Menu

КООМ

Бактыбек Асанбаев, фотожурналист: "Чолпон-Аталык "местныйлар" Алыкулдун арбагын сыйлашкан жок"

Улуу рамазан айында орозо туткан пенде болсом да ичимдеги бугумду айтууга туура келип турат. Орозо айы бейкуттуктун пейил оңоонун, түзөөнүн мезгили деп айтып келишет молдокелерибиз. Тилекке каршы, заман дейбиз, жок адамдардын ач-көздүгү ичи-тар көралбастыгы журт бузаар наадандардан арылбай жатканыбыздан улам барган сайын кең дүйнөбүз тарып барат.

Өзүм Көлдүн эле кулуну болом, Чолпон-Ата шаарында жашайм. Улуу акын Алыкул Осмоновдун Чолпон-Атадагы үй- музейин негиздегем. Эки жыл мурун акындын 100-жылдыгы белгиленди.

Мамлекеттик комиссия тарабынан акындын аллеясы болсун деп чакан жер бөлүнүп берилген.

Ал жерге “Алыкул” фонду акындын айкелин тургузушту жана 100 түп карагай олтургузулган. 2009- жылдан бери эч жактан айлык албай жылаңач баатыр болуп, карагайларды сугарып, дооматым жок иштеп келем. Бир жыл мурун жеке ишкерлер көлдө сүзүүчү Алыкул атындагы кеме жасашып, жайкы келген меймандарды саякаттоо максатта иштетүүнү көздөшүптүр.

Алыкул борбору тарап алар менен келишим түзүп музей менен бирге кызматташууну сунуштап макулдук алып, ал кемени музейдин тарабы аллея тушундагы көлгө токтотуу үчүн Чолпон-Ата мэриясына кайрылганбыз. Алардын жана Архитектуранын талабына ылайык атайын коомдук угуу болуш керек экен. Чогулушка келген 5-ата -, 9- ата дейби айтор береги аялдардан башка отурган беш киши караманча каршы чыгышты.

Биздин айткан максаттарыбызды уккулары келбей акаарат келтирип жатышты. Аталган көл жээк жыл сайын таштандыга толуп, мал жайылып кээ бирлери иттерин көлгө салат жана ажаткана катары чычырканактын тегерегин пайдаланышат. Биз тазалап жатабыз, келген меймандарга тазалык сакталып, инфраструктура жасалса жаманбы десек, жата берсин тийбегиле городской пляж, биз ал жакка өзүбүз бир нерсе жасайбыз деп таркап кетишти.

Биз дегендери жадыбалдай жаттаган местныйбыз деген бөлүнүп-жарылуу түркөйлүк илдеттери.
Ал түгүл шаардык кеңеш менен шаар башчы да аталган шаардын жанагы көп атанын урпактары болуусу керек. Эки жактан келген жашоочуларды да кадимкидей жерип турган ушундай местныйларга көпчүлүк нааразы. Жогоруда айтылган көлдүн жээги Союз кулагандан берки мезгилден бери 30 жылга чукулдады. Же чын эле местныйлар жакшынакай кылып жасап коюшпайт же жасайлы дегенге бут тосушат. Касиеттүү Ысык-Көл өзүн-өзү тазалаганынан жазбайт.

Булак: “Ачык саясат”

Ысык-Көл областтык соту Каракол шаарындагы балдар үйүнүн тарбиялануучуларын Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады

Ар жылы, 1-июнда көптөгөн өлкөлөрдөгүдөй эле биздин мамлекетибизде да Балдарды коргоонун эл аралык күнү майрамдалат. Жайдын алгачкы күнү Каракол шаарында балдардын майрамына карата бир катар иш-чаралар менен акциялар пландаштырылган. Бул туурасында Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз кызматы маалымдайт.

Балдарды коргоо күнүнө арналган кайрымдуулук акцияларга Ысык-Көл областтык сотунун эмгек жамааты салттуу түрдө жыл сайын катышып, ата-энеси жок балдарга материалдык жардамын көрсөтүп келет.

1-июнда Ысык-Көл областтык сотунун судьясы У.Т. Шерипов, соттун аппаратынын кызматкерлери Б. Данабаева, Г. Аширбаева, С. Мадакеев, А. Усупбеков жана Н. Курдашов Каракол шаарындагы «Каракол» балдар үйүнүн тарбиялануучулары менен жолугушту.

Судья Улан Шерипов Ысык-Көл областтык сотунун жалпы жамаатынын атынан балдарды майрамы менен куттуктап, ачык асман, чың ден соолук, жаркын келечек каалап, мындан ары да жардамдар көрсөтүлүп турарын айтты. Андан соң, атайын даярдалган белектер жана азык-түлүктөр тапшырылды.

Балдар үйүнүн директору М.Б.Орозбаева соттун жалпы эмгек жамаатына терең ыраазычылыгын билдирди.

 

УИАнын Ботаникалык багы шаар тургундарын сугат каналдарын тазалоого багытталган иш-чарага чакырат

УИАнын Э. З. Гареев атындагы Ботаникалык багы Бишкек шаарынын кайдыгер эмес жашоочуларын калааны жашылдандырууга, жакшыртууга багытталган «Аракетте болуу күнүнө” чакырат. 3-июнда боло турган иш-чарада Ботаникалык бактын сугаруу системасы калыбына келтирилип, сугат суусу жүрүүчү каналдары тазаланат. Бул туурасында академиянын басма сөз кызматы маалымдады.

Кыргызстан, Белорусия, Грузия, Россия жана Украина мамлекеттеринде май-июнь айларында Эл-аралык  «Аракетте болуу күнү»  демилгеси жана «Жаркын жашоонун шаарлары»  ураанын алкагында бир катар иш-чаралар ишке ашырылат. Максаты – климаттык өзгөрүүдөн улам болуп жаткан көйгөйлөргө шаар тургундарынын көңүлүн буруу, ошондой эле климаттык өзгөрүүгө байланышкан маселелерди убагынан кечикпей алдын-алуу болуп саналат.

Андан сырткары «Аракетте болуу күнү” иш-чарасы «Сөздөн ишке!» деген ураан менен Бишкек, Кутаиси, Могилев, Санкт-Петербург  шаарларында жана Украинанын  11 шаарында өткөрүлөт. Бул күндөрү шаар тургундары калаанын тазалыгы, жашылдануусу, өнүгүүсү үчүн жапа тырмак иштешет.

Иш-чара эртең, Ахунбаев 1а көчөсү дареги боюнча саат 10:00дөн 14:00 гө чейин болот.

2017-жылы Каракол шаарында 150 млн сомдук ички жолдор ремонттолот

2017-жылы Каракол шаарында 5 километрге жакын ичи жолдорго капиталдык ремонттоо иштери жүргүзүлөт жана 150 млн сомго жол четиндеги инфраструктура жана  жарыктандыруу системасы жакшыртылат. Анын ичинен  90 млн. сом республикалык бюджеттен жана Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан 60млн сом бөлүнөт. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда,  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Каракол шаарынын ички жолдорунун абалы менен таанышуу учурунда маалым болду.

Транспорт жана жолдор министри  Жамшитбек Калилов  маалымдагандай, ремонттолуучу Токтогул көчөсүнүн узундугу 1,6 км түзөт.  Аталган көчө Каракол шаарынын мэриясынны карамагында турат, бирок курулуш үчүн финансылык каражаттын жетишсиздигинен улам Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буга чейин  берилген тапшырмасына ылайык Транспорт жана жолдор министрлиги алган.

Жамшитбек Калилов белгилегендей, аба-ырайынын жагымдуу шартына байланыштуу курулуш иштери бир айдан ашпаган убакытта аягына чыгарылат.

«Биз жол четиндеги тротурарларды жана арыктарды курууда бардык бак-дарактарды сактоону сөзсүз түрдө эске алабыз  Ошондой эле электр өткөрүүчү линияларды алып өтүү боюнча  иштер жүргүзүлөт», – деп маалымдады  министр.

Кадыр аке көчөсүнүн абалы менен таанышуу учурунда Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев узундугу 4 километр болгон бул көчө дагы оңдоодон өтөрүн маалымдады.

Долбоор даярдалып бекитилгенден кийин, тендер жарыяланат. Керектүү финансылык каражаттар Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнөт.

Узарбек Жылкыбаев туристтердин негизги агымы ушул жол аркылуу өткөндүктөн жолду оңдоо баарынан маанилүү экенин баса белгиледи.

Өкмөт башчы аталган көчөнү көрүп чыккан соң, Транспорт жана жолдор министрине Каракол шаарындагы ички жолдун курулуш жана реконструкциясын жеке көзөмөлүнө алууну, коомчулук тарбынан нааразылыктар болбогондой кылып убагында бүтүрүүнү тапшырды.

Өкмөт башчысы  жакында эле Бишкек шаарында германиянын полимер-шагыл асфальт бетондоо аралашмасын колдонуп жол курган ыкмасы менен таанышканын дагы бир жолу эске салды. Мындай ыкманы колдонуу жолдун сапатын 1,5 эсеге жакшыртып, ишке берүү мөөнөтү 1,6 эсе тез болот. Буга байланыштуу Сооронбай Жээнбеков Транспорт жана жолдор министрине мындан кийин өлкөдө жол курууда аталган ыкманы кеңири пайдаланууну тапшырды.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, өлкөнүн жол инфраструктурасын өнүктүрүү долбоорлоруна жетишээрлик каражат бөлүнүүдө.

«Республика боюнча жолдорду асфальттоо иштери журүп жатат. Бүгүнкү күндө техникалык жана финансылык жактан бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Бардык тиешелүү жумуштарды сапаттуу бүткөрүү иштери өзгөчө көзөмөлдө турат», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы ушул жылы эле өлкөдөгү жолдорду оңдоого 750 млн сом каражат бөлүнгөнүн билдирди.

Жалал-Абад: Аярлуу  балдар – көңүл борборунда

Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийликтери Балдарды коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата шаардагы балдардын психоневрологиялык стационардык жатак үйүндө тарбияланып жаткан аярлуу балдардан кабар алышып, акчалай жана балуу белектерин тапшырышты. Бул тууралуу шаардын мэриясынан билдиришти.

Аталган иш чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жылдыз Полотова, Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн апарат башчысы Исламбек Масабиров жана бир топ жетекчилер барып катышып, балдарыд майрамы менен куттукташты. Жалал-Абад шаардык мэриясынын атынан 20 миң сом акчалай жардам көрсөтүлдү.

Мэрдин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев жаш муундарга жаркын келечек жана чың ден-соолук каалоо менен бирге аларды тарбиялаган мугалимдерге кажыбас-кайрат каалап, шаар бийликтери алардын эмгегин баалай турганын билдирди. Ал эми КРнын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары да балдарга ар кандай белектерди жана кийим-кечектерди тапшырып, алардын кубанычына шериктеш болду. Андан соң, шаардагы “Ариет” балдар чыгармачылык борборунун таланттуу окуучулары даярдаган концерттик программа тартууланды.

Кошумчалай кетсек, аталган психоневралогиялык стационардык балдар үйү 1940-жылдары курулуп, колдонууга берилген. Бүгүнкү күнү бул жерде жалпы 98 мүмкүнчүлүгү чектелген балдар даарыланышып, 78 кызматкер эмгектенет.

Катталгандан катталбаган жумушсуздар арбын

Кыргызстанда расмий каттоодо турган жумушсуздардын саны 192 200 кишини түзөт. Бул өлкөдө жумушсуздуктун деңгээли 7 пайызды түзөт дегенди билдирет. Бул тууралуу парламенттин жыйынында социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова билдирди. Бизде жалпы экономикалык активдүү калктын саны 2 млн. 544 миңден ашат. Иш менен камсыз болгондор 2 млн. 352 миңден ашуун, ал эми жумушсуздардын саны 192 миң 200 адамды түзгөн. 7% ушундан келип чыккан. Айрым депутаттар жумушсуздардын саны мындан алда канча көп экенин, Кыргызстанда иши жок жүргөн адамдарды аныктоо критерийлерин өзгөртүү учурдун талабы экенин белгилешти.

Булак:”Азия Ньюс”

Украинанын чыгышында элдешүү жараяны жарыяланды

Украинанын чыгышында 1-июндан тарта кезектеги элдешүү жараяны күчүнө кирди. Ал бир суткага созулат. Күн мурун украин аскерлери курал-жарактын бардык түрүнө тыюу салынганы туурасында буйрук алышкан.

Украина тараптын билдирүүсүндө эгер Орусия колдогон жикчилдер тараптан коркунуч болсо, алар курал колдонууга даяр экени дагы айтылат.

Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата жарашуу демилгесин жаатташкан эки тарап тең колдогон. Бейшемби күнү эртең менен Донбасста элдешүү жараяны дээрлик сакталган. Аскер кызматкерлеринин маалыматына караганда, түнүчүндө гана жикчилдер украин позицияларын көздөй эки сапар ок чыгарышкан. Өзүн Донецк элдик республикасы деп жарыялап алган аймактын өкүлдөрү дагы украин тараптан эки сапар ок атуу болгонун кабарлашты.

2014-жылдын февралынан бери Донбасста 10 миңдей кишинин өмүрү кыйылып, 23 миңдейи ар түрдүү жаракат алды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Казакстан шаарларында балдар параддары өттү

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Казакстандын бир катар шаарларында балдар менен өспүрүмдөр катышкан майрамдык иш-чаралар жана параддар өттү.

Алматыдагы парадга шаар мектептеринин окуучулары, аскердик окуу жайлардын курсанттары, бий жамааттары жана ансамблдердин мүчөлөрү катышып, борбордук аянттан басып өтүштү. Күн мурун шаар бийлиги «Балдар менен өспүрүмдөрдүн чыгармачыл жамааттарынын парады» деп аталган иш-чарага даярдык көрүү иштерине байланыштуу аянттын кире беришин тосуп, коопсуздук чаралары күчөлтүлгөн.

Майрамга арналган балдардын параддары өлкөнүн башка шаарларында дагы өттү. Расмий маалыматтар боюнча Шымкент шаарындагы иш-чарага 15 миңге жакын окуучу катышты. Петропавлов шаарында парадга 1 600дөн ашык киши чыккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Жалал-Абадда 1000 балага балмуздактар таркатылды

Жалал-Абад шаарындагы Барпы драма театрынын адында Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленип, жердин жандуу гүлдөрү болгон балдарга майрамдык салтанаттуу иш-чаралар уюштурулду. Шаар бийликтери балдарга белектерди тапшыруу менен бирге чоң программадагы концертти да тартуулашты. Бул туурасында шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдайт.

Жалал-Абад шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айзат Раматиллаева балдарды майрамдары менен куттуктап, аларга кең келечекти каалады. Майрамдык салтанатка келген балдарга балдардын “Ариет” чыгармачылык борборунун таланттуу уул-кыздары тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Борбордук аянтта шаардын балдары үчүн спорттук жана интеллектуалдык оюндар, асфальт бетине сүрөт тартуу сынактары уюштурулду. Ошондой эле өнөрпоздор тарбиялык мааниси терең кызыктуу жомокту сахнага алып чыгышты.

Эскерте кетсек, эки күңдүк майрам убагында 500 бала эс алуу бактарындагы аттракциондордо акысыз ойноп, мындан сырткары  шаардагы 1000 балага акысыз балмуздак жана шириндиктер  таратылды. Ошондой эле 18 жашка чейинки 416 мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жергиликтүү бюджеттин  эсебинен 500 сомдон  материалдык жардам көрсөтүлдү.

Жалал-Абадда коомчулуктун айрым өкүлдөрү Улугбек Бабакуловдун жазага тартылышын талап кылууда

Жалал-Абаддын жарандары улуттар аралык мамилеге карата терс макала жазган журналистке нааразы экендиктерин билдиришүүдө. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдайт.

Тагыраак айтканда, журналист Улугбек Бабакуловдун “Люди как звери. В киргизском сегменте соцсетей звучат призывы к расправе над «сартами»” деген макаласына кыжырданышканын айткан улуу муундун өкүлдөрү Жалал-Абадда атайын маалымат жыйынын өткөрүштү. “Интернет айдыңына жарыяланган Бабакуловдун макаласы эки элдин тең жинин келтирүүдө”,- дейт Жалал-Абад шаарынын тургуну Махамаджан Дыйканов. “Кыргыздар өзбек улутун басмырлап, сарт дешет. Анын мааниси “сары ит” дегенди түшүндүрөт өңдүү, эки элди кайраштыра турган макаласын окуп, жинибиз келүүдө. Нечендеген жылдардан бери ынтымакта жашаган элдердин ички мамилесин, карым-катышын билбей туруп мындай чагымчылдык кылганы үчүн журналист жооп берүүсү керек. Эгерде Улугбек Бабакулов жазган макала чындыкка дал келсе элге келип далилдеп берсин”, – дейт  Махамаджан Дыйканов.

Ал эми Абдыпатта Маткалыковдун айтымында, Бабакулов жазган маалыматтар 2010-жылдагы окуяны козутушу толук ыктымал. “Эгер бийлик, прокуратура жана коопсуздук кызматы мындагы көрүнүшкө тез аранын ичинде чара көрбөсө, бул журналист кумурскадан пил жасайт. Өткөн күнгө саресеп сала турган болсок, 2010-жылдагы карагашалуу окуя дагы дал ушундай көрүнүштөн улам келип чыккан. Ошондуктан Бабакуловду мыйзам алдында жазага тартышсын дагы,  мындай көрүнүштөрдүн алдын алышсын”, – деди А. Маткалыков.

Жыйын алкагында уюштуруучулар макаланын арты улуттар аралык кастыкты козутууга багытталганын айтышып, тийиштүү тараптар чара көрбөсө алар Президентке кайрылып, Ак үйдүн астына митингке  чыгышарын билдиришти. Белгилей кетсек, жарандар кайрылган бул иш боюнча Улуттук коопсуздук кызматынын Жалал-Абаддагы башкармалыгы облустук прокуратуранын кайрылуусуна ылайык, маалыматтагы текстте улуттук кастыктыкты козутуучу сөздөр бар же жок экендигин аныктоо максатында Улуттук Академияга филологиялык текшерүүгө жиберишкен.

Меню