Menu

КООМ

Бишкекте бактарды кыюуга каршы чыккандарды милиция кармап кетти

Бүгүн Бишкек шаарынын Токтоналиев көчөсүндөгү дарактардын кыйылышына каршы болуп жарандык активисттер жана айрым тургундар балдары менен нааразылыкка чыгышты. Милиция бир нече кишини кармап кетти.

Активисттер жолго отуруп алышып, мэриядан дарактарды кыюуну токтотууну талап кылышты. Алардын айтымында, шаар бийлиги экологияга зыян келтирүү менен мыйзамсыз түрдө көчөлөрдү кеңейтишүүдө. Жарандар Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду бактар кыйылып жаткан жерге чакырып, мындай кадамдардын зарылчылыгын түшүндүрүп берүүнү талап кылышты.

Милиция жолду бошотууну талап кылды, бирок чогулгандар буга макул болушкан жок. Жыйынтыгында тартип сакчылары 10 кишини кармап Биринчи Май РИИБне алып кетишти.

Жергиликтүү жашоочулар милиция жарандардын укугун коргоонун ордуна аларга каршы чыгып жатышканына нааразы болушууда. “Элди ойлогула, экологияны ойлогула. Анысыз деле шаар мурдагыдай жашыл эмес. Баары асфальт төшөп алгылары келет”,-деди жашоочулардын бири.

Бишкектин вице-мэри Бакыт Дүйшөмбиев бул жолду куруу өтө зарыл экенин билдирди. Анын айтымында, Тынчтык жана Совет проспектилеринин ортосунда ортосунда дагы бир көчө алып өтүү зарылдыгы бар – бүгүнкү күндө аталган көчөлөрдө унаа өтө көп жана аларды башка жерлерге бөлүштүрүү керек. «Курула турган жерде 143 бак бар. Биз алардын ордуна жаңы бактарды отургузабыз», – деди ал.

Буга чейин Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунун тургундары дагы нааразылыгын билдиришкен. Бул райондо 800 түп дарак кыйылары айтылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

ОшМЮИда тарыхый чыгармага арналган кече

Ош мамлекеттик юридикалык институтунда жазуучу Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» тарыхый романына арналган кече болуп өттү. Бул туурасында ОшМЮИнин басма сөз катчысы маалымдайт.

«Мамлекеттин, укуктун теория жана тарыхы» кафедрасынын демилгеси менен уюштурулган иш чарада тарыхый чыгарма ар тараптан терең талкууланып, анда кыргыз элинин улуттук салттары менен мамлекеттик түзүлүштүн айкалыштары тууралуу кеңири баяндалды. Алгач ОшМЮИнин ректору юридика илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторов тарыхый чыгармада укук-тартип кыргыз элинде эзелтен эле болуп келгендиги образдар аркылуу чагылдырылгандыгын мисалдар менен түшүндүрүп өттү. Андан ары сөз учугун улаган  ОшМЮИнин проректору Байболот Абытов, кафедранын башчысы Төрөбай Насыров тарыхый чыгарманын сюжеттеринде болочок юристтер үчүн да сабак ала турган жагдайлары бар экендигине токтолушту. Алар ошол мезгилдеги Кокон хандыгы жана мамлекет легитимдүүлүгү боюнча терең маалымат беришти.

ОшМЮИнин студенти Айдай Жумаеванын «Сынган кылыч», Нурумбет Иманказиевдин «Кокон хандыгынын түптөлүшү» аттуу илимий докладдарындагы маалыматтар тарыхый чыгармадагы сюжеттердин мисалында баяндалгандыктан катышуучуларда кызыгууну ойготту. Айрыкча таланттуу студенттер тарабынан чыгармадагы айрым сюжеттери образдуу сахналаштырып көрсөтүлгөндүгү  көрүүчүлөрдө өзгөчө таасир калтырды. Сахнада Шералынын образын студент Жеңишбек кызы Айдана, Айзаданын образын Хасылжан кызы Алтынай, Мусулманкулдун образын Нуриза Маматова, Полотхандын образын   Динара Туратбекова, Кудаярхандын образын Чолпон Саипбаева, Бекназардын образын Керемет Асланова жеткиликтүү жараткандыгы үчүн көпчүлүктүн алкышына арзыды.

Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусундагы жээктерди бекемдөө иштери менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-июнда,  Ысык-Көл облусуна жасаган жумуш сапарынын алкагында Ысык-Көл облусу боюнча «Ак-Суу» жана «Каракол» дарыяларынын жээктерин бекемдөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өзгөчө кырдаалдар министри  Кубатбек Боронов маалымдагандай, Ак-Суу районунун  Теплоключенка айылындагы «Ак-Суу» дарыясынын жээктерин бекемдөө боюнча аткарылган иштердин жалпы сметалык баасы 3,6 млн сомду түзөт.

Жээктерди бекемдөө иши 2017-жылдын майында башталган жана азыркы учурда  улантылууда. Дамбанын узундугу 98 метрди түзөт. Ишти жүргүзүү үчүн жетиштүү сандагы  техника тартылган. Жээктерди бекемдөө ишинин жүргүзүлүшү менен 11 турак-жай суу каптоо коркунучунан корголду.

Каракол шаарынын  Каракол  айлындагы  Пристань-Пржевальск дарыясында 2017-жылдын апрель айында жээктерди бекемдөө боюнча иштер башталган жана 160 метр аралыкта ишке ашырылат, анын жыйынтыгында 17 турак-жай суу каптоо коркунучунан корголот.

Министр Кубатбек Боронов маалымдагандай, быйылкы жылы Ысык-Көл облусунда 7 объектиде иштер аягына чыгарылат.

Өкмөт башчы жыл сайын өлкөдөгү жээктерди бекемдөө иштерин каржылоо көбөйүп жатканын билдирди.  Жазындагы көйгөйлөрдүн алдын алуу үчүн күзүндө бул иштер күчөтүлгөн мөөнөттө бүтүшү керек.

Буга байланыштуу Сооронбай Жээнбеков КР ӨКМ каржылоо жетиштүү экенин эске алуу менен бул маселеге өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

«Биз баарыбыз билгендей, жээктерди тосуу, коргоо иштерин жүргүзүү аркылуу биздин жарандардын коопсуздугун камсыз кылып беришибиз керек», – деди Премьер-министр.

Жумуш сапардын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков ошондой эле, Каракол шаарын саркынды суулардан тазалоо системасын жакшыртуу долбоору менен да таанышты.

Өкмөт башчыга маалымат бергендей, тазалоочу жабдыктардын курулуш иштери 2014-жылы башталып, ортомчулардын айынан токтоп калган.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков архитектура курулуш турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине социалдык долбоорду куруу милдетин алып, аны убагында бүтүрбөгөн, милдеттерин так аткарбаган  ортомчу-компаниянын ишине мониторинг жүргүзүүнү тапшырды.

Аталган мониторингдин жыйынтыгы менен, милдетин  так аткарбаган ортомчулар социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга катышпай турганын билдирди.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевге, Каракол шаарын саркынды суулардан тазалоо системасын жакштыруу долбоорун ишке ашырууну жеке көзөмөлүнө алууну жана курулуш иштерин ушул жылдын жай айларында бүткөрүүнү тапшырды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү бийлик органдарын экспортко багытталган ишканаларга максималдуу колдоо көрсөтүүгө чакырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Ысык-Көл районундагы Ананьево айылындагы шире чыгарган «Яблочная компания» ЖЧК ишканасынын жана Каракол шаарындагы «Ак-Булак» кичи кайра иштетүүчү ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдайт.

«Яблочная компания» ЖЧК ишкансынын негиздөөчүсү Дөөлөтбек Салмакеев малымдагандай, алма ширесин чыгаруу боюнча аталган кыргыз-россия ишканасы 2015-жылдан тартып иштеп келе жатат. Анда дүйнөлүк стандартка жооп берген заманбап технология колдонулат жана 30 адам жумуш орду менен камсыз болгон. Өндүрүлгөн продукция таза жана жогорку сапатка ээ жана ширенин беш түрү чыгарылат. Өндүрүш үчүн жергиликтүү сырье колдонулат.

Ишкананы жабдуу үчүн 80млн сом сарпталган жана анын 20млн сому алма багын өстүрүү үчүн Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан алынган.

«Бүгүнкү күндө өндүрүлгөн продукция ЕАЭБ өлкөлөрүнө тактап айтканда – Санкт-Петербург жана Москва шаарларына экспорттолууда. Биз Россиянын базарынан өз ордубузду таба алдык. Келечекте Казакстан андан соң Кытай жана Европа базарына чыгууну пландаштырып жатабыз. Бул максатта өндүрүштү кеңейтүү пландаштырылууда, бул үчүн 3 гектар жер жана 17 миллион АКШ доллары талап кылынат. Муну ишке ашыруу менен жергиликтүү мөмө-жемиштерди сатуу көйгөйү чечилет. Биз өндүрүштү кеңейтүүнү пландаштырууну жана буга Өкмөттүн көңүлүн буруусун каалайбыз», -деп маалымдады Дөөлөтбек Салмакеев.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевге аталган ишкананы кеңейтүү үчүн жер берүү мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды Ал эске салгандай, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун артыкчылыктуу багыттарынын бири аналогдук долбоорлорго каржылык колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Ошондой эле Өкмөт башчы Каракол шаарындагы «Ак-Булак» кичи кайра иштетүүчү ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Компаниянын жетекчиси Нарынбек Чикеев маалымдагандай, ишкана өз ишин 2011-жылы баштаган. Негизги чыгарылган продукциялар: кургак сүт, каймак майы, сыр жана йогурт продукциялары. Чыгарылган продукциялар жергиликтүү базарда сатылууда жана экспортко чыгаруу пландаштырылууда.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, жергиликтүү бийлик органдары жер-жерлердеги өзгөчө экспортко багытталган ишканаларга максималдуу колдоо көрсөтүү керек. Өкмөт башчы баса белгилегендей мындай ишканалар жергиликтүү айыл чарба продукцияларын сатууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөдө ички миграцияны азайтуу маселелерин чечүүгө жардам берет.

Аны менен бирге Премьер-министр ишкерлерге кайрылып, өлкөнүн ЕАЭБге кирүүсү менен ата мекендик ишкердикке жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болгонун билдирди. Эми өндүрүлгөн продукциялардын жогорку сапатын жана зарыл көлөмүн камсыз кылууну ишке ашыруу зарыл – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Кара-Суу районунда генерал-майор Курсан Асановдун демилгеси менен райондун борбордук мечити курулуп баштады

Бүгүн, 2-июнь күнү Кара-Суу районунун “Достук” борбордук мечитинин жанына заманбап райондук борбордук мечитти куруу иштери башталды. Бул туурасында Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирет.

Аталган иш-чарага Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Марс Ибраев, КРнын ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, Бүткүл дүйнөлүк жаштар Ассамблеясынын Президенти Саид Баюми,   Кара-Суу районунун башкы имам-хатиби Сүйүнбай ажы Калыков жана райондун аймагынан келген жашоочулар катышышты. Аталган мечиттин курулушун баштоо аземи жума намазын окуп дуба кылуу менен башталды. Келген коноктор жалпы элди ыйык рамазан айы менен жана жаңы заманбап мечитти баштоо аземи менен куттукташты. Иш-чаранын жүрүшүндө Кара-Суу райондук борбордук мечитин жаңылап заманбап куруу демилгеси КРнын ички иштер министринин орун басары Генерал-Майор Курсан Асанов тарабынан көтөрүлүп, Сауд Аравиялык демөөрчүлөрдүн колдоосунда Бүткүл дүйнөлүк жаштар Ассамблеясы тарабынан курулуп жаткандыгы белгилүү болду. Курулуштун долбооруна ылайык борбордук мечит эки кабаттуу болуп узуну 43 метрди туурасы 30 метрди түзүп, 1290 квадрат метр аянтка курулууда. Мечиттин бардык дубалдары атайын мрамор таштар менен кооздолуп, мечитин жанына медресе, хатибияттын заманбап кеңсеси, чайхана жана дүкөн да курулмакчы.

Эскерте кетсек, аталган мечиттин курулушун кийинки жылдагы рамазан айына бүткөрүү пландалууда.

 

Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстанда азыктарды тышкы рынокторго экспорттоо үчүн бардык зарыл болгон шарттар түзүлүүдө

«Кыргызстанда  азыктарды тышкы рынокторго экспорттоо үчүн бардык зарыл болгон шарттар түзүлүүдө», – деди Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 1-июнда, Түп районундагы өсүмдүктөрдүн карантини боюнча  Ысык-Көл лабораториясынын ачылышында. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы өлкөдө эл аралык стандартка жооп берген фитосанитардык лабораториялардын ачылышы, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирүүдөгү  жыйынтыктарынын бири болуп эсептелерин билдирди.

«Кыргызстандыктардын көпчүлүгү айыл жеринде жашап, айыл чарбасы менен алектенет. Кыргызстан агрардык өлкө, андыктан өсүмдүктөрдү коргоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу баарынан маанилүү. Бүгүнкү күндө айыл чарба азыктарын өлкөдө ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялар болгондо гана эскпорттоого болот. Бул азыркы убакыттын талабы болуп калды», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр белгилегендей, Кыргызстан ЕАЭБ курамына кирердин алдында өзүнө бир катар милдемелерди алган. Алардын бири өлкөлө заманбап ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялардын болушу. Өкмөт бул багытта былтыркы жылдан бери активдүү иш алып барууда.

«ЕАЭБге кирүүнүн алкагында Кыргызстанда көрүлүп жаткан карантиндик фитосанитардык лабораториялар менен камсыз кылуу чаралары интеграциялык биримдиктин талаптарына жооп бериши керек. 2017-жылы Баткен, Нарын, Жалал-Абад облустарында да фитосанитардык лабораториялар ишке кирет. Аны менен бирге Каракол, Балыкчы, Талас жана Баткен шаарларында ветеринардык лабораториялар курулат», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, акыркы жылдары Кыргыстанда төрт ири фитосанитардык лабороториялар  Бишкек шаарында, Ош, Талас жана Ысык-Көл облустарында ишке киргизилди

Премьер-министр  фитосанитардык көзөмөлдү күчөтүүгө республикалык бюджеттен жыл сайын  бөлүнүүчү финансылык каражаттардын суммасы көбөйтүлүп жатканын белгиледи.  Эгерде бул максатта 2015-жылы 1,5 млн. сом бөлүнсө,  2016-жылы  26,5 млн. сомду түзгөн,  2017-жылга 29,9 млн. сом каралды.

Айыл чарба, тамак аш өнөр-жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин маалыматына караганда Өкмөт тарабынан Ысык-Көл  облусунун Түп районундагы өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабороторияны оңдоо иши 2016-жылы башталып, 5,9млн. сом каражат бөлүнгөн.

Сооронбай Жээнбеков  баса белгилегендей,  ЕАЭБ талаптарына жана эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөлдү түзүү экспорттук потенциялды жогорулатууга, экономиканы өнүктүрүүгө жана жарандардын жашоо турмушун  жакшыртууга шарт түзөт.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков  2016-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына киришери менен Өкмөттүн ишмердүүлүгүнүн башкы приоритети катары өлкөнүн тийиштүү  инфраструктурасын  ЕАЭБ талаптарына ылайыктоону белгилеген.

Аталган ишмердүүлүктүн алкагында өлкө боюнча ветеринардык жана фитосанитардык лабороторияларды реконструкциялоо жана куруу боюнча ири компания жүрүүдө.

Табигый кырсыктан жабыр тарткан Чоӊ-Алай районунун тургундарына жардам берүү үчүн ачылган атайын банк эсебине 13 млн сом каражат топтолду

“Кыргызстандын түштүк аймагындагы жер титирөөдөн жабыркаган 610 турак жай таптакыр жараксыз болуп калды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Жогорку Кеӊеште май айындагы Чоӊ-Алай жергесинде болгон табигый кырсыктын кесепетин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди” – деп маалымдайт КР ЖК Басма сөз кызматы.

Министрдин айтымында, ушу тапта үй-жайсыз калган адамдар чатырларга жайгаштырылып, азык-түлүк жана курулуш материалдары менен өз баасында камсыз кылынууда. Ал эми азыр айрым турак жайлардын пайдубалы түптөлүп калганын, каржылоо маселеси чечилип жатканын, Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы өз турак жайын камсыздандырган 25 кардарга 5 млн 89 миӊ сом өлчөмүндө каражат төлөнүп бергенин кошумчалады.

Кырсык болгон жерде көчмө бейтапкана ачылып, жарандарга медициналык жардам көрсөтүлгөнү, жумушсуз калган жергиликтүү тургундар кабылына келтирүү жумуштарына тартылып, аларга маяна төлөнгөнү, жер титиреген аймактагы мектеп окуучуларынын жайкы эс алуусуна 5 млн сом бөлүнүп берилген. Министр атайын банк эсебине 13 млн 869 миӊ сом өлчөмүндө каражат топтолгонун айтты.

Бир катар депутаттар табигый кырсыктын алдыналуу чараларын күчөтүү, табигый кырсык боло турган жерде жашаган адамдарды ыкчам кабардар кылуу зарылдыгын белгилешти.

«Кырсыктын алдыналуу чаралары катары Бишкек шаарында 30, Ош шаарында 10, Каракол шаарында 4 телеканалды камтуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнү белгилүү болду. «Андан сырткары, Дүйнөлүк банк менен бирге кырсык боло турган жерде жашаган адамдарды ыкчам кабардар кылуу боюнча 3 млн долларлык долбоор иштелип чыкты», – дейт министр.

Андан тышкары, депутаттар тарабынан мамлекеттик окуу жайлар салыктан бошотулганын эске салып, табигый кырсыктан жапа тарткан үй-бүлөлөрдөгү студенттерди жаӊы окуу жылында окуу төлөмдөрүнөн бошотуу маселеси көтөрүлдү. Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү жогорку окуу жайларынын жетекчилерине ушундай өтүнүч-кат жөнөтүлгөнүн билдирди.

Белгилей кетсек, комиссиянын жеринен текшерүү жыйынтыгында Чоӊ-Алай жергесиндеги жер титирөөнүн кесепетинен 609 турак жай 4 категорияда, 9 үй 5 кактегорияда жабыркаган деп табылып, аларды бузуу керек деген чечим кабыл алынган. Ушул кезге чейин райондун 192 тугуну өз турак дайларын камсыздандырган, анын ичинде 25 жарандын үйү жараксыз болду.

Жайынтыгында аталган маселе боюнча Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынып, Өкмөткө жана мамлекеттик органдар менен мекемелерге табигый кырсыктын кесепетин жоюу жаатында тапшырмалар берилди.

Абаев: Астанадагы пантеон бардык казакстандыктар үчүн жеткиликтүү

Майдын соңунда Казакстан өкмөтү Улуттук пантеон тууралуу жобону бекитти. Ага ылайык, атайын жайдын аймагына белгилүү, кайсыл бир тармакка эмгеги сиңген адамдардын сөөктөрү коюлат.

Өлкөнүн маалымат жана коммуникациялар министри Даурен Абаевдин билдиришинче, алардын арасында Казакстандын президенттери, өлкө башчынын үй-бүлө мүчөлөрү, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик сыйлыктарга ээ адамдар бар. Андан сырткары пантеонго «Казакстан президентинин өзгөчө уруксаты менен башка жарандардын дагы сөөктөрү коюлушу мүмкүн».

«Мындай пантеон сөзсүз керек, бул дүйнөлүк практика. Мен аны толугу менен колдойм. Бул өлкөнүн өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон адамдардын элесин түбөлүккө калтыруунун жолдорунун бири. Мен мындан жаман эч нерсе көргөн жокмун. Бул жакка Казакстандын бардык жарандарынын сөөктөрү коюлушу мүмкүн экенине ишенем. А албеттте, белгилүү бир критерийлердин негизинде», – деди Абаев.

Пантеон Астанада жайгашкан. 29-майда бекитилген документке ылайык, миң гектарга жакын аянтты ээлеген пантеон өз ичине мемориалдык имаратты, музейди, административдик жана чарбалык курулуштарды, мүрзө үстүнө коюлчу эстеликтерди камтыйт. Алгач айрым жарандар болжол менен 79 миллиард теңгеге (254 миллион доллардын тегерегиндеги сумма) бааланган бул комплекстин курулушуна каршы пикирлерин айтышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстан дипломаттарга Овадан Депе абагынын эшигин ачат

Жакынкы убактарда чет өлкөлүк дипломаттар негизинен саясий туткундар кармалган Түркмөнстандын Овадан Депе абагына кирүүгө мүмкүндүк алуулары мүмкүн. Бул тууралуу «Түркмөнстандын альтернативдүү жаңылыктары» сайты ИИМдеги өз булагына шилтеме кылып билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, дипломаттар абакка жакынкы 2-3 айдын ичинде киргизилиши мүмкүн. Мындай кадам ушул жылы күзүндө Ашхабадда өтө турган Азия оюндарына жакын эл аралык коомчулук алдында өлкөнүн имиждин жакшыртуу максатында жасалып жатканы кабарланууда.

Сайттын булагы билдиргендей, учурда абактын кызматкерлери даярдык көрүп жатышат. Комиссия камералар менен санитардык түйүндөрдүн, ашкананын жана азык-түлүк кампаларынын абалы менен таанышууда. Андан тышкары камактагылардын саламаттыгы текшерилип, алар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

«Аларды тирүү бойдон көрсөткүлө» деп аталган укук коргоо уюмунун маалыматына ылайык, Овадан Депеде саясий негизде соттолгон 80ден ашык киши дайынсыз жоголгон. Укук коргоо уюмдары Эл аралык Кызыл чырым, БУУ жана ЕККУнун өкүлдөрүнүн «Овадан-Депеге» кирүүсүнө мүмкүндүк берүү маселесин бир канча жолу көтөрүп чыгышкан. Бирок Түркмөнстан бийлиги тарабынан оңгулуктуу жооп болбой келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Барпиев кимге таянат?

Бишкек шаардык МАИни каалагандай калчаган Барпиев Талантбек Айткулович деги кимге таянып жатат? Же ИИМдин СБсы Искендер мырза анын мыйзамсыз иштерин тазалап турабы? Бир жарым жыл МАИнин айлык акысын алып, өзүнүн колу бар, карааны жок болгон Эшенкулов Айбек Мырзакулович деген ким ыя? Ушул сурообузга жооп берип койсунчу? Жумушунан кол жууган кайсыл чоңдун шоопуру болуп жүрүп МАИнин айлык маянасын алып келди Эшенкулов Айбек? Жакында бул кылыгы билине баштаганда Айбекти кетирип ордуна дагы жердешчилик кылып таластык бирөөнү дайындаптыр. Барпиев сыртынан караганда түзүк эле жигит көрүнөт, бирок кептин баары ичинде жатат окшойт. Бизге жооп берем десе редакциянын эшиги ачык.

Булак: “Ачык саясат”

Меню