Menu

КООМ

Кыянбек Сатыбалдиев Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун кадырман ардагерлерин куттуктады

9-Май – Улуу Жеңиштин 72 жылдык майрамынын  босогосунда Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун кадырман ардагерлерин КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев куттуктады. Бул туурасында ыйгарым өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

Анда мындай деп айтылат:

–  Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун кадырман ардагерлери! Сиздерди алдыбызда утурлап келе жаткан 9-Май — Улуу Жеңиштин 72 жылдык майрамы менен КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана өзүмдүн атымдан куттуктаймын. Кандуу апаат согушта Сиздер өз өмүрүңүздөрдү аябай, жергебизге кол салган душмандар менен аяоосуз кармашып, күрөштүңүздөр. Ажалга тике карап, мекенди коргоонун улуу эрдиктерин көрсөтүп, Улуу Жеңишти колго киргиздиңиздер. Биз Сиздердин эридигиңиздерге ар дайым башыбызды ийип, таазим кылабыз жана сыймыктанабыз. Ар дайым бар болуңуздар, кадырман согуштун жана ооруктун ардагерлери. Сиздерге бекем ден-соолук каалаймын,  карылыктын бактылуу доорун сүрүңүздөр. Асманыбыз ар дайым ачык болсун!

Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев өзүнүн резервдик фондусунан облустун аймагындагы 84 Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын ар бирине 1000 сомдон, 116 ооруктун ардагерлеринин ар бирине 500 сомдон акчалай жардамын берди. 9-Май күнү облустун бардык район-шаарларында Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына арналган салтанаттуу майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.

Исамидиновдун изин көрдүңөрбү?

Кылмыш жоопкерчилигинен «кыргызчылыкка» салып, кутулуп кеткендер арбын. Бирок, аларды коомчулук эч качан унутпайт. Анткени, кылмышкер деген баары бир кылмыш кылаары турган иш. Андыктан ал сөзсүз жоопкерчиликке тартылышы керек. Ал эми кылмышкер болбосо аны териштирүүлөр менен тактап, бул булганыч аттан кутултуу зарыл. Бирок, бул экөөнү тең кылбаган адамдарды көрүп туруп таң каласың. Карагыла, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин мурунку ректору Искендер Исамидиновдун кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, коррупциялык схемаларга аралашкандыгы тууралуу узун сабак сөз болуп, натыйжада ректор мырза кызматынан четтеген. Искендер Чоңмуруновичтин азыр кайда жүргөндүгү, баягы коррупциялык иштеринин аягы эмне менен бүткөндүгү тууралуу эч ким билбейт. Алкынды самыңдай жылмышкан Искен мырза суудан кургак чыгып кеткен эмеспи, көргөн-билгендер барбы?

Булак: “Де-Факто”

Тажикстан: «Өлбөс полк» акциясы ислам баалуулуктарына каршы келет

Тажикстанда ислам баалуулуктарына туура келбейт деген жүйө менен «Өлбөс полк» акциясы президент тарабынан бекитилген иш-чаралардын тизмесине киргизилген жок. Бул тууралуу «Ховар» мамлекеттик маалымат агенттиги жазды.

Билдирүүдө ислам эрежелерине ылайык көчөгө маркумдардын сүрөттөрүн көтөрүп чыгууга болбой тургандыгы белгиленип, акциянын ислам баалуулуктарына каршы келе тургандыгы жазылган.

Орусиянын Тажикстандагы элчиси Игорь Лякин-Фролов мындай чечимге өкүнгөнүн билдирди. Ал «көптөгөн тажик уулдары Жеңиш үчүн башын сайып күрөшкөнүн» белгилеп, акцияда эч кандай саясат жок экенин, ал Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине арналганын жана дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөсүндө өткөрүлүп келерин айтты.

Тажикстан президентинин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору Худойберды Холикназаров «Өлбөс полк» акциясын өткөрбөө чечими саясатка негизделбегенин, болгону анын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоого гана байланыштуу экенин билдирди.

«Өлбөс полк» акциясы 9-майда Орусиянын көптөгөн шаарларында жана мурдагы СССР өлкөлөрүнүн айрымдарында өтүп келет. Анда адамдар согушка катышкан туугандарынын сүрөттөрүн көтөрүп жүрүшкө чыгышат. «Өлбөс полк» акциясын өткөрүү идеясы Томск шаарындагы ТВ-2 телеканалына таандык. 2015-жылдан тарта акцияны уюштуруу менен Жалпы орусиялык улуттук фронт алектене баштаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өлкөдө табыгий кырсыктардын болбошу үчүн дуба кылынат

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы аймактагы табигый кырсыктардын көп катталышына байланыштуу дуба кылуу боюнча буйрук чыгарды.

Муфтияттын маалымат кызматы билдиргендей, өлкөдөгү бардык мечиттерде адамдарды жер көчкүдөн, зилзала жана башка кырсыктардан сактоону суранып куран окутулат.

Буйрукка ылайык, облус, шаар, район казылары жана мечиттердин имамдары жамаат менен дуба кылууну уюштурууга милдеттендирилди.

29-апрелде таңга маал жүргөн жер көчкү Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай айылында жети үйдү басып, 24 адам анын алдында калган.

Сейсмология институту билдиргендей, бүгүн саат 11.09да Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында очогунда 7 балл болгон жер титирөө катталды. 3-майдан бери ушуну менен кыргыз-тажик чек арасы тарапта ондон ашык силкинүү болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Азаптуу учурда элинин жанында болгон ажолор

КЫТАЙ

2014-жылдын 3-августунда Кытайдын Лудянь уездине караштуу Чжатоун шаарында күчү 6,5 баллга жеткен жер силкинүү болуп, көптөгөн адам өмүрү кыйылып, карапайым калк үй жайынан, мүлкүнөн ажырады. Маалыматтар боюнча, кырсыктан 381 адам каза болуп, үчөө дайынсыз жоголуп, 1801 адам ар кандай жараат алышкан. Кытай Эл Республикасынын тарагасы Си Цзиньпин кырсык болгон жерди өзү барып көрүп, элге көңүл айтып, тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берген.

ТҮРКИЯ

Түркиянын чыгыш тарабында жайгашкан Ван, Эржиш аймагында күчү 7,2 жеткен жер силкинүүдө Эржиш шаарында 117, Ван шаарында 100 адам курман болду. Кеминде 1090 адам жарадар болгон. өлкөнүн премьер министри Тайип Эрдоган кырсык болгон аймактарга дароо учуп барып, куткаруу операциясын өзү жетектеген.

АКШ

2012-жылдын 29-октябрынан тарта АКШнын чыгыш жээгин каптаган “Сэнди” деп аталган бороон-чапкында 70тей адам өлдү. Президент Барак Обама шайлоо өнөктүгү болуп жатса да, атайын 3 күн убакыт бөлүп, жеке өзү жабырланган адамдар менен жолугушуп, көңүл айтты.

ЖАПОНИЯ

Жапонияда 2011-жылдын 11-мартында катуу жер титирөө болуп, анын кесепетинен пайда болгон суу ташкынынан (цунами) 13 миңден ашуун адам мерт болуп, 14 миңден ашууну дайын-дарексиз жоголгон. Жапон императору Акихито жубайы менен бирге кырсык болгон аймакты кыдырып, жабырлануучулардын астында тизе бугуп ал-ахвалын сураган.

ИТАЛИЯ

2016-жылы, 24-августта Италияда күчү 6 баллдан ашкан жер титирөөнүн курмандыктарынын саны 250дөн ашты, 368 адам жаракат алды. Премьер-министр Маттео Ренци мамлекеттик телеканалдан өкмөт жабыркаган жарандарга бардык тиешелүү жардамын көрсөтөрүн айтып, жер силкинүү болгон аймактарга барып, жабыркагандар жана куткаруучулар менен жолугушту.

НЕПАЛ

2015-жылдын 25-апрелинде Непалда 7,9 балл жер силкинүү болуп 2,2 миң адам зилзаланын курмандыгы болгон. Непалдын президенти Рам Баран Ядав кырсык катталаары менен тиешелүү структураларга тапшырмаларды берип, өзү да кырсыктын кайталануусунун алдын алып, сыртта тигилген чатыр ичинде түндү өткөргөн.

ГАИТИ

2010-жылдын 12-январында Гаитиде болгон жер титирөөдөн мүрт кеткен 250 миңге чукул адамдын сөөгү жерге берилген. Гаитинин президенти Рене Преваль расмий түрдө аза күтүү күнүн жарыялап, жабырланган элге барып көңүл айткан.

ОРУСИЯ

2013-жылдын 30-декабрында таңкы саат 8:23те Волгоград калаасында ичинде жүргүнчүлөрү бар троллейбус жарылып, 16 адам дароо ажал тапса, 28и жарадар, анын ичинен 3 бир жарым жаштагы ымыркайлар өтө оор абалда ооруканага жеткирилген. Жарылуу өтө катуу болгондуктан, натыйжада сөлөкөтү эле калган. Жардырууну жан кечти уюштурганы такталган. Президент В.Путин дароо чукул жыйын өткөрүп, аза күнүн жарыялап, жабырлангандар жаткан ооруканага барып кабар алган.

КЫРГЫЗСТАН

Жалал-Абаддын Сузак районунда болгон жер силкинүү көптөгөн адам өмүрүн алып кетти. Кырсык болоору менен президент Аскар Акаев абал менен таанышуу үчүн зилзала болгон жерге барып, жакындарын жоготкон жашоочуларга көңүл айткан.
КЫРГЫЗСТАН

2008-жылы 8 баллдык жер титрөөдөн Алайдын Нура айылы тыптыйпыл кыйрап, 75 адам о дүйнө салган. Президент Курманбек Бакиев өкмөт жетекчилери менен биргеликте тик учак менен кырсык болгон жерге учуп барып, элге көңүл айткан.
КЫРГЫЗСТАН

2017-жылдын 16-январда “Боинг-747-400” учагы Бишкектин четиндеги Дача СУ айылына кулап, 20 чакты үйдү кыйратып кетти. Мерт кеткен 38 адамдын төртөө экипаж мүчөлөрү, калганы айылдагы жашоочулар. Набыт болгондордун 17си балдар. Президент Атамбаев текст түрүндө көңүл айтып, аза күнүн жарыялады. Мамлекет башчысы өзү кырсык болгон жерге да, жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө да 16-январдан бери бара элек.

Булак: “Алиби”

Электр энергиясы качан арзандайт?

Мурдагы жылы, “Токтогул суу сактагычында суу жок какшып калды, Казакстандан сатып алабыз” дешип, светтин баасын беш эсе көтөрүшкөн. Тилекке каршы ошол бойдон көтөрүлгөн баа ылдыйлаган жок. Токтогул суу сактагычында суу толмок түгүл ашып жатат. Быйыл Кудай-Таалаам да карды аябай жаадырды. Электр энергияга болгон тарифтерди кайрадан карап чыгууну өкмөт Энерго холдингге тапшыруусу керек. Эл кыйналып жатат. Анысы аз келгенсип акылдуу эсептегичтери эки эселеп акча жеп жатат. Аталган тармакка көзөмөл жок. Шалаакылык орун алууда. “Бакиев светке элүү тыйын кошту” – деп ыйлактадык эле, эми элүү тыйын эмес, эки сом элүү тыйын кошсо да унчукпай төлөп жатабыз. “Эл төлөй берет экен” – деп эле унчукпай отура бербей, өкмөт кыймылдаш керек.

Булак: “Ачык саясат”

Тажикстанда ашыкча салмагы үчүн 10 милиция кызматкери иштен алынды

Тажикстандын Ички иштер министрлиги ашыкча салмактагы он милиция кызматкерин иштен алганын билдирди. Дагы 100дөй тартип коргоочуга эскертүү жана арыктоо үчүн убакыт берилди.

Өткөн жылдын декабрь айында ички иштер министри Рамазон Рахимзода милиция кызматкерлеринен тиешелүү нормаларга ылайык арыктоону талап кылган. Андан бери кызматкерлердин айрымдары 5 килодон 20 килого чейин салмак ташташкан жана спорт менен алектенүүнү улантышууда.

Министрликтин маалымат катчысы Умаржон Эмомали билдиргендей, берилген убакыт ичинде ашыкча салмактан арылбаган тартип коргоочулары иштен алынды.

Министрлик аныктаган нормага ылайык, 168-170 см бойлуу милиция кызматкеринин салмагы 75 кг ашпашы керек.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, Тажикстанда 20 жаштан жогору эркектердин 31,2 % жана аялдардын 30,5 % ашыкча салмак менен жабыркашат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бишкекте Шаарлардын биринчи форуму өтөт

Бишкекте Шаарлардын биринчи форуму 12-13-майда өтөт. Бул практиктер менен эксперттер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлигинин адистери жана ишкерлер, саясатчылар, жигердүү шаар тургундары арасында тажрыйба алмашуу аянтчасы болот.

Иш-чаранын алкагында шаарларды өнүктүрүү боюнча талкуулар, эксперттерден мастер-класстар жана шаар тургундары менен муниципалитеттин ортосундагы бирге иштешүү мисалдарынын презентациясы, пикирлерди талкуулоо жана эффективдүү чечимдерди издөө пландалууда.

Катышуучулар шаарлардын брэндинги жана экономикалык өнүгүүсү, турак-жай куруу, муниципалдык мүлктү башкаруу – энергоэффективдүү имараттар, комплекстүү курулуштар жана бош жаткан аймактарды өздөштүрүү боюнча пикир алышат.

Форумдун делегаттарынын арасында Орусия, Швейцария, Казакстан, Латвия, Украина жана Тажикстандын эксперт-урбанисттери бар. Чет өлкөлүк коноктор шаардын жашоосун жакшыртуу боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүшөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Баткен облустук сотунун кызматкерлери жардамга кол сунушту

Ош облусунун  Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү алдында калган адамдардын жакындарынын кайгысын тең бөлүшкөн Баткен облустук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери, үстүбүздөгү жылдын 3-май күнү жалпы чогулуш өткөрүп, 29-апрелде болгон кырсыкта курман болгондордун жакындарына жардам иретинде бир күндүк айлык акысын которууну чечишти. Бул тууарсында Баткен облустук сотунун басма сөз кызматы маалымдады.

Эске сала кетсек, 29-апрелде аталган кыштакта тоонун боорунан көлөмү 200 миң метр куб жер көчкү түшүп, жети үйдөгү 24 адамды басып калган. Казуу иштери жүргүзүлүп, жалпысынан 8 адамдын сөөгү табылган.

Меню