Menu

КООМ

Фото - Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында жаңы орто мектеп ачылды

Бүгүн, 1-июнда, балдарды коргоонун Эл аралык күнүндө Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Өрнөк айылында жаңы орто мектеп ачылды. Жагымдуу окуя менен жергиликтүү тургундарды Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков куттуктады. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы район тургундарын бул маанилүү окуя  жана балдарды коргоонун Эл аралык күнү менен куттуктап, аларга бекем ден-соолук, жаңы мектепте окуудагы жетишкендиктерди каалады.

Архитектура курулуш турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин берген маалыматына ылайык курулуш иштери 2014-жылы башталган.  Эки кабаттан турган мектеп 225 окуучуга ылайыкталган.

Сооронбай Жээнбеков ар бир адамдын жашоосунда билим берүүнүн ролу эч нерсеге алмашкыс экенин баса белгиледи.

«Өлкө жетекчилиги тарабынан билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Билим берүү турмуштагы негизги багытты табууга, аң сезимди өстүрүп, маданиятты тилди сактоого жана коомдун түзүлүшүн калыптандырууга жардам берет. Азыркы тапта бардыгы тездик менен өзгөрүлүп жаткан заманда билим берүү чоң социалдык ролду ойнойт. Билимсиз күчтүү коом жок. Ошондуктан биз бул тармакка  өзгөчө көңүл буруудабыз», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр билим берүү тармагына жыл сайын республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын суммасы көбөйтүлүп жатканын эске салды.  Бүгүнкү күндө аталган тармакка бюджеттин 23,3% багытталган.

«2010-жылы билим берүүгө  11,9 миллиард сом бөлүнсө,   2016-жылы бул сумма 35,7 миллиард  сомду түзгөн, бул абдан жакшы көрсөткүч», – деп баса белгиледи  Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы белгилегендей, бөлүнгөн каражат биринчи кезекте республика аймактарындагы жаңы мектептердин курууга, педагогикалык кадрларды тартууга  жана компьютердик техникалар менен жабдууга багытталат.

«Кыргызстандагы мектептердин көпчүлүгү өткөн кылымдын 50-60-жылдары салынган, кээ бир мектептер анда да эски. Аталган көйгөйдү эске алуу менен мамлекет жыл сайын аталган маселеге өзгөчө көңүл бурууда», – деп баса белгиледи  Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр белгилегендей, акыркы алты жылда мектептерди, бала бакчаларды жана башка социалдык объектилерди куруу иши активдүү жүргүзүлүүдө.

«2016-жылы социалдык объектилерди курууга каражаттар эки эсеге жогорулады, башкача айтканда жалпы суммасы 5,4 млн сомду түздү.

2016-жылы 77 мектеп салынып, азыркы кезде окуучулар окуп жатышат. Бул биздин эртеңки келечек тууралуу ойлонгонубуздан кабар берет. Билим берүү тармагы сыяктуу эле келечекте саламаттыкты сактоо жана маданият тармактарына өзгөчө көңүл бурулат», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Орто мектептин ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева, Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Жогорку Кеңештин депутатары жана башкалар катышты.

Жерүйдөгү гүлдөрдү, жаныбарларды көчүрдү, адамдарды кантебиз?

Элибиз этибар албагансып турат. Аныгында, олуттуу көйгөй түзүлгөндөй… Жерүй алтын кенин иштетүүгө белсенген «Альянс-Алтын» компаниясы Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте ал аймактагы кызыл китепке кирген өсүмдүктөрдү, жаныбарларды коопсуз аймактарга көчүрүү иштерин баштаганын жарыялашты. Макул, жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү көчүрүшсүн, ал жер кооптуу болсо, Жерүй кени жайгашкан Бекмолдо айылындагы адамдарды, жетилип келе жаткан наристелерди кантебиз? Алардын келечеги ойлондурбайбы? Ким билет? Эртең уулуу калдыктардын кесепетинен оорулуу наристелер төрөлө баштаса, ким жооп берет? Кен байлыктан ылдый суунун агылып түшөрүн билдиришүүдө, мунун кесепетинен жаратылышта катастрофа жаралсачы? Айтор, көйгөйлүү суроолор көп. Тилекке каршы, карапайым калктын коопсуздугу үчүн бул жактагы көйгөйлөрдү тереңден түшүндүрүп берген жан жок.

Булак: “Азия Ньюс”

Казак журналисти Мамайдын камактагы мөөнөтү дагы бир айга узартылды

Казакстанда сот «Трибуна. Саяси калам» гезитинин башкы редактору Жанболат Мамайдын камактагы мөөнөтүн дагы бир айга – 10-июлга чейин узартты.

Сот бул чечимин БТА Банктын мурдагы башчысы Мухтар Аблязовго чыккан өкүм мыйзамдуу түрдө күчүнө кире электиги, буга байланыштуу Мамайдын иши азырынча каралбай турганы менен түшүндүргөн.

Сотко журналисттин тарапташтары, укук коргоочулар, жарандык активисттер жана ММК өкүлдөрү келишти. Аларды имараттын ичине киргизишкен жок.

Оппозициячыл журналист Жанболат Мамай 10-февралдан бери камакта. Ал гезиттин редакциясы аркылуу мурдагы банкир Мухтар Аблязов тарабынан уурдалган делген БТА банктагы акчаларды адалдаштырууга айыпталууда. Бирок алар экөө тең бул айыптарды четке кагып, кылмыш иши саясий негизде козголгонун айтып келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстан 2018-жылдан тарта умрага 10 миң киши жөнөтүшү мүмкүн

Өзбекстан 2018-жылдан тарта кичи ажылык үчүн орундарды 6 минден 10 миң кишиге чейин көбөйтүүнү пландоодо. Бул тууралуу Өзбекстандын дин иштери боюнча комитети билдирүүдө.

Маалыматка караганда, келерки жылы ажылык сапарга 7200 киши, умрага 10 миң киши жөнөтүү максаты коюлууда.

Учурда Өзбекстандын ажылык үчүн 5 миң, умра үчүн 6 миң квотасы бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Чыныбай Турсунбеков : “Ата - аскар тоо, эне - боорундагы булак, бала - экөөнүн ортосунда күйүп турган шам чырак!”

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков өз мекендештерин 1-июнь – Эларалык балдарды коргоо күнү менен куттуктады. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирди. Төмөндө куттуктоо текстин толук бойдон келтиребиз:

“Урматтуу балдар!

Ардактуу бөбөктөр!

Силерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнү менен чын дилимден куттуктайм!

“Ата – аскар тоо, эне – боорундагы булак, бала – экөөнүн ортосунда күйүп турган шам чырак” дегендей, силер бир үй-бүлөнүн бакытка бөлөгөн кубанычы гана эмес, жалпы коомду арууланткан табериксиӊер. Анткени, жашоонун жаӊы барагын ачкан наристенин асыл тилек, акактай аруу үмүттөргө толгон дүйнөсү жашообузга жарык чачып, эртеӊибизге жол көрсөтүп турат. Баланын күлкүсү жүрөктөрдү таӊ нурундай жылытып, таза сезими жан дүйнөнү сергитет. Аалам наристеден кубат алып, бакубат коом бактылуу балдардан түзүлөт.

Ардактуу кыргызстандыктар!

Бул күн жалаӊ эле жаш балдардыкы эмес, жалпы адамзаттын майрамы. Анткени, баарыбыз ошол балалыктын аруу дүйнөсүндө жашап, андан канат кагып учуп чыкканбыз. Азыр ар бирибиз ошол балалык курактын күӊгөй-тескейин карап олтуруп, наристенин бактысы ата-эне экенин баамдайбыз. Баардык турмуш балалыктан башталып, бул куракта алынган тарбия-таалим, айтылган бата-тилектер анын кийинки тагдырын аныктай тургандыгына ынанабыз. Дүйнөдө бала менен ата-эненин ортосундагыдай сүйүү жок экендигин сезебиз. Бул сезим көпүрөсү бекем болушу үчүн ар бир ата-эне кам көрүшү керек. Айрыкча, аларды өзүбүздүн гана урпагыбызды улоочу адам катары эле эмес, жалпы коомдун келечеги болгудай инсан кылып чоӊойтушубуз зарыл.

Ардактуу жаш досторум!

Силерди дагы бир жолу 1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктайм! Ар бириӊерге кеӊ келечек, бекем ден-соолук, узун өмүр каалайм! Биз силердин бактылуу болушуӊарга зарыл болгон шарттарды түзүүгө милдеттүүбүз. Биздин ар бир кылган эмгегибиз, жасаган ишибиз силердин келечегиӊер үчүн экенин унутпагыла! Жакшы окуп, тарбиялуу болуп, ата-энеӊерди гана эмес, Мекениң менен элиңди сыймыктандырган атактуу инсандардан болгула! Араӊардан Айкөл Манас баатырдай, дүйнөнү калеми менен башкарган улуу Чыӊгыздай, кайраты менен таӊ калтырган касиеттүү Курманжандай уул-кыздар арбын чыксын!”.

Жалал-Абад облусунун жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиев балдарды майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 1- июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү майрамында КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Жалал-Абад шаарындагы облустар аралык ден соолукту калыбына келтирүүчү “Бакыт” борборунда  болду. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Облус жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиев жана бир катар облусттук мекеме-уюмдардын жетекчилери алгач балдардын ден соолугун калыбына келтирүүчү ден соолук борборунун имараты, ал жердеги балдардын ден соолугун калыбына келтирүүдө иштеп жатышкан дарыгерлер менен медайымдардын учурдагы иш аракеттери менен таанышып чыгышты.

Жалал-Абад шаарындагы облусттар аралык ден соолукту калыбына келтирүү “Бакыт” борбору Кыргызстандагы 2 борбордун бири болуп саналат. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда дагы кудум ушундай балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борбору иштейт. Жалал-Абад шаарындагы балдардын ден соолугун калыбына келтирүүчү  3 кабаттуу “Бакыт” балдар санаториясы 1984-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Азыркы мезгилде облусттун бардык аймагынан келишкен 120 бала жылдын төрт мезгилинде бирдей дарыланып, дарыгерлердин камкордугуна бөлөнүшкөн. Мектеп жашына чейинки жана мектеп окуучулары  дарыланган бул санаторий борбордо 7 дарыгер, 12 медайым, 12 кичи медайым жана 4 тарбиячы эмгектенишет. Балдардын ден соолугун калыбына келтирүүчү “Бакыт” санаториясынын башкы дарыгери Алмазбек Абдылдаев ырастап кеткендей, борбордо балдардын ден соолугун чыңдоочу бардык медициналык аппараттар менен жабдуулар, суу бассейндери бар. Башкы дарыгер баса белгилеп кеткендей, бир эле учурда кошумча керебеттерди коюу менен бул жерде 150 баланы дарылоого болот.

– 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын жана өзүмдүн атымдан “Бакыт” балдар санаториясынын балдарын, дарыгерлер менен медайымдарды жана ата-энелерди майрамы куттуктаймын. Мамлекет тарабынан балдардын ден соолугун чыңдоого жана аларга татыктуу таалим-тарбия берүүгө бардык шарттарды жаратууга катуу көңүл бурулуп келе жатат. Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев Алмазбек Шаршенович 2017-жылы Жалал-Абад облустар аралык ден соолукту калыбына келтирүүчү “Бакыт” борборуна  өзүнүн  фондусунан 1 млн. 422 миң сом бөлүп берди,- деди ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.

“Бакыт” балдар санаториясынын тарбиялануучуларын бир катар облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери дагы куттукташып, демөөрчүлүк жардамдарын беришти. Санаториянын тарбиялануучулары келген коноктор менен ата-энелерге өз күчтөрү менен даярдаган кеңири программадагы концерт тартуулашты. 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү облусттун бардык район-шаарларында салтанаттуу белгиленип жатат.

ЖАМУда ресурстук борбор ачылды

Өткөн аптада Жалал-Абад мамлекеттик университетинде (ЖАМУ) «Коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу» ресурстук борборунун ачылыш аземи болуп өттү. Борбордун максаты жарандык коом, уюмдарын башкаруу боюнча суроолорго маалыматтык жана консультативдик көмөк көрсөтүү. Андан тышкары, борбор мейман лекцияларын, конференцияларды жана ар кыл темада талкууларды өткөзүү платформасы катары кызмат кылат.

Бул ресурстук борбор Коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу боюнча окутуучулардын ассоциациясы тарабынан, USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын (ББП) колдоосу менен  бешинчи болуп ачылып жатат.

Ачылыш аземине Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Кенешбек Усенов, окутуучулар жана студенттер, Билим берүү жана илим министрлигинин, Жалал-Абад облусунун мамлекеттик мекемелеринин, АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (USAID), ошондой эле жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Буга чейин, ушул сыяктуу борборлор Баткен, Ош, Нарын жана Бишкек шаарларындагы университеттерде ачылган. Аталган борборлордо 70тен ашык мейман лекциялары, 12 кесиптик өнүгүү семинарлары өтүп, коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу боюнча беш курстун жумушчу программасы иштелип чыккан.

«Биргелешип башкаруу программасы жарандык коомдун, менчик сектордун жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоого багытталган. Программа АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү министрлиги (DFID) тарабынан каржыланып, Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) тарабынан ишке ашырылууда” – деп билдирди Салмоорбек Уметов, ресурстун жетекчиси катары.

Кулчулуктан куткарылган кыргыздар

2016-жылы чет элде кулчулукта жүргөн 175 кыргызстандык куткарылды. Жакындарынын маалыматы жана ыкчам билдирүүлөрдүн негизинде алар Орусиядан, Түркиядан, Казакстандан жана Бириккен Араб Эмирлигинен мекенине алынып келинди. Бул тууралуу миграция кызматынын жетекчи орунбасары Алмаз Асанбаев билдирди. Анын айтымында, эркектер арасында эмгек кулчулугуна, аялдар арасында сексуалдык кулчулукка кабылгандар арбын. Куткарылган 175 адамдын ичинен 10 киши гана күч органдарына арыз жазган. Даттанбагандардын көбү сексуалдык кулчулукка кабылгандар.

Бул өткөн жылдын цифрасы. Дагы канча кыргыздар кулчулуктан кутула албай, ак карлуу Ала-Тоосу көздөн учуп алыста жүрүшөт, так саны белгисиз.

Булак: “Азия Ньюс”

Жогорку сотто Административдик-процесстик кодекс боюнча тренинг өтүүдө

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда 1-2-июнда Административдик-процесстик кодекс боюнча, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун экономикалык жана административдик иштерди караган судьялар үчүн эки күндүк тренинг өтүүдө.  Бул туурасында Жогорку соттун басма сөз катчысы билдирди.

Иш чаранын катышуучулары программа боюнча төмөндөгү темалар менен таанышмакчы: “КР АПКнын ролу, багытталышы жана систематикасы”, “Объективдүү тергөөнүн принциптери”, “Административдик иштердин сотко жана ведомствого караштуулугу”, “Доо-арызды камсыздоо. Административдик доо-арыздардын түрү”, “Соттук териштирүүгө ишти даярдоо”, “Соттук териштирүү”, “Далилдерди изилдөө”, “Чечим чыгаруу”, “Даттануу жана соттук актыларды кайра кароо” ж.б.

Окутуу КРнын Жогорку сотунун демилгеси жана Европа Биримдигинин  “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү” долбоору жана “Борбордук Азия өлкөлөрүнө  укуктук  мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү” программасынын колдоосунда ишке ашууда.

Эскерте кетсек, жаңы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодекси ушул жылдын 1-июль күнүнөн тартып күчүнө кирет.

Ошто айрым микроавтобустар орозо бүткөнчө элди бекер ташыйт

Кыргызстандын түштүк башкалдаасында 107-каттамдагы коомдук транспорттун айдоочулары орозо айында элге акысыз кызмат көрсөтөт. Бул жөнүндө аталган каттамдын бригадири Матраим Асанов сүйүнчүлөдү.

– Өлкөбүздө жол кырсыктары абдан көп катталып жаткандыгына байланыштуу Орозо айында элден бата алуу максатында ушул демилгени көтөрдүк. Бул саамалыкты айдоочулардын баары тең кубатташты. Биздин каттамда жалпы 60 кичиавтобус бар. Бир күнгө экиден кичи автобус ажыратсак, Орозо айы бүткөнгө чейин жетет экен. 107-каттамдын бир багыты Студенттер шаарчасынан Аэропорт шаарчасына, экинчи багыты Достук көчөсүнө чейин барат. Аталган каттамдын айдоочулары буга дейре дагы бир катар кайрымдуулук жөрөлгөлөрүн уюштурган,- деди 107-каттамдын бригадири Матраим Асанов.

Ал эми Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин башкы адиси Алимжан Чаланов орозо башталгандан тартып бул демилгеге башка каттамдын айдоочулары да кошулаары күтүлүп жатканын билдирди.

Булак: “Майдан”

Меню