Menu

КООМ

“Альянс Алтын” ардагерлерге арнап көчөт отургузду

Талас районунун жаштары быйылкы Жеңиш майрамын өзгөчөлөнген салтанатта тосуп алчудай болушту. Алар Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына карата райондун ардагерлерин куттуктап, атайын көчөттөрдү отургузушту. Бул самаалык “Альянс Алтын” компаниясынын колдоосу менен ишке ашты.

Жыл өткөн сайын катары суюлуп бараткан ардагерлердин элесин түбөлүк сактоо ниетинде жаштар отургузган жашыл карагай, алма жана роза гүлдөрүнүн көчөтү болочок дүпүйгөн бакка айланаары бышык.

Андан сырткары ардагерлерге акчалай жана азык-түлүк менен жардам берилип, сый тамак уюштурулду.

72 жыл мурун кыйылган нечендеген өмүрлөр аркылуу келген жеңиш кандуу алааматтын акыркысы болуп, тынчтыгыбыз түбөлүккө созулсун.

Булак: “Майдан.kg”

“Чүйдүн орто кылымдагы шаарлары: сактап калуу, колдонуу, изилдөө” аталышындагы семинар өтөт

Эртең, 11-майда саат 10:00дө Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын чакан залында “Чүйдүн орто кылымдагы шаарлары: сактап калуу, колдонуу, изилдөө” аталышындагы семинар өтөт. Бул туурасында КР УИАнын басма сөз кызматы билдирди.

Анда кыргызстандык изилдөөчүлөр Ак-Бешим, Шамси-3, Красная Речка, Новопокровка-2 шаарчаларындагы акыркы он жылдыктагы изилдөөлөрүн сунуштайт.

Иш-чараны Тарых жана маданий мурастар институту жана Япониянын ТЕЙКО университети өткөрүп, семинарга Тарых жана маданий мурастар институтунун кызматкерлери, ЮНЕСКОнун иши боюнча улуттук комитети, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Чүй районун жетекчилиги жана Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн өкүлчүлүгү катышат.

Семинар “Чүй өрөөнүндөгү орто кылымдагы шаарларды сактоо жана колдонуу” жана “Чүй өрөөнүндөгү шаарларды изилдөө” деген эки сессиянын ишке ашырылат.

Таласта Советтер Союзунун Баатыры Асанбек Оторбаевдин эстелигинин алдында жеңиш күнүнө арналган салтанаттуу митинг-реквием болду

Кечээ, 8- май  күнү Талас районунун Чат-Базар айылында Советтер Союзунун Баатыры Асанбек Оторбаевдин эстелигинин алдында   Улуу жеңиштин 72 жылдыгына арналган чоң салтанат болуп, ал  согушта курман болгон жоокерлерди эскерүү митингиси менен башталды. Бул тууралу КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Салтанаттуу митингде куттуктоо сөз менен чыгып сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев белгилегендей Талас районунун Чат-базар айылынын тургуну, ушул айылда 1925 –жылы туулуп, ушул айылда жети жылдык мектепти ийгиликтүү аяктап, колхоздо эмгек жолун баштаган Асанбек Оторбаев  1943-жылдын январь айында 18 жаш курагында өз ыктыяры менен согушка аттанып, 1-Украин фронтундагы 59-армиянын 13-аткычтар дивизиясынын 296-аткычтар полкунда пулеметчу болуп душмандар менен салгылашат.

Ал 1945-жылдын 31-январында Одер дарыясынын жээгинен орун алган немецтердин плацдармын алууга жана аны бекемдеп коргоп калууга катышып, фашисттердин беш контратакасынын мизин кайтарып, өзү жалгыз душмандын 25 солдат, офицерлерин кыйраткан.

Фашисттик баскынчылардын алтынчы контратакасы болгондо колуна эки гранатаны алып, душмандын артиллериялык орудиесин талкалап, өзү да курман болгон.

Митинге –реквиемге катышышкан Уулу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери Майтпасоа Кенжегул, Иманалиев Картанбай, Венгер окуяларынын катышуучусу Молдосанов Асранкул согушта көрүшкөн азап-тозок күндөрүн эскеришип, экинчи согуш болбосун, балдарыбыз тынчтык күндөрдө жакшы жашасын деген ак тилектерин айтышып, баталарын беришти. Ушул эле күнү согуштун жана тылдын ардагерлерине арналып Чат-Базар айылындагы кафеде сый тамак уюштурулуп, ардагерлерге акчалай белектер берилди.

Фотобаян - Жалал-Абад шаарындагы “Жеңиш” сейил багында Улуу Жеңиштин 72 жылдыгы салтанаттуу майрамдалды

Бүгүн, 9-Майда Жалал-Абад шаарындагы “Жеңиш” сейил багында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Совет элдеринин Улуу Жеңишинин 72 жылдыгына арналган майрамдык салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Майрамдык салтанатуу иш-чаранын алдында Жалал-Абад шаарынын борбордук Ленин көчөсүнөн Красина көчөсү менен жүздөгөн шаардыктар “Өлбөс полк” аттуу жүрүш жасашып, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын сүрөттөрүн көтөрүшүп, “Жеңиш” багына агылып келишти. Ал эми жүздөгөн спортсмендер Советтер Союзунун Баатыры Тукукбай Тайгараевдин эстелигинен  “Жеңиш” багына чейин жөө чуркап келишти.

Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына арналган майрамдык салтанаттуу иш-чаранын катышуучуларына “Өчпөс ысымдар” аталышындагы театралдаштырылган көрүнүш тартууланды.

Улуу Жеңиштин 72 жылдык майрамдык салтанатынын катышуучулары Жалал-Абад шаарынын “Жеңиш” багындагы Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калган мекендештерибизге арналып тургузулган эстелик менен түбөлүк отко гүлчамбарларды коюшту. Андан соң майрамдык салтанаттуу иш-чара Кыргыз Республикасынын гимни менен башталды.

Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына арналган майрамдык салтанаттуу иш-чараны Жалал-Абад шаарынын аскер комиссариатынын аскер башчысы, капитан Мирлан Кадыралиев алып барды жана алгачкы куттуктоо сөзүн КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевге берди

—      Улуу Жеңиштин 72 жылдык майрамы менен    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын. 9-май – Улуу Жеңиш майрамы биз үчүн унутулгус ыйык майрам болуп саналат. Адамзаттын тарыхындагы эң кандуу жана эң катаал Улуу Ата Мекендик согуш жер жүзүндө терең жаракат калтырды. Ошол кандуу 1418 күнгө жана түнгө созулган Улуу Ата Мекендик согушта Кыргызстандын  калкынын ар бир алтынчы адамы колуна курал алып, ыйык мекенин душмандардан коргоо үчүн аттанган. Көп улуттуу элибиз согуш жылдары “Бардыгы фронт үчүн, бардыгы Жеңиш үчүн!” деген ураан алдында эки эселенген күч-кайрат жана Жеңишке болгон бекем ишеним менен эмгектенишкен. Биздин ата-бабаларыбыздын ынтымагы менен биримдиги, октон жалтанбай ажалга тике карап, өлүмдөн кайра тартбагандыктары Улуу Жеңишти камсыз кылды десек туура болот. Биздин ардактуу аталарыбыз, кадырман согуштун ардагерлери, ооруктун эмгекчилери Мекенибизди чындап кадырлап сүйүшөөрүн кан-жаны, бүтүндөй өмүрү жана ак эмгектери менен далилдешти.

Улуу Ата Мекендик согушта Жалал-Абад областынан 7 адам Советтер Союзунун Баатыры деген ардактуу наамга татыктуу болушкан. Биз бүгүн терең сыймыктануу менен жердештерибиз Тукубай Тайгараевдин, Розы Азимовдун, Евдоким Мазковдун жана Михаил Бабкиндин ысымдарын сыймыктануу менен эскеребиз. Алардын Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн улуу эрдиктери жана  жаркын элестери элибиздин эсинде түбөлүккө унутулбай сакталат.

Ошол каардуу согушта Жалал-Абад областынан 30 миңден ашуун эр-азаматтар согушка аттанышкан болсо, алардын ичинен 18 миңден ашуун мекендештерибиз Ата-Журтуна кайтпай калышкан.    Учурда областыбыздын аймагында 84 Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, 116 ооруктун катышуучулары жана апаат согуштан күйөөлөрү кайтпай калган 520 жесир энелерибиз жашап жатышат.

Сиздердин Улуу Ата Мекендик согуштагы өлбөс-өчпөс эрдигиңиздер жана согуштан кийинки тынч бейпил заманды кайра куруудагы  өрнөктүү жана күжүрмөн эмгегиңиздер өсүп келе жаткан жаш муундарыбыз үчүн ар дайым сыймыктануу сезимин жаратып, аларды мекенчилдикке тарбиялайт десем жаңылбаймын.

Экинчи дүйнөлүк согуштан жер жүзүндө 50 миллионго  жакын көптөгөн улуттардын өкүлдөрүнүн өмүрлөрү бейкүнөө кыйылган. Адамзаттын тарыхындагы бул оор трагедияны  эч качан унутууга  болбойт. Улуу Жеңишти колго киргизген ата-бабаларыбыздын урпактары өсүп келе жаткан жаш муундар арасында алардын мекенди сүйүүгө болгон тунук сезимдерин күчөтүү менен аларда мекенчилдикке болгон бийик жана  улуу күчтү жандандырууга жетишүүбүз керек. Улуу Ата Мекендик согуштагы ата-бабаларыбыздын өлбөс-өчпөс эрдиктери биздин  жаштарыбызга сыймыктануу сезимин жаратуучу ыйык жана улуу мурас болуп калышын зарыл деп санаймын.

Сиздердин улуу эрдигиңиздерге биз ар дайым башыбызды ийип, таазим этебиз. Сиздер ар дайым  биздин катарыбызда болгула, жашообуз бейпил болуп, ар дайым мекенибизде балдарыбыздын күлкүсү жаңырсын, асманыбыз ар дайым ачык болсун. Улуу Жеңиштин 72 жылдык даңктуу майрамы баарыбызга куттуу болсун! Дагы бир жолу Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен кадырлуу согуштун жана ооруктун ардагерлери!,- деди ыйгарым укуктуу өкүл кыянбек Сатыбалдиев.

Улуу Жеңиштин даңктуу 72 жылдык майрамы менен Жалал-Абад шаарынын тургундарын жана конокторду Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери  Сафин Гаффан, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы консулу Николай Кондуров, КРнын Жогорку Кеңшинин депутаты Айнура Осмонова,  облусттук ардагерлер кеңешинин төрагасы Садырбек Качкынбаев жана облустук Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлер кеңешинин төрагасы, полковник Мамазакир Мамадияров куттукташты.

Улуу Ата Мекендик согушта кайтпай калгандардын жаркын элестерине арнап Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз Закиров куран түшүрдү. Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 72 жылдык майрамы облустун бардык район-шаарларында жогорку деңгээлде салтанаттуу майрамдалды.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Жаркынай Мустафаева, Кара-Суу районунун тургуну: "Эне сүтү оозунан кетелек наристелерди динге азгырып кайда баратабыз?"

Өлкөбүздө эмне гана өзгөрүүлөр болуп атат. Билим берүү министрлиги кай жакты карап жатат? Билбейсиң. Өңгөсүн коюп эле бала бакчаларды карап койсо болот го? Мектепке бара элек, тамганы жакшылап тааныбаган балдарыбыз дин багытындагы бала бакчага барып атканы кейиштүү жагдайды жаратууда. Дин жөнүндө балдар эмес ата-энелери тереңден маани бере элек, эне сүтү оозундагы балдарды куран жана арабча окутуп атканын тиешелүү адистер тыкыр текшерүү керек го деп ойлойм. Антпей, ар ким өз билгенин кыла берсе, келечек муун кайсы жолду көздөй кетип баратканыбызды билбей калып ит болобузбу? Мен баланын ыймандуу, улууну урматтап, кичүүнү ызааттаган, адептүү болуп чоңоюшуна каршы эмесмин, тескерисинче, колдойт элем. Бирок, биздин мамлекет Сирияга айланып кетишин каалабайм. Урматтуу билим берүү, илим министрлиги, урматтуу Гүлмира Кудайбердиева айым, Кыргызстандын баардык бала бакчаларын текшерип, жеке бала бакчаларды көзөмөлгө алып коюуңарды көптөн-көп суранат элем.

Булак: “Азия Ньюс”

Сооронбай Жээнбеков Чоң-Алай районундагы жер титирөө болгон жерге барды

Сооронбай Жээнбеков, 7-майда, Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу жер титирөө болгон Кара-Тейит, Кара-Мык, Жекенди жана Шибээ айылдарына барды.

Өкмөт башчы жергиликтүү тургундар менен жолугуп, табият кырсыгынан жабыркаган турак үйлөрдү, социалдык жана инфраструтуралык объекттерди көрдү.

Ал жергиликтүү тургундарга Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан колдоо сөзүн билдирип, Өкмөт кырсыктын кесепеттерин ыкчам жоюуга мүмкүн болушунча максималдуу күчүн жумшай турганын кошумчалады. Сооронбай Жээнбеков бардык тиешелүү мамлекеттик органдар абалды өзгөчө көзөмөлгө аларын баса белгиледи.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшанбек Рысбаев билдиргендей, акыркы кезде Чоң-Алай районунда түрдүү магнитудадагы 16 жер титирөө катталган болсо, анын 8 и төрт баллдан жогору болгон.

Жалпысынан 993 турак үй текшерүүдөн өтүп, анын 8 толук жарактан чыккандыгы, 529 авариялык абалда экендиги жана 456 түрдүү оңдоолорго муктаж экени аныкталды.

Ошондой эле жергиликтүү оорукана да капиталдык оңдоого муктаж жана жер титирөөдөн мечит менен орто мектеп да жабыркаган.

Жабыркаган жергиликтүү элге 510 чатыр тигилип, ага 2964 адам жайгаштырылды.
Учурда жарандык коргоо органдары келтирилген чыгымдарды аныктоо иштерин жүргүзүүдө.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев бардык жабыркаган айыл аймактарында жергиликтүү элге тез медициналык жардамдарды көрсөтүү үчүн көчмө медициналык пункттар иштеп жатканын билдирди.

Абал менен таанышып чыккан Өкмөт башчы тиешелүу мамлекеттик органдарга окуу процессин үзгүлтүккө учуратпоо үчүн, мектеп окуучуларына мобилдүү билим берүү мекемелерин уюштурууну тапшырды.

Ошондой эле жабыркаган айылдык пункттарга керектүү болгон курулуш материалдарын өз баасында жеткирүү иштерин уюштуруу маселеси да тапшырылды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушууда, өлкөдө 2017-2026-жылдарга ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасынын алкагында Чоң-Алай районунун бир катар айылдарына ирригациялык инфраструктураларды оңдоо каралганын баса белгиледи.

Ал дагы бир жолу өрттөн, жаратылыш кырсыктарынан турак жайды камсыздандыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, атайын ушул максатта Мамлекеттик камсыздандыруу уюму түзүлгөнүн билдирди.

Камсыздандыруу төлөмү айыл тургундары үчүн жылына 600 сомду түзүп, камсыздандыруу төлөө учурунда 500 миң сомго чейин төлөнөт.

Өкмөт башчы ошондой эле бардык тиешелүү сейсмологиялык жана башка нормаларды эске алуу менен курулуш иштерин жүргүзүү керектигин билдирди.

Архитектура курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев билдиргендей бул максатта ведомство тарабынан жакын арада жергиликтүү элге таркатыла турган атайын брошюралар чыгарылды.

Эскерте кетсек, Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы жер көчкүдөн жана Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүү максатында каражат чогултуу үчүн атайын эсеп ачылган, түшкөн акчалай каражат атайын комиссиянын жана жергиликтүү элдин катышуусунда бөлүштүрүлөт.

Өзбекстанда картошка дээрлик төрт эсеге кымбаттады

Акыркы айларда Өзбекстанда картошканын баасы дээрлик төрт эсеге жогорулады. Учурда Ташкент базарларында анын бир килограммы 7-8 миң сумдан (1 АКШ доллары) сатылууда. Былтыр декабрдын башында картошканын килограммы 3 миң сумдан, ноябрдын ортосунда 1,5 миң сумдан сатылып жаткан.

Өлкөнүн айрым облустарында жергиликтүү бийликтер атайын дүкөнчөлөрдү уюштуруп, аларда картошка салыштырмалуу арзан сатылууда. Бирок мындай чаралар да картошка баасынын кымбатташын токтото албай жатканы айтылууда.

Өзбекстанда баалардын жогорулашын жаздын кеч келиши жана өткөн жылдагы түшүмгө терс таасирин тийгизген зыянкечтердин көп болушу менен байланыштырып жатышат.

2016-жылы өлкөдө 2,6 миллион тоннадан ашык картошка жыйналган. Бийлик 2020-жылга чейин анын түшүмүн 3,6 миллион тоннага чейин жеткирүүгө ниеттенүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Астанада өлкө тарыхындагы «эң масштабдуу» аскердик парад өттү

Астанада Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына жана Жеңиш күнүнө карата аскердик парад өттү. Ал өлкө тарыхындагы эң ири парад деп айтылууда.

Расмий маалыматтар боюнча парадга беш миңден ашык жоокер катышып, 300 аскер техникасы көрсөтүлдү.

Өлкөнүн Коргоо министрлиги бул иш-чараны Казакстандын тарыхындагы эң масштабдуу парад деп атады.

Президент Нурсултан Назарбаев куттуктоо сөзүндө өлкө армиясы учурда кайрадан жаңыланып жатканын билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, Казакстандын душмандары жок, бирок «күч түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүндөгү жаңы багыт террорчулукка каршы күрөшүү» болуп эсептелет.

 

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

3 миңден ашуун үй-бүлө жер көчкү коркунучунда жашайт

Өзгөндөгү жер көчкүнүн кесепеттери жалпы журттун кабыргасын кайыштырып турат. Жети үйдөн 24 жараныбыз жер алдында калса, анын ичинен тогузу жаш балдар. Жер астынан сегизинин гана денесин казып чыга алышты, калгандарын табуу мүмкүн болбоду. 30-апрелде жалпы өлкө боюнча Аза күтүү күнү жарыяланып, эл кайгы жашына какап турду. ӨКМдин маалыматы боюнча бүгүнкү күнү 3 миңден ашуун үй-бүлө жер көчкү алдында калуу коркунучунда жашашат. Республика боюнча жалпысынан 4 миң 552 жер көчкү жүрүүчү участок бар.

Булак: “Алиби”

Кыргызстандык пианист Америкалык Опера ырчысы менен баш кошту

Кыргызстандык белгилүү пианист Азамат Сыдыков менен америкалык опера ырчысы Николете Раллистин (Nikoleta Rallis) үйлөнүү тою өттү. Бул туралуу музыкант социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыялады. А.Сыдыков М.Абдраев атындагы республикалык музыкалык мектептин фортепиано классын аяктаган. Учурда Нью-Йорк шаарында жашайт. Ал 2009-жылы дүйнөдөгү эң мыкты пианист деп табылган. Италияда өткөн эл аралык пианисттер сынагында 2 номинация боюнча баш байгени жана 1 орунду ээлеп, алтын кубок жана алтын диплом алган. Ошондой эле, көптөгөн эл аралык деңгээлдеги сынактарга катышуу менен алдыңкы орундарды ээлеп келет.

Булак: “Де-Факто”

Меню