Menu

РАСМИЙ КАБАРЛАР

Президент Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиевди кабыл алды

А. Атамбаев бүгүн, 23-мартта Өкмөт алдындагы Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиевди кабыл алды.

Жолугушууда Медетбек Айдаралиев Президентке сыртта, биринчи кезекте Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдө иштеп жүргөн кыргызстандыктарга колдоо көрсөтүү иштеринин багыттары тууралу айтып берди. Анын айтымында, Кыргызстандын экономикалык интеграция процессине катышуусуна байланыштуу бизден барган мигранттардын абалынын жакшырышын эске алуу менен Мамлекеттик миграция кызматы тарабынан Кыргызстан жарандарын сыртта ишке орноштуруу системасын өнүктүрүү жана алардын укуктарын коргоо боюнча чаралар комплекси көрүлүп жатат.

Президент Алмазбек Атамбаев эмгек мигранттары өз социалдык-укуктук проблемаларын чечүүдө мамлекеттин колдоосун сезип жана өз укуктары менен милдеттерин билүүгө тийиш экенин белгиледи. Буга байланыштуу Мамлекет башчысы сыртта иштеген кыргызстандыктардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо максатында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин кеӊири жайылтуу аркылуу аларга колдоолорду күчөтүү зарылдыгына көӊүл бурду.

29-мартта Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйналышы болот

29-мартта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук  кеңешинин V жыйналышы болот. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйналышта «2013-2017-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алдын-ала жыйынтыктары жана 2040-жылга чейинки мезгилге карата  Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын даярдоо жөнүндө» маселе каралат.

Президент тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды

А. Атамбаев бүгүн, 22-мартта тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда Мамлекет башчысына өлкөнүн тышкы саясый багытын жүзөгө ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралу маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев менен тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев андан тышкары Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын сөз жок эске алуу менен өлкөнүн тышкы саясый приоритеттерин андан ары өнүктүрүү боюнча ишмердиктин багытттарын талкуулашты.

Андан тышкары жолугушууда Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдиктеги төрагалыгын эске алуу менен негизги тышкы өнөктөр менен кызматташтыкты тереӊдетүү боюнча конкреттүү кадамдарды жүзөгө ашыруу пландары талкууланды.

Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

А. Атамбаев кыргызстандыктарды  Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул туралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады. Мамлекет башчысынын куттуктоо текстин Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков борбордук “Ала-Тоо” аянтындагы иш-чарада окуду.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

Урматтуу мекендештерим!

Сиздерди байыркы Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Нооруз – күн менен түндүн жазгы теңелүү күнү, жаңы күн. Жер жарылып чөп чыккан, желин айрылып сүт чыккан мезгил.

Ата-бабаларыбыз илгертен эле жаздын келишин, чөптүн чыгышын, булак көзүнүн ачылышын жакшылыкка жорушкан. Ошондуктан Нооруз токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын майрамы катары белгиленген. Бул күнү эл журттун, мал-жандын аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары болушун тилеп, Жаратканга сыйынышкан. Соко чегип, жер бетин алгач жолу тилишчү. Сүмөлөк кайнатып, ар бир үй-бүлө сый тамагын жасап, айыл-апасы менен чогуу майрамдашчу.

Бабалардын ошол улуу салтын,  жашоонун улуу көчүн, жаркын көчүн улоо менен кыргыздар азыр да көпчүлүк Чыгыш элдери сыяктуу эле Ноорузду чоң салтанат менен белгилейт. “Ноорузду” биздин элибиз дайыма чоң үмүт, жакшы тилек менен тосуп, жаздын, эмгектин, чыныгы биримдиктин, тынчтыктын, ынтымактын майрамы катары майрамдашат.

Өлкө быйылкы Ноорузду жакшы жетишкендиктер, жаңы жөрөлгөлөр менен тосуп жатат. Элибиз улуттук жана руханий кайра жаралуу доорун сүрүүдө. Дүйнөлүк экономикалык жана финансылык каатчылыктын тескери таасирине карабастан, 2013-2016-жылдары Кыргызстандын ички дүң продукциясынын өсүшү орточо 5,4 пайызды түзүп, КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги эң алдыңкы орунга чыктык. Өлкөбүз энергетикалык көз карандысыздыкка жетишти.

Азыркы кезде күжүрмөн элибиз жаз камын көрүп, Кудайдан мол түшүмдү, тынчтыкты, ынтымакты, жакшылыкты тилеп турган учуру. Анткени бул жыл өлкөбүздүн өнүгүүсүндөгү өтө маанилүү жыл. Алдыда президенттик шайлоо турат. Элибиздин, жерибиздин тагдыры, келечеги чечиле турган күн келатат.

Мына ушундай жооптуу мезгилде Кыргызстан элине ынтымак жана биримдик гана керек. Өлкөнүн жана балдарыбыздын келечеги кандай болоору өзүбүзгө гана байланыштуу. Ошондуктан ойлоно турган, Мекенибизди гүлдөтүү үчүн жеңди түрүп, жапырт иштей турган учур келди.

Кудайдын колдоосу менен, тилегибиз ишке ашсын, Нооруз, келе жаткан жылыбыз ырыс-кешиктүү болсун! Жаратканыбыз Кыргызстанды колдосун, элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсин!

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков : Нооруз менен кошо ар бир үйгө кут конуп, элибизди ынтымак-ырашкерлик жылоолосун

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-мартта,  Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында жалпы Кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Төмөндө Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун сөзү:

«Урматтуу мекендештер! Баарыңыздарды Кыргыз Өкмөтүнүн атынан Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Нооруз – кылымдардын тереӊинен, тарыхтын түпкүрүнөн келген майрам. Элибиздин маданиятына, коомубуздун аӊ- сезимине тереӊ сиӊип, муундан муунга, атадан балага берилип келген жөрөлгө. Тарыхтын ар кандай сыноосунан өтүп, көп жылдар бою тыюуга туш болгонуна карабастан, урпактарга унутулбай жетип, эгемендүүлүк менен кайра жаралган майрам. Элибизде Нооруз майрамы – табигат ойгонуп, жаңы жыл келип, жаӊы үмүттөр жаралганын билдирет. Элибизди жаркын маанай каптап, коомдо ынтымак өкүм сүргөн учур. Бүгүнкү майрамдын символу – буудай. Ноорузда адамдар бири-бирине сүмөлөк тартуулашып, ырыскыбыз чогуу болсун деген тилектерин билдиришет. Нооруз – кырманыбызда молчулук,  элибизде токчулук, коомубузда ынтымак болсун деп, Баба дыйкан  жер айдоону баштаган мезгил.  Бүгүндөн тарта күн узарып, жашоонун жарык түсү көбөйүп, жаз жарышы башталат.

Урматтуу мекендештер!

Жаӊы жылды билдирген Нооруз майрамын тосуп жатып, жалпы өлкөбүз жөнүндө ой жүгүртөбүз, келечектин планын белгилейбиз. Акыркы жылдары Кыргызстан чыныгы демократиялык жолго түшүп, коомубузда адилеттиктин үстөмдүгүн орнотуу үчүн чечкиндүү аракеттер жасалып жатат. Өлкөдө башкаруу системасы өзгөрүп, жаңы саясий маданият калыптанууда.

Президентибиз Кыргызстанды түп-тамырынан бери жаӊыланууга багыт берген реформаларды демилгеледи. Бизде жүрүп жаткан кайра түзүүлөр Борбордук Азияда гана эмес, КМШ  мамлекеттеринде да биринчилерден болуп жатат. Экономикада, социалдык чөйрөдө, саясатта, сот системасында, жарандык коомдо бир катар жакшы өзгөрүүлөр башталды. Өнүгүү өзүнөн өзү эле келбей турган, ал чечкиндүүлүктү, бекем саясий эркти, чыдамкай аракетти талап кылган көрүнүш. Өлкөнүн өнүгүшү үчүн жеке кызыкчылыгын унутуп, журттун келечегин өз мойнуна жүктөгөн муундун өкүлдөрүнө муктаж экенбиз.  Акыркы эле алты жылды карасак, эски менен жаӊынын, адилеттик менен ач көздүктүн,   туруктуулук менен тополоӊдун көрүнө да, көмүскө да күрөшүн көрөбүз. Бул күрөштө ийгиликке жетип, жаӊы системаны ишке ашыруу, аны кайтпас мүнөзгө салуу үчүн элдин колдоосу зарыл болду. Азыр күчтүү, адилеттүү жана бай мамлекетти куруу максаты менен жасалган реформалар, жаӊы саясий система туруктуу мүнөзгө ээ болду.

Адилет шайлоолорду, референдумду, бийликтин ачыктыгын, жогорку кызмат адамдарынын тазалыгын, соттун жана басма сөздүн калыстыгын камсыз кылчу системаны курууну кадырман элибиз колдоп берди.  Мындан ары да ар кандай тоскоолдуктарга карабай биз элибиз тандап алган бул жолду уланта беребиз. Алдыга койгон асыл максаттарды ишке ашыруу үчүн мындан ары да коомубуздун биримдиги жана журтубуздун тынчтыгы керек. “Ынтымактуу элдин ырыскысы мол болот”. Ынтымак болсо дагы көптөгөн бийиктиктерге жетебиз. Өлкөдө туруктуулук өкүм сүрүп, социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыздоо үчүн Кыргыз Өкмөтү бардык аракеттерди жумшай берет. Жаркын келечекке багыт алган коомубуздун сапары узак жана байсалдуу болсун.

Урматтуу мекендештер!

Жаздын жарык жана керемет бул күнүндө жергебизге жаңылануунун, эмгектин жана үмүттүн символу – Нооруз майрамы келди. Бул жалпы элдик майрам аркылуу биз аруу тилектерибиздин ишке ашышын күтүп, бири-бирибизге жылуу каалоо-тилектерибизди арнайбыз. Жаңы жылды тосуп жатып, артка кылчайып карап, жыйынтык чыгаруу менен келечекке жаңы максаттарды коебуз. Биз биргеликте көптөгөн ийгиликтерге жетиштик, келечекте дагы бийиктиктерди багындырабыз. Биримдигибиз менен тоскоолдуктарды жеңип, гүлдөгөн Кыргызстанды курабыз! Нооруз майрамы Кыргызстандагы ар бир үйгө бакубат жашоо, өнүгүү жана бакыт алып келсин! Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан бардыгыңыздарга бекем ден соолук, тынчтык жана ийгиликтерди каалайм.

Нооруз майрамы менен кошо ар бир үйгө кут конуп, элибизди ынтымак-ырашкерлик жылоолоп, жергебизге береке кирсин деп тилейли.Көкүрөгүбүзгө эмгектин, адилеттиктин жана мекенге болгон сүйүүнүн көчөтүн тигели! Ар бирибиздин жүрөгүбүзгө жакшылыктын, бакыттын үрөнү себилсин.Жараткан эгилген ар бир тоголок дандын берекесин берсин. Кыргызстандын ар бир үй-бүлөсүнө, ар бир жаранына бекем ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалайм. Жаңырган жаңы жылыбыз ак жолтой жылдардан болсун. Элибизде ынтымак, мекенибизде тынчтык болсун!Дагы бир жолу Нооруз майрамыңыздар менен!».

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун Нооруз майрамына карата куттуктоосу

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул туурасында КР ЖК басма сөз кызматы маалымдады.

Чыныбай Турсунбековдун куттуктоо тексти:

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан улустун улуу күнү болгон Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Жаз алып келген “Жаӊы күн” майрамын бабаларыбыз күн менен түн теӊелишкен ыйык күн катары белгилешкен. Себеби, Нооруз сөзү байыркы фарс тилинен алынып, кыргызчага которгондо “жаӊы күн” дегенди билдирет. Ошондуктан башка орто азия элдери сыяктуу эле кыргызстандыктар да жаӊы жылдын башталышы катары майрамдап, жаздан жакшылыкты, жайдан берекени, күздөн токчулукту, кыштан аманчылыкты тилеген.Арча түтөтүлүп, алас айтылган. Кут толгон Нооруз майрамында казан-казан көжө, жети түрлүү даам кошулган сүмөлөк баштаган тамактар дасторконго коюлган. Улуттук оюндар ойнолуп, бабалардын бай мурасы даӊазаланган. Бул майрам ушунусу менен кызыктуу, ушунусу менен көрктүү!

Ардактуу кыргызстандыктар!

Жаздын бир күнү, бир жылга тете дегендей, жалпыбыз билек түрө эмгек кылалы. Ар бирибиз мамлекет үчүн колдон келген ишти жасап, гүлдөгөн Кыргызстанды куралы! Дагы бир жолу жаӊы жылдын келгенин жар салып, дарак бүчүрүндөй далай жакшы тилек-үмүттөрдү сунган Нооруз майрамы кут болсун! Жаратканым элибизге тынчтык, жергебизге береке берсин! Айдаган аштыгыбыз арбын болуп, келээрки жазга жетсин! Байлаган малыбыз көбөйүп, элдин ырысы артсын! Жер жарылып чөп чыксын, желин айрылып сүт чыксын! Өлкөбүз биримдикте өнүгүп, калкыбызда кырсык болбосун! Урпактарыбыз өсүп, улутубуз көбөйсүн, учугубуз уланып, көчүбүз бузулбасын! Эски жыл колдоп, жаӊы жыл жалгасын!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеӊешинин Төрагасы                                     Чыныбай Турсунбеков

Алмаз Атамбаев аты жок чокуга «Апрель революциясынын Баатырлары чокусу» географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө Мыйзамга кол койду

Алмаз Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунун аймагындагы Тескей Ала-Тоо кыркасында жайгашкан 4142,2 метр бийиктиктеги аты жок чокуга» Апрель революциясынын баатырлары» деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам 2017-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – Апрель революциясынын Баатырларынын аттарын түбөлүккө калтыруу.

Кабыл алынган Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунун аймагындагы Тескей Ала-Тоо кыркасында жайгашкан аты жок чокуга «Апрель революциясынын Баатырлары чокусу» деген географиялык аталыш ыйгарылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Алмаз Атамбаевди жана өлкө элин  Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Куттуктоо телеграммасында Нооруз – өзүнүн гуманисттик жана жаратмандык салттары – боорукердиги жана бакыбаттыгы, жаркын жана шайыр маанай тартуулаганы, адамгерчилиги жана өз ар урмат-сыйы менен дүйнөгө атагы чыгып, жалпы адамзаттын өзгөчө жетишкендиги катары эл аралык таанууга ээ болгон Чыгыштын мыкты майрамдардын бири экени айтылат.

«Биздин өлкөлөр көөнөрбөс идеалдарга таянуу менен мындан ары да өз ара достук жана пайдалуу кызматташтык алака-катыштарын бекемдеп жана өнүктүрө берет деп ишенем», – деп белгиленет куттуктоодо.

Тажикстан Президенти  Эмомали Рахмон Алмаз Атамбаевге жана Кыргызстандын дос элине бакыт, жакшылык, тынчтык жана өсүп-өнүгүү каалады.

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Кыргызстандын салттуу Нооруз майрамына  байланыштуу Кытай Өкмөтүнүн, элинин жана жеке өз атыман Сизге жана сиз аркылуу бүт Кыргызстан элине чын дилимден бул даңазалуу майрам менен куттуктоого уруксат этиңиз.

Быйыл жыл башында Сиздин Кытайга сапарыңыздын маалында биздин иштиктүү жана үзүрлүү сүйлөшүүлөрдү зор канааттануу менен эстейм. Кыргыз-кытай мамилелеринин өнүгүшүнө мен зор көңүл бурам жана эки өлкө менен элдеринин жакшылыгы үчүн биздин стратегиялык өнөктөштүктү жана көп тараптуу кызматташтыкты жаңы тепкичтерге жылдыруу үчүн биргелешип күч-аракет жумшоого даярмын», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Президент Алмазбек Атамбаевге бекем ден соолук, ишине ийгиликтерди, кыргыз элине бакыбаттык каалады.

Алмазбек Атамбаев Россия Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 20-мартта, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулушунун 25 жылдыгына байланыштуу  Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Эки мамлекеттин башчылары тарыхый калыптанган достук байланыштарга, өз ара пайдалуу кызматташтыкка жана стратегиялык өнөктөштүккө негизденген кыргыз-россия мамилелери эки өлкөнүн элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп берерин белгилешти.

Өткөн чейрек кылым аралыгында тараптар биргелешкен аракеттер менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле коопсуздук багытында өз ара аракеттешүүнүн натыйжалуу механизмдерин калыптандырышканы баса белгиленди. Тараптар регионалдык жана эл аралык уюмдардын алкагында активдүү кызматташууда.

Мындан ары карай саясий диалогду бекемдөөнүн жана бардык конкреттүү макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүү экени айтылды.

Андан тышкары, жакынкы келечекте эки тараптуу кызматташтыктын пландары, ошондой эле ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ жана башка уюмдардын алкагындагы эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттешүүнү өркүндөтүүнүн маселелери да талкууланды.

Меню