Menu

Академик Сабыр Жумабеков Алматыдагы авиакырсыктан жабыркагандардын бирине операция жасады

Бөлүшүү:

Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси, академик Сабырбек Жумабеков Алматыдагы авиакырсыктан жабыркагандардын бирине операция жасады. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда хирург өзү журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, омурткасынан жаракат алган адамга операцияны түндө командасы менен эки саат жасап, ал ийгиликтүү аяктаган. Бейтап эртең менен көзүн ачкан. Башка дагы бейтаптарга баратканын билдирген.

Эске сала кетсек, кечээ, 27-декабрда, таңкы саат 07:22де  “Fokker-100” учагы Алматынын аэропортунан Нур-Султанды көздөй баратып, Гүлдала айылынын четине кулап түшкөн. Учактын ичинде 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон. Алматынын акимчилигинин маалыматына караганда, каза болгондордун саны 15 адамга жеткен. Маркумдардын жакындарына төрт миллион теңге берилет. Жаракат алгандардын саны 47, сегизинин акыбалы оор.

Жабыркагандардын арасында бир кыргызстандык бар, ал ооруканада экенин биздин ТИМ басма сөз кызматы билдирген.  Ошондой эле биздин мыкты хирург Сабыр Жумабеков жабыркагандарга операция кылуу үчүн Алматыга учуп кеткен.

Бүгүн, 28-декабрь – Казакстанда аза күтүү күнү.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: