Menu

КООМ

Ысык-Көлдө "Асман" шаарынын курулушу 30-июнда башталат

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Ысык-Көлгө салынуучу “Асман” шаарынын курулушу 30-июнда башталарын билдирди. Жапаров бул тууралуу Чолпон-Ата шаарында жаңы курулган парктын ачылышында айтты.

“Бир жарым жылдан бери долбоорлорун, кагаздарын даярдадык. “Асман” шаарынын долбоору даяр болуп калды. Кудай буюрса, 30-июнда кутучасын салабыз. Шаар 500 миңден 700 миңге чейин киши жашай турган 4 миң гектарга түшөт. Кыргызстандан бир тыйын акча короткон жокпуз. Анткени шаар сала турган акчабыз да жок. Сырттан инвесторлорду топтоп келип салдырган жатабыз”, – деди Жапаров.

Президент жергиликтүү элди инветорлорго тоскоолдук кылбоого чакырды.

22-мартта “Асман” шаарын куруу иши мамлекеттик дирекциядан президенттин иш башкармалыгына өткөн. Анда “бул чечим натыйжалуулукту жогорулатуу үчүн кабыл алынганы” белгиленген.

Бийлик Ысык-Көлдүн жээгине кеминде 500 миң жашоочуга ылайыкташкан, экологиялык, заманбап, бардык шарттары бар шаар курула турганын 2021-жылы жайында жарыялаган.

Анда бул шаар Балыкчыга 15 чакырым жакын жерде, Тору-Айгыр айылынын өйдө жагына курулары, толугу менен 7-10 жыл аралыгында салынары айтылган.

Долбоор Бишкектеги ыш көйгөйүн чечүүнү, туризмди өнүктүрүүнү көздөрү белгиленген. Баштапкы долбоордо шаар үстүнөн караганда комузга окшош болору көрсөтүлгөн. Өкмөт Асман шаарын куруу дирекциясын 2021-жылы сентябрда түзгөн.

Бир катар жарандык активисттер долбоорго каршы чыгып, “Асман шаарынын курулушуна жол жок” деген кыймыл түзүлгөн. Алар Ысык-Көл менен анын жака белиндеги жерлер коргоого алынган биосфералык аймакка кире турганын, шаар курулса, экологиялык каатчылыкка себеп болушу ыктымал экенин эскертишкен.

Шаардык сот "Азаттыктын" сайтын бөгөттөө боюнча райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды

Бишкек шаардык соту Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттыктын” сайтын бөгөттөгөн чечимине каршы радионун адвокаттарынын арызын карап, аны канааттандырган жок.

Арызды 30-майда Болотбек Сатыбалдиев төрагалык кылган шаардык соттун коллегиясы карады. Анда “Азаттыктын” адвокаттары Маданият министрлигинин 2022-жылдын 26-октябрдагы радионун сайтын бөгөттөө боюнча чечими мыйзамсыз экенин белгилеп, Бишкектин Административдик сотунун буга чейинки чечимин четке кагуу өтүнүчү менен кайрылган.

Соттук жараянда “Азаттыктын” адвокаты Акмат Алагушев Маданият министрлигинин медиа мекеменин сайтын бөгөттөө чечими одоно мыйзам бузуулар менен коштолгонун, жагдайды ишти буга чейин караган Административдик сот эске албаганын билдирди. Адвокаттын айтымында, министрлик таянып жаткан “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамдын да бир нече нормалары бузулган.

Министрликтин өкүлдөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу жөнүндө материал өчүрүлбөгөндүктөн, сайтты бөгөттөө улантылып жатканын айтты.

Жыйынтыгында шаардык соттун коллегиясы “Азаттыктын” сайтын бөгөттөө боюнча Маданият министрлигинин чечимин мыйзамдуу деп таап, Бишкек административдик сотунун 7-марттагы чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

“Азаттыктын” адвокаттары Бишкек шаардык сотунун чечимине каршы жогорку инстанцияларга кайрылат.

Маданият министрлиги былтыр 26-октябрда “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө тууралуу чечим чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы – “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материал негиз болгону маалымдалган. Мындан соң “Азаттыктын” банктагы эсеби бөгөттөлсө, кийин Маданият министрлиги маалымат каражатынын ишмердигин токтотуу боюнча сотко арыз жазган. Бул арызды быйыл 27-апрелде Ленин райондук соту канаттандырган. “Азаттыктын” адвокаттары бул иш боюнча Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз жазган.

“Азаттык Медиа” Маданият министрлигинин дооматы негизсиз экенин, сөз болуп жаткан журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экенин белгилеп келет.

“Азаттык” туш болгон соңку басымды АКШ, Британия, Евробиримдик баш болгон бир нече өлкөнүн элчиликтери жана бир катар эл аралык, жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап, бийликтин аракетине чочулоосун билдирген.

1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата Степное айылындагы №2-аялдар абагында олтурган келиндер балдары менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын түзөтүү мекемелеринде ар кандай кылмыштуулук менен соттолгон алты миңден ашуун адам жаза өтөп жатат. Соттолгондордун үчтөн бир бөлүгүнүн көбүнүн жашы жете элек балдары бар. Атасынын же энесинин мээриминен тирүүлөй ажырап кусалыгын көз жашына каткан баёо жүрөк балдарга аз да болсо кубаныч тартуулоо жана келечек муунду гумандуулукка, айкөлдүккө тарбиялоо, абак артында ар кыл психикалык абалда отурган айымдардын эмоцияналдык абалын жакшы жакка өзгөртүү, кылмыштуулуктан арылып жаркын коомдун мүчөсү болушуна дем берүү максатында 1-июнь “Балдарды коргоо” эл аралык күнүнө карата 2023-жылдын 30-майында Жаза аткаруу кызматынын ардагерлер кеңешинин демилгеси менен алгачкы жолу «Эне-бала» аталышындагы темир тор артындагы аялдарды жашы жете элек балдары менен жолуктуруу иш чарасын уюштурду.          

ЖАКнын жетекчилиги, тарбиялык жана социалдык иштер башкармалыгы жана жарандык коомдун колдоосу менен ишке ашып жаткан иш-чара Степное айылындагы №2- аялдар абагында болуп өттү. Иш-чарага бир катар эстрада ырчылары, цирк өнорпоздору катышып, ардагерлер тарабынан балдарга белектер берилди.          

Баса белгилеп айта кетсек, 2019-жылы ЖАКнын ардагерлер кеңеши түзүлүп, анын төрагалыгына ички кызматтын полковниги ардактуу эс алуудагы ардагер Алибай Нишанбаев дайындалган. Буга чейин дагы ардагерлер кеңешинин чечими менен соттолгон жарандардын балдарына жыл сайын майрамдарда ар түрдүү иш-чаралар уюштурулуп, белек-бечкектер тартууланып келет. Андан тышкары кызмат абалында курман болгон кызматкерлердин балдарына тагыраагы 18 улан-кызга ай сайын 1000 сом өлчөмүндө стипендия беришет. Ошону менен катар социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө аталган кеңеш ар тармактуу байма-бай жардам берүүсүн улантууда. Мамлекеттин казынасынан бир сом албай, жаштарга үлгү болчу ишти демөөрчү издеп таап, коомчулукка мээримдүүлүктү, гумандуулукту жайылтууда атуулдук милдетин эселеп аткарып жаткан аксакалдарыбызга ЖАКнын жалпы жамааты башыбызды ийип таазим кылуу менен терең ыраазычылык билдиребиз.

УКМКнын жардамы менен Индияга операцияга барып, сөөк чучугун алмаштырып кайткан өспүрүм Дайырбек бүгүн Камчыбек Ташиев менен жолукту

Бүгүн, 30-майда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы генерал-лейтенант Ташиев К.К. Индияда сөөк чучугун трансплантациялоо операциясынан өткөн Дайырбек Кыялбекович Маматкалыевдин ата-энеси менен жолугушту.

Буга чейин химиотерапия курсу аяктаганына карабастан, курч лимфобласттык лейкозду толук дарылоо үчүн Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын дарыгерлеринин сунушу менен Д.Маматкалыев Индияда текшерүүдөн өтүп, сөөк чучугун алмаштыруу операциясын жасатууга муктаж болгон. Бирок, медициналык процедураларды каржылоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугуна байланыштуу Д.Маматкалыевдин ата-энеси 2023-жылдын декабрь айында КР УКМК башчысы генерал-лейтенант К.К.Ташиевден жардам сурап кайрылышкан.

Жолугушуунун жыйынтыгында генерал-лейтенант К.К.Ташиевдин көрсөтмөсү менен 2022-жылдын 23-декабрында КР УКМК Д.Маматкалыевди (жана анын ата-энесин) жөнөтүүгө, текшерүүдөн өтүүгө жана “Фортис” клиникасында (Индиянын Гаутамбуднахар округу, Юттар Пардеш штаты, Нойда шаарында) операция кылууга каржылоо жагынан көмөктөшкөн. 

Операциядан аяктап, 2023-жылдын 29-майында Д.Маматкалыевдин үй-бүлөсү Бишкек шаарына келип, генерал-лейтенант К.К. Ташиевге жеке жолугушууну суранган.

2023-жылдын 30-майындагы жолугушууда Д.Маматкалыевдин ата-энеси көрсөтүлгөн материалдык жардам үчүн ыраазычылык билдирип, уулу 4 жашынан бери көрсөтүлгөн дартынан (анын ичинде билим берүү мекемелерине бара албагандыктан) кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жатканын белгилешти.  

Дарылоо планына ылайык, Д.Маматкалыев белгилүү убакытка чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө болот, ага байланыштуу генерал-лейтенант Ташиев К.К. ага ден соолук каалап, толук айыккан мезгилге чейин (Бишкекте жайгашуу, тесттин жыйынтыгын тапшыруу жана жөнөтүү), анын ичинде Индияга экинчи ирет текшерүүгө баруу мезгилинде материалдык жардам көрсөтүүгө убада берди.

Вице-мэр Нурдан Орунтаев УКМКда сурак берүүдө

Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев бүгүн 26-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) сурак берип жатканын жеке булактар тастыкташты. Ал суракка “Батуми” кафесинин ээсинен түшкөн арыздын негизинде чакырылганы маалымдалды.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Батуми” жайгашкан жерге 25-майда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен барып келгенин мекеменин басма сөз кызматы билдирген. “Ташиев тийиштүү мекемелердин кызматкерлерине аталган иштин чоо-жайын толук аныктап, мыйзам чегинде кайрадан карап чыгууну, эгерде буздуруу мыйзамсыз болсо күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырды”, – деп жазылган билдирүүдө.

“Батуминин” ээси УКМКга жана Башкы прокуратурага арызданганын 25-майда анын юристи Кайсын Абакиров билдирген.

“Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаевди кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга, башка бирөөнүн өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлкүн атайылап жок кылууга байланыштуу кылмыш жообуна тартуу боюнча укук коргоо органдарына арыздарды бердик. “Батуми” кафесин мыйзамсыз бузууну уюштурган бардык аткаминерлерди тез арада жоопко тартууну жана бул оор кылмышка тиешеси бар бардык укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жоопко тартып, аты-жөнүн жарыялоону талап кылабыз”, – деп билдирген Абакиров.

Анын айтымында, “Батумиге” ээлик кылган “Эстоунд” коомунун колунда бардык уруксат документтери, анын ичинде Бишкек шаарынын Башкы архитектура мекемеси бекиткен архитектуралык-пландоо жана инженердик-техникалык шарттары бар.

Кафенин сметалык баасы 80 миллион сом экенин, мыйзамсыз бузуунун кесепетинен келтирилген алдын ала материалдык чыгым 9 миллион сомго бааланып жатканын айткан адвокат Бишкек мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына кафени буздуруу тапшырмасы берилген 2023-жылдын 17-майындагы №13-01/390 каты бар экенин, бирок ал бузууга негиз боло албай турганын кошумчалады.

Нурдан Орунтаев 25-майда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып төмөнкүлөрдү билдирген:

“Биздин ишибиз мыйзамдуу. Комиссиянын чечими бар, ижаранын мөөнөтү да бүткөн. Ал жер болсо муниципалдык жер. Биз барып бирөөнүн мүлкүн басып алган жокпуз, аша чаап да кеткен жокпуз. Мен бул маалыматты толугу менен четке кагам. Биз болгону ишибизди кылып атабыз”.

“Батуми” буздурулуп жаткан видеолор, сүрөттөр 24-майда жарыяланып, кызуу талкуу жараткан.

Бишкек мэриясы кафени буздурууга анын курулушу жана иштеши боюнча “көптөгөн эреже бузуулар” негиз болгонун билдирген. Мэриянын басма сөз кызматынын 24-майдагы маалыматына караганда, шаар башкармалыгы жердин ижара келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тарткан:

“Жер тилкесин ижарага берүү маселесин караган комиссиянын чечиминин негизинде “Эстаунд” жоопкерчилиги чектелген коому менен түзүлгөн ижара келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тартылды. Бул объектти курууда жана анын иштешинде көптөгөн эреже бузуулар аныкталды. Ошондой эле бул райондо жашаган тургундардан арыз-даттануулар түшүп, чыр-чатактар катталып келген”.

Мэриянын маалыматына караганда, жалпы аянты 1300 чарчы метрлик кафени өз алдынча буздуруу тууралуу маалымдама 17-майда жөнөтүлгөн, бирок бул талап аткарылган эмес, буздуруу иштери 24-майда жүргүзүлдү.

Курулушу мыйзамсыз экени аныкталган имараттарды, имараттарга кошумча салынган курулмаларды алуу, бузуу иштери буга чейин да жүргүзүлүп келген.

“Батуми” Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсүнүн боюнда жайгашкан.

Равшан Жээнбековдун жубайы УКМКнын тергөө абагына камалды

Абактагы оппозициялык саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева 25-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалды. Бул маалыматты адвокат Разак Ашимбаев журналисттерге ырастады.

Анын маалыматына караганда, Алимбаеваны түштө УКМКнын кызматкерлери суракка деп алып кетишкен. Адвокат анын тергөө абагына киргизилгенин кечки саат 8ге жакын укканын, ага чейин байланыша албаганын, ал кайсы иштен улам камалганы белгисиз экенин билдирди.

Алимбаеванын уулу Азат Равшан түшкү саат 12де суракка кирген бойдон апасы менен кабарлаша албай жатканын Фейсбукка жазган.

УКМК азырынча маалымат бере элек.

Равшан Жээнбеков ушул тапта Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ал былтыр 23-октябрда “Массалык башаламандык уюштуруу” беренесинин негизинде отузга жакын саясатчы, жарандык активисттер менен чогуу камалган.

Анын алдында Жээнбеков Өзгөндө өткөн курултайдын резолюциясына ылайык саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, саясий кыймылдар “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзгөнүн жарыялаган.

Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча да айыпталган, ал иш азыр Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

Саясатчы 28-майда өтө турган Бишкектеги Ленин округунан парламент депутатын шайлоого талапкер болуп катталган.

Волгограддагы Курандын өрттөлүшүнө каршы Чеченстанда митинг өттү

Сүрөттө Волгоградда Куран өрттөгөн 19 жаштагы Россия жараны Никита Журавель

Чеченстандагы бюджеттик мекемелердин кызматкерлери менен студенттер Куран китебинин өрттөлүшүнө каршы Грозный шаарында өткөн митингге катышууга милдеттендирилген. Бул тууралуу “Кавказ.Реалии” басылмасы калаа тургундарына шилтеме кылып кабарлады.

Волгоград шаарындагы мечиттин алдында мусулмандар үчүн ыйык деп эсептелген Куран китебин өрттөө учуру тартылган видео социалдык түйүндөргө 19-майда жарыяланган.

Грозный шаарындагы митингде сүйлөгөн Чеченстан парламентинин төрагасы Магомед Даудов “мусулмандардын сезимине акаарат келтирген” акцияны Украинанын жана Батыш өлкөлөрүнүн атайын кызматтары каржылаганын билдирди. Ошол эле маалда ал бул сөздөрүнө эч кандай далилдерди келтирген жок.

Чечен бийлигинин маалыматына караганда, митингге жалпысынан 60 миң киши катышты. Алар колдоруна Рамзан Кадыровдун сүрөттөрүн жана “Ыйык китепке тийбе!”, “Менин диним – менин жашоом!” деген жазууларды кармап турушту.

Грозный шаарында окуган студенттердин бири “Кавказ.Реалии” сайтына билдиргендей, окуу жайдын жетекчилиги алардан түшкү саат экиге калаанын борборуна чогулууну талап кылган. Тургундар өлкөдөгү мамлекеттик мекемелер менен мектептер да жогору жактан ушундай тапшырма алышканын билдиришти. Алар митигге бир нече адамдан жөнөтүүгө милдеттендирилген.

Жергиликтүү ЖМКлар кабарлагандай, 23-май күнү эртең менен “Чеченстандын жүрөгү” деген мечитке да миңдеген тургун чогулуп, Курандын өрттөлүшүнө нааразылык билдиришкен.

“Динге ишенген адамдардын сезимине акаарат келтирүү” беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Волгограддын 19 жаштагы тургуну Никита Журавель кармалган. Ал күнөөлүү деп табылса үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Дүйшөмбү күнү жергиликтүү сот аны эки айга – 20-июлга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Сотто Журавель мусулмандардан кечирим сурап, өз кылганын “өтө жаман иш” деп атаганы кабарланган.

Тергөөнүн версиясына ылайык, Журавель Куранды украин атайын кызматынын тапшырмасы менен 10 миң рубль үчүн өрттөгөн. Мындан тышкары ал шаардагы аскердик объектилерди видеого тартканын да мойнуна алган.

Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин бул ишти Чеченстандын тергөөчүлөрүнө өткөрүп берүү тууралуу буйрук чыгарды. Анын айтымында, буга “Чеченстандын тургундарынан аларды жабырлануучу деп таануу өтүнүчү менен көптөгөн кайрылуулар келгени” себеп болду.

Kaktus.media басылмасы 1.000.000 сом айыпка жыгылды

23-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “Вечерний Бишкек” басылмасынын Kaktus.media басылмасына каршы доо арызы боюнча чечим чыкты.

Судья Жылдыз Сайдылдаеванын чечимине ылайык, Kaktus.media басылмасы жарыялаган макаладагы маалыматты чындыкка дал келбейт деп таануу тууралуу доо арыз жарым-жартылай канааттандырылды.

Натыйжада, кабарчы 500 миң сом, “Промедиа Плюс” коомдук фонду (басылманын ээси) 500 миң сом төлөөгө милдеттендирилди, мындан тышкары 700 сомдук мамлекеттик пошлина төлөө талабы да коюлду.

Доо арыз Kaktus.media сайтына былтыр 29-декабрда жарыяланган “Вечерний Бишкектин” кызматкерлери гезит 1-январдан тартып жабыларын билдиришти” деген макала жарыяланганына байланыштуу жазылган.

“Вечерний Бишкек” бул макалада так эмес маалымат келтирилгенин айтып, жалпысынан 50 миллион сомдук доо койгон.

Соңку кезде Кыргызстанда көз каранды эмес медиага басым күчөгөнүн серепчилер белгилеп жатышат. Коррупцияны ашкерелеген иликтөөчү журналист Болот Темиров былтыр өлкөдөн күч менен чыгарылды, Next TV телекомпаниясынын жетекчиси шарттуу түрдө үч жылга соттолду, “ПолитКлиника” басылмасына каршы сотко арыз берилди, “Азаттыктын” сайты жарым жылдан бери бөгөттөлүп турат жана аны ЖМК катары жабуу аракети көрүлүүдө.

“Азаттыктын” жана Kaktus.media басылмасынын жабылышын талап кылып социалдык түйүндөргө пикир жазгандардын көбү фейк аккаунттар экенин Bulak.kg сайты аныктап чыккан.

Орусияда ОМОН 100дөн ашык тажикстандык студентти сабады

Орусиянын Комсомольск-на-Амуре шаарында билим алып жаткан тажикстандык студенттер ОМОН тарабынан катуу сабалганын билдиришти.

Азырынча бул окуя боюнча Орусия менен Тажикстандын бийлик органдары эч кандай комментарий бере элек.

Студенттердин айтымында, окуя 19-май күнү эртең менен Техникалык университеттин жатаканасында болгон.

“ФСБ кызматкерлеринин коштоосунда келген ОМОНчулар алгач жатаканадагы видеобайкоо камераларын өчүрүп, андан соң эч кандай мыйзам бузбаган студенттерди ур-токмокко ала башташты. Алар беткап кийип, тапанча жана электр шокерлер менен куралданган. Колдоруна кастет сыяктуу атайын колкаптарды кийип алышкан. Жатаканада башка улуттагы студенттер да бар болчу, бирок эмнегедир тажикстандыктарды гана сабашты. Кийин баарын тизип алып документтерин текшеришти”, – деди тажикстандык студенттердин бири.

Ал ОМОНчулар алты тажик студентин кармап кетип, сурактан кийин кайра кое беришкенин билдирди.

“Ур-токмоктон улам 15 студент олуттуу жаракаттарды алды. Алардын айрымдарына операция талап кылынууда”, – деп кошумчалады ал.

Студенттер 20-майда Тажикстандын Орусиядагы элчилигине телефон чалып, жардам сурашкан.

Буга чейин “Озоди” радиосу акыркы апталарда Орусияда тажик мигранттарына карата рейддер күчөгөнүн кабарлап, аларга ырайымсыз мамиле жасалып жатканы тартылган бир нече видеотасманы жарыялаган.

Өткөн жумада Москва облусундагы Котельники шаарынын тургундары мигранттардын “ээн баштыгын” токтотуу өтүнүчү менен Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылуу жасашкан. Алар шаарда “тажик анклавы” түзүлгөнүн жана “жашоо кооптуу болуп калганын” айтышкан.

19-майда Президентке караштуу улуттар аралык мамилелер боюнча кеңештин жыйынында сүйлөгөн Путин мигранттар Орусиянын эрежелери менен салт-санаасын сыйлашы керектигин айткан.

Апрелчилер мурдагы президенттердин келишине каршы бийликке кайрылды

Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы Аксы жана Апрель окуяларынын курмандыктарына арналып тургузулган эстеликтин жанында нааразылык акциясы өттү.

Ал жерге 2010-жылдагы Апрель окуясынын катышуучулары жана бул окуяда каза болгондордун жакындары чогулду. Алар кыргыз коомчулугуна жана бийликке кайрылуу жолдоп, мурдагы президенттерди өлкөгө алып келүү аракеттерине каршы экенин билдиришти.

“Тилекке каршы, элибиздин башынан өткөн кандуу окуялардан сабак алып, туура жыйынтык чыкпаганына күбө болуп жатабыз. Бүгүн көз көрүнө калың элдин тынчтануусун жараткан аракеттер аткаминерлер тарабынан болуп жатат. Бул Акаевди актап өлкөгө чакыруу жана жексур Бакиевди көз көрүнөө актоо аракети”, – деп жазылган кайрылууда.

Алар адам өмүрү кыйылган окуяларга себепкер болгондорду мыйзам алдында жоопко тартып, камакка алынышын талап кылышкан. Мындан сырткары, бийликтен куулган мурдагы президент Курманбек Бакиев менен маек уюштурган УТРКнын журналисти, Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевге нааразылыгын билдиришкен.

2005-жылдагы Март окуясынан кийин Кыргызстандан чыгып кетип, Орусияда башкалкалап жүргөн мурдагы президент Аскар Акаев жана анын жубайы Майрам Акаеванын Бишкекке келгени талкуу жаратууда.

Акаевдерге жакын адамдар ал башкалаада айрым жогорку окуу жайларда лекция окуй турганын билдиргенден кийин бир катар студенттер нааразылыгын билдирип кайрылуу жасады. Ушундан кийин анын үч жерде белгиленген дарсы болбой турганын билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан элдик толкундоонун арты менен бийликтен кулатылган. Ал өлкөдөн качып кетип, ошондон бери Орусияда башкалкалап келет.

Өткөн аптада элдик толкундоонун аркасы менен бийликтен кулатылган дагы бир мурдагы президент Курманбек Бакиевдин маеги да талаш жаратты. Өлкөнү 2005-жылдагы Март ыңкылабынан кийин жетектеген Курманбек Бакиев башында турган бийлик 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик толкундоодон кийин кулатылган. Ал жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен, өзү ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт.

80ден ашык адамдын өмүрүн алган кандуу Апрель окуясына байланыштуу мурдагы президент Курманбек Бакиев жана тун уулу Марат Бакиев 30 жылдан, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сыртынан өмүр бою кесилген.

Меню