2020-жылдын 6-7-майларында Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы сакталат: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
2020-жылдын 6-7-майларында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал Абад, Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

25-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 25-апрелде күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Эртең абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: +10…+15, күндүз: +20… +25
Таласта түнкүсүн: +8…+13, күндүз: +20…+25,
Баткенде түнкүсүн: +11… +16, күндүз: +25…+30,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +11…+16, күндүз: +25…+30,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: +5…+10, күндүз: +19…+24,
Нарында түнкүсүн: +4…+9, күндүз: +19…+24,
Бишкекте түнкүсүн +13…+15, күндүз: +23…+25.
Бүгүн, 1-апрелде жакынкы 1 саат аралыгында жана күндүзү Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, шамалдын ылдамдыгы секундасына болжол менен 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Эртең, 25-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо жана Нарын облусунда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Ал эми күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо жана Нарын облусунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 26-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Эртең абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: -3…+2, күндүз +8… +13
Таласта түнкүсүн: -4…+1, күндүз: +8…+13
Баткенде түнкүсүн: +1… +6, күндүз: +10…+15
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +1…+6, күндүз +10…+15
Ысык-Көлдө түнкүсүн: -1…-6, күндүз: +3…+8
Нарында түнкүсүн: -9…-14, күндүз: 0…-5
Бишкекте түнкүсүн 0…-2, күндүз: +10…+12
Булак: «KyrgyzToday»
Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
21-февралда жана 22-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.
22-февралда күндүз Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жаан, кар жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас облустарында жаан-чачын кээ бир райондордо күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
23-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде, тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. 23-февралда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-февралда күндүз жана 23-февралда түнкүсүн, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
24-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 24-февралда эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондорунда жана Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 25-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 25-февралда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.