Menu

КООМ

23-май күнү борбордо Жалпы Улуттук Курултайды өткөрүү демилгеси көтөрүлүүдө

Кыргызстандагы улуттук-мекенчил күчтөрдүн биримдиги – КУМКБнын 28-апрелде өткөргөн уюштуруу жыйынында кабыл алынган Курултай институтун мыйзамдаштыруу, паспортто “улуту”- деген графаны калтыруу талаптары бийлик бутактарына жөнөтүлдү. КУМКБ түзгөн Туруктуу Элдик Кенеш – ТЭК иштей баштады.Туруктуу Элдик Кеңештин сунушу менен 17-май күнү бардык облустарда бир мезгилде аймактык курултайларды, 23-май күнү борбордо Жалпы Улуттук Курултайды өткөрүү демилгеси көтөрүлүүдө. Жакында президент А. Атамбаев да Элдик курултай демилгесин колдой тургандыгын билдирди. Бирок КУМКБнын мүчөлөрү мамлекет башчынын ал демилгесин колдойбу, жокпу, бул жагы белгисиз. Анткени ортодо кимдер мүчө – делегат болору талаш жаратышы мүмкүн. Себеби баардык мамлекеттик бийлик бутактары Элдик курултайга отчет берүүгө милдеттүү болору сунушталып аткандыктан, ага мүчө болууну каалагандар, бийлик тарабынан өздөрүнүн “кол балдары” да кирип кетиши мүмкүн. Канткен менен он жылга жакын убакыт бою ишке ашпай келаткан Элдик курултай институту быйыл ары же бери болот окшойт.

Булак: “Майдан.kg”

Тажикстанда Өзбекстандын маданият күндөрү өтүүдө

Тажикстанда көп жылдан бери биринчи жолу Өзбекстан маданият күндөрү өтүүдө.

Делегацияны Өзбекстандын маданият министринин орун басары Минхожиддин Хожиматов жетектөөдө. Өзбек өнөрпоздору концерт берет жана Дүйшөмбү, Турсунзада жана Курган-Төбөдө маданий программаларды тартуулашат.

Тажикстан маданият министри Шамсиддин Орумбековдун билдиришинче, Өзбекстандын маданият күндөрү бүгүн, 10-майда Мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында башталат. “Бул эки коңшу өлкөнүн ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөөдөгү маанилүү кадам”, -деп белгиледи ал.

Тажикстан менен Өзбекстан өнөр жаатында кызматташууга 1998-жылы кол коюшканы менен көп жылдар бою алака болгон эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Атамбаев Орусияда кастыкты жайылткандар көп болуп жатканын белгиледи

Питердеги терактка шектелип жаткан жаранды тескери жакка Орусиядагы ксенофобдор менен скинхеддер түрткөн болушу ыктымал. Мындай пикирин президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкектин Жеңиш аянтында өткөн митинг-реквиемде сүйлөгөн сөзүндө айтты.

Мамлекет башчы Улуу Жеңишке жетишүүгө кыргызстандыктардын да салымы чоң болгонун, согуш жылдары Орусия, Беларус, Украинадан эвакуацияланган жүз миңдеген адамдар Кыргызстанда камкордукка алынганын, бирок соңку жылдары Орусияда ксенофобияны, эки өлкө жана эл ортосунда кастыкты жайылткандар көп болуп жатканын белгиледи:

– Санкт-Петербургда жакында террорист, албетте, ага актоо жок, метронун вагонун жардырып, ондонгон жай тургундарды өлтүрүп жабыркаткан трагедиядан кийин айрым орусиялык саясатчылар менен ММКлар Кыргызстандан барган мигранттарга каршы албууттанууну жаратты. Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты “Россия-1” мамлекеттик телеканалынын эфири аркылуу Кыргызстандан барган мигранттарга карата катуу чара көрүүгө чакырды… Эгерде Питердеги терактка негизги шектүү Кыргызстандын Ош шаарынан чыккан өзбек болсо, буга бардык өзбектер менен кыргыздарды айыптоого болбойт. Ал атасы сыяктуу эле Орусиянын жараны болгон, Орусияда 16 жашынан бери жашап келген! Балким, дал ушул ксенофобия менен скинхеддер анын тескери ишке баруусуна түрткү болгондур. Улуу Орусиянын кубаты анда жашаган бардык элдер менен улуттардын биримдигинде болуп келген жана болууда. Бул үчүн биринчи кезекте расизм, шовинизм менен ксенофобиянын бардык көрүнүштөрүнө каршы күрөшүү керек. Мында орусиялык саясатчылар менен журналисттер Орусия президенти, урматтуу Владимир Владимирович Путинден үйрөнүшү зарыл.

Апрелдин башында Санкт-Петербургда 16 кишинин өмүрүн алган жардыруудан соң Орусияда мигранттарды текшерүү күчөгөнү кабарланган. Айрыкча кыргыз паспортун көтөрүп жүргөндөргө көзөмөл күчөгөнүн кыргыз мигранттары өздөрү социалдык сайттарга жазууда.​

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Караколдо зоопарктан чыгып кеткен бөлтүрүк атылды

Караколдо зоопарктан чыгып кеткен карышкырдын бир жашар бөлтүрүгү атылды, шаар тургундарына коркунуч жок.

Бул тууралуу бүгүн зоопарктын жетекчиси Салтанат Сеитова билдирди. Анын айтымында, окуя 9-майда болгон:

– Биз дароо “Тазалыктын” жумушчуларына сигнал бердик. Зоопарктын аймагынан чыгып кеткенден кийин мен маалымдоого милдеттүү болчумун. Биздин уруксат менен бир сааттын ичинде ликвидация болду. Азыр тынч. Эч кимге кол салган жок.

Сеитованын белгилешинче, карышкыр кармалчу торду белгисиз бирөөлөр кесип кеткен, бөлтүрүк ошол жерден чыккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн 8 үй толук жарактан чыгып, 529 үй авариялык абалда калды

Быйыл өлкөбүздүн түштүгүндө жер көчкүдөн тышкары жер титирөө да көп катталууда. 3-майдан бери Чон-Алай районунда түрдүү магнитудадагы 16 жер титирөө катталып, анын 8и төрт баллдан жогору болду. Жалпысынан 993 турак үй текшерүүдөн өтүп, анын 8и толук жарактан чыккандыгы, 529 үй авариялык абалда экендиги жана 456 үй түрдүү оңдоого муктаж экени аныкталды. Ошондой эле жергиликтүү оорукана да капиталдык оңдоого муктаж жана жер титирөөдөн мечит менен орто мектеп да жабыркаган. Жабыркаган жергиликтүү элге 510 чатыр тигилип, ага 3 миңге чукул адам жайгаштырылды. Учурда жарандьж коргонуу органдары келтирилген чыгымдарды аныктоо иштерин жүргүзүүдө. Бактыга жараша эч ким жабыркабай, бир гана тамдын дубалы басып калган адам ооруканага жаткырылды. Дүйнөлүк практикада 8 баллдан жогору жер титирөө болгондо бекем курулган имараттар да кыйрап каларын эске алганда, бул ирет табият менен Кудай элибизге боор ооругандай. Жергиликтүү элдин айтуусунда, айыл жеринде үйлөр менен там, сарайлар ылайдан салынган менен, алардын дубалы калын жана жапыс, сынч (тактайды каршы-терши кылып) менен салынгандыктан гана кыйроолор аз болду. Ошентсе да мындан ары үй эмес, там салсак да анын бышыктыгына көңүл буруу керектигин табият өзү көрсөтүүдө.

Булак: “Майдан.kg”

Түштүк-Казакстанда аутист балдардын саны өсүүдө

Түштүк-Казакстан облусунда 121 бала аутизм менен каттоодо турат.

Облустук психоневрологиялык диспансерден кабарлашкандай, жыл өткөн сайын аутизм менен жабыркагандардын саны өсүүдө. 2000-жылы болгону 10 аутист бала каттоодо турган.

“Аутизмди жеңебиз” долбоорунун өкүлү Толкын Турапбекованын айтымында, Казакстанда аутист балдарды колдоо үчүн жетиштүү мүмкүнчүлүктөр жок.

Бирок Түштүк-Казакстан облусунун билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Галия Жанаева аутист балдарга билим берүү жана коомчулукка аралаштыруу боюнча бардык шарттар түзүлгөнүн билдирүүдө. Анын айтымында, 3 жаштан 18 жашка чейинки 59 аутист бала окууга жиберилген.

“Аутизимди жеңебиз!” коомдук фондунун координатору Жандос Сеит мамлекет буга эми гана көңүл бөлө баштагынын баса белгиледи. “Самрук-Казына” улуттук фондунун колдоосу менен Караганда, Кызылордо, Алматы жана Астанада аутист балдарды өнүктүрүү борборлору иштеп баштады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстан ардагерлерге 1,5 миң доллар берүү менен Борбор Азияда лидер болду

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына бир жолку төлөм берүү боюнча Казакстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен лидер аталды. Астанада ар бир ардагерге 1570 доллардан акча берилди.

Тажикстанда 340, Өзбекстанда 256, Кыргызстанда 220, Түркмөнстанда 26, Орусияда 171 доллар берилди.

2016-жылы дагы Казакстан ардагерлерге 450 доллардан төлөп берүү менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен алдыга чыккан. Эң аз төлөм Түркмөнстанга таандык, 57 доллардан берилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Жаманатты болгон Жамбыл

Бу “Фейсбук” деген нерсеге кимдер гана кирбейт экен! Билимдүүсү да, билимсизи да, акылдуусу да, акмагы да… Жердешчилик ооруга чалдыккан кээ бир келесоолор башка региондун адамдарына баткак сөздөрдү чапташат имиш.

Жамбыл Камчиевди да ошондой жаман жолго азгырылганын бир гезиттен кабардар болгон соң, биз дароо куудулга телефон чалдык:

– Жамбыл аке, “нарындыктардан Кыргызстандын деңгээлинде ой жүгүрткөн адам жок” деп эмне үчүн айттыңыз эле?

– “Жамбыл ушинтип айтыптыр” деп жалпы нарындыктарга чаптап, мени жаманатты кылышпасын. Ушуну ошол гезитте иштеген калемдештериңе айтып койгула. Мен нарындыктардын элин эмес, саясатчыларын гана ошентип айткамын. Кана, эл үчүн башын сайып иштей турган кимиси бар нарындыктардын? Жок. Бир гана Борончусу бар. Анысы да коркуп калды. Себеби, эң мыкты деп саналып жүргөн Карганбек Самаковун бийликтегилер камап коюшту. Төбөсү көрүнүп калган дагы бирөөсү Семетей Талас уулу деген журналистин сабап салды. Депутаттыкка журналистикадан барган бир айымын түзүк чыкты окшойт деп жүрсөм, анысы бир жаш кызды оозго алгыс сөздөр менен ашата сөккөн турбайбы. И-ий, бетим!.. Анын оозунан чыккан сөздөрдү угуп алып, төбө чачым тик турду.

– Кечиресиз, сиздин төбөңүздө чач бар беле?

– Күч келгенде чач дагы пайда боло түшөт экен. Анан… Азыр сөгүнгөндөргө каршы мыйзам бар. Мыйзамды бузган ар бир адам жоопко тартылышы керек. Балким, жогорку постто олтурган СДПКчылар “өзүбүздүн членибиз” деп жанагы сөгүнчөөк депутатын канаттарына калкалап, “аппак” кылып коюшаар. Карга да баласын “аппагым” дейт эмеспи. Кыскасы, мен нарындыктардын азыркы тыңчыкмаларын эмес, карапайым калкын сыйлайм!

Булак: “Майдан.kg”

Кыргызстанда көп аялдуулук мыйзамдаштырылганы турат

Көпчүлүк кыргыз кыздары өз теңин таба албай, жаштыгы менен өмүрү өтүп, айрымдары кытай, түрк, индустарга чыгып кетип жатышы да эркектердин аздыгына барып такалууда. Бирок турмуш менен табият өз өкүмүн жүргүзүп, жашыруун үйлөнүп алган байларыбыз деле жок эмес. Ошондуктан көп никелүүлүккө уруксат берүү маселесин К.Бакиевдин тушунда бир министр көтөрүп, бирок ал төө бастыга кабылган болчу. Эми бул көйгөйду кыргыз кыздар өздөрү көтөрүшүүдө. Ал тургай айрымдары соииалдык тармактарга күйөөлөрүнө ыктыярдуу түрдө жаш аял алып берүүнү айтып жатышат. Алгач тамаша иретинде айтылган көп никелүүлүк маселеси улам чындыкка айланып, кол топтоо демилгеси көтөрүлүп жатат. Эгер алар чындап эле сөздөн ишке өтүп, тиешелүү  колду топтоп, парламенттин кароосуна жөнөтсө, анда мыйзам чыгаруу органы ары же бери кылып чечүүгө милдеттүү. Бирок мыйзам, улуттук менталитетке таянып же куру намыска алдырып, бир эркекти “менчиктештирип алуу” бүгүнкү күндө улутубузду сактап калуу денгээлине айланууда. Себеби ушул боюнча жүрүп отурсак, анда 20-30 жылдан кийин чындап эле ансыз деле аз сандагы кыргыздар ого бетер азайып кетишибиз мүмкүн. Бул мамлекеттин коопсуздугу үчүн да коркунуч жараткан жагдай.

Булак: “Майдан.kg”

Ашхабаддын четинде аймактык машиналар үчүн унаа токтотуу жайлары курулууда

Аймактардан келген транспорттор үчүн Ашхабаддын чет жакасында атайын унаа токтотуу жайлары курула баштады. Алар өлкө борборунан 15 чакырым алыстыкта, Гаверс районунда жайгашат.

Үч миң машинага ылайыкташтырылган унаа токтотуу жайларын куруу иштерин ушул жылдын июнунда аяктоо пландалууда.

Маалыматтарга караганда, мындай чара Азия оюндарын өткөрүүгө байланыштуу аймактардан келген автоунааларды борборго киргизбөө тууралуу мамлекет башчынын буйругунун негизинде көрүлүүдө.

Түркмөнстан бийлиги атайын унаа токтотуу жайларынын курулуп жаткандыгы жана аймактардан келген унаалардын борборго кирүүсүнө чектөө киргизилгендиги тууралуу эч кандай түшүндүрмө берген жок.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын маалыматына караганда, курулуш иштери Азия оюндарына расмий даярдык көрүү иш-чараларынын алкагында жүзөгө ашырылууда.

Ашхабадда Азия оюндары ушул жылы 17-сентябрдан 27-сентябрга чейин өтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню