Бул апта да өтө кызык окуялар менен коштолду. Коопсуздук кызматы «Маевскийгейттен» эч пайда таппасына көзү жеткендей болду көрүнөт. “Бизде Ө. Текебаевге каршы бир топ материалдар топтолду” деп билдиргендери менен шашылыш «мародерствогейтти» кайра чукуй баштады. Бул проблема мындан мурда үч жолу тергелген. Мародерлорду үч айда табам деп бакылдаган З. Рысалиев жылдап таба албай, акыры кызматынан кол жууп, бүгүнкү күнгө чейин жумушсуз жүрөт. Коопсуздук кызматы бул ишти кайра жандандыраары менен аталган ишти ийне-жибине чейин билген адам табылды. Ал А. Юсупов менен чогуу 6 ай бир камерада олтурган Бакаев болуп чыкты. Ал “мародерствогейтти” А. Юсупов алгач баштаган күндөн тартып билээрин айтып чыкты. Эң алгач жолу А. Юсупов З. Рысалиевди “мародер” деп көрсөтмө бергени белгилүү болду. Садыр Жапаров камалып -камалбай жатып, СИЗОдо союлуптур деген маалымат коомубуздун үрөйүн учурду. Көпчүлүк “Эмне болуп кетти?” деп аң-таң болууда. Айтор, саясий температура ысып, шкала жогорулай баштады. Эл эми эмне болот деп күтүп жаткан чагы. Ошого байланыштуу саясат таануучу Табылды Акеров менен акыркы окуялар жана саясий процесстер боюнча ой бөлүштүк.
— Табылды мырза, өлкөдөгү саясий абал өтө эле кыйындап бараткан жокпу?
— Менимче, абал Кыргызстанда эле кыйын эмес. Абал жалпы КМШ өлкөлөрүндө өтө кыйындап баратат. Өзгөчө Орусияда, Белоруссияда жана Кыргызстанда. Акыркы мезгилде Путин дагы Орусияда абал өтө начар болуп калганын мойнуна ала баштады. Ал жакындагы бир билдирүүлөрүндө күзүндө митингдер көбөйүшү мүмкүн экенин айтты. Путиндин визиттериндеги жылыштары да өзгөрдү. Мурда Путин самолёттун трапына даро чыкчу. Бүгүн болсо, Коопсуздук кызматынын кызматкери кирип абалды билдирмейинче сыртка чыкпайт дешет. Себеби, Путин Орусияда өтө көп генералдарды кызматтан алган жана камаган. Бүгүн саясий негизде 700дөй адам камакта экени айтылууда. Булардын дээрлик көпчүлүгү жогорку рангдагы саясатчылар жана офицерлер. Башкача айтканда Путин бийликти сактап калам деп ар кандай жарымы жалган, жармы чын негизде камоолорду жүргүзүп жатып, өтө көп душман күтүп алган. Ошого бизде эле эмес, Орусияда да абал өтө начар. Эгер ал жакта бир нерсе болсо, ал автоматтык түрдө КМШнын башка да өлкөлөрүнө жайылып кетиши мүмкүн болуп турат. Кыязы, Атамбаев ошондуктан мен мураскер калтырбайм деп жатат. Себеби, бүгүн калтырабы, калтырбайбы баары бир. Бир нерсе болсо автоматтык түрдө баары алмашып кетиши мүмкүн болгон абал түзүлүп турат.
— Путин өткөн сапарында Бишкекке түнөбөй учуп кеткени ошондон улам дейсизби?
— Балким, ошондой чыгаар. Кыргызстанды Орусияда коопсуздугу шектүү өлкө катары карашса керек. Ошого Путиндин жансакчылары аны Бишкекке түнөтпөй алып кетүүнү туура көргөндөй.
— Президент Атамбаев Коопсуздук кеңешинин жыйынына анын мүчөлөрүнөн башка чет өлкөлүк элчилерди жана өкмөт мүчөлөрүн чакырган. Сөзүнүн аягында мураскери болбостугун айтты, бирок ошол эле учурда жер-жерлерлерде курултайларды уюштуруп, ага айыл өкмөт, шаар башчыларын киргизүүнү сунуштады. Курултайларды куруу канчалык абзел?
— Менимче, президенттин тегереги бүгүн Атамбаевди шайлоолорго кийлигишпегендей түр калтыруучу жолдорду караштырып жатышса керек. Ошого жер-жерлерде курултайларды чогултуу каралып жатат десем болот. Себеби, бийлик курултай институтун дайыма шайлоолор учурунда же өлкөдө коопту абал түзүлгөндө гана эстейт. Айыл өкмөттөрү, шаар башчылары баары курултайдын мүчөсү катары бийликтин кандидатын же мураскерди тымызын сүрөшөт. Ошентип, мамлекеттик машинанын күчү, ресурсу, мүмкүнчүлүгү чачылбай бир багытта иштейт. Президент же премьер-министр кийлигишти деген сөз болбойт. Айыл өкмөттөрү, шаар башчылар элди жакшы билишет, алар шайлоочуларды бийликтин кандидаты үчүн добуш берүүгө оңой үндөшөт. Бул өңүттөн алганда президенттик шайлоолор шайлоодой деле болбой калышы мүмкүн. Эгер бүгүнкүдөй камоолор улана берсе, шайлоолордо мураскерди жалпы сүрөттүрүп, шайлоолочулардын баарын мураскерге добуш бердиртип коюшат. Кыязы, ошого азыртан куугунтуктоо, коркутуу-үркүтүү иштери жүргүзүлүп жатат.
— Президент Атамбаев өз сөзүндө шайлоо Кодексине өзгөртүүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Ушул зарыл беле?
— Шайлоо Кодексине өзгөртүүлөр киргизилиши керек. Бирок, бийлик кандай өзгөртүүлөрдү киргизээри белгисиз. Менимче, Жогорку Кеңеш каникулга кеткиче өзгөртүүлөрдү киргизет. Андан соң сентябрларда парламент тарашы мүмкүн. Ошондо президенттик шайлоолорду ары жылдырып, декабрда президенттик жана парламенттик шайлоолорду бир өткөрүү каралып жатышы мүмкүн. Балким, ушундай жол менен президент кайрадан өзүнүн КСДПсы менен парламентке шайланып келип, премьер-министр же спикер болуп калышы мүмкүн деген пикир бар.
— Атамбаев ва-банк кетти деп жатышат. Текебаев анын тегерегиндегилердин коррупциялык иштерин ачыкка чыгарып салды. Атамбаев президент болбой калса, булар камалып кетиши мүмкүн да. Андай болсо, бекеринен курултайларды түзүү керектиги айтылбаптыр да. Курултайды пайдаланып Атамбаев 2-мөөнөткө өзү кетип калбайбы? Ошол үчүн баарын камап жаткан жокпу?
— Балким. Бул саясат да. Атамбаев экинчи мөөнөткө барбаса да, анын тегереги кийин камалып кетпейли деп мураскерди сүйрөп чыгуунун жолдорун караштырып жатышат десек болот.
— Атамбаевдин мураскер калтыруусу канчалык мезгил талабына туура келет?
— Мен Атамбаевдин мураскер калтырбайм деген позициясы туура деп ойлойм. Себеби, дүйнөнүн жарымын караткан Македонский Борбордук Азияга басып кирип, азыркы Ходженттин ордуна Александрия деген шаар салдырган. Бул жерде Грек-Бактрия мамлекети орнотулган. Бирок, сактар Александрды чыгышты карай өткөрбөй койгондо, ал Индияга жортуул кылып кеткен. Грек-Бактрия мамлекетине өзүнүн жергиликтүү кыздарга үйлөнүп алган генералдарын калтырган. Анын Селевск деген генералы мураскер катары бийлик жүргүзгөн. Бирок, көп өтпөй генералдар бирин-бири укпай, Селевскке баш ийбей, бирин-бири кырып, акыры мамлекет ыдырап жок болуп кеткен. Атамбаевдин жаш кадрларынын баары өзүлөрүн мураскер көрүп келет. Айрымдары регионалисттер. Булар да бирин-бири укпай, көрө албай жатып, Кыргызстанды граждандык согушка алып барып, ойрон кылып салышы мүмкүн.
— Мураскер болгон адам буларды саясаттан четтетиши мүмкүнбү?
— Менимче ошондой да болуп калышы мүмкүн. Мураскер бүгүнкү күндөн үлгү алат. Бүгүнкү саясий процесстер, куугунтуктар кийинкиге жаман жоосун, терс өнөкөт болуп, өлкөнүн тарыхына жазылып жатат. Бүгүнкү президенттин тегереги бир команда түгүл, бири-бирине санаалаш да эмес. Буларды президент гана бириктирип турат. Ал кызматтан кеткенден кийин баары өзгөрүп кетиши толук мүмкүн. Мураскердин алдында эки чечилиши татаал маселе болот. Биринчиси, дүйнөлүк коомчулук жана элдин кысымы менен Текебаев (эгер камап жиберишсе) жана башка саясатчыларды чыгарышы керек болот. Экинчиси, элдин кысымына байланыштуу азыркы президенттин тегерегиндеги коррупцияга шектелгендерин, ресурсу түгөнгөндөрүн саясаттан четтетиши керек. Айрымдарына кылмыш ишин да ачтырышы керек болот. Башкача айтканда мураскер шайлангандан кийин аны өтө татаал абал күтүп турат.
— Коопсуздук кызматы «Белизгейт», «Маевскийгейт» операцияларын уюштуруп, Текебаевге жана башка «атамекенчилерге» жалаа жабууга аракет кылды. Баары жалган болуп чыгып калганда, кайрадан эски «мародерствогейт» операциясын жандандырып жатат. Бүгүн коомчулук Коопсуздук кызматы Текебаевге эмнеге мынча асылып жатат деп бушайман болууда. Эл арасында Президент өз убадасына турбай Сегизбаевди кызматтан албай жатканы жалпыга кызык болууда, «Сегизбаевдин колу менен өч алып жатат» деп баалаган сөздөр чыгып жатпайбы?
— Мага жакында орус шайлоочулары кайрылып калды. Алар “Почему ГКНБ свирепствует» деп сурап жатышат. “Неужели думают, что мы будем голосать за приемника, которого укажут нам сверху” деп айтышты. Чынын айтсам, бүгүн Коопсуздук кызматы «Белизгейт» жана «Маевскийгейт» операцияларынан найзасын сындырып алгандыгы анык болуп калды. Ошого бийлик шашылыш «мародерствогейтти» жандандырууга аргасыз болду. Себеби, кандай гана болбосун бир нерсе табыш керек болуп жатат. «Белизгейт» болбосо, башка бир иштен бир нерсе таап, анан ишти сотко өткөрүп жиберүү аракети көрүлүп жатат. Бул иштер Өмүрбек Текебаевге каршы жүрүп жаткан атайы операция десем болот. Илгери «Мародерствогейт» дал ушундай эле мүнөздө жүргөн. Аны да 3 жолу кайра ачып, жандандырып, эч нерсе таба алышпай, үч жолу тең жабылган. Себеби, бул ойлоп табылган проект. Жакында эле А. Юсупов эң алгач З. Рысалиевдин өзүн мародер деп көрсөтмө бергендиги коомчулукка белгилүү болду. Кийин муну «атамекенчилерге» карата буруп коюшканын айтып жатышат. Бирок, бүгүн деле баары кайра жанданып жатат. Адеп «Белизгейт», андан соң «Маевскийгейт» операциялары өткөрүлсө, бүгүн «мародерствогейтти» кайрадан жандандырып, Коопсуздук кызматы аркылуу тергөө жүрүүдө. Мунун өзү азыркы бийликтин Текебаевге жана «Ата-Мекенге» көзү түз эмес экенин, куугунтук жүрүп жатканын көрсөтүп койду. Ошондуктан Коопсуздук кызматы баш болуп, генералдык прокуратура төш болуп, Текебаевге компромат чогултуп чуркап жүргөн чагы. Бул Конституциянын да, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына да каршы келген көрүнүш. Бүгүн Конституция да, мыйзамдар да иштебей калды. Текебаевге караганда кылмышкерлер, коррупционерлер, кримавторитеттер, кримчөйрөсүндөгүлөр өзүлөрүнүн укуктарын алда канча оңой коргой алат. Алар акча берсе да, сотту, прокурорду сатып алса да оңой кутулуп кете алышат. Ал эми Текебаев ак болуп туруп акча эмес, алтынды төгүп турса да кутула албастыгы айдан ачык болуп турат. Бул оюбузду жалаанын негизинде уюштурулган «Белизгейт», «Маевскийгейт» операцияларынын таш талканы чыкканына карабай, куугунтук уланып, Текебаевди камоо үчүн мамлекеттик машинанын баардык күчү, мүмкүнчүлүгү жумшалып жатканы айгинелеп турат.
— «Белизгейт», Маевскийгейттин» ташы талкан чыкса, анда «мародерствогейт» аркылуу камаганы жатышабы? Текебаев менен Жапаровдун иштери жөнүндө кененирээк билдирүү кылып коюш үчүн Коопсуздук кеңешмесинин жыйынына чет элдик элчилер чакырылганбы? Эгер андай болгон болсо президент өзү чоочуп калган эмеспи?
— Бийлик эч убакта чоочулабайт, коркпойт. Текебаев, Жапаровдорду камоо өтө туура эмес болду. Текебаев батышта өтө таанымал саясатчы. Ал укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясынын мүчөсү.
Мына өткөндө президент Текебаевди укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясынын мүчөлүгүнөн чыгарып, ордуна башка адамды жөнөттү эле. Батыш Атамбаевдин Указын кабыл албай, көрсөтүлгөн тиги кишини тааныбай коюп, Текебаевди калтырып койду. Муну менен бийлик Батышка Кыргызстан механикалык түрдө башкарылып жатканын билдирип койду. Президенттин аппарат башчысына С. Исаков, Коопсуздук кеңешине сен, Коопсуздук кызматына сен, мэрияга сен бар, ошол жакты карап мага иштеп бергиле дегендей мамиле болуп жатканын билдирди. Эл айткандай профессионалдыгына карабай эле ишсиз калган эски тегерегиндеги балдарды жогорку кызмат орундарына олтургузуп келгени даана байкалды. Бул өлкө ичинде лөк саясатчылардын жана интеллигенция арасында эбактан эле айтылып келаткан нерсе. Мына карабайсызбы, жада калса тышкы саясатты тейлеген С. Исаковдун да тажрыйбасы жетиштүү болбой жатканы көрүнүп турат. Болбосо айтыш керек эле да, укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясынын биздин кандидатты албай коюшу мүмкүн деп.
Экинчиден, Текебаевдин кандидатурасын «Ата-Мекен» партиясы өзүнүн съездинде президенттикке талапкер кылып көрсөткөн. Бул да абалды татаалдаштырат. Бийлик Текебаевди шашылыш камап, президенттик шайлоолорго катыштырбай коёлу деп жатат. Бирок, бул жол менен да Текебаев проблемасы чечилип кетпейт. Себеби, шайлоолор алдында бул иш күчөйт да, Текебаевге анын артынан Сарыгуловго, Жапаровго, Талгарбековго, Асановго, Кадыров жана башка абийир туткуну деген макамы берилиши мүмкүн. Тамаша ошондон кийин башталат. Кыргызстан дүйнөлүк коомчулуктун көзөмөлүндө болуп калат. Эгер Атамбаевдин учурунда Текебаев камалып кетсе да, мураскер бийликке олтурары менен аны тезирээк чыгарууга аргасыз болот. Айрым кандидаттар учурунда Обама өз шайлоо программасына Гуантанамо түрмөсүндөгү террористтерди чыгарам, аны жабам деп убада бергендей, өз программаларына бийлик эч жазыксыз, жалаа менен камалгандарды боштондукка чыгарам, Конституцияны бузган, мыйзамга каршы аракеттенген күч органдарынын жетекчилерин камайм деген да убадаларды киргизип алыштары толук мүмкүн. Себеби, саясий негизде камалгандар менен Гуантанамодо олтурган эл аралык террористтерди салыштырып болбойт да. Айырмасы асман менен жердей.
— Биз эмнеге эле саясатчыларды камоо, аларды куугунтуктоо сыяктуу иштерге жакынбыз? Же бул Кыргызстандагы саясаттын өзгөчөлүгүбү? Бүгүн элдин баары Атамбаевдин бийлиги аны менен 7- апрелге чейин чогуу жүргөн оппозицияны, санаалаш саясатчыларды каралап, куугунтуктап жатканына нааразы болуп жатышпайбы?
— Акаев, Бакиевдин учурунан эле президенттин аппараты жана анын тегереги үчүн бир стереотип калыптанып калган. Илгертен президент саясатта эң активдүү оюнчу болуш керек деген түшүнүк жашап келет. Калган башка структуралардын баары президент жана президенттин аппараты, тегерегинен кийин туруштары керек деген түшүнүк бар. Андыктан президенттин аппараты өлкөдөгү саясаттын баарын биз жүргүзүшүбүз керек деп ойлойт. Эгерде сен саясатчы болгуң келсе, анда таза болушуң керек, эч убакта президенттен, анын аппаратынан жана тегерегинен саясатта өйдө секирбешиң зарыл. Эгер чээнден чыксаң, анда өзүңдөн көр. Себеби, сен ажыдаардын куйругун басып алдың деп коюшат. Ошондуктан, таза эмес, көчүгүндө калбыры бар саясатчылардын баары президенттин аппаратын кыңк этпестен угушат. Жөрмөлөп кирип барып, жүгүнүп учурашышат. Бир аз эле жолдон чыкса, анда аны балээ басат. Же кылмыш иши ачылат, же куугунтук башталат. Таза эмессиңби? Унчукпай, кысуучу жериңди кысып олтур. Же саясатка чыкпай үйүңдө олтур. Болбосо жооп беришке туура келип калат. Сени менен саясат оюнун ойнобосун дебесең деп коюшат. Коопсуздук кызматы, Прокуратура, соттор президенттин аппаратынан көз каранды. Ички иштер министрлиги Өкмөттүн карамагында болгону менен ал да президенттики болуп жатканын баары эле билип турбайбы. Анан эмне дейсиз?
— Садыр Жапаровдун камалганы чоң талаш туудурду. Ал эми анын венасы кесилди деген маалымат элдин үрөйүн учурду. Абал курчуп бараткандай сезилип жаткандай. Сиз бул тууралуу кандай пикирдесиз?
— ГСИНдин Садыр Жапаров өз венасын бычак менен кесип алыптыр деген билдирүүсүнө эч ким ишенбей жатат. Себеби, коомчулукка Жапаровдун атасы чоң молдо болгону эбактан эле белгилүү. Ал эми Садыр өзү ажы. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой Исламда адам өзүнө-өзү кол салууга тыюу салынган. Мусулман адам өзүнө-өзү кол салууга болбойт. Ал арам деп эсептелет. Андай адамдын сөөгүн мусулмандардын мүрзөсүнө коюуга болбойт. Мына ушунун баары Садыр Жапаров эч качан өзүнө-өзү кол сала албастыгын тастыктап жатат. Башкача айтканда бийликтин бул окуя боюнча билдирүүсү реалдуулукка дал келбей, элди ынандырган жок
— Жапаров эмне үчүн камалаары менен №1-СИЗОго жайгаштырылган? Эмнеге аны Коопсуздук кызматынын СИЗОсунда калтырууга мүмкүн эмес болчу? Же Садырдын көзүн тазалоо алдын ала ойлонуштурулганбы? Балким, бул иш атайы коргоо кеңешинин болооруна жакын аткарылды. Эң кызыгы президенттин бул кеңешмеде сүйлөгөн сөзүнө төп келгендей эле болду. Баарыңарды ушундай абал күтүп турат дегендей сүр калтырды.
— Коомчулуктун бийликтин бул иш боюнча билдирүүлөрүнө ишенбей жаткандыгынын бирден бир себеби Жапаров өзүнө-өзү ашкана бычагы менен кол салган жана бул иш туалетте болгон деп айтылып жатышы болсо керек. Садыр олтурган бөлмөдө видеокамера бар деп билдирилген. Жапаров жакындарымды коё берет деп, өзүн- өзү өлтүрүүнү чечкен деп жатышат. Бирок, Кыйноолордун алдын алуу борборунун кызматкерлери СИЗОго кирип, аны менен жолукканда “Менин эсимде эч нерсе жок. Билбей калыпмын” деп айтканын айтышат. Мындан башка анын айтып бергендерин эч ким билбей эле коюусун сураныптыр. Ушул жагдайды алганда өтө эле күмөндүү болуп жатат. Чындыгында эле саясий протест кылган адам өз аракеттерин көрүнө кылат да. Мисалы, Ак үйдүн алдына барып өзүн өрттөйт. Бийликке каршы протестин жашырынып, туалеттин ичине кирип алып, эч кимге көрүнбөй жасабайт да. Эксперттер маңдайында далдайган камера турса, протест кылууга бардык шарт түзүлүп турса, кантип эле адам жашырынып, туалетке кирип алып, протест кылсын деп таң калышып жатышат. Видеого карап эле акыркы сөзүн айтып, бийликке, үй-бүлө мүчөлөрүнө кайрылмак да.
— Ага СИЗОдо олтургандар басым жасашкан жокпу? Же Жапаровду атайы “общакты” баксын деп ошол жакка олтургузушканбы?
— Бакиевдердин мезгилинде камалган саясатчылар, бизнесмендер бийлик аларды атайы мойнуна алдыруу үчүн же “общакты” бактыруу үчүн атайы СИЗОго камашкандарын айтканы бар. Элдин арасында алардын кай бири 5 миң доллар “общакка” берсе, кай бири 2 млн сом берген, кай бири өлөрчө сабалган деген кептер бар. 7- апрель революциясынан кийин деле «атамекенчилерге» көрсөтмө берген кылмышкерлерге бейиштеги шарт түзүлүп берилип, аларга тамак-аш, наркотик, жада калса сойку кыздар да киргизилип берилип тургандыгы айтылып келген. Демек, бул вариантты да эстен чыгарып салууга болбойт.
— Садыр өзүнө кол салгандыгынын себебин балдары жана жакындарынын камалышы менен байланыштырып, алардын тагдыры менен түшүндүрдү. Айрымдар муну Жапаровду жасабаган кылмыш иштерди моюнга алдыруу үчүн анын балдарын зектерге салып берип, “отпускать” эттирип же дагы башка амал-азаптарды көргөзөбүз деп коркутушу мүмкүн деген пикирди айтып жатышат. Буга эмне дээр элеңиз?
— Албетте, ата-эне үчүн бала баа жеткис байлык. Адамды сындыруу үчүн колдонулган мындай методдор 1933, 1937–38-жылдарга мүнөздүү болгон. Канчалаган балдар ар кандай жалаа менен камалган ата-энелерден баш тартууга аргасыз болушкан. Үй-бүлөлөр ыдырап, бузулган. Балдар жетим калган. Фашисттер да ушундай эле кордуктарды көрсөтүшкөн. Кыргызстан бүгүн рынок экономикасында жашап жаткан өлкө. 25 жыл аралыгында ар кандай жолдор менен байыган адамдар көп. Бирок, булардын баары бүгүн кылмыш ишин ачканда дароо өлкөдөн чыгып кетип жатат. Себеби, алар СИЗОго түшкөндө алардын өзүлөрүн, балдарын, кыздарын эмне күтүп жатканын жакшы билишсе керек. Бакиевдердин доорунан бери байларды СИЗОго камап алып, “общакты” бактыруу ыкмасы кеңири колдонулуп келген. Ошондуктан, СИЗОдо Садыр Жапаров менен биз күтпөгөн ар кандай нерселер болушу мүмкүн. Мына бул жолу ал өзүнө-өзү кол салды деп жарыя кылдырышты. Мындан кийин анын өмүрү коркунучта. Себеби, эмкиде киши колдуу болсо да, ал мурда эле өзүнө-өзү кол салган деп жарыя кылып коюштары мүмкүн. Менимче, Кыргызстанда саясатчыларга кылмыш иши ачылганда эмнеге дароо ооруп калышат же качышат? Анткени алардын баары СИЗОго киргенден кийин аларды зектерге уйдай саадырышып, “общакты” бактырышаарын билишет. Ошондуктан, бийлик С. Жапаровду камап туура эмес кылды. Жапаров менен болгон окуялар бийликке абийир, аброй алып келбейт. Себеби, мага кайрылган адамдар Жапаровдун окуясын «бийлик кан жыттанып, парламент заң сасып калды» деп айтып жатышат. Бул окуя президенттикке талапкер катары каралып жатышкан С. Исаков жана А. Сегизбаевдерге элдик ишеним же аброй, имидж алып келбейт. Бул окуя бүгүнкү бийликтин жүзү катары кабыл алынып жатат. Шайлоочулардын ишенимине ээ болуш өтө эле кыйын. Бул дагы эч нерсе эмес, бүгүн куугунтукталып жаткан саясатчылардын баары улгайган адамдар. Алардын айрымдары жашына байланыштуу оорукчан. Эгер бирөө менен кокус бир нерсе болсо, анда Кудай өзү сактасын…
— Бир топ саясатчы камала турганы айтылууда. Бул эмне менен бүтүшү мүмкүн? Кан төгүлүп кетпейби?
— Камалат. Өлкөдө түзүлүп жаткан абал Аксы окуяларына жакын болуп турат. Себеби, ал кезде да бийлик А. Бекназаровду камап, табасы канып, өзүнүн шартын коомчулукка таңуулагысы келген. Бирок, тилекке каршы баары теңирден тескери чыгып калган. Мындай абалда бийликке коомго, анын пикирине үстөмдүк кылуу аракети өтө жагып калат. Ошого эч артка кылчактабай, алдыга кете берет. Бийликтин күчүн көрсөтөт, мыйзамдарды көзүнө илбей, адам укуктарын тебелеп-тепсеп, кандай гана болбосун өз максатына жетүүнү гана көздөп, көзүнө эч нерсе көрүнбөй калат. Баарын коркутуп-үркүтүп, тебелеп-тепсеп кете берет. Себеби, бийликтегилерге саясатчылардын, коомчулуктун мамлекеттик машинанын кубаттулугунун алдында алсыздыгы өтө сонун көрүнүп калат да. Күч менен башкаруу аябай жагат. Ошон үчүн үстү-үстүнө камап, же коркутуу менен аракеттенет. Ооба, бүгүн дагы бир далай саясатчыларга кылмыш иши ачылат деп айтып жатышат. Бирок, эл жалаанын негизинде эмес, күнөөсү болсо, жесе камасын деп жатат. Тилекке каршы бийлик көпчүлүгүндө аша чаап кетип жатканын айтып жатышат.
— Атамбаевди эл кандай кабыл алып жатат деп ойлойсуз?
— Президент Атамбаев ички дүйнөсүндө бир нерсени өзгөртөйүн деп ойлойт, аракет кылат. Бирок, тегерегинин сабатсыздыгы, тажрыйбасыздыгы, көрөгөч эместиги анын ой-максаттарын жеткиликтүү, элге жугумдуу түрдө ишке ашыра албай жатат деп өкүнүп жатышат.
Булак: “Жаңы Ордо”