Menu

КООМ

Жалал-Абадда мүмкүнчүлүгү чектелген  балдарга 500 сомдон майрамдык берилет

 Жалал-Абад шаарынын мэриясы Жалал-Абад областтык Р.Г.Бауэр атындагы кургак учукка каршы күрөшүү борборунда дарыланып жаткан балдардан кабар алып, акчалай көмөгүн жана балдар үчүн шириндиктерди тапшырды. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Шаар мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары Айзат Раматиллаеванын айтымында, быйылкы жылышаар бийлиги балдарга көңүл буруусун күчөтүп жатат.

-Балдар – биздин келечегибиз, аларды эч нерседен муктаж кылбай кам көрүшүбүз керек. Шаардык бюджеттен 1-июндагы Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата 250 миң сом акча каражаты бөлүнөт. Шаарда бүгүнкү күндө мүмкүнчүлүгү чектелген 416 бала бар, алардын ар бирине 500 сомдон берилет. Андан сырткары, бүгүн аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, тоголок жана жарым жетим балдар үчүн акысыз балмуздак, шириндиктер таркатылууда, Токтогул жана “Жеңиш” эс алуу багында атракциондорго акысыз түшүп эс алышат, – дейт ал.

Г.Бауэр атындагы кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жетекчиси Бурулкан Кадырованын айтымына караганда, борбордо балдардын көңүлдүү эс алуусу үчүн жакшы шарттар түзүлгөн.

-Учурда бизде 30 бала дарыланып, ден-соолуктары жакшы абалда. Бизге куттук айтып мекеме-ишканалардан келип жатышат. Балдардын кубанычын көрүп, толкунданып турам. Куттуктап келген ар бир мекеме-ишканаларга ыраазычылыбызды билдиребиз, – дейт ал.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэриясы 25-майдан 25-июнга чейин балдарды коргоонун, аларга камкордук көрүүнүн бир айлыгы деп жарыялаган. Эртең Барпы дарамалык театрынын алдында балдарга арналган маданий, уюштуруу-массалык иш-чаралар өтөт.

ОшМЮИда эл аралык конференция өттү

Ош мамлекеттик юридикалык институтунда  «Кыргыз мамлекетинин укуктук маданиятынын калыптануусуна саресеп» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Анын башталышында ушул темага арналган тарыхый китептердин көргөзмөсү уюштурулду. Мында көрүүчүлөр соңку мезгилдерде жарык көргөн түрдүү жаңы китептер менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул туурасында ОшМЮИнин басма сөз катчысы билдирет.

Конференцияны алгач ОшМЮИнин ректору юридика илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторов куттуктоо сөзү менен ачып, «Кыргыз Республикасындагы укуктук маданият: калыптандыруу маселелери жана көйгөйлөрү» деген темадагы илимий доклады менен баштап берди. Андан кийин ОшМЮИнин  окуу жана тарбия иштери боюнча проректору юридика илимдеринин кандидаты Мамасалы Арстанбеков «Жаштардын укуктук маданияттуулугун жогорулатуу маселелери» аттуу темада илимий баяндама жасап, кеңири маалымат берип өттү. Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун доценти, тарых илимдеринин кандидаты  Шавкат Атаханов  укуктук маданиятты өстүрүүдөгү факторлорго карата илимий көз караштарын билдирди.    Ал эми «Учурдагы укуктук маданиятыбыздын башаты» деген темада доклад окуган «Чет өлкөлүк мамлекеттердин укуктары жана тарыхы» кафедрасынын  башчысы Төрөбай Насыров окумуштуу катары илимий табылгалары  менен тааныштырды.

Андан ары ОшМЮИнин Магистратура бөлүмүнүн башчысы юридика илимдеринин кандидаты Салия Тайлакова окуган өзүнүн докладында Конституциялык укуктардын негизинде атуулдардын  укуктук маданиятынын калыптанышына  илимий анализ жасады. ОшМЮИнин илимий иштер жана эл аралык байланыштар боюнча проректору тарых илимдеринин доктору, профессор Байболот Абытовдун  «Кыргыздардын биринчи Конституциясынын тарыхынан» аттуу темадагы доклады катышуучулардын кызыгуусун ойготту. Анткени мында окумуштуу  өзү изилдеген далилдүү жаңы тарыхый фактыларды жарыялоого жетишти.

Эл аралык конференция күндүн экинчи жарымында эки секцияга бөлүнүү менен иш жүргүздү. Биринчи секция  «Кыргыз мамлекетинин укуктук маданиятынын калыптанышы: маселелери жана көйгөйлөрү» деген багытта, ал эми экинчи секция өз ишин «Учурдагы гуманитардык  жана так илимдердин көйгөйлүү маселелери» аттуу багытта улантты. Анда Республикабыздын, Казакстандын, Россиянын жана башка өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынын, илимий мекемелеринин окумуштуулары, илимий изилдөөчүлөрү  түрдүү темалардагы илимий докладдары менен катышты. Анда  окулган актуалдуу темалардагы илимий докладдар ОшМЮИнин атайын илимий журналында жарыяланмакчы.

“Жогорку билим берүү тармагында мамлекеттик тилдин орду жана келечеги” аталышындагы республикалык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү

“Жогорку билим берүү тармагында мамлекеттик тилдин орду жана келечеги” аталышындагы конференцияны “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын” аткаруу максатында жана “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия уюштурду. Бул туурасында аталган комиссиянын басма сөз кызматы маалымдайт.

Иш-чаранын алкагында “Кыргыз тили боюнча мультимедиялык-лингвистикалык лабораториянын” ачылышы болуп, келген коноктор заманбап жасалган кабинет менен таанышты.

Конференциянын ачылышында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев конференцияны ишине ийгилик каалоо менен, буларды билдирди: “Мамлекеттик тил – өлкөнүн биримдиги менен бүтүндүгү, туруктуулугу, анын улуттук идеологиясы менен коопсуздугу жана мамлекеттин тарыхый тагдыры жөнүндөгү фундаменталдуу проблема. Ааламдашуу доорунда  улуттун иденттүүлүгүн аныктаган тилин, тарыхый эстутумун, маданиятын, географиялык-чөлкөмдүк, аймактык баалуулуктарын сактоо жана өнүктүрүү, заманбап технологияларга ыңгайлашуу аркылуу миң жылдыктардын чакырыктарына натыйжалуу жооп берүүгө милдеттүүбүз.” Н. Ишекеев сөзүн жыйынтыктап жатып И.Раззаков атындагы КМТУнун мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салымын кошкон кызматкерлерине Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Ардак грамотасын” тапшырды

Илимий конференцияга КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы А.Исаев, КР Билим берүү жана илим министринин орун басары К.Кожобеков жана Мамлекеттик тил секторунун башчысы Г.Ибраимова, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын мамлекеттик тил боюнча проректорлору, студенттер, жалпыга маалымдоо каражаттары ж.б. катышты.

КР Өкмөтүнүн өкүлү А.Исаев өз сөзүндө мамлекеттик мекеме-уюмдарда котормочу штаттык бирдиги жоюлуп, анын ордуна лингвист-эксперттин иш алып баруусу менен мамлекеттик кызматкерлерге мамлекеттик тилди билүү муктаждыгы жаралып жаткандыгын белгилеп өттү.

Пленардык жыйында Б.Төрөбеков “ЖОЖдордун башкаруучулук ишмердүүлүгүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү концептуалдык негиздер”, Ж.Тургумбаев “Мамлекеттик тилди өркүндөтүү тажрыйбасы (Израил мамлекетинин мисалында)”, А.Кубатова “Мамлекеттик тил саясатынын түптөлүү тарыхынан” аттуу баяндамаларын жасады.

Конференциянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй секциялар менен улантылды:

1-секция. Билим берүүдө мамлекеттик тилде окутуунун маселелери;

2-секция. Тармактык терминдер жана котормолор;

3-секция. Мамлекеттик тилди изилдөө жана колдонуу көйгөйлөрү;

4-секция. Уюштуруу жана башкаруу иштеринде мамлекеттик тилдин колдонулушун жакшыртуу.

Өзбек бийлиги ресторандарда ифтар уюштурууга тыюу салган жок

Өзбекстан бийлиги быйылкы Рамазан айында коомдук тамактануу жайларынын мусулмандар үчүн ифтар уюштуруусуна тыюу салган жок.

Ташкенттеги бир катар кафе жана ресторан өкүлдөрү ооз ачыруулар үчүн чектелбеген санда буйрутмаларды кабыл ала тургандыктарын айтышууда. «Биз 100 адамга чейин катышкан жамааттык ифтарларды тейлөө боюнча буйрутмаларды кабыл алабыз. Ооз ачыруу аштизмесине биринчи жана экинчи тамак кирет», – деди Ташкенттеги кафелердин биринин администратору.

Ташкенттин тургуну Тошбек өткөн жылы кафелер менен ресторандарда ифтар өткөрүүгө толугу менен тыюу салынганын белгиледи. «Азыр бизде бонустук ооз ачыруу аштизме пайда болду. Аларга бекер суу, жүзүм, дарбыз жана курма кирет», – деди ал.

Ал ортодо мечиттерде мурдагыдай эле ифтар өткөрүүгө тыюу салынган. Өзбекстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын төрага орун басары Абдулазиз Мансур орозо кармагандар кафе-ресторандарда эмес, өз үйлөрүндө ооз ачыруусу керек экенин айтты.«Биз мусулмандарга үйдө ооз ачырууну сунуштайбыз. Мечитте ифтар өткөрүү ашыкча болуп калат. Мечиттер жамаат менен тамак ичүү үчүн эмес, намаз окуу үчүн курулган», – деди ал.

Өзбекстандын калкынын 90 пайыздан ашыгын мусулмандар түзөт. Өлкө жарандарынын көбү жыл сайын Рамазан айында орозо тутушат. Мурдагы жылдары бийлик ресторан жана кафелерде ифтар уюштурууга тыюу салып келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Былтыр 175 кыргызстандык кулчулуктан куткарылган

2016-жылы чет элде кулчулукта жүргөн 175 кыргызстандык куткарылды. Жакындарынын маалыматы жана ыкчам билдирүүлөрдүн негизинде алар Орусиядан, Түркиядан, Казакстандан жана Бириккен Араб Эмирлигинен мекенине алып келинди.

Бул тууралуу Миграция кызматынын жетекчи орунбасары Алмаз Асанбаев билдирди. Анын айтымында, эркектер арасында эмгек кулчулугуна, аялдар арасында сексуалдык кулчулукка кабылгандар арбын.

Куткарылган 175 адамдын ичинен 10 киши гана күч органдарына арыз жазган. Даттанбагандардын көбү сексуалдык кулчулукка кабылгандар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринде асфальттоонун жаңы технологиясы менен таанышты

Сооронбай Жээнбеков кечээ, 30-майда, Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде шагыл-полимер кошулмасы менен мастич асфальт бетондоо аралашма технологиясы менен таанышты. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов маалымдагандай, шагыл-полимер кошулмасы менен мастич асфальт бетондоо технологиясы Германияда 1984-жылдан бери улуттук стандарт катары киргизилген. Ошондон тартып асфальттоонун аталган түрү көптөгөн өлкөлөрдө колдонулуп келет.

«Бул технологияны колдонуу менен жолдун бекемдиги жана төмөнкү температурага чыдамдуулугу, ар кандай оорчулукка туруктуулугу артып, ар кандай оор жүктөмдөрдөн деформацияны азайтатат. Биз келечекте бул технологияны өлкөнүн бардык жолдоруна колдонууну пландаштырып жатабыз», – деп белгиледи Жамшитбек Калилов.

Ал маалымдагандай, шагыл-полимер кошулмасы менен мастич асфальт бетондоо аралашмасы Кыргызстандын ысык климатык шартында өзгөчө актуалдуу болуп саналат жана жогорку температурада төшөлгөн асфальттын жумшаруусун алдын-алат. Бул технологиянын баасы Кыргызстанда азыркы учурда колдонулуп жаткан технологиянын баасынан 10%га чейин кымбат.

Шагыл-полимер кошулмасы менен мастич асфальт бетондоо аралашма технологиясы жолдун бекемдигин 1,5 эсеге, колдонуу мөөнөтүн 1,6 эсеге жакшыртат.

«Республикалык бюджеттен жана донорлордон жолдорду калыбына келтирип, куруу үчүн жетиштүү каражаттар тартылганын жана бөлүнгөнүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги курулуш иштеринин сапатын көзөмөлдөө менен аны сактоо боюнча чараларды күчөтүүсү керек», – деди Сооронбай Жээнбеков. Буга байланыштуу Транспорт жана жолдор министрлигине аталган технологияны пайдалануу үчүн андагы иш-аракеттерди жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базага тийиштүү өзгөрүүлөрдү киргизүүгө көрсөтмө берүү тапшырылды.

«Жол көйгөлөрүн жана алардын тез бузулбашын камсыз кылып, ишенимдүүлүктү арттыруу максатында жолдордун сапатын жакшыртуу үчүн, заман талабына жараша жаңы технологияларды издөө зарыл», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Эскерте кетсек, 29-30-майда Бишкек шаарында «Кыргызстандын жолдорунда жаңы технологияларды киргизүү» боюнча илимий практикалык конференция өткөн. Конференцияга КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөттөр аралык Жолчулар кеңешинин өкүлдөрү, Thomas Falvo Европа асфальт ассоциациясынын техникалык комитети (Германия), Казакстанданы ТОО «ЮнидАс Групп» компаниясы жана башка компаниялар катышкан. Полимер-мастик-шагыл кошулган асфальт бетондоо аралашмасын көргөзүү технологиясы аталган конференциянын алкагындагы практикалык иш чаралардын бири болду.

Жогорку соттун Төрайымы Айнаш Токбаева Жан-Мари Юе мырза менен жолугушту

Бүгүн, 31-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаеванын Франциянын магистратурасынын Жогорку советинин мүчөсү, аппеляциялык соттун мурдагы башкы прокурору Жан-Мари Юе менен жолугушуусу болуп өттү. Бул туурасында Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдайт.

Айнаш Токбаева Жан-Мари Юе мырзага атайын келип, Ош облусунун жергиликтүү судьялары менен болгон семинарда бай тажрыйбасы менен бөлүшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Кыргыз Фемидасынын жетекчиси меймандардын суроолоруна жооп берүү менен бирге, Кыргызстан  Франциянын магистратура боюнча Улуттук мектебинин судьялык кызматка талапкерлерди окутуу тажрыйбасына кызыкдар экендигин белгиледи.

Ал эми Жан-Мари Юе мырза өз кезегинде кыргыз делегациясынын иш сапары учурунда аталган мектептин окутуу ыкмасын иш жүзүндө көрсөтүп жана айтып берерин айтты.

Ошондой эле ал 29-30-май күндөрү Ош шаарында судьялардын этикасы жана деонтология боюнча өлкөнүн 20 судьясы үчүн өткөн семинар кандай өткөндүгү тууралуу ой бөлүштү. Семинардын максаты кесиптик этикалык жүрүм-турумдун эрежелерин колдонууда Франция менен Кыргызстандын судьяларынын ортосунда тажрыйба алмашуу эле. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы сот адилеттигинин Жогорку мектеби жана Европа Биримдигинин  “Кыргыз Республикасындагы мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө” долбоору менен биргеликте уюштурулду.

Жан-Мари Юе мырза тажрыйба алмашуу үчүн көптөгөн өлкөлөрдө болоорун, Кыргызстандын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ишине суктанарын билдирди. Анткени жаңы дайындалган жаш судьялар да, анын ичинен биринчи жолу судья болуп дайындалгандар да, семинардын ишине активдүү катышышты. Ошондуктан мырза Юе Ош облусу тууралуу Францияда анча биле беришпесе да,  жергиликтүү судьялардын ишине көңүлү толгонун жашырбады.

Европа Союзунун “Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө” долбоорунун негизги эксперти Радость Тофтисова-Матерон айым да болуп өткөн семинар тууралуу өз пикири менен бөлүштү. Ал Ош облустук сотунун судьясы Калыгул Салиев жана мырза Жан-Мари Юе семинарда башка кесиптештери менен бирге иште кездешкен бирдей суроолор, ошондой эле эки өлкөнүн судьяларынын этикасы жана деонтологиясына байланыштуу маселелерди кандайча талкуулашканын кеп салып берди. Натыйжада семинар өз мүдөөсүнө жеткени айкын болду.

 

Бахила сатып алууга мажбурлоо менен медициналык мекемелер 100 минге чукул каражат табат

Биз баарыбыз эле самолет менен учканда текшерүүдөн өтүп жатканда бутубузга кийүү үчүн бахила бекер берилет. Бирок Бишкектин медициналык мекемелерине, Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнө кирип калсаныз, ал жерде эшик тосуп турган аял “Бахила сатып алыңыз” деп тоту куштай сайрап турат. Анысы 5 сом. Бахила сатып алууга мажбурлоо менен медициналык мекемелер 100 минге чукул каражат табарын көпчүлүк этибарга албаса керек. А бирок, ооруканаларга баш баккандардан акча өндүрүүгө министр тыюу салган. Баарынан да эгер ушул жерде 5 сомдук бахила түгөнүп калса, жакын арадагы аптекалардан сатып алууга туура келет. Ал жакта 10 сом. Мындай көрүнүш борбор калаадагы баардык эле ооруканаларда орун алган. Демек, байкалбаган менен ай сайын ал медициналык мекемелердин капчыгына 100-150 миң сом түшүп турат экен. Бирок оорукананын оозундагы коммерция Конституцияга каршы келет. Башкы мыйзамдын 47-беренесинде мындай айтылат: “Мамлекет ар бир адамды медициналык жактан тейлөө үчүн шарт түзөт жана саламаттыкты сактоонун мамлекеттик, муниципалдык жана жеке секторлорун өнүктүрүү боюнча чараларды көрөт”. Ансыз деле ооруган адамдын чөнтөгүн каңтарган медиктердин бул жоругуна кандай диагноз койсо болот?

Булак: “Майдан”

Жер титирөөнүн кесепетинен үйлөрү жабыркаган Чоң-Алай районунун 25 жашоочусуна жалпы суммасы 5 млн 89 миң сом камсыздандыруу төлөмү төлөнүп берилди

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жер титирөөнүн кесепетинен турак-жайынан жабыркагандарга жалпы суммасы 5 млн 89 миң сом камсыздандыруу премиясы төлөнүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда, маалымат жыйынында «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Бурул Калматова маалымдады, деп билдирет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

«Бүгүнкү күндө Ош облусунун Чоң-Алай районунда 192 адам өздөрүнүн турак-жайын камсыздандырган. 2017-жылдын май айынын башында орун алган жер титирөөнүн жыйынтыгында биздин 25 кардардын үйлөрү түрдүү даражада кыйроого учураган. Адистер белгиленген үйлөрдө иликтөө иштерин жүргүзүштү. Аны жыйынтыгында камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүү тууралуу чечим кабыл алынды», – деп билдирди «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Бурул Калматова.

Анын берген маалыматына караганда 2017-жылдын 5 айында өлкө боюнча «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» тарабынан 39 жаранга жалпы суммасы 6,6млн сом камсыздандыруу төлөмдөрү төлөнүп берилген. 2017-жылдын 5 айында жалпы республика боюнча турак-жайын камсыздандыруу боюнча түзүлгөн келишимдердин саны 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7эсеге көбөйгөн.

Жалал-Абад шаарынын мэриясы балдарга 31-май жана 1-июнь күндөрү өзгөчө программадагы майрамдык иш-чара тартуулайт

1-июнда адамзат Балдарды коргоо күнүн белгилейт. Бул шаан-шөкөткө да анткен менен ар кайсы аймактын жетекчилери ар кандай мамиле жасашат. Быйыл балдардын эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад шаарынын мэриясы 31-май жана 1-июнь күндөрү өзгөчө программадагы майрамдык иш-чара тартуулаганы турат. Мисалы, 31-майда шаардагы 500 бала эс алуу бактарындагы атракциондордо акысыз ойной алышат. Тагыраак айтканда, ар бир бала 5 атракциондо акысыз ойноого мүмкүнчүлүк алат. Мындай мүмкүнчүлүккө тоголок жана жарым жетим балдар, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары ээ болот. Мындан сырткары, шаардагы 1000 балага акысыз балмуздак жана шириндиктер таратылат. Балдар үйүнө, диспансерлерге, реабилитациялык борборлорго, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбияланган билим берүү уюмдарына жардамдар берилет. Бул багытта жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20 миң сомго чейин акча каражаты каралган. Менчигине карабай шаардагы мекеме-ишканалар балдар мекемелерин, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү “шефтикке” алышкан. Жалпысынан 18 жашка чейинки 416 мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 500 сомдон материалдык жардам көрсөтүлөт. Ал эми 1-июнь күнү борбордук аянтта шаардын балдары үчүн. спорттук жана интеллектуалдык оюндар, сүрөт тартуу сынактары уюштурулуп, концерттик программа тартууланат. Ошондой эле тарбиялык мааниси терен кызыктуу жомок коюлат. Бардык эле шаарларда балдарга ушундай жакындан көнүл бурулса кана…

Булак: “Майдан”

Меню