Menu

АБА ЫРАЙЫ

25-27-июлдарга өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

25-27-июлдарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

25-27-июлдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

25-27-июлдарда Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы

25-27-июлдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Кыргыз Республикасы боюнча күтүлгөн аба-ырайы

25-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Баткен облусунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын облусунда жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

26-27-июлдарда Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

23-25-июлдарга карата аба ырайы

22-23-июлдарда абанын температурасы жогорулашына жана мөңгүлөрдүн интенсивдүү эрүүсүнө байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

23-июлда Кыргыз Республикасынын көпчүлүк аймактарында абанын күндүк орточо температурасы климаттык нормадан 4…6° жогору болуп, дыйканчылык аймактарда кургак жана ысык аба-ырайы сакталып турат. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22°, күндүз 33…38°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18°, күндүз 32…37°, тоо этектеринде түнкүсүн 12…17°, күндүз 28…33°, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөндөрүндө түнкүсүн 20…25°, күндүз 35…40°, тоо этектеринде түнкүсүн 16…21°, күндүз 33…38°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 14…19°, күндүз 25…30°, Нарын облусунын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 12…17°, күндүз 30…35°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 5…10°, күндүз 27…32°, тоолуу райондордо түнкүсүн 8…13°, күндүз 21…26°, бийик тоолордо түнкүсүн 3…8°, күндүз 13…18 жылуулукка чейин көтөрүлүшү күтүлөт. Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

23-25-июлдарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

23-июлда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн экинчи жарымында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт. 24-25-июлдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 24-июлда 14 метрге жетиши күтүлөт.
23-25-июлдарда Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы

23-25-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Кыргыз Республикасы боюнча күтүлгөн аба-ырайынын болжолу

23-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй жана Ысык-Көл облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Нарын облустарында жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
24-июлда Ыссык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Нарын облустарында жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 25-июлда Ыссык-Көл облусунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

 

Шашылыш билдирүү: Ченемден тышкары ысык аба ырайы 13-июлга чейин созулат

Шашылыш билдирүү!

11-13-июлдарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

11-июлда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн экинчи жарымында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт. 12-июлда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 13-июлда жаан-чачын күтулбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

11-13-июлдарда Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы

11-13-июлдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Кыргыз Республикасы боюнча күтүлгөн аба-ырайынын болжолу

11-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 10-14 метрге жетиши күтүлөт.

12-июлда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-14 метрге жетиши күтүлөт. 13-июлдарда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйкачылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Шашылыш билдирүү: 7-9 июлдарда абанын температурасы 40ºга жетет

Шашылыш билдирүү!

7-9-июлдарда кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөндөрүндө 35…40º, тоо этектеринде 31…36°, Суусамыр өрөөнүндө 30…35º, Ысык-Көл ойдуңунда 27…32°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунын дыйканчылык аймактарында 31…36º, тоолуу райондордо 21…26°, бийик тоолордо 15…20º жылуулукка чейин көтөрүлүшү күтүлөт. Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

6-8-июлдарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

6-8-июлдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с.

6-8-июлдарда Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы

6-8-июлдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с.

Кыргыз Республикасы боюнча күтүлгөн аба-ырайынын болжолу

6-июлдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с.

7-8-июлдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с.

 

Шашылыш билдирүү: 4-6-июлдарда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу жайлоолордо жаан карга айланышы күтүлөт

4-6-июлдарда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо жайгашкан жайлоордо жаан карга айланышы күтүлөт. 4-июлда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында жана Нарын, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. 4-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын сел коркунучу бар райондорунда сел жүрүү ыктымалы жогору.

4-6-июлдарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

4-июлда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши кутүлөт. 5-6-июлдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с.

4-6-июлдарда Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы

4-июлда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. 5-6-июлдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с.

Кыргыз Республикасы боюнча күтүлгөн аба-ырайынын болжолу

4-июлда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында, Нарын, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

5-июлда тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. 6-июлдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с.

 

Шашылыш билдирүү: 14-15-июндарда туруксуз аба ырайы күтүлөт

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 21…26°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 23…28°, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана тоо этектеринде 18…23°, тоолуу райондордо 13…18°, бийик тоолуу райондордо 3…8° жылуу болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. 2018-жылдын 13-15 июндарында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын сел коркунучу бар райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

14-16-июндарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

14-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. 14-июнда күндүз, 15-июнда жана 16-июнда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14-июнда 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 16-июнда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
14-16-июндарда Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы

14-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. 14-июнда күндүз, 15-июнда жана 16-июнда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 16-июнда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Кыргыз Республикасы боюнча күтүлгөн аба-ырайынын болжолу

14-июнда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. 14-июнда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
15-июнда жана 16-июнда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 16-июнда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Булак: Кыргызгидромет

 

 

10-12-июнга карата Кыргызстандагы аба ырайы

10-12-июндарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

10-11-июндарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с. 12-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
10-12-июнда Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы

10-11-июндарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с. 12-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Кыргыз Республикасы боюнча күтүлгөн аба-ырайынын болжолу

тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с.

11-июндарда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с. 12-13-июндарда тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. 14-июнда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Булак: Кыргызгидромет

 

Кыргызгидромет: Шашылыш билдирүү! 3-5-июндарда туруксуз аба ырайы күтүлөт

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. 2018-жылдын 3-5 июнунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын сел коркунучу бар райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

3-5-июнда Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

3-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 4-июнда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 4-июнда күндүз жана 5-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
3-5-июнда Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы

3-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. 4-5-июндарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Кыргыз Республикасы боюнча күтүлгөн аба-ырайы

Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
4-июнда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунундо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарында түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетиши күтүлөт. 5-июнда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунундо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарында тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

 

 

Шашылыш билдирүү: 28-30-майларда туруксуз аба ырайы күтүлөт

Эртең, 28-майда жана 29-майда түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт: 27-майда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 28-майда жана 29-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, жайлоолордо жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-майда күндүз жана 28-майда 17-22 метрге жетиши күтүлөт. 28-майда күндүз жана 29-майда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөп: 28-майда күндүз Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 13…18°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 16…21°, тоо этектеринде 14…19°, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 12…17°, тоолуу райондордо 2…7° жылуу, бийик тоолуу райондордо -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин болушу күтүлөт. 29-майда түнкүсүн абанын температурасы Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 3…8°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 5…10°, тоо этектеринде, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 1…6° жылуу, тоолуу райондордо 0…-5°, бийик тоолуу райондордо -5…-10° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. 2018-жылдын 28-31-майында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жала-Абад жана Баткен областарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
28-30-майларда Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

28-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт. 29-майда жана 30-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 30-майда күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 30-майда күндүз 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
28-30-майларда Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы

28-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. 29-майда жана 30-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 30-майда күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Кыргыз Республикасы боюнча күтүлгөн аба-ырайынын болжолу

28-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, жайлоолордо жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.
29-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 29-майда күндүз жана 30-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 30-майда кундүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 30-майда күндүз 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Булак: Кыргызгидромет

Бүгүн Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен.

Меню