Menu

Кыргызгидромет: Шашылыш билдирүү! 3-5-июндарда туруксуз аба ырайы күтүлөт

Бөлүшүү:

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. 2018-жылдын 3-5 июнунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын сел коркунучу бар райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

3-5-июнда Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

3-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 4-июнда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 4-июнда күндүз жана 5-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
3-5-июнда Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы

3-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. 4-5-июндарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Кыргыз Республикасы боюнча күтүлгөн аба-ырайы

Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
4-июнда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунундо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарында түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетиши күтүлөт. 5-июнда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунундо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарында тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: