Menu

РАСМИЙ КАБАРЛАР

Атамбаев Токмок шаарында милиционерлерге жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-сентябрда, Токмок шаарында Ички иштер министрлигинин кызматкерлери үчүн көп батирлүү үйдүн ачылыш аземине катышты. Бул туурасында президенттин расмий сайты билдирет.

Мамлекет башчысы милиционерлерди жаңы конушу менен куттуктап, тартип сакчылары менен ушул күндүн кубанычын тең бөлүшүүгө курсант экендигин белгиледи.

Президенттин айтымында өлкөдө 7 жылдын аралыгында милицияга, күч түзүмдөрүнө карата мамиле түп тамырынан бери өзгөрдү Өлкөдө аскер кызматкерлери, милиционерлер, чек арачылар, куткаруучулар үчүн үйлөр курулду жана азыр дагы курулуп жатат. Тартип сакчылары үчүн кыйын мезгилди – жарыбаган айлык алган, ал тургай формасынан уялган, мамлекет тарабынан тиешелүү көңүл бурулбаган учурду эске салды. Ушул жылдардын аралыгында Президент белгилегендей, милиционерлердин айлык акысын жогорулатууга, турак жай куруп, аларга социалдык колдоо көрсөтүүнүн башка маселелерин чечүүгө мүмкүн болду.

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекет милиционерлер тууралуу мындан ары дагы камкордук көрүүгө тийиш экендигин баса белгилеп, өлкөнүн кийинки жетекчилиги укук коргоо органдарынын кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу боюнча бул масштабдуу ишти улантат деген ишенимин билдирди.

Президент өз сөзүндө ошондой эле Кыргызстан мамлекеттик акчаларды олигархтарга жумшагыдай олигархтардын мамлекети эмес, карапайым адамдар тууралуу кам көргөн өлкө экендигин баса белгиледи. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан адамдар өз тагдырын өзү чечип, өз жолун өзү тандаган эгемендүү мамлекет экендигин белгиледи. Мамлекет башчысы жаңы үйдүн короосунда балдар аянтчасын курууга сертификат тапшырды.

Президенттик шайлоонун жүрүшүнө көз салуу боюнча ОБСЕнин байкоочулары Жалал-Абадда болушту

 

Бүгүн, 26-сентябрда ОБСЕнин Кыргыз Республикасында 15-октябрда болуучу Президенттик шайлоонун жүрүшүнө көз салуу боюнча калыс байкоочулар миссиясынын өкүлдөрү Жалал-Абадда болушту. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. ОБСЕнин байкоочулар миссиясынын Кыргызстандагы башчысы – элчи Александр Кельтчевски, саясий маселелер боюнча адис Пэр Нурмарк, узак мөөнөттөгү байкоочулар  Ханс Дизет жана Марсо Марсилиге ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков Жалал-Абад облусунда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берди.

—     Учурда Жалал-Абад облусунда 426 участкалык шайлоо комиссиялары түзүлгөн. Шайлоону демократиялуу негизде ачык айкындуулукта өткөрүү боюнча курамы 23 адамдан турган облусттук штаб түзүлгөн. Жалпысынан облус боюнча 548 миң шайлоочулар бар. Президенттикке көрсөтүлгөн бардык талапкерлерге бирдей шарттар жаратылууда. Участкалык шайлоо комиссиялары керектүү жабдуулар жана байланыш каражаттары менен жетиштүү камсыз болушкан. “Бир шайлоочу – бир добуш” принциби толугу менен сакталат. Анткени шайлоочулар биометрикалык маалыматтардын негизинде гана добуш бере алышат,- деди ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков.

—    ОБСЕнин байкоочуларынын  миссиясы Кыргызстанда өтүүчү Президенттик шайлоонун жүрүшүнө өзүнүн калыс байкоосун  салуу гана болуп саналат. Биз Кыргызстанда өтүүчү шайлоого, анын ички саясатына кийлигишпейбиз,- деди  ОБСЕнин Кыргызстандагы байкоочулар миссиясынын башчысы – элчи Александр Кельтчевски.

Кыргыз Республикасында Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча ОБСЕнин байкоочулар миссиясынын башчысы Александр Кельтчевски белгилеп кеткендей, 15-октябрда өтүүчү Президенттик шайлоонун жүрүшүнө калыс байкоо салуу максатында чет өлкөлөрдөн 500дөн ашуун байкоочулардын келүүсү күтүлүүдө

Алмазбек Атамбаев Токмок шаарындагы №6-мектептин абалы менен таанышты

Алмаз Атамбаев бүгүн, 26-сентябрда иш сапарынын жүрүшүндө Токмок шаарындагы  №6-мектептин абалы менен таанышып чыкты. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Мурда Мамлекет башчысы  бул мектепти  чатырын жабуудагы көйгөйгө байланыштуу капиталдык ремонт кылуучу мектептердин тизмесине биринчи кезекте киргизүү тууралуу тапшырма берген.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева  маалымдагандай,  Токмок шаарындагы № 6-мектептин абалын изилденгенден кийин  ал республикалык бюджеттин «капиталдык салымдар» статьясы менен  каржыланчу курулуш обьектилеринин тизмесине киргизилген. Өкмөт тарабынан обьектти өз учурунда каржылоо жана  тендер өткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилген. Бирок тендер жакынкы күндөрү өткөрүлөт.

Президент Алмазбек Атамбаев  мектептин имаратын көрүп, окуу кабинеттерин, спорт залына кыдырып чыкты.

Мектептин авариялык абалын эске алуу менен, Мамлекет башчысы  ремонттук иштерди баштоодо  мынчалык создуктурууга  жол берүүгө болбостугун баса белгиледи.  Президенттин  пикири боюнча  мектептин ремонтун окуу жылынын башталышына чейин  созууга мамлекеттик органдардын обьективдүү себептери жок болчу.

Мамлекет башчысы  Токмок шаарындагы №6-мектепти капиталдык ремонтун баштоого шашылыш  киришиш үчүн бардык жол-жоболорду тез арада аяктоого   жана  тиешелүү бардык жумуштарды жылдын акырына чейин  бүткөрүүгө тапшырма берди.

Атамбаев вице-премьер-министр Темир Жумакадыров менен БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 25-сентябрда өлкөнүн вице-премьер-министри Темир Жумакадыров менен Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына  үстүбүздөгү жылдын 15-октябрына белгиленген президенттик шайлоолорду өткөрүүгө даярдыктын жүрүшү, шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумуштарды өркүндөтүү чаралары, шайлоолорду  материалдык камсыздоо, анын ичинде  тиешелүү техникалык   жабдуулар менен камсыз кылуу  чаралары  туурасында маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев   президенттик шайлоолорду таза жана ачык өткөрүүнү жана  өлкөнүн жарандары эркин добуш берүүсүн камсыз кылуу үчүн  Өкмөт жана Борбордук шайлоо комиссиясы бардык шарттарды түзүүгө тийиш деп баса белгиледи.

Мамлекет башчысы  администрациялык ресурс колдонулуп жатат жана шайлоочулардын добушун сатып алуу тууралуу маалыматтарга  ыкчам жооп берип, мындай фактылар  аныкталса, мыйзам бузгандарга карата   мыйзамда каралган бардык чараларды  колдонуу зарыл экендигин белгиледи. “Бул шайлоолор Кыргызстан үчүн, өлкөнүн туруктуулугу жана мындан ары туруктуу өнүгүшү үчүн тарыхый мааниге ээ. Ошондуктан  демократиялуу жана ачык атаандашуу үчүн бардык шарттарды түзүп, максималдуу таза жана ачык шайлоо өткөрүүнү камсыз кылуу абдан маанилүү. Эл тарабынан  аныкталган шайлоолордун жыйынтыктары  өлкөнүн жарандарынын дагы, шайлоонун катышуучуларынын дагы күмөн саноосун жаратпагыдай болушу керек”,- деди  Алмазбек Атамбаев.

Сапар Исаков Ош облусуна эки күндүк жумуш сапары менен барат

Сапар Исаков 25-26-сентябрда, Ош облусуна эки күндүк жумуш сапары менен барат. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Өкмөт башчысы Ош облусунун өзгөчө кырдаалдар жана кырсыктардан жабыр тарткан аймактарында болуп,  социалдык жана билим берүү объекттерин калыбына келтирүү, курулуш иштерин текшерет жана Өзгөн районундагы жергиликтүү тургундарын көчүрүү үчүн бөлүнгөн жерлерди иштеп чыгуу менен таанышат.

Тактап айтканда, Сапар Исаков, Чоң-Алай районунун Карамык айылынын жергиликтүү тургундары менен жолугушуп, В.И. Ленин атындагы орто мектептин абалын жана райондук оорукананын курулушун карап чыгат. Ошондой эле, Өкмөт башчысы Кулчу айылындагы орто мектептин курулуш  ишинин жүрүшүн текшерет. Чак айылындагы айылдык мектептеги бүтө элек имараттын спорт залын жана Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылындагы курулуш иши токтотулуп турган орто мектепти карап чыгат.

Иш сапарынын экинчи күнү, Премьер-министр Өзгөн районунун Ак-Терек айылындагы орто мектебин куруу иши менен таанышат,  Курбу Таш айылындагы орто мектептин абалын карап, айылдын ички жолдор курулушун карап чыгып, ушул райондун жаратылыш алааматтарынан жапа чеккен айылдарынын тургундарын көчүрүү үчүн бөлүнгөн “Ана Кызыл” жана “Жаман-Адыр” аймактарындагы участокторду өздөштүрүү иштери менен таанышат.

Мындан тышкары, Сапар Исаков ОшМУнун медициналык лабораториясын көрүп, студенттер менен жолугушат. Ошондой эле Ош облусунун Араван районундагы “ЮКСМ” ЖЧИ цемент заводунун  иши менен таанышат.

Ошону менен катар, Өкмөт Башчысы Чоң-Алай жана Өзгөн райондорунун базарларына барып, ал жакта жашаган үй-бүлөлөргө барууну  пландоодо.

Алмазбек Атамбаев башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 25-сентябрда өлкөнүн башкы прокурору Индира Жолдубаеваны кабыл алды. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Мамлекет башчысына  Президентке талапкерлер тарабынан агитациялык кампанияны  жүргүзүү мезгилинде  шайлоо мыйзамдарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүү  боюнча Башкы прокуратура тарабынан    жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берилди. Башкы прокурордун  айтымында  тиешелүү көзөмөл жана контрол күчөтүлдү, жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда жарыяланган мыйзам бузуулар, анын ичинде шайлоочулардын добушун сатып алуу жана администрациялык ресурстарды колдонууга байланыштуу фактылар боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп жатат.

Маалыматты угуп, Президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурага   президенттик шайлоолор мезгилинде  мыйзамдын сакталышына көзөмөлдү  күчөтүп, шайлоо мыйзамдарын бузуулар аныкталса, катуу чара көрүүгө тапшырма берди.

Алмазбек Атамбаев «Time» журналынын баяндамачысы Иэн Бреммерге интервью берди

Алмазбек Атамбаев 22-сентябрда  Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарына жасаган иш сапарынын алкагында «Time» журналынын баяндамачысы, саясат таануучу, «Eurasia Group»  изилдөө борборунун президенти Иэн Бреммерге  интервью берди. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө Мамлекет башчысы  Кыргызстандын тышкы саясый багытын ишке ашыруудагы жана стратегиялык өнөктөштөр  менен  мамилелерди өнүктүрүүдөгү негизги приоритеттер туурасында айтып берди.  Ошондой эле Президент «Time» журналынын баяндамачысынын   диний экстремизмге жана терроризмге каршы күрөштө көрүлүп жаткан чаралар, Кыргызстанда  демократияны  мындан ары  бекемдөө жана АКШ менен мамилелерди чыңдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө суроолоруна жооп берди.

Калтырып жаткан мурасы тууралуу суроого жооп берип жатып Президент Алмазбек Атамбаев  президенттик кылган жылдары эркин адамдардын өлкөсүнүн фундаментин  түптөөгө умтулгандыгын баса белгиледи.  «Биз өлкөдө тынчтыкка, ынтымакташтыкка жана туруктуулукка жетиштик. Ушул жылдары  адамдарда  келечекке  ишенимин ойгото алдык. Адамдар башкача болуп өзгөрдү, биз аларга миң жылдык тарыхыбызды эске салып, адамдардын улуттук аң-сезими ойгонду. Адамдар өлкөнүн тагдырын өздөрү чечиш керек экендигин  түшүндү. Аны үчүн биз  жыйынтыкты будамайлоого жол бербеген биометрикалык маалыматтарды пайдалануу менен таза шайлоолорду өткөрдүк.   Атка минерлер, бийлик коомдук пикирди урматтап, андан чоочулап калышына жетиштик. Бизде коомдун пикири салмактуу болуп калды. Бул менин кыялым эле, бийлик адамдардын пикири менен  эсептешип, адамдардын пикирин урматтап, адамдардын пикиринен корккудай болуш керек. Ушул жылдары мен  эркин адамдардын өлкөсүн курушубуз керек деп айтып келгем,-деди Алмазбек Атамбаев. – Мындай   коом менен  биз демократия жолунан тайбайбыз деп ишенем».

 

Алмазбек Атамбаев америкалык ири компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту

Алмазбек Атамбаев 21-сентябрда  Нью-Йоркко иш сапарынын алкагында америка-кыргыз ишкерлер кеңешинин уюштуруучулары жана бир катар америкалык  ири компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

АКШнын биринчи ишкерлер миссиясынын июль айында Кыргызстанга жасаган сапарынын алкагында өткөрүлгөн диалогдун уландысы болгон жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы америкалык компаниялардын өкүлдөрүнүн  өлкөдө  чет элдик ири инвесторлорго шарттарды түзүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга тиешелүү суроолоруна жооп берди.

Ишкерлер  кеңешинин төрагасы Томас Файерстоун  Президент Алмазбек Атамбаев менен учурашып,  Кыргызстанга жасаган алгачкы ишкердик миссияны жылуу сезим менен эскерди.  Америкалык компаниялардын өкүлдөрү  өлкөдө ишкерлерге ыңгайлуу шарттар  түзүлүп, Кыргызстандагы чет элдик инвесторлордун  ишеними сезилерлик артып, ишкердик активдүүлүгү жогорулап жаткандыгын белгилешти.

Суроолорго жооп берип жатып Президент Алмазбек Атамбаев акыркы жылдары жүргүзүлгөн реформалардын  жыйынтыгында бизнес Кыргызстанга  ишеним артып, өлкөгө инвестиция сала баштагандыгы баса белгиледи. “Биз Кыргызстанды бизнес үчүн бейишке айландырабыз деген максат койдук. Эми Кыргызстанда бизнести салык кызматы гана текшере алат. Салыкты максималдуу төмөндөттүк, бизнес максималдуу корголгон”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы  салыктын төмөндүгүнө гана эмес,  Евразиялык экономикалык  бирликтин жана Европа союзунун өлкөлөрүнө  товарларды пошлинасыз жеткирүү мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу дагы өлкөнүн артыкчылыктарына  өзүнчө токтолду. Ушуга байланыштуу Президент өлкөнүн айыл чарба тармагынын келечеги кең  экендигин баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев  өлкөдөгү  бардык процесстердин ачыктыгын арттыруу, мамлекеттик органдардын коом, жана бизнес  алдында отчеттуулук системасын чыңдоо, жарандык секторду өнүктүрүү, санариптик экономиканы куруу боюнча  жумшап жаткан күч аракетке өзгөчө токтолду. Президенттин ою боюнча бул чаралар  өлкөгө ири инвесторлордун келишин үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылат. «Бизнес саясаттан тышкары болууга тийиш, бир дагы экономикалык долбоор саясатташпашы керек»,-деди Алмазбек Атамбаев. – Азыр Кыргызстанга инвестиция салуунун мезгили».

Маалымдама: Президент менен жолугушууга  2016-жылы түзүлгөн Америка-кыргыз ишкерлер кеңешинин мүчөсү болгон «Baker & McKenzie LLP», «General Electric», «AGCO Corporation» компанияларынын, ошондой эле   “Coca-Cola”, “Сiti”, “Oppenheimer&Со, Inc”, “Visa Inc”, “Microsoft”, “White 64”, “AES”, “John Deere” сыяктуу ири компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Атамбаев General Electric компаниясынын вице-президенти Рон Поллетт менен жолугушту

Алмазбек Атамбаев 21-сентябрда,  Нью-Йоркко иш сапарынын алкагында General Electric компаниясынын вице-президенти, КМШ боюнча компаниянын президенти жана башкы аткаруучу директору Рон Поллетт менен жолугушту. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Жолугушуунун жүрүшүндө General Electric компаниясынын Кыргызстандагы ишмердигине, анын ичинде энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо тармагына тиешелүү маселелер талкууланды.

Ошондой эле   Кыргызстан менен General Electric компаниясынын  ортосунда кызматташууну кеңейтүү, биринчи кезекте  ата мекендик энергетиканы жана жаңы гидроэлектр станцияларын куруунун келечеги  талкууланды

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентинин куттуктоосу

Президент Алмазбек Атамбаев эртең, 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата бардык кыргызтандыктарды куттуктады. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Кымбаттуу кыргызстандыктар,

кадырман мекендештер!

Кыргызстандын көз карандысыздыгына карай жолубуздун башаты эне тилибизди сактап калуу кыймылынан башталганы белгилүү. 28 жыл мурда бул кыймыл зор коомдук күчкө өсүп жетип, кыргыз тилинин мамлекеттик даражасын мыйзам түрүндө бекитүүгө жетишкен.

Дал ошол мыйзам кабыл алынган 23-сентябрь күнүн мамлекеттик тил майрамы катары жыл сайын белгилеп келе жатабыз. Баарыңыздарды улуттук рухий майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасында кыргыз тилинин коомдук турмуштун бардык чөйрөсүндө толук кандуу иштеши, элибиздин биримдигин камсыз кылып, бириктирүүчү ролду аткараары баса белгиленген. Ошону менен бирге, учур талабына шайкеш тил саясатын жүргүзүү, мамлекеттик, расмий жана чет тилдерди өздөштүрүү жаш муундардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө зор мүмкүндүк берет.

Мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууда сиздер менен чогуу кызматташып, кыргыз тилибиздин чыныгы мамлекеттик мартабасына ээ болуусуна салым кошуп, сапарлаш болуп келебиз! Соңку жылдары тил жаатында көп иштер жасалды, жасала турганы андан көп.

“Тилдин ээси – эл” деп, залкар атабыз Түгөлбай Сыдыкбеков белгилегендей, жалпы элдик аракет, бир тилекке бириккен улуттук мүдөө гана тилибиздин толук кандуу иштешине жана өркүндөшүнө өбөлгө түзөт.

Демек, биздин тилек – өз өлкөбүздө өз тилибизде сүйлөп, иштейли деген табигый талап. Башка улуттун өкүлдөрүн өз айланабызга бириктирип, ынтымакта иштешүүнүн бирден-бир жолу – мамлекеттик тилди кеңири колдонуу. Ошондуктан, баарыбыз эң ириде эне тилибизге кызмат кылуубуз менен элибизге ак санаган адал эмгек өтөөрүбүздү терең түшүнөлү.

Мамлекеттик тилибиздин түбөлүгү түз болсун, майрамыбыз кут болсун!».

Меню