Menu

АБА ЫРАЙЫ

Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

Жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Чүй өрөөнүндө 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт. Бул тууралу КР ӨКМинин басма сөз кызматы билдирет.

24-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Чүй өрөөнүндө 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт. 25-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
23-25-апрелде Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы 23-24-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 14 метрге чейин жетиши күтүлөт. 25-апрелде мезгил-мезгили менен нөөшөрлүү жаан жаап. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

23-25-апрелде Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы 23-24-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. 25-апрелде мезгил-мезгили менен нөөшөрлүү жаан жаап. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Кыргызстан боюнча 5 апрелде күтүлгөн аба-ырайы

5-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 5-10 м/с, – деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Абанын температурасы:  түнкүсү күндүзү

 

4 апрелде Бишкекте күтүлгөн аба-ырайы

4-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с, – деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Абанын температурасы түнкүсүн төмөнкү …3…5, күндүз жогорку…20…222

3-апрелде Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

3-апрелде Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с.  Бул тууралу КР ӨКМдин Кыргызгидромет кызматы билдирет.

Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүзү 17….19.

Шашылыш билдирүү: 27-мартта жана 28-мартта түнкүсүн аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

КР ӨКМ бүгүн жана эртең аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтулүп жаткандыгын эскертип, шашылыш билдирүү таратты.

27-мартта жана 28-мартта түнкүсүн аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. 27-мартта жана 28-мартта түнкүсүн абанын температурасы төмөндөп: түнкүсүн Чүй, Талас өрөөндөрүндө 3…8°, күндүз 10…15° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 5…10°, күндүз 13…18° жылуу, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин, күндүз 3…8° жылуу, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 5…10° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16…21°, күндүз -3…-8° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 26-27-мартта аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана 355-370 чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында, Красная Горка – Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 289-чакырымында (Чоң-Көчкү), Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 67-94 чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу), ошондой эле Ийри – Суу участкасынын 42-44 чакырымдарында, Арал-Суусамыр автоунаа жолунун 8-21 чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 45-90, 145-150 чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. 27-28-мартта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында дарыяларында суунун деңгээли кескин көтөрүлүшү мүмкүн. Арык системасы тазалоонуу сунуштайбыз.

27-29-мартта Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

27-28-мартта мезгил-мезгили менен нөөшөрлүү жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-мартта 14 метрге жетиши күтүлөт. 29-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөт, күндүз кыска мөөнөттү жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

27-29-мартта Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы

27-мартта жана 28-мартта түнкүсүн мезгил-мезгили менен нөөшөрлүү жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. 28-мартта күндүз жана 29-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Кыргыз Республикасы боюнча күтүлгөн аба-ырайынын болжолу

27-мартта көпчүлүк аймактарда жаан жаап, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

28-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт. 28-мартта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт. 29-мартта кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

 

28 мартта Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

28-29-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с, – деп Кыргызгидромет билдирет.

Абанын температураы түнкүсүн  …5…7, күндүз …13…15.

Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын Намояндагон Маджлиси Оли Маджлисинин Төрагасы Шукуржон Зухуров менен жолугушту

Кыргызстанда 3-февралдан 5-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан карга байланыштуу тоолуу райондордо көчкү жүрүү коркунучу сакталууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалыматка караганда, бул мезгил аралыгында Бишкек-Ош жолунун 198-265 чакырымдарында жайгашкан Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 45-90, 145-150-чакырымдарында, Тамчы участогунун 74-78 чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тайгак жана кар күрткү болот.

Айдоочуларга автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо сунушталат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

ӨКМ: тоолуу жолдорго кар көчкү түшүшү мүмкүн

Кыргызстанда 3-февралдан 5-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан карга байланыштуу тоолуу райондордо көчкү жүрүү коркунучу сакталууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалыматка караганда, бул мезгил аралыгында Бишкек-Ош жолунун 198-265 чакырымдарында жайгашкан Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 45-90, 145-150-чакырымдарында, Тамчы участогунун 74-78 чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тайгак жана кар күрткү болот.

Айдоочуларга автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо сунушталат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Сапар Исаков ЖЭБдеги абал үчүн шаардыктардан кечирим сурады

Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборунда түзүлгөн кырдаал боюнча шаар тургундарына кайрылып, кечирим сурады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

«Учурдагы кырдаалга байланыштуу Бишкек шаарындагы абалдын оордугун жана ушул күндөрү шаар тургундары башынан өткөрүп жаткан кыйынчылыктарды жакшы түшүнүп турам. Өкмөт башчысы катары түзүлгөн кырдаал үчүн баарыңыздардан кечирим сурайм жана актангым келбейт. Абал катуу иликтөөгө алынат. Бардык күнөөлүү кызматкерлер ээлеген кызматына карабастан жазаланат», – деп айтылат өкмөт башчынын кайрылуусунда.

Мындан сырткары шаардыктар үйлөрдү жылытууга электр энергиясын өтө көп керектеп жатканы, Бишкек ЖЭБиндеги кырсыктын себептерин укук коргоо органдары иликтей турганы белгиленген. Ошондой эле түзүлгөн кырдаалдан улам өкмөт бул тармакка мындан ары артыкчылык берип, катуу көңүл бурары, реформалоо үчүн бардык аракеттер жумшалары айтылган.

Ал арада президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Сапар Исаков менен ЖЭБдеги абалды талкуулап, жылуулук берүүнүн үзгүлтүккө учурашынын себептерин аныктоо боюнча «кылдат иликтөө» жүргүзүү керектигин айтты. Президент ошондой эле катуу суук күндөрү көрсөткөн чыдамкайлыгы үчүн шаардыктарга ыраазычылык билдирди.

26-январдын кечинде Бишкек ЖЭБинде авария болгон. Ошондон бери башкалаанын айрым райондоруна жылуулук тиешелүү деңгээлде берилбей жатат. Батирлер, социалдык объектилер муздак болгондуктан шаардыктар электр жылыткычтарын колдонууга мажбур болуп жатышат. “Түндүк электр” ишканасы буга чейин күч келгендиктен, электр жарыгы да үзгүлтүккө учурап жатканын маалымдаган.

Көптөгөн оорукана жана бейтапканаларда дарыгерлер абалы оор болбогон бейтаптарды кабыл алууну токтотушту. Бул аракетин алар иш бөлмөлөрдөгү температуранын нормадан төмөн болуп кеткендиги менен түшүндүрүшүүдө. Төрөт үйлөрү менен тез жардам станцияларына электр жылыткычтары жеткирилди.

27-январда температуралык режимди турукташтыруу үчүн ЖЭБге кошумча агрегат киргизилип, бирок анын дагы иштен чыкканы кабарланды.

Бишкек ЖЭБи 2014-2017-жылдары модернизацияланып, жаңы эки энергоблоктун курулушуна 386 миллион доллар жумшалган.

Акыркы күндөрү Бишкекте сууктун күчү түнкүсүн 25-30 градуска чейин жетти. Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, борбордо 30-январдан баштан аба ырайы акырындык менен жылый баштайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кыргызстандын аймагында 31-январда жана 1-4-февралда күтүлгөн аба ырайы

31-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жететБул тууралу  КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

1-февралда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Чүй, Талас облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт.

2-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

3-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

3-февралда күндүз жана 4-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, 4-февралда күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Кыргыз Республикасынын аймагында 5-6-февралда күтүлгөн аба ырайынын жакындатылган болжолдоосу

5-6 февралда  жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.

31-январда жана 1-2-февралда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

31-январда жана 1-2-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

31-январда жана 1-2-февралда Ош шаарында күтүлгөн аба ырайы

31-январда жана 1-2-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Меню