Menu

КООМ

Москвада мигранттарды жапырт текшерип жатышат

Орусиядагы мигранттардын кесиптик кошуунунун өкүлү Акбар Разыкулов полиция көчөдөн мигранттарды кармап, документтерин текшербей туруп, жапырт бөлүмдөргө алып кетип жатканын билдирди.

Учурда интернетте полиция кызматкерлери көчөдө чет өлкөлүктөрдү кармап, автоунаага күчтөп салып бараткан видеолор тарап жатат.

Разыкуловдун айтымында, Москвадагы “Текстильщики” метросунун алдындагы бир эле кармоочу жайда 150 мигрант кармалып турат. Алардын басымдуу көпчүлүгү кыргыздар, жыйырмага чукулу гана Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары. Мыйзамсыз жүргөн мигранттарга 5 миң рубль айып пул салынып, ишин сотко өткөрүшүүдө.

Тышкы иштер министрлиги 24-июнда таркаткан маалыматка ылайык, Москвадагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборунда кыргызстандык 130 мигрант кармалып турат.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын Москвадагы элчилиги аларга укуктук кеп-кеңештерди уюштурууда. 23-июнда элчилик Орусиянын Ички иштер министрлигинин чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборунун жетекчиси А.Лагода жана Москва шаары боюнча соттук пристав О.Писакин менен жолугушкан. Аталган борбордо кармалып турган аялдар (25 адам) кармоо шарттары боюнча даттануулары жок экенин билдиришкен.

Орусиянын бардык аймактарында 19-25-июнь күндөрү “Нелегал-2023” аттуу рейддин биринчи этабы жүрүп жатат. Экинчи этабы октябрь айына пландалган. Иш-чара март айында ЖККУга мүчө өлкөлөр менен макулдашылганы маалымдалган.

Облустук телекомпаниялардын маяна маселеси чечилди

Облустук телерадиокомпаниялардын кызматкерлеринин маяна ала албай жаткан маселеси чечилди. Кечээ 23-июнда Улуттук телерадиокорпорациясынан (УТРК) билдиришкендей, үч айлык маяна толук төлөнүп берилди.

Акча 12-июнда түшкөнү, ошол замат бардык кызматкерлердин апрель, май жана июнь айлары үчүн айлыгы төлөнүп берилгени маалымдалды.

Бул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. 7-июнда парламенттин жалпы жыйынында депутат Бактыбек Чойбеков “Үч ай мурун облустук компаниялар маданият министрлигинин карамагынан алынып, УТРКга өткөрүлүп берилген. Үч айдан бери журналисттер, операторлор, жалпы жамааты маянасын ала албай жатат. Батирде жашаганы, насыя алгандары бар, көпчүлүгү карыз болуп баратат. Реформа кылабыз деп айлык маянасын токтотуп коюу орчундуу маселе. Ушуга көңүл буруу керек”, – деп айткан.

Айлык көйгөйү жаралып жатканын кызматкерлер өзүлөрү да айтып чыгышкан.

Мурда облустук каналдар Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине баш ийчү, кийин УТРКга өткөн.

"Чет өлкөлүк агенттер" тууралуу мыйзам долбоору 27-июнда Жогорку Кеңештин комитетинде каралат

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун 27-июнда 1-окууда карайт.

Парламенттин сайтындагы маалыматта комитет жыйынында мыйзамдын демилгечиси жана автору Надира Нарматова баяндама жасай турганы жазылган.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана “Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча” мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 19-майда каттоого алынган.

Мыйзам долбооруна ылайык, “чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм” деген түшүнүк киргизилип, мамлекеттин көзөмөлдөөчү укуктары көбөйтүлөт.

“Чет өлкөдөн, эл аралык уюмдардан каржыланган жана чет өлкөлүк булактардын кызыкчылыгы үчүн Кыргызстандагы саясий иштерге катышкан бейөкмөт уюм эми чет өлкөлүк өкүлдүн милдеттерин аткаруучу коммерциялык эмес уюм” деп аталат.

Демилгеленип жаткан мыйзам долбоору Кыргызстанда коммерциялык эмес уюмдардын ишмердигин чектейт деген жүйө менен бир катар эл аралык уюмдар, элчиликтер, медиа уюмдар, бизнес коомчулугу жана жарандык коом бийликти мыйзам долбоорун четке кагууга чакырып, кайрылуу-билдирүүлөрдү жасаган. Апта башында Кыргызстандагы коомдук уюмдар жана жарандык активисттер бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорлорун чакыртып алууну талап кылган петицияга кол топтой баштаган.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган “чет өлкөлүк өкүл” тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып, анда ашыкча чектөөлөр, адам укуктарына каршы жоболор бар экенин айтып чыгышты.

“Адилет” укуктук клиникасы мыйзамды талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “Чет элдик агенттер” мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Бишкек шаардык соту Украинадагы согушка катышкан Аскар Кубанычбек уулун 10 жылга кести

7-июнда Бишкек шаардык соту Украинадагы согушка катышкан деген шек менен 10 жылга соттолгон Аскар Кубанычбек уулуна карата райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды.

Соттук жараянда айыпталуучу Кылмыш-жаза кодексинин “Жалданмачылык” беренесин “чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышууга” өзгөртүүгө суранды. Ал өзүн “Луганск Элдик Республикасы” (“ЛЭР”) деп атап алган жикчил аймакта аскердик кызматта болгонун, элге гуманитардык жардам таратуу иштерине гана катышканын айтты.

Аскар Кубанычбек уулу материалдык кызыкчылык үчүн согушка жалданып катышпаганын, Орусиянын жарандыгын алуу үчүн аскердик топтордо кызмат өтөгөнүн билдирди.

16-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны Украинадагы согушка катышкан деген айып менен 10 жылга соттогон. Муну менен Кыргызстанда биринчи жолу Украинадагы согушка аралашкан жаран жазага тартылды.

Өкүмдө Москвада жашап жүргөн Аскар Кубанычбек уулу 2022-жылдын июнь айында “материалдык пайда табуу үчүн” Орусиянын аскердик топторунун бирине кошулуп, Украинадагы согушка катышканы жазылган.

Украинага таандык болгон аталган аймакты Кремль колдогон жикчилдер 2014-жылы өз алдынча “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялап, кийин Орусия аннексиялап алган. Кыргызстан аны тааныган эмес.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Аскар Кубанычбек уулун Кыргызстанга келгенде январь айында камаган.

Кыргыз бийлиги өз жарандарына чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышса, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертип келет.

УКМК: Жалал-Абад облусунда көчө автожарыштарынын уюштуруучулары жана катышуучулары кармалды

Облус тургундарынан, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынан келип түшкөн көптөгөн даттанууларга байланыштуу КР УКМК органдары тарабынан Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кайгуул кызматы менен бирдикте унаабейбаштык менен алектенген топтун мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюлду.

Бул топ ири суммадагы акча ойнотулган мыйзамсыз көчө жарышын системалуу түрдө өткөрүп келишкен. Ошол эле учурда унаабейбаштар коомдук тартипти жана жарандардын бейпилдигин одоно бузуп, жол кыймылына коркунуч туудурган көп сандаган өзгөчө кырдаалдарды жаратып, бир нече ирет жол кырсыктары катталган. Мына ушундай жарыштардын биринин кесепетинин айынан бир кырсык катталган-Жалал-Абад шаарындагы аскер бөлүктөрүнүн биринин тосмосу бузулган.

Натыйжада, 2023-жылдын 2-июнунда Сузак районунун аймагында дагы бир жолу мыйзамсыз унаажарыш өткөрүү аракети токтотулуп, 34 адамдан турган топ жана 16 унаа кармалган.

Унаатранспорт каражаттарын текшерүүдө жасалма мамлекеттик номурлар аныкталып, айнекти мыйзамсыз караңгылатуу фактылары катталып, унаажарыштын айрым катышуучулары медициналык кароодон өткөндө алкоголдук ичимдиктерди ичүү фактылары аныкталган.

Бардык унаалар Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун ИИБнын айыптоочу жайына жайгаштырылып, мыйзамсыз жарыштын катышуучуларына тиешелүү профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, административдик айып салынды.

Тажикстанда окуучу кыздарга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шектелген мектеп директору кармалды

Хатлон облусундагы Шамсиддин Шохин районунда окуучу кыздарга сексуалдык ыдык көрсөткөн деген шек менен орто мектептин директору кармалды. Бул тууралуу “Озоди” радиосу укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, райондогу мектептердин биринде окуган жогорку класстын эки окуучусу директор аларды колу менен кармалап, сексуалдык ыдык көрсөткөнүнө даттанган.

Азырынча мектеп директоруна каршы кылмыш иши козголо элек, бирок ал учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) райондук бөлүмүндө камакта отурат.

Директордун жакындары бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты. Бирок алар анын күнөөсү жок экенине ишенишерин жана жакынкы убактарда бошотулат деп үмүттөнүп жатышканын кошумчалашты.

2021-жылы Тажикстандагы мектептердин биринде иштеген мугалим окуучу кызды зордуктаганы үчүн 17 жылга эркинен ажыратылган.

2019-жылы Хатлон облусунун Яван районундагы Нурек шаардык лицейинин мугалими 17,5 жылга соттолгон. Ал 12 жаштагы кызга сексуалдык зомбулук көрсөтүүгө күнөөлүү деп табылган.

Тажикстанда соттолгон кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу маселеси көтөрүлдү

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев 2-июнда Тажикстандын башкы прокурорунун орун басары Дилшод Талбакзода менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Мекемеден кабарлашкандай, жолугушууда Тажикстанда жүргөн кыргызстандыктардын укуктарынын корголушу жана бул өлкөдө соттолуп, жазасын өтөп жаткан кыргыз жарандарын Кыргызстандын абактарына которуу маселеси көтөрүлдү.

ТИМ Тажикстанда канча кыргыз жараны абакта жатканын тактаган жок. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 2022-жылы Тажикстанда ондон ашык кыргызстандык соттолуп, жазасын өтөп жатканын маалымдаган.

Жогорку Кеңеш мамлекеттик органдарды толук кыргыз тилине өткөрүү боюнча мыйзам кабыл алды, буга Россия нааразы

Орусия Кыргызстан өлкөдөгү тил саясатын орус тилин колдоого, аны илгерилетүүгө багыттап жүргүзөрүнө ишенгиси келет. Бул тууралуу 2-июнда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, министрликтин расмий өкүлү Мария Захарова Кыргызстандын парламенти мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырганы тууралуу суроого жооп берип жатып ал кыргызча билбегендер үчүн кыйынчылык жаратышы ыктымалдыгын айтты.

“Бул мыйзам республиканын кыргыз тилин билбеген жарандарына айрым кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. Мыйзамдын кабыл алынышы титулдук эмес калктын, анын ичинде биздин мекендештерибиздин укуктары боюнча абалга жагымсыз таасир тийгизиши мүмкүн экенине кыргыз кесиптештерибиздин көңүлүн бир нече жолу бурганбыз. Өнөктөштөр бул мыйзам долбоору орус тилин жокко чыгаруу максатын көздөбөйт деп ишендиришти. Ошондуктан союздаш катары Кыргызстандын жетекчилиги кыргыз тилин өнүктүрүү менен катар орус тилин колдоого, аны илгерилетүүгө багытталган балансталган тил саясатын жүргүзөт деп ишенебиз”, – деди Захарова.

31-майда Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда карап, жактырган. Эми ал президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Парламенттеги талкуу учурунда долбоор мамлекеттик тилди колдонуунун укуктук негиздерин түзүүгө жана мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууга багытталганы, ал талдоонун негизинде жана эксперттердин, окумуштуулардын, жарандардын сунуштарын эске алуу менен иштелип чыкканы айтылган.

Соңку мезгилде интернеттеги социалдык түйүндөрдө, коомчулукта өлкөдөгү орус тилинин макамы, кыргыз тилин өнүктүрүү тууралуу талкуу жүрүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова орус тилин кыргыз тилине атаандаш кылып Конституцияга жазып алган тажрыйба башка мамлекеттерде жок экенин айтса, төрага Нурланбек Шакиевдин Бишкектеги төрт райондун атын кыргызчалоо пикири бир топ талкуу жараткан.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев латын арибине өтүүгө даярдык бар экенин билдирген, бирок президент Садыр Жапаров аны “аңдабай айтылган сөздөрдөн алыс болууга” чакырган.

Конституцияда кыргыз тили мамлекеттик, ал эми орус тили расмий деген макамга ээ деп жазылган.

Укук коргоочулар Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишелди Чолпон-Атада адам укуктары маселесин көтөрүүгө чакырышты

Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишелдин Борбор Азия лидерлери менен Чолпон-Ата шаарындагы кездешүүсүн утурлай беш укук коргоочу уюм аны аймактагы адам укуктарынын абалын талкуулоого чакырышты.

Кайрылууга Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Казакстандын Адам укуктары боюнча бюросу, кыргызстандык «Лигал просперити» фонду, Туркмөнстандын Адам укуктары боюнча демилгеси жана “Борбор Азиядагы адам укуктары” деген франциялык ассоциация кол койду.

Алар адам укуктарынын абалын жакшыртууну Еврошаркет менен мамилелерди бекемдөөнүн шарты катары талап кылууга үндөштү. Укук коргоочулар ошондой эле региондо былтыр болгон саясий кризистер маалында адам укуктарын бузууга жеткиргендерди жоопко тартуу керектигин белгилешти. Кайрылуунун авторлору Казакстан, Тоолуу Бадахшан жана Каракалпакстанда бийлик массалык нааразылык акцияларын күч менен басканын кеп кылышты. Алардын айтымында, үч мамлекеттин бийлиги ошол окуяларды жакшылап, көз карандысыз иликтебей жатышат.

Муну менен катар укук коргоочулар Шарль Мишелди бейөкмөт уюмдардын ишмердигин чектөөгө багытталган демилгелерге, анын ичинде Кыргызстандын депутаттары сунуш кылган мыйзам долбооруна тынчсыздануу билдирүүгө чакырышты.

Кайрылууда аймактагы өкмөттөр куугунтуктаган укук коргоочулар, активисттер, журналисттер менен блогерлердин ысымдары да аталган. Тизмеде Кыргызстандан укук коргоочу Рита Карасартова, иликтөөчү журналист Болот Темиров бар.

2-июнда Чолпон-Ата шаарында “Европа Биримдиги – Борбор Азия” аталыштагы экинчи саммит өтөт. Ага Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель катышмакчы.

3-июнда Мишелдин Кыргызстанга расмий сапары болот.

“Борбор Азия — Европа Биримдиги” саммити биринчи жолу былтыр, 27-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн.

Европадагы 27 өлкөнүн башын бириктирген Европа Биримдиги менен өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу макулдашууга Кыргызстан 1999-жылы кол койгон.

Мишелдин сапары Орусиянын Украинага каршы согушунун геосаясий кесепеттеринин фонунда шаркеттин Борбор Азияга болгон кызыгуусу артып жаткан учурга туура келүүдө.

Россияда 7 миллион рубл уурдаган деген айып менен 2,5 жылга соттолгон КР жараны Айнагүл Борбуева толук акталды

Кечээ, 31-майда Новосибирск облустук соту Айнагүл Борбуеванын адвокатынын даттануусун канааттандырып, Новосибирск шаарынын Октябрь райондук сотунун 2022-жылдын 27-октябрындагы өкүмүн өзгөртүп, Кыргыз Республикасынын жаранын сот залынан бошоткон.

Эске салсак, 2021-жылдын ноябрь айында Новосибирск шаарында иштеп жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны Айнагүл Борбуева Новосибирск шаарынын ички иштер кызматкерлери тарабынан РФ Кылмыш кодексинин 158-беренесинин 4-бөлүгүнө (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган уурулук) ылайык кылмышка шектүү катары кармалган.

Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, 2021-жылдын 5-ноябрында РФ жараны В.С. 2021-жылдын 3-ноябрынан 4-ноябрына караган түнү мас абалында көчөгө 7 миллион рубль менен сумкасын унутуп кеткендигин айтып арыз менен кайрылган. Укук коргоо органдары тарабынан видеокөзөмөл камералары аркылуу сумканы КР жараны А.Борбуева алып, жумушуна алып барып койгондугу аныкталган.

2022-жылдын апрель айында кылмыш иши боюнча тергөө амалдары аяктап, иш Новосибирск шаарынын Октябрь райондук сотуна өткөрүлүп берилген. 2022-жылдын 27-октябрында Новосибирск шаарынын Октябрь райондук соту Кыргыз Республикасынын жараны А.Борбуевага карата айыптоо өкүмүн чыгарып, аны 2 жыл 6 айга эркинен ажыраткан болчу.

Бул маселе КР Тышкы иштер министрлиги менен КР Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун көзөмөлүндө болуп, Кыргыз Республикасынын жараны А.Борбуеванын жакындары жана жактоочулары менен түз байланышта тиешелүү консулдук юридикалык жардам көрсөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жараны А.Борбуевага карата бардык соттук отурумдарга катышкан.

Меню