Menu

КООМ

Төлөгөн Карыкеев: "Кайран Жокең, кадырыңды ким билет..."

Белгилүү журналист жана акын Жолдошбек Зарлыкбековдун дүйнө салып кеткенине 10-майда бир жыл толот экен. Көзү өткөнүнө бир жыл болуп калыптыр. Кайран Жокең…

Жолдошбек менен чыгармачыл жолубуз «Асаба» гезитинде биригип, бир топ жыл чогуу иштеп калдык. Ошол мезгилдери (1994-95-ж.ж.) «Асабанын» редактору Мелис Эшимканов мен кыйын дегендерди гезитке топтой баштаган эле. Мындайча айтканда, гезиттеги реформасын баштап калган кези болчу.

Жокең өзү Университеттин журналистика факультетине аскерден келгенден кийин тапшырып өткөн экен. Өзүнүн айтуусу боюнча, Германияда служба кылыптыр. Калп айтпасам, Дрезден шаарында эки жылдык жаштыгын керзивий өтүк менен шинелге алмаштырган окшойт. Аскердик гурзовой машинени айдаптыр болчу. «Урал» деген машине экен. Немистер көчөдөн советтик гурзовой машинени көргөндө, таракандай качышчу деп калчу…

Университетте окуп жүргөндөле, ал кездеги жаштар гезити «Ленинчил жашта» иштеп баштаптыр. Акчадан кем болбоптур. Кийинчерээк ошол кездеги олуттуу гезиттердин бири «Кыргызстан маданиятында» иштеп, Эсесер кулаганча ошол куттуу орунда кагаз-калем мыкчып отурган экен. Ал эми Эсесер кулагандан кийин, өкмөттөн баягыдай баддержка жок, жашоо кыйындай баштайт. Дал ошол маалда Мелис Эшимканов «Асабада» өз реформасын баштап калган болот…

Жокең планировкада он чакты макаласын «оптом» киргизип, ошонусу менен «тарыхта» калган жайы бар эле. «Ушунун баарын жазып үлгүрөсүңбү, йа?» деп сурайт Эшимканов анча ишене бербей. «Бүт эле берем, баарыле даяр…» дейт Жокең илбериңки жана ишенимдүү. Бирок, макалалары өз убагында текст терген кыздарга түшпөгөндүктөн, он чактынын арасынан үчөө-төртөө гана номурга илинчү. Калгандары кийинкиге калчу. Тез «бузула» турган макалалары ага да жетпей калчуле…

Бир жолу Жокемди бирөөлөр азгырып, бөлөк гезит чыгарабыз, айлыгыңар асмандын башы болот деп гезиттен «сууруп» кетишти. Мени кошо азгырышты. Төрт-беш айдай ошол жакта жүрдүк темселеп. Тиштин кирин соруп, акыры, жаңы гезиттин биринчи номуру да чыкты. Башка номуру чыккан жок, жабылып тынды. Курубузду мойнубузга салып, Мелиске кайра келдик. Мелис эр болчу. Кек сактачу эмес, эчтеме болбогонсуп кайра кабыл алды. Кийин Жокең өзү көп айтып жүрдү: «Мени керек болсо, Эшимканов үч жолу кетирип, үч жолу кайра жумушка алган!» деп. Анысы чындык болчу. Мен деле үч жолу кетип, үч жолу келгем…

«Төртүнчүсүндө» Жокең кайрылгыз болуп биротоло кетти. Кеткенине бир жыл болуп калыптыр, кайран Жокең…

Төлөгөн Карыкеев

Булак: “Де-Факто”

Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы «Ак-Кула» ат майданын модернизациялоо боюнча жумушчу жыйын өткөрдү

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-майда, Бишкек шаарындагы «Ак-Кула» ат майданын модернизациялоо боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Башкы прокуратуранын жана Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жүргүзүлгөн тийиштүү жумуштардын алкагында, «Ак-Кула» ат  майданы бүгүнкү күндө борбордук муниципалитетке  тиешелүү болгон ипподромдун мүлктүк хронологиясы аныкталгандыгын билдирди. 54 гектар аянты бар ипподром Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлдү. Адистердин айтымында ипподромду реконструкциялоо иштерине 300 млн. сом каражат керектелет.

«Жыл сайын жергиликтүү жана чет элдик коноктордун ат-спорт оюндарына кызыгуусу артып жатканын эске алуу менен, «Ак-Кула» ат майданын модернизациялоо маанилүү иш пландардын бири болуп саналат. Бул өлкөгө туристтерди өзүнө тартууда кошумча импульс болот. Акыркы болуп өткөн майрамдык иш  чаралар  ипподромдо инфраструктуралык маселелер бар экенин көрсөттү. Мындан улам аны оңдоо муктаждыгы келип чыкты», – деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Ал «Ак-Кула» ат майданы 2017-жылы курулуш иштери бүтө турган социалдык маанидеги объекттердин катарында экенин  эскертти.

Өкмөт башчы Спорт дене-тарбия жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттикке жана Бишкек шаарынын мэриясына «Ак-Кула»  ат майданынын тез арада реконструкциялоо долбоорун киргизүүнү тапшырды.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 29-мартында Сооронбай Жээнбеков «Ак-Кула» ат майданына барып, тиешелүү мамлекеттик органдарга ипподромдун айланасындагы бардык мүлктүк хронолоияларды жана соттук териштирүүлөрдү иликтеп чыгууну тапшырган.

ӨКМдин Оштон Бишкекке көчүрүлүшү чоң катачылык болгон

Кан менен келген бийликтин жолу да кандуу болобу, айтор акыркы алты жылдан бери республикабызда табигый кырсык менен адам өмүрүн алган бөөдө кесепеттерден арылбай койдук. Ооба, табияттын кырсыгына, сел, жер көчкүгө, жер титирөөгө айла жок. Бирок айрым адам өмүрүн алган кырсыктар тиешелүү мамлекеттик органдардын түздөн-түз күнөөсү же шалаакылыгынан болуп жатпайбы.

«Кембагалды төөнүн үстүндө ит кабат” болуп, ар качандан бир качан дайыма карапайым эл ушул “далдырбай” бийликтин иштин көзүн билбегендигинин айынан жабыр тартып келүүдө. Былтыр күзүндө Москвада ондон ашык али он гүлүнөн бир гүлү ачыла элек кыздарыбыз тирүүлөй күйүп кеткендигин бийликтегилер унутуп коюшса да, карапайым калктын али эсинде. Эгер убада берсе оозунан от, артынан түтүн чыккан биздин чиновниктер Россия бийлигинен ЕАЭБдеги эмгек мигранттары боюнча эрежеге ылайык талап кылса, анда ошол жумуш берүүчү иштеткен адамдарга өрт, техникалык коопсуздуктарды түзүп берет эле да. Жок, алар Кыргызстанды мамлекет, кыргыздарды эл катары эсептешпейт. Ошондуктан ушул күнгө чейин соту бүтпөй, кенемте(компенсация) төлөбөй келет. Себеби алар убакыт өтүп, маселенин актуалдуулугу жоголгон соң, суудан кургак чыгып кетишерин билишет.

Быйылкы жыл да Кыргызстанда массалык түрдө адам өмүрүн алган чоң трагедия менен башталып, Гонконгдон Стамбулга учуп бараткан жүк ташыган учак белгисиз себептерден улам Бишкекке коном деп, Дача СУ айылына кулап түшпөдүбү. Анда да таттуу уйкуда жаткан 39 жарандарыбыз көзү ачылбай, аркы дүйнөгө кете беришти. Эми бул авиакырсыкка бийлик күнөөлүүбү же оппозициябы? Ошол сырдуу жүктүн ээси сыр бойдон кала берүүдө. Бийлигиң болсо элден чогулган 100 млн. сомду да жөн бербей, ар нерсенин башын чаргытууда.

Баарынан да 29-апрелдин таңында Өзгөн районунун Аюу-Сай айылындагы 11 үйдү басып калып, 24 адамдын өмүрүн алган жер көчкү бийликтин алешемдигин дагы бир ирет көрсөтүп койду. Туура, 1 млн. кубометр көчкүнү Ак үй же Бакиевдер кулаткан жок. Ал тургай ошол эле күнү видеокайрылуу жасаган президент А. Атамбаев маркумдардын жакындарына, жалпы кыргыз элине көңүл айтуунун ордуна а дегенде эле “Үч кун мурда бул айылдын элине көчкүлө деп эскертүү берилген экен. Силерге балаңардан малыңар артыкпы…”, -деп жекирип, баарыбыздын башыбызга балка менен чапкандай кылды. Бирок өзгөндүк депутат У.Ормонов маалымат агенттиктеринин бирине берген маегинде Аюу-Сай айылынын болгону үч үйүнүн жашоочуларына эскертүү берилип, бирок “көчкүлө” – деп айтпагандыгын билдирди.

Демейде ӨКМ (өзгөчө кырдаалдар министрлиги) кайсы бир табигый кырсыктын кесепети менен күрөшпөй, алдын алуу, мониторинг, прогноз жасоо менен алектениши керек болчу. Ошондуктан тиешелүү адистер жердин көчүшүн алдын ала аныктап, билип, ал жердеги коркунуч алдында калган элди мажбурлап болсо да көчүрүүгө милдеттүү. Ал эми жөн гана оозеки “көчкүлө” деп айтып коюу, бул жөн гана кийин жоопкерчиликтен кутулуу амалы. Кыргызстанда сел, жер титирөө, кар, жер көчкү сыяктуу табигый кырсыктардын 90%ы түштүк облусттарда катталат. Андыктан мурдагы бийликтин тушунда ӨКМ Ошко көчүрүлгөн. Себеби, министр баш болгон аппарат, адистер ошол жакта туруп, табият кесепеттеринин алдын алуу иштерин жүргүзмөк. Бирок 2010-жылдан кийин келген “акылдуу” бийлик “эски бийликтин туура эмес саясаты” деген шылтоого таянып, бир министрликти мамлекеттик бюджетти ашыкча сарптоого жол бербөө деген сыяктуу жүйө менен кайрадан Бишкекке көчүрүп келген. Биз билгенден ӨКМ Ошко көчүрүлгөндө кызматкерлер үчүн бир топ үйлөр, жатаканалар да салынып, бюджеттен оңбогондой каражат жумшалган.

Эми эмне болду? Бизге оптималдуу башкаруу керекпи же бүтүндөй бир айылды басып калып, ондогон адамдардын өмүрүн алган жер көчкүнүн кесепетиби? Ак үй К.Бороновду маңдайына отургузуп койсо эле өлкөбүздө бороон болбой, сел жүрбөй калбайт да. Дегеле башкалары популизм, кошоматчылык, эки жүздүүлүк менен алектенсе да ӨКМдин катардагы кызматкеринен тартып, министрине чейин өз милдетин так жана абийирдүү аткарышы зарыл. Ансыз Дача СУ, Өзгөндөгү жер көчкү сыяктуу табият кырсыктарынын алдын ала албай, ондогон адамдардын өмүрү кыйылган соң гана жер чапчып отуруп калабыз.

Булак: “Алиби”

Төрага Чыныбай Турсунбеков согуш ардагеринин үйүнө барып, майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков 9-май майрамынын алдында өткөн жылдары кыргыз парламентинин (Жогорку Советтин) аппаратында иштеген Улуу Ата мекендик согуштун ардагери Мария Кирсанованын үйүнө барып, майрамы менен куттуктады. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы маалымдады.

Ардагердин ал-акыбалынан кабар алган Төрага Чыныбай Турсунбеков: “Азыркы жыргал турмуш сиздей апаларыбыздын кан майдандагы көрсөткөн эрдигинин жемиши, талыкпаган каармандыгыңыздардын мөмөсү. Андыктан, өзүңүз аруу тилек, асыл эмгек менен тартуулаган жакшы турмушта аман болуңуз. Эгемендүү Кыргызстаныбыздын өнүгүшү үчүн ак батаңызды берип, көп жашаңыз. Сиздей ардактуу ардагерлерибиз бар, биздин бактыбыз кенен”, – деген пикирин билдирди.

Андан тышкары, “Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери мамлекет тарабынан толук камкоордукка алыныш зарыл” – деген Төрага, Мария Кирсанованын саламаттыгынан аймактык дарыгерлер тынымсыз кабар алып, үйүнөн көзөм кылып турушу керектигин эскертти. Бул үчүн зарыл болгон бардык шарттар каралаарын кошумчалады.

Ошондой эле Жогорку Кеңеш Төрагасы парламент депутаттарынын атынан ардагерди майрамы менен куттуктап, жеке Төраганын фондунан материалдык жардам көрсөттү.

Белгилей кетсек, Согуштун катышуучусу Мария Кирсанова 1954-жылдан 1988-жылга чейин Кыргыз ССР Жогорку Советинин Иш башкармалыгында консультант болуп эмгектенген.

Премьер министр майрамдын алдынан Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Сардарбек Акылбековго барды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков майрамдын алдынан 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Токбай айылынын тургуну Сардарбек Акылбековго барды. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

«Сизди чын жүрөктөн 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 72-жылдыгы менен куттуктайм. 1942-жылы 18 жаш курагыңызда кандуу согушка аттанып, андагы миллиондогон адамдардын, анын ичинде биздин мекендештердин өмүрүн алган бардык оор учурду баштан өткөрдүңүз. Сиздердин тайманбастыгыңыздардан 1945-жылдын 9-майы миллиондогон жарандар үчүн эң маанилүү күн катары тарыхта калды», – деди Сооронбай Жээнбеков. Ал Өкмөт Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жакшы шарт түзүү үчүн  ар тараптан колдоо көрсөтөрүн баса белгиледи.

Өкмөт башчы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сардарбек Акылбековго бекем ден-соолук, ийгилик жана ачык асман каалады. Ага Премьер-министрдин резервдик фондунан материалдык жардам берилди.

Сардарбек Акылбеков «Ата Мекендик согуштун II даражадагы ордени», «Германияны жеңгендиги үчүн» медалынын  жана ошондой эле бири катар медалдардын ээси, эмгектин ардагери.

Абакта да радикалдашуу бар

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Кыргызстан абактарында радикалдашуунун алдын алуу жолдорун талкуулоо үчүн БУУ жана Япониядан өкүлдөрдү чакырды. Башкармалыктын үмүт кылышынча, эл аралык адистер террорчу жана экстремист туткундар менен иштөө системасын бекемдөөдө жардам беришет.

Кыргызстан диний экстермизм жана терроризмге каршы күрөштөгү иш-аракеттерин күчөтүү менен бирге, экстремизм жана терроризм боюнча соттолгондор менен иштөөнү улантууда.

Булак: “Азия Ньюс”

ОшМЮИ  Жеңиш майрамынын урматына Эмгек майрамын уюштурду

Ош мамлекеттик юридикалык институтунун жамааты Улуу Ата Мекендик согуштагы  Жеңиштин 72 жылдыгынын урматына атайын ишембиликке  чыгышып, аны эмгек майрамына айлантты. Анткени уюшкандыкта уланган ишембиликте өздөрүнүн демилгеси менен катышкандар көтөрүнкү маанайда эмгектеништи. Алар аталган жогорку окуу жайдын короосундагы гүлзарлардын астын  чаап, жумшатып, жапайы чөптөрдөн тазалашты. Бак-дарактар акталып, иретке келтирилди. Бул туурасында ОшМЮИнин басма сөз катчысы маалымдады.

– Жеңиш майрамын өзгөчө тазалык менен көтөрүнкү маанайда тосуп алабыз, -дейт ОшМЮИнин ректору юриди ка илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторов.

Чындыгында институттун студент жаштары Ош шаарынын Манас ата кичи районундагы Исхак  Разаков, Уркуя Салиева атындагы көчөлөрдүн жээктериндеги арыктарды, тратуарларды тазалап, таштандылардан арылтты. Гүл көчөттөрүнүн астыларына жөөк ачып, сугарууга даярдап коюшту. Алардын уюшкандыкта аткарган эмгегинин натыйжасында кичи райондун аймагы көркүнө чыгып,  шаардыктарга жана келген конокторго жылуу сезим ыроолоп, майрамдык маанай тартуулоодо.

«Шаарыбыздын тазалыгы үчүн!» деген демилге менен чыккан институттун жамааты ишембиликти мындан ары уланта бермекчи.

Улуу Жеңиштин 72-жылдыгына карата Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын жана оорукта кызмат кылган ардагерлерди ИИМ жетекчилиги куттуктады

Бул боюнча Ички иштер министринин атайын буйругу жарык көрүп, министрликтин кызматкерлери ар бир ардагердин үйүнөбарып, министрликтин атынан акчалай жардам жана азык-түлүк салынган баштыктарын тапшырышты. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдады.

Алгач согуштун ардагерлеринин эң эле улуусу 93жаштагы Угроватая Татьяна Потаповнанын үйүнө бардык. Ички иштер министрлиги жыл сайын унутта калтырбай, көңүл бургандыгына ыраазы болуп көзүнө жаш алган Татьяны Потаповнага акчалай сыйлык, гүл жана азык-түлүк салынган баштык тапшырдык. Албетте, жыл өткөн сайын мындай улуу ардагерлерибизден арылып баратканыбыз баарыбызды өкүндүрбөй койбойт. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында Ички иштер органдарынын ардагерлеринин катарында 2 согуштун ардагери жана 4 согуштун ардагерлеринин жубайлары калганын эске алып, ошол эле учурда Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аталарыбыздын жана согушка катышкан ардагерлерибиздин, тылда иштеген энелерибиздин төө көтөргүс аткарган иштерин унутта калтырбай, келечектеги жаш муундарга калтыруу ар бирибиздин милдетибиз десек болот.

ТНТ каналынын "Танцы" берүүсүнө кыргыз жигити катышты

Кыргыз бийчиси Солто Эсенгулов Орусиянын ТНТ телеканалынын «Танцы» шоу берүүсүнүн алгачкы тандоо турунан өттү. Бул тууралуу ал: «Алгачкы тандоо турунан телевизиондук кастингге өттүм. Кастинг июнда болсо, видеосу октябрда көрсөтүлөт экен», – дейт бийчи. Айта кетсек, ТНТ телеканалынын «Танцы» берүүсүндө бийчилер «Орусиянын мыкты бийчиси» наамы үчүн күч сынашышат. Бул долбоор 2014-жылдын 23-августунан тарта экранга чыгып келет.

Булак: “Де-Факто”

Сооронбай Жээнбеков «Бишкек-Кара-Балта» унаа жолундагы ремонт иштеринин жүрүшү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6- майда, «Бишкек – Кара-Балта» унаа жолундагы ремонт иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.


«Бишкек – Кара-Балта» авто жолу өлкөбүздөгү стратегиялык көп каттамга ээ болгон жолдордун бири. Муну эске алуу менен аталган жолду капиталдык реконструкциялоону баштоо жана жолду кеңейтүү чечими кабыл алынган. Аталган максатта финасы каражаттары бөлүнүп, аны колдонуу жана иштин сапаты катуу көзөмөлгө алынат», – деп баса белгиледи Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.


Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, «Бишкек – Кара-Балта» унаа жолун реконструкциялоо боюнча өткөрүлгөн тендерде жеңүүчү компания ремонт иштерин 2017-жылдын 20-майында бүткөрүүсү керек.
«10 күндөн соң аткарылган иштерди жана «Бишкек – Кара-Балта» унаа жолун реконструкциялоо боюнча компаниянын даярдыгын жеке өзүм текшерем. Жалпы республика үчүн аталган унаа магистралынын маанилүүлүгүн эске алып, реконструкциялоо боюнча иштер 24 саат бою жүргүзүлүүгө тийиш. Жүргүзүлгөн иштер жана сапаты жогорку стандартка ылайык болушу керек», -деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.
Андан соң Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Маловодное айылындагы салмак габариттик көзөмөл пунктунун иши менен таанышты.


«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө салмак габариттик көзөмөл пунктунун иши боюнча парламент депутаттары, айдоочулардын өздөрүнөн көптөгөн даттануулар келип түшүүдө. Салмак габариттик көзөмөл пунктунун айрым кызматкерлери коррупцияга айыпташууда. Алар акча үчүн ашыкча жүктөлгөн фураларды өткөрүп, анын жыйынтыгында жолдун катмары бузулууда», – деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловго кайрылып жатып.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу салмак габариттик көзөмөл департаментинин директору Эмильбек Таштаналиев маалымдагандай, коррупция менен күрөшүүнүн алкагында салмак габариттик пунктунун 260 кызматкери мыйзамсыз жыйымдар жана жемкорлук үчүн айыпталып, жумуштан алынган.


Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, мыйзамсыз жыйымдар менен күрөшүүнүн бирден-бир механизми салмак габариттик көзөмөл пунктарында мобилдик түйүндөрдү жана жүк ташууларды көзөмөлдөөчү он-лайн системасын ишке киргизүү болуп саналат. Аталган системаны 2017-жылдын 20-майына чейин ишке киргизүү тапшырылды.

Меню