаланып, Дж. Сорос өзүнүн фондуна миллиондогон акчаларды котортуп алган деп шектелүүдө. Азыр анын финансы ресурсу текшерүүгө берилүүдө. Башкача айтканда бүгүн Дж. Сорос АКШда оюндун сыртында. Бүгүн Дж. Сорос менен Атамбаевди жолуктуруудан пайда жок. Эгерде Дж. Соростун Трамп менен проблемасы болбосо, КР президенти А. Атамбаев менен жолугат элем деп атайы сапар тартып Батыштан издеп барат беле? Ал эч убакта мындайга барган эмес. Бирок, бүгүн ал үчүн АКШнын Ак үйүнүн эшиги жабылып калгандыктан ал баарына макул болуп, А. Атамбаевди издеп жер кезип, Батышка барып жатат.

— Кыргызстандын бүгүнкү абалга кептелишинин себеби эмнеде? Бүгүн баары эле Атамбаевди жана анын тегерегин профессионал эмес, мурда ага шоопур, жансакчы, завхоз болгон адамдар түзөт деп сындашат. Бийлик эмнеге көчөдөн ишсиз жүргөн адамдарды тегерегине чогултуп алды? Буга эмне себеп? Ш. Дүйшеев айткандай кайдыгерликпи?

— Менин оюмча, Кыргызстандын бүгүнкү абалга кептелишинин бир гана себеби бар. Ал-саясий сабатсыздык. Ооба, Кыргызстан бүгүнкү абалга саясий сабатсыздыктын айынан кептелди. Буга далил катары Акаевдин доорун алсак болот. Акаев өзү окумуштуу, академик катары алдына камчы салдырчу эмес. Ошол кездеги оппозицияда Акаевдин деңгээлине тең келе турган адамдар жокко эсе болчу. Анан ал кандай гана аракет кылбасын илимге таянчу. Ошол эле кадр маселесин алалы. Ал кездеги кадрлар менен Бакиев менен Атамбаевдин мезгилиндеги кадрларды салыштырып көрсөңүз эле жетиштүү. Акаев кеминизм, кушчизмге таянган дегендери менен бул кадрлар СССР учурунда коомго таанылып, ар кайсы тармактарда иштеп, коомдон өз ордун алып калган кадрлар болгон. Бирок, Акаев канчалык окумуштуу болбосун, өлкөнү коррупциялык системага алдыртып жиберип кулады. Акаев өзү жараткан бизнесмендердин жана коррупциялык системанын курмандыгы болду. Бизнесмендер телчигип, бутуна туруп алгандан кийин коррупционерлер менен биригип алып, бул бийликтин бизге кереги жок, биз өзүбүз эле өлкөнү башкарсак болот экен. Бизге академик саясатчынын кереги жок. Өзүбүздөн эле бирөөнү коюп алып, башкара беребиз деп аны кетирип, бизнесмендер сүрөп Бакиевди алып келишти. Бакиевдин учурунда анын балдары, бир туугандары көп экен дешет. Ал эч нерсе эмес. Бир туугандар деле тобо деп, өз-өзү менен жүргөндөр толуп жатпайбы? Бирок, Бакиевдин балдары да, бир туугандары да алгачкы же жапайы бизнес аркылуу бутуна туруп жаткан доордо калыптанышкан да. Булар прихватизация доорунда калыптанышкан. Ошондуктан булар тез эле бийликтин төбөсүнө чыгышып, мамлекеттик кызмат абалын пайдаланып баюуга өтүштү. Өлкөнүн баарына – бизнесмендерге счетчик коюп коюшту. Бакиевдин балдары жана бир туугандары ар бир тармакты бөлүп алып, мамлекеттик кызматты бизнеске айландырып алышты. Ким аларды укпагандар, каршы чыккандар, буйрутма өлүмгө кабылып, жок болуп жатты. Бирок, кан коё бербейт деген сөз бар эмеспи. Булар көпкө узабай кулашты.

Акаев академик болсо, Бакиев менен Атамбаев бизнесмендер. Булардын менталитети таптакыр башкача. Мына азыр Трампты да сындап жатышат. Трамп да бизнесмен. Булар сынга көнгөн жандар эмес. Булар эркин жүрүп, баардык ишти өзүлөрү каалагандай жүргүзүп көнүп калышкан. Баардыгы булар каалагандай болушу керек. Башкача болууга мүмкүн эмес. Ошого бизнесмендер бийликке келсе, ММК менен карама-каршылыктарга, пикир келишпестиктерге кабылат. Бизнесмендер өзүлөрүн жарым Кудай сезишип көнүп калышат. Эркин жүрүп, өзүнчө чечим кабыл алып көнүп калган адамга, аны сындап жатышса өтө өөн көрүнөт. Кечээ эле ал өзүн жарым Кудай сезип жаткан да. Анан эми мамлекеттик кызматка келгенде коомчулуктун көңүл борборуна алынганда аны жаалата сындап киришсе, чатакка өтүп, пикир келишпестиктерге кабылат.

Ошондуктан бизнесмендер өз кызматкерлерине да жарым Кудайлык позицияда мамиле кылышат. Аларга катуу талап коёт, керек болсо урушат дегендей. Чыдасаң иште, чыдабасаң кете бер деген принцип менен мамиле кылат. Бизнесменге кадр тандоодо анын диплому барбы, жокпу бул маселе кызыктырбайт. Ага эң биринчи анын буйруктарын кыйшаюусуз аткарган адамдар керек. Бизнесменге диплому бар адамды ишке алып, аны менен кечке проблема тартып жүргүсү келбейт. Андан көрө диплому жок эле адамды ишке тартып, анан аны өзү ишке көндүрүп алганы оң. Бизнесменге эң негизгиси ишти тезирээк алдыга жылдырып, жыйынтыкка жетишүү. АКШ менменсинген бизнесмендеринин тарыхын карасаңыздар. Баары даана көрүнүп турат. Мисалы, болтту кечке кадай албай кыйналгысы келбейт, андан көрө кувалданы алып, болтту ары киргизе уруп, ишти алдыга жылдырып кеткени оң.

— Бирок, Атамбаев туугандарын бийликке алып келген жок да. Ошого карабай, аны да тегерегине ишсиз калган мурдагы өзүнүн кызматкерлерин алып келип алды деп нааразы болуп жатышат. Коомчулукта революция Атамбаевдин мурдагы ишсиз калган кызматкерлери үчүн болгонбу деген пикир жаралды. Атамбаевдин тегерегинде революционерлерден өзү жалгыз экен. Парламентте деле таптаза саясатты түшүнбөгөн, билбеген, кокустан барып калган адамдар көп болуп жатат. Эл буга нааразы. Бул жагдайды кандай чечмелейсиз?

— Харс Енсен (1904–1971) социал-демократиялык жумушчулар партиясынын төрагасынын саясий маселелер боюнча кеңешчиси, 1932- жылы Швед парламентинин миграция жана демограция саясаты боюнча комитетинде бул тууралуу өтө таасын айткан сөзу сакталып калган.

Мен ушуну толугу менен орусча келтирсем, жетиштүү чыгаар. Ал айтат: «Когда из страны уезжают ученые, инженеры, врачи и остальные представители умственного труда. Уезжает цвет народа-интеллигенция-то потом в такой стране правителями становятся бизнесмены, политиками становятся плебеи и проходимцы с улицы, а депутатами парламента базарные спекулянты, спортсмены и артисты».

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой 25 жылдан бери өтө көп адамдар Кыргызстандан чыгып кетип жатат. Көбү мигрант болуп Орусияда, Казакстанда жүрүшөт. Себеби, бул жакта аларга өз кесиби боюнча иш жок. Мигранттар менен кошо интеллигенция да кетүүдө. Аларда бул жакта иш жок болгондуктан же айлыктын аздыгынан, үй-бүлөлөрүн айлыкка бага албай, өлкөнү таштап кетип жатышат. Бирок, мыкты адистердин өлкөнү таштап кетүүсү анын келечегине кедергисин тийгизет.

Бизнесмен саясатчы мамлекеттик кызматты өзүнүн ишканасындай сезет. Ошого бардык кызмат орундарына өзүнүн ойлорун, идеяларын тез жана кыйшаюусуз аткара турган адамдарды алып келгенди оң көрөт. Буга өлкөдө түзүлгөн кырдаал да жол ачып жатат. Эгер кимдир бирөө сынга алса, өлкөдө кадр дефицит деп жооп берет.

— Чын эле парламенттеги партиялардын тизмесин карасак, биринде да өз пикирин так айта ала турган депутаттар жок. «Ата-Мекен» гана акыркы убакта бийликке каяша айта алган, коррупциялык схемаларын так, даана көрсөтө баштаган болчу. Калгандары бийликти, Өкмөттү контролдомок турсун, Илмиянов, Ниязов, Исаков, Сегизбаевдерден жүрөк үшүн алып койгондой коркору көрүнүп турат. Ушундай парламенттин келечеги барбы?

— Теория жактан элдин баары саясат менен аракеттенгиси келбейт. Анын айрым гана бөлүгү саясат менен алектенгиси келет. Партиянын тизмесин түзүүдө да бул фактор эске алынышы керек. Мисалы, Кыргызстанда саясат менен алектенгиси келген жаштардын тобу бар. Алар атайы кыймыл түзүп, аны «Жаңы муун» деп атап алышкан. Анын катарында А. Мавлянов, Т. Саралаев, А. Турдукулов, Д. Орунбеков, А. Айтикеев ж. б. жаштар бар. Бирок, парламенттик шайлоолордо бир да партия буларды тизмеге киргизейин деген жок. Тескерисинче, буларды байкамаксан болуп, саясат жөнүндө түшүнүгү жок эле адамдарды кошуп алышты. Дагы жакшы «Ата-Мекен» партиясы булар менен кызматташуу жөнүндө келишимге келишип, булар көп нерсени үйрөнүп калышты. Мен ойлойм, эгер булар да партиялардын тизмеси менен ЖКга келгенде парламент бүгүн алда канча дурус абалда болмок. Бизде дайыма жаштарды тарбиялоо керек, саясатка дайындоо, үйрөтүү керек дешет. Бирок, кайсы жаштарды өзүлөрү да билбейт же билгилери келбейт. Себеби, конкуренциядан коркушат. Саясат менен алектенем деген жаштардан, саясат жөнүндө эч кабары жок жаштар менен иштешүү женилирээк. Алар конкурент боло албайт.

— Бирок, баары тескери болуп жатпайбы. “Жаңы Муундун” өкүлдөрүн митинг, пикет сайын эле камап жатышат. Президент А. Атамбаев Д. Орунбеков менен соттошуп бүтпөй жүрөт. А. Турдукулов менен президенттин жан сакчысы Э. Мамбеталиев соттошуп жатат? Кечээ эле сөз эркиндигин коргоо маршына чыкканда М. Аскарбековду камап, ага адвокат киргизбей, адвокаттын катышуусуз эле сот чечимин чыгарып, 5 күнгө камап коюшпадыбы?

— Мамлекет жаштар саясатында чоң ката кетирүүдө. Мисалы, «Жаңы Муундагы» жаштар Акаев-Бакиевдин доорунан бери эле саясатка аралашууга аракет кылып келатат. Мамлекет болсо аларды камап, коркутуп-үркүтүп, сотко берип жатат. Мамлекет өзү биринчилерден болуп жаштардан диссиденттерди дайындап жатат. Саясатчы жаш кезинен диссидент болсо, алардын саны көбөйүп кетсе, бул өлкөнүн, коомдун өнүгүүсүнө кедергисин тийгизет. Диссидент болгондон кийин адам мамлекетти жек көрүп калат. Ал кайра-кайра мамлекетке каршы акцияларын уланта берет. Кыргызстандын шартында өлкөдө диссиденттердин санынын көп болушу мамлекеттин, коомдун өнүгүшүнө терс таасир тийгизет. Мисалы, Атамбаев өзүнүн ордуна мураскер калтырды дейли. Ал жаш саясатчы болсун. Бирок, Атамбаевдин жардамы менен бийликке келип алган адам болсун. Коомчулук же болбосо жаштар аны кабыл албай коюшу мүмкүн. Ал эми диссидент саясатчылар ага каршы саясий акцияларын уланта берет. Өлкөдө туруктуулуктун дайыма сакталып турушу күмөндүү болот. Ошондуктан, партия лидерлери саясатка аны менен алектенүүнү каалаган гана адамдарды алып келиши керек. Баарын базардагы пияздай же картошкадай оптом тизмелеп алып келгенден коомго да, мамлекетке да пайда жок.

— Угушубузга караганда Дж. Сорос А. Атамбаевдин командасындагы батышчыл кадрлар С. Исаков, А. Сегизбаев, Т. Жумакадыровдорду колдоп коюшу мүмкүн имиш. Буга кандай дейсиз?

— Балким, булар өз кызыкчылыктарында А. Атамбаевге таасир берүү үчүн Дж. Соросту колдонуп жатышы мүмкүн. Бирок, бүгүн Дж. Сорос АКШнын саясатында активдүү оюнчу эмес. Жок эле дегенде жакынкы 4 жыл аралыгында ал АКШда чоң оюнчу боло албайт. Бирок, ошол эле учурда ал Трамп аны кысып жаткандыктан кайсы бир өлкөгө капиталын жайгаштырууга аракет кылышы мүмкүн. Балким, президенттик шайлоолордо ал Кыргызстандан кайсы бир кандидатты колдоп, финансылап, кийин алтын кендерин же дагы бир чоң акча алып келүүчү объектилерди билгизбей өзүнө каратып алууну көздөшү да ыктымал. Буга Орусия жол бербесе керек. Себеби, президент ким болбосун, Орусия билип койсо, анда аны коомчулукка ачып таштаса, анда ал президент ошол эле замат бийлигинен кол жууп калышы толук мүмкүн.

— Анда Атамбаев буларды мураскер кылып калтыра албайт экен да. Калтырса да көпкө тура албай калышы мүмкүн экен да. Анда мураскер ким болот?

— Мураскерди жарыялоо өтө эле татаал маселе. Аны алдын ала айтып койсо, анын жолун бууп коюшу мүмкүн. Ошого бул маселе өтө жашыруун болот. Атамбаев Сегизбаев, Исаков, Жээнбеков болот дегендей позицияны кармангандай боло берет. Бирок, чыныгы мураскерди билгизбей кармап турат. Мындай ыкма менен ал өзүнүн тегерегин ишке мобилизациялап, кадрлардын, тегерегинин өзүнө жан дили менен иштеп берүүсүн камсыз кылып турат. Булар болсо, мен мураскер болом деп жанталашып иштей берет. Мына карабайсызбы, У. Исраилов министр болуп келээри менен Коопсуздук кызматы «Белизгейт» операциясын ойлоп таба калды. Себеби, президенттин тегерегине дагы бир кандидат келдиби деп коркуп кетишти көрүнөт. Ошого эптеп Текебаев, Шыкмаматов, Салянованы камап берип, чоң ишенимге кирүүнү көздөштү. Бирок, мындан майнап чыкпай калды. Ага да карабай дароо «Маевскийгейтти» уюштуруп жиберишти. Бул иштин да Текебаевдин адвокаттары тарабынан бир айга жетпей ташы талкан болуп жатат. Көрсө, Текебаев Маевский менен Москвадан таптаза жолуккан эмес экен. Текебаев июлдун башында инаугурацияга катышып, анан Норвегияга Осло шаарына Ташкент аркылуу учуп кеткен. Июлдун 12синде келип өз арызы менен УӨ кызматын тапшырып берген. Башкача айтканда Текебаев июлда Маевский менен жолуккан эмес, сентябрда жолуккан дейли дешсе, ал учурда Текебаев Өкмөттүн мүчөсү эмес болуп калган. Ал 12- июлдан баштап бийликте эмес болгон. Ошого Маевскийге “Мегакомду” сатып алууга жардам бере алмак эмес. Маевский да анын Өкмөткө таасири жок болгондон кийин ага кайрылмак эмес болуп жатат.

— Кыскасы сиздин оюңузча жогорудагылар мураскер болбойт экен да?

— Атамбаевди (эгер өзү экинчи мөөнөткө барбаса) бизнесмен-саясатчы катары кабылдасак, анда мураскер болуп улуу муундагы саясатчылардын бири болушу мүмкүн. Менимче, мураскерлик ага-ини Жээнбековдорго тийиши толук ыктымал. Бирок, Атамбаевдин дагы бир өз ичинде сактаган башка да кадры болушу мүмкүн. Үчүнчү жол, Атамбаев мураскерсиз кетиши да күтүлөт. Себеби, Атамбаев чыныгы президенттик шайлоолор болуп, элдин кеңири катмары колдогон саясатчынын утуп алышына кызыкдар болушун жокко чыгарбоо керек. Ал кеткенден кийин да өлкөдө туруктуулук сакталып калат.

— ММКларда С. Исаков мураскерликти талашып, Сегизбаевди уруп салгын деген миш-миштер тарабадыбы?

— Менимче, бул жерде урган тарап өзүнүн таасиринин чоң экенин билдиргиси келген болсо керек. Кимиси таасирдүү адамга жакын болсо, ошонун таасири чоң деген ойду айткысы келген.

— Сиздин жогоруда айткандарыңыздан улам, маселенин баары бүгүн бийликке саясатчылар эмес, бизнесмендер келип жатканында турбайбы. Биздин бүгүнкү тас кейпибиздин себеби бул бийликтин жаратылышы өзгөрүп, эки тизгин, бир чылбыр бизнесмендердин колуна өтүп кеткенинде экен да?

— Ооба. Кайсы бир деңгээлде ошондой. Мына парламенттеги саясий партиялардын тизмесин эле карасаңыз. Ал жакта кимдер олтурат? Парламент деген бул элдин каймагы болушу керек да. Бирок, бүгүнкү парламентти биз элдин каймагы деп айта албайбыз. Мен эл менен көп жолугам. Өткөндө бир топ адамдар менен сүйлөшүп калдым. Алар Атамбаевдин «Ата-Мекен» партиясын «сасык» партия деген сөзүн талкуулап жатыптыр. Алар айтат, ушул парламент парламентпи? Атамбаев парламентти «сасык» десе жарашат эле деп. Себеби, депутаттары сасыткы жумурткадай эле, солкулдатсаң болк-болк деп үн чыгарат. Бирок үнү сыртка чыкпайт. Мына коомчулуктун парламентке берген баасы. Эми булар күйгөнүнөн айтып жатышат да. Мен ММКларга көп чыгам, эл менен көп маектешем. Элге эң негизгиси чындык керек экен. Мен муну так билдим. Мына баарыбыздын көзүбүзчө КТРК аркылуу «Белизгейт» операциясын берип жатышты. ЖКда талкуу болгонун көрсөтүштү. Президентти да аны чын деп ишендирип, калп айттырышты. Эгер жалган чыгып калса, анда катуу чаралар колдонулаарын да жарыя кылдырышты. Бирок, баары жалган болуп калбадыбы. Ага да болбой тез арада «Маевскийгейтти” ойлоп табышып, аны да ЖКдан талкуулашты. Ал талкууну да КТРКдан көрсөтүштү. Эми бир айга жетпей, баары документалдуу түрдө калп болуп чыгып жатат. Мага бүгүн ар кайсы региондордон чалып жатышат, эмне «Маевскийгейти» да жалган болуп калдыбы? -деп сурап. Анан мынчалык элдин чыдамын алуунун кандай кажети бар дейм да. Албетте, сырлуу иш болгондон кийин, мунун артында миллиондогон акчаларды сүмүрү турат деп ким ойлобосун. Эл деле мейли, эгер жесе камасын деп жатат. Бирок, эч нерсе таппай, айла кеткенде жалаа менен камап жатышат деп тынчсызданып жатышат. Себеби, биздин эл 1933, 1937–38-жылдарды көрүп калган да. Анда да элибиздин эң мыкты каймактарын «Алаш Ордонун», «Турандын» мүчөсү деп жалаа менен камап, атууга буйрушкан. Ушунун баарын көрүп туруп, парламент унчукпай жатканына нааразы.

— Мурунку бийлик учурунда саясатчыларды камап алып, анын бизнесин бөлүш деп, бизнестерин тартып алып, андан кийин чыгарып жиберишчү эле. Азыр деле ошондой көрүнөт да?

— Мурунку бийлик бизнесмендердин баарын бөлүшкүлө деп жатып кулап жок болушту. Ал гана эмес Кыргызстанда бизнес жасоо эң оңой, бийлик менен бөлүш да, каалаган бизнесиңди жасай бер деген сөз да чыккан. Бирок, тилекке каршы азыр деле ошол абал сакталууда. Мисалы, М. Бакиев жана башкалардын мүлктөрүнүн талап-тонолушун карабайсызбы. Кыргызстанда баары эле билет Жалал-Абаддагы 7-канал К. Ташиевдики болгонун. Кийин бийликтин кыстоосу менен президенттин тегерегиндеги бирөөнө өтүп кетиптир. Бул деген Кыргызстанда эң биринчилерден болуп бийликтин мародёр, мошенник экенин көрсөтүп турат. Бийлик мародерлукту мыйзамдын негизинде жүргүзүп, кысымдан пайдаланып, бизнестерин тартып алып жатат дегендик десе болот. Бул бүгүнкү бийликтин жүзү.

— Бүгүн бийликке туруштук берүүчү күч барбы? Текебаевден кийин бошогон орунду ким ээлеши мүмкүн?

— Менимче бүгүн баары эле бир нерсени күткөндөй түр көрсөтүүдө. Текебаев акталып чыгып калабы деп жатышат. Бүгүн документалдык жактан акталып жатат. Бир гана маселе бийлик сотторго телефон аркылуу буйрук берип чыгарбай койбосо, чыгышы керек. Бирок, мен ойлойм, бийлик бүгүн К. Ташиев, А. Келдибеков, А. Мадумаровдор түзгөн үчилтикке эч нерсе кыла албайт. Себеби, буларга карата карасанатайлыктардын баарын кылып бүтүштү. Эми дагы кайталаса, түштүктүн эли көтөрүлүп кетиши мүмкүн.

— Текебаевди эл колдойбу?

— Бийлик да бул маселеден коркуп, акырындык менен иштеп жатат. Себеби, кыргызда жон намысыбыз үчүн деген түшүнүк бар. Эгерде түндүк да, түштүк да жабыла жон намысыбыз үчүн деп колдоп кетсе, анда бийлик Текебаев жана башкаларды камамак турсун, президенттик шайлоолорду да өздөрү ойлогондой өткөрө албай калышы ыктымал.

Булак: “Жаңы ордо”

Меню