Menu

АБА ЫРАЙЫ

Эртең, 4-январда көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт

Эртең, 4-январда Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда жаан, кар жаайт. Бул тууралуу “Кыргызгидромет” борбору бүгүн, 3-январда билдирди.

Алардын билдирүүсүнө караганда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын туман каптап, жолдор тайгак болот. Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт.

Бишкек шаарында күндүз жаан-чачын болбойт, түнкүсүн кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5 градус, күндүз +2…+4 градус болот.

Чүй облусунда: түнкүсүн 0…-5,  күндүз +1…+6;

Талас облусунда: түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6;
Баткен облусунда: түнкүсүн -4…+1, күндүз +2…+7;
Ош жана Жалал-Абад облустарында:  түнкүсүн -4…+1, күндүз +2…+7;
Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5;
Нарын облусунда:  түнкүсүн -15…-20, күндүз -6…-11

Булак: KyrgyzToday.kg

Эртең, 3-январга Кыргызстан боюнча аба ырайы

Эртең, 3 январга карата аба ырайынын болжолдуу көрсөткүчтөрү:  Түнүчүндө Баткен облусунун айрым райондорунда кар жаайт.

Күндүзү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр менен кар жаайт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарына кар түшөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорун туман каптайт. Жолдор тайгалак болуп, батыштан 3-8 м/с. ылдамдыктагы шамал согуп турат.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнү 0…-5

күндүз +2…+7

Талас облусунда

түнү -1…-6

күндүз +2…+7

Баткен облусунда

түнү -4…+1

күндүз +2…+7

Ош, Жалал-Абад облустарында

түнү -4…+1

күндүз +2…+7

Ысык-Көл облусунда

түнү -2…-7

күндүз+1…+6

Нарын облусунда

түнү -12…-17

күндүз -2…-7

Бишкекте

Күндүзү жаан-чачын болбойт. Батыштан 3-8 м/с. ылдамдыктагы шамал согот. Абанын температурасы түнкүсү -3…-5,  күндүз  +5…+7.

Бүгүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Бүгүн, 31-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

1-январда түнкүсүн  Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар  жаашы күтүлөт.

Ал эми күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот, тоолуу райондордогу жолдордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

2-январда жана 3-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

3-январда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын  кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

4-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

28-декабрдан 1-январга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат

28-декабрда  түнкүсүн  жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

29-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 29-декабрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар   жаашы күтүлөт. Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Нарын облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

30-31-декабрларда көпчүлүк аймактарда  мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

29-декабрда күндүз жана 30-декабрда Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын  тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот, тоолуу райондорундагы жолдордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

1-январда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Академик Сабыр Жумабеков Алматыдагы авиакырсыктан жабыркагандардын бирине операция жасады

Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси, академик Сабырбек Жумабеков Алматыдагы авиакырсыктан жабыркагандардын бирине операция жасады. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда хирург өзү журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, омурткасынан жаракат алган адамга операцияны түндө командасы менен эки саат жасап, ал ийгиликтүү аяктаган. Бейтап эртең менен көзүн ачкан. Башка дагы бейтаптарга баратканын билдирген.

Эске сала кетсек, кечээ, 27-декабрда, таңкы саат 07:22де  “Fokker-100” учагы Алматынын аэропортунан Нур-Султанды көздөй баратып, Гүлдала айылынын четине кулап түшкөн. Учактын ичинде 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон. Алматынын акимчилигинин маалыматына караганда, каза болгондордун саны 15 адамга жеткен. Маркумдардын жакындарына төрт миллион теңге берилет. Жаракат алгандардын саны 47, сегизинин акыбалы оор.

Жабыркагандардын арасында бир кыргызстандык бар, ал ооруканада экенин биздин ТИМ басма сөз кызматы билдирген.  Ошондой эле биздин мыкты хирург Сабыр Жумабеков жабыркагандарга операция кылуу үчүн Алматыга учуп кеткен.

Бүгүн, 28-декабрь – Казакстанда аза күтүү күнү.

Булак: «KyrgyzToday»

26-30-декабрга чейин аба ырайы тууралуу маалымат

26-27-декабрларда жана 28-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

28-декабрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда  жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

29-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен облустарында тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Нарын облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

30-декабрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Кыргызгидромет: 23-декабрдан 27-декабрга карата аба-ырайы

Кыргызгидромет борбору 23-декабрдан 27-декабрга чейинки аба-ырайы тууралуу маалымат таратты.

23-декабрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

24-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. 24-декабрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

25-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт . Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 24-декабрда Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

26-27-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Шашылыш билдирүү: Бишкекте жана Чүй облусунда катуу шамал болушу күтүлүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министри бүгүн, 21-декабрь күнү шашылыш билдирүү таратты.

“Жакынкы 1 саат аралыгында жана күндүзү Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө катуу шамал катталышы мүмкүн” – деп айтылат билдирүүдө.

Алардын айтымында шамалдын ылдамдыгы секундасына болжол менен 17-22 метрге жетет.

17-20-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

17-декабрда жана 18-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

18-декабрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

19-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо мезгил мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 19-декабрда Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. 20-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

20-декабрда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. 21-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

15-18-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

15-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында катуу жаан-чачын жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы мүмкүн. 15-декабрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

16-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

16-декабрда күндүз, 17-декабрда жана 18-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

18-декабрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

19-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. 19-декабрда күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Меню