Кыргызгидромет борбору 23-декабрдан 27-декабрга чейинки аба-ырайы тууралуу маалымат таратты.
23-декабрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
24-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. 24-декабрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
25-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт . Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 24-декабрда Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
26-27-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ