Menu

КООМ

«Issyk-Kul International Tourism Fair-Exhibition-2017» Эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкенин ачылышы болуп өттү

Биздин негизги милдетибиздин бири – өлкөнү Борбор Азияда аймактык туризмдин борборуна айландыруу. Бул тууралуу бугун, 6-майда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова «Issyk-Kul International Tourism Fair-Exhibition-2017» Эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкенин ачылышында билдирди” – деп маалымдады Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

«Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүктүүрүүнүн улуттук стратегиясына ылайык, Өкмөттүн алдындагы негизги тапшырмалардын бири – ажайып тоолуу Кыргызстанды Борбор Азияда аймактык туризмдин борборуна айландыруу»,-деди Чолпон Султанбекова.

Вице-премьер-министр бул максатка жетүү үчүн Өкмөт тарабынан туризм тармагына чет элдик инвесторлорду тартуу, маркетинг тармагындагы иш чараларды өткөрүү, фестивалдарды, жарманкелерди уюштуруу жана өлкөдө туруктуулукту сактап, республикага келген ар бир туристтин коопсуздугун камсыз кылуу чаралары каралгандыгын билдирди.

Вице-премьер-министр белгилегендей, 2016-жылы туризм тармагындагы инвестициянын негизги капиталы 15 млрд сомду түзгөн. Туризмдеги жеке соода айлантуунун көлөмү 19 млрд сомго жетти. Туристтерден түшкөн киреше 400 млн АКШ долларынан ашты. Жыл сайын туристтердин агымы артып, 2016-жылы Кыргызстанга 4 млн турист келген.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова «Issyk-Kul ITF 2017» Эл аралык көргөзмө-жарманкеси Кыргызстандын аймагындагы бардык туристтик сектордун катышуучуларын бириктирген негизги аянтча болуп саналарын баса белгиледи.

«Негизги максат Кыргызстанда ден-соолугун чындап, эс алып кетиши үчүн чет элден келген туристтердин санын арттырып, туристтик секторлор менен ата мекендик ден-соолукту чындоочу мекемелер арасында келишимдерди түзүү болуп саналат. Аталган иш чара өлкөлөр аралык байланышты бекемдөө жана туризм тармагында киреше булактарын арттырууга багытталган»,-деди Чолпон Султанбекова.

Туристтик жарманкеге катышуу үчүн Кыргызстандын 200 дөн ашык курорт, пансионат, отелдер жана туроператорлор анын ичинде түрдүү багыттагы бизнес компаниялары чакырылган.

Токойчулар Айгүл гүлүн үзгөндөр боюнча милицияга кайрылат

Бул тууралуу Баткен облустук токой чарба кызматынын башчысы Абдыкалык Кимсанов «Азаттык» радиосуна билдирди.

Тамырынан үзүлгөн Айгүл гүлүн тобу менен кучактап турган кыздын сүрөтү интернет колдонуучулар арасында кызуу талкуу жаратып жатат.

Азырынча анын аты-жөнү тактала элек. Гүл менен кандай жагдайда сүрөткө түшкөнү, качан тартылганы, өзү үзгөнбү-жокпу белгисиз. Сүрөт боюнча токой чарба кызматкерлери милицияга кайрыла турган болду. Айгүл Кыргызстандын «Кызыл китебине» киргизилип, корукка алынган. Бир гүлдү үзгөн кишиге 4,5 миң сом айып пул салынат. Быйыл гүлдү жулуп кармалгандар каттала элек болчу. 2016-жылы эки киши кармалып, айыппул төлөгөн.

Булак: “ПолитКлиника”

Алымбек Жолдошбеков, Талас шаарынын тургуну: "Улан мырза, айланаңдагы милициянын жетекчилерине катуу көзөмөл кыла көр!"

Мелис Турганбаев ИИМден кеткени тартип сакчылар ич арасы да бузулду. Биринчи кезекте милиционерлер өздөрү үлгү болуш керек эле. Анысы байкалбайт.

Өткөндө биздин айылда бир кишинин байланып аткан семиз жылкысы жоголду. Короонун ичинен уурулар жетелеп кетишиптир. Эки милиция келип «сен жаз, мен жаз, протоколду сен толтур, мен толтур» деп ызылдашып, эмне деп жазып кеткендерин билбейсиң. Ушу кезге чейин дайын-оту жок жоголушту. Мелистин кезинде мындай көрүнүштөр жокко эсе болчу. Милициялар ууруларды бир жумага жеткирбей таап келишчү. Азыркы ИИМ башчысы Улан Исраилов эл ичиндеги ушундай иштерге тыкыр көзөмөл кылса. Бир сөз менен айтканда, биздин райондо ушундай бардак болуп атыры. Милициялар тез-тез алмашып атат. Бир күнү бир башкасы келип калат, экинчи күнү дагы бирөө келет. Баш айланып калды. «Реформа жүргүзүп атырбы?» деп коёсуң. Урматтуу ИИМ башчысы Исраилов, сага үмүтүбүз зор! Президенттик шайлоонун шайтан оюндары башталса, тартип жагын көзмөлдөй турган силер болсоңор, катуу иштешиңер керек. «Түсү ийгиден түңүлбө» дейт. Улан мырза, жаш жигит экенсиң, кол алдындагы жана айланаңдагы милициянын чоңдорун жакшылап көзөмөл кыла көр, алар жакшы иштесе зоболоң көтөрүлөт, болбосо далайды көргөн «карышкырлар» өзүңө зыян кылып коюшпасын…

Булак: “Азия Ньюс”

 

"Өзгөндө өлгөндөр өздөрү күнөөлүү"

Россияда кооптуу, сел, көчкү коркунучтары бар жерлерден мамлекеттин тиешелүү кызматтары мажбурлап болсо да көчүрүп таштайт экен. Алгач мамлекет ошондой жерлерде жашагандарга башка жер сунуштап, көчүү процессине транспорттук жардам көрсөтөт же жол чыгымдарын акчалай төлөп берүү ыкмалары каралган. Көчкөнгө макул болбогондорду соттун чечимин чыгарып, сот аткаруучулар полиция менен келип күчтөп көчүрүшөт экен. А бизде болсо Орусиядан өнүккөнбүз, алардай убара болуп сот-пот деп олтурбай эле, президентибиз көчкүлө деп эле айтып коёт. Көчпөй койсо өз убалың өзүңө өлө бер, мамлекет не причем… Көчкүлө деген адамдарга жерлер сунушталса да өтө ыңгайсыз же бир башка шарттары туура келбеген жерлерди сунуштайт. Андай жерлерге адамдар көчүүдөн баш тартат. Ал эми транспорттук чыгымдарына көмөк кылуу тууралуу сөз да болбойт. Мындай учурда мамлекет сүйүнөт, “биз мына сунуштадык, өздөрү болбой койду” деп. Акт, протокол жазып коюшат, кийин кокус бирдеме болсо көрсөтө калалы дешип. Ал эми ошондой макул болбогондорго мыйзамдуу чара көрүп, мыйзам чегинде мажбурлоо деген болбойт. Анткени соттор, прокурорлор, милициялар Атамбаев менен СДПКчылардын аброюн коргоо менен алектенип, колдору бошобойт. Милициясы болсо аянттарда катын-калачтар менен күрөшкөнгө эле жарайт.

Ээх журтум, эмне дейбиз? Бир айтабыз, эки айтабыз анан басылабыз да… Кырсыктан кайтыш болгондордун ыйманы саламат болсун, башка сөз жок…

Бул өзү “жёлтая карточка” деген күчтүү документ турбайбы, андай карточка ажоңдо болсо совсем күчтүү болот экен. “Кудайды да тааныбай койгонго болот” деген өнөк алат тура…

Учактын кырсыгы биздин тиешелуу кызматтардын техникасынын абалын, моргдогу материалдык жагдайды көрсөтүп койду эле. Эми бул көчкү кырсыгы башкаруу, тейлөө кызматтарынын кандай экенин дааналап койду… Эмне дейбиз, президентибиз айткан “Көчкүлө!” деп, көчпөй коюшкан өздөрү күнөөлүү…

Аллахым берип эсебин,

Айласыз турган кезегим.

Абийирди ачат кырсыктар,

Ажорик Алмаз э…им.

Өлгөндөр шейит пендеби,

Ойлоду алар эмнени.

Жалынган чыгар Кудайга,

Кайталап айтып келмени.

Кайгыны алар сезгендир,

Капилет ажал жеткендир.

Апалап ыйлап наристе,

А балким, билбей кеткендир.

Мыйзамдуу алып чеңгелге,

“Көчкүн” деп башка жерлерге.

Барбайт беле иш козгоп,

Башпрокурор шерменде.

Кырсыкты көрүп көзүбүз,

Кыскарды айтар сөзүбүз.

Шайлап алган сендейди,

Күнөөлүүбүз өзүбүз.

Капарга албай койдуңбу,

Кайгыга Алмаз тойдуңбу.

Каргаша кетпес жолуңан,

Каражолтой болдуңбу?

Эми баркын түшүндүң,

Элди алдап бүтүрдүң.

Эки кырсык бул белги,

Э…К Алмаз түшүнгүн.

Темирлан ОРМУКОВ, автордун фейсбук баракчасынан алынды

Булак: “Алиби”

"Кентавр" Бельгиядан баш байгени илип кетти

Актан Арым Кубат режиссёрлук кылган «Кентавр» тасмасы Бельгияда болуп өткөн «MOOOV» кино-фестивалында баш байгени алды. Бул туралуу 2-майда тасманын продюссери Алтынай Койчуманова билдирди. «Баш байгени алганыбызды биз да кечээ билдик. Фестивалга фильмдин режиссёру катышты. Байге акчалай сыйлык иретинде жана тасманы Бельгия, Нидерланды, Люксембургда прокатка чыгаруусуна кепилдик берет экен. Режиссёр бугун учуп келет, ошондо бул тууралуу толук маалымат алууга болот. Ал эми аталган өлкөлөрдө «Кентавр» тасмасы 2018-жылдын жаз мезгилинен тарта прокатка чыгат», – дейт продюсер.

Фестиваль 18-апрелден 30-апрелге чейин өткөнүн, «Кентавр» тасмасын көрүүчүлөр жылуу кабыл алышканын Алтынай Койчуманова кошумчалады.

Булак: “Де-Факто”

Түркмөнстанда президент сынынан кийин унаа жуучу жана оңдоочу жайлар жабылды

Түркмөнстанда президент Гурбангулы Бердымухамедовдун сынынан кийин дээрлик баардык унаа жуучу жана оңдоочу жайлар жабылды.

Өкмөт жыйынында өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедов көп учурда иче турган сууну колдонгон унаа жуучу жана оңдоочу жайлар ИИМ тарабынан тыкыр көзөмөлдөнбөй жатканын сындаган.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы билдиргендей, учурда айрым авто-механиктер унааларды жашыруун оңдоону улантууда, бирок бул ачыкка чыкса, 15 суткага камалышат.

Унаа жуучу жайлардын жабылышы менен айдоочулар олуттуу ыңгайсыздыктарга кабылышты. Түркмөнстанда кир автоунаа үчүн айыппул төлөнөт. Анын көлөмү – 100 манат (28,5 доллардын тегереги). Экинчи жолу кармалса 300 манат айыппул салынат.

Миңдеген унаа жуучу жана оңдоочу жайлардын иши кайра калыбына келер-келбесин Түркмөнстандагы расмий ММКлар кабарлаган жок. Өлкө бийлиги бул кырдаал боюнча түшүндүрмө бере элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Хекматияр талиптер менен сүйлөшүүдө ортомчу болууга даяр

Ооганстандын белгилүү аскер башчыларынын бири Гүлбеддин Хекматияр өкмөт менен түзүлгөн тынчтык келишимден бир нече ай өткөн соң, 4-майда Кабулга кайтып келди. Өлкө жетекчилиги аны президенттик сарайда кабыл алышып, чоң салтанат өткөрүштү.

Салтанатта Хекматияр талиптерди өкмөттүк аскерлер менен каршылашууну токтотууга чакырды. Ал талиптер менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүдө ортомчу болууга даяр экенин билдирди. Иш-чарада сөз сүйлөгөн президент Гани Хекматиярдын кайтып келиши менен өлкө тынчтыкка карай чоң кадам таштаганын айтты.

“Кабулдун касапчысы” ысымы менен белгилүү мурдагы премьер-министр Хекматияр Нангархар провинциясынан Ооганстандын борборуна куралдуу унаа кербендин коштоосу менен келди. Кербендин коопсуздугун камсыздоо үчүн куралдуу күчтөр тартылган.

Хекматиярдын «Хизб-и-Ислами» тобу 1979-жылы советтик аскерлерге каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн. Ал сентябрда Ооганстандын президенти Ашраф Ганинин өкмөтү менен тынчтык келишимине кол койгон. Бул келишимге өлкөнүн көптөгөн жарандары жана батыш укук коргоочулары нааразы болушкан.

Акыркы 20 жыл куугунтукта жашаган Хекматияр 1990-жылдардагы жарандык согушта өзгөчө мыкаачылык менен жасалган кылмыштар үчүн айыпталып келген.

https://www.youtube.com/watch?v=gYXAnWD9Ep0&feature=youtu.be

 

 

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

ОшМЮИда Улуу Жеңишке  арналган жумалык

    Ош мамлекеттик юридикалык институтунда Улуу Ата Мекендик согушта жетишилген Жеңиштин 72 жылдыгынын урматына атайын жумалык уланууда. Жумалыктын ар бир күнү түрдүү иш чаралар менен коштолууда. Ушул күнү да ОшМЮИнин юридикалык коллежинде «Ардагерлерибиздин баатырдыгын даңктайбыз!» аттуу жолугушуу аземи болуп өттү. Бул туурасында ОшМЮИнин басма сөз катчысы маалымдады.

Салтанаттуу түрдө  өткөн иш чарада окуу жайдын окутуучулар жана студенттер жамааты Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу 95 жаштагы  Камыт Сатыбалдиев менен жолугушту. Анда ардагердин  Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги эрдиктери эскерилип, ага сыймыктануу менен куттуктоолор айтылды. Эржүрөк ардагердин басып өткөн тарыхый жолун өрнөк катары кабыл алган студенттер ага атайын концерттик программасын арнап, майрамдык маанай тартуулады. Көңүлү көтөрүлгөн ардагер окуу жайдын жамаатына ыраазычылыгын айтып, жаштарды дайыма мекенчил болууга чакырды.

Иш чара андан ары ОшМЮИнин Адвокатура жана юстиция факультетинин «Конституциялык жана муниципалдык укук» кафедрасы тарабынан уюштурулган тегерек стол менен улантылды.  Жеңиштин тарыхтагы ээлеген ордуна арналган тегерек столго Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери 92 жаштагы  Роман Калимулин катышты. Анда  окумуштуу окутуучулардын, студенттердин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш боюнча илимий баяндамалары угулуп, айрым жагдайлар кызуу талкууланды. Ардагер да жаштар тарабынан берилген суроолорго тарыхый окуялар менен жооп кайтарып, кеңири маалымат берди.

Орусиялык компаниялар 14 миң өзбекстандыкты ишке алууга даяр

Орусиянын Волгоград моюнтирек заводу жана “Ренессанс” курулуш компаниясы 14 миң өзбекстандык үчүн иш сунуштоодо.

Өзбекстандын Эмгек министрлиги билдиргендей, Волгоград моюнтирек заводу Өзбекстандан эки миңдей жумушчу жана адисти алууну чечкен. 3-майда заводун жетекчилиги 200 өзбек жараны менен маектешкен.

Мындан тышкары орусиялык “Ренессанс” курулуш компаниясы өзбекстандык 12 миң ишчини кабыл алуу ниетинде.

Былтыр Өзбекстандын Эмгек министрлигинин өкүлдөрү Орусияны кыдырып, бир нече эмгек келишимдерине кол коюшкан.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Орусиядагы мамлекеттик сапары учурунда 55 документке кол коюлган. Алардын бири өзбек жарандарын Орусияда ишке алууга багытталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Лотореяга жамынган казинолор качан жабылат?

“Астра” аттуу чоң казинолор жабылганы менен, ошол эле ат менен лотереяга жамынган казино оюндары борбор калаага жайылып кетти. Канчалаган көз жаштар төгүлүп, канчалаган энелер сыздап отурат. Бул боюнча өкмөттүн башы деле ооруган жок. Укук коргоо органдары көмүскө казино оюндарын кармоону биротоло токтотуп коюшкандай. Акыркы эки жылда көмүскө казинолорду кармоо боюнча бир дагы факты каттала элек. Демек, оюн автоматтарын, лотереяга жамынган кумар оюндарын дал ошол укук коргоо органдары өздөрү “крышовать” этип жатабы деген ой келет экен. Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигенов буга чейин казино оюндарына тыюу салган мыйзам долбоорун өткөргөн эле. Андан кийин лотереяга жамынган кумар оюндарын жабуу боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатканын укканбыз. Ошол мыйзамды кичине тездетсе элдин сообуна калмак. Болбосо жашынан карысына чейин башы айланып, лотереядан чыкпай калышты.

Булак: “Ачык саясат”

Меню