Menu

РАСМИЙ КАБАРЛАР

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга келди

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 5-октябрда, мамлекеттик сапар менен Өзбекстан Республикасынын Ташкен шаарына учуп келди. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Аэропорттон Мамлекет башчысын  Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев, тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов, Ташкен шаарынын мэри Рахмонбек Усманов жана Кыргызстандагы Өзбекстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Комил Рашидов тосуп алышты. Ардактуу кароол тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген.

Мамлекеттик сапардын жүрүшүндө  Кыргызстан менен Өзбекстандын лидерлеринин тар жана кеңири курамда кыргыз-өзбек мамилелеринин актуалдуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрү өткөрүлөт.

Фото - Атамбаев Ташкен шаарындагы «Көз карандысыздык жана гуманизм» монументине гүл койду

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 5-октябрда, Өзбекстан Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында  Ташкен шаарындагы «Көз карандысыздык жана гуманизм» монументине гүл койду. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

 

Жалал-Абадда медреседе окуган кыздар башка да кесипке окуулары керектиги айтылды

Азыркы тапта диний медреселерде окуп жаткан айымдар жана алпрдын кыздары медреселерде гана окуп чектелбестен, жашоо-турмушка керектүү башка да кесиптерди окуп үйрөнүүсү зарыл. Дин менен гана чектелбесттен, коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүнө активдүү катышуулары шарт. Жалал-Абадда диний айымдар менен болгон жолугушууда ушулар тууралуу айтылды. Бул жолугушууну “Эл аралык толеранттуулук үчүн фондусу” уюштурган.

Аталган фонддун Жалал-Абаддагы координатору Анар Жумабаеванын айтымында,  фонддун кызматкерлери “Айымдар жана кыздар тынчтыкты куруу аракетинде” аталышындагы долбоор менен 2017-жылдын февраль айынан бери иштеп жатышат. Ошондон тарта район-шаарларда дин жолун тутунган айымдар арасында түрдүү иш-чараларды өткөрүп келишүүдө.

-Бүгүнкү жолугушууга келген диний айымдар өздөрүнүн жашоо турмушун, андагы айрым көйгөйлүү маселелерди мисал катарында айтып беришти. Бул биз үчүн маанилүү, анткени ар кандай көйгөйлөрдү чечүүнүн жолун ортодо чогуу издейбиз. Бул долбоордун алкагында биз шаарда 3 күндүк лидердик мектепти өткөргөнбүз. Ага  Сузак айылынан жана шаардагы “Курманбек” аймактык башкаруусунан 7ден лидер айымдар келип, окуудан өтүшкөн. Анан ал лидер айымдар өздөрү жашаган аймактарга дин боюнча алган билимдерин жайылтышат. Мындан кийин 9-октябрда Жалал-Абад шаарында форум театрын өткөрүүнү пландап жатабыз. Ал жерде кыздарды эрте турмушка берүү көйгөйү көтөрүлөт. Анда дин жолундагы айымдар да өздөрүнүн ой-пикирлерин, көйгөйлөрүн  ортого салышат, – дейт ал.

Коомдук кеңештердин мүчөлөрүнө сынак жарыяланды

Өлкөдө он беш мамлекеттик органдын коомдук кеңештеринин иш мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, аталган кеңештерге мүчөлөрдү тандоо боюнча Комиссия коомдук кеңештерге сынак жарыялады.

Сынак төмөнкү мамлекеттик органдардын коомдук кеңештерине жаряланды:

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

Саламаттыкты сактоо министрлиги;

Транспорт жана жолдор министрлиги;

Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттиги;

Технологиялар жана байланыш комитети;

Каттоо кызматы;

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматы;

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы;

Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү кызматы;

Архитектура, курулуш жана турак-жай комплекси агенттиги;

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги;

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттиги;

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы.

Медициналык милдетүү камсыздандыруу фонду;

Сынакка бизнес чөйрөсүндөгүлөр, эксперттер, өкмөттүк эмес уюмдар менен ар кандай ассоциациялардын өкүлдөрү катыша алышат.

Коомдук кеңеш мүчөлөрү 2 жылга тандалат. Сынакка катышуу үчүн арыз, резюме, коомдук кеңеште кандай иштерди аткарып, кандай аракеттерди көрөөрү тууралуу кыскача баяндама жана эки уюмдан рекомендациялык кат керектелет.

Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери 2011-жылы мурдагы Президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен түзүлгөн. Кеңештер атайын мыйзамдын негизинде иш алып барат жана алардын негизги максаты – мамлекеттик органдардын ишин көзөмөлдөө болуп саналат.

 

 

Төрага Ч.Турсунбековдун Жалал-Абаддагы иш сапары Токтогул районунан башталды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбековдун Жалал-Абад облусундагы эки күндүк иш сапары, бүгүн 4-октябрда Токтогул районунун Кара-Суу айылында жайгашкан Т.Казатов атындагы орто мектептин абалы менен таанышуудан башталды. Бул туралуу КР Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматы.

Билим берүү мекемесинен мугалимдер жамааты менен жолугушкан Төрага Чыныбай Турсунбеков аларды келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктап: “Мугалим окуучуларды келечекке багыттаган улуу инсан. Биз баарыбыз силерден тарбия алып, силерден таасирленгенбиз. Силердин айткан ар бир сөз эзели эсибизден кетпей, жашообузга жарык берип келет”, – деди.

Ошондой эле, мектептин абалына токтолгон Чыныбай Турсунбеков: “Силердин мектеп өтө начар абалда экенине күбө болдук. Ичи-сырты эскирип, окуучулардын толук шартта билим алуусуна тоскоолдуктар жаралып жатыптыр. Муну тез арада чечүү зарыл. Анткени, заманбап шартта билим алуу учурдун таасын талабы”, – деди. Буга кошумча Төрага, КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлүн маселени эртелетип чечүүгө чакырды.

Белгилүү болгондой, Т.Казатов атындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушу 2015-жылы башталып, бирок убактылуу токтоп калган. Андан тышкары, курулушу 70%дан жогору даяр болуп калган мектептерди бүткөрүү талабына ылайык бул мектеп быйылкы жылдын эсебине да киргизилген эмес. “Андыктан кийинки жылы ушул мектепти капиталдык салымдар тизмесине кошобуз”, – дейт КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлү.

Мындан сырткары, жамаат менен болгон жолугушуунун соңунда аталган мектептин директоруна материалдык жардам тапшырган Чыныбай Турсунбеков, сыйлык катары алдыңкы мугалими Чанкилов Абдыбекке Төраганын атайын кол саатын тапшырды.

 

Жалал-Абадда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга компьютердик билим берилди

Жалал-Абад шаарындагы №75 кесиптик лицейде ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балар компьютердик сабатсыздыгын жоюн жатышат. Окуу мөөнөтү үч айга созулуп, балдар эки ай теориялык жана бир ай практикалык билим алышат. Окуу аяктагандан соң аларга атайын сертификаттар берилет. Бул тууралуу аталган лицейдин мугалими Гүляна Көчөрова билдирди.

Анын айтымында, окутуунун максатты – мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын компьютердик сабатсыздыгын жоюу менен жашоо-турмуштагы өз алдынчалыгын,  мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

-Балдар бул жерден билим ала баштагандан бери өзүлөрүнүн алдыга койгон пландары өзгөрүлө баштады. Сертификатты алган соң, компьютердик тейлөө кызматтаынрда эмгектенебиз деп максат койгондору да бар. Азыр бир тайпада 13 окуучу билим алып жатат, алардын жашы чектелбейт. Тайпада мектеп жашындагылардан тарта улгайгандарына чейин бар. Ал эми окуучуларды чогултууда “Асыл-Ай” ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын коому жардам берет, – дейт Гүляна Көчөрова.

Ал эми аталган жайда компьютердик билим алып жаткан Күмөндөр Сарбалаев мындай мүмкүндүк жаралганына ыраазы.

-Азыр баары интернет аркылуу болуп калган, ошондуктан компьютерди үйрөнүп жатам. Буга чейин компьютерде такыр иштеген эмесмин. Эми окуу курсун бүтүп, сүрөткана ачып иштесем деген оюм бар. Мага бирөөнүн боору оорууганын каалабайм. Мен колумдан келсе, өзүмө окшоп мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам бергим келет. Биздин мүмкүнчүлүгүбүз чектелгени менен колубуздан иш келет. Өзүм иштеп, акча таап, көпчүлүкө үлгү болсом дейм жана эч кимге оорчулугумду тийгизбей жашагым келет, – дейт ал.

Эскерте кетсек, буга чейин ушундай эле эки тайпа окутулган. Мындай окутуулар башка окуу жайларда каралган эмес. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ылайыктуу шарт түзүп, билим алуусу үчүн Азия өнүктүрүү банкы менен келишим түзүлүп, заманбап компютердик класс ачылып, аталган окуу жайга пандус орнотулган. Окуу жайда бир гана шаар тургундары гана эмес, областын район-шаарларындагы мүмкүнчүлүгү чектелгендер жарандар да компьютердик билим ала алышат.

 

 

Ош ОИИБ: мыйзамсыз ок атуучу куралдарын аныктоо максатында түшүндүрүү иш-чаралары уланууда

Ушул жылдын 3-октябрь күнү Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин жүргүзгөн иликтөө иш-чараларынын негизинде Кызыл-жар айыл өкмөтүнө караштуу Ийри-Суу жайлоосунан 48 жаштагы Ж.К. аттуудан “К-16” үлгүсүндөгү ок атуучу курал алынса, 59 жаштагы М.Ч. аттуу тургундан “К-16” жана “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдар табылып алынган. Алынган ок атуучу куралдардын ээлери Ылай-Талаа айылынын тургундары болушкан, – деп маалымдады ИИМдин Басма сөз кызматы.

Андан тышкары, 3-октябрь күнү 40 жаштагы А.У. аттуу Ынтымак айылынын тургуну атасынан калган “К-16” үлгүсүндөгү ок атуучу куралын өз ыктыяры менен Өзгөн райондук милициясына тапшырган.

ИИМ эскертет, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 241, 242-беренелеринин негизинде мыйзамсыз курал сатуу, өткөрүп берүү, алып жүрүү, ташуу, куралдын негизги бөлүктөрүн алып жүрүү, ок-дары, жарылуучу заттарды жана жарылуучу түзүлүштөрдү колдонуу, ок атуучу куралды оңдоо жана даярдоо кылмыш иши болуп саналат.
Ал эми, катталбаган курал-жарактарды, окторду, жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшыргандар кылмыш ишине тиешеси жок болсо, анда кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

 

Алмазбек Атамбаев Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун активи жана коомчулугу менен жолугушту

Алмазбек Атамбаев  2-октябрда Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун активи жана коомчулугу менен жолугушту. Бул туурасында президенттин расмий сайты билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Мамлекет башчысы  сөз сүйлөп, жарандардын мектептердин, ооруканалардын, спорттук жайлардын   жана балдар бакчаларынын курулушуна жана ремонтуна, пенсиялык системанын реформасына, дыйкандарга  жеткиликтүү кредиттерди берүүгө, райондун шаарынын жана айылдарынын  инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүү маселелерине  байланыштуу суроолоруна жооп берди.

Президент Алмазбек Атамбаев  Ысык-Ата районунун  жашоочуларына   көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, жаңыдан президент болуп келгендеги өлкөнүн тарыхындагы   татаал мезгилдерди эске салды.

“Өлкөбүздүн келечеги кең экендигине мен терең ишенем”, -деп Мамлекет башчысы учурда өлкө туруктуулукка, экономиканын ырааттуу өсүшүнө, энергетикалык көз карандысыздыкка жетишип, армиясын бекемдегендигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча  Президент  жарандар тарабынан айтылган маселелерди жана сунуштарды чечүү  боюнча  бир катар тапшырмаларды берди.

Жалал-Абадда мугалимдердин кесиптик майрамына карата салтанат уюштурулду

Жалал-Абад шаарында окуучуларга билим берүүнүен сапаты улам жогорулоодо, ал эми жергиликтүү бийлктер мугалимдерге болгон камкордукту күчөтүшүүдө. Бүгүн, 3-октябрда Жалал-Абад шаарындагы областтык Барпы атындагы кыргыз драма театрында мугалимдердин кесиптик майрамына арналган салтанатта ушундай пикир жаңырды. Салтанат учурунда алдыңкы мугалимдерге Ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.

Майрамдык салтанатты шаардагы бала бакчалардын тарбиялануучулары жана мектеп окуучулары мугалимдерге арналган концерттик программа менен ачышты. Андан кийин Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Салайдин Авазов менен шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Аканов мугалимдерди кесиптик майрамдары менен куттукташып, алардын түйшүктүү иштерине ийгиликтерди каалашты.

Шаар жетекчиси мугалимдердин турак жай маселесин чечүү үчүн шаарда ипотекалык үйлөр салына тургандыгын баса белгилеп, мугалимдерге ай сайын коммуналдык төлөмдөр үчүн шаар казынасынан акча төлөнүп келатканын, анын суммасын жогорулатуу аракеттери болуп жатканын,  кесиптик майрам учурунда ар бир мугалимге 2 миң сомдон берилерин, жаңы мектептер курулуп, жакшы шарттарды түзүү үчүн аракеттер болуп жатканын айтты.

– Мугалимдин жумушу өтө оор жана жоопкерчиликтүү. Сиздер биздин келечегибиз болгон жаштарды даярдап, аларга татыктуу билим берип, келечекке салым кошуп жатасыздар. Сиздердин өсүп келе жаткан муундарды тарбиялоодогу эмгегиңиздер баа жеткис, өлкөнүн келечеги сиздердин ишиңиздерден көз каранды. Бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм жана сиздерге ден-соолук, ишиңиздерге ийгилик, үй-бүлөңүздөргө тынчтык каалайм, – деди шаар мэри С. Авазов.

Шаар мэринин милдетин аткаруучу шаардагы алдыңкы мугалимдерге Ардак грамоталарды тапшырып, аларга жакшы каалоо-тилектерин айтты.

Эскерте кетсек, учурда шаардагы 21 мектепте 2 миңге жакын  мугалим 22 миңден ашуун окуучуга билим-тарбия берүүнү улантууда. Ошондой эле шаардагы үч миңге жакын  окуучулар ар кандай ийримдерге катышышат.

 

 

Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратуранын кызматкерлери үчүн көп батирлүү үйлөрдү пайдаланууга берүү аземине катышты

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-октябрда, Бишкекте Башкы прокуратуранын кызматкерлери үчүн көп  батирлүү үйлөрдү пайдаланууга берүү аземине катышты. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө прокуратура кызматкерлерин жаңы конушу менен куттуктап, милиция, прокуратура, күч органдарына мамлекет тарабынан тиешелүү көңүл бурулбай, турак жайы жана жакшылыктан үмүтү жок болгон мезгилди эске салды.

Президент  акыркы жылдары прокуратурада жүргүзүлгөн  реформаларга токтолуп, анын натыйжасында  иштин сапаты сезилерлик жакшыртылып жана  көзөмөлдөөчү органдын кадрдык курамы тазаланып жаткандыгын белгиледи.

Мамлекет башчысынын айтымында прокуратура иликтөө жүргүзүү укуктарынан ажыраган. “Ошону менен бирге көзөмөл күчөтүлдү. Прокуратура чындыгында  мамлекеттин  кызыкчылыгын көздөп турууга тийиш.  Мамлекет башчысынын эмес, мамлекеттин. Сиздер  мамлекеттин атынан  атка минерлер мыйзамдарды кандай  сактап жаткандыгына  көз салып, өзүңөр таза жана ак ниет  иштөөнүн үлгүсүн көрсөтүүгө тийишсиздер”,- деди  Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы прокуратуранын ишинин сапатын жогорулатуу боюнча иш улантылууга тийиш экендигин баса белгиледи, анткени   өлкөдө баш аламандык болушун каалаган көп күчтөр  али бар. “Аларга өлкөбүз, өлкөдөгү туруктуулук кереги жок. Аларга демократиянын кереги жок, аларга баш аламандык керек. Бизге болсо чыныгы демократия керек. Ал эми демократия – мыйзамдын диктатурасы. Мыйзамдын катуу сакталышын прокуратура көзөмөлдөөгө тийиш. Ошондуктан прокуратуранын мааниси күчөтүлө берет. Биз артка кайра кайрылууга жол бербейбиз. Биздин өлкө бардык жарандар үчүн  өлкө болууга тийиш. Биз ушул жолду таптык  – биз  адамдар үчүн  иштеп жатабыз. Биз бул жолубуздан тайбайбыз”, -деди Алмазбек Атамбаев.

Сөзүн аяктап,  Мамлекет башчысы көзөмөлдөөчү ведомствонун жетекчиси Индира Жолдубаевага  үйдүн короосунда балдар үчүн аянтчанын курулушуна  300 000 сомго сертификат тапшырды.

Меню