Menu

РАСМИЙ КАБАРЛАР

Алмазбек Атамбаев өлкөнүн ишкерлери менен жолугушту

Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 8-октябрда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өлкөнүн бардык аймактарынан келген ишкерлер менен жолугушту. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлер  Мамлекет башчысына акыркы жылдары өлкөдө бизнес жүргүзүүгө жана ишкерликти өнүктүрүүгө шарт түзүү,  арзан кредиттик ресурстарга жетүүнү камсыз кылуу,  көзөмөлдөп-контролдоочу   жана уруксат берүү  жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү боюнча  кабыл алынган чараларга тиешелүү суроолорду беришти.

Мамлекет башчысы өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө, анын бакубатчылыгын арттырууда ишкерлердин  ролун жана салымын  баса белгиледи. «Ишкерлер, фермерлер, чакан жана орто бизнес – өлкөнү багып жаткан адамдар»,- деди ал. – Ошондуктан  алар ийгиликтүү иштеши үчүн бардык шарттарды түзүш керек».

Алмазбек Атамбаев «Таза коом» программасын ишке ашыруу салык кызматынын ишкерлер менен түзмө-түз иштешине бөгөт коет, деп сөзүн улады. Анын пикири боюнча  бизнес үчүн тиешелүү инфраструктура түзүүгө көп күч аракет жумшалды.  Алсак, акыркы жылдары энергетикада жана жол курулушунда  ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылды. Андан тышкары ишкерлерге жеткиликтүү кредиттерди берүү үчүн шарттар түзүлүп,  жогорку деңгээлде чет элдик өнөктөштөр менен буга чейин  жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында жаңы финансылык ресурстардын келиши күтүлүүдө.

Ишкерлер менен  жолугушуунун жүрүшүндө башка  суроолор менен бирге бир катар сунуштар  дагы айтылды, ушуга байланыштуу  Мамлекет башчысы мамлекеттик органдарга  конкреттүү тапшырмаларды берди.

Фоторепортаж - Вице-премьер-министр Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты

Бүгүн, 9-октябрда, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жумкадыров Темир Курмангазиевичти акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, Кыргыз Республкиасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева, Өкмөт мүчөлөрү, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери өлкөдөгү административдик ведомстволордун башчылары катышты.

Маркумдун сөөгү Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди.

Алмазбек Атамбаев: «Темир Жумакадыров жарк этип жанган жылдыз эле, анын жарыгы жүрөгүбүздө сакталат»

Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 9-октябрда, мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын вице-премьр-министри  Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүн биз келечекте өлкөнүн лидерлеринин бири боло турган адам менен коштошуп жатабыз деп белгилиледи.

«Темир, сен президент боло турган жигитсиң деп айткам. Ал өлкө башчысы боло турган жигит болчу. Укмуштай таза, көрөгөч жана жаштыгына карабастан  акылман эле. Коррупцияга каршы күрөштө, күч органдарын реформалоодо өлкө үчүн  ал абдан көп   иш жасады»,- деп   Президент Алмазбек Атамбаев көп учурда аны менен кеңешип турганын кошумчалады.

«Кыргыз Республикасынын вице-премьерлик кызматка дайындап жатып мен ага «Темир, сен келечекте өлкөнүн Премьер-министринин, Президентинин  жогорку кызматын  ээлей турган адамсың. Ошондуктан сен Өкмөт кандай иштегенин көрүшүң керек»дегем», – деди Алмазбек Атамбаев.

«Темир Жумакадыров асманда жарк этип жанган жылдыз эле, кара булуттар аны жаап калды, бирок анын жарыгы жүрөгүбүздө сакталат»,- деди  Президент Алмазбек Атамбаев.

Коштошуу зыйнатына Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, Өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана күч блогунун жетекчилери, Темир Жумакадыровдун туугандары жана жакындары катышышты.

Атамбаев: Темир Жумакадыров президент боло турган жигиттердин бири эле

Президент Алмазбек Атамбаев жол кырсыгынан каза болгон вице-премьер Темир Жумакадыров менен коштошуу зыйнатында сөз сүйлөп, аны келечекте президенттике татыктуу жигиттердин бири болгонун билдирди.

“Кыргыз эли бүгүн жылдыздай уулу менен коштошуп жатат. “Темир, президент боло турган жигит сенсиң” деп айткам. Ал өлкө башчысы боло турган жигит болчу. Коррупция менен күрөшүүдө, армияны, күч түзүмдөрүн, коопсуздукту камсыз кылууда мага чоң жардам берген. Темир таза коом, Кыргызстанда таза шайлоо болсун деп өмүрүн берди”, – деди президент Алмазбек Атамбаев.

Жумакадыров менен коштошуу зыйнаты бүгүн Бишкекте өттү.

Маркум вице-премьер-министр, Республикалык шайлоо штабынын башчысы, 38 жаштагы Темир Жумакадыров менен кошо 30 жаштагы жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана 33 жаштагы айдоочусу Нурбек Муканов бараткан «Тойота Лэндкрузер» автоунаасы 7-октябрда таңкы саат 7:30да Бишкек-Чалдыбар жолунун 36-чакырымында, Москва районунун Садовое айылында “КамАЗ” менен кагылышкан. Жол кырсыгынан үчөөнүн тең өмүрү кыйылды. Өкмөт алар Талас облусундагы шайлоо түйүндөрүнүн даярдыгын текшерүү үчүн баратканын маалымдады.

Темир Жумакадыров Республикалык шайлоо штабынын жетекчиси болуп 21-сентябрда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин ордуна келген. Ал ушул жылдын август айында премьер-министр Сапар Исаковдун министрлер кабинети менен кошо коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр болуп дайындалган. Ага чейин өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын аркалаган.

Жумакадыровдун артында үч кызы, Жамгырчиев менен Мукановдун артында бирден жаш балдары калды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда эмгек келишимин түзбөй иштеп жүргөн 1,4 миллион жаран бар

Казакстанда 320 миң расмий каттоого турбаган жумушсуз адам жана эмгек келишимин түзбөй иштеп жүргөн 1,4 миллион жаран бар. Бул тууралуу бүгүн казак парламентиндеги өкмөттүк саатта өлкөнүн эмгек жана социалдык коргоо министри Тамара Дуйсенова билдирди.

«Быйылкы текшерүүнүн жыйынтыгында жумушу бар, бирок пенсия төгүмүн бербей жүргөн миңге жакын адам аныкталды. Андан тышкары 320 жумушсуз адам расмий каттоодон өткөн эмес болсо, 1,4 миллиону жумушчу берүүчү менен эмгек келишимин түзбөй иштеп жүрүшкөн», — деди Дуйсенова. Анын айтымында, өлкөдө эмгек келишимин түзгөндөрдүн саны өсүп жатканы менен бийликти мыйзамсыз иштеп жүргөн адамдардын дале көп экени кабатыр кылып келет.

«Акыркы эки жылда инспекторлор тарабынан эмгек келишимин түзбөстөн жумушчуларды иштеткен миңден ашык жумуш берүүчү аныкталган. Көбүнчө мындай учурларга курулуш, соода, коомдук тамактануу,айыл чарба жана кичи бизнес тармактарында эмгектенген төмөнкү квалификациядагы жумушчулар кабылышат», — деди Дуйсенова.

Ал учурда өкмөт жумушу бар жарандарды «формализациялоо» боюнча чараларды камтыган пландын үстүнөн иштеп жатканын кошумчалады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Атамбаев шайлоолор күнү массалуу баш-аламандыктарга даярдык көрүү боюнча аныкталган фактыларды эске алып Сочи шаарына боло турчу иш сапарынан баш тартты

Алмазбек Атамбаев   2017-жылдын 10-11-октябрына болжолдонгон   Россия Федерациясынын Сочи шаарына өзүнүн иш сапарын токтотту. Мамлекет башчысы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйындарына катышат деп болжолдонгон.

Шайлоолор күнү  айрым саясатчылар тарабынан  криминалдарды тартуу менен, ошондой эле  мындай саясатчыларды чет мамлекеттерден  финансылык жактан колдоосу менен  массалуу баш-аламандыктарга даярдык көрүү боюнча аныкталган  фактыларды эске алып,  Президент  өлкөдө тартипти жана коопсуздукту жеке өзү контролдоо үчүн иш сапардан баш тартууну чечти.

Президент Алмазбека Атамбаевдин тапшырмасы  менен Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйындарына катышуу үчүн Сочи шаарына  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы жөнөйт.Президент Алмазбек Атамбаев  Сочи шаарына өзүнүн иш сапарын токтотту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев   2017-жылдын 10-11-октябрына болжолдонгон   Россия Федерациясынын Сочи шаарына өзүнүн иш сапарын токтотту. Мамлекет башчысы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйындарына катышат деп болжолдонгон.

Шайлоолор күнү  айрым саясатчылар тарабынан  криминалдарды тартуу менен, ошондой эле  мындай саясатчыларды чет мамлекеттерден  финансылык жактан колдоосу менен  массалуу баш-аламандыктарга даярдык көрүү боюнча аныкталган  фактыларды эске алып,  Президент  өлкөдө тартипти жана коопсуздукту жеке өзү контролдоо үчүн иш сапардан баш тартууну чечти.

Президент Алмазбека Атамбаевдин тапшырмасы  менен Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйындарына катышуу үчүн Сочи шаарына  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы жөнөйт.

Алмаз Атамбаев Чүй облусунун Ивановка айылындагы Ысык-Ата аймактык ооруканасынын имаратынын оңдоо иштерин аяктоого 6 миллион сом бөлдү

Алмаз Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айылындагы Ысык-Ата аймактык ооруканасынын түзүмдүк бөлүмүнүн имаратынын оңдоо иштерин аяктоого Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгына финансылык колдоо көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 6 000 000 (алты миллион) сом бөлүндү.

Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрү өткөрүлдү

5-октябрда, Өзбекстан  Республикасына  жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Президент Алмазбек Атамбаев  Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев   менен кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдү  өткөрдү. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Президент Алмазбек Атамбаевди жылуу кабыл алып, өзбек лидери   жарым жылдын аралыгында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 10 эсеге өскөндүгүн белгиледи. “ Эгерде биз тоскоолдуктардын бардыгын алып салсак, бул кадам эки тараптуу мамилелерибизге жана эки тараптуу кызматташуубузга дагы бир  дем берет”, – деп Шавкат Мирзиёев  бүгүн кыргыз-өзбек бизнес-форумунун алкагында 200 млн долларлык контрактка кол коюлгандыгын маалымдады. “Менимче бул башталышы гана”, -деди Өзбекстандын Президенти.

Өзбек лидери  Мамлекет башчылары  кол коюла турган 12 документтен тышкары, бардык маселелерди толугу менен чечүү үчүн дагы 6 документти даярдоого тапшырма бергендигин баса белгиледи. “Аны үчүн саясый эрк бар, өлкөлөрүбүздүн ортосунда мындан ары маселелер болбосу үчүн, макулдашууларга кол коюуга чыгышыбыз үчүн биз тапшырма бердик”,- деди Шавкат  Миризиёев. – Президенттер эки делегацияда адвокат болуп, элдердин адвокаты болуп жатышат. Мен биргелешип жыйынтыкка иштегенге көнбөй калган делегация мүчөлөрүн түшүнүп турам. Бирок Президенттер  түшүнүшүү болбой турган жерлерде  бардык маселелерди кайра иштеп чыгууга тапшырма берди. Президенттер дагы бир ирет, балким эртең менен чогулуп, бул маселелерди аягына  чейин чечишет”, – деди Өзбекстандын Президенти.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев  Өзбекстандын Президентине меймандостугу үчүн, жылуу  кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Кыргызстандын келерки Президенти бүгүн башталган багытты улантып, үзгүлтүксүз ишти камсыз кылат деп ойлойм”, -деп Алмазбек Атамбаев  анын президенттик мөөнөтү аяктагыча өлкөлөр ортосундагы бардык маселелер чечилип, тиешелүү макулдашууларга кол коюларына ишенимин билдирди. “ Балким бир айдан кийин биз Чолпон-Атада жолугушуп, бардык маселелерди чече алабыз деп ишенем. Бүгүн 12 документке кол коюлат, биз дагы 5-6 документке кол коелу деп турабыз. Биз жаңы мамлекет  түзө албайбыз, бирок биргелешип иштеше алабыз. Алдыда али элдерибизге пайда  алып келчү чоң иштер күтүп турат”, -деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы  Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери  конфликттердин, мина коюулардын жана талаш-тартыштын  чек арасын  достуктун чек арасына айландырган  мамлекет башчылары катары тарыхта  калышын кааларын белгиледи.

Атамбаев Ивановка айылындагы Ысык-Ата аймактык ооруканасынын имаратынын оңдоо иштерин аяктоого 6 миллион сом бөлдү

Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айылындагы Ысык-Ата аймактык ооруканасынын түзүмдүк бөлүмүнүн имаратынын оңдоо иштерин аяктоого Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгына финансылык колдоо көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 6 000 000 (алты миллион) сом бөлүндү. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

 

Республикалык "Жылдын мыкты мугалими - 2017" сынагында Ош шаары биринчиликти багындырды

Ош шаарындагы «Жетиген» мектеп-лицейинин мугалими Абдубапова Айжан Республикалык «Жылдын мыкты мугалим – 2017» сыгагында биринчиликти багындырды. Сыйлоо марекеси  Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Мугалимдер күнүнө карата премьер-министр Сапар Исаковдун катышуусунда болуп өттү. Бул туралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгы прессөкызматы маалымдады.

Сынактын комиссияларынын мүчөлөрү катышуучулардын ачык сабактарын, алардын портфолиолорун баалашты, ошондой эле жыйынтык чыгарууда сабактарга жүргүзүлгөн онлайн-добуш берүү эске алынды.

Ошондой эле 4-октябрдан баштап  Билим АКИpress сайтында ачык сабактарга онлайн-добуш берүү аяктаган. Анда кыргызстандыктар кесиптик педагогикалык чеберчиликтин даражасын баалап, мыкты мугалимдер менен тарбиячыларга добуш беришкен.

Сынактын комиссиясынын чечими менен биринчи орунду Ош шаарынын «Жетиген» мектеп-лицейинин химия мугалими Абдубапова Айжан алдыкы орунду багындырып “Билим берүүнүн отличниги” значогу, ноутбук жана 50 миң сомдук акчалай сылык менен сыйланды.

Эскерте кетсек ушул жылдын 11-май күнү Ош шаарында өткөн “Жылдын мыкты мугалим – 2017” сыгагында да биринчиликти Абдубапова Айжан багындырып Республикалык сынака жолдомо алган. Анда грамота, балуу белектер жана жеңил авто унаа менен сыйланган.

 

 

Меню