Menu

РАСМИЙ КАБАРЛАР

Швейцариянын элчиси Жалал-Абадка келди

Бүгүн, 3-октябрда КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов Швейцариянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Вероник Ульманн айымды кабыл алды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Достук жана өз ара түшүнүүчүлүк маанайында өткөн жолугушууда ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов Швейцария өкмөтү Кыргызстандын социалдык-экономикалык тармактарын өнүктүрүүгө ушул кезге чейин 370 млн. швейцария франкын гранттык колдоо иретинде жумшагандыгын ыраазы болуу менен белгилеп кетти. Жалпысынан Жалал-Абад облусунда Швейцария менен соода-экономикалык кызматташуу  жана саламаттыкты сактоо  тармагын жакшыртуу боюнча 32 келишим түзүлгөн. Өзгөчө GIZ программасы боюнча бир катар долбоорлор ийгиликтүү турмушка ашырылууда.

Өз кезегинде Швейцариянын Кыргызстандагы  атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Вероник Ульманн айым Жалал-Абад жана Ош облустары Швейцария үчүн приоритеттүү багыт болуп калаарын баса белгилеп кетти. GIZ программасынын алкагында 10 жакын долбоорлор иштеп жатат. Келечекте айыл жерлеринде жумушсуздуктун санын кыскартуу боюнча бир катар максаттар мерчемделип жатат. Хелветас эл аралык уюму бул маселеде Алайда саамалыктуу иштерди баштады.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов элчи айымдын:– “Бизден сиздерге кандай жардам болуусун калаар элеңиздер”,– деген сунушуна эгерде мүмкүнчүлүк болсо Швейцария өкмөтү Жалал-Абад облусунун дыйкандары өстүргөн баалуу пахта буласы менен Майлуу-Суу шаарындагы электр лампаларын чыгаруучу заводдун электр энергиясын аз сарптоочу заманбап светодиоттук лампочкаларын экспорттоого өз көмөгүн көрсөтсө дурус болоор эле деген оюн ортого салды. Жолугушуунун соңунда эки тарап  мындан ары дагы тыгыз кызматташтыкта иш алып барууга даяр экендиктерин билдиришти.

Жалал-Абад: жол кырсыктарына айдоочулардын билим тажрыйбасынын аздыгы себеп

Жалал-Абад шаарында жол кырсыгы азайбай келет, буга айдоочулардын билиминин жана тажрыйбасынын жоктугу негизги себеп болууда. Ошентсе да, кырсыктан набыт болгондор саны өткөн жылдагыдан азайган. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык патрулдук милиция бөлүмүнүн издөө инспектору, милициянын ага лейтенанты Курстанбек Көчөрбаев билдирди.

Анын айтымында, жол эрежелерин бузган айдоочулар оголе көп. Көпчүлүгү айдоочулук күбөлүгү болгону менен унааны башкарууда алардын тажрыйбасынын аздыгынан улам жол кырсыкка кабылышууда. Алардын негизги бөлүгү 3 жылдан 5 жылга чейинки эле айдоочулук тажрыйбасы барлар, – дейт К. Көчөрбаев.

Алынган маалыматтарга караганда, дол кырсыктарынын алдын алуу максатында партрулдук милиция  арабынан жыл ичинде 45 жолу рейддер өткөрүлгөн. Анда жөө атуулдар жана айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Мектеп окуучулар арасында айына 8 жолу “Абайлагыла балдар” аталышындагы рейддер жүргүзүлүп келет.

-Жол кырсыктарынын санына токтоло турган болсок, өткөн жылы 9 айда 66 жол кырсыгы катталса, бул жылы 9 айда да ушул көрсөткүч сакталып калды. Ал эми кырсыкка учурап, денелеринен жаракат алгандардын саны 92, болсо, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 5ке азайган. Каза болгондор саны 2016-жылы 4 болсо, быйыл үчөө катталды, – дейт ал.

Эскерте кетсек, шаар боюнча патрулдук милициянын курамында 4 кызматкер иш алып барат. Алар тарабынан тейленген автожолдордун жалпы узундугу 164 чакырымды түзөт. .

 

Алмазбек Атамбаевдин Карылардын эл аралык күнүнө байланыштуу куттуктоосу

Алмазбек атамбаев Карылардын эл аралык күнүнө карата куттуктоо жасады. Маммлекет башчысынын куттуктоо текстин президнттин расмий сайты жарыялады.

Урматтуу мекендештер!

Кымбаттуу улуу муундун өкүлдөрү!

Карылардын эл аралык күнү – улуу муундагы адамдарга терең урмат көрсөтүү жана чын ыкластан ыраазычылык сөздөрдү айтуу үчүн мыкты мүмкүнчүлүк.

Бул дата – улуу муундагы адамдарга алардын курагы жөнүндө эсине салбастан, аларга – ата-энелерибизге, пенсионерлерге, согуштун, эмгектин ардагерлерине, Кыргыз Республикасынын улгайган тургундарына ыраазычылык билдирүү  мүмкүнчүлүгү.  Өлкөбүздүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн. Көп жылдык ак ниеттүү эмгеги үчүн. Тажрыйбасы, кең пейилдиги  жана даанышмандыгы үчүн.

Карыларыбыз чарчадым, чаалыктым дебей, коомдук турмушка жигердүү аралашып, четте калбайт. Алардын  оптимизми, кайраттуулугу жана бактылуу келечекке ишеними –   бизге жакшы таалим. Салттарды, үрп-адаттарды, тарыхый-маданий дөөлөттөрдү аяр сактап келет. Андыктан биздин милдетибиз – алардын турмушун эч нерседен кем кылбай, татыктуу, турмуш камсыз кылуу.

Карылардын эл аралык күнүндө мен өкмөттү, жеке секторду жана жарандык коом уюмдарын бардык курактагы адамдар үчүн коом түзүүгө чакырам. Биз күч-аракеттерибизди бириктирип, адамдар узак жашап, жашоосу алда канча сапаттуу, ар түрдүү болушун жана өздөрүнө канааттануу алып келишин камсыз кыла алабыз.

Бардык мүмкүнчүлүктөрдү жана күч-аракеттерди социалдык мамлекеттин негизги принциптерине, эң оболу, социалдык адилеттүүлүккө жана муундардын тилектештигине, жарандардын турмуш шарттарын жакшыртууга  жана алардын кызыкчылыктарын  алга илгерилетүүгө багыттоо зарыл.

Көп улуттуу мамлекетибизде руханий дөөлөттөрдү, улуттук жана маданий салттарды, турмуштук тажрыйбаны сактоочу жана үй-бүлөнүн тиреги катары карылардын ролу баа жеткис. Анткени муундар ортосундагы үзгүлтүксүз байланыштын аркасында этностук көп түрдүүлүк сакталып турат.

Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү!

Баардыгыңыздарга чың ден соолук, узак өмүр, бакубат жашоо каалайм. Жакын адамдардын жылуу мамилесине, камкордугуна бөлөнүп, жакшылыктарда  жүргүлө. Карыларга аяр мамиле  жасоо Кыргызстандын ар бир жараны үчүн күндөлүк  милдетине айлансын.

Атамбаев “Ислам азыркы светтик мамлекетте” эл аралык конференциясынын жыйынтыктары тууралуу маалыматты укту

Алмазбек Атамбаев 30-сентябрда, Президенттик Аппараттын Жетекчисинин орун басарынын рангындагы Президенттин Аппаратынын  этника, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенишүү бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева менен “Ыйман” руханий маданиятты өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Нуржигит Кадырбековду кабыл алды. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Жолугушуунун жүрүшүндө 19 өлкөдөн келген окумуштуу-эксперттердин,  мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, ислам таануучулардын жана абройлуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Бишкекте өткөрүлгөн  “Ислам азыркы светтик мамлекетте” эл аралык конференциясынын жыйынтыгы талкууланды.

Пленардык сессиянын алкагындагы талкуунун жана секциялардагы отурумдардын  жүрүшүндө  түрдүү өлкөлөрдүн эксперттери  азыркы коркунучтарды жана чакырыктарды эске алуу менен  диний чөйрөдөгү процесстерди жөнгө салуу маселелери боюнча   эл аралык кызматташууну жана тажрыйба алмашууну  тереңдетүүнүн маанисин баса белгиленгендиги айтылды.  Исламдын азыркы светтик мамлекеттердеги  ордун жана ролун талкуулоо үчүн Бишкек шаарында    туруктуу иштеген эл аралык аянтча түзүү боюнча Кыргызстандын  демилгеси колдоого алынды. Бул колдоо  эл аралык конференциянын жыйынтыгы боюнча  кабыл алынган  тиешелүү декларацияда чагылдырылды.

Президент Алмазбек Атамбаев  акыркы жылдары Кыргызстанда  Исламдын салттуу жана агартуучу негиздерин коргоо, конфессиялар  аралык диалогду өнүктүрүү менен бирге  динге ишенүү эркиндигинин принцибин эркин ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү үчүн шарттарды түзүү боюнча көп иштер жасалгандыгын белгиледи.

Сапар Исаков карыяларды Эл аралык карылар күнү менен куттуктады

Сапар Исаков өлкөдөгү карыяларды Эл аралык карылар күнү менен куттуктады. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

“Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сиздерди 1-октябрь – Эл аралык карылар күнү менен куттуктайм.

1990-жылы БУУнун Генералдык Ассамблеясы тарабынан бул күн Карылар күнү деп жарыялагандан бери жыл сайын ак сакалын жайкалткан, акылы тунук, нускалуу аталарга, ак элечек, каадалуу энелерге, ардактуу ата-энелерибизге дагы бир жолу өлкөбүздү өнүктүрүүдөгү күжүрмөн эмгектерин даңктап, ыраазычылык сөздөрүбүздү айтуу жакшы жөрөлгөгө айланып калды.

“Атанын салган жолу бар, эненин бычкан тону бар” демекчи, эгемендүү Кыргыз мамлекетибизди куруудагы Сиздер баскан жана түптөп кеткен жол кийинки муунга улуу сабак.

Карысы бардын – ырысы бар” деп, улууну урматтоо жана аларга сый көрсөтүү кылымдар бою калкыбыздын улуттук маданиятынын ажырагыс бөлүгү болуп келген. Улуу муун үчүн колдон келген аракеттерибизди жумшообуз бул күн менен гана чектелип калбашы керек. Карылар дайыма колдоого жана жардам берүүгө муктаж.

Улгайган адамдардын жашоо турмушун жакшыртуу “Жаңы доорго – кырк кадам – 2018-2023” мамлекеттик стратегиялык документте каралган. Анткени улуу муундун азыркы учурдагы ролун жаңыча өнүттө кароого милдеттүүбүз. Айрыкча алардын коомубузга дагы да болсо эмгеги, акылы, тажрыйбасы керек экендигин, ошондой эле активдүү жараны катары көбүрөөк арабызда кала беришине тилектешпиз.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү учурдагы көйгөйлөргө карабастан, пенсиянын, мамлекеттик жөлөк пулдардын жана башка социалдык көмөктүн түрлөрүнүн көлөмүн жогорулатуу аркылуу улуу муундун бакубат жашоосу үчүн маанилүү чараларды кабыл алууда. Кары адамдарды социалдык жактан колдоого алуу мамлекетибиздин маанилүү багыттарынын бири бойдон кала берет.

“Карыганда берсин дөөлөттү” демекчи, бардыгыңыздарга чың ден соолук, бейпилдик, бактылуу карылык, жакындарыңыздын жылуу мамилесине бөлөнүп, узак өмүр сүрүүңүздөрдү каалайм.

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри                                                                                                     С. Ж. Исаков”

Алмазбек Атамбаев Чүй облусундагы Аламүдүн районунун активи жана коомчулугу менен жолугушту

1-октябрда Чүй облусундагы Аламүдүн районунун активи жана коомчулугу менен жолугушту. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Салт катары «суроо-жооп» форматында өткөрүлгөн жолугушуунун жүрүшүндө  Мамлекет башчысы жолугушууга чогулгандардын айылдарда, райондо мектептердин  жана балдар бакчаларынын курулушу, жолдордун тармагын өнүктүрүү жана   таза суу менен камсыздоо, чет мамлекеттерден келген этникалык кыргыздардын Кыргызстандын жарандыгын алуу маселелеринин чечилишине байланыштуу суроолоруна жооп берди.

Президент Алмазбек Атамбаев  райондун  жашоочуларына  президенттик кылган мезгилде көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. «Мен ар дайым Кыргызстан элинин колдоосун сезип турдум. Ошондуктан көп иштерди жасоого үлгүрдүм. Элимдин аркасы менен, элимдин колдоосу менен», – деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы  Кыргызстан өз жолун  тапты, кен байлыктар, ресурстар элдин кызыкчылыгына  иштеген өлкөгө айлангандыгын белгиледи. Өлкөбүз ушул жолдон тайбайт деп баса белгиледи ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Президент  жарандар тарабынан атылган өтүнүчтөрдү жана сунуштарды чечүү  боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

Президенттик Аппараттын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Мусабеков кызматынан бошотулду

Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка йлайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы Мусабеков Алмазбек Обосбекович ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотулду. Бу туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Алмазбек Атамбаев: “Президенттик шайлоонун учурунда кырдаалды туруксуздаштыруу боюнча ар кандай аракеттерге катуу бөгөт коюлат”

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Коопсуздук кеңешинин тар курамдагы жыйналышы өткөрүлдү. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады..

Жыйналыштын жүрүшүндө өлкөдөгү Президенттикке талапкерлер үгүт кампаниясын өткөрүү мезгилинде өлкөдөгү кырдаал жана массалык баш аламандык жана бийликти күч менен басып алуу аракеттерине шектелип Жогорку Кеңештин депутатынын кармалышына байланыштуу биринчи кезекте улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелерине басым жасоо менен президенттик шайлоолорго даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча чаралардын комплекси тууралуу маалымат угулду.

Президент Алмазбек Атамбаев укук коргоо органдары шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү мезгилинде жана президенттик шайлоолор өткөрүлгөн күнү коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүүгө тийиш деп баса белгиледи. Мамлекет башчысы Өкмөткө президенттик шайлоолордо жарандар туруктуулуктун жана коопсуздуктун шарттарында өз эрки менен эркин добуш берүүгө укуктарын ишке ашыруу үчүн бардык шарттарды камсыз кылуу боюнча комплекстүү чараларды ишке ашырууну күчөтүү милдетин тапшырды.

“Алдыдагы Президенттик шайлоолордун шарттарында өлкөдө тынчтык жана ынтымакташтык биз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Биз өлкөбүз үчүн абдан маанилүү мезгилде эч бир провокацияга жол бербей, тынчтыкты жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүүбүз. Эгерде баш аламандык уюштуруу аракеттери аныкталса, мыйзам боюнча сөзсүз түрдө катуу жазага тартылышын кепилдик кылуу керек. Мамлекеттин кызыкчылыгы жана анын келечеги үчүн шайлоо алдында өлкөдө кырдаалды туруксуздаштыруунун ар кандай аракеттерине катуу бөгөт коюлат”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Малымдама: Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин тууралуу мыйзамдын 5-статьясына ылайык, ыкчам чечим же кечиктирилгис мүнөздөгү башка чечимдерди кабыл алууну талап кылган улуттук коопсуздук маселелерин талкуулоо үчүн Коопсуздук кеңешинин Төрагасы Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальнигинин, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын, тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчисинин, ички иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчисинин, чукул кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчисинин, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик органдын жетекчисинин катышуусунда тар курамда жыйын же ыкчам кеңешме өткөрө алат.

2-октябрь, 2017-жыл

Алмазбек Атамбаев саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-сентябрда, өлкөнүн  саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевди  кабыл алды. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына   саламаттык сактоо системасында жүргүзүлүп жаткан  реформалар жана  калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу  жана түрдүү оорулардын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев менен саламаттык сактоо министри  Талантбек Батыралиев   өлкөнүн саламаттык сактоо мекемелеринин курулуш жана ремонт иштерин, анын ичинде Улуттук перинаталдык борбордун жаңы корпусунун курулушунун  жана  Улуттук онкология жана гематология борборунун ремонттук-курулуш иштеринин жүрүшүн талкуулашты.

Мамлекет башчысы саламаттык сактоо тармагындагы жүргүзүлүп жаткан реформаларды натыйжалуу ишке ашыруунун маанисин белгилеп, ал аракеттер биринчи кезекте  дарыгерлерди даярдоонун сапатын жакшыртууга жана калкка көрсөтүлгөн  медициналык кызматтын сапатын жогорулатууга багытталууга тийиш экендигин  белгиледи.

Жалал-Абадда карыларга белек тапшырылды

Жалал-Абад шаарынын жетекчилери шаарда жарыяланган карыларга камкордук көрүүнүн бир айлыгынын алкагында үйүнөн сыртка чыга албаган жүргөн карылардан кабар алып, белек-бечкектерин беришти. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Шаар мэринин милдетин аткаруучу Салайдин Авазовбаш болгон шаар жетекчилери 1-октябрда белгиленүүчү – Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата шаардагы төшөктө жаткан, баса албаган улгайган адамдардын үйлөрүнө барышты жана алар менен баарлашып, алдыдагы майрам менен куттукташты. Карыялар жетекчилери ак баталарын беришти.

– Шаар мэриясы Улгайган адамдардын Эл аралык күнүнө карата 100 миң сом акча бөлүп, ошол каражатка түрдүү иш-чараларды уюштурганбыз. Ошонун ичинде бүгүн шаар боюнча ордунан туруп баса албаган 105 карыялардын үйлөрүнө барып, куттуктоо сөздөрдү айтып, белек тапшырдык. Андан сырткары, өздөрү басып жүрө алган 95 карыяларыбызга сый-тамак уюштурулду. Аларга сый-тамакта отурган жеринде белектерди тапшырабыз. Ал эми камкордук көрүүнүн бир айлыгынын ичинде жардамга муктаж болгондорго жакындан жардамдар көрсөтүлүп жатат. Андан сырткары, үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору карылардын үйлөрүнө барып акысыз медициналык кызмат көрсөтүп жатышат. Ошондой эле аларга өтүкчүлүк, чачтарач кызматтары акысыз көрсөтүлүүдө. Бир айлыктын алкагында шаардагы улгайган курактагы кишилер шаардык мэрия тарабынан толук камкордукка алынууда, – дейт С. Авазов.

Ошондой эле Жалал-Абад шаарынын 1-вице-мэри Турдалы Темирбаев да шаардагы карыялардын үйлөрүнө барып, белектерди тапшырып, куттуктоо сөзүн айтты.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында 80 жаштан жогорку 300дөн ашуун улгайган курактагы карыялар бар.

Меню