Menu

17-20-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Бөлүшүү:

17-декабрда жана 18-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

18-декабрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

19-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо мезгил мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 19-декабрда Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. 20-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

20-декабрда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. 21-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: